Нотариалдык тажрыйбадагы актуалдуу маселелелер

26.12.2016 18:18

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин улуттук залында Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгы тарабынан уюштурулган Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мамлекеттик жана жеке нотариустар үчүн семинар болуп  өттү. Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Иминов Махамаджан сөз сүйлөп өз сөзүндө катышуучуларды  куттуктап жана аларга жемиштүү иш каалады.

Апостиль жана документтерди консулдук легалдаштыруу жөнүндө нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башкы адиси Абдуллаева Гүлгакы айтып берди. Башка келишимдерди күбөлөндүрү маселелери жөнүндө “Нотариалдык палата” КБсынын төрагасы Алсеитова Дамира айтып берди. Атап айтканда, ал бул маселеге тийиштүү угучуларды мыйзам актылары менен гана тааныштырбастан, нотариалдык тажрыйбалары конкреттүү учурлар боюнча нотариустардын көптөгөн суроолоруна жооп берди.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун улук мамлекеттик нотариусу Базаркулова Бурул өзүнүн баяндамасында сот адилеттигин камсыздоодого нотариаттын ролуна өзгөчө көңүл болду. Керез боюнча жана мыйзам боюнча мурастоо жөнүндө Биринчи май районунун мамлекеттик нотариусу Жапаралиева Аида айтып берди. Ошондой эле семинардын жетекчилери өз сөздөрүнөн кийин нотариустардын маселелерине жооп беришти.