| | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 15-июлундагы
N 413 токтому менен
бекитилген
|
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырган жеке адамдарды жана юридикалык жактарды аккредиттөө жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жеке адамдардын жана юридикалык жактардын аккредиттөө алуусунун тартибин аныктайт, ошондой эле аккредиттөөдөн баш тартуу жана аны жокко чыгаруу маселелерин жөнгө салат.
2. Атоолордун түшүндүрмө аппараттары
1. Бул Жободо колдонулган атоолор төмөнкүдөй мааниге ээ:
1) аккредиттөө - аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал аркылуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды жүргүзүүдө юридикалык же жеке жактын компетенттүүлүгүн расмий тааныган жол-жобо;
2) коррупцияга каршы экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорунда коррупциялык факторлордун орун алышын изилдөө, алардын коррупцияланган деңгээлин баалоо жана аларды четтетүүгө жана чектөөгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу жаатындагы иши;
3) гендердик экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актынын долбоорунун жоболорун алардын коомдо жарыяланган гендердик теңчилик принциптерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келишин изилдөөгө багытталган иши;
4) аккредиттөө жөнүндө күбөлүк - ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертиза жүргүзүүдө юридикалык жактын же жеке адамдын компетенттүүлүгүн ырастаган расмий документ;
5) адистештирилген экспертиза - эксперттин жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, коомдук бирикмелердин, массалык маалымат каражаттарынын укуктук статусун камсыздоо, мамлекеттик бюджет, салык системасы, экологиялык коопсуздук, укук бузууларга каршы күрөшүү, ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жоболоруна талдоо жүргүзүү жана баа берүү боюнча иши;
6) укуктук экспертиза - эксперттин ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга жана ченем жаратуу техникасынын талаптарына ылайык келишин укуктук жөнгө салуунун максаттарын, милдеттерин, предметин укуктук баалоого багытталган иши;
7) укук коргоочулук экспертиза - эксперттердин ченемдик укуктук актынын долбооруна анын жоболору адам укуктарын коргоонун белгиленген стандарттарына ылайык келиши жаатында укуктук баа берүүгө багытталган иши;
8) аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аккредиттөө боюнча иш жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген орган;
9) экологиялык экспертиза - эксперттин ченемдик укуктук актынын долбоорун анын жоболору жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына, экологиялык коопсуздук ченемдерине ылайык келишине баа берүүгө, аларды кабыл алган учурда долбоордун жоболорунун курчап турган чөйрөгө жана калктын саламаттыгына тийгизиши мүмкүн болгон терс кесепеттерин аныктоого, алдын алууга жана чектөөгө багытталган иши;
10) Эксперт - ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу, белгиленген тартипте аккредиттелген адам.
3. Аккредиттөө алууга талапкер болгон адамдарга коюлган талаптар
1. Аккредиттөөнүн субъекти болуп:
- жеке адам;
- юридикалык жак (кызматкерлердин атынан) эсептелет.
3. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертиза жүргүзүүгө аккредиттөө алууну каалаган юридикалык жактын же жеке адамдын:
1) тиешелүү тармакта жогорку билими;
2) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүүдө иш ыктары жана тажрыйбасы болуусу зарыл.
4. Аккредиттөө алуу үчүн талап кылынган документтер
4. Аккредиттөө алуу үчүн юридикалык жак аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүгө милдеттүү:
1) аккредиттөө алууну каалаган юридикалык жактын кызматкеринин арызы, ага юридикалык жактын жайгашкан жери жана электрондук почтасынын дареги милдеттүү түрдө көрсөтүлүү менен берилген күнү жана уюмдун жетекчисинин колу коюлуп, уюмдун мөөрү басылат;
2) юридикалык жактын кызматкеринин резюмеси;
3) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) кызматкердин жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтеринин кадрлар бөлүмү же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5) кызматкердин эмгек китепчесинин кадрлар бөлүмү же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) адамдын ким экендигин билдирген документтин көчүрмөсү;
7) ченем жаратуу чөйрөсүндөгү иш ыктарын жана тажрыйбасын ырастаган экиден кем эмес сунуштама каты;
8) түздөн-түз ушул адам тарабынан мурда экспертиза жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун экиден кем эмес көчүрмөсү.
5. Аккредиттөө алуу үчүн юридикалык жак аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүгө милдеттүү:
1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертиза жүргүзүүгө аккредиттөө алуу жөнүндө арыз аты-жөнү, жашаган жери жана электрондук почтасынын дареги көрсөтүлүү менен;
2) резюме;
3) жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтеринин кадрлар бөлүмү же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) кызматкердин эмгек китепчесинин кадрлар бөлүмү же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) адамдын ким экендигин билдирген документтин көчүрмөсү;
6) ченем жаратуу чөйрөсүндөгү иш ыктарын жана тажрыйбасын ырастаган экиден кем эмес сунуштама кат;
7) түздөн-түз ушул адам тарабынан мурда экспертиза жүргүзүлгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун экиден кем эмес көчүрмөсү.
6. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертиза жүргүзүүгө аккредиттөө алуу жөнүндө арыз аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формага ылайык таризделет.
5. Аккредиттөө комиссиясы
7. Аккредиттөө жүргүзүү үчүн аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен 7 адамдан турган аккредиттөө комиссиясы (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүү чөйрөсүндө иш тажрыйбасы бар мамлекеттик кызматчылар киргизилет.
Комиссиянын сандык жана персоналдык курамы аккредиттөө тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын комиссиясынын түзүмү жана курамы:
комиссиянын төрагасы - аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын статс-катчысы;
комиссиянын катчысы - аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери;
комиссиянын мүчөлөрү:
ишмердиктин аталган жааттагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
жарандык сектордун өкүлү;
ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүү компетенциясына кирген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери;
ченем жаратуу иши менен алектенген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка жооптуу мамлекеттик кызматкерлери.
9. Комиссиянын ишине катышуу үчүн көз каранды эмес эксперттер же кесиптик коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
Иштин адистештирилген түрлөрүндө адистештирилген атайын кесиптик билимди текшерүү үчүн комиссия тарабынан эксперттер тартылышы мүмкүн.
10. Аккредиттөө жүргүзүү учурунда комиссия:
1) аккредиттөө жүргүзүү мөөнөтүн жана иш регламентин аныктайт;
2) аккредиттөө алууга талапкер адамдар тарабынан берилген документтерди карайт жана аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
3) аңгемелешүү өткөрөт;
4) талапкерди аккредиттөө же аны аккредиттөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
11. Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталган тиешелүү түзүмдүк бөлүнүшү:
1) комиссиянын мүчөлөрү үчүн документтерди карап чыгат жана даярдайт;
2) аккредиттөө алууга талапкер адамдардын тизмесин түзөт;
3) аккредиттөө өткөрүү күнүнө чейин 5 күндөн кеч эмес күн калганда аккредиттөө алууга талапкер адамдарды аңгемелешүү өткөрүлө турган орду, күнү жана убактысы жөнүндө кабардар кылат;
4) аккредиттелген эксперттердин мамлекеттик реестрин жүргүзөт.
12. Аккредиттөө квартал сайын жүргүзүлөт. Аккредиттөөнү өткөрүү күнүн жана убактысын комиссиянын төрагасы аныктайт. Эгерде талапкерлерден арыздар келип түшпөсө, аккредиттөө өткөрүлбөйт.
Аккредиттөө алууга талапкер адамдардын документтери отчеттук мезгилден кийинки айдын биринчи күнүнөн тарта эки айдын ичинде кабыл алынат.
Комиссия документтер кабыл алынган күндөн баштап 15 күндүн ичинде аларды карайт.
Аккредиттөө документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин 20 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
13. Аккредиттөө төмөнкүдөй этаптарды өзүнө камтыйт:
1) аккредиттөө алууга талапкер адамдардан документтерди кабыл алуу;
2) документтердин ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келишин кароо;
3) аккредиттөө алууга талапкер адамдар менен аңгемелешүү;
4) адамды аккредиттөө жөнүндө же аны аккредиттөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
6. Аккредиттөөнү өткөрүү тартиби
14. Комиссиянын отурумуна анын мүчөлөрүнүн теңинен көбү катышкан болсо, ал мыйзамдуу болуп эсептелет.
Комиссиянын бардык маселелер боюнча чечимдери отурумга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
15. Комиссия өз ишине кеңешип добуш берүү укугуна ээ көз карандысыз адистерди тартууга укуктуу.
16. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө аккредиттөө алууга талапкер адамдардын кесиптик сапаттары, алардын каалоосу жана умтулуусу аныкталат.
17. Аккредиттөө жөнүндө күбөлүк 5 жылдык мөөнөткө берилет жана аккредиттелген эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Аккредиттөө жөнүндө күбөлүк берилген учурда аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аккредиттөө жөнүндө күбөлүктөрдү каттоо журналына тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
Аккредиттөөдөн баш тартылган учурда аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди көрсөтүү менен арыз ээсинин дарегине кат жөнөтөт.
18. Аккредиттөөдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жеке адамдын же юридикалык жактын аккредиттөө алуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келбегендиги;
2) аккредиттөө алуу үчүн документтердин тапшырылбагандыгы же талаптагыдай таризделбегендиги.
Аккредиттөө алуу үчүн коюлган талаптарга ылайык келбегендигинин негизинде акредиттөөнү берүүдө баш тартылган адам, бир жыл өткөндөн кийин аны алууга кайталап талапкер болууга укуктуу.
Аккредиттөө алуу үчүн документтерди тапшырбагандык же талаптагыдай таризделбегендиктин айынан аккредиттөөнү берүүдө баш тартылган адам баш тартуу үчүн негиз болгон себептерди жойгон шартта, аны алууга кайталап талапкер болууга укуктуу.
19. Комиссиянын аккредиттөөнүн жыйынтыктары жөнүндө чечими талапкерлерге комиссиянын катышкан мүчөлөрү добуш бергенден кийин жарыяланат.
Комиссиянын чечими аңгемелешүү өткөрүлгөн күндөн баштап 3 күндүн ичинде аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Буйрук чыккандан тартып 10 күндүн ичинде аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү ушул Жобонун 1, 2-тиркемелерине ылайык үлгүдөгү форма боюнча тариздейт.
20. Аккредиттөө жөнүндө күбөлүктү алуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү комиссиянын катчысы тарабынан ишке ашырылат.
21. Аккредиттөө, анын ичинде күбөлүк берилгендиги үчүн акы төлөнбөйт.
Юридикалык жактарды жана жеке адамдарды аккредиттөө жөнүндө маалымат аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында жайгаштырылат.
7. Аккредиттелген жактардын мамлекеттик реестри
22. Аккредиттелген эксперттердин мамлекеттик реестри ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген экспертиза жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна ээ жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мамлекеттик эсебин алган, ошондой эле бул жактар тууралуу маалымдама мүнөзүндөгү маалыматтарды камтыган бирдиктүү системасынан турат.
23. Аккредиттелген эксперттердин мамлекеттик реестри төмөнкүлөрдү: юридикалык жактын же жеке адамдын аты-жөнүн, анын дарегин, күбөлүк берилген күндү, күбөлүктүн номурун камтыйт.
8. Аккредиттөө алган жактардын укуктары
24. Аккредиттөөдөн өткөн жактар төмөнкүлөргө:
1) ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүгө көз каранды эмес эксперт катары катышууга;
2) мамлекеттик органдардан экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл маалыматты (жашыруун мүнөздөгү маалыматтан, ошондой эле жалпыга жайылтууга жатпаган жана "Конфиденциалдуу", "КПҮ" грифтери бар маалыматтан башкасын) сурап алууга ыйгарым укуктуу.
9. Аккредиттөөнү жокко чыгаруу тартиби
25. Юридикалык жак же жеке адам аккредиттөөдөн өз ыктыяры менен баш тартканда, аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттөө жокко чыгарылат.
Аккредиттөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганда үч күндүк мөөнөт ичинде аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу чыгат жана аккредиттөө жөнүндө күбөлүктөрдү каттоо журналында тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.
Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттөөнү жокко чыгаруу жөнүндө буйрук чыгарылгандан кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде юридикалык жактын же жеке адамдын дарегине тиешелүү кат жөнөтүлөт.
Аккредиттөөнү жокко чыгаруу жөнүндө маалымат аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтында жайгаштырылат.
| | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырган жеке адамдарды жана юридикалык жактарды аккредиттөө жөнүндө жобого
1-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
_____________________________________________________
(Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
________________________
экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу, көз каранды эмес эксперт катарында юридикалык жактын кызматкерин аккредиттөө жөнүндө
КҮБӨЛҮК
20__-ж. _____________ N _______
_____________________________________________________
(Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
20__-жылдын ___________ N ___________ буйругу менен
_________________________________________________ (кызматкердин аты-жөнү, уюмдун толук аталышы) __________________ экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген көз каранды эмес эксперт катары аккредиттелди деп табылат.
___________________ (кызматтын аталышы) | ___________________ (колу) | ___________________ (аты-жөнү) |
Мөөрдүн орду _______________ чейин жарактуу
| | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдөгү экспертизаларды (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырган жеке адамдарды жана юридикалык жактарды аккредиттөө жөнүндө жобого
2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
_____________________________________________________
(Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
____________________
экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу көз каранды эмес эксперт катарында юридикалык жеке адамды аккредиттөө жөнүндө
КҮБӨЛҮК
20__-ж. _____________ N _______
______________________________________ (Аккредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) 20__-жылдын ___________ N ___________ буйругу менен ____________________________________ (көз каранды эмес эксперттин аты-жөнү)
__________________ экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген көз каранды эмес эксперт катары аккредиттелди деп табылат.
___________________ (кызматтын аталышы) | ___________________ (колу) | ___________________ (аты-жөнү) |
Мөөрдүн орду _______________ чейин жарактуу