28 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2009-жылдын 20-июлу N 241
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
(КР 2011-жылдын 13-майындагы N 23, 2012-жылдын 7-декабрындагы N 195, 2013-жылдын 14-февралындагы N 17, 2013-жылдын 19-февралындагы N 22, 2013-жылдын 22-февралындагы N 30, 2013-жылдын 11-июлундагы N 131, 2014-жылдын 18-февралындагы N 35, 2014-жылдын 14-мартындагы № 47, 2014-жылдын 7-июлундагы N 112, 2016-жылдын 29-декабрындагы N 224, 2017-жылдын 20-июлундагы N 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам ченем чыгаруу иш-аракетинин принциптерин аныктайт, ченемдик укуктук актылардын түшүнүгүн жана түрлөрүн, алардын өз ара катышын, аларды даярдоонун, кабыл алуунун, жарыялоонун тартибин, ошондой эле аларды колдонуунун, чечмелөөнүн жана коллизияларды чечүүнүн эрежелерин белгилейт.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын иштөө чөйрөсүнө тийиштүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келиши керек. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;
ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар - бирдей эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин карама-каршы келүүсү (дал келбөөчүлүгү);
ченем жаратуу иш-аракети - ченемдик укуктук актыларды даярдоо, экспертизалоо, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери;
ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) - ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (кызмат адамы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;
ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ;
ченем жаратуу техникасы - ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо эрежелеринин системасы;
мыйзамдардагы боштуктар - зарылдыгы колдонуудагы мамлекеттик укуктук системанын маңызы жана мазмуну, эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери менен шартталган укуктук ченемдердин жоктугу;
укук ченеми (укуктук ченем) - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери;
ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат.
3-берене. Ченем жаратуу иш-аракетинин принциптери
Ченем жаратуу иш-аракети төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:
жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;
мыйзамдуулук;
негиздүүлүк;
максатка ылайыктуулук;
адилеттүүлүк;
айкындуулук;
ченемдик укуктук актынын тилинин жеткиликтүүлүгү.
(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 17 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ченемдик укуктук актылардын түрлөрү
1. Ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
Конституция - эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана эң маанилүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууда негиз болуучу принциптерди жана ченемдерди бекитүүчү, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн укуктук негиз түзүүчү ченемдик укуктук акт;
конституциялык мыйзам - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана анда белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
кодекс - бир тектүү коомдук мамилелерди системалуу жөнгө салууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук акт;
мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы - Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) чыгаруучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Жогорку Кеңештин токтому - Конституцияда Жогорку Кеңештин карамагына киргизилген маселелер боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому - өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия) тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынуучу жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүчү ченемдик укуктук акт;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу ченемдик укуктук актылар.
2. Башка аталыштардагы актылар (нускамалар, жоболор, эрежелер жана башкалар) ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар менен бекитилет.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары)
Ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ченем жаратуучу төмөнкүдөй органдар (кызмат адамдары) укуктуу:
Президент;
Жогорку Кеңеш;
Өкмөт;
Улуттук банк;
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
2-глава
 Ченемдик укуктук актыларды колдонуу
6-берене. Ченемдик укуктук актылардын иерархиясы
1. Ченемдик укуктук актылар юридикалык күчүнүн деңгээли боюнча төмөнкүдөй иерархияда жайгашат:
Конституция, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүчү мыйзам;
конституциялык мыйзам;
кодекс;
мыйзам;
Президенттин жарлыгы;
Жогорку Кеңештин токтому;
Өкмөттүн токтому;
Улуттук банктын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын актылары;
ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгаруу актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды чыгарууга ыйгарым укук алган мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актылары;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары.
2. Ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги тексти менен окшош болбогон учурда мамлекеттик тилдеги текст, ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо түп нуска болуп эсептелет.
4. Конституциянын мамлекеттик тилдеги текстинин төмөнкүлөрдө баяндалган расмий тилдеги тексти менен айырма болгон учурларда:
- 2-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында;
- 12-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында;
- 14-берененин 4-бөлүгүндө;
- 18-беренеде;
- 19-берененин 2-бөлүгүндө;
- 20-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында;
- 52-берененин 3-бөлүгүндө;
- 64-берененин 9-бөлүгүнүн 1-пунктунда;
- 73-берененин 3-бөлүгүнүн 5 жана 7-пункттарында;
- 74-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда;
- 74-берененин 4-бөлүгүнүн 7-пунктунда;
- 74-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда;
- 86-берененин 1-бөлүгүндө;
- 89-берененин 5 жана 6-пункттарында;
- 90-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө;
- 95-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацында;
- 97-берененин 10-бөлүгүндө;
- 99-берененин 1-бөлүгүндө;
- 108-беренеде;
- 112-берененин 1-бөлүгүндө расмий тилдеги текст түп нуска деп эсептелет.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу ыкмалары
Ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуучу ыкмалар болуп төмөнкүлөр саналат:
ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте кабыл алуу;
ченемдик укуктук актыны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү;
ченемдик укуктук актыны расмий жарыялоо;
ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте конституциялык эмес деп табуу;
ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте жараксыз деп табуу;
ченемдик укуктук актыны жокко чыгаруу;
ченемдик укуктук актыны колдонууну токтото туруу;
ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табуу.
8-берене. Ченем жаратууга ыйгарым укуктарын башкага ыйгаруу
1. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын карамагындагы маселелер боюнча ыйгарууга укуктуу.
Ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу ченем жаратуучу орган тарабынан ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Ишкердик ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ыйгарууга жол берилбейт.
2. Башкага ыйгаруу жөнүндө актыда ыйгарым укуктар кайсы органга ыйгарылып жаткандыгы, конкреттүү ыйгарым укук жана анын мөөнөтү, ошондой эле ыйгарылган ыйгарым укук жүзөгө ашырылуучу актынын түрү көрсөтүлөт.
3. Тигил же бул ыйгарым укук ыйгарылган орган аны башка органга берүүгө укуксуз.
4. Өзүнө ыйгарылган ыйгарым укукту жүзөгө ашыруу тартибинде ченемдик укуктук актыны чыгарып жаткан орган ага тийиштүү ыйгарым укукту берген ченем жаратуучу органдын актысына шилтеме кылат.
(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу
1. Ченемдик укуктук актылар алар күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарылууга жатат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актылары алар күчүнө кирген күндөн тартып тийиштүү аймакта колдонулат жана аткарылууга жатат.
2. Эгерде актынын өзүндө же аны колдонууга киргизүү жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, ченемдик укуктук акт мөөнөтсүз колдонулат.
3. Колдонуу мөөнөтү бүтүндөй ченемдик укуктук акт же анын структуралык айрым элементи үчүн белгилениши мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин актыны чыгарган орган актынын колдонулушун жаңы мөөнөткө узартууга же ага мөөнөтсүз мүнөз берүүгө укуктуу.
4. Ченемдик укуктук актынын же анын структуралык айрым элементинин колдонулушу белгилүү бир мөөнөткө токтото турулушу мүмкүн. Ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу өзүнчө ченемдик укуктук акт менен жүзөгө ашырылат.
5. Ченемдик укуктук актынын колдонулушу ал күчүнө киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелерге карата жайылтылбайт. Бул эрежеге ченемдик укуктук актынын же анын айрым структуралык элементинин артка карата колдонулушу анын өзүндө же ченемдик укуктук актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда белгиленген учурлар, ошондой эле мурда каралган укук бузгандык үчүн жоопкерчилик алып салынган же жеңилдетилген учурлар кирбейт.
Жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, жарандарга, юридикалык жактарга жаңы жоопкерчиликтерди жүктөөчү же болбосо алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар артка карата колдонулбайт.
10-берене. Ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушун токтотуу, аны жокко чыгаруу
1. Төмөнкүдөй учурларда ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтотулат:
ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) эсеп кылынган мөөнөт бүткөндө;
мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актынын (структуралык элементтин) жоболоруна каршы келгенде же ченемдик укуктук актыны (структуралык элементти) өзүнө сиңирип алган жаңы ченемдик укуктук акт кабыл алынганда;
мыйзамдарда белгиленген тартипте ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) конституциялык эмес же жараксыз деп табылганда;
ченемдик укуктук акт (структуралык элемент) ушул актыны кабыл алган орган же буга ыйгарым укугу бар башка орган тарабынан күчүн жоготту деп табылганда же актынын (структуралык элементтин) колдонулушу токтото турулганда.
2. Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин конституциялык эмес же жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими расмий жарыяланууга тийиш жана Өкмөт белгилеген тартипте мамлекеттик органдарга жиберилет.
Ченемдик укуктук актыны (анын структуралык элементин) конституциялык эмес же жараксыз деп табуу анын колдонулушун токтотууга же болбосо ченем жаратуучу орган тарабынан мындай актынын (структуралык элементтин) андан жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирилишине алып келет.
3. Бүтүндөй ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушун жокко чыгаруу ушул ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи аны жокко чыгарган ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүнө кирген күндөн тартып колдонулушун токтотот дегендикти билдирет.
4. Ченемдик укуктук актыны толугу менен же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу, эгерде күчүн жоготту деп табуу жөнүндө актыда башкача каралбаса, ушул актыны же анын структуралык бөлүгүн күчүн жоготту деп тапкан ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып аталган ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу токтойт дегендикти билдирет.
Ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин күчүн жоготту деп табуу ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготконго чейин пайда болгон укуктук мамилелер үчүн кандайдыр бир юридикалык кесепеттерге алып келбейт.
5. Юридикалык күчү жогору болгон ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушу жокко чыгарылганда же ал күчүн жоготту деп табылганда, эгерде жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, жокко чыгарылуучу же күчүн жоготту деп табылуучу актыга негизделген ченемдик укуктук актылар же алардын структуралык элементтери да өзүнүн колдонулушун токтотот.
6. Юридикалык күчү жогору болгон ченемдик укуктук актынын же анын структуралык элементинин колдонулушун токтото туруу, эгерде анын колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү актыда башкача каралбаса, токтото турулуучу актыга негизделген ченемдик укуктук актылардын же алардын айрым ченемдеринин токтото турулушуна алып келет.
3-глава
Ченем жаратуу техникасы. Ченемдик укуктук актыларды жол-жоболоштурууда коюлуучу талаптар
11-берене. Ченемдик укуктук актынын формасына жана структурасына коюлуучу жалпы талаптар
1. Ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Эскирген, көп маанилүү сөздөрдү, туюнтмаларды, эпитеттерди, метафораларды колдонууга, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт. Берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
2. Ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
3. Ченемдик укуктук актынын, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, главаларынын жана беренелеринин аталыштары кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек. Ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
Өзгөртүүнү жана (же) толуктоону караган ченемдик укуктук актынын аталышы өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын аталышын, ошондой эле жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтый алат.
4. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор негизги ченемдик укуктук актыга киргизилет. Негизги ченемдик укуктук актыга аны өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.
6. Ченемдик укуктук актыларда төмөнкүдөй реквизиттер болушу керек:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби;
ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык актынын түрүнө карата көрсөтмө;
ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин билдирүүчү аталышы;
кабыл алынган жери жана датасы;
каттоого алуу номери;
тийиштүү ченемдик укуктук актыга кол коюуга ыйгарым укук берилген адамдын колтамгасы;
герб түшүрүлгөн мөөр.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Ченемдик укуктук актылардын структуралык элементтери
1. Ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери болуп бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар эсептелет.
2. Преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
3. Көлөмү боюнча чоң ченемдик укуктук актылар (кодекс сыяктуулар) бөлүктөргө ажыратылат.
Ченемдик укуктук актынын бөлүгүндө бөлүмдөр камтылат, бөлүк сөздөр менен белгиленет жана анын аталышы болушу мүмкүн.
4. Бөлүм мазмуну боюнча өз ара жакын главаларды бириктирет.
Бөлүмдөр рим цифралары менен белгиленет жана баш тамгалар менен жазылган аталышы болуп, ал сапка ортолотуп жайгаштырылат. Көлөмүнө жараша бөлүмдөр бөлүмчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн. Бөлүмчөлөр араб цифралары менен белгиленет жана цифралардан кийин сапта ортолотуп баш тамгалар менен жазылган аталышка ээ болот. Эгерде ченемдик укуктук актыда главалар жок болсо, "бөлүм" деген структуралык элементти киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актылардын көлөмү чоң, мазмуну боюнча өз ара жакын беренелери (пункттары) главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана баш тамгалар менен жазылган аталышы болуп, ал сапка ортолотуп жайгаштырылат.
Ченемдик укуктук актылардын чоң көлөмдөгү главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфтар "" деген белги менен белгиленип, араб цифралары менен берилген иреттик номерлерге ээ болот.
6. Конституция, конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар беренелерден, башка ченемдик укуктук актылар - пункттардан турат.
Беренелер (пункттар) - ченемдик укуктук актынын ченемдик буйрумду камтыган негизги структуралык элементтери.
Колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдардын беренелерин кошпогондо, беренелер өз аталыштарына ээ болушу керек. Беренелер араб цифралары менен белгиленет жана укук ченемдерин камтуучу бөлүктөрдөн турат.
Берененин бөлүктөрү чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пункттарга бөлүнөт, алар араб цифралары менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет.
Пункттар пунктчаларга бөлүнөт, пунктчалар алфавиттин кичине тамгасы менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет.
Конституциянын беренелериндеги пунктардын, башка ченемдик укуктук актылардагы пункттардын аталышы болбойт жана чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пунктчалардан жана (же) абзацтардан, пунктчалар - абзацтардан турушу мүмкүн. Пунктчалар араб цифралары же алфавит тамгалары менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет.
Абзац - пункттун же пунктчанын мааниси жагынан бирдиктүү болгон, биринчи саптагы чегинме менен бөлүнүп турган жана кичине тамга менен башталган бөлүгү, ал эми берененин (пункттун) бөлүгүнүн биринчи абзацы баш тамга менен башталат. Абзацтар үтүрлүү чекит менен бүтөт (акыркы абзацтан башкасы).
Эгерде берененин (пункттун) мурдагы абзацы (пункту) чекит менен аяктаса жана мааниси боюнча жаңы абзац менен улантууну талап кылса, кийинки абзац баш тамга менен башталат.
Абзацтын цифралык же тамгалык белгилениши болбойт.
7. Ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерин номерлөө ырааттуу улантылышы керек.
Ченемдик укуктук актыларда ар бир пункттагы пунктчалардын, ар бир главадагы параграфтардын жана ар бир бөлүмдөгү бөлүмчөлөрдүн номерлениши улантылма эмес болушу, ар кимиси өз алдынча коюлушу керек.
8. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө жана ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп табууда анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номерлерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Эгерде толуктоолор ченемдик укуктук актынын аягына киргизилсе, бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, главалардын, беренелердин, пункттардын буга чейинки номерленишин улантуу зарыл.
Эгерде ченемдик укуктук акт жаңы структуралык элементтер менен буга чейин бар болгон элементтердин кошулган жеринде толуктала турган болсо, жаңы структуралык элементтер негизги цифралык же тамгалык белгилемелердин үстү жагына коюлуучу кошумча цифралар менен толукталышы керек.
9. Эскертмелер өздөрү тиешелүү болгон структуралык элементтин текстине тикелей киргизилет.
10. Ченемдик укуктук актылардын тиркемелери болушу мүмкүн, аларга ар түрдүү тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, схемалардын үлгүлөрү ж.б. жайгаштырылат.
Эгерде бир нече тиркеме болсо, анда "N" белгиси коюлбастан араб цифралары менен номерленет. Актынын текстинде тиркемеге шилтеме келтирилген учурда да "N" белгиси коюлбайт.
Ченемдик укуктук актынын жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей болот.
Тиркеменин белгилениши ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстинен кийинки беттин жогорку оң бурчунда, актынын катталган номери жана кол коюлган күнү көрсөтүлбөстөн жайгаштырылат.
Тиркеменин аталышы сапка ортолотуп жайгаштырылат жана карайтылган тамгалар менен берилет.
13-берене. Кодекстин структурасынын өзгөчөлүктөрү
1. Кодификацияланган ченемдик укуктук актынын (кодекстин) бөлүмдөрү жалпы жана өзгөчө бөлүктөргө бириктирилиши мүмкүн.
2. Кодификацияланган ченемдик укуктук актынын (кодекстин) жалпы бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылышы керек:
негизги жоболор (принциптер, түшүнүктөрдүн аныктамалары, негизги институттар);
адистештирилген ченемдик жоболор;
жогорку даражада жалпылаштырылгандыгы, туруктуулугу менен мүнөздөлүүчү жана өзгөчө бөлүмдүн ченемдерин пайдаланууда (колдонууда) укуктук негиздерди түзүүчү бөлөк башталма ченемдик жоболор.
3. Кодификацияланган ченемдик укуктук актылардын өзгөчө бөлүгү төмөнкүдөй белгиленген ченемдерди камтышы мүмкүн:
мүмкүн болуучу жана талаптагыдай жүрүм-турумдун (юридикалык укуктар жана милдеттер) түрү жана ченеми (эрежеси);
укук ченемдерин мүмкүн болуучу бузуулардын терс натыйжаларынын түрү жана ченеми (юридикалык жоопкерчилик).
14-берене. Атайын белгилемелерди колдонуу
Ченемдик укуктук актылардын тексттеринде сүрөт, аббревиатура, эмблема, географиялык сүрөттөмө, символ жана башка түрдөгү атайын белгилемелер колдонулушу мүмкүн.
Ченемдик укуктук актыда колдонулган атайын белгилемелер өздөрү тиешелүү болгон атайын чөйрөдө колдонулуучу маанисинде түшүнүлөт.
15-берене. Ченемдик укуктук актылардагы кыскартылмалар жана жалпылаштырылган түшүнүктөр
1. Мамлекеттик органдардын (уюмдардын) кыскартылган аталышын колдонууга мындай кыскартылган аталыш расмий болуп саналган учурда гана уруксат берилет. Ченемдик укуктук актыда объектти биринчи жолу сөз кылганда анын толук аталышы берилет, ал эми кашаанын ичинде кыскартылган аталышы көрсөтүлөт, андан ары ушул объект ченемдик укуктук актынын текстинде кыскартылган түрүндө берилет.
2. Мамлекеттик органдарды (уюмдарды) белгилөөчү жалпылаштырылган түшүнүктөр (сөздөр, сөз айкаштары) ченемдик укуктук актыларда кайсы болбосун мамлекеттик органга (уюмдарга) тийиштүү жалпылаштырылган түшүнүк колдонулган учурда гана пайдаланылат.
16-берене. Ченемдик укуктук актыларда шилтемелерди колдонуу
1. Ченемдик укуктук актыда анын структуралык элементтерине, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана алардын структуралык элементтерине карата шилтемелер ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү же аларды кайталоодон оолак болуу максатында зарыл болгон учурларда гана колдонулат.
2. Конституцияга карата шилтеме колдонулганда Конституциянын кабыл алынган датасы жана башка реквизиттери көрсөтүлбөйт.
3. Кодекске жана мыйзамга карата шилтеме колдонулганда ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
4. Башка ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата шилтеме колдонулганда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
ченемдик укуктук актынын түрү жана аталышы;
ченемдик укуктук актынын кабыл алынган датасы, каттоо номери.
Ченемдик укуктук актыга шилтемелер бир нече жолу колдонулганда биринчи шилтемеден башка учурларда анын түрү жана аталышы көрсөтүлөт.
5. Ченемдик укуктук актыга же анын структуралык элементине карата ошол эле ченемдик укуктук актыда шилтеме берүү "ушул" деген сөздү колдонуу менен жасалат.
17-берене. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, аны күчүн жоготту деп табуунун тартиби
1. Эгерде ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) колдонуудагы редакциясына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны тексттин жарымынан ашыгын түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүнү баяндоо же кабылдоо техникалык жактан кыйынчылыктуу болсо, ченемдик укуктук актыга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаны редакциясы түрүндө жол-жоболоштурулат. Ченемдик укуктук актынын текстинин жаңы редакциясын баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр колдонулбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алуу менен бир эле учурда колдонуудагы ченемдик укуктук акты күчүн жоготту деп табылууга тийиш.
Калган учурларда ченемдик укуктук актынын текстине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айрым сөздөрдү, сүйлөмдөрдү, цифраларды алып салуу, толуктоо же алмаштыруу жолу менен киргизилет.
2. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү аны кабыл алган ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) тарабынан ушундай эле түрдөгү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу (чыгаруу) жолу менен ишке ашырылат.
3. Эгерде референдум жөнүндө конституциялык мыйзамда башкача каралбаса, референдумдун натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү ушул Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат.
Ченемдик укуктук актыны өзгөртүүчү жана (же) толуктоочу ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
4. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук буйрумдарга каршы келсе же аларда камтылса же болбосо өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш.
5. Күчүн жоготту деп табылууга - ченемдик укуктук акт, ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери жатат; алып салынууга - сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр жатат.
6. Структуралык элементтерди күчүн жоготту деп табууда алардан кийинки структуралык элементтерди кайрадан саноо жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон структуралык элемент ошол структуралык элементке кийин өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө эсепке алынат.
7. Ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат.
8. Эгерде ченемдик укуктук актыда мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп тапкан башка ченемдик укуктук акт же анын структуралык элементи күчүн жоготту деп табылса, мурункулардын күчү кайрадан жаңыртылбайт.
4-глава
Ченем жаратуу иш-аракети
18-берене. Мыйзам чыгаруу иш-аракетин пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Өкмөт мыйзам долбоорлоо боюнча жумуштардын планын жыл сайын иштеп чыгат жана бекитет.
2. Мыйзам долбоорлоо боюнча жумуштардын пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда Президенттин кайрылуулары жана билдирүүлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, кызыкдар органдардын, илимий мекемелердин, жарандык коом өкүлдөрүнүн сунуштары, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдардын мониторингинин жана аларга баа берүүнүн натыйжалары Өкмөт белгилеген тартипте эске алынат.
3. Ченемдик укуктук актылар мыйзам долбоорлоо боюнча жумуштардын планынан тышкары да даярдалышы мүмкүн.
(КР 2014-жылдын 18-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Ченемдик укуктук акт долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо
1. Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.
2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.
3. Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.
20-берене. Ченемдик укуктук актынын долбооруна юридикалык жана башка илимий экспертиза жүргүзүү
1. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин камсыз кылуу; коомдук бирикмелердин, массалык маалымат каражаттарынын укуктук статусу; мамлекеттик бюджет, салык системасы; экологиялык коопсуздук; укук бузууларга каршы күрөшүү; ишкердик иш-аракетти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык; антикоррупциялык жана башка илимий экспертизадан өткөрүлүүгө жатат (жөнгө салынышына ченемдик укуктук актынын долбоору багытталган укуктук мамилелерге жараша).
2. Илимий экспертизанын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
долбоордун сапатына, негиздүүлүгүнө жана заманбаптыгына, долбоордо ченем жаратуу техникасынын сакталышына баа берүү;
долбоордун Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келишине баа берүү;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун натыйжа берүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
долбоорду ченемдик укуктук акты катары кабыл алуунун натыйжасында келип чыгуучу социалдык, экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык жана башка терс кесепеттерин айкындоо жана аларга баа берүү;
илимий экспертизаны өткөрүүдө коюлуучу башка маселелерди кароо.
3. Ченем жаратуучу орган ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун илимий экспертизадан өткөрүү үчүн башка өлкөлөрдөн илимпоздорду жана адистерди чакырышы мүмкүн. Долбоор илимий экспертизадан өткөрүү үчүн эл аралык уюмга жиберилиши мүмкүн.
4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоого тикелей катышпаган адамдар гана эксперттер катары тартылат.
5. Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоону Өкмөт тарабынан аныкталуучу, аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Көз карандысыз эксперттерди (жеке жана юридикалык жактарды) ченемдик укуктук актыларга карата адистештирилген экспертиза түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоонун тартибин Өкмөт белгилейт.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашуу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору аларды Президентке, Өкмөткө киргизүүдөн мурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) менен, мамлекеттин кирешелерин азайтууну же чыгымдарын көбөйтүүнү караган маселелер боюнча - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен, ишкердик субъекттеринин иш-аракетин жөнгө салууга багытталган маселелер боюнча - ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен, эгерде ченемдик укуктук актылардын ченемдери алардын компетенцияларына тийиштүү болсо - башка мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
22-берене. Коомдук талкууну уюштуруу
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
2. Ченемдик укуктук актынын долбоорун талкуулоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыккан субъект тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен камсыз кылынат:
ченемдик укуктук актынын текстине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
коомдук талкууга катышуучулардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу, карап чыгуу жана жалпылоо;
келип түшкөн сунуштар тууралу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен, коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтык маалыматты даярдоо. Жыйынтык маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна карата маалымкат-негиздемеде чагылдырылат.
3. Ченем жаратуу иш-аракетинин субъекти талкуунун предметине тиешелүү маалыматтарды жарыялоого милдеттүү, анын ичинде:
ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстин;
ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылдыгынын негиздемесин;
долбоорду иштеп чыгууга катышкан, ошондой эле актынын долбоору алдын ала макулдашылган адамдардын жана уюмдардын тизмегин;
финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү, жүргүзүлгөн экспертизалардын корутундуларын;
статистикалык маалыматтарды;
ченемдик укуктук актынын иштелип чыккан долбоору жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүндө мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматты;
даярдалган ченемдик укуктук актыны колдонуунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук жана башка натыйжаларынын божомолун;
ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдаган субъектинин байланыш маалыматтарын (дарегин, анын ичинде электрондук, факсимилдик кабарларды кабыл  алуучу телефон номерлерин),  ошондой эле сунуштарды жана сын-пикирлерди кабыл алууга жооптуу аткаруучунун фамилиясын, атын жана байланышуучу маалыматтарын;
мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырларды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорун негиздөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
4. Коомдук талкууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды финансылоо ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдаган субъекттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 11-июлундагы N 131, 2014-жылдын 18-февралындагы N 35, 2017-жылдын 20-июлундагы N 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
23-берене. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
2. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыялангандан кийинки күндөн тартып башталат.
(КР 2011-жылдын 13-майындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизүү
1. Ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектке киргизиле турган ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:
коштомо кат;
маалымкат-негиздеме;
салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилсе же ал жаңы редакцияда берилсе);
ченемдик укуктук актынын макулдашылганы жөнүндө маалыматты камтыган документтер - зарыл болсо;
жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар - зарыл болсо.
2. Эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жол берүү жөнүндө чечим кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын долбоорун кошпогондо, ченемдик укуктук актынын долбоору кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет.
4. Ченемдик укуктук актынын долбоорун киргизүү тартибинин башка маселелери ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон тиешелүү субъект тарабынан аныкталат.
5. Ушул берененин талаптарын бузуу менен киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору каралбастан кайра кайтарылууга жатат. Мүчүлүштүктөр оңдолгондон кийин долбоор кароого белгиленген тартипте киргизилет.
(КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими
25-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесине карата негизги талаптар
Ченемдик укуктук актынын долбооруна карата негиздеме-маалымкатта төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер;
ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонуудагы ченемдик укуктук базанын талданышы, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар;
кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу;
коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат;
ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы;
аны финансылоо булактарынын болушу.
(КР 2014-жылдын 18-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу
1. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга ыйгарым укугу бар ченем жаратуучу орган тарабынан ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте кабыл алынат.
Жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет.
2. Ченемдик укуктук актыны кабыл алууга укугу бар ченем жаратуучу орган ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:
ченемдик укуктук актыны кабыл алууга;
себептерин көрсөтүү менен долбоорду четке кагууга;
өз сын-пикирлерин жана сунуштарын көрсөтүү менен долбоорду толуктап иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарууга.
(КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Ченемдик укуктук актыларды каттоо
1. Кабыл алынган ченемдик укуктук актылар катталууга жатат.
2. Каттоону төмөнкүлөр жүргүзөт:
конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди жана мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын - Президенттин Администрациясы;
Жогорку Кеңештин токтомдорун - Жогорку Кеңештин Аппараты;
Өкмөттүн токтомдорун - Өкмөттүн Аппараты;
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия;
Улуттук банктын токтомдорун - Улуттук банк;
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын аппараттары.
Караңыз:
Жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы N 184 токтому менен бекитилген)
28-берене. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестри
1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри) киргизилет.
2. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин алып барууну Юстиция министрлиги ишке ашырат.
3. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен ченемдик укуктук актыларды таркатуу Интернет тармагы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.
4. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы N 743 токтому менен бекитилген)
5. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт.
(КР 2013-жылдын 22-февралындагы N 30, 2014-жылдын 7-июлундагы N 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби
1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат.
2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы N 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтому
3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.
5. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо толук эмес берүүгө жол берилбейт.
6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.
8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланылууга тийиш.
9. Жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча ченем чыгаруучу орган же болбосо компетенциясына ушул ченемдик укуктук актыларда көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик орган (кызмат адамы) милдеттүү тартипте маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
(КР 2012-жылдын 7-декабрындагы N 195, 2013-жылдын 22-февралындагы N 30, 2016-жылдын 29-декабрындагы N 224 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими
30-берене. Ченемдик укуктук актылардын күчүнө кириши (колдонулушу)
1. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.
2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Башка ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
(КР 2011-жылдын 13-майындагы N 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава
Ченемдик укуктук актыларды жүзөгө ашыруу
31-берене. Расмий чечмелөө (түшүндүрмө берүү)
1. Ченемдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет.
2. Ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Конституцияны кошпогондо, ошол актыны кабыл алган же чыгарган ченем чыгаруучу орган же кызмат адамы тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Расмий чечмелөөдө ченемдердин мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, алардын мыйзамдар системасындагы орду, ошондой эле бир эле түрдөгү коомдук мамилелердин ар кандай аспектилерин жөнгө салуучу башка ченемдер менен болгон функциялык жана башка байланыштары аныкталат.
4. Ченемдик укуктук актыларды расмий чечмелөө процессинде аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
5. Мыйзамдардын ченемдери Конституциянын жоболоруна толук ылайык келгендей түрдө, ал эми башка ченемдик укуктук актыларда камтылган ченемдер - Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга, кодекстерге жана мыйзамдарга ылайык чечмелениши керек.
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы N 22, 2013-жылдын 11-июлундагы N 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
32-берене. Коллизияларды чечүүнүн тартиби
1. Ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда укуктук мамилелердин субъекттери жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын ченемин жетекчиликке алат.
2. Мыйзамдардын ченемдери кодекстердин ченемдери менен ажырымданган учурда мыйзамдын ченемдери кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин гана колдонула алат.
3. Бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
4. Ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн компетенциясынын чөйрөсүнө кирген ченемдик укуктук актылардагы коллизияларды жоюу үчүн мындай актыларга карата туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турууга милдеттүү.
33-берене. Боштуктарды жана коллизияларды жоюу
Ченемдик укуктук актыларда боштуктар жана коллизиялар табылганда ушул актыларды кабыл алган ченем жаратуучу субъекттер (кызмат адамдары) боштуктарды жана коллизияларды жоюу үчүн аларга тиешелүү толуктоолорду же өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-1-берене. Ченемдик укуктук актылардын колдонулушунун мониторинги жана натыйжалуулугуна баа берүү
1. Ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) алардын колдонулушунун натыйжалуулугун жана үзүрдүүлүгүн табуу максатында алар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзөт.
2. Ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү жүзөгө ашырууга көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат.
3. Алардын колдонулушунун төмөнкү натыйжалуулугу жана үзүрдүүлүгү жөнүндө күбөлөндүргөн ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүн кыйла натыйжалуу жөнгө салуучу жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Ченемдик укуктук актылардын мониторинги жана аларга баа берүү Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2014-жылдын 18-февралындагы N 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-берене. Ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө
1. Ченемдик укуктук актылардын жүзөгө ашырылышын контролдоону аларды кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) жүргүзөт.
2. Ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей түрдө аткарылышын көзөмөлдөөнү өздөрүнүн компетенциясынын чегинде прокуратура органдары жүргүзөт.
(КР 2014-жылдын 7-июлундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
35-берене. Прокурордук чара көрүү актысы
1. Конституцияга, конституциялык мыйзамга, кодекске, мыйзамга каршы келген ченемдик укуктук актыга карата прокурордук чара көрүү актысы прокурор же анын орун басары тарабынан мындай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет.
2. Прокурордук чара көрүү актысы ченемдик укуктук актыны же анын структуралык элементин токтото туруу, жокко чыгаруу же күчүн жоготту деп табуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
3. Прокурордук чара көрүү актысы четке кагылган (ага макул болбогон) учурда прокурор сотко кайрылууга укуктуу.
6-глава
Корутунду жоболор
36-берене. Өткөөл жоболор
1. Колдонуудагы ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
Конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын токтомдорун кошпогондо, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук актылар өздөрүнүн күчүн токтотот жана колдонулууга жатпайт.
2. Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн шартта 2010-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Ушул Мыйзамга ылайык ченем жаратуу органы болуп эсептелбеген мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган (чыгарылган) ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.
3. ССР Союзунун ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө 2009-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.
37-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2009-жылдын 7-августунда N 68-69 жарыяланды
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7, 101-ст.);
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 1-пункту ((Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., N 12, 573-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., N 10, 376-ст.);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 11, 455-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 12, 537-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 4, 171-ст.);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 2, 39-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 9, 418-ст.);
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 11, 507-ст.);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 11, 496-ст.);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 9, 629-ст.);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-ж., 18-август, N 61);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-ж., 22-август, N 62);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 2, 144-ст.);
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 2, 150-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
алты айлык мөөнөттөн кечиктирбестен ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы N 520-б ("Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу планын бекитүү тууралу) буйругу
зарыл учурда мыйзам актыларын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти
 
К.Бакиев
 
 
 
2009-жылдын 21-майында
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы