25 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясы Мыйзамы


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2012-жылдын 18-июну N 85
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө
 
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 150, 2013-жылдын 19-июлундагы N 151, 2013-жылдын 30-декабрындагы № 228, 2014-жылдын 24-майындагы № 75, 2016-жылдын 15-июлундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин уюштурууну жана анын тартибин аныктайт.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Өкмөттүн укуктук статусу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
2. Өкмөт коллегиалдуу орган болуп саналат, Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү тутумуна башчылык кылат жана анын ишин жетектейт.
3. Өкмөт өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция), мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан бекитилген Өкмөттүн ишинин программасынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жүзөгө ашырат.
2-берене. Өкмөттүн ишинин негизги принциптери
Өкмөт өз ишинде төмөнкүдөй негизги принциптерге негизденет:
1) мыйзамдын үстөмдүгүнө;
2) коллегиалдуулукка, Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жеке жоопкерчилигине;
3) демократияга жана коомдук пайдалуулукка;
4) мамлекеттик органдардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда функциялардын жана ыйгарым укуктардын ажыратылышына;
5) айкындуулукка жана ачыктыкка;
6) Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында өз иши үчүн жоопкерчиликке жана отчет берүүчүлүккө.
2-глава
Өкмөттүн түзүмү, курамы жана программасы. Өкмөттү түзүүнүн тартиби
3-берене. Өкмөттүн түзүмү жана курамы
1. Өкмөттүн курамына министрликтер жана мамлекеттик комитеттер кирет.
2. Өкмөт Премьер-министрден, биринчи вице-премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.
3. Түзүмү жана курамы Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Өкмөттүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-министр тарабынан демилге кылынат жана Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
4. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Өкмөттүн программасы
1. Өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген иш программасын жетекчиликке алат.
2. Өкмөттүн ишинин программасы (мындан ары - программа) Өкмөттүн мамлекеттик саясатынын негизги болуп саналат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер тарабынан Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө берилген программада мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттары аныкталат. Программада өлкөнүн учурдагы абалы, негизги артыкчылыктары жана өнүгүү проблемалары; программаны ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери; ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана каржылык камсыз кылынуусу; күтүлгөн натыйжалары чагылдырылат.
3. Программаны расмий жарыялоого чейин 30 күндүн ичинде Өкмөт программаны парламенттик көпчүлүккө кирген партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эске алуу менен, ушул конституциялык Мыйзамдын 10-беренеси менен белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каржылык камсыз кылууну тактайт, аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тутумун иштеп чыгат.
4. Программа Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Программаны өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-министр тарабынан демилге кылынат, Жогорку Кеңеште каралат жана токтом менен бекитилет.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн жана Өкмөттү түзүүнүн тартиби
1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса, фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.
5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрдин жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.
Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрдин жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.
6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.
7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.
6-берене. Коалициялык макулдашуу
1. Парламенттик фракциялар коалицияга биригиши мүмкүн. Коалицияга кирүү жөнүндө же коалициядан чыгуу тууралуу чечимди фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин макулдугу менен фракциянын жетекчиси (лидери) кабыл алат.
2. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан депутаттардын жарымынан ашыгына ээ болгон фракциялардын коалициясы көпчүлүктүн коалициясы (мындан ары - коалиция) болуп саналат.
3. Коалицияны түзүү коалициялык макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат. Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) коалициянын - фракциялардын катышуучулары;
2) ар бир катышуучунун - фракциянын депутаттарынын жалпы санынын суммасы катары коалициянын депутаттарынын жалпы саны;
3) парламенттик көпчүлүк катары коалициянын статусу;
4) коалициянын ишинин программасы;
5) коалициянын жетекчи органдары;
6) коалициянын регламенти;
7) мыйзамдарга каршы келбеген башка шарттар.
4. Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр да аныкталат:
1) Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер;
2) Өкмөттүн ишинин программасынын негиздери;
3) Өкмөттүн түзүмү;
4) Өкмөттүн Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, мүчөлүгүнө талапкерлер. Анда ошондой эле администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин кызмат ордуна талапкерлер аныкталышы мүмкүн.
5. Президент жана Премьер-министр тарабынан дайындалуучу кызматтар (коалициялык макулдашууда администрациялык ведомстволордун жетекчилери аныкталган учурда, Өкмөттүн курамынан тышкары) коалициялык макулдашуунун негизи болушу мүмкүн эмес.
6. Коалициялык макулдашуу расмий жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Коалициялык макулдашуунун жарыяланбаган бөлүгү таанылбайт жана юридикалык күчкө ээ эмес.
7. Өкмөттүн түзүмүнө, курамына жана программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү коалициялык макулдашууга тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин Премьер-министр тарабынан демилге кылынат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Өкмөттүн мүчөлөрүнүн анты
1. Өкмөттүн курамы түзүлгөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү төмөнкүдөй мазмундагы ант беришет.
"Мен ....... Кыргыз Республикасынын ...... кызматына киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилип аткарууга жана Кыргызстандын элине кызмат кылууга ант беремин. Берген антымды бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын".
2. Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн анты Жогорку Кеңештин имаратында Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда берилет.
3. Бош кызмат ордуна дайындалган Өкмөт мүчөсү дайындалган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен ант берет.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жетекчилери үчүн белгиленген чектөөлөр
1. Премьер-министр, Өкмөт мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси болуп төмөнкүдөй адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган;
2) башка мамлекеттин жараны болуп саналган;
3) жогорку билими болбогон;
4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган, же болбосо ага карата соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;
5) мыйзамдар менен белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар.
2. Өкмөт мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси төмөнкүлөргө укуксуз:
1) Жогорку Кеңештин же башка шайлануучу органдын депутаты болууга;
2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлөөгө;
3) ишкердик иш жүргүзүүгө, мыйзамдар менен каралган учурлардан башка, коммерциялык уюмдун жетекчи же байкоочу органынын курамына кирүүгө;
4) мамлекеттик бийлик органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;
5) кызматтык иштерге гана арналган маалыматты, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
6) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөргөн учурда, жөнөкөй сувенирлерди кошпогондо, кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен байланышкан аракеттерди же аракетсиздикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн белектер, акчалар жана кызматтар түрүндөгү сый акыларды жеке жана юридикалык жактардан алууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдар менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттердин органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашуу боюнча өз ара негизде жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларын албаганда, жеке жана юридикалык жактардын эсебинен кызматтык иш сапарларына жана башка кыдырууларга чыгууга;
8) эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара негизде макулдашууларында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоочу кеңештеринин курамына кирүүгө;
9) мамлекеттик кызматчынын өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандары болуп саналган адамдардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү болгон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга.
3. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси көрсөтүлгөн кызматка кирген күндөн тартып бир айдын ичинде коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы өз менчигинде турган үлүшүн (акциялардын пакетин) Өкмөттүн мүчөсүнүн кызматында болгон убакка ишенимдүү башкарууга мыйзам менен белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө милдеттүү.
4. Жеке кызыкчылыктардын Өкмөттүн мүчөсүнүн, администрациялык ведомствонун жетекчисинин милдеттеринен ашып түшүүсүнө (кызыкчылыктардын кагылышуусу) жол берилбейт. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого милдеттүү.
5. Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси дайындалган күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Өкмөттүн мүчөсүнүн, администрациялык ведомствонун жетекчисинин кызматы менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктар менен милдеттерди өткөрүп берүүгө тийиш.
6. Ушул берене менен белгиленген талаптар бузулган учурда Өкмөттүн мүчөсү, администрациялык ведомствонун жетекчиси ушул конституциялык Мыйзам менен каралган тартипте ээлеген кызматынан бошотулат.
9-берене. Өкмөттүн мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери
1. Өкмөттүн мүчөсү өз милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан пикирлери үчүн же Өкмөттүн жыйналышындагы добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтуктоого, анын ичинде отставкага кеткенден кийин да дуушар болушу мүмкүн эмес. Бул кепилдик Өкмөттүн мүчөсү белгиленген тартипте кабыл алынган Өкмөттүн чечимдерин аткарбаган учурларга карата колдонулбайт.
2. Өкмөттүн мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен акчалай сый акы алат, мыйзамдар менен белгиленген тартипте медициналык тейлөө жана социалдык - турмуш-тиричилик кызматтары менен камсыз кылынат.
3. Өкмөттүн мүчөсү Өкмөт тарабынан белгиленген учурларда жана шарттарда иш берүүчүнүн кызматтык турак жайына укуктуу. Өкмөттүн мүчөсү кызматтык турак жайды Өкмөттүн мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө бошотот.
4. Өкмөттүн отставкасынын натыйжасында кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү, ишеним көрсөтпөөгө же ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланыштуу Өкмөт отставкага кеткен учурларды кошпогондо, эки орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат.
5. Эгерде кызматынан бошотулган Өкмөттүн мүчөсү жаңы Өкмөттүн курамынын мүчөлүгүнө же болбосо администрациялык ведомствонун жетекчилигине дайындалса, ушул берененин 4-бөлүгү менен каралган компенсация төлөнбөйт.
6. Кызматтык ишин аткаруу менен байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу болгондо, Өкмөттүн мүчөсүнө мамлекеттик коргоо камсыз кылынат. Зарыл болгондо Өкмөттүн мүчөсүнүн жубайына жана жакын туугандарына карата да коопсуздук чаралары колдонулушу мүмкүн.
Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби Өкмөттүн чечими менен белгиленет.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151, 2016-жылдын 15-июлундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-глава
Өкмөттүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги
(Главанын аталышы КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Өкмөттүн ыйгарым укуктары
1. Өкмөт:
1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;
3) Өкмөттүн программасын ишке ашырууда өнүгүү концепцияларын жана программаларын бекитет;
4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
5) мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
6) бюджеттик-финансылык, баа, тариф, инвестициялык, тышкы экономикалык, салык жана бажы саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
7) социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясатында, маданият, көркөм өнөр, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңчилик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер байлыктарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тоолуу аймактар жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
8) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылат; эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат; ушундай келишимдерди узартат же болбосо бузат; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары жерлерде коргойт; Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелеринин өнүгүшүн камсыз кылат;
9) чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;
10) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке киргизет жана анын аткарылышын камсыз кылат; Жогорку Кеңешке республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет;
11) менчиктин бардык түрлөрүнүн өнүгүшүнүн тең шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
12) мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүүнү уюштурат;
13) объекттерди, мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын башкаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
14) жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
15) тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
16) техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат; экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат, ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн, жумуш жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;
17) бирдиктүү монополияга каршы жана атаандаштык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
18) экономикалык мейкиндиктин жана экономикалык иштин эркиндигинин бирдиктүүлүгүн, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансы каражаттарынын эркин өтүп турушун камсыз кылат;
19) республиканын экономикалык жана финансы тутумун чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
20) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;
21) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт; мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
22) Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте карала турган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;
23) Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдеттүү токтомдорду жана тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
24) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн же анын киреше бөлүгүнүн кыскарышын караган мыйзамдардын долбоорлоруна каржылоо булактарынын бар экендиги жөнүндө расмий корутундуларды берет;
25) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө отчетторун угат;
26) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемасын жана чектик штаттык санын бекитет;
26-1) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмүн, штаттык санын бекитет;
26-2) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү институтун түзөт;
27) консультациялык-кеңеш берүү органдарын түзөт;
28) эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобону жана аларды өнүктүрүү программаларын бекитет;
29) Өкмөттүн Ардак грамотасын жана башка өкмөттүк сыйлыктарды түзөт, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;
30) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөө шарттарын аныктайт;
31) аскердик наамдарды жана атайын наамдарды ыйгаруу тартибин аныктайт;
32) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын актыларын жокко чыгарат;
33) Жогорку Кеңештин кезексиз сессияларын чакыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына сунуштарды киргизет;
34) мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун уюштурат;
35) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
36) Конституция, ушул конституциялык Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.
2. Конституция менен Президенттин жана Жогорку Кеңештин компетенциясына таандык болгон, ошондой эле Конституция жана мыйзамдар менен соттордун, башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык болгон маселелерден тышкары, Өкмөт мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы N 12-р чечими
11-берене. Өкмөттүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча иши
1. Өкмөт Конституцияны, мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну камсыз кылат, өзүнө баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
2. Ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
3. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Өкмөттүн жоопкерчилиги
1. Өкмөт Жогорку Кеңешке отчет берет жана Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен каралган чектерде анын алдында жооптуу болот.
2. Премьер-министр Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасынын алкагында Өкмөттүн өткөн жылдагы иши жөнүндө, анын ичинде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кеңешке жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен берет.
3. Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча карашы мүмкүн.
4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектеги шайлоого чейин 6 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан каралышы мүмкүн эмес.
6. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө билдирилгенден кийин Президент Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди 3 айдын ичинде кайталап кабыл алса, Президент Өкмөттү отставкага кетирет.
13-берене. Өкмөттүн отставкасы
1. Өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:
1) фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондо;
2) Конституцияда каралган учурларда, Жогорку Кеңешке шайлоолор мөөнөтүнөн мурда дайындалганда;
3) Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы кабыл алынганда;
4) Президент тарабынан Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынганда;
5) Конституцияда каралган тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынганда;
6) ушул беренеде каралган тартипте, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартышына байланыштуу Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим Президент тарабынан кабыл алынганда.
2. Өкмөт отставкага кеткен учурда ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө жаңы Өкмөт түзүлөт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, Президент фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде фракциялардын бирине 15 жумуш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан же ал тарабынан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы кабыл алынгандан тартып 15 күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.
3. Премьер-министр Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына жылына бир жолудан ашык эмес коюшу мүмкүн.
Премьер-министрдин Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселеси Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.
Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына Премьер-министр тарабынан демилге көтөрүлгөн Жогорку Кеңештин айкын чечиминин долбоору менен байланышта коюлушу мүмкүн. Бул учурда Премьер-министр сунуш кылган чечимди Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбагандыгы Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартуу деп эсептелет.
Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына республикадагы жалпы саясий кырдаалга негизденүү менен коюлушу мүмкүн.
Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
4. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отставкасына алып келет.
Өкмөттүн отставкасы учурунда Өкмөттүн мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта берет.
Отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү дайындалган күнү Президенттин жарлыгы менен өз милдеттерин аткаруудан бошотулат.
5. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-глава
Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби
14-берене. Өкмөттүн жыйналыштары
1. Өкмөттүн жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Өкмөттүн жыйналышынын күн тартибин Премьер-министр аныктайт.
2. Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жыйналыштарына катышат жана өзү добуш берет. Өкмөттүн жыйналышына төрагалык кылуучунун чечими боюнча башка адамдар да чакырылышы мүмкүн.
3. Өкмөттүн жыйналыштарына Премьер-министр төрагалык кылат. Премьер-министр болбогондо төрагалык кылуучунун милдеттерин биринчи вице-премьер-министр же вице-премьер-министрлердин бири аткарат.
4. Өкмөт айрым маселелерди өзүнүн жабык жыйналыштарында кароого укуктуу.
5. Эгерде ага Өкмөттүн мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Өкмөттүн жыйналышы ыйгарым укуктуу болот.
6. Өкмөттүн жыйналышында чечимдер Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда Премьер-министр добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
7. Өкмөттүн жыйналыштарын даярдоонун, өткөрүүнүн жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби Өкмөт тарабынан бекитилүүчү Өкмөттүн Регламенти менен аныкталат.
8. Өкмөт өз жыйналыштарында карала турган жана алар боюнча чечим кабыл алынган маселелер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымдайт.
8-1. Өкмөттүн ачык жыйналышынын видео- жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө, кыскартылбай жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына шилтемелерди милдеттүү жайгаштыруу менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыяланат. Өкмөттүн жыйналышынын видео- же аудио жазып алууларын белгиленген мөөнөттө жарыялоо мүмкүнчүлүгү болбогондо Өкмөттүн Аппараты жазып алуулар жарыялана турган мөөнөт жөнүндө маалымат жарыялайт.
Жабык жыйналыштардын жазып алуулары Өкмөттө жашыруундуулук режимин сактоо менен сакталат.
9. Өкмөттүн Регламентинде каралган тартипте, Өкмөт мүчөлөрүнөн жазуу жүзүндө сурап-билүү жолу менен жыйналыш өткөрбөстөн Өкмөт чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 228 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Өкмөттүн кеңешүүчү органдары жана жумушчу топтору
Экономиканын тармактарын же мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүн өнүктүрүү менен байланышкан сунуштарды даярдоо, Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана алар боюнча пикир келишпестиктерди кароо, ошондой эле Өкмөттүн айрым тапшырмаларын аткаруу үчүн Өкмөттүн убактылуу комиссиялары жана жумушчу топтору түзүлүшү мүмкүн.
16-берене. Өкмөттүн Аппараты
1. Өкмөттүн ишин камсыз кылуу, ал кабыл алган чечимдердин аткарылышын, алардын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону, мониторингден өткөрүүнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Өкмөттүн Аппараты түзүлөт.
2. Өкмөттүн Аппараты жөнүндө жобо Өкмөт тарабынан бекитилет.
3. Өкмөттүн Аппаратына Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси - министр (мындан ары - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси) башчылык кылат.
4. Келип түшүүчү документтерди жол-жоболоштурууга карата талаптар, алар менен иштөөнүн тартиби жана Өкмөт Аппаратынын ишинин башка маселелери Өкмөттүн Регламенти менен аныкталат.
17-берене. Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары жана башка актылар
1. Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын камсыз кылат.
2. Өкмөттүн ченемдик мүнөздөгү актылары токтомдор түрүндө чыгарылат. Оперативдүү жана башка ченемдик эмес мүнөздөгү учурдагы маселелер боюнча Өкмөттүн чечимдери тескемелер түрүндө чыгарылат.
3. Премьер-министрдин тескемелери анын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча чыгарылат.
4. Өкмөттүн же Премьер-министрдин актысына виза койгон кызмат адамы алардын бөлүгүнө тиешелүү жоболордун мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү үчүн жеке жооп берет.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик башка органдардын жетекчилери Өкмөттүн укуктук актыларынын долбоорлорун киргизгендиги жана макулдашкандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
6. Өкмөттүн токтомдору жана тескемелери, Премьер-министрдин тескемелери министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
7. Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун тартиби мыйзамдар менен аныкталат.
8. Өкмөттүн токтомдору менен тескемелерине Премьер-министр, ал эми Премьер-министр болбогондо биринчи вице-премьер-министр же болбосо анын ордун ээлеген вице-премьер-министр кол коет.
9. Мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу жашыруун сырды камтыган актылардан тышкары, Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары Өкмөттүн расмий басма сөз органында же расмий Интернет-порталында белгиленген тартипте жарыяланууга тийиш.
10. Өкмөттүн жана Премьер-министрдин актылары сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава
Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги
18-берене. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары
1. Премьер-министр аткаруу бийлигинин жогорку кызмат адамы болуп саналат.
2. Премьер-министр:
1) Өкмөткө жетекчилик кылат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;
2) аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;
3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде Өкмөттүн атынан иш алып барат;
4) Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт;
5) Өкмөттүн мүчөлөрүнөн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн, курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды жана Өкмөттүн программаларын Жогорку Кеңешке киргизет;
6) Өкмөт менен ага баш ийген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин уюштурат;
7) Өкмөттүн жыйналыштарына төрагалык кылат;
8) Өкмөттүн токтомдоруна, тескемелерине, Өкмөттүн жыйналыштарынын протоколдоруна кол коет;
9) өз компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат;
10) биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
11) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин жана Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын ишин координациялайт жана контролдойт;
13) мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
14) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка мамлекеттердин экономикасына интеграцияланышына көмөк көрсөтөт;
15) администрациялык ведомстволордун, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
16) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун статс-катчыларын мыйзамдарда каралган тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
17) коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын сунуштамасы боюнча министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
18) Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларын алардын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
19) Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисин, орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
20) Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин кеңешчилери менен жардамчыларын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн башчыларын дайындайт жана бошотот;
21) жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын мыйзамда каралган тартипте дайындайт жана бошотот;
22) чет өлкөлүк мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого Президентке макулдук берет;
23) Өкмөттүн мүчөлөрүн кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;
24) Президент тарабынан дайындалуучу кызмат адамдарын бошотуу жөнүндө сунуштамаларды Президентке белгиленген тартипте киргизет;
25) министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
26) Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы аткаруу бийлик органдарынын башка кызмат адамдарына, мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин өзү дайындоочу жана бошотуучу жетекчилерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот;
27) мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун, ошондой эле дайындоо, бекитүү (бошотуу) Премьер-министрдин тескемеси менен жүзөгө ашырылуучу кызматтардын номенклатурасына кирген башка кызмат адамдарын белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;
28) Өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскер наамдарын, класстык чендерди, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;
29) жогорку класстык чендерди ыйгарат;
30) Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы институттарындагы жана эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүн дайындайт;
31) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32) (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Премьер-министрдин чечимдери Премьер-министрдин тескемелери түрүндө кабыл алынат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Премьер-министрдин ордун алмаштыруунун тартиби
1. Премьер-министр жок болгон убакта анын милдеттерин биринчи вице-премьер-министр аткарат.
2. Биринчи вице-премьер-министр жок болгон учурда анын ордун алмаштыруу Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча вице-премьер-министрлердин бири тарабынан жүзөгө ашырылат.
20-берене. Премьер-министрдин ордун алмаштыруучу Өкмөт мүчөсүнүн ыйгарым укуктары
Премьер-министрдин милдеттерин убактылуу аткарган Өкмөт мүчөсү, төмөнкүлөрдөн тышкары, Премьер-министр аткарган иш-милдеттерди аткарат:
1) Өкмөттүн же Премьер-министрдин отставкасы жөнүндө демилге көтөрүүнү;
2) Өкмөттүн мүчөлөрүн кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүнү;
3) администрациялык ведомстволордун жетекчилерин, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы уюмдар менен мекемелердин жана алардын бирикмелеринин жетекчилерин кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну;
4) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына коюу укугун.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-берене. Биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ыйгарым укуктары
1. Биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер:
1) Өкмөттүн жыйналыштарына катышат;
2) тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин ишин бекитилген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык координациялоону жүзөгө ашырат;
3) өз компетенциясынын чектеринде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Өкмөткө түздөн-түз баш ийген мамлекеттик ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмалар менен көрсөтмөлөрдү берет;
4) Өкмөттүн саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
5) Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин долбоорлорун даярдоого катышат, алардын аткарылышын камсыз кылат;
6) Өкмөткө киргизилген сунуштарды, токтомдор менен тескемелердин долбоорлорун алдын ала карайт;
7) Премьер-министрдин айрым ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте аткарат;
8) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине карата сыйлык же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Премьер-министрге киргизет;
9) мыйзамдар менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
22-берене. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын ыйгарым укуктары
1. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары:
1) тиешелүү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
2) Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын, Президенттин жарлыктарынын, Жогорку Кеңештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн буйруктар менен тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат;
3) Өкмөттүн, Премьер-министрдин ченемдик актыларынын долбоорлорун, Өкмөттүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча башка материалдарды иштеп чыгууну уюштурат жана Өкмөттүн кароосуна киргизет;
4) Өкмөттүн, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңеште Өкмөттүн өкүлү болот;
5) белгиленген тартипте соттордо Өкмөттүн кызыкчылыктарына өкүл болот;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрин кошпогондо, Өкмөттүн, Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн компетенциясына кирген эл аралык маселелер боюнча келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
7) коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарларын (биринчи орун басарын кошуп алганда) кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды Премьер-министрге киргизет;
8) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде тиешелүү аскер наамдарын, дипломатиялык рангдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды ыйгарат;
9) өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин орун басарларына, статс-катчыларына жана башка жетекчилерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот; орун басарларга жана статс-катчыларга карата ээлеген кызматынан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза чараны колдонуу жөнүндө Премьер-министрге сунуштама киргизет;
10) ушул конституциялык Мыйзамда жана башка мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагалары төмөндөгүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартышат:
1) аларга тапшырылган иштин чөйрөсү үчүн;
2) берилген маалыматтардын аныктыгынын шайкеш келүүсү үчүн.
3. Ушул берененин жоболору администрациялык ведомстволордун жетекчилерине карата да бирдей мерчемде колдонулат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Премьер-министрди кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер
1. Премьер-министр Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
2) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;
3) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
4) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;
6) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
7) сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;
8) каза болгондо.
2. Премьер-министрди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотуу Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.
Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда Өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта беришет. Премьер-министр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.
3. Премьер-министр төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелет:
1) Президент тарабынан анын отставкасы кабыл алынганда;
2) Өкмөт отставкага кеткенде.
4. Премьер-министрдин отставкасы Өкмөттүн отставкага кетишине алып келет.
Премьер-министр же болбосо Өкмөт отставкага кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр же Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.
5. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Президент тарабынан кабыл алынган арыздын негизинде милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызмат ордунан бошотулган учурда, анын ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучуга жүктөлөт.
6. Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен байланышпаган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан ишеним көрсөтпөөгө же Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартууга байланышпаган негиздер боюнча отставкага кеткен Премьер-министр Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министри наамына ээ болот.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер
1. Өкмөттүн мүчөлөрү өз иши үчүн жана тиешелүү мамлекеттик органдын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
2. Өкмөттүн мүчөсү тарабынан антты, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузушу Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда ага карата тартип чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:
1) Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндө жана тиешелүү министрлик, мамлекеттик комитет жоюлганда (кайра уюштурулганда);
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө;
4) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;
5) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;
8) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
9) ал сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;
10) каза болгондо;
4. Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. Президент Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Премьер-министр тарабынан сунуштама киргизилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө аны кызматтан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарат.
Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөттүн мүчөсүн - мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо, ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет.
4-1. Өкмөттүн мүчөсү отставка жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өкмөттүн мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
5. Өкмөттүн мүчөсү төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелинет:
1) Президент анын отставкасын кабыл алганда;
2) Өкмөт отставкага кеткенде.
6. Өкмөттүн мүчөсү отставкага кеткенде же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңеш тарабынан ал жактырылган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде Президентке киргизет. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Президент Өкмөттүн мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151, 2016-жылдын 15-июлундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-глава
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
25-берене. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер
1. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер өз ишин Өкмөттүн түзүмүндө жүзөгө ашырат.
2. Министрлик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
3. Мамлекеттик комитет - тиешелүү иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
4. Министрликтерге министрлер, мамлекеттик комитеттерге төрагалар башчылык кылат.
5. Өкмөт министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге баш ийген юридикалык жактын статусу бар ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдү түзүшү, жоюшу жана кайра уюштурушу мүмкүн.
6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн максатында коомдук кеңештер түзүлүшү мүмкүн. Коомдук кеңештин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 75 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Администрациялык ведомстволор
1. Администрациялык ведомстволор мамлекеттик орган болуп саналат, алар Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн чечими менен түзүлөт, жоюлат жана кайра уюштурулат.
2. Администрациялык ведомстволор өз ишин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик инспекциялар, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик фонддор формасында түзүлөт.
Мамлекеттик агенттик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство.
Мамлекеттик инспекция - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын контролдоо жана инспектордук функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство.
Мамлекеттик кызмат - атайын статусу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылган, башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство.
Мамлекеттик фонд - башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ошондой эле акча каражаттарын топтоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды чогултуу максаттарында түзүлүүчү администрациялык ведомство.
3. Мамлекеттик агенттиктерге, инспекцияларга директорлор, ал эми мамлекеттик кызматтарга жана фонддорго төрагалар башчылык кылат, алар Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат.
4. Администрациялык ведомстволор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер тиешелүүлүгүнө жараша директордун же төраганын буйруктары жана тескемелери менен жол-жоболоштурулат.
5. Өкмөт администрациялык ведомстволорго баш ийген юридикалык жактын статусу бар ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдү түзүүгө, жоюуга жана кайра уюштурууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
27-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
1. Райондордо аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт, алар түздөн-түз Өкмөткө баш ийишет.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондун тиешелүү аймагында министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүкчөлөрүнүн макулдашылган иштерин камсыз кылат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөткө жана Президентке, ошондой эле Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет берет.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Премьер-министр тарабынан бекитилет.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин уюштурулушу жана тартиби мыйзам менен аныкталат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-берене. Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү
1. Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлү) тиешелүү аймактык бирдиктин - областтын чектеринде Өкмөттүн өкүлү болгон кызмат адамы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Өкмөттүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну жана тиешелүү областтын чектеринде мамлекеттик бийликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Премьер-министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Премьер-министрге түздөн-түз баш ийет жана отчет берет.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Конституцияны, мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Өкмөттүн актыларын, Премьер-министрдин тескемелерин жетекчиликке алат.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн экиге чейин орун басары болот, алардын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын ишине жетекчилик кылат. Орун басарлары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат. Аларды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарларынын кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларды колдонуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунуштамасы боюнча Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу, аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону, мониторинг өткөрүүнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн областта аппарат түзүлөт. Аппараттын түзүмү, жобосу жана штаттык ырааттамасы Премьер-министр тарабынан бекитилет.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 30-августундагы N 631 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмдөрүн жана штаттык расписаниелрени бекитүү тууралу) буйругу
29-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктары
Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) областтын чектеринде мамлекеттик саясатты ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
2) өзүнө тапшырылган иштин чөйрөсү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) тиешелүү областта жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин координациялоону камсыз кылат;
4) ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн буйруктар менен тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат;
5) областтын аймагында укук тартиби менен коопсуздукту камсыз кылуу боюнча, ошондой эле мамлекеттик чек араларды кайтаруу боюнча укук коргоо органдарынын ишин координациялайт жана контролдойт;
6) областтагы укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун, алардын кадрлар менен камсыз болуусунун абалын талдайт, тиешелүү сунуштарды Премьер-министрге киргизет;
7) мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар, башка коомдук жана диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
8) жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргелешип, областтын чектеринде аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат;
9) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишине контролду жүзөгө ашырат;
10) областтын чектеринде Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик кызматчылардын кызмат ордуна жана башка кызматтарга дайындоо үчүн талапкерликтерди макулдашат;
11) областта мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин аткарылышы, республикалык программалардын ишке ашырылышы үчүн контролду уюштурат;
12) мамлекеттик бийлик органдарынын областтын кызыкчылыктарын козгогон чечимдеринин долбоорлорун макулдашат;
13) Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча областта Кыргыз Республикасынын өкмөттүк сыйлыктарын тапшырат, ошондой эле Премьер-министрдин алкышын жарыялайт;
14) Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча областтын чектеринде турган райондордун ортосундагы пикир келишпөөчүлүктөрдү чечүү үчүн макулдашуу жол-жоболорун өткөрүүнү уюштурат;
15) Конституцияга, мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келген же адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган учурда областтын чектеринде турган аткаруу бийлик органдарынын актыларынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуштарды Премьер-министрге киргизет;
16) областта мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин жана Премьер-министрдин тескемелеринин аткарылышын текшерүүлөрдү уюштурууда прокуратура органдары менен өз ара аракеттенет;
17) Өкмөт тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава
Өкмөттүн жана Президенттин өз ара мамилелеринин негиздери
30-берене. Өкмөттүн жана Президенттин өз ара мамилелери
1. Президент Өкмөттүн жыйналыштарына катышууга укуктуу.
2. Президент Өкмөттүн, тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун эл аралык келишимдердин долбоорлоруна жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана кол коюу үчүн өзүнө келип түшкөн мыйзамдарга карата корутундуларын суратып алат.
3. Премьер-министр эл аралык келишимдерге кол коюуга Президентке макулдук берет.
4. Президент эл аралык келишимдерге кол коюу боюнча ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөттүн мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына берүүгө укуктуу.
5. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындоого Президентке макулдук берет.
5-1. Премьер-министр Президентке Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүн, туруктуу өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин уюштурууга макулдук берет.
6. Премьер-министр кызматтан бошотуу үчүн себептерди негиздөө менен коргоо же улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөттүн мүчөсүн - мамлекеттик органдын жетекчисин ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштаманы Президенттин кароосуна киргизүүгө укуктуу. Президент аталган сунуштаманы карайт жана Өкмөттүн тиешелүү мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат же сунуштама келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде ал боюнча жүйөөлүү жоопту берет.
7. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Өкмөттүн компетенциясына таандык болгон маселелер боюнча Президенттин сунуштарын карайт. Президент зарыл болгон учурларда Өкмөттүн жыйынын өткөрүүнү демилгелөөгө жана кароого жаткан маселелерди аныктоого укуктуу.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-глава
Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин өз ара мамилелери
31-берене. Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине катышуусу
1. Өкмөткө мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу таандык.
Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоорун сунуш кылуу үчүн  Жогорку Кеңешке расмий өкүл дайындалат министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн.
2. Мыйзам чыгаруу демилге укугу Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун түздөн-түз иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
3. Өкмөт мыйзам чыгаруу ишине төмөндөгүлөр каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да катышат:
1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу;
3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;
4) салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу;
5) мамлекеттин финансы милдеттенмелерин кабыл алуу жана өзгөртүү;
6) Өкмөттүн, аткаруу бийлик органдарынын компетенцияларын жана ыйгарым укуктарын өзгөртүү.
Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан же элдик демилге жолу менен демилге көтөрүлгөн мыйзамдардын мындай долбоорлору Өкмөттүн расмий корутундусун берүү үчүн Өкмөткө алдын-ала жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган мыйзамдардын долбоорлоруна Өкмөттүн расмий корутундусу Өкмөттүн токтому менен, ал эми калган учурларда - кат жүзүндө жол-жоболоштурулат.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
5. Өкмөт мыйзам долбоорун ал келип түшкөн күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен макулдашуу боюнча ал мөөнөт узартылышы мүмкүн.
6. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген жана расмий корутунду алуу үчүн Өкмөткө жиберилген же жиберилбеген мыйзам долбоорлоруна кат түрүндө корутунду берүүгө укуктуу. Мыйзам долбоорлоруна кат түрүндөгү корутундуларга Премьер-министр, биринчи-вице-премьер-министр же вице-премьер-министр кол коет.
7. Өкмөттүн корутундусу Мыйзам долбоорлорун комитеттердин, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга жатат.
8. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. Өкмөт Жогорку Кеңешке берилген ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кеңешке мыйзамдарда белгиленген тартипте билдирилет.
10. Өкмөткө байланыштуу эмес шарттар боюнча (зарыл маалыматтарды бербөө, анын ичинде финансылык-экономикалык негиздемелер, социалдык-экономикалык божомол жана долбоорду кабыл алуунун башка кесепеттери) корутундуну өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектти менен Өкмөттүн ортосунда макулдашуу боюнча чечилет.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 150, 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
32-берене. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү жана Жогорку Кеңештин алдында отчет берүүсү
1. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Жогорку Кеңеште Өкмөттүн туруктуу өкүлү болот, ал Жогорку Кеңеш менен туруктуу өз ара аракеттенүү аркылуу Жогорку Кеңеште Өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Туруктуу өкүл Премьер-министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана өз ыйгарым укуктарын анын түздөн-түз жетекчилиги астында жүзөгө ашырат.
Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү өз компетенциясынын чектеринде Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракцияларынын, комитеттеринин, комиссияларынын жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан өткөрүлүүчү координациялык кеңешмеге катышып, каралып жаткан мыйзам долбоорлору, чечимдердин долбоорлору жана башка маселелер боюнча Өкмөттүн көз карашын билдирип, сунуштарды киргизет жана түшүндүрмөлөрдү берет.
3. Өкмөт өз ишинде Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында жооптуу жана отчет берет.
4. Премьер-министр жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасын аткаруунун алкагында Өкмөттүн өткөн жылдагы иши жөнүндө Жогорку Кеңештин алдында отчет берет.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор органдын карамагындагы маселелер боюнча мыйзам долбоорлоо ишин, Жогорку Кеңеш тарабынан каралуучу мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн көз карашын аныктоо боюнча сунуштардын даярдалышын уюштурат, Жогорку Кеңештин чечимдеринин жана аткаруу бийлик органдарынын карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.
6. Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары жиберилген Өкмөт, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө аларга жооп берүүгө милдеттүү.
7. Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери жана алардын кызмат адамдары Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга жана талкууланып жаткан маселелер боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.
8. Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, комиссияларынын чечими боюнча Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарына Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу милдеттүү.
9. Өкмөт Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын Өкмөттүн же ага караштуу органдардын ишине тиешелүү чечимдерин карайт, чечимдерди кароонун натыйжалары же алар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө комитеттерге, убактылуу комиссияларга маалымдайт.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 150 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-глава
Өкмөт менен сот бийлигинин органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өз ара мамилелеринин негиздери
33-берене. Өкмөт менен сот бийлигинин органдарынын өз ара мамилелери
1. Адамдын жана жарандын укуктарын камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо, соттун чечимдерин аткаруу маселелери боюнча Өкмөт менен сот бийлигинин органдарынын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
2. Өкмөт сот бийлигинин органдарынын бюджетин аткарууну мыйзам менен белгиленген тартипте камсыз кылат.
3. Өкмөт жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин, сот статистикасынын жана практикасынын мыйзамдуулугун камсыз кылууга тиешелүү суроо-талаптар менен сот органдарына кайрылууга укуктуу.
34-берене. Өкмөт менен прокуратуранын өз ара мамилелери
1. Өкмөт менен прокуратуранын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
2. Прокуратура аткаруу бийлик органдарынын тутумундагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Өкмөткө белгиленген тартипте маалымдайт.
3. Өкмөттүн курамына кирүүчү мамлекеттик органдар менен прокуратуранын ортосундагы ишти координациялоону Өкмөт камсыз кылат.
4. Өкмөт жарандардын эркиндиктери менен укуктарынын, коомдук тартипти сактоонун, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоонун мыйзамдуулугун камсыз кылууга карата суроо-талаптар жана сунуштар менен прокуратурага кайрылууга укуктуу, аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жооп берилүүгө тийиш.
35-берене. Өкмөт менен Улуттук банктын өз ара мамилелери
1. Өкмөт менен Улуттук банктын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
2. Улуттук банк акча-кредиттик жана валюталык саясатты жүргүзүүдө Өкмөт менен өз ара аракеттенет.
36-берене. Өкмөт менен Эсептөө палатасынын өз ара мамилелери
1. Өкмөт менен Эсептөө палатасынын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
2. Өкмөт мамлекеттик жана башка органдарда аудитордук текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунушту Эсептөө палатасына киргизүүгө укуктуу.
3. Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча токтомдору Өкмөткө берилет.
37-берене. Өкмөт менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын өз ара мамилелери
1. Өкмөт менен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамынын жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
38-берене. Өкмөт менен Акыйкатчынын (Омбудсмендин) өз ара мамилелери
Өкмөт менен Акыйкатчынын (Омбудсмендин) өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул конституциялык Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде түзүлөт.
39-берене. Өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелери
1. Өкмөт аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектейт, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык өз иш-милдеттерин ишке ашырууда аларга көмөк көрсөтөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча Өкмөткө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга отчет берет.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Өкмөткө кайрылууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
40-берене. Өкмөт менен жарандык коомдун өз ара мамилелери
1. Өкмөттүн саясий партиялар, диний уюмдар, башка коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарынын, ошондой эле конструктивдүү мамлекеттик-коомдук диалогдун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирди эсепке алуунун негизинде түзүлөт.
2. Жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Өкмөт:
1) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын мониторингин үзгүлтүксүз жүргүзөт, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү докладдарды даярдоону камсыз кылат, укук коргоо ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоочулардын жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
2) Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Өкмөттүн расмий Интернет-порталына жарыялоону камсыз кылуу менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жүзөгө ашырат;
3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында жарандык коомдун өкүлдөрү жана кызыкдар башка тараптар менен жолугушууларды өткөрөт;
4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча Өкмөттүн жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишинин мониторингин жүзөгө ашыруучу жарандык коомдун өкүлдөрүнө көмөк көрсөтөт.
10-глава
Корутунду жоболор
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы N 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-глава
Өтмө жоболор
42-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 29-июнунда N 57 жарыяланды
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2005-жылдын 19-октябрындагы N 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., N 12, 1009-ст.);
2) 2007-жылдын 15-январындагы N 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 1, 3-ст.);
3) 2008-жылдын 20-мартындагы N 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 3, 262-ст.);
4) 2009-жылдын 11-майындагы N 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 5, 470-ст.).
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бардык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
4. Областтардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана анын аппаратынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
5. Президентке эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
6. Өкмөт үч айлык мөөнөттө:
1) өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) мыйзамдарды ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун даярдасын жана Жогорку Кеңешке киргизсин.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти
 
А.Атамбаев
 
 
 
2012-жылдын 10-майында
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы