Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилсин |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнүн методикасын бекитүү жөнүндө" токтому: 1) жөнгө салуу предмети ишкердин субъекттеринин ишине жана өнүгүшүнө ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү тартиби болуп саналат; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы акты менен укуктук жөнгө салуунун зарылчылыгы жана негиздүүлүгү ишкердик субъекттеринин ишине жана өнүгүшүнө ченемдик укуктук актылардын, жөнгө салуучу таасирин талдоону өткөрүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук актынын жоктугу менен шартталган; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси менен жөнгө салынган (Ишкердикти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Методикага ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлөт). |
Мисал:
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
® Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Т.Туманов жана Г.А.Скрипкина демилге кылган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын. 2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
|
Мисал: Бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: |
Мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууда колдонулуучу Атайын каражаттардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. |
Мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: (1-пункттун 1-пунктчасы); - 9-пунктундагы "322" жана "247" деген цифралар тиешелүү түрдө "247" жана "172" деген цифралар менен алмаштырылсын; (1-пункттун 1-пунктчасынын экинчи абзацы); 2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде: (1-пункттун 2-пунктчасы); - 13-пунктундагы "1425" жана "918" деген цифралар тиешелүү түрдө "1520" жана "987" деген цифралар менен алмаштырылсын. (1-пункттун 2-пунктчасынын экинчи абзацы). 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги: 1) бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалар сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашсын; 2) өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн. 3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. |
1-мисал: 8. 1995-жылдын 1-январынан тартып балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулду төлөп берүү социалдык жардамдын түзүлүүчү бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылары белгиленсин. Ишканалар, уюмдар жана мекемелер аталган жөлөкпулду эсептөө жана төлөп берүү иш-милдетинен бошотулсун. (8-пункттун биринчи абзацы). Балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпул төлөп берүү, нан жана нан азыктарына компенсациялык төлөөлөр боюнча ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге чыгымдардын ордун толтуруп берүү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен социалдык жардамдын райондук, шаардык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлсүн. (8-пункттун экинчи абзацы). 1995-жылдын 1-январына чейин балалуу үй-бүлөлөргө жөлөкпулдун туура белгиленишин жана төлөнүшүн, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан ишке ашырылуучу компенсациялык төлөөлөрдү контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине жана социалдык жардамдын жергиликтүү органдарына жүктөлсүн. (8-пункттун үчүнчү абзацы). 2-мисал: 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускаманы жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак-оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби жөнүндө нускамага: (1-пунктчанын биринчи абзацы); - 3-главанын аталышы "пайдалануусун" деген сөздөн кийин ", берүүсүн" деген сөз менен толукталсын; (1-пунктчанын экинчи абзацы); - 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: (1-пунктчанын үчүнчү абзацы); "40. Найы сайлуу мергенчилик дүрмөттүү куралды "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган адамдар сатып алуу укугуна ээ."; 2) жогоруда аталган Нускамага 11-тиркемеде: (2-пунктчанын биринчи абзацы); - "мергенчилик билет" деген сөздөр "мамлекеттик мергенчилик күбөлүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын; (2-пунктчанын экинчи абзацы); - расмий тилдеги текстте "выданный" деген сөз "выданное" деген сөз менен алмаштырылсын. (2-пунктчанын үчүнчү абзацы). |
Мисал: 5-глава. Укуктар жана милдеттер |
Мисал: 5-глава. Жерге укуктук мамилелер § 1. Жерге укуктук мамилелерди укуктук жөнгө салуунун айрым аспектилери жөнүндө |
Мисал: 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик электрондук кызматтарды көрсөтүү тартиби |
Мисал: 2-тиркеме 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
|
Мисал: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" жарлыгы. |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты. |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Президенти; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы. |
Мисал: Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары. |
1-мисал: 2016-жылдын 1-январы; 2016-жылдын IV кварталында; 2015-жылы. 2-мисал: 01.01.2016-ж. |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо: - 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.". |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу |
1-мисал: "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2-мисал: Жер пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 3-мисал: Аткаруучулук тартиптин жоопкерчилигин көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: |
Мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-декабрындагы № 865 "Банкроттонуу ишинин жол-жобосун колдонуу тартиби жөнүндө Эрежелерди бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттонуу ишинин жол-жобосун колдонуу тартиби жөнүндө эрежелерде: |
1-мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 "Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтомго 1-тиркемеде: 2-мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 150 "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын; |
Мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жободо: - 80-пункттагы ", жер астындагы сууларды алуунун" деген сөздөр алып салынсын; - расмий тилдеги текстинин 83-пунктундагы "не" деген сөз "на" деген сөз менен алмаштырылсын; 2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо: - 6-пункттун 3-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) аймагында жер казынасын пайдалануунун объекти жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын башчылары. Ошол эле учурда төмөнкү адамдар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:"; 3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо: - 18-пункттун биринчи абзацы "апробацияланган" деген сөздөн кийин "жана эсепке алынган" деген сөздөр менен толукталсын; - 22-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз ээлери менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;". |
Мисал: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергетика жана өнөр жай министрлиги жөнүндө жободо: - 18-пункту күчүн жоготту деп таанылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жободо: 16-пунктундагы "иштейт" деген сөз "түзүлөт" деген сөз менен алмаштырылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жободо: - 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-абзац менен толукталсын: "Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.". 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо: - 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "20. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.". |
Мисал: - 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "25. Иши каралган адам чечимге административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.". |
Мисал: - 10-пункттун экинчи-алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өтүнүчкө, төмөнкүдөй документтер же алардын көчүрмөлөрү болгон учурда кошо тиркелет: - өзгөчө кырдаал абалы киргизилген же куралдуу кагылыштар, жапырт баш аламандык, экологиялык коогалаң болгон аймакта жарандын туруктуу жашаган фактысын ырастоочу документтер; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы он алтыга жете электер үчүн; - никеге туруу же ажырашуу жөнүндө күбөлүк; - пенсиялык күбөлүк.". |
Мисал: - 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в-1" пунктчасы менен толукталсын: "в-1) ачыктык;". |
1-мисал: - 9-пункттун "а" пунктчасынын бешинчи абзацында "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-мисал: - 3-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Коомдук компаниянын жылдык отчетунун кыска баяндамасы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.". |
1-мисал: - 138-пункт "тапшырма жөнөтөт" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборуна (мындан ары - Борбор) же" деген сөздөр менен толукталсын. 2-мисал: - 3-пунктунун "а"-пунктчасы "ичинде" деген сөздөн кийин "5" деген цифра менен толукталсын. |
Мисал: - 1-пунктта: төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын: "Ушул Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу жөнүндө жобо (андан ары - Жобо) "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын жаранын аргасыз мигрант деп таануу, ошондой эле аргасыз мигрант статусун токтотуу жөнүндө өтүнүчтөрдү кароо жана чечимди кабыл алуу тартибин аныктайт."; "в)"-пунктчасында "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөр "коргоо, ички иштер жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын. |
Мисал: - 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын. |
Мисал: - 4-пунктунун "а"-пунктчасынын биринчи абзацы, 4-пункттун "б"-пунктчасы жана 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын. |
Мисал: - 4-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын. |
1-мисал: - 2-пункттун "а"-пунктчасындагы ", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген" деген сөздөр алып салынсын. 2-мисал: - 15-пункттагы "берилет" деген сөздөн мурдагы "5 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр алып салынсын. |
1-мисал: - 55-пункттун "Өкмөттүн Аппаратына долбоорду киргизүү мөөнөтү" графасында "III" деген цифра "IV" деген цифрага алмаштырылсын. 2-мисал: - 2.1.3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
|
Мисал: - "Коррупцияга каршы саясат" деген 1-главанын "Жооптуу аткаруучу" графасынын 4.2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги" деген сөздөр алып салынсын. |
1-мисал: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. 2-мисал: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2009-2011-жылдарга Кыргыз Республикасында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын. |
1-мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-апрелиндеги № 260 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү буудай унуна сезондуу ташып келүү (импорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу 2-мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин пландоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө |
Мисал: 1. Күчүн жоготту деп таанылсын: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 41 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-июнундагы № 420 "Банкроттук боюнча ведомстволор аралык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому. |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 809 "2007-жылга Кыргыз Республикасындагы статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 68-пункту. |
Мисал: 1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 2-ноябрындагы № 532 "Эл аралык практикада кабыл алынган эсепке алуу жана статистика системасына Кыргыз Республикасынын өтүшүнүн Мамлекеттик Программасын ишке ашыруу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 17-майындагы № 214 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 1995-жылга статистикалык иштеринин Программасын бекитүү жөнүндө" токтому; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-сентябрыгдагы № 376 "Кыргыз Республикасынын эл аралык практикада кабыл алынган рынок экономикасын өнүктүрүүнүн талаптарына ылайык эсеп системасына жана статистикасына өтүшүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө" токтому; 4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 20-декабрындагы № 551 "1996-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому; 5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-августундагы № 407 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 6-сентябрындагы № 376 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эл аралык практикада кабыл алынган эсепке алуу жана статистика системасына өтүү мамлекеттик программасынын иш-чараларын министрликтердин, административдик ведомстволордун ишке ашырууларынын жүрүшү жөнүндө" токтому. |
Мисал: 1. Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-июлундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар жөнүндө" токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-февралындагы № 111 "2000-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуу жөнүндө" токтому. 2. 2012-жылдын 1-октябрынан тартып жоготту деп таанылсын: 1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-февралындагы № 111 "2000-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмесинин ортосундагы Башкы макулдашуу жөнүндө" токтому; 2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-сентябрындагы № 720 "Айыл калкын 2010-жылга чейин социалдык өнүктүрүү, социалдык мобилизациялоо жана адамдык потенциалды күчөтүү" чараларынын пакетин бекитүү жөнүндө" токтому. |
Мисал: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобонун 1-тиркемесинин 6-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын. |
Мисал: 4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат |
Мисал: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-MAAЛЫМKAT |
Мисал: 1. Максат жана милдет Ушул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Салык карызын өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына шайкеш келтирүү болуп саналат. |
Мисал: 2. Баяндоочу бөлүк 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын кабыл алуу менен мыйзамдардын жеткилең иштелбей калышын жана ведомстволук кызыкчылыктарды лоббирлөөнү болтурбас максатында министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ болгон субъектилерден чыгарылган. Ошол эле учурда аталган ченемдик укуктук актынын 8-беренесинде ченем жаратуу органдары ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүн кошпогондо, өзүнүн ченем жаратуучулук ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укуктуу экендиги айтылган. Ошентип, Мыйзам ченем жаратуу субъектилерине башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын жеке баалоосунун негизинде тиешелүү чектерди аныктоо менен өзүнүн ченем жаратуучулук ыйгарым укуктарын өткөрүүгө жол берген. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 10-июнундагы № 246 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жана анын механизмдерин аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин иштеп чыгуу маселеси боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Ошентип, министрликтердин жана ведомстволордун өздөрүнүн сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын айрым мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүнүн бекитилишин жана мындай өткөрүп берүү Тартибинин бекитилишин караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору даярдалган. Бул токтом долбоорун кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт. |
Мисал: 3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. |
Мисал: 4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына 2015-жылдын 18-майында коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн жайгаштырылган. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок. |
Мисал: 5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү Берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт. |
Мисал: 6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтом долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт. |
Мисал: 7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес. |
Мисал: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна салыштырма таблица |
Мисал:
|
Мисал: | |
Колдонулуудагы редакция | Сунушталган редакция |
7. Жаран, аны аргасыз мигрант деп таануу үчүн, экологиялык катастрофа, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашынын, күтүлбөгөн кырсыктардын, чоң кыйроолордун, куралдуу кагылыштардын же массалык баш-аламандыктардын себебинен өзүнүн жашаган жерин таштап кеткенден беш жумушчу күндүн ичинде өзү же ишенимдүү өкүлү аркылуу белгиленген формадагы расмий өтүнүч менен (1-тиркеме) өзүнүн жаңы келген жериндеги миграциялык кызмат органдарына кайрылууга милдеттүү. | 7. Жаран, аны аргасыз мигрант деп таануу үчүн, экологиялык катастрофа, айлана-чөйрөнүн кескин начарлашынын, күтүлбөгөн кырсыктардын, чоң кыйроолордун, куралдуу кагылыштардын же массалык баш-аламандыктардын себебинен өзүнүн жашаган жерин таштап кеткенден беш жумушчу күндүн ичинде өзү же ишенимдүү өкүлү аркылуу белгиленген формадагы расмий өтүнүч менен (1-тиркеме) өзүнүн жаңы келген жериндеги миграциялык кызмат органдарына кайрылууга милдеттүү. |
7-1. Жүйөлүү себептери бар жаранга миграциялык кызмат органы жогорудагы өтүнүч менен кайрылуу үчүн мөөнөттөрдү узартышы мүмкүн. |
Мисал: | |
Колдонулуудагы редакция | Сунушталган редакция |
4. Жаран, аны аргасыз мигрант деп таануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Өзгөчө кырдаал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө чечимин же алардын өмүрү, саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн коркунуч туудурган жерлерден жарандарды көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин кабыл алуусу миграция кызматынын органдарына кайрылууга негизи болуп саналат. | Күчүн жоготту деп таанылды |
Мисал: | |
Колдонулуудагы редакция | Сунушталган редакция |
5.2.4. Айрым көргөзмөлөрдө министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коллективдүү уюштуруучулар боло алат, бул учурда алар көргөзмөнүн "тең уюштуруучулары" деп аталышат. | 5.2.4. Айрым көргөзмөлөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коллективдүү уюштуруучулар боло алышат, бул учурда алар көргөзмөнүн "тең уюштуруучулары" деп аталышат. |
Мисал: | |
Колдонулуудагы редакция | Сунушталган редакция |
3. Аргасыз мигранттардын документтери менен иштөө жана алардын эсебин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти бекитүүчү Нускама менен аныкталат. | 3. Аргасыз мигранттардын документтери менен иштөө жана алардын эсебин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Нускама менен аныкталат. |
Мисал: | |
Колдонулуудагы редакция | Сунушталган редакция |
13.2. Бүткүл дүйнөлүк жана ири эл аралык көргөзмөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды, экспоненттердин каражатын жана башка булактарды тартуу менен каралат. | 13.2. Бүткүл дүйнөлүк жана ири эл аралык көргөзмөлөргө Кыргыз Республикасынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар демөөрчүлүк каражаттарды, экспоненттердин каражатын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактарды тартуу менен каралат. |
Мисал: | |
Колдонулуудагы редакция | Сунушталган редакция |
10.1.4. Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңке ишине жетекчилик кылат жана көргөзмө-жармаңке иш-чараларын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун сакталышын контролдойт | 10.1.4. Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңке ишине жетекчилик кылат; |
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо