Home » Имплементация боюнча комиссия » Комиссиянын ишин жөнгө салган укуктук актылар » Кыргыз Республикасындагы эл аралык гуманитардык укуктардын ченемдерин имплементациялоо

Кыргыз Республикасындагы эл аралык гуманитардык укуктардын ченемдерин имплементациялоо

Адамзааттын баардык тарыхынын аралыгында, дүйнѳ жүзүндѳ кѳптѳгѳн ар-кайсы түрдѳгү аскердик кагылышуулар болуп келген.

Ошентип, 20-кылымдын ортосунда 5 жылдан ашыгыраак созулган жана кайсыда тарыхта биринчи жолу массалык кырып жок кылуу куралы (ядролук курал) колдонулган экинчи дүйнѳлүк согуш аяктагандан кийин, дүйнѳлүк коомчулук баардык ѳлкѳлѳр үчүн аскердик аракеттерди жүргүзүү учурларда гумандуулуктун минималдык ченемдерин бекитүү чечимине келди.

Ушундайча түрдѳ, эл аралык гуманитардык укук жогоруда белгиленген эл аралык укуктун маанилүү принциптери чагылдырылган Бириккен Улуттар Уюмунун уставына камтылган.

Эл аралык гуманитардык укук, талаштарды чечүүнүн инструменти катары согушту колдонуунун каражаттарын жана усулдарын, ошондой эле жарандык коомду, оорууларды, жарадарларды, аскер кызматчыларын жана аскер туткундарын гуманитардык коргоону, ошондой эле согуш жүргүзүүнүн усулдарын жана каражаттарын чектѳѳнү жѳнгѳ келтирген принциптерди жана эрежелерди камтырын белгилеп кеткин келет.

Эл аралык гуманитардык укуктун негизги булактары болуп, 1949-жылдагы согуштун курмандыктарын коргоо боюнча Женевалык конвенциялар жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин эгидасы алдында 1977-жылы түзүлгѳн эки кошумча протокол саналат.

Мындай ЭГУнун ченемдерин имплементациялоо сыяктуу иш жѳнүндѳ айтып жатканда, «имплементация» термини ѳзү менен мамлекеттин ички деңгээлинде эл аралык милдеттенмелерди чыныгы ишке ашырууну, ошондой эле эл аралык-укуктук ченемдерди улуттук укуктук тутумга кошуунун конкреттүү ыкмасын турпаттаарын айтуу керек. Ошондуктан, эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин улуттук деңгээлде имплементациялоо боюнча чараларды кабыл алуу, эл аралык гуманитардык укук боюнча негизги келишимдерге катышуучу-мамлекеттердин милдети болуп саналат.

Женевалык конвенцияларга жана Аларга кошумча протоколдорго катышуучу-мамлекеттердин кѳрсѳтүлгѳн чараларды кабыл алуу милдети pacta sunt servanda принцибинен, тактап айтканда 1963-жылдын 23-майындагы эл аралык келишимдердин укуктары жѳнүндѳгү Веналык Конвенциянын 26-беренесинде бекитилген эл аралык келишим боюнча ѳзүнѳ алынган милдеттенмелерди ыктыярдуу аткаруу принцибинен. Бул милдеттенме ошондой эле эл аралык гуманитардык укук боюнча эл аралык келишимдерге кол койгон жана аны менен алардын жоболорун сактоого чакырылган мамлекеттердин ыктыярдуу эрк принцибинен да келип чыгат.

Эмнеге карап, Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин сиңдирүүгѳ абдан чоң кѳңүл бурулууда. Азыркы учурда бизде республикада гуманитардык укук чѳйрѳсүндѳгү башка эл аралык конвенцияларга  Кыргызстандын кошулуусу мүмкүндүгү жѳнүндѳ суроолорду билүү уланып жаткандыгын айтуу керек.

Ошентип, атап айтканда, Өкмѳттүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтому тарабынан Юстиция министрлигине министрликтердин жана мекемелердин компетенттүү кызматчыларынан эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча такай иштеп туруучу мекемелер аралык комиссияны түзүү тапшырылган.

Комиссиянын функцияларынын бири болуп, эл аралык гуманитардык укук чѳйрѳсүндѳгү Кыргыз Республикасынын эл аралык-укуктук милдеттенмелерин ишке ашырууга байланышкан суроолорду кароо саналат, а анын иш-аракеттенүүсү гумандуулук, дискриминацияга жол берилбеши, куралдуу кагылышуунун курмандыктарын коргоо жана аларга гумандуу мамиле жасоо, жарандык калкты, жарандык объектилерди согуштук аракеттерден коргоо, медициналык кызматчыларга кол тийбестик ж. б. сыяктуу принциптерге негизденет.

Бүгүнкү күндѳ бул Комиссиянын курамына министрликтердин жана мекемелердин ѳкүлдѳрү, ошондой эле Кызыл Жарым-Айдын Улуттук коомунун жана Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин ѳкүлдѳрү кирет.

Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча такай иштеп туруучу Мекемелер аралык комиссия жѳнүндѳ Өкмѳттүн 2003-жылдын 18-июнундагы № 361 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Комиссиянын негизги тапшырмалары болуп тѳмѳнкүлѳр эсептелинет:

- Кыргызстандын мыйзамдарын ЭГУ чѳйрѳсүндѳгү конвенциянын жана келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүүгѳ кѳмѳктѳшүү;

- ЭГУнун ченемдерине ылайык келүү бѳлүгүндѳ улуттук мыйзамдардын абалын билүү жана баалоо;

- Кыргыз Республикасында ЭГУнун ченемдерин имплементациялоо боюнча сунуштарды даярдоо;

- Эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын ЭГУ чѳйрѳсүндѳгү мыйзамдык актыларынын долбоорлору боюнча консультативдик корутундуларды кароо жана даярдоо;

- ЭГУ чѳйрѳсүндѳ аракеттерди жүзѳгѳ ашырган Эл аралык Кызыл Крест Комитети жана башка эл аралык уюмдар менен ѳз ара аракеттенүүнү, маалымат менен алмашууну уюштуруу.

Комиссия ѳзүнүн ишин, ѳзү тарабынан бекитилүүчү регламент жана жыл сайынкы пландарына ылайык уюштурат. Комиссиянын отурумдары керектиги боюнча ѳткѳрүлѳт, бирок квартал сайын бир жолкудан сейрегирээк эмес.

Ошентип, Комиссиянын 2012-жылдын 24-декабрындагы протоколу менен бекитилген 2013-жылга болгон Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча иш-чаралардын 2013-жылга болгон Планы, ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасы үчүн күчүнѳ кирген Эл аралык келишимдерге ылайык иштеп чыгууга, ошондой эле гуманитардык мүнѳздѳмѳнү алып жүргѳн бир катар конвенцияларга кошулуу мүмкүнчүлүгүн билүү боюнча талдоо ишин жүргүзүүгѳ багытталган бир катар иш-чараларды камтыйт.

Мисалга ушул Пландын 4-пунктуна кѳнүл бурабыз, кайсы жерде 1949-жылдын 12-августундагы Женевалык конвенцияларга I жана II- Кошумча протоколдорду талдоонун негизинде, эмне менен аскердик кылмыштарды жасоо үчүн жоопкерчиликти бекитүү бѳлүгүндѳ кылмыштык мыйзамдарга оңдоолорду киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иш-чара караштырылат.

Андан тышкары, такай негиздеги Комиссиянын ишинин алкагында, Юстиция министрлиги тарабынан Комиссиянын мүчѳлѳрү үчүн окуттучу иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ. Мындай түрдѳгү иш-чара Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин жана башка эл аралык донорлордун каржылык колдоосу алдында ѳткѳрүлүүдѳ. Ошондой эле Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин кѳмѳгү алдында Комиссиянын мүчѳлѳрү башка мамлекеттерди имплементациялоо боюнча комиссиялар менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ.

Аягында Женевалык конвенциялар жана Кошумча протоколдор тынччылык убакта эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин имплементациялоо боюнча мамлекеттердин чара кѳрүү милдеттенмелерине түздѳн-түз кѳрсѳтмѳлѳѳрүн дагы бир жолу белгилейбиз.

Эмнеге байланыштуу, эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин улуттук мыйзамдарга сиңдирүү боюнча иш улантылаарын жана ал такай мүнѳздѳ болоорун белгилейбиз.

Эл аралык гуманитардык укуктун суроолоруна биздин кыскача кѳз чаптыруу ушундайча, анткени анын кеңири жана кѳп-салмактуулугуна байланыштуу биз болгону бул суроонун негизги аспектилерине гана токтолдук.