Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбеханинин сый визити болуп өттү

03.02.2017 13:13

Бүгүн 2017-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде  Кыргыз Республикасынын юстиция министри Уран Ахметовдун Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани менен жолугушуусу болду. Сый визиттин алкагында жолугушуунун катышуучулары ар кандай багыттар боюнча эки тараптуу өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда тыгыз тарыхый байланыштар пайда болду, ал эми 2015-2016-жылдардагы президенттердин визиттери кыргыз-иран мамилелерин мындан да бекемдеди деп белгиледи Уран Ахметов. Дипломатиялык миссиянын башчысы өзү тараптан, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бар болгон потенциалды максималдуу пайдалануу керек деп белгиледи.

Андан ары тараптар соода-экономикалык кызматташуу, орто жана чакан бизнести колдоо, виза режимин жеӊилдетүү жана Кыргызстан жана Ирандын ортосунда түз авиакаттамын ачуу маселелери боюнча пикир алмашышты. «Биз виза режимин жөнөкөйлөтүүгө гана эмес, биздин өлкөлөрүбүздүн  жарандарынын эркин жүрүшү үчүн   виза режимин жокко чыгаруу багытында кызматташууга да даярбыз» – деп билдирди Иран элчиси. Өзү тараптан  Уран Ахметов   бул маселе боюнча  Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги оӊ пикирде экендигин белгиледи.

Кызматташуунун дагы бир маанилүү багыттарынын бири катары жолугушуунун катышуучулары терроризм, экстремизм жана баӊги заттарын мыйзамсыз айлантууну, кыргызстандын аймагында жүргөн Иран жарандарынын укук бузууларынын алдын алууну белгилешти. Визиттин жыйынтыгы боюнча Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Рузбехани Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметовду   Иран кесиптештери менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Ирандын юстиция министрлигине  жумушчу визити менен келүүгө чакырды.