27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти


 
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 10-июнундагы
N 341 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
РЕГЛАМЕНТИ
 
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы N 561, 2013-жылдын 21-октябрындагы N 575, 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641, 2015-жылдын 13-февралындагы № 61, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2017-жылдын 15-мартындагы № 159, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 664, 2018-жылдын 15-январындагы № 21, 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча ишин уюштуруу эрежелерин белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
3. Өкмөт ага баш ийген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда жетектейт.
4. Өкмөт Кыргыз Республикасында аткаруучу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумун түзүүчү жана ага Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан берилген ыйгарым укуктарына кирген маселелерди чечүүчү коллегиялуу орган болот.
5. Өкмөттүн иши мыйзамдуулук, коллегиялуулук, маалымдуулук жана ачыктык, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо, өз иши үчүн жоопкерчилик принциптерине негизделет жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
6. Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) аныктайт.
7. Премьер-министр Өкмөттү жетектейт, ишин камсыз кылат жана уюштурат, Өкмөттүн жыйындарын башкарат, Өкмөт мүчөлөрүнө, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берет, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Өкмөттүн чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунда көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу боюнча иштерин контролдойт жана жасалган иштери жөнүндө отчетторун сурайт жана угат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын уюштурат, алардын аткарылышын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын системалуу контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушун жоюу боюнча чараларды көрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын контролдоо максатында өзүнүн жыйындарында министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген бөлүгүндөгү отчетторун жана маалыматтарын угат, аталган органдардын ишине баа берет, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын актыларын жокко чыгаруу же колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын жана аларды аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгат, ошондой эле өзүнүн мыйзам долбоорлоо ишин, жыйындардын өткөрүлүшүн жана башка иш-чараларды пландаштырат.
11. Өкмөттүн мүчөлөрү өз иштерин Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) өткөрүүчү иш-чараларга, Өкмөттүн жыйындарына, Өкмөт түзүүчү координациялык жана кеңешүүчү органдарга, ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрү үчүн милдеттүү болгон пландуу иш-чараларга катышуу зарылдыгын эске алуу менен пландаштырышат.
12. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлүк командировкалары (Өкмөттүн чечими боюнча расмий делегациянын курамында барган учурларды кошпогондо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн пикирин эске алуу менен, тейлеген вице-премьер-министрдин макулдугу боюнча Премьер-министрдин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Статс-катчылардын, министрлердин орун басарларынын, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин чет өлкөлүк командировкалары (Өкмөттүн чечими боюнча расмий делегациянын курамында барган учурларды кошпогондо) Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн пикирин эске алуу менен, тейлеген вице-премьер-министр же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр (мындан ары - Аппарат жетекчиси) ал жок учурда анын орун басарлары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын жана облус борборлору болуп эсептелген шаарлардын мэрлери ишенип берген аймактын чегинен тышкары Премьер-министрдин ал жок учурда Аппарат жетекчинин макулдугу менен барышат.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек, Ош шаарларынын жана облус борборлору болуп эсептелген шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын статс-катчылары чет өлкөгө командировкага баруу жөнүндө уруксат алгандан кийин алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык командировка жөнүндө чет өлкөгө жөнөп кетүүчү күнгө чейин 14 календарлык күндө сунуштардын, ошондой эле чыгып сүйлөөлөр пландалса, сүйлөнүүчү сөздөрдүн долбоорлорун тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (мындан ары - Тышкы иштер министрлиги) алдын ала кабарлашат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын статс-катчыларынын чет өлкөлүк сапарларынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат алар кайтып келгенден кийин 7 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратына, ал эми Тышкы иштер министрлигине - чет өлкөлүк кызматтык командировкалардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле башка эл аралык иш-чараларга катышкандыгы жөнүндө отчеттор алар кайтып келгенден кийин 14 жумушчу күндүн ичинде берилет.
Алдыдагы чет өлкөлүк кызматтык командировка жөнүндө кабарлоо кеч келип түшкөн учурда, эгерде чыгып сүйлөөлөр пландалса, сүйлөнүүчү сөздөрдүн долбоорлорун тиркөө менен Тышкы иштер министрлигине шашылыш түрдө маалымдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12-1. Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин, анын ичинде Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн өргүүгө чыгуусу өргүү башталганга чейин 10 жумуш күнүнөн кеч эмес жазуу жүзүндө Премьер-министр, ошондой эле тейлөөчү вице-премьер-министр менен макулдашылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Өкмөттүн кароосуна берилген документтер, ошондой эле алар боюнча кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарыяланганга чейин кызматтык маалыматты камтыган материал болуп эсептелет.
14. Жашырын маалыматты, кызматтык пайдалануу үчүн маалыматты камтыган документтер менен иштөө Өкмөт аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
2. Өкмөттүн ишин пландоо жана уюштуруу тартиби
§1. Өкмөттүн жыйындары
15. Өкмөттүн кезектүү жыйындары бекитилген планга ылайык, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Өкмөттүн жыйындарында маселелерди кароо кварталга пландаштырылат. Өкмөттүн кезектеги мезгилге карата жыйындарынын планы өзүнө Өкмөттүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмесин камтыйт, анда ар бир маселе боюнча аны кароочу күн жана маселени даярдоо үчүн жооптуу аткаруучу бийлик органы көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Аткаруучу бийлик органдары кезектеги квартал башталганга чейин 1 айдан кем эмес мурдатан Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн жыйынында каралууга тийиш болгон маселелер жөнүндө сунуштарын кароочу күндү көрсөтүү менен, тийиштүү материалдары, ошондой эле аларды кароонун зарылдыгын негиздөө менен беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Ушул Регламенттин 16-пунктунда аталган сунуштардын негизинде Өкмөттүн Аппараты кезектеги мезгилден мурунку айдын биринчи жарымынын ичинде Өкмөттүн кезектеги кварталга карата жыйындарынын планынын долбоорун түзөт.
Өкмөттүн жыйындарынын планынын долбоору Премьер-министрдин буйругу менен бекитилет. Бекитилген планды өзгөртүү, маселелерди пландан чыгаруу жөнүндө чечимди Премьер-министр өзү же аткаруучу бийлик органынын жетекчисинин сунушу боюнча чыгарат.
Өкмөттүн кезексиз жыйындарын өткөрүү, ошондой эле Өкмөттүн кезектеги жыйынында кошумча (пландан тышкаркы) маселелерди кароо ушул Регламенттин 33-пунктунда каралган тартипте ишке ашырылат.
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Аткаруу бийлигинин органдары кезектеги мезгилге Өкмөттүн жыйындарынын бекитилген планын алгандан кийин 7 иш күндүн ичинде аткаруу бийлигинин органдарынын аткаруучу кызматкерлерин көрсөтүү менен конкреттүү иш-аракеттерди жана мөөнөттөрдү караштырган Өкмөттүн чечиминин долбоорун даярдоонун кадамдык планын иштеп чыгат жана бул маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик органдын статс-катчысынын же жетекчисинин орун басарынын колу менен Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү бөлүмүнө берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2018-жылдын 15-январындагы № 21, 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Өкмөттүн жыйындарында кароо үчүн тийиштүү материалдарды даярдоо тапшырылган аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери алардын сапаты жана өз убагында тапшырылышы үчүн жеке жооптуу болушат. Өкмөттүн жыйындарынын планына киргизилген маселелер боюнча материалдар планда аныкталган кароо датасына чейин 14 күндөн кем эмес мезгилде, ушул Регламенттин 3-главасында белгиленген тартипте Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшүнө берилет.
19. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Өкмөттүн жыйынынын күн тартибинин долбоору Өкмөттүн Аппараты тарабынан жыйынга чейин 5 күн мурда түзүлөт жана тийиштүү материалдар менен Премьер-министрге берилет.
Премьер-министр жактырган жыйындын күн тартибинин жана тийиштүү материалдарынын долбоорлору Өкмөт мүчөлөрүнө жана жыйындын калган катышуучуларына жыйын өткөрүлө турган датага чейин 1 күндөн кечиктирбестен электрондук почта аркылуу жиберилет.
Өкмөттүн жыйынынын күн тартиби түздөн-түз жыйында бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Өкмөттүн жыйынынын катышуучуларын каттоо жана каттоону уюштуруу Өкмөттүн Аппаратынын жыйындарды уюштуруу жагынан камсыздоо маселелери компетенциясына кирген тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшү тарабынан ишке ашырылат.
22. Өкмөттүн жыйыны ага мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу деп эсептелет.
Өкмөттүн жыйынында маселелер Өкмөт мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун, каралуучу маселе тейлеген чөйрөсүнө кирген аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетекчилеринин же алардын милдеттерин аткаруучу адамдардын милдеттүү катышуусу менен каралат.
Өкмөттүн жыйындарына аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетекчилери жана кызмат адамдары, ошондой эле каралып жаткан маселеге тике тиешеси бар башка уюмдардын жетекчилери чакырылат. Өкмөттүн жыйынына чакырылуучу адамдардын курамын Өкмөттүн Аппараты каралуучу маселелерди даярдоо үчүн жооптуу министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын сунуштары боюнча аныктайт.
Өкмөттүн жыйынына ошондой эле Өкмөттүн Аппаратынын каралуучу маселелер боюнча материалдарды даярдаган кызматкерлери да чакырылат.
23. Өкмөттүн жыйынында Премьер-министр төрагалык кылат. Премьер-министр жокто төраганын милдетин биринчи вице-премьер-министр же вице-премьер-министр аткарат.
24. Өкмөттүн жыйынында анын күн тартибинин маселелери боюнча Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруучу бийликтин башка органдарынын жетекчилери же алардын милдетин аткаруучу адамдар сүйлөшөт.
Башкача кабыл алынбаса, Өкмөттүн жыйынында баяндама үчүн убакыт 15 мүнөткө чейин, кошумча баяндамалар үчүн - 10 мүнөткө чейин, жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн - 5 мүнөткө чейин белгиленет.
25. Өкмөттүн жабык жыйындарын өткөрүүдө (айрым маселелерди жабык талкуулоодо) материалдарды даярдоо, жыйынга киргизүү, протоколдорду жана кабыл алынуучу актыларды тариздөө жашырындуулук документтер менен иштөөнүн белгиленген эрежесин жана жашырындык режимин сактоо менен ишке ашырылат.
26. Өкмөт Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга милдеттүү болгон токтомдорду жана буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыздайт.
Өкмөттүн жыйындарында Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Өкмөттүн ар бир мүчөсү жооптун бир гана вариантына ("макулмун", "каршымын") добуш берет.
Добуштар тең болуп калган учурда жыйынга төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Жыйында каралып жаткан маселе боюнча Өкмөт мүчөсүнүн өзгөчө пикири жыйындын протоколуна киргизилүүгө тийиш.
(5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
26-1. Өкмөттүн жыйындары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилеринин, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышуусу менен, алар тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болушкан шартта реалдуу убакыт режиминдеги видео-конференц-байланышты пайдалануу жолу менен өткөрүлсө болот.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Өкмөттүн Аппараты белгиленген тартипте:
- жалпыга маалымдоо каражаттарына Өкмөттүн жыйындарында каралууга тийиш болгон маселелер жана материалдар жөнүндө маалыматтарды берет;
- жыйын бүткөндөн кийин Өкмөт мүчөлөрүнүн жыйында каралган маселелер боюнча пресс-конференцияларын (брифингдерди) уюштурат, жыйында каралган маселелер жөнүндө жана ал маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жарандарга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат берүүнү камсыздайт.
28. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн Өкмөттүн жыйындарына катышуусу жана кино-, видео- жана фото сүрөткө тартуу Аппарат жетекчиси аныктаган тартипте уюштурулат.
29. Өкмөттүн Аппараты жыйындарда, анын ичинде жабык жыйындарда үн жазууну камсыздайт. Үн жазуу зарылдыгына жараша, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча стенографияланышы мүмкүн.
Өкмөттүн Аппараты жыйын өткөргөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн Аппаратынын ачык жыйынынын толук көлөмдөгү видео жана аудиожазмаларын Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына милдеттүү шилтеме берүү менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыялайт. Өкмөттүн жыйынынын видео же аудиожазмасын белгиленген мөөнөттө жарыялоого мүмкүн болбогон учурда Өкмөттүн Аппараты жазмалардын жарыялана турган мөөнөтү жөнүндө маалыматты жарыялайт.
Жабык жыйындардын жазмалары жашыруундук режимин сактоо менен Өкмөттө сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Кечиктирүүгө болбоочу айрым маселелер боюнча, ошондой эле Өкмөттүн жыйынында талкуулоо зарылдыгы жок маселелер боюнча ченемдик укуктук актыны Өкмөт жыйын өткөрбөстөн, ыкчам тартипте сурамжылоо жолу менен кабыл алат.
(2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Өкмөттүн жыйынында кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет. Өкмөттүн жыйынынын протоколун Өкмөттүн Аппараты жыйын бүткөндөн кийин үч иш күндөн кечиктирбестен тариздейт, ага жыйындын төрагасы кол коет жана Өкмөт мүчөлөрүнө, ошондой эле Өкмөттүн жыйынына катышкан жана/же протоколдо аталган органдарга, уюмдарга жана башка адамдарга жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Сунуштар жана сын-пикирлер айтылган Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын долбоорлорун, же жыйында каралган актыларды толуктап иштеп чыгуу зарыл болгон учурларда жыйынга төрагалык кылуучу министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына тапшырмаларды берет. Эгерде тапшырмада башкача каралбаса, толуктап иштеп чыгуу 5 иш күнгө чейинки мөөнөттө ишке ашырылат.
33. Премьер-министрдин же Премьер-министрдин макулдугу менен Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйыны чакырылышы же болбосо Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселелер киргизилиши мүмкүн.
Эгерде Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу же болбосо Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселени киргизүү жөнүндө чечим жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынса, анда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган 3 календардык күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкүлөрдү киргизет:
- мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдын жетекчиси же анын ордун алмаштыруучу адам виза койгон, коомдук талкуулоо жол-жоболорун өткөрүү, жөнгө салуучу таасирин талдоо шарттары сакталган (зарыл болгон учурда) чечимдин долбоорун;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын ордун алмаштыруучу адамдын колу коюлган чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр киргизилген учурда);
- жыйынтыктоочу таблицаны, анда бардык эске алынган же эске алынбаган сунуштар менен сын пикирлер (негиздемеси менен) көрсөтүлөт, ошондой эле долбоордун сын пикирлерсиз макулдашылганы белгиленет;
- электрондук алып жүрүүчүнү.
Чечимдин долбоору Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу маселелери боюнча - Тышкы иштер министрлигинин оң корутундусу болгон учурда гана Өкмөттүн Аппаратынын кароосуна киргизилет.
Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана жыйындын катышуучулары үчүн материалдарды түзөт жана жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 1 календарлык күндөн кечиктирбестен аларды жыйындын катышуучуларына жиберет.
Өкмөттүн киргизилүүчү чечиминин долбоорунун сапаты жана мазмуну (мамлекеттик жана расмий тилдерде) үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Кезектеги жыйынды өткөрүү, чечим кабыл алуу жана протоколду түзүү кезектеги жыйындар үчүн аныкталган тартипте ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
33-1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-4. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-6. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-7. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-8. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-9. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-10. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33-11. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§2. Координациялык жана кеңешүүчү органдар
34. Координациялык жана кеңешүүчү органдар экономика тармактарын же мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүн өнүктүрүү, Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана алар боюнча кайчы пикирлерди карап чыгуу менен байланышкан сунуштарды даярдоону камсыз кылуу үчүн, ошондой эле Өкмөттүн айрым тапшырмаларын аткаруу, Өкмөттүн же ага баш ийген органдардын кароосунда болгон маселелерди карап чыгуу үчүн Өкмөттүн же Премьер-министрдин чечими менен түзүлөт.
Координациялык жана кеңешүүчү органдарынын компетенциясы, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу тартиби алар жөнүндө жоболордо же аларды түзүү жөнүндө чечимдерде аныкталат.
35. Өкмөттүн ишин камсыздоо максатында координациялык жана кеңешүүчү органдар Өкмөттүн, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча же жеке демилгеси боюнча Аппарат жетекчисинин чечими менен түзүлүшү мүмкүн.
Айрым учурларда Өкмөттүн, Премьер-министрдин чечими боюнча координациялык жана кеңешүүчү органдар маселелери карала турган жана ал маселени чечүүгө тийиш болгон министрликтердин жана ведомстволордун биргелешкен чечими менен түзүлүшү мүмкүн.
36. Координациялык жана кенешүүчү органдар комиссиялар, уюштуруу комитеттери, кеңештер, жумушчу жана эксперттик топтор түрүндө түзүлөт.
37. Координациялык жана кеңешүүчү органдар өкүлчүлүктүк негизде түзүлөт. Координациялык жана кеңешме органдардын курамына алар чечүү үчүн түзүлгөн маселелерге жараша аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарынын өкүлдөрү киргизилет, ошондой эле координациялык органдарда кеңеш берүү укугуна ээ болгон мыйзам чыгаруу бийлиги органдарынын, илимий уюмдардын, коомдук жана диний уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
38. Координациялык жана кеңешүүчү органдарынын чечимдери жыйындардын протоколдору менен таризделет жана мыйзамда башкача каралбаса, сунуштама мүнөзгө ээ болот.
Координациялык жана кеңешүүчү органдардын чечимдерин аткаруу чечимдерде чагылдырылган маселелерди чечүү жүктөлгөн органдар тарабынан камсыз кылынат.
39. Эгерде жобосунда же түзүү жөнүндө чечимдерде башкача каралбаса, координациялык жана кеңешүүчү органдардын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоо аткаруу бийлигинин органына жүктөлөт, анын жетекчиси түзүлгөн органдын төрагасы болуп эсептелет.
40. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Өкмөттүн чечимдерин кабыл алуу тартиби
§1. Өкмөттүн чечимдеринин түрлөрү жана аларды киргизүү тартиби. Премьер-министрдин чечимдери
41. Өкмөт актыларды токтом жана буйрук түрүндө чыгарат. Укук ченемин камтыган Өкмөттүн актылары токтом түрүндө кабыл алынат, ал калган актылар буйрук түрүндө кабыл алынат.
Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына Премьер-министр, ал эми Премьер-министр жок учурда биринчи вице-премьер-министр же аны алмаштырган вице-премьер-министр кол коет.
Өкмөттүн токтомдору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте расмий жарыяланууга тийиш. Өкмөттүн буйруктары актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
42. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
43. Өкмөттө чечимдердин жана башка документтердин долбоорлорун кароонун натыйжалары Өкмөттүн тиешелүү чечимдери, Өкмөттүн, Премьер-министрдин, координациялык жана кеңешме органдарынын жыйындарынын протоколдору Премьер-министрдеги, вице-премьер-министрлердеги кеңешмелердин протоколдору же алар кол койгон башка документтер менен таризделет.
Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары, Өкмөттө өткөрүлгөн жыйындардын жана кеңешмелердин протоколдору, Өкмөттө каралган документтер боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин резолюциялары Өкмөттүн Аппараты тарабынан таризделет жана таркатылат.
44. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинде жана башка актыларда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин буйругу түрүндө жеке кабыл алынат.
45. Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары тарабынан киргизилиши мүмкүн. Премьер-министрдин чечими боюнча макулдашуу жол-жобосу милдеттүү болуп саналбайт.
45-1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан өз алдынча чечилүүчү маселелер боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдери кабыл алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
§2. Чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуунун тартиби
46. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу максатында иштелип чыгат.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Өкмөттүн Аппаратынын тапшырмасы, Юстиция министрлигинин сунушу же болбосо өзүнүн демилгеси боюнча ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыгат.
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына толук шайкештиги;
- маселенин мыйзамдык жөнгө салуусунун толуктугу;
- маселенин ашыкча укуктук жөнгө салуусун аныктоо;
- карама-каршылыктардын жоктугу;
- коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун азайтуу.
Инвентаризациялоонун алкагында даярдалган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия ал жөнүндө жободо аныкталган тартипте кароого тийиш жана алар жактырылган учурда ушул Регламентте аныкталган тартипте макулдашылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор (тиешелүү чөйрөлөрдө саясатты иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Өкмөткө киргизүүнүн механизми мыйзамдарда аныкталган административдик ведомстволордон тышкары), Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик бийликтин башка органдары, Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору тарабынан ушул Регламентте белгиленген тартипте иштелип чыгат жана Өкмөттүн кароосуна киргизилет.
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тиешелүү мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдүн күчүнө кириши үчүн аларды ратификациялоо же бекитүү зарылчылыгы жөнүндө сунуштарды киргизет:
- күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү депозитарийден (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен) алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө тышкы мамлекеттик карыз алууну (кредит, зайым алууну) жана/же грант алууну караштырган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдердин (анын ичинде эл аралык келишимдерди түзүүчү ноталарды же каттарды алмашуу аркылуу түзүлгөн);
- түзүлгөн күнүнөн тартып эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери болуп саналбаган Кыргыз Республикасына зайым берүүнү караштырган келишимдердин.
Мында бир эле маселе боюнча жаңы чечимдин долбоору мурда кабыл алынган чечимдер аткарылганда же башкача кырдаалдар пайда болгондо гана киргизилет.
Мамлекеттик органдын ведомствого таандык, аймактык жана түзүмдүк бөлүнүштөрү, анын карамагындагы мекемелер, ишканалар Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппаратынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылышат.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Регламентке ылайык Өкмөттүн ишине тиешелүү Өкмөттүн актыларынын долбоорлорун Өкмөткө киргизүүгө укуктуу.
Мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле алардын чечимдердин долбоорлорун Өкмөткө киргизүү үчүн жооптуу орун басарлары долбоордун жоболору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык болушу үчүн жеке жоопкерчиликте болушат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык эмес чечимдердин долбоорлору Өкмөткө киргизилген учурда мамлекеттик органдын жетекчисине же бул чечимдин долбоорун Өкмөткө киргизген орун басарына тартиптик таасир этүү чарасы колдонулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 664, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
48. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу (эксперттик) топтор түзүлүшү мүмкүн. Жумушчу топтор кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден, консультанттардан, адистерден, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлүшү мүмкүн.
Жумушчу топтор Өкмөттүн актысынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма берилген министрликтер, мамлекеттик комитеттер же аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан түзүлөт.
48-1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
49. Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыгат, Өкмөттүн буйруктарынын долбоорлору ченем чыгаруу техникасынын эрежелерин эске алуу менен иштелип чыгат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыгууда ага тиркемелердин бар болушу каралса, анда алар жогорку оң бурчуна тиркеме экендиги көрсөтүлүп, тиркеме катары таризделет.
Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорунун тиркемелерине Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси же башка адам тарабынан кол коюлбайт.
50-1. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§3. Чечимдердин долбоорлорун макулдашуу жана экспертизалоо
51. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору аларды Өкмөттүн Аппаратына киргизүүгө чейин төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш:
- протоколдук чечимдин долбоорунан тышкары, долбоорду Өкмөттүн жыйынына алып чыгууда:
Юстиция министрлиги менен;
Финансы министрлиги менен;
Экономика министрлиги менен;
Тышкы иштер министрлиги менен - тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу маселелери боюнча;
иш чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттик органдар менен;
- чечимдин долбоорун сурамжылоо жолу менен кабыл алууда:
Өкмөттүн тогуз мүчөсүнөн кем эмес, анын ичинде Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, Тышкы иштер министрлиги менен - тышкы саясат жана эл аралык коомдук укук бөлүгүндө мамлекеттер аралык кызматташуу маселелери боюнча, ошондой эле чечимдин долбоору ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар Өкмөт мүчөлөрү менен;
башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен - алардын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча.
Кошумча макулдашуу талап кылынган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын курамын иштеп чыгуучу органдын жетекчиси ушул пункттун шарттарын сактоо менен өз алдынча аныктайт.
Финансылык жана банктык ишке байланыштуу актылардын долбоорлору Өкмөттө Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын рекомендациялык мүнөздөгү корутундусу болгон шартта карайт.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 159 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2017-жылдын 15-мартындагы № 159, 2018-жылдын 15-январындагы № 21, 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
52. Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органынын жетекчиси өргүүгө, ооруга, командировкага, кызматтан бошотулганына же кызматтык териштирүү же тергөө жүргүзүүгө байланыштуу кызматтан четтетилгенине байланыштуу жок болгон учурда Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору ошол мамлекеттик органдын жетекчисинин милдетин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен макулдашылат.
Мындай учурда Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлоруна макулдук берүү мамлекеттик органдын позициясы болуп эсептелет жана Өкмөттүн мүчөсүнүн макулдугу катары эсептелбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Макулдашууларды (талкуулоолорду) жүргүзүү үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн чечиминин долбоорун киргизген Өкмөт мүчөсүнө же ушул Регламенттин 47-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын ичинен башка жетекчиге жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Мамлекеттик органдарда актылардын долбоорлорун макулдашуу алар келип түшкөн күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
- Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору, анын ичинде мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө - 7 жумушчу күндөн;
- буйруктардын долбоорлору - 3 жумушчу күндөн.
Юстиция министрлигинде экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн макулдашуу жана өткөрүү төмөнкүдөн ашпоого тийиш:
- 300 баракка чейинки долбоорлор - 10 жумушчу күндөн;
- 300 барактан ашкан долбоорлор - 20 жумушчу күндөн.
55. Эл аралык келишимдин долбоорун жактыруу же макулдук берүү жөнүндө актынын долбооруна макулдашуу барактарынан башка, кол коюлган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин берилген макулдашуу баракчалары каралбайт.
Макулдашуу мезгилинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын жетекчисинин алмашуусу актынын долбоорун кайра макулдашуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
56. Актылардын бардык долбоорлору макулдашууга мамлекеттик жана расмий тилдерде берилүүгө тийиш. Актыны шашылыш кабыл алууда министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен актынын долбоорун макулдашуу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Макулдашууга жиберилген актылардын долбоорлорунун тексттерине мамлекеттик органдын жетекчиси же аты-жөнүн, датасын көрсөтүү менен аны алмаштыруучу адам кол коюуга тийиш. Актылардын долбоорлорунун тексттери 14-өлчөмдөгү "Times New roman" шрифти менен 1 интервал аркылуу басылууга тийиш. Эки бетти бир баракка батырып копиялоо жолу менен барактардын көлөмүн кичирейткенде шрифттин өлчөмү 16-болууга тийиш.
Мындай учурда бир коштоочу кат менен бир акты долбоору гана макулдашууга берилет.
Өкмөттүн кароосуна киргизилген актылардын долбоорлору электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу электрондук түрдө мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же аларды алмаштырган адамдардын электрондук-санариптик кол коюусу менен милдеттүү пайдалануу шартында берилиши мүмкүн.
Актылардын долбоорлорун макулдашуучу органдарда актылардын долбоорлорунун жана коштоочу документтердин пакетинин электрондук версияларын пайдаланып макулдашууга жол берилет, аларды иштеп чыгуучу орган өзүнүн расмий сайтына жарыялоого тийиш. Мында Юстиция министрлигине актылардын толук иштелип чыккан долбоорлору жана коштоочу документтер басма түрүндө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
57. Өкмөттүн токтомун жана/же буйругун тез кабыл алуу зарыл болгон учурда Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин же анын орун басарларынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда конкреттүү долбоорлорду макулдашуунун кыйла кыска мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн. Мындай учурда долбоорго мамлекеттик органдын жетекчиси же болбосо Өкмөттүн жетекчилигиндеги же Өкмөттүн жыйынындагы кеңешмеде аны алмаштыруучу адам кол коет.
Чечимдердин долбоорлорун макулдашууга көмөктөшүү же тигил же бул ишти аткаруу тууралуу аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырмаларды берүү жөнүндө министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик башкаруунун башка органдарынын каттары Өкмөттүн Аппаратына кабыл алынбайт, буга кечиктирилгис чечүүнү талап кылган учурлар кирбейт.
Кийинкиге калтырбастан чечүүнү талап кылган учурлар болуп Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жумушчу топторду, комиссияларды, делегациялардын курамдарын түзүү маселелери, ошондой эле Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Аппарат жетекчисинин тапшырмалары менен аныкталган маселелер саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Өкмөттүн чечиминин долбоорун шашылыш макулдашууда макулдашуучу мамлекеттик орган долбоорду кароонун натыйжасын кийин ага түп нуска документти жиберүү менен иштеп чыгуучунун макулдашуу баракчасын электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу бериши мүмкүн.
59. Чечимдердин долбоорлорун макулдашууда макулдашуучу мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чегинде корутунду беришет.
Юстиция министрлиги экологиялык экспертизаны кошпогондо "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн экспертизалардын атайын түрлөрүн жасайт жана алардын жыйынтыгы боюнча корутунду берет, корутундуда ал экспертизалардын жыйынтыктары айтылат, анын ичинде долбоорго төмөнкүлөр боюнча баа берилет:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына толук шайкештиги;
- маселенин мыйзамдык жөнгө салуусунун толуктугу;
- карама-каршылыктардын жана коллизиялардын бар же жоктугу;
- коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун азайтуу;
- ченем чыгаруу техникасынын эрежесинин сакталгандыгы;
- долбоордо коррупциягендүү факторлордун бар же жоктугу;
- коомдук талкуу өткөрүүнүн зарылдыгы;
- анын баардык тийиштүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашылгандыгы;
- аталган чечимден келип чыгуучу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминин толук аткарылгандыгы.
Финансы министрлиги тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун мамлекеттик бюджет жана бюджеттен тышкаркы фонддор үчүн финансылык натыйжаларына, ошондой эле каржылоо булактарынын бар экендигине жана финансылык каражатты бөлүүнүн сунушталып жаткан механизмдеринин мыйзамга шайкештигине, анын ичинде бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүүгө (төлөө мөөнөтүн узартууга) баалоо жүргүзөт.
Экономика министрлиги тийиштүү чечимдердин өлкөнү өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө тийгизүүчү таасирине жана алардын ишкердик субъекттери үчүн натыйжаларына баалоо жүргүзөт, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоого (ЖСТ) экспертиза жасайт.
Башка мамлекеттик органдар долбоорго анын тармактык мыйзамдарга, мамилелердин тийиштүү чөйрөсүндө даярдалып жана ишке ашырылып жаткан мамлекеттик саясатка, ошондой эле кабыл алынган программаларга ылайыктыгы жагынан баалоо жүргүзүшөт.
Чечимди кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашылып жаткан мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкүдөй варианттарынын бирин берүүгө тийиш:
1) чечимдин долбооруна сунуш-пикирлерсиз макулдук берилди (макулдашуу барагындагы жетекчинин визасы);
2) макулдашуучу мамлекеттик органдын жетекчиси кол койгон коштоочу катта (корутундуда) макулдашуудан баш тартуунун себеби жүйөлөнүп көрсөтүлөт, долбоорго карата сын пикирлер жана сунуштар, ошондой эле аларды жоюу жана эске алуу боюнча сунуштар милдеттүү түрдө баяндалат. Мында макулдашуу барагына кол коюлбайт.
3) (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21, 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
60. Чечимдин долбоорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча иштеп чыгуучу орган тарабынан макулдашуучу мамлекеттик органдардын бардык сын пикирлери жана сунуштары өзүнүн деңгээлинде иштелип чыгат жана жоюлат. Жеткире иштелип чыккан чечимдин долбоору чечимдин долбооруна карата сын пикирлери жана сунуштары болгон бардык макулдашуучу мамлекеттик органдар менен кайрадан макулдашылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
60-1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
61. Иштеп чыгуучу орган менен мамлекеттик органдардын ортосунда консенсуска жетишилбегенде чечимдин долбоору Өкмөттүн Аппаратына киргизилбейт.
Иштеп чыгуучу орган менен мамлекеттик органдардын ортосунда консенсуска жетишилбегенде иштеп чыгуучу орган тейлеген вице-премьер-министрге же Премьер-министрге Өкмөттүн чечиминин долбоорун демилгелөөнү колдоо өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мында коштоочу катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана мамлекеттик органдардын жүйөлөрү менен макул эместигинин себеби жөнүндө маалымат чагылдырылышы керек. Чечимдин долбооруна макулдашуу кеңешмесинин протоколунун көчүрмөсү да тиркелет, ага иштеп чыгуучу органдын жетекчиси жана сын пикирлерин жана сунуштарын берген макулдашуучу мамлекеттик органдын жетекчиси кол коёт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир тийгизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 23-беренелерине ылайык коомдук талкууга алынууга тийиш.
Жайгаштыруунун датасы, келип түшкөн сунушар жана сын-пикирлер жөнүндө маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга коюлбайт.
Ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жөнгө салуу таасирине талданууга тийиш, бул учурда жөнгө салуу таасирин талдоону ченемдик укуктук актыны иштеп чыгууну жүргүзөт жана камсыз кылат.
(3-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
63. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
64. Актылардын долбоорлору Юстиция министрлигине ушул Регламенттин 51-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар менен макулдашылгандан кийин гана (Өкмөттүн Аппараты жиберген чечимдердин долбоорлорунан башкалары), актынын долбоорунун акыркы версиясы, корутундулардын, макулдашуу барактарынын, кайчы пикирлердин матрицасынын (эгер болсо), негиздеме-маалымкаттын, салыштырма жана жыйынтыктоочу таблицалардын копиялары тиркелип жиберилет.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда Юстиция министрлиги керектүү документтер берилгенге чейин актылардын долбоорлорунун мазмунун кароону токтотуп турат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
64-1. Мамлекеттик бюджеттен финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылган же мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келүүчү актылардын долбоорлору Финансы министрлигине финансы-экономикалык эсептөөлөр менен кошо берилет.
Финансы-экономикалык эсептөөлөр берилбеген учурда Финансы министрлиги корутунду берүүдөн баш тартууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
65. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
66. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
67. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
68. Өкмөттүн буйругунун долбоору Өкмөттүн тогуздан кем эмес мүчөсү менен макулдашуу шартын кошпогондо ушул Регламенттин шарттарын сактоо менен даярдалат.
Делегациялардын Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын курамын бекитүү менен байланышкан Өкмөттүн буйруктарынын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан киргизилиши мүмкүн жана министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен макулдашылбайт.
Президенттин актысынын долбоору Өкмөттүн ондон кем эмес мүчөсү менен макулдашуу шартын кошпогондо ушул Регламенттин талаптарына ылайык даярдалат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2017-жылдын 11-октябрындагы № 664, 2018-жылдын 15-январындагы № 21, 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
§4. Чечимдердин долбоорун Өкмөткө киргизүү тартиби
69. Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү чечимдердин долбоору төмөнкү документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен берилет:
- мамлекеттик органдын жетекчиси же аны алмаштыруучу адам кол койгон коштоочу катты;
- максаттар жана милдеттер так түзүлгөн, туура, ырааттуу жана кыска баяндалган Өкмөттүн чечиминин долбоорун, аткаруу мөөнөтүн, конкреттүү аткаруучуну жана контролдоо милдети жүктөлүүчү органдарды көрсөтүп, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга бардык оңдоолорду чагылдырууну, ошондой эле күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон актыларды эске алуу менен;
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси же аны алмаштыруучу адам кол койгон негиздеме-маалымкатты, анда Өкмөттүн чечимин кабыл алуунун натыйжасында жетишилиши же чечилиши мүмкүн болгон максаттар жана милдеттер; Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу мезгилине карата колдонуудагы ченемдик укуктук базага талдоо, ушул чөйрөнүн коомдук мамилелеринде колдонулган мыйзамдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө маалыматтар; кабыл алынуучу Өкмөттүн чечимин колдонууда мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолдору, эл аралык кызматташтык маселелери, коомдук талкуулоо өткөрүлүүгө тийиш болгон учурда анын натыйжасы жөнүндө маалыматтар; Өкмөттүн чечимин долбоорунун мыйзамдарга шайкештигин талдоо; финансы экономикалык эсептөөлөр, аны каржылоо булактарынын болушу камтылууга тийиш;
- эгерде чечимдин долбоору ишкердикке карата укуктарды, милдеттерди жана талаптарды, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну белгилөөгө багытталса, жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖТТ) негизинде даярдалган талдоочу катты;
- Өкмөттүн тиешелүү чечими менен бекитилген ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын ЖТТ методикасына жүргүзүлгөн ЖТТнын шайкештиги жөнүндө Экономика министрлигинин корутундусун;
- экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелерине жана чыгымдарына таасир тийгизүүчү Өкмөттүн чечимдеринин долбоору киргизилгенде - Финансы министрлигинин тиешелүү корутундусун;
- чечимдердин долбооруна, анын ичинде электрондук версиясына коштоочу каттардын жана макулдашуу барактардын түп нускаларын;
- салыштырма таблица (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген сунушталган учурда);
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда эл аралык келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттеринин корутундусун;
- "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда Юстиция министрлигинин баасын (корутундусун);
- "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда мүмкүн болгон финансылык натыйжалары жөнүндө Финансы министрлигинин баа берүүсүн;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жана аны ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо жөнүндө Өкмөттүн корутундусунун долбоорун;
- "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдын долбооруна Өкмөттүн корутундусунун долбоорун;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тийиштүү оңдоолор киргизилүүчү жана күчүн жоготту деп эсептелүүчү актыларды камтыган электрондук сактагыч;
- ушул Регламентке ылайык башка документтер. Өкмөттүн Аппаратына ушул абзацтын талаптарын бузуу менен киргизилген актылардын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына киргизилүүчү актылардын долбоорлоруна коюлуучу талаптарды аткаруу маселеси компетенциясына кирген Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайра артка жиберилет.
Актынын долбоорунун тексти машинкада басылган он беттен ашкан учурда документтин арткы бетине иштеп чыгуучу органдын иш кагаздарын жүргүзүү маселесин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн мөөрлөрүн басууга жол берилет.
Актылардын долбоорлорунун тексттеринин, анын ичинде тиркемелеринин ар бир барагы аты-жөнүн жана датасын көрсөтүү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери же аларды алмаштыруучу адамдар, ошондой эле иштеп чыгуучу органдын юридикалык кызматтарынын жетекчилери тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Актынын долбоорунун текстинин көлөмү машинкада жазылган он барактан ашкан учурда документтин арткы бетине штамп коюуга жол берилет.
Мурда кабыл алынган чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган чечимдердин долбоорлорунда кандай чечимдерге жана алардын кайсыл бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилээри же кандай чечимдер күчүн жоготту деп табылаары көрсөтүлүшү керек.
Даярдалып жаткан акт башка актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн
зарылдыгын пайда кылса, бул өзгөртүүлөр даярдалып жаткан актынын
долбооруна киргизилет же ал долбоор менен бир эле мезгилде өзүнчө
актынын долбоору түрүндө кошо берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2018-жылдын 15-январындагы № 21, 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
70. Иштеп чыгуучу орган Өкмөттүн чечиминин долбоорун аны Өкмөттүн Аппаратында кароонун ар кандай стадиясында кайра чакырып алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомунун редакциясына ылайык)
71. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
72. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
73. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
74. Өкмөттүн Аппаратына ушул Регламенттин 45-1, 47, 51, 55, 61, 62-пунктунун экинчи абзацынын 69 жана 91-пункттарынын талаптарын бузуу менен киргизилген актылардын долбоорлору Өкмөттүн Аппаратына киргизилген актылардын долбоорлоруна карата коюлуучу талаптарды сактоо маселеси компетенциясына кирген Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайтаруунун себебин негиздөө менен кайтарылып берилүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
75. Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү чечимдердин долбоорлоруна виза коюшкан Өкмөттүн мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери ошондой эле алардын орун басарлары алардын мыйзамдуулугу жана сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
76. Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө Премьер-министр аныктаган тартипте ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
77. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
78. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
79. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
80. Чечимдердин долбоорлорун кароонун жыйынтыгы боюнча алар аны толуктап иштеп чыгуу үчүн же кабыл алуунун максатка ылайык эместигине байланыштуу ушул Регламентте жана Премьер-министр тарабынан бекитилүүчү Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө Регламентинде аныкталган тартипте Премьер-министр, тейлеген вице-премьер-министр же Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан иштеп чыккан органга кайра жиберилиши мүмкүн.
Премьер-министрдин чечими боюнча чечимдин долбоору ар кандай негиздер боюнча кайра артка жиберилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринен келип чыгуучу актылардын долбоорлорун аларды иштеп чыккан органдарга зарыл эместигине байланыштуу кайра артка жиберүүгө болбойт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
81. Чечимдердин долбоорлорун кароого даярдоонун тартиби ушул Регламентте жана Премьер-министр бекитүүчү Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө регламентинде белгиленген.
Өкмөттүн Аппараты министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка органдар тарабынан Өкмөттүн кароосуна киргизилген чечимдердин долбоорлорун киргизилген актынын долбоорунун маңызын өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө жана редакциялоого укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Өкмөттүн Аппараты толуктап иштеп чыккан жана иштеп чыгуу процессинде киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыган актылардын долбоорлору долбоорду иштеп чыккан министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, ал эми ал жок учурда жетекчинин милдеттерин аткаруу жүктөлгөн орун басары менен эки жумушчу күндүн ичинде макулдашылууга (виза коюлууга) тийиш.
Макулдашуу актынын долбоорунун текстин парафирлөө (кол коюу) аркылуу жумушчу тартибинде, же түзүмдүк бөлүм даярдаган актынын долбоорун тиркеп кат жиберүү жолу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Актынын долбоорунун акыркы вариантын макулдашуу мезгилинде Өкмөттүн Аппаратында аны иштеп чыгуу мөөнөтү токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
83. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
84. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-августундагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
§5. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши. Мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу
85. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу жолу менен мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашырат.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши ал бекиткен мыйзам долбоорлоо ишинин планына, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну караштыруучу Өкмөттүн башка актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин пландарынын долбоорлору Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте иштелип чыгат.
86. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планы мамлекеттик жана өкмөттүк программаларга жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарына ылайык, ошондой эле Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси менен макулдашылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун сунуштары боюнча түзүлөт.
87. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин планына киргизүү үчүн Юстиция министрлигине берилген мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө сунуш мыйзам долбоорунун жумушчу аталышын, мыйзам долбоорун жана анын концепциясын иштеп чыгуунун зарылдыгынын негиздемесин, аткаруу бийлигинин органынын - негизги аткаруучунун аталышын, тең аткаруучулардын тизмегин, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтүн жана мыйзам долбоорун жактыруу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтүн камтууга тийиш.
88. Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо ишинин пландарынын долбоорлору алдын ала эксперттик баалоону мыйзамдарга ылайык жүргүзгөндөн кийин мыйзам долбоорлорунун концепцияларын тиркөө менен Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тартипте Өкмөткө киргизилет.
89. Юстиция министрлиги Мыйзам долбоорлоо ишинин планынын долбооруна ушул Регламенттин 87-пунктунун талаптарына жооп бербеген сунуштарды киргизбөөгө укуктуу.
90. Өкмөт мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу менен мыйзам долбоорлорун карайт жана Жогорку Кеңешке киргизет, Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлоо ишине катышат.
Өкмөт зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңешке Өкмөт демилге кылган жана кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлорунун тизмегин аларды кезексиз тартипте кароого жиберет.
91. Өкмөттө каралуу үчүн мыйзам долбоору төмөнкү материалдар менен бирге берилет:
а) министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана ведомствонун жетекчиси виза койгон, түшүндүрмө кат (негиздеме-маалымкат), ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам долбоорунун кеңири мүнөздөмөсүн, анын максаттарын, негизги жоболорун, колдонуудагы мыйзамдар тутумундагы ордун, укуктук жөнгө салуунун бул чөйрөсүндөгү мыйзамдардын абалын; ошондой эле аны кабыл алуунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларынын болжолун;
- финансылык-экономикалык негиздемени (ишке ашыруусу финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылган мыйзам долбоору киргизилген учурда). Финансылык-экономикалык негиздеме учурдагы жана (же) кийинки жылдарга эсептерди жана каржылоо булактары жөнүндө маалыматтарды камтышы керек;
- мыйзамдарда каралган учурларда экспертизалардын (укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы, тышкы экономикалык ж.б.) атайын түрлөрү өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалыматты;
- ушул Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына байланыштуу күчүн жоготту деп табылууга, токтото турууга, өзгөртүүгө, толуктоого тийиш болгон Мыйзам актыларынын тизмегин;
- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу мезгилине карата колдонуудагы ченемдик укуктук базага талдоо, ушул чөйрөнүн коомдук мамилелеринде колдонулган мыйзамдарга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө маалыматтар;
- бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алуу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жөнүндө сунуштарды;
- эгерде Мыйзам долбоору коомдук талкуулоону талап кылса, мыйзам долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты;
б) салыштырма таблица (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
в) эгерде мыйзам долбоорунда ишкерлерге жана алардын ишине карата укуктар, милдеттер жана талаптар, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу белгиленсе, ишкердик субъекттердин ишине карата ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖТТ) негизинде даярдалган талдоочулук катты;
г) эгерде мыйзам долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталса, ишкердик субъекттеринин ишине карата ченемдик укуктук актылардын ЖТТ методикасына жүргүзүлгөн ЖТТга шайкештиги жөнүндө Экономика министрлигинин корутундусун;
д) жүргүзүлгөн экспертизалардын адистештирилген түрлөрү боюнча корутундуну;
е) мыйзам долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун макулдашуу барактарын;
ж) мыйзам долбоорун жактыруу, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү жана мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралган учурда Өкмөттүн расмий өкүлүн дайындоо жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоорун;
з) Өкмөттүн токтомунун долбооруна министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана ведомстволордун макулдашуу барактарын;
и) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурда эл аралык келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринин корутундусун;
к) эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын корутундусун (ички мамлекеттик жол-жоболордон өткөндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган учурларда;
л) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жана аны ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо жөнүндө Өкмөттүн корутундусунун долбоорун;
м) "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдын долбооруна Өкмөттүн корутундусунун долбоорун.
Мыйзам долбоорлор, аларга тиркелген а), б), в), д) л), м), пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер менен "Times New Roman" 12 шрифти менен 1 интервалда басылып берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2014-жылдын 14-августундагы № 468, 2015-жылдын 12-июнундагы № 355, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
92. Аткаруу бийлиги органдары тарабынан мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңешке берилүүсүнө жана мыйзам долбоорлорун башка субъекттерге мыйзам чыгаруу укугунда берүүгө жол берилбейт.
Мыйзам долбоору Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган документтерди тиркөө менен киргизилет.
Өкмөт Жогорку Кеңешке киргизген мыйзам долбоору боюнча министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнөн турган Өкмөттүн расмий өкүлү дайындалат.
Расмий өкүлдүн ыйгарым укуктарынын көлөмү тапшырмада аныкталат, ал толук же чектелүү болушу мүмкүн. Ыйгарым укуктардын толук көлөмү расмий өкүлдүн стенограммада белгиленген чыгып сүйлөөсү, каралып жаткан маселе боюнча Өкмөттүн көз карашы болуп санала тургандыгын болжолдойт. Ыйгарым укуктардын чектелүү көлөмү мыйзам долбоорлоруна талкуулоонун жүрүшүндө киргизилген өзгөртүүлөрдү Өкмөт менен расмий өкүлдүн алдын ала макулдашуусун болжолдойт.
Өкмөттүн расмий өкүлүнө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште жана анын комитеттеринде сунуш кылууга, зарыл болсо мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн депутаттардын мыйзам долбоорунун текстин өзгөртүү жөнүндө сунуштарына макул болууга, Жогорку Кеңешке жана анын комитеттерине мыйзам долбоорун кароону токтото туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө ыйгарым укук берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы N 561, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
93. Өкмөт берилген мыйзам долбоорун же башка актыны кайра сурап алуу жөнүндө тийиштүү токтомду даярдоо жолу менен берилген мыйзам долбоорун же башка актыны Жогорку Кеңештин жыйынында каралганга чейин кайра сурап алууга укуктуу.
94. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий өкүлдөрүн алмаштырууга Өкмөттүн тийиштүү чечиминин негизинде гана жол берилет.
Жогорку Кеңештин, фракциялар коалициясынын, фракциялардын жана комитеттердин жыйындарында кийинкиге калтырууга болбогон маселелерди кароодо Өкмөттүн расмий өкүлүнүн катышууга мүмкүндүгү болбогон учурда, Туруктуу өкүл тиешелүү түрдө Жогорку Кеңештин Төрагасы, фракциялар коалициясынын жетекчиси, фракциянын жетекчиси, комитеттин төрагасы менен аны убактылуу алмаштыруу жөнүндө маселени ыкчам тартипте макулдашат.
95. Кезектеги финансы жылына республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгат.
Аткаруу бийлик органдары иштеп чыккан республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата материалдар жана сунуштар алар тарабынан Финансы министрлигине берилет. Министрликтердин карамагында турган аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары Финансы министрлигине тийиштүү министрликтер тарабынан берилет.
Жогорку Кеңешке киргизилүүгө жаткан мыйзам долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгуучу министрликтер республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бирге аларды Өкмөткө берүү үчүн Финансы министрлигине жиберишет.
Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын Өкмөт жактырган долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган документтерди жана материалдарды тиркөө менен Жогорку Кеңешке киргизилет.
96. Учурдагы жылдын республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосуна Өкмөт тарабынан өзгөчө учурларда, пайда болгон кошумча чыгымдардын же республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө мүмкүн болгон кем түшүүлөрдү жабууну каржылоонун булактарын милдеттүү көрсөтүү менен киргизилет.
§6. Өкмөт кабыл алган чечимдерди чечмелөө (түшүндүрүү)
97. Өкмөттүн токтомдорун жана буйруктарын расмий чечмелөөнү (түшүндүрүүнү) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 31-беренелерине ылайык Өкмөттүн Аппараты Аппарат жетекчисинин тиешелүү буйругу менен берет.
Өкмөттүн мурда кабыл алынган расмий чечмелөөсүн камтыган буйруктун долбоору Өкмөттүн мазмунун чечмелөөгө (түшүндүрүүгө) муктаж чечиминин долбоорун иштеп чыккан аткаруу бийлигинин органы тарабынан Өкмөттүн Аппаратына киргизилет. Кызыкчылыктардын талаш-тартышын болтурбоо максатында Аппарат жетекчиси Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө же аткаруу бийлигинин башка органдарына расмий чечмелеп берүү жөнүндө буйруктун долбоорун иштеп чыгууга тапшырма берүүгө укуктуу. Буйруктун долбооруна чечмелөөнүн (түшүндүрүүнүн) долбоорун даярдаган мамлекеттик органдын жетекчиси, Юстиция министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана уюмдарынын жетекчилери тарабынан милдеттүү түрдө виза коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
98. Аппарат жетекчисинин Өкмөттүн чечимдерин чечмелөөнү камтыган циркулярдык катты (түшүндүрмөнү) бекиткен буйруктары Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары менен бир катар белгиленген тартипте кодификацияланууга жана сакталууга тийиш.
4. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин чечимдерин жана тапшырмаларын аткаруу
99. Өкмөттүн Аппаратынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана аткаруу бийлигинин башка органдарына берилген тапшырмаларга Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары өздөрүнүн компетенцияларына кирген маселелер боюнча кол коюшат.
Ыкчам, техникалык же уюштуруу-жол-жоболук мүнөздөгү документтерге тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кол коюшат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
100. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн актыларында, Өкмөттө өткөрүлүүчү жыйындардын жана кеңешмелердин протоколдорунда, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлеринин жана Аппарат жетекчисинин резолюцияларында камтылган тапшырмалардын аткарылышын Өкмөттүн Аппараты уюштурат.
101. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун, аткарууну уюштуруу максатында Өкмөт тарабынан актылар чыгарылат, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана аларга өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырмалар берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
102. Өкмөттүн актыларында, Өкмөттүн жыйынынын, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси жетектеген Өкмөттүн координациялык жана кеңешме органдарынын протоколдорунда камтылган тапшырмаларды, ошондой эле Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин, анын орун басарларынын алар өткөргөн кеңешмелердин жана резолюцияларда (мындан ары - тапшырмалар) камтылган тапшырмаларды аткаруу тапшырма даректелген министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери тарабынан уюштурулат.
103. Бул тапшырмалардын мөөнөтүндө аткарылышына контроль жүргүзүү Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлөт, алар бул тапшырмаларды аткаруучуга ыкчам жеткирүү максатында аларды электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу же телефонограмма менен бериши мүмкүн. Мындай учурларда аткаруу мөөнөтүнүн башталышы электрондук почта, факсимилдик байланыш аркылуу же телефонограмма менен алынган кабарларды аткаруучу алган жана белгиленген тартипте каттаган күндөн тартып белгиленет.
Тапшырмаларды аткаруучуларга жеткирүү Өкмөттүн Аппараты тарабынан токтоосуз түрдө камсыз кылынат.
104. Өкмөттүн актыларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга аларга актынын кагаз жүзүндөгү көчүрмөсүн же электрондук почта аркылуу сканерленген версиясын жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
Эгерде Өкмөттүн актыларында тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө ал эки айлык мөөнөттө аткарылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
105. Өкмөттүн жыйындарынын протоколдорунда камтылган тапшырмалар аткаруучуларга жыйындын протоколунун көчүрмөлөрүн же электрондук почта аркылуу сканерленген электрондук көчүрмөсүн же факсимилдик байланыштарды жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси, анын орун басарлары өткөргөн кеңешмелердин протоколдорунда жана алар караган документтердин резолюцияларында камтылган тапшырмалар аткаруучуларга кеңешменин протоколунун көчүрмөлөрүн же андан жазып алууларды же резолюциянын белгиленген тартипте таризделген көчүрмөлөрүн жөнөтүү жолу менен жеткирилет.
106. Тапшырмада, эреже катары, аны аткаруунун мөөнөтү (календардык датасы) белгиленет. Эгерде аткаруунун мөөнөтү катары убакыт мезгили белгиленсе, тапшырмага тапшырма аткаруучуга келген дата анын башталышы деп эсептелет. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү аткаруу мөөнөтүнүн өтүү мезгилине кирбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомунун редакциясына ылайык)
107. Эгерде тапшырманын текстинде аткаруу датасынын же убакыт мезгилинин ордуна "өтө шашылыш", "шашылыш" көрсөтмөсү бар болсо, тапшырма тийиштүүлүгүнө жараша эки же үч жумушчу күндө аткарылууга тийиш.
Актылардын долбоорлоруна экспертизанын атайын түрлөрүн жасоо талап кылынган тапшырмалар ушул Регламенттин 54-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө аткарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641, 2018-жылдын 15-январындагы № 21 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
108. Эгерде тапшырманы аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө тапшырма сегиз жумуш күнүнүн ичинде аткарылууга тийиш, буга ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга тийиштүү тапшырмалар кирбейт, аларды аткаруу эки айлык мөөнөттө ишке ашырылат. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышпаган тапшырмалардын аткаруу мөөнөтү макулдашуу боюнча бир айга чейин узартылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда "өтө шашылыш", "шашылыш" көрсөтмөсү Өкмөттүн мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорлоруна колдонулбайт.
Эгерде тапшырманы белгиленген мөөнөттө аткаруу объективдүү себептер боюнча мүмкүн болбосо аткаруу бийлик органдарынын тийиштүү жетекчилери узартуунун себептерин жана пландаштырган аткаруу датасын көрсөтүү менен мөөнөттү узартуу жөнүндө сунушту Өкмөткө берет.
Мөөнөттү өзгөртүү жөнүндө сунуш тапшырмага (чечимге) кол коюлган күндөн тартып 8 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
109. Өтө шашылыш жана шашылыш тапшырмаларды аткаруу мөөнөттөрү узартылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
110. Эгерде тапшырма бир нече аткаруу бийлиги органдарына берилсе, анда "жооптуу" деген сөз менен белгиленген аткаруу бийлик органынын жетекчиси тапшырманы негизги аткаруучу болуп саналат, анын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот жана ишти уюштурат. Тең аткаруучулар жооптуу бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик органга тапшырманы аткаруу бөлүнгөн мөөнөттүн биринчи жарымынын ичинде тийиштүү органдын жетекчиси (анын орун басары) кол койгон сунуштарды берет. Жооптуу бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган документтин жыйынтык долбоорун макулдашуунун жана даярдоонун тартибин аныктайт. Тапшырманы кыскача мөөнөттө аткаруу зарыл болгон учурда жооптуу бекитилген, жооптуу аткаруучу болуп саналган мамлекеттик орган тапшырманы ыкчам тартипте аткарууну уюштурат, ал үчүн жумушчу топторун түзөт жана макулдашуу кеңешмелерин өткөрөт.
Эгер тапшырма мамлекеттик жана өкмөттүк программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле аларды аткаруу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгуу маселелери боюнча берилсе, кошо аткаруучулар жооптуу аткаруучу болуп эсептелген мамлекеттик органга маалыматтарды (пикирлер, сунуштар жана информация) мамлекеттик жана расмий тилдерде беришет.
Эгерде тапшырма белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, тапшырманы аткаруучу (негизги аткаруучу) бул тапшырманы - аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөткө тапшырманы аткаруунун абалы, аны белгиленген мөөнөттө аткарбоонун себептери жөнүндө тапшырманы аткаруу жүктөлгөн кызмат адамдарын жана тапшырманы аткарбоого күнөөлүү кызматкерлерге карата кабыл алынган жоопкерчилик чаралары жөнүндө көрсөтүү менен маалымат берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Өкмөт, Өкмөттүн Аппараты министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ишин координациялайт.
112. Премьер-министр, вице-премьер-министрлер же Аппарат жетекчиси тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын тапшырмаларды аткаруусунун жүрүшүн жана жыйынтыгын дайыма карайт жана кемчиликтерди четтетүү жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгуу боюнча ыкчам түрдө чара көрөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматын угат жана Өкмөттүн чечимдерин, тапшырмаларын контролдон чыгаруу жөнүндө чечимин кабыл алат.
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин жана Аппарат жетекчисинин ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык камсыз кылууну Өкмөттүн Аппараты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы N 575 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Өкмөттүн электрондук документтерди жүгүртүү системасынын иштөөсүн уюштуруучулук жана техникалык жактан камсыз кылуу ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
114. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн келечектүү милдеттерин иштеп чыгуу, талдоочу материалдарды, Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарынын долбоорлорун даярдоо боюнча, ошондой эле Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин актыларын, токтомдорун, буйруктарын, протоколдук чечимдерин жана тапшырмаларын контролдоо боюнча өз ара аракеттенүү жана координациялоо ишин Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.
115. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аларга жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- коллегиялардын жыйындарына, министрликти, мамлекеттик комитеттерди, администрациялык ведомствону, аткаруу бийлигинин башка органдарын тейлеген коллегия мүчөлөрү катары катышууга;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Өкмөттүн иш чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча актыларын, Өкмөттүн токтомдорун, буйруктарын, Премьер-министрдин буйруктарын, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу жөнүндө маалыматын угууга жана тартипсиздикке жол берген адамдарды жоопко тартуу жөнүндө Өкмөттүн жетекчисине сунуштарды киргизүүгө;
- Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин же Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алардын алдына коюлган милдеттерди чечүү боюнча ишин текшерүүнү жүргүзүүгө, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кароосуна ээлеген кызматынан бошотууга чейин күнөөлүүлөрдү тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Өкмөттүн жетекчилигине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана Премьер-министрдин номенклатурасына кирген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчи кадрларын тандоо жана жайгаштыруу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринен Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл маалыматтарды суратып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
116. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери зарыл учурда Өкмөттүн Аппаратына эл аралык уюмдардын, компаниялардын, фирмалардын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн, кеңешмелердин, жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча аңгемелешүүлөрдүн протоколдорун, жазууларын жетишилген жыйынтыктарды жана белгиленген чараларды көрсөтүү менен беришет.
Протоколдор иш-чара өткөрүлгөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө талдоо жана Премьер-министрге маалымдоо үчүн Аппарат жетекчисине берилет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү
§1. Кыргыз Республикасынын Президенти менен өз ара аракеттенүүсү
117. Өкмөттүн, Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты (мындан ары - Президенттин Аппараты) менен өз ара аракеттенүүсү консультацияларды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
118. Консультациялар жазуу жүзүндө жана ооз эки болушу мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү консультациялар жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды, маалыматтарды жиберүү жолу менен жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү суроо-талаптар жана маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине же Президенттин Аппаратына Өкмөттүн атынан Премьер-министр тарабынан жиберилет.
Вице-премьер-министрлер Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Президенттин Аппаратына Өкмөттүн бланкында жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жана маалыматты жиберүүгө укуктуу.
Башка учурларда Премьер-министр, вице-премьер-министрлер суроо-талаптарды жана маалыматтарды өздөрүнүн бланкында жиберишет.
119. Президенттин Аппараты менен өз ара аракеттенүү Жогорку Кеңеш кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга келген эл аралык келишимдердин жана мыйзамдардын долбоорлоруна Өкмөттүн, тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун корутундуларын суроо, консультацияларды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.
120. Өкмөттүн Аппаратына Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга, эл аралык келишимдин долбооруна корутунду берүү үчүн суроо-талап келген учурда бул документтер бир күндүк мөөнөттө Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө берилет.
121. Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмү берилген документтерди тиркеп, жооптуу органды жана тапшырманы аткаруунун мөөнөтүн аныктоо менен сын-пикирлерди жана сунуштарды берүү үчүн аткаруу бийлигинин тиешелүү органына тапшырма жиберет.
Жооптуу орган аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынан алынган сын-пикирлердин жана сунуштардын негизинде корутундунун долбоорун даярдайт жана Өкмөттүн Аппаратына жиберет.
122. Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү Өкмөттүн корутундусунун долбоорун иштеп чыккандан кийин корутундуну андан ары Президенттин Аппаратына жиберүү үчүн Аппарат жетекчисине кол коюуга киргизет.
123. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан эл аралык келишимдерге кол коюуга, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрдү дайындоого Премьер-министрдин макулдугун берүү жөнүндө суроо-талап келген учурда бул макулдук Премьер-министр, ал эми ал жок болгон учурда биринчи вице-премьер-министр кол койгон кат түрүндө 3 күндүк мөөнөттө таризделет.
§2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракеттенүүсү
124. Өкмөт Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө (мындан ары - Туруктуу өкүл) ээ болот.
Туруктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү менен өз ара байланышта иштейт. Туруктуу өкүл Жогорку Кеңештин, фракциялар коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйындарына катышат, зарыл болгон учурда Өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн расмий өкүлдөрүнүн, фракциялардын коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйындарына чакырылган башка кызмат адамдарынын келүүсүн камсыз кылууда Жогорку Кеңештин Аппаратына көмөк көрсөтөт, ошондой эле каралып жаткан маселелер боюнча сунуштарды киргизет, түшүндүрмөлөрдү берет.
Расмий өкүлдүн, аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилеринин позициялары Жогорку Кеңештин, фракциялар коалициясынын, фракциялардын, комитеттердин, убактылуу комиссиялардын жыйынындагы өкүлдөрүнүн позициялары менен кайчы чыккан учурда Өкмөттүн туруктуу өкүлү айткан позициясы расмий позиция болуп эсептелет.
125. Туруктуу өкүл мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Өкмөт киргизген мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кеңештин комитеттеринин ишине катышат.
Өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген мыйзам долбоорлору жана корутундулары боюнча бардык токтомдорго Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн туруктуу өкүлү визасын коюуга тийиш.
126. Аткаруу бийлиги органынын жетекчилери Өкмөт демилге көтөрүп киргизген мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеште илгерилетүүдө жана кабыл алууда зарыл маалыматты берүү, Жогорку Кеңештин комитеттеринде мыйзам долбоорлорун кароого түздөн-түз катышуу, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды, консультацияларды жана кеңешмелерди өткөрүү, зарыл адистерди жиберүү ж.б. аркылуу Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн расмий жана туруктуу өкүлдөрүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилерин мыйзам долбоорлорун илгерилетүү жана кабыл алуу боюнча ишке тартуу Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги расмий жана туруктуу өкүлдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
127. Өкмөт мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте Жогорку Кеңештин чакыруусу боюнча жыйынга катышууга жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берүүгө милдеттүү.
Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган Өкмөт мүчөсү Премьер-министрге ал жөнүндө маалымат берет.
Жогорку Кеңештин жыйынына катышууга мүмкүн болбогон учурда Өкмөт мүчөсү өзүнүн катышпоосунун себеби жөнүндө Жогорку Кеңешке күн мурунтан жыйынга келиши жана коюлган суроолорго жооп бериши мүмкүн болгон кызмат адамын көрсөтүү менен маалымдайт.
Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан алардын карамагындагы маселелер боюнча кат жүзүндөгү кайрылуу жиберилген Өкмөт мүчөлөрү тийиштүү комитеттерге кат жүзүндөгү кайрылууларды кароонун натыйжалары жөнүндө жана кабыл алынган чаралар жөнүндө алар менен макулдашылган мөөнөттөрдө маалымдашат.
128. Өкмөттүн корутундуларын, оңдоп-түзөтүүлөрүн жана расмий кайра сурап алууларын даярдоо министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан даярдалат.
129. Жогорку Кеңештен Өкмөттүн макулдашуусуна финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл материалдар менен келип түшкөн мыйзам долбоору эки күндүк мөөнөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан корутундунун долбоорун даярдоо үчүн тийиштүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, аткаруу бийлигинин башка органдарына, анын ичинде Финансы министрлигине, Экономика министрлигине жана Юстиция министрлигине милдеттүү тартипте жиберилет, алар мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө мыйзам долбоорун корутунду берүү үчүн өздөрүнүн сунуштарын Өкмөттөгү негизги аткаруучуга жиберишет.
Финансылык-экономикалык негиздемеси жана башка зарыл материалдары жок Өкмөттүн корутундусуна келип түшкөн мыйзам долбоору Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңешке корутунду берүүгө мүмкүн эместигинин себептерин кабарлоо менен кайтарылып берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
130. Негизги аткаруучу корутунду берүү үчүн мыйзам долбоору жиберилген күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттө корутундунун долбоорун даярдоону же расмий кайра чакыртып алууну, аны макулдашууну жана Өкмөткө берүүнү камсыз кылат, ал эми көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду берүүгө мүмкүн болбогон учурда Жогорку Кеңеш менен мөөнөттү узартууну макулдашат жана жетишилген макулдашуу жөнүндө Өкмөткө кат жүзүндө маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине келип түшкөн мыйзам долбооруна корутунду берүүнүн мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө сунуш бул мыйзам долбоору сурап алууларын даярдоо же расмий корутунду үчүн жиберилген мамлекеттик органдын негиздүү себептеринин негизинде Премьер-министр, вице-премьер-министрлер же Аппарат жетекчиси тарабынан жиберилиши мүмкүн.
Өкмөткө Жогорку Кеңештен сын-пикирлери жана сунуштары, сурап алуулары менен келип түшкөн мыйзам долбоорлору 2 күндүк мөөнөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан Өкмөттүн расмий кайра сурап алууларынын долбоорлорун даярдоо үчүн тийиштүү аткаруу бийлиги органына жиберилет.
Өкмөттүн корутундуларынын, оңдоп-түзөтүүлөрүнүн жана расмий сурап алууларынын долбоорлорун даярдоо ушул Регламенттин 110 жана 129-пункттарында каралган тең аткаруучулардын материалдарды берүүсүнүн мөөнөттөрүн сактоо менен мыйзам долбоору Өкмөткө келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Эгерде Жогорку Кеңеш Өкмөт менен кыйла кыска мөөнөттү макулдашса, негизги аткаруучу тийиштүү долбоорлорду ыкчам даярдоону уюштурат.
131. Өкмөттүн корутундуларынын, оңдоп-түзөтүүлөрүнүн жана расмий кайра сурап алууларынын долбоорлору Өкмөткө аткаруу бийлигинин органынын жетекчилеринин же болбосо алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан гана Жогорку Кеңештен жана аткаруу бийлигинин кызыкдар органдарынан келип түшкөн бардык материалдарды тиркөө менен киргизилет.
Өкмөттүн корутундуларынын, оңдоп-түзөтүүлөрүнүн жана расмий кайра сурап алууларынын долбоорлору боюнча жөнгө салынбаган кайчы пикирлер Премьер-министрдин, ал эми ал жок учурда - тейлеген вице-премьер-министрдин кароосуна киргизилет, ал акыркы чечимди кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 409 токтомунун редакциясына ылайык)
132. Комитеттердин суроо-талаптары боюнча Жогорку Кеңешке аткаруу бийлик органдары берген материалдардын көчүрмөлөрү Туруктуу өкүлгө жиберилет.
133. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин депутаттык суроо-талапка жообунун долбоорун даярдоону алардын тапшырмасы боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү жана (же) аткаруу бийлигинин органдары камсыз кылат.
Депутаттын суроо-талабына жооп Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөттүн башка мүчөлөрү тарабынан оозеки (Жогорку Кеңештин жыйынында) же жазуу түрүндө суроо-талап алынган күндөн тартып 30 күн мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
Өкмөттүн компетенциясына кирбеген маселелерди камтыган Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талабы Аппарат жетекчисинин колу коюлган тиешелүү негиздеме менен депутаттарга кайтарылат.
134. Өкмөткө, Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге депутаттык суроо-талап жоопту даярдоо үчүн 3 күндүк мөөнөттө Өкмөттүн Аппараты тарабынан аткаруу бийлик органдарына жиберилет. Жооптун долбоору аткаруу бийлик органынын тийиштүү жетекчиси же анын орун басары тарабынан Өкмөттүн Аппаратына жазуу түрүндө депутаттык суроо-талап Өкмөткө келип түшкөн күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбей берилет.
Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин же Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча депутаттык суроо-талапка жооп депутаттык суроо-талап Өкмөткө келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө тийиштүү аткаруу бийлик органынын жетекчиси тарабынан берилип, кароонун жыйынтыгы жөнүндө Өкмөттүн Аппаратына кийин маалымат берилиши мүмкүн.
Депутаттык суроо-талаптардын жана жооптордун көчүрмөлөрү Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан депутаттык суроо-талаптарды эсепке алуу үчүн Жогорку Кеңештеги Өкмөттүн Өкүлчүлүгүнө жиберилет.
135. Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана комиссияларынын алардын карамагындагы маселелер боюнча Өкмөткө келип түшкөн Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге кайрылуулары Өкмөттүн Аппараты тарабынан аткаруу бийлиги органдарынын карамагындагы чөйрөлөргө ылайык жооп даярдоо жана берүү үчүн жиберилет.
Кайрылууларды кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү комитеттерге же комиссияларга алар менен макулдашылган мөөнөттө кабар берилет. Зарыл болгон учурда кабарлардын көчүрмөлөрү Өкмөткө жиберилет.
§3. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жана сот бийлигинин башка органдары менен өз ара аракеттенүүсү
136. "Кыргыз Республикасынын сотторунун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актыларына ылайык Өкмөт республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын соттордун ишин финансылык камсыз кылуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы менен өз ара байланышта иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директору республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун соттордун ишин финансылык камсыз кылуу бөлүгүндө кайчы пикирлерди четтетүү максатында талкууга катышат.
Кайчы пикирлер болгон учурда Өкмөт республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментинин директорунун сунуштарын киргизет жана өзүнүн корутундусун тиркейт.
137. Мыйзамдар же алардын айрым жоболору конституциялык эмес деп табылган учурда Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрөт.
Өкмөттүн актыларын же алардын айрым жоболорун тийиштүү соттор Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунда ылайык келбейт деп тапкан учурда Өкмөт көрсөтүлгөн актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат. Соттордун чечимдери Өкмөт тарабынан Өкмөттүн тийиштүү актылары таратылып берилген бардык органдарга жана уюмдарга токтоосуз түрдө кабарланат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25 токтомунун редакциясына ылайык)
138. Сотко Өкмөткө карата доо же башка талаптар коюлган учурда Өкмөт жетекчилиги же анын Аппараты сотто Өкмөттүн кызыкчылыктарын көздөш үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары - Борбор) же аткаруу бийлиги органына тапшырма берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
139. Пайда болгон талаш-тартышты чечүү үчүн сотко Өкмөттүн кайрылуусу зарыл болгон учурда Премьер-министрдин буйругу же болбосо тапшырмасы менен Борборго же аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарына (берилген талаптардын мүнөзүнө жараша) тийиштүү доо же башка талаптарды коюу жана сотто Өкмөттүн кызыкчылыгын көздөө тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын бардык сот инстанцияларындагы соттук жыйындарда Өкмөттүн кызыкчылыктарын көздөөгө, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде белгиленген өкүлдүн ыйгарым укуктарын аныктоо менен ишеним кат берүү укугу Борбордун директору, ал эми ал жокто - Борбордун директорунун орун басары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Сотто Өкмөттүн кызыкчылыктарын көздөө үчүн ишеним кат Өкмөттүн Аппаратынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана алардын карамагындагы органдардын (борбордук аппараттарда, аймактык жана башка органдарда) штатында турган адамдарга же болбосо ишке тартылган адвокаттарга, адистерге, эксперттерге, юридикалык компанияларга берилиши мүмкүн.
Соттогу Өкмөттүн өкүлү болуп саналган аткаруу бийлигинин органы сот чечимдерине даттануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө сотто ишти кароонун натыйжалары жөнүндө Өкмөткө билдирүүгө милдеттүү.
Өкмөткө коюлган талаптарды сот канааттандырган учурда (Кыргыз Республикасынын карыз милдеттенмелерине байланышкан доо жана башка талаптардан тышкары) аткаруу бийлигинин тийиштүү органы белгиленген тартипте кабыл алынган чечим жөнүндө токтоосуз түрдө билдирет, соттун чечимине даттануу жөнүндө сунушту киргизет, ал эми соттун чечими күчүнө киргенден кийин - аны аткаруу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизет.
Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо маселелерин координациялоочу бир бүтүн орган болуп эсептелет. Борбордун мамлекеттик органдар менен болгон өз ара аракеттенүү тартибин Өкмөт аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
140. Өкмөткө коюлган, Кыргыз Республикасынын карыз милдеттерине байланышкан доо же башка талаптарды соттун кароосунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат Өкмөткө, эгерде сот процессинде кийинкиге калтырууга болбой турган жагдайлар пайда болбосо отчеттук жарым жыл ичинде каралган бардык иштер боюнча январдан же июлдан кечиктирилбей жиберилет.
§4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү
141. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
142. Өкмөттүн эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
143. Өкмөттүн иши жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалымат алуусу жана жалпы пайдаланылуучу маалыматтык тутумдарында Өкмөттө каралуучу маселелер жана материалдарды жайгаштыруу тартиби жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик бийлик органдарынын ишин чагылдыруу тартиби жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
144. Өкмөттүн Аппаратынын карамагында турган маалыматты жеке жана юридикалык жактардын алуусу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
145. Өкмөттүн жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Өкмөттүн Аппараты жөнүндө жободо аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Кайрылууларды жана суроо-талаптарды кароонун маселелери
146. Өкмөткө келген кайрылуулар Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан кайрылуунун предмети боюнча карап чыгуу жана ыйгарым укуктарына жараша чечимдерди кабыл алуу үчүн аткаруу бийлигинин органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.
147. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары кайрылууларды "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте карашат.
148. Кайрылууда эки же андан кеп аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин маселелери камтылса, кайрылуу аткаруу бийлигинин ушул органдарына кайра жөнөтүлөт.
Кайрылуу эки же андан көп аткаруу бийлигинин органына кайра жиберилсе, эгерде тапшырманын өзүндө уюштуруу үчүн жооптуу орган көрсөтүлбөсө, кайрылууну караган орган каралып жаткан маселе боюнча өзүнүн жообунун бөлүгүн жөнөтүү барагында биринчи жазылган мамлекеттик органга жиберет.
Уюштуруу үчүн жооптуу орган арыз ээсине жооп жибергенде жооптун көчүрмөсүн тиркеп Өкмөттүн Аппаратына кароонун натыйжалары жөнүндө билдирет.
149. Айрым учурларда аткаруу бийлигинин органы арыз ээси менен, башка адамдарды чакырып жолугушууларды өткөрүү, жумушчу жана эксперттик топторду түзүү жолу менен кайрылууну карашы мүмкүн.
150. Өкмөттүн же ага баш ийген мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар келген учурда бул кайрылуулар аткаруу бийлигинин тутумуна кирбеген тиешелүү башка мамлекеттик органдарга маңызы боюнча карап чыгуу үчүн кайра жиберилет.
151. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана аткаруу бийлигинин башка органдарына келген кайрылуулар ушул Регламентте каралган эрежелер боюнча каралат.
152. Министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, чарбакер субъекттерден жана башка юридикалык жактардан Өкмөттүн Аппаратынын компетенциясына кирбеген кайрылуулар келген учурда бул кайрылуулар кабыл алынбайт жана тейлеген чөйрөсүнө жараша жана маңызы боюнча карап чыгуу үчүн аткаруу бийлигинин органдарына кайра жиберилет.
153. Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөттүн актыларын, Өкмөттүн башка чечимдерин кабыл алуу жөнүндө сунуштарды камтыган кайрылуулары министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана аткаруу бийлигинин башка органдарына тийиштүү аткаруу бийлиги органдарынын карамагындагы чөйрөгө ылайык жөнөтүлөт. Көрсөтүлгөн органдар кайрылууларды иштеп чыгууну жүргүзүшөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алышат, зарыл болгон учурда Өкмөттүн чечимин талап кылган актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Өкмөткө киргизишет жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз ээлерине маалымат беришет.
154. Бюджеттик каражатты кошумча бөлүп берүү жөнүндө өтүнгөн, анын ичинде республикалык бюджетте каржылоо каралбаган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө кайрылуулар жана каттар өзгөчө, согуштук абалдары киргизилген, бөөдө кырсык же табигый катаклизм болгон учурларды кошпогондо Өкмөт тарабынан каралбайт.
155. Өкмөт өзүнүн компетенциясынын чегинде "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жарандарын кайрылууларын кароону камсыз кылат.
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана Өкмөттүн Аппаратынын расмий электрондук дарегине (расмий сайтына) келип түшкөн электрондук кайрылуулар арыз берүүчүгө бул жөнүндө андан аркы билдирүү менен катталууга тийиш.
Жарандардын келип түшкөн кайрылуулары аларды каттаган күндөн тартып 14 иш күндүн ичинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары тарабынан каралат.
Жарандардын Өкмөткө келип түшкөн кайрылуулары менен иштөөнү Өкмөттүн Аппараты уюштурат. Мазмунуна жана маселенин мүнөзүнө жараша кайрылуу Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге (милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык) же Аппарат жетекчисине билдирилет же болбосо Өкмөттүн Аппараты тарабынан кайрылууда коюлган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдарга же аткаруу бийлиги органдарына кароо жана арыз ээлерине жооп берүү үчүн жиберилет.
Эгерде жарандардын кайрылууларын чечүү үчүн атайын текшерүү (экспертиза) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болсо, даттанууларды чечүү мөөнөтү өзгөчө тартипте, бирок 30 календардык күндөн көп эмес узартылышы мүмкүн. Бул жөнүндө чечим мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилери, кызмат адамдары же ушуга ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан кабыл алынат жана жазуу (электрондук) жүзүндө арыз берүүчүгө билдирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-январындагы N 25, 2016-жылдын 29-июлундагы № 420 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
156. Өкмөттүн Аппараты Өкмөткө келип түшкөн жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын изилдейт жана жалпылайт, бул иштин абалы жөнүндө Өкмөттүн жетекчилигине маалымдайт. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин же Аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча айрым министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо, аларды кабыл алуу боюнча ишин дайыма текшерет жана бул иште аныкталган кемчиликтерди четтетүү жөнүндө сунуштарды даярдайт.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы