20 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча Нускама


 
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2015-жылдын 26-июнундагы
№ 5389-V токтомуна
тиркеме
Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча
НУСКАМА
 
Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча ушул Нускама (мындан ары - Нускама) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзам долбоорлорун иштөөдө аны колдонуу үчүн иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорлорун жол-жоболоштурууда бир түрдүүлүктү сактоо жана мыйзам чыгаруу техникасынын каражаттарын, эрежелерин жана ыктарын пайдалануу жолу менен мыйзамдардын сапатын камсыз кылуу Нускаманын максаты болуп саналат.
1-глава. Мыйзам долбоорлоруна карата жалпы талаптар
1. Конституциялык мыйзамдын, кодекстин жана мыйзамдын (мындан ары - мыйзам) долбоору адабий тилдин расмий-иш стилинин нормаларын жана юридикалык терминологияны сактоо менен учур чакта, кыска жана буйрук түрүндө баяндалууга тийиш.
2. Мыйзам долбоору ички ырааттуулукта, логикалык жактан дыкат түзүлгөн жана мыйзам чыгаруу техникасына ылайык келүүгө тийиш.
3. Мыйзам долбоорунун текстин баяндаганда башында жалпы, андан кийин дайындуу жоболор жайгаштырылат.
4. Мыйзам долбоорунун укуктук ченемдерин баяндоодо өтө жалпылаштырылган жана өтө майдаланган туюндурмалардан, ошондой эле бир эле маселе боюнча ченемдик түшүндүрмөлөрдү кайталоодон жана алардын көп түрдүүлүгүнөн качуу керек.
Мыйзам долбоорунун бир сүйлөмүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана эл аралык келишимдеринин аталыштарын кошпогондо, 20дан ашык эмес сөздү пайдалануу сунуш кылынат.
5. Мыйзам долбоорунун терминологиясы бир түрдүү болууга тийиш. Бир эле түшүнүктөрдү белгилөөдө окшош терминдер пайдаланылышы керек.
Терминдерди пайдаланууда жалпы кабыл алынган аныктамалардан чыгуу керек. Зарылдык болгондо долбоордо юридикалык, техникалык жана башка атайын терминдерге түшүндүрмө (чечмелөө) берилет.
6. Мыйзам долбоорунун, бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн, главалардын, параграфтардын жана беренелердин аталыштары кыска, так болуп, алардын мазмунун, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун негизги предметин чагылдырууга тийиш.
7. Мыйзам долбоорунун аталышында Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, мамлекеттик органдары ж.б.у.с. көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Мыйзам долбоорунун аталышында милдеттүү түрдө "Кыргыз Республикасы", "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр камтылууга тийиш эмес.
Туура мисалдар:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө
2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө
Шаар куруу жана архитектура жөнүндө
Саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө
Риэлтордун иши жөнүндө.
Туура эмес мисалдар:
Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы риэлтордун иши жөнүндө
8. Бир мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорунда ошол мыйзамдын аталышы камтылууга тийиш.
Мисалдар:
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
9. Мыйзам долбоору аталышы менен бир нече мыйзамга  өзгөртүүлөр киргизилгенде, ага өзгөртүүлөр (үчтөн ашуун эмес) киргизилген мыйзамдын аталышы кашада камтылууга тийиш же жөнгө салуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтууга тийиш, же аталган мыйзам долбоору менен (эгерде мыйзам долбоорунун аталышынан коомдук мамилелердин жөнгө салуучу чөйрөсүн так аныктоого мүмкүн болбосо) жөнгө салууга жаткан маселелерди көрсөтмө камтылууга тийиш.
Мисалдар:
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)"
Жер казынасын пайдалануу тармагындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
10. Кашага алынган сөздөрдү мыйзам долбоорунун аталышына кошуу сунушталбайт.
Мисал:
Банкроттук (кудуpeтсиздик) жөнүндө
сунуш кылынат: Банкроттук жөнүндө
Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө
сунуш кылынат: Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече эсепке алуу жөнүндө
11. Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби жөнүндө ченемдик жазма эскертүүлөр жана мамлекеттик органдарга (уюмдарга) тапшырмалар мыйзам долбоорунун корутунду жоболору түрүндө баяндалат.
12. Мыйзам долбоорунун текстинде карапайым сөздөрдү, көп маанилүү сөздөр менен сөз айкалыштарды, эпитеттерди, метафораларды, ошондой эле жалпыга белгилүү болгондордон (мисалы, БУУ, КМШ, МС жана башкалар) тышкары, кыскартылган сөздөрдү (аббревиатураларды) колдонууга жол берилбейт.
13. Географиялык объекттердин, администрациялык-аймактык бирдиктердин, мамлекеттик органдардын (уюмдардын), ошондой эле кызматтардын аталыштарынын кыскартылган аталыштары мыйзамдарда толук расмий аталыштарына так шайкештикте көрсөтүлөт. Географиялык объекттердин, администрациялык-аймактык бирдиктердин, мамлекеттик органдардын (уюмдардын), ошондой эле кызматтардын аталыштарын кыскартууга жол берилет, эгерде ап аталыштар расмий болуп саналса (мисалы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - ЖӨБ органдары).
14. Эгерде мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдын аталышы бир нече ирет кайталанса, "... чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деп (мисалы, билим берүү, саламаттыкты сактоо, коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган) көрсөтүү керек.
15. Эгерде географиялык объекттердин, администрациялык-аймактык бирдиктердин, мамлекеттик органдардын (уюмдардын), ошондой эле кызматтардын аталыштары бир нече сөздөн турса, анда толук расмий аталышы мыйзам долбоорунда биринчи жолу аталганда кийинки жоболордо пайдалануу үчүн тегерек кашаада кыскартылган (шарттуу) аталышын белгилөө менен берилет (мисалы, Ички иштер министрлиги (мындан ары - ИИМ, Тышкы иштер министрлиги - (мындан ары - ТИМ) ж.б.).
16. Мыйзам долбоорунда сандык, преттик жана бөлчөк сандар цифралык, тамгалык жана тамгалык-цифралык түрлөрдө берилет.
17. Мыйзам долбоору электрондук форматта (12 өлчөмүндө TIMES NEW ROMAN арибинде), ошондой эле кагаз түрүндө мамлекеттик жана расмий тилдеринде берилет.
Мыйзам долбоорлорунун (анын ичинде анын тиркемелеринин беттеринде) бирин бири улаган номерлер болууга тийиш. Беттеринин номерлери, эреже катары, үстүңкү борбор жеринде белгиленилет. Биринчи бетке номер коюлбайт.
2-глава. Мыйзам долбоорунун түзүмү
18. Мыйзам долбоорунун түрү жана аталышы беттин ортосунда басылат.
19. Мыйзам долбоорунун түрүнүн аталышы баш тамгалар менен карартып басылат.
Мисалдар:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
же
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОДЕКСИ
же
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
20. Мыйзам долбоорунун аталышынын баш сөзү баш тамга менен карартылып басылат.
Мисалдар:
"Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
же
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине
же
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө
21. Преамбула - мыйзам долбоорунун максаттары менен милдеттерин, аны кабыл алуунун себептерин жана шарттарын аныктап турган жана мыйзам долбоорунун тексти тууралуу алдын ала кабарлаган мыйзам долбоорунун милдеттүү болуп саналбаган өз алдынча бөлүгү.
Преамбула:
1) ченемдик жазуу буйруктарды жана дефиницияларды камтыбайт;
2) берененин түзүмдүк элементтерине бөлүнбөйт жана номер коюлбайт;
3) мыйзам актыларын басып чыгарууга байланыштуу күчүн жоготту деп таанууга жана өзгөртүүгө жатуучу башка мыйзам актыларына шилтемелерди камтыбайт.
Мыйзам долбоорунун түзүмдүк элементтеринин преамбуласы болбойт.
22. Бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттары, пунктчалары жана абзацтар мыйзам долбоорунун түзүмдүк элементтери болуп саналат.
Нускаманын ушул ченеми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамы күчүнө киргенге чейин кабыл алынган мыйзамдарга карата колдонулбайт.
23. Эгерде мыйзам долбоорунда главалар болбосо, "бөлүм" деген түзүмдүк бирдикти киргизүүгө жол берилбейт.
24. Тутумдаштырылган ири мыйзам долбоорлору (мисалы, кодекстер) бөлүктөргө, бөлүктөр - бөлүмдөргө, бөлүмдөр - бөлүмчөлөргө, главалар - параграфтарга бөлүнөт.
24. Мыйзам долбоорунун бөлүгү - өзүнө эки же андан көп бөлүмдөрдү бириктирген тутумдаштырылган ири мыйзам долбоорлорунун түзүмдүк элементи:
1) сөздөр менен белгиленет;
2) аталышы болушу мүмкүн.
26. Мыйзам долбоорунун бөлүгүнүн белгилениши жана аталышы беттин ортосунда биринин астына бири баш тамгалар менен карартып басылат.
Мисалдар:
БИРИНЧИ БӨЛҮК
же
БИРИНЧИ БӨЛҮК
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
27. Эгерде кодекстин бөлүгүнүн белгилениши анын иреттик номурун көрсөтпөстөн, башка сөздөр менен белгиленсе, анда кодекстин бөлүгүнүн белгилениши аталыш түрүндө жол-жоболоштурулат.
Мисалдар:
ЖАЛПЫ БӨЛҮМ
же
ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮМ
28. Бөлүм - главаларды жана бөлүкчөлөрдү камтыган мыйзам долбоорунун түзүмдүк элементи.
Бөлүм:
1) рим цифралары менен белгиленүүчү иреттик номуру болот;
2) аталышы болот.
Бөлүмдүн белгилениши жана аталышы беттин ортосунда биринин астына ири баш тамгалар менен басылат.
Мисал:
II БӨЛҮМ
МЕНЧИК УКУГУ ЖАНА БАШКА БУЮМДУК УКУКТАР
29. Бөлүмчө - главалары болгон ири мыйзам долбоорунун түзүмдүк бөлүгү.
Бөлүмчө:
1) араб цифралары менен белгиленүүчү иреттик номуру болот;
2) аталышы болот.
30. Бөлүмчөнүн белгилениши карартылган тамгалар менен басылат.
Бөлүмчөнүн аталышы карартылган баш тамга менен, беттин ортосунда бир сапта, бөлүмчөнүн чекит коюлган номурун белгилөө менен басылат.
Мисал:
2-бөлүмчө. Милдеттенмелер жөнүндө жалпы жоболор
31. Глава - мазмунуна жакын беренелерди бириктирген көлөмдүү мыйзам долбоорунун түзүмдүк элементи.
Глава:
1) араб цифралары менен номерленет;
2) аталышы болот.
32. Главанын аталышы баш тамга менен карартып басылат.
33. Главанын аталышы карартылган баш тамга менен, беттин ортосунда бир сапта, главанын чекит коюлган номурун белгилөө менен басылат.
Мисал:
5-глава. Өрт коопсуздугу жаатындагы укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик
34. Параграф - ири көлөмдөгү главалары болгон мыйзам, долбоорунун түзүмдүк элементи.
Параграф:
1) "§" белгиси менен белгиленет;
2) араб цифралары менен белгиленүүчү иреттик номуру болот;
3) аталышы болот.
Параграфтын аталышы карартылган баш тамга жана абзацтык чегинүү менен бир сапта, параграфтын чекит коюлган номурун белгилөө менен басылат.
Мисал:
§ 2. Чарбалык шериктиктер жана коомдор
35. Мыйзам долбоорунун беренеси - ченемдик аныктамаларды камтыган мыйзам долбоорунун негизги түзүмдүк элементи.
Берене:
1) араб цифралары менен белгиленүүчү иреттик номуру болот;
2) аталышы болот, бирок өзгөчө учурларда анысы болбой калышы мүмкүн (мисалы, колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жаткан мыйзамдарда).
36. Берененин жана анын иреттик номуру абзацтык чегинүү жана карартылган баш тамга менен басылып, андан кийин чекит коюлат.
37. Берененин аталышы карартылган баш тамгадан берененин номуру менен бир сапта басылат, андан кийин чекит коюлат.
Мисал:
33-берене. Сертификациялоо
38. Эгерде берененин аталышы болбосо, анда берененин номурунан кийин чекит коюлбайт жана берененин белгилениши абзацтык чегинүү жана карартылган баш тамга менен басылат.
Берененин тексти абзацтык чегинүү менен берененин белгиленишинин жана анын номурунун астында жайгаштырылат.
Мисалдар:
1-берене
1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджет 114794628,1 миң сом суммасындагы чыгаша жана 103325757,4 миң сом суммадагы киреше боюнча бекитилсин.
же
1-берене
Мамлекеттер аралык лизинг жөнүндө конвенция ратификациялансын.
39. Мыйзам долбоорунун ар бир беренеси бир ченемдик аныктаманы камтууга тийиш. Бир же бир нече ченемдик аныктамалар, эгерде бир ченемдик аныктаманы экинчисиз толугу менен түшүнүүгө мүмкүн болбосо, мыйзам долбоорунун бир эле беренесине жайгаштырылышы мүмкүн.
40. Берене бөлүктөргө бөлүнөт.
41. Берененин бөлүгү - чекити бар араб цифрасы менен белгиленүүчү укуктун өзүнчө ченемин камтыган мыйзам долбоорунун беренесинин түзүмдүк элементи.
42. Берененин бөлүгү тегерек кашаа менен жабылуучу араб цифралары менен белгиленүүчү пункттарга бөлүнөт.
43. Пункттар мамлекеттик тилдин алфавитинин кичине тамгалары менен белгиленүүчү, тегерек кашаа менен жабылуучу пунктчаларга бөлүнөт.
Мисал:
44-берене. Өтмө жоболор
1. Продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, куроо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, керекке жаратуу процесстери, коюлган техникалык регламенттердин талаптары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып колдонууга киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын колдонулуп келаткан ченемдик укуктук актыларында белгиленген техникалык регламенттерди кабыл алуу үчүн ушул Мыйзамда аныкталган тиешелүү максаттардын бөлүгүндө гана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 1-бөлүк
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып, алты айдын ичинде төмөндөгүдөй маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
1) ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктуна жана 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык белгиленген талаптарга шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон продукциянын толук тизмегин аныктоо, тышкы экономикалык иштин 10 белгинин деңгээлиндеги товардык номенклатурасынын коддорун жана бул талаптарды белгилөөчү жана техникалык регламенттер кабыл алынганга чейин колдонулуучу ченемдик укуктук актыларды же стандарттарды көрсөтүү, мында: (2-бөлүктүн 1-пункту)
а) бирдей эле талаптарды белгилеген эки же андан ашык ченемдик укуктук актыларды колдонууга жол берилбейт; (2-бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасы)
б) шайкештикти милдеттүү түрдө тастыктоо шайкештикти сертификациялоо же декларациялоо формасында гана жүргүзүлөт, мында шайкештикти милдеттүү түрдө баалоонун башка формаларына жол берилбейт; (2-бөлүктүн 1-пунктунун "б" пунктчасы)
2) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан продукцияны жүгүртүүнүн баскычында гана жана аталган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого карата мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча жол-жоболорду аныктоо. (2-бөлүктүн 2-пункту)
44. Өзгөчө учурларда берененин бөлүктөрү, пункттары жана пунктчалары абзацтарга бөлүнүшү мүмкүн.
45. Абзац - биринчи сабында чегинүү менен бөлүнгөн жана берененин баш тамга менен башталуучу бөлүмүнүн биринчи абзацынан тышкары, кичине тамгалар же сызыкча менен башталган маанилик бирдикти түшүндүргөн тексттин бөлүгү. Абзацтар (акыркы абзацтан башкасы) үтүрлүү чекит менен бүтөт.
Эгерде берененин (пункттун) мурунку абзацы чекит менен бүтсө, жана маанисине жараша абзацтын улануусун талап кылса, мындай абзац баш тамга менен башталат.
Абзац цифра же тамга менен белгиленбейт.
Мисалдар:
25-берене. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо тутумунун башкаруу органдары
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүлөр болуп саналат: (биринчи абзац)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; (экинчи абзац)
балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган; (үчүнчү абзац)
жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга караштуу балдар иштери боюнча комиссиялар; (төртүнчү абзац)
балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү; (бешинчи абзац)
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын социалдык маселелер боюнча комиссиялары. (алтынчы абзац)
же
1-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын кароо тартиби
1. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарына карата каршы пикир болгондо, Жогорку сот талаптардын негиздүүлүгүн текшерет (1-бөлүктүн биринчи абзацы).
Насыя берүүчүлөрдүн талаптары Жогорку соттун жыйналышында каралат. Кароонун натыйжалары боюнча насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын реестрине көрсөтүлгөн талаптарды киргизүү же баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат (1-бөлүктүн экинчи абзацы).
2. Насыя берүүчүлөрдүн жыйналышына кайрылуу жөнүндө чечимге финансылык жактан жакшыртуу планы жана карыз төлөө графиги тиркелет (2-бөлүк).
46. Эгерде берене пункттардан (пунктчалардан) кийин баш тамга менен башталган бир же бир нече абзацтарды камтыса, анда мындай абзацтар абзацтардын тийиштүү бөлүктөрү деп саналууга тийиш.
Мисал:
71-берене. Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратордун милдеттери
1. Эгерде карыз тараптын финансылык абалын талдоонун натыйжасында банкроттук процессинин чыгымдарын жабуу үчүн активдердин жетишсиздиги аныкталса, атайын администратор бул тууралуу сотко, насыя берүүчүлөрдүн (соттон тышкары тартипте) жыйналышына маалымдайт жана атайын администрациялоо жол-жобосун өткөрүү жөнүндө сунуштама берет. Мындай учурда сот (насыя берүүчүлөрдүн жыйналышы) (1-бөлүктүн биринчи абзацы) төмөндөгүдөй чечим чыгарат:
1) атайын администрациялоо процесси аякталсын (1-бөлүктүн 1-пункту);
2) атайын администрациялоо жол-жобосу улантылсын жана ушул Мыйзамда каралган атайын администраторду айрым милдеттерден аткаруудан бошотууну кошуп алганда, бул жол-жобону өткөрүү шарты аныкталсын (1-бөлүктүн 2-пункту).
Атайын администратор каттоочу органга кабарлагандан кийин өз ишин токтотот. Карыз алуучуга сот тартибинде банкроттук процесси жүргүзүлгөн учурда (банктардан тышкары) атайын администратор ушул Мыйзамдын 8-беренесинде каралган тартипте банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан бошотулат. (1-бөлүктүн экинчи абзацы).
Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратор мыйзамда белгиленген эмгек акынын жыйырма минималдуу ставка өлчөмүндө сыйакы алат. Бул сумма банкроттук жөнүндө иш боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунан төлөнөт. (1-бөлүктүн үчүнчү абзацы)
47. Эгерде берене бир бөлүктөн турса, бөлүк номурланбайт.
Эгерде берене кош чекиттен кийин келген бир бөлүктө камтылган абзацтардан турса, анда мындай түзүмдүк элементтер пункттар болуп саналат.
Мисал:
1-берене. Жогорку сот
Жогорку сот төмөнкүдөй курамда иштейт:
1) Пленум; (1-пункт)
2) соттук коллегия. (2-пункт)
Ушундай эле эреже мыйзам долбоорунда (глоссарий) колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн тизмесин камтыган беренелерге карата да пайдаланылат.
Мисал:
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
1) мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; (1-пункт)
2) ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар - ошол эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин карама-каршы келүүсү (шайкеш келбестиги); (2-пункт)
3) ченем чыгаруу иш - ченемдик укуктук актыларды даярдоо, экспертиза жүргүзүү, кабыл алуу (чыгаруу), өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө, алардын колдонулушун токтотуп туруу, күчүн жоготту деп таануу же болбосо жокко чыгаруу боюнча илимий жана уюштуруу иштери. (3-пункт)
48. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору аталыштары жок беренелерди камтыган мыйзам долбоорлору үчүн колдонулуучу жалпы эрежелерге ылайык жол-жоболоштурулат.
Мисалдар:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жапония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
же
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
БУУнун эгидасында болгон жамааттык тынчтыкты орнотуу батальонду уюштуруу жана түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралу
БУУнун эгидасында болгон жамааттык тынчтыкты орнотуу батальонду уюштуруу жана түзүү жөнүндө 1995-жылы 15-декабрында Жамбыл шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда Макулдашуу ратификациялансын.
49. Ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин аталышы кол коюлган түп нускадагы ошол эл аралык келишимдин аталышы менен толук окшош болууга тийиш. Эл аралык келишимдин аталышына кандайдыр-бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
50. Күчүн жоготту деп таанылган мыйзамдардын тизмегин камтыган мыйзам долбоорлорунда жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорунда беренелердин аталыштары болбойт.
Мисалдар:
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын 1-пунктунда "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны" деген сөздөр алып салынсын;
2) 8-статьянын 2-пунктунда "жана Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылсын" деген сөздөр алып салынсын;
3) 25-статьянын 1-пунктунда "атайын" деген сөз алып салынсын.
же
1-берене
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 2, 116-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети жана анын органдары тарабынан кабыл алынган башка актыларды жарыялоонун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-жыл, № 4/2, 181-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
51. Мыйзам долбоорунун беренелеринин главаларынын, бөлүмдөрүнүн номурлашы ырааттуу болууга тийиш. Ар бир главанын беренелери бөлөк номурлашууга же ар бир бөлүмдүн главалары бөлөк номурлашууга жол берилбейт.
52. Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанууда беренелердеги бөлүктөрдү, пункттарды жана тамга менен белгиленген пунктчаларды өзгөртүүгө жол берилбейт.
53. Эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүүдө толуктоолор мыйзамдын аягына киргизилсе, анда бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, главалардын, параграфтардын, беренелердин коюлган номурларын улантуу зарыл.
54. Эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүүдө толуктоолор берененин түзүмдүк элементинин аягына киргизилсе, анда коюлган номурларды улантуу зарыл.
55. Эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүүдө мыйзам мурда болгон кошуунун чегинде жаңы түзүмдүк элементтер менен толукталып жатса, анда жаңы түзүмдүк элементтерди негизги цифралык белгилердин үстүндө жайгаштырылуучу кошумча цифралар менен белгиленет.
Мисал:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын:
"12-1-статья. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн мөөнөтүнөн мурда пенсия
Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия дайындоого талап кылынган иш стажынан дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, анын ичинде кеминде жарымынан көбү ушул Мыйзамдын 12-статьясында каралган жеңилдетилген шарттарга туура келген адамдар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу: эркектер - 55 жаштан, аялдар - 50 жаштан.";
же
16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүгү менен толукталсын:
"3-1. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү - жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жана 22-статьяга ылайык эсептелүүчү пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгиленүүчү пенсиянын бөлүгү."
же
3-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункту менен толукталсын:
"2-1) ишкана-даярдоочунун аталышын;"
же
5-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г-1" пунктчасы менен толукталсын:
"г-1) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча.".
56. Мыйзам долбоорлорунун күчүнө кириши жөнүндө беренелерде "күчүнө кирүү" термини пайдаланылууга тийиш.
57. Эгерде мыйзамдын күчүнө киргизүүнүн өзгөчөлөнгөн тартибин киргизүүнү белгилөө зарыл болсо, күчүн киргизүү тартиби жөнүндө берене "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан каралган тартиптен айырмаланган айрым мыйзам актыларына киргизилет. Эгерде мыйзам долбоору аны күчүнө киргизүүнүн өзгөчөлөнгөн тартибин киргизүүнү талап кылбаса, белгиленген берене долбоордун текстине киргизилбесе болот.
Мисалдар:
5-берене
Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
же
304-берене
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
же
5-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
58. Эгерде мыйзам долбоору күчүнө киргизүүнүн өзгөчөлөнгөн тартибинин ченемдерин камтыса, мындай ченемдер аларды санап чыгуу аркылуу, кайсы учурдан тартып алардын күчүнө киришин белгилөө менен көрсөтүлөт.
Мисалдар:
35-берене
1. Ушул конституциялык Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин жергиликтүү соттордун судьясынын кызмат ордуна компьютердик тест түрүндө квалификациялык экзамен тапшырган адамдарга карата ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору анын күчүнө кирген күндөн тартып үч жыл ичинде колдонулбайт.
же
56-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 6-бөлүгү 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
59. "Күчүнө кирүү" деген термин кодекстерге карата колдонулат. Күчүнө кирүү жөнүндө өз алдынча мыйзам эреже катары кодекстерге карата колдонулат.
60. Эскертүүлөр түздөн-түз алар тийиштүү болгон түзүмдүк элементтердин текстине камтылат.
61. Мыйзам долбоорунда беренелерге, главаларга, бөлүмдөргө, бөлүктөргө же толугу менен айрым мыйзам актыларына эскертүүлөрдү камтуудан качуу максатка ылайык. Мындай түрдөгү жоболорго өз алдынча беренелер катары туюндурма берилет же алар тийиштүү болгон ошол түзүмдүк элементтеринин текстине камтылат, ал эми эскертүүнүн текстинде бул эскертүү конкреттүү түрдө кайсы түзүмдүк элементке таандык экендиги белгиленет.
Мисал:
194-берене. Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды, ошондон эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын ачыкка чыгаруу
1. Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды түзгөн билдирүүлөрдүн, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын алардын ээсинин макулдугусуз ишеним берилген же ага кызматы же иши боюнча белгилүү болгон адам тарабынан мыйзамсыз ачыкка чыгарылуусу же пайдаланылуусу, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ири зыян алып келген же пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган ошол эле, -
белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Ушул берененин экинчи бөлүгүнө эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жосундар, эгерде келтирилген зыян кылмыш жасалган кезде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген он миң эсептешүү көрсөткүчүнөн ашык болсо, ири өлчөмдө жасалган чыгымдар деп таанылат.".
62. Мыйзам долбоорлорунун тиркемелери болушу мүмкүн, аларда ар кандай тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, чиймелердин ж.б. үлгүлөрү жайгаштырылат, алардын түзүмдөрү мазмунуна жараша болот (маселен, ар бир конкреттүү учурларга ылайык белгиленген графалар, саптар, позициялар, колонкалар ж.б.у.). Мындай учурда таблицаларга, алардын графаларына, саптарына, позицияларына, колонкаларына ж.б.у. номер коюлууга тийиш.
Кийинки башка мыйзам долбоорлорунда эске салууда, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана аларды күчүн жоготту деп таанууда мындай таблицалар жана алардын түзүмдүк элементтери алардын номерлерине ылайык көрсөтүлөт.
63. Тиркеменин белгиси мыйзам долбоорунун текстинен кийин беттин он жактагы жогорку бурчунда мыйзам актысын каттоо номуруна жана ага кол коюлган датага шилтеме кылбастан жайгаштырылат.
Эгерде мыйзам долбооруна бир нече тиркемелер бар болсо. № белгиси коюлбастан араб сандары менен номерленет.
Тиркеменин аталышы беттин ортосунда жайгаштырылат жана караланган тамга менен басылат.
Мисал:
 
 
"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
1-тиркеме
Милдеттүү түрдө экологиялык экспертиза жүргүзүүгө жаткан экономикалык иштин түрлөрү
64. Мыйзам долбоорунун текстинде тиркемеге шилтеме жасоо, эреже катары, "ушул Мыйзамга __________ тиркемеге ылайык", "( ___ тиркеме)" түрүндө берилет.
Мындай учурда № белгиси көрсөтүлбөйт.
Мисал
Карагайларды кабыл алууну жана жөнөтүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке ишкер ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча карагайларды кабыл алуу жана жүктөп жөнөтүү жөнүндө ай сайын отчет түзүүгө милдеттүү.
же
2010-жыл үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун бюджетинин тартыштыгын ички каржылоонун булактары бекитилсин (1-тиркеме).
65. Эгерде мыйзам долбоорунун текстинде же тиркемеде таблицалар болсо, анда таблицалардын графалары менен саптары аталыштарга (баш атына) ээ болууга тийиш.
Графалардын жана саптардын аталыштары (баш аттары) кара тамгалар менен көрсөтүлөт. Графалардын жана саптардын аталыштарынын (баш аттарынын) аягына чекит коюлбайт.
Бир саптагы графанын баш саптары кара тамгалар менен жазылат. Графалардын 2- же көп саптан турган баш аттарынын биринчи сабы кара тамгалар менен жазылат, ал эми экинчи, үчүнчү ж.б.у. саптары эгерде алар графанын биринчи сабынын баш аттарына тийиштүү болсо жөнөкөй тамгалар менен жазылат.
Эгерде таблица эки же үчтөн ашык саптардан турса, аларга номер коюлууга тийиш. Графалардын жана саптардын номерлерине чекит коюлбайт. Кийинки графалардын жана саптардын аталыштары грамматикалык жактан негизги аталыштарга шайкеш келип турууга тийиш.
Эгерде таблица бирден ашык бетке жайгаштырылса, графалардын аталышы же анын цифралык белгилери ар бир беттин жогору жагында кайталанылат.
Таблицанын кеңдигине жараша ал китептик, же альбомдук белгиде беттерге жайгаштырылат.
3-глава. Шилтемелерди пайдалануунун тартиби
66. Укуктук ченемдердин өз ара байланышын көрсөтүү же кайталоолордон качуу зарыл болгон учурларда гана беренелерде башка беренелерге, ошондой эле мурда кабыл алынган мыйзамдарга шилтеме жасоого жол берилет.
67. Шилтемелер күчүнө кирген (колдонууга киргизилген) мыйзамдарга гана берилет. Күчүн жоготкон мыйзамдарга жана мыйзам долбоорлоруна шилтемелер берилбейт.
68. Мыйзам долбоорунда мыйзамга шилтеме берүү зарыл болсо, төмөнкүдөй ырааттуулукта берилген реквизиттер көрсөтүлөт: мыйзамдын түрү жана мыйзамдын аталышы.
Мисалдар:
... "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен жөнгө салынат
же
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык...
69. Кыргыз Республикасынын Конституциясына шилтеме төмөнкүдөй жол менен жол-жоболоштурулат:
Мисал:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-бөлүгүнүн 5-беренесине ылайык...
70. Бир нече бөлүктөн турган кодекстин конкреттүү беренесине шилтеме берүүдө, кодекстин бөлүгүнүн номуру көрсөтүлбөйт.
Мисалдар:
... Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 321-беренеси менен жөнгө салынат;
же
.... Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 324-статьясына ылайык.
71. Мыйзамдын баарына эмес, анын түзүмдүк элементине гана шилтеме берүүнүн зарылдыгы болгондо, адегенде ошол конкреттүү элементи (эң азынан баштап) көрсөтүлөт.
Мисал:
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пункту менен жөнгө салынат
72. Шилтеме жасоодо бөлүмдөр, главалар, беренелер, бөлүктөр, пункттар цифралар менен, пунктчалар - тырмакчадагы алфавиттин кичине тамгалары менен басылат.
Мисалдар:
... 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасына ылайык...;
... 5-берененин 2-2-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасына ылайык...;
... 5-главага ылайык...;
... III жана IV бөлүмдөрүнө ылайык...
73. Абзацтардын белгилери аларга шилтеме жасоодо сөздөр менен көрсөтүлөт.
Мисалдар:
1-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык...
74. Түзүмдүк элементтен башталган, анын курамында болгон абзац биринчи болуп эсептелет.
Мисал:
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын транспорттук тутумунун бир бөлүгү болуп саналган автомобиль транспорту менен кызмат көрсөтүүлөрдө пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат. Автомобиль транспорту жана шаардык жерде жүрүүчү электр транспорту (троллейбус) менен кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат. (1-бөлүктүн биринчи абзацы)
Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү эл аралык катнаштагы автомобиль транспорту менен ташуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. (1-бөлүктүн экинчи абзацы.
2. Ушул Мыйзам жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү тиешелүүлүгүнө жараша жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, жеңил автомобилдер, анын ичинде автомобиль чиркегичтерин, автомобиль жарым чиркегичтерин пайдалануу менен ташуунун жалпы шарттарын, ошондой эле жүргүнчүлөргө, жалдоочуларга, жүк жөнөтүүчүлөргө, жүк алуучуларга, транспорттук инфратүзүм объекттердеги ташуучуларга, жалдануучуларга кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарын аныктайт. (2-бөлүк)
75. Бир эле мыйзамдын (кодекстин) ичиндеги түзүмдүк элементтерге берилген шилтемелер тиешелүү жөндөмөдөгү "ушул" деген сөздү пайдалануу менен жол-жоболоштурулат.
Мисалдар:
ушул Мыйзамдын 3-главасында камтылган...;
ушул главанын жоболоруна байланыштуу...;
ушул Кодекстин 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык...;
ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык...;
ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун "а" пунктчасы менен жөнгө салынат;
Ушул главанын 2-параграфында камтылган;
ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.
76. Мыйзамдардагы шилтемелер жогорку же бирдей юридикалык күчү бар мыйзамдарга жасалышы мүмкүн. Юридикалык күчү төмөн турган ченемдик укуктук актыга (мисалы, мыйзамда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкреттүү токтомуна шилтеме жасоо) шилтеме жасоого жол берилбейт.
77. Мыйзам долбоорундагы бланкеттик аныктамалар төмөнкүлөргө шилтеме кылат:
1) мыйзам чыгаруу тармагына (мисалы, "жарандык мыйзамдарда каралган тартипте");
2) мыйзам чыгаруу актынын түрүнө (мисалы, конституциялык мыйзам, мыйзам, кодекс менен жөнгө салынат);
3) жөнгө салуу тармагына (мисалы, "жер казнасын пайдалануу тармагындагы мыйзам менен жөнгө салынат" же "лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы мыйзам менен жөнгө салынат");
4) айрым тийиштүү эрежелерге (мисалы, "жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча").
78. Толугу менен мыйзамдарга бланкеттик шилтемелер жасоого жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
79. Мыйзам долбоорунун текстинде өз кезегинде шилтеме болуп саналган башка мыйзамдардын ченемдик аныктамаларына шилтеме жасоого жол берилбейт.
80. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Нускама күчүнө киргенге чейин, көрсөтүлгөн Мыйзам жана Нускама өзгөртүүсүз же ушул мыйзамдардын мазмунун жана формасын бузбаган бөлүгүндө колдонулат.
Ушундай мыйзамдардын түзүмдүк элементтерине шилтеме жасоодо, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана алардын түзүмдүк элементтерин күчүн жоготту деп таанууда ушул мыйзамдарда пайдалануучу түзүмдүк элементтердин белгилерин колдонуу керек.
4-глава. Мыйзамдарды жарыялоонун расмий булактарын көрсөтүү тартиби
81. "Эркин Тоо" газетасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий веб-сайты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын жана мыйзамдарын расмий жарыялоонун булактары болуп саналат.
82. Эгерде мыйзамга өзгөртүү киргизилсе же күчүн жоготту деп таанылса, анда мыйзамдын аталышынан кийин кашанын ичинде анын расмий жарыяланган булагы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Мисал:
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо газетасы, 2010-жылдын 26-февралы № 117) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
же
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
83. "Эркин Тоо" гезитинин же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысынын бир нече номурунда ири көлөмдөгү мыйзам актысынын текстин жарыялоодо жарыялоонун расмий булагы катары мыйзам актысынын тексти жарыяланган басылмалардын бардык санын номурлары жана даталары көрсөтүлөт.
Мисал:
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин Тоо газетасы, 2010-жылдын 26-февралы, № 117, 2010-жылдын 1-мартындагы № 25) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
же
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 981-ст.; 2006-ж., № 12, 900-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин;
5-глава. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү
84. Мыйзамдарды өркүндөтүү жана жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык келтирүү, бир эле маселелер боюнча укуктук ченемдердин көптүгүн, кенемтелерди жана коллизияларды жоюу максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору даярдалат.
85. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) сөздөрдү, цифраларды алмаштыруу;
2) сөздөрдү, цифраларды, сүйлөмдөрдү алып салуу;
3) түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таануу;
4) түзүмдүк элементтеринин жаңы редакциясы;
5) түзүмдүк элементтеринин жаңы сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр менен толуктоо;
6) мыйзамды жаңы түзүмдүк элементтери менен толуктоо.
86. Мыйзам долбоорунун текстинде сөздөрдүн, цифралардын алмаштырылуусу, сөздөрдүн, цифралардын жана сүйлөмдөрдүн алып салынуусу, түзүмдүк элементтердин күчүн жоготту деп таануусу, түзүмдүк элементинин жаңы редакциясы, түзүмдүк элементтин жаңы сөздөр, цифралар жана сүйлөмдөр же болбосо түзүмдүк элементтер менен толукталгандыгына карабастан, мыйзам долбоорунун аталышы тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "өзгөртүү" деген сөздү камтууга тийиш жана төмөнкүдөй жол-жоболоштурулат.
Мисалдар:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Эгерде берене эки же андан көп өзгөртүүлөрдү камтыса, анда ушундай эле эреже ар бир берененин биринчи абзацына карата колдонулат.
Мисал:
1-берене
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"...";
2. 2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"...";
3. 5-берененин 2-бөлүгүндөгү "..." деген сөз алып салынсын.
87. Жогорку Кеңешинин кароосуна жаңы укуктук жөнгө салууну белгилөөчү мыйзам долбоорлору менен бир мезгилде өзгөртүүгө жаткан мыйзам же алардын түзүмдүк элементтери жөнүндө өз алдынча мыйзам долбоорлорун (мыйзам долбоорлорунун пакетин) киргизүү зарыл. Жаңы укуктук жөнгө салууну белгилөөчү мыйзам долбоорлорунда мыйзам долбоорлоруна же алардын түзүмдүк элементтерине өзгөртүүлөр киргизүүнү камтыган беренелердин болушуна жол берилбейт.
88. Бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү бир мыйзам долбоору менен жол-жоболоштурулуусу мүмкүн, анда ар бир мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр өз алдынча беренелер менен жол-жоболоштурулат.
Конституциялык мыйзамга жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болгон учурда өзгөртүүлөр өз алдынча мыйзам долбоорлору менен жол-жоболоштурулат.
Мисалдар:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине)"
1-берене
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"балдарга кошумча билим берүү - жалпы билим берүү жана башка билим берүү уюмдарында окуудан бош мезгилинде базалык билим берүүдөн тышкары кошумча программаларды өздөштүрүү аркылуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кесипти эркин тандоосуна жана алардын кызыкчылыктарын, руханий талаптарын жана муктаждыктарын толугураак канааттандырууга негизделген мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тутумунун өзгөчө бөлүгү";
2) 3-статьянын 1-бөлүгү "социалдык жана мүлк абалына," деген сөздөрдөн кийин "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгенине," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 15-августундагы № 60) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-беренесинин 2-пунктундагы "бала төрөлгөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде" деген сөздөр алынып салынсын.
же
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"балдарга кошумча билим берүү - жалпы билим берүү жана башка билим берүү уюмдарында окуудан бош мезгилинде базалык билим берүүдөн тышкары кошумча программаларды өздөштүрүү аркылуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кесипти эркин тандоосуна жана алардын кызыкчылыктарын, руханий талаптарын жана муктаждыктарын толугураак канааттандырууга негизделген мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тутумунун өзгөчө бөлүгү".
2) 15-статьяда:
2-бөлүктө "эрте бала курагы" деген сөздөр "мектепке чейинки куракта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктө "эрте бала куракта" деген сөздөр "мектепке чейин куракта" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
же
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
1-берене
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган," деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:
1) үчүнчү абзац "медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөрдөн кийин "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна" деген сөздөр менен толукталсын;
2) алтынчы абзац "медициналык камсыздандыруу фондунун" деген сөздөрдөн кийин "жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун" деген сөздөр менен толукталсын;
2-берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) 10-статья төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоо;";
2) 17-статьянын 1-бөлүгүндө "актыларга ылайык" деген сөздөрдөн кийин "камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоого байланышкан, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын.
89. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун текстинде милдеттүү түрдө мыйзамдын аталышы жана түрү, ошондой эле анын расмий жарыяланышынын тиешелүү булактары милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
Мисал:
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-жыл, № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
90. Бир эле убакытта мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде жана анын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанылганда өзгөртүү киргизүү жөнүндө жана анын күчүн жоготкондугу жөнүндө жоболор бир эле беренеде жайгаштырылышы мүмкүн. Мында киргизилүүчү өзгөртүүлөр менен күчүн жоготту деп таануу ырааты менен баяндалууга тийиш.
Мисал:
1-берене
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз. Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда "..." деген сөздөр "..." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-статьянын 1-бөлүгү "..." деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-статьянын 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "..." деген сөздөр алып салынсын;
4) 4-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. ...";
6) 6-статьядагы "..." деген сөздөр "..." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
91. Эгерде өзгөртүүгө жаткан мыйзам жаңы редакцияда толук берилсе, анда анын түрү жана аталышы баяндалат. Өзгөртүүгө жаткан мыйзам жаңы редакцияда баяндалса, мыйзамдын реквизиттери көрсөтүлбөйт.
Туура мисал:
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 49-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Туура эмес мисал:
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясындагы ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 21-апрелиндеги, № 34) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-жыл, № 92, 49-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
92. Өзгөртүүлөр дайыма негизги мыйзамга гана киргизилет.
Негизги мыйзамга аны өзгөртүүчү мыйзамга өзгөртүүнү киргизүү жолу менен өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
93. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тиешелүү текст тырмакчага алынат.
Мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр ага өзгөртүүлөр киргизилүүчү түзүмдүк элементтерди көрсөтүү менен ырааттуу баяндалат.
Ар кандай мыйзамдар менен кабыл алынган бир нече бөлүктөн турган кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө милдеттүү түрдө өзгөртүүлөр киргизилген бөлүк көрсөтүлөт.
Мисал:
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 49, 45-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
94. Мыйзамды тиешелүүлүгүнө жараша главалардын, бөлүмдөрдүн кошулган жеринде берене, глава, бөлүм менен толуктоодо мыйзамдын тиешелүү главасына, бөлүмүнө шилтеме жасалып, толукталган берененин, главанын, бөлүмдүн орун алган жери так көрсөтүлөт.
Мисалдар:
"... жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, ...-ж., № ..., ...-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
1-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 14-1-берене менен толукталсын:
же
"... жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, ...-ж., № ..., ...-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 2-1-глава менен толукталсын:
95. Мыйзамга жалпылаштырылган түрдө өзгөртүүлөрдү (анын ичинде "мыйзамдын бүткүл тексти боюнча" деген туюндурманы пайдалануу менен сөздөрдү алмаштырууга) киргизүүгө жол берилбейт.
Жалпы эреже боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзамдын түзүмдүк элементин көрсөтүү менен ар бир өзгөртүү өзүнчө жол-жоболоштурууга тийиш.
Мыйзамдын бир беренесине же анын түзүмдүк элементине гана жалпылаштырылган түрдө өзгөртүүнү киргизүү болушу мүмкүн. Эгерде ушул беренеге же анын түзүмдүк элементине башка өзгөртүүлөр киргизилбесе, ал эми алмаштырылуучу сөз же сөздөр бардык жерде бир жөндөмөдө жана санда колдонулса, анда ушундай өзгөртүү төмөнкүдөй жол менен жол-жоболоштурулат:
Мисалдар:
"10-беренедеги "..." деген сөздөр "..." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
же
"10-беренедеги "..." деген сөздөр "..." деген сөздөр менен толукталсын.
96. Эгерде мыйзамдын беренесинде бир нече учурларда сөздү же сөздөрдү алмаштырууга туура келсе жана алмаштырылуучу сөз же сөздөр ар кандай сандарда жана жөндөмөлөрдө же болбосо ошол эле санда, бирок ар кандай жөндөмөлөрдө пайдаланылса, ал эми башка өзгөртүүлөр бул беренеге же анын түзүмдүк элементтерине киргизилбесе, анда төмөнкүдөй туюнтма колдонулат:
Мисалдар:
Мыйзамдын 10-беренесинде "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандарда "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
же
Мыйзамдын 10-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "камкорчу жана көзөмөлчү органы", "камкорчу жана көзөмөлчү органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы", "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
97. Эгерде берененин текстинде же анын түзүмдүк элементинде бир эле алмаштырылуучу сөз же сөздөр ар кандай сандар жана жөндөмөлөр формаларында болсо; баш же кичине тамга менен башталса; алардан кийин (алардын астында) белгилүү тыныш белгисин коюу же алып салуу талап кылынса ж.б., анда ар бир каралуучу өзгөртүү өзгөртүлүүчү мыйзамдын конкреттүү контексти менен макулдашылууга тийиш.
Мында, ар бир өзгөртүү конкреттүү түзүмдүк элементти көрсөтүү менен бирге өзүнчө жол-жоболоштурулууга тийиш.
Мисалдар:
"4-берененин бардык тексти боюнча:
"Коргоо министирлигинин", Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин" "Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин,", "Кыргыз Республикасынын Коргоо министирлигинин." деген сөздөр "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган," жана "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министри" жана "коргоо министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын башчысы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
же
"4-берененин бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандар формаларындагы ", шайлоочулар тобу", "же шайлоочулар топтору" жана "же шайлоочулар тобу" деген сөздөр алып салынсын.
же
"2-берененин бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандар формаларындагы "Электр байланыш кызматы", "электр байланыш кызматы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү", "электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
98. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө адегенде кайсы түзүмдүк элементи өзгөртүлүп жана (же) толукталып жаткандыгы, андан кийин өзгөртүүлөрдүн мүнөзү көрсөтүлөт. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү негизги түзүмдүк элементинен баштап жол-жоболоштуруу керек.
Мисалдар:
7-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "...".
же
7-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "в" пунктчасында "..." деген сөздөр "..." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
99. Беренеге, анын бөлүгүнө, пунктуна, пунктчасына, абзацына толуктоолор киргизүүдө бул толуктоо жалгашууга тийиш болгон сөздөр көрсөтүлөт.
Мисал:
1-берене "..." деген сөздөрдөн кийин "..." деген сөздөр менен толукталсын.
100. Эгерде мыйзамдын беренесинин түзүмдүк элементи сөздөр менен толукталса, жана ал толуктоо ошол түзүмдүк элементтин аягында турууга тийиш болсо, анда төмөнкүдөй туюнтма колдонулат:
Мисал:
1-берененин 1-пункту "..." деген сөздөр менен толукталсын.
Мында толукталган түзүмдүк элементтин аягында колдонулуучу тыныш белгиси ага киргизилген толуктоодон кийин көрсөтүлбөстөн сакталат.
101. Мыйзамдын беренесинин ар түрдүү түзүмдүк элементтерине бир нече өзгөртүүлөр киргизүү төмөнкүдөй жол менен жол-жоболоштурулат:
Мисал:
"... жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, ...-ж., № ..., ...-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
1-бөлүгүндө "..." деген сөздөр "..." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүк "..." деген сөздөрдөн кийин "..." деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункту менен толукталсын:
"7) ...;";
4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "...".
102. Мыйзамдын беренеси тиешелүүлүгүнө жараша берененин, пункттун же пунктчанын аягында жайгаштырууга зарыл болгон бөлүктөр, пункттар же пунктчалар менен толуктоодо толукталып жаткан бөлүктөрдүн, пункттардын же пунктчалардын иреттик номуру милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
Мисалдар:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. ...";
же
6-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) ...".
же
7-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "д" пунктчасы менен толукталсын:
"д) ...".
Мындай учурларда зарыл болгон тыныш белгисин алмаштыруу ошол редакциясын даярдоодо жүзөгө ашырылат (мыйзам долбоорунун текстинде эскертилбестен).
103. Абзацты күчүн жоготту деп таанууда кийинки келген абзацтарга кайра эсеп жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон абзац ошол түзүмдүк элементине кийинки өзгөрүүлөрдү киргизүүдө абзацтарды эсепке алууда катышат.
Мисал:
68-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу
1. Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет: (1-бөлүктүн биринчи абзацы)
салык милдеттенмеси талаптагыдай аткарылганда жана салык калдыгы, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары төлөнгөндө; (1-бөлүктүн экинчи абзацы)
ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өткөндө; (1-бөлүктүн үчүнчү абзацы)
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (1-бөлүктүн төртүнчү абзацы)
укук улантуучусу же мураскери болбогон жеке жак өлгөндө; (1-бөлүктүн бешинчи абзацы)
104. Мыйзамдын жаңы редакциясына жалпысынан жол берилбейт.
Өзгөчө тартипте, мурда колдонуудагы мыйзам күчүн жоготту деп таануу менен бир убакытта мыйзамдын жаңы редакциясы төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат, эгерде:
1) мыйзамдын маңызы боюнча кайра иштеп чыгууну талап кылган жана анын айрым түзүмдүк элементтеринин жаңы редакциясы менен чектөөгө жол бербеген өзгөртүүлөрдү мыйзамга киргизүү зарыл болсо;
2) колдонуудагы мыйзамдын редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн саны мыйзамдын текстинин жарымынан ашык болсо;
3) айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү баяндоого же кабыл алууга техникалык жактан татаал болсо.
105. Мыйзамдын түзүмдүк элементи төмөнкүдөй учурларда жаңы редакцияда баяндалат, эгерде:
1) ошол түзүмдүк элементине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болсо;
2) түзүмдүк элементинин текстине бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилсе;
3) колдонуудагы мыйзамдын редакциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн саны мыйзамдын текстинин жарымынан ашык болсо:
4) айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү баяндоого же кабыл алууга техникалык жактан татаал болсо;
5) мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүмдүк элементтердин тексттеринин аутенттүүлүгүн (тексттердин мааниси боюнча дал келгендигин) камсыз кылуу зарыл болсо.
106. Мыйзамдын түзүмдүк элементин жаңы редакцияда баяндоо ошол түзүмдүк элементинин арадагы редакцияларынын баарын күчүн жоготту деп таануу үчүн негиз болуп саналбайт.
107. Жаңы редакцияда мыйзамдын түзүмдүк элементин баяндоо зарылчылыгы болгон учурда төмөнкүдөй жол-жоболоштуруу колдонулат:
Мисал:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
83-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
83-берене. Салык кызматы органынын чечимин салык төлөөчүгө тапшыруу
1. Чечим тапшырылган болуп эсептелет, эгерде ал:
1) салык төлөөчүнүн экономикалык иштерди жүзөгө ашырган акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасындагы анын акыркы катталган дареги боюнча же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жекече кол койдуруу же анын алынган фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеткирилсе;
2) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө салык органында жекече кол койдуруу менен берилсе ...".
108. Жаңы редакцияда баяндоо менен тиркемеге өзгөртүү киргизүү зарыл болгондо, тиркеменин жаңы редакциясынын тексти ага тиркеме болуп саналбастан, өзгөртүлүп жаткан мыйзамдын текстине киргизилет.
Мисалдар:
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын, 1-майындагы, № 39) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
 
 
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын топтоштурулган бюджетинин болжолу"
же
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1998-жылдын 23-сентябрындагы, № 143-150) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Устав гарнизондук жана кароол кызматтарынын багытталышын, уюштуруу жана өтөө тартибин, гарнизондун кызмат адамдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле аскерлердин катышуусу менен гарнизондук иш-чараларды өткөрүүнү жөнгө салат.
2) 14-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
 
 
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
14-тиркеме
Гауптвахталар жөнүндө
1. Ушул тиркеменин 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда изоляция шарттарында кармоо үчүн атайын жабдылган жай гауптвахта деп аталат. Гауптвахта гарнизондук же аскердик болушу мүмкүн."
109. Цифралык белгилерди алмаштыруу зарыл болгондо, "сандар" эмес, "цифралар" деген термин пайдаланылат.
Туура киргизүүнүн мисалдары:
"12, 14, 125" деген цифралар "13, 15, 126" деген цифраларга алмаштырылсын;
"35" деген цифралар "45" деген цифраларга алмаштырылсын;
Туура эмес киргизүүнүн мисалдары:
"11" деген сандар "22" деген сандарга алмаштырылсын;
"10, 20, 30" деген сандар "20, 30, 40" деген сандарга алмаштырылсын.
110. Сөздөрдү жана цифраларды алмаштыруу зарыл болгондо "сөздөр" деген термин колдонулат.
Мисалдар:
"50 эсе" деген сөздөр "100 эсе" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"1995-жылы" деген сөздөр "1996-жылы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"50 эсептешүү көрсөткүчтөр" деген сөздөр "100 эсептешүү көрсөткүчтөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"33," деген сөздөр "44," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
111. Эгерде мыйзам долбоорунда мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө беренелер менен бир убакытта күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзамдардын тизмеги болгон берене камтылса, анда мындай берененин болушу мыйзам долбоорунун аталышында милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
Мисал:
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таанууну кабыл алуу жөнүндө"
6-глава. Күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзамдардын тизмеги
112. Мыйзамдарды кайрадан кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү, бир эле маселе боюнча укуктук ченемдеринин көптүгүн, коллизияларды жокко чыгаруу үчүн мыйзамдардын (анын түзүмдүк элементтеринин) күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоорлору даярдалат.
113. Бир нече мыйзамдардын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоорунун аталышы ошол мыйзамдардын аталыштарын (үчтөн ашык эмес) же айрым мыйзамдардын күчүн жоготту деп таанууга көрсөтмөнү камтууга тийиш.
Мисалдар:
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"
же
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"
114. Күчүн жоготту деп таанууга жаткан мыйзамдардын тизмегине төмөнкүлөр кирет:
1) толугу менен күчүн жоготту деп таанууга жаткан мыйзамдар. Мында мыйзам айрым позициялар менен мурда ошол структуралык элементтердин текстине киргизилген мыйзам сыяктуу мыйзамдын структуралык элементтери көрсөтүлөт.
Мисалдар:
Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы, № 34 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-жыл, № 7, 101-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы, № 57 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-жыл, № 1, 455-бер.);
2) жарым-жартылай күчүн жоготту деп таанууга жаткан мыйзамдар. Мында, мыйзам айрым позициялар менен мурда ошол структуралык элементтердин текстине киргизилген мыйзам сыяктуу мыйзамдын структуралык элементтери көрсөтүлөт;
Мисал:
күчүн жоготту деп таанылсын:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 7-декабрындагы, № 98 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 12, 537-бер.)
3) өзгөчө учурларда гана ажырагыс бөлүгүндө күчүн жоготкон (эгерде өз алдынча түзүмдүк элементине бөлүнбөгөн бөлүгү деп белгиленсе) мыйзамдар (же алардын түзүмдүк элементтери).
Мисалдар:
Борборлоштурулган насыялар жана заемщик-уюмдарга түшүүчү пайыздар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызына кайрадан жол-жоболоштурулган мамлекеттик бюджетке карыздарды төлөө мөөнөтү бөлүгүндөгү "2008-жылга республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 26-мартындагы, № 42 Мыйзамынын 71-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 13, 146-бер.)
же
жазык сот ишин жүргүзүү бөлүгүнө тиешелүү "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 2-январындагы, № 37 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000, № 2, 158-бер.)
115. Күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзамдардын тизмеси, төмөндөгүдөй түрдө жол-жоболоштурулушу мүмкүн:
1) жаңы укуктук жөнгө салууну белгилеген мыйзам долбоорунда өз алдынча берене;
2) айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айрым мыйзамдар күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоорунун өз алдынча беренесинде же беренелеринде;
3) өз алдынча мыйзам долбоорунда.
Ошол эле мыйзамдын түзүмдүк элементтери күчүн жоготту деп таанууну жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бир мезгилде жол-жоболоштуруу ушул Нускаманын 86 жана 88-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
116. Күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзамдардын тизмеги юридикалык жактан негизделген жана толук болууга тийиш.
117. Ар бир мыйзамды күчүн жоготту деп таанууга жатуучу мыйзамдардын тизмегине киргизүүдө реквизиттер төмөнкүдөй ырааттуулукта көрсөтүлүүгө тийиш: мыйзамдын түрү жана аталышы, кол коюу датасы, каттоо номуру (эгерде бар болсо), ошондой эле анын расмий жарыялоо булагы.
118. Колдонуу мөөнөтү чектелген мыйзамдар мөөнөтү өткөндөн кийин күчүн жоготту деп таанууну талап кылбайт.
119. Негизги мыйзамга ар кайсы мезгилде өзгөртүүлөр киргизилген бардык мыйзамдарды (алардын түзүмдүк элементтери) эсепке алуусуз күчүн жоготту деп таанууга жол берилбейт.
Туура эмес баяндоо:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин жана ага өзгөртүүлөрдү киргизген бардык мыйзамдарды күчүн жоготту деп таанылсын.
Мындай учурда ар бир мыйзам күчүн жоготту деп таанууга жатуучу мыйзамдардын тизмегине айрым түзүмдүк элемент түрүндө киргизилет. Мындай тизмекте камтылган мыйзамдардын ырааттуулук номерлери болушу мүмкүн. Мында, алар пункттар деп эсептелет жана тегерек кашаа менен жабылуучу араб цифралары менен номурланат.
Туура баяндоо:
Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 2-мартындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-жыл, № 7, 101-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 17-июнундагы № 57 Мыйзамы, (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 11, 455-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, № 12, 537-ст.).
120. Күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзамдар тизмекте хронологиялык тартипте (аларга кол коюлган дата боюнча) жайгаштырылат. Кол коюунун бирдей датасынын чегиндеги мыйзам улам жогорулаган тартипте алардын каттоо номурларына ылайык жайгаштырылат.
Мисалдар:
Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Майрам күндөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 852-XII Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1992-ж., № 4/2, 190-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын сот түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын 1992-жылдын 3-июлундагы № 958-XII Мыйзамы ("Свободные горы" газетасы, 1992-жылдын 18-августундагы, № 101);
3) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы, № 1217-ХII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1993-ж., № 6, 166-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1501-XII Мыйзамынын VIII бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 5, 165-ст.).
121. Зарыл болгондо күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзамдардын бир тизмегинде ар кандай даталарды белгилөө керек, алардан тартып мыйзамдар күчүн жоготту деп таанылат, тизмек күчүн жоготкон күнгө ылайык түзүлүүчү структуралык элементтерге бөлүнөт.
Мисал:
1-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын:
"Машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү жөнүндө" жалпы техникалык регламент жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-декабрындагы № 280 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 10, 1108-бер.).
2-берене
Бажы бирлигинин тиешелүү техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы, № 178 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 495-бер.);
"Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча жалпы техникалык регламент" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2285-бер.).
122. Эгерде мыйзамда калгандарынын баары күчүн жоготкондон кийин бир түзүмдүк элемент калса жана ал күчүн жоготту деп таанылууга жатса, анда мыйзам толугу менен күчүн жоготту деп таанууга тийиш.
123. Эгерде мыйзамда алар менен мурда чыгарылган мыйзамдар күчүн жоготту деп таанылган беренелер болсо, анда бул мыйзам күчүн жоготту деп таануу зарыл болгондо, ал өзүндө мындай беренелердин бар экендигине карабастан толугу менен күчүн жоготту деп таанылат.
124. Эгерде күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу берене же анын түзүмдүк элементи күчүн жоготууга жаткан тиркемеге көрсөтмөнү камтыса, анда күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзамдардын тизмегине тиркемени көрсөтпөстөн ошол берене же анын түзүмдүк элементи гана киргизилет.
125. Эгерде мыйзамдын беренесинде же анын түзүмдүк элементинде тиркемени бекитүү менен катар өз маанисин сактап калган башка маселелерге тиешелүү көрсөтмөлөр камтылса, ал эми тиркеме толугу менен күчүн жоготту деп таанылууга жатса, анда күчүн жоготту деп таанылууга жаткан мыйзамдардын тизмегине тиркемеге тиешелүү болгон бөлүгүндөгү берене же анын түзүмдүк элементи киргизилет.
126. Эгерде тиркеме толугу менен күчүн жоготту деп таанууга мүмкүн болбосо, анда күчүн жоготту деп таанылууга жатуучу мыйзамдардын тизмегине тиркеменин түзүмдүк элементтери гана киргизилет.
Мисал:
"Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин Тоо" газетасы, 2012-жылдын 1-майындагы № 39) 3-тиркемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
127. Кабыл алынган мыйзамдын (конституциялык мыйзамдын, кодекстин же мыйзамдын) акыркы тексти басмаканалык ык менен даярдалган атайын бланкага кара түстөгү боёкту пайдалануу менен ачык жана тегиз басылууга тийиш.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы