19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА


 
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 20-апрелиндеги
N 179 токтому менен
бекитилген
 
Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө
НУСКАМА
 
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана нотариалдык иш аракеттерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана аскердик бөлүктөр, бирикмелер, мекемелер жана аскердик-окуу жайлары дислокацияланган пункттарда мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Нотариус жок аскер бөлүктөрү дислокацияланган пункттарда аскер кызматчыларынын керээздерин, ошондой эле ушул бөлүктөрдө иштеген жарандардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн керээздерин аскер бөлүктөрүнүн командирлери күбөлөндүрөт.
3. Нотариус жана нотариат ишин жүргүзгөн башка органдар жок аскер бөлүктөрү, кошулуулар, мекемелер жана аскердик-окуу жайлары дислокацияланган пункттарда аскер кызматчылардын ишеним каттарын, ошондой эле жумушчулардын жана кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ишеним каттарын ушул аскер бөлүгүнүн, бирикменин, мекеменин же жайынын командирлери (жетекчилери) күбөлөндүрөт.
4. Аскер кызматчылары керээздерин күбөлөндүрүү маселелери боюнча мамлекеттик же жеке нотариустарга, ал эми нотариус жок калктуу пункттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууга укуктуу.
Аскер бөлүктөрүнүн командирлери (жетекчилери) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
5. Бөлүктүн командири (жетекчиси) өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) өзү күбөлөндүргөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү.
Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек. Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын тапшыруусу же аларга карата жасалган нотариалдык иш аракеттер боюнча, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын талабы боюнча гана берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат.
Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси), ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
6. Бөлүктүн командири (жетекчиси) ушул Нускаманын 2- жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүгө тийиш.
Командир (жетекчи) керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүүнү каалаган жогорудагы адамдарга ушул максаттарда:
- керээзге байланышкан укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт (ушул Нускаманын 16-, 25-пункттары);
- керээзди күбөлөндүрүүдөн улам боло турган натыйжалар жөнүндө эскертет;
- керээзди өзгөртүү, керээзди жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт.
Зарыл учурларда жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын өтүнүчү боюнча керээздердин же ишеним каттардын долбоорлорун түзөт.
7. Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) аракетке жөндөмдүү адамдардын жарандык мыйзамдардын талаптарына жана жалпы эрежелерине ылайык түзүлгөн керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрөт.
8. Жашы 14төн 18ге чейинки өспүрүмдөр өз алдынча өзүнүн иштеп тапкан эмгек акысын, стипендиясын, салымын урунууга же өзүнүн автордук же ойлоп табуучулук укуктарын жүргүзүүгө ишеним катын берүүгө укуктуу. Башка иш аракеттерди жасоого ишеним каттар аталган адамдар тарабынан ушундай балдардын ата-энелеринин, асырап алгандардын же багууга алгандардын макулдугу менен берилиши мүмкүн, ушул туурасында ишеним катта көрсөтүлүшү абзел.
Жашы 14кө чыга элек өспүрүмдөрдүн атынан ишеним кат алардын мыйзамдуу өкүлдөрү: ата-энелери, асырап алгандар же баккандар тарабынан берилиши мүмкүн.
9. Аскердик бөлүктүн командири (жетекчиси) керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдө керээз ээсинин же ишеним кат берген адамдын инсандыгын паспорту же аны алмаштырган башка документ боюнча аныктайт жана анын жаш курагын текшерет.
Аскер кызматчысынын инсандыгы жана жаш курагы аскер билетинин же инсандык күбөлүгүнүн негизинде аныкталат. Керээз ээсинин жана ишеним кат берген адамдын инсандыгын аныктоо керээзге өз атынан түзүлгөн адамдын өзү кол коюп жатабы, ошого ынануу үчүн зарыл.
Акыл-эси ордунда эместигинен же кем акыл келишинен улам соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими аркылуу аракетке жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле керээз түзүлгөн учурда аны түзгөн адамдар өздөрүнүн эмне кылып жатканына маани бере албаган же, мисалы, жөөлүгөн же акыл-эсин жоготкон абалда болгон адамдардын керээздери жана ишеним каттары күбөлөндүрүлбөйт.
Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын акыл-эси ордунда эместиги же кем акыл келиши себеби боюнча керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартуу ушул адамды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн.
Эгерде аскердик бөлүктүн командирине (жетекчисине) ага кайрылган адам соттун чечими боюнча спирт ичимдиктерин же баңги заттарды көп пайдалануудан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылгандыгы белгилүү болсо, анын керээзин жана ишеним катын күбөлөндүрүүдөн баш тартат, ал эми мүлктү урунууга ишеним кат аны баккан адамдын макулдугу менен гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
10. Керээз жана ишеним кат түзүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлүү менен кат жүзүндө түзүлүүгө жана өз колу коюлууга тийиш.
Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын оозунан угуп жазылган керээз жана ишеним кат ага кол коюлганга чейин керээз ээсине аскер бөлүгүнүн катышуусунда окулуп берилиши керек.
Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорулуу же сабатсыз келишинен улам керээзди же ишеним катты окууга кудуретсиз келсе, анын тексти ага аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) тарабынан окуп берилет да, ушул туурасында керээзде же ишеним катта ал аны эмнеге окуй албай койгондугунун себеби көрсөтүлүү менен тиешелүү жазуу түшүрүлөт.
Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорулуу же башка себептерден улам керээзге же ишеним катка өзү кол кое албаса, ага анын өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда, ошондой эле күбөнүн жана аскер бөлүгүнүн командиринин (жетекчисинин) катышуусунда, башка адам тарабынан кол коюлушу мүмкүн жана анда керээз ээсинин эмне үчүн документке өзүнүн колун кое албаган себептери көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренесинин 3-пунктуна ылайык керээз ээсинин ордуна төмөнкүлөр керээзге кол кое алышпайт:
1) керээзди күбөлөндүрө турган кызмат адамы;
2) керээз өзүнө түзүлө турган же ага карата керээз жазуудан баш тартылган адам, ушундай адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбүрөлөрү, ошондой эле мыйзам боюнча керээз жазуучунун мураскорлору;
3) аракетке жөндөмдүүлүгү толук көлөмдө болбогон жарандар;
4) керээзди окуй албаган сабатсыз жана жөндөмсүз адамдар.
15. Керээздин же ишеним каттын тексти так жана даана жазылууга, документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жеринде сөздөр менен баяндалууга тийиш. Жарандардын аты-жөнү толук жана алардын жашаган жери көрсөтүлүү менен жазылууга тийиш. Керээзди же ишеним катты чет өлкөлүк жарандардын атынан күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
Керээзде же ишеним катта тазалоолор жана башка оңдоолор анын ээси кол коердон мурда эскертмелер аркылуу түшүндүрүлүшү керек. Мисалы, керээздин текстинде "турак үйү" деген сөздөр "турак үйүнүн экиден бир үлүшү" деп оңдолгон болсо, анда оңдоого төмөнкүдөй эскертме жазуу керек: "Сызылып салынган "турак үйү" деген сөздөр окулбасын, анын үстүнө жазылган "турак үйүнүн экиден бир үлүшү" деген сөздөр туурасы деп эсептелсин." Ушул оңдоого керээз ээси (же анын өтүнүчү боюнча керээзди жазып берген адам) тарабынан аскер бөлүгүнүн командиринин (жетекчисинин) катышуусунда кол коюлушу керек.
11. Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) төмөнкү учурларда керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартат:
- ушундай иш аракетти жасоо мыйзамга каршы келсе;
- керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүп берүү өтүнүчү менен аракетке жөндөмсүз жаран кайрылса.
Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүп берүүдөн баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана анын даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарылат.
Баш тартылганы жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- токтом чыгарылган күн;
- керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүү үчүн кайрылган жарандын аты-жөнү, анын жашаган жери;
- кайрылган адам кайсы нотариалдык иш аракетти жасап берүү жөнүндө өтүнөт;
- нотариалдык иш аракетти жасоодон (мыйзамдарга шилтеме жасоо аркылуу) баш тартылгандыгынын себеби;
- баш тартуу боюнча даттануу тартиби жана мөөнөтү.
12. Жетекчи тарабынан керээз же ишеним кат туура эмес күбөлөндүрүлгөнү боюнча даттануулар, аны күбөлөндүрүүдөн баш тартуулар боюнча даттануулар аскердик бөлүк жайгашкан жердеги сотко берилет.
13. Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) төмөнкүлөргө укуксуз:
- керээзди жана ишеним катты өз атына, өз атынан, өзүнүн жубайынын атына жана өз жубайынын атынан, анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин) атынан күбөлөндүрүүгө;
- керээзди жана ишеним катты ушул аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин атынан жана алардын атына күбөлөндүрүүгө.
Ушул эрежелер бузулуу менен берилген керээздер же ишеним каттар жараксыз болуп саналат.
2. Керээзди күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
14. Бир керээзди бир нече адамдардын атынан, ошондой эле өкүл аркылуу күбөлөндүрүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.
15. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1133-беренесинин 2-пунктуна ылайык керээз күбөнүн катышуусунда күбөлөндүрүлөт, күбө керээзге керээз жазган адамдан кийин кол коюуга тийиш. Ошондой эле күбөнүн өздүк көктөмө боюнча инсандыгы аныкталат жана маалыматтар нотариалдык иш аракеттерди каттоо тизмесине (1-тиркеме) киргизилет.
16. Жаран керээзди күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда аскердик бөлүктүн командири (жетекчиси) керээз ээсинин каалоосу боюнча кайрылган жаранды мыйзам боюнча мураскор болгон адамдардын чөйрөсү менен тааныштырууга милдеттүү. Мындай адамдардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1141-, 1142-, 1143-, 1144-, 1145-, 1146-беренелеринде аныкталган жана керээз ээсине төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрөт:
1) керээз боюнча өзүнүн бардык мүлкүн же анын бир бөлүгүн (кадимки үй тиричилиги буюмдарын кошуп алганда) мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирген жана кирбеген бир адамга же бир нече адамга, ошондой эле мамлекетке же айрым мамлекеттик, кооперативдик жана коомдук уюмдарга калтыра алууга жана керээз калтыруучу керээзинде мыйзам боюнча бир, бир нече же бардык мураскерлерди мурастоо укугунан айрылта алууга;
2) керээз бир нече адамдардын пайдасына түзүлгөн учурда керээз калтыруучу анда мураскерлердин ар бирине канчадан үлүш мураска калтырыларын көрсөтүүгө;
3) каалаган убакта өзүнүн керээзин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга, жаңысын түзүүгө.
Керээз калтыруучу керээзин ушул Нускаманын 21-пунктуна ылайык керээзи сактоого тапшырылган мамлекеттик нотариуска арыз жазуу жолу менен жокко чыгара алат.
Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) керээз ээсине Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесине ылайык, мурас калтыруучунун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырап алынгандар, ошондой эле эмгекке жарамсыз жубайы, ата-энеси, анын ичинде асырап алуучулар керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш), алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн кеминде үчтөн экиден кем эмес үлүшүн мураска алышат.
Милдеттүү үлүшкө, мындай үлүшкө укугу бар мураскор кандайдыр бир негиз боюнча мурастан алгандардын бардыгы, анын ичинде кадыресе үй-оокаттарынан турган мүлктүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген нарк кошуп эсептелеерин түшүндүрүүгө милдеттүү.
17. Керээз мазмунуна жараша ушул Нускамага тиркелген N 1 жана N 2 формаларга ылайык түзүлөт.
- эгерде керээз ээси өзүнүн бардык мүлкүн керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык түзүлөт;
- эгерде керээз ээси өзүнүн мүлкүнүн белгилүү түрүн калган мүлкүнө тийбестен керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 3-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык түзүлөт.
18. Керээз эки нускада түзүлөт жана күбөлөндүрүлөт. Керээзде ал түзүлгөн жер жана убакыт көрсөтүлүшү керек. Керээз ээсинин аты-жөнү, ошондой эле дареги паспортуна же аны алмаштырган башка документке ылайык толук көрсөтүлөт.
Күбөнүн маалыматтарын толтурууга да ушундай талаптар коюлат.
19. Керээзге керээз калтыруучу жана күбө кол койгондон кийин аны Аскер бөлүгүнүн командири (жетекчиси) күбөлөндүрүүгө тийиш. Керээзди күбөлөндүрүү анда 4-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча күбөлөндүрүү жазууларын түшүрүүдө жатат.
Ушул Нускаманын 10-пунктунда каралган учурларда, б.а. керээзге керээз ээсинин өтүнүчү боюнча башка адам кол койгон учурда күбөлөндүрүү жазуулары 5-тиркемеде көрсөтүлгөн формада анда керээз ээси керээзине кандайча өзү кол кое албагандыгынын себеби көрсөтүлүү менен түшүрүлөт.
Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээз түзүлгөн күнү түшүрүлүүгө тийиш.
Күбөлөндүрүү жазууларынын тексти арип жазуучу машинкада же кол менен жазылышы мүмкүн. Күбөлөндүрүү жазууларын кырып тазалоого жол берилбейт. Керээздердеги жана ушул керээздерди күбөлөндүрүү жазууларындагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор аскер бөлүгүнүн командиринин (жетекчисинин) эскертмелери менен коштолууга тийиш.
Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээздин ушул эле бетиндеги жана анын артындагы керээз ээсинин колунан кийин же айрым баракта жайгаштырылат. Күбөлөндүрүү жазуусу өзүнчө баракта түзүлгөн, ошондой эле керээздин мазмуну бир канча баракта баяндалган учурда бардык барактарга номур коюлуп, жип өткөрүлүп көктөлүшү керек жана ушул туурасында тиешелүү жазуу түшүрүлүп, ал аскердик бөлүктүн командиринин (жетекчисинин) колу менен ырасталат (мисалы, "Беш баракка номур коюлду жана жип өткөрүлүү менен тиркелди.). Аскердик бөлүктүн командиринин (жетекчиси) колу коюлуп (аскердик бөлүктүн мөөрү).
Керээзге түшүрүлгөн күбөлөндүрүү жазуусуна да бөлүктүн командири (жетекчиси) кол коет жана аскердик бөлүктүн расмий документтерди күбөлөндүрүү үчүн пайдаланылган мөөрү аркылуу күбөлөндүрүлөт.
Керээздерге атайын максаттар (маалым кат, пакет ж.б.) үчүн басыла турган мөөр басылбашы абзел.
20. Керээзди күбөлөндүрүүдө керээз жазган адамдан мурасталган мүлккө укугун, ошондой эле керээз өздөрүнүн пайдасына түзүлгөн адамдардын аны менен туугандык мамиледе болгондугун ырастаган далилдерди келтирүү талап кылынбайт. Керээз бөтөн адамдардын пайдасына да күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
21. Аскердик бөлүктүн командири (жетекчиси) керээзди күбөлөндүргөндөн кийин бир нускасын керээз ээсинин колуна тапшырат, ал эми экинчи нускасын керээз ээсинин акыркы жашаган жериндеги мамлекеттик нотариуска сактоого берет (жөнөтөт).
Эгерде керээз ээси Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери болбосо же анын туруктуу жашаган жери белгисиз болсо, керээз Бишкек шаарынын ага мамлекеттик нотариусуна жөнөтүлөт.
22. Аскердик бөлүктүн командири (жетекчиси) күбөлөндүргөн керээз нотариат иш аракеттерин каттоо тизмесине киргизилүүгө тийиш (1-тирке- ме). Ушул китепте катталган керээздин катар номуру керээздин эки нускасындагы күбөлөндүрүү жазууларына коюлушу абзел.
Нотариалдык иш аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде номурлар коюлушу жана анын бардык барактары жип өткөрүлүп көктөлүшү абзел.
Барактардын саны аскердик бөлүктүн командиринин (жетекчисинин) колу менен ырасталышы керек.
23. Колдонуудагы мыйзамдарда аскердик бөлүктүн командир (жетекчиси) керээзди күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым алынары көрсөтүлгөн эмес.
3. Ишеним катты күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
24. Аскердик бөлүктүн командир (жетекчиси) бир адамдын же бир нече адамдын атынан бир же бир нече адамдардын атына ишеним каттарын күбөлөндүрө алат.
Бир нече адамдардын атынан ишеним кат эгерде ишеним катта көрсөтүлгөн аракеттер ишеним кат берип жаткан адамдардын айрым алганда бирөөсүнүн эмес, бардыгынын бирдей кызыкчылыгына тиешелүү болгон учурда гана берилет (мисалы, ишеним кат ушул адамдар бирге белгилүү иш аткарышкан мекемеден эмгек акысын өндүрүп алуу жөнүндө сот ишин жүргүзүүгө ишеним кат).
25. Жаран ишеним катты күбөлөндүрүп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганда ага аскердик бөлүктүн командир (жетекчиси) төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрөт:
1) ишеним катта ал берилип жаткан адам ишеним кат аркылуу өзүнө берилген ыйгарым укуктарды башка адамга ишенип өткөрүп берүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлөт;
2) берилген ишеним катты жокко чыгарууга укуктуу. Мындай учурда ишеним катты берген адам ишеним каттын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү арызды ишеним кат берилген мекемеге, уюмга, ишканага жөнөтүүгө тийиш.
26. Ишеним кат 6-, 7-, 8-, 9-тиркемелерде көрсөтүлгөн формаларга ылайык түзүлүшү мүмкүн:
- мүлктү жалпы башкарууга ишеним кат берилген учурда - N 6 формасы боюнча;
- үйдү сатууга - N 7 формасы боюнча;
- эмгек акысын алууга - N 8 формасы боюнча;
- мураска укук жөнүндө күбөлүктү алууга - N 9 формасы боюнча.
Башка маселелер боюнча ишеним каттар жогоруда көрсөтүлгөн формаларга ылайык түзүлөт.
27. Ишеним кат бир нускада түзүлөт жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо тизмесинде катталууга тийиш (1-тиркеме).
Ишеним каттын текстинде ал түзүлгөн жер жана (кол коюлган) күнү, ишеним кат берилген адамдын жана ишеним катты берген адамдын аты-жөнү жана жашаган жери көрсөтүлөт.
Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз.
28. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү ишеним катты берген адам тарабынан ал ылайык көргөндөй аныкталат, бирок үч жылдан ашпоого тийиш.
Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анын жарактуулугу берилген күндөн тарта бир жыл бою күчүндө болот.
Пенсия алууга ишеним кат үч айдан ашык мөөнөткө күбөлөндүрүлбөйт.
Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүүдө сандар сөз менен жазылат.
29. Ишеним катта ал берилген адамдын ыйгарым укуктары так көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, турак үйүн сатууга ишеним кат берүүдө ишеним кат берген адам ишеним кат бериле турган адамга өзүнө таандык турак үйүн ишеним артылган адам өзү ылайык көргөндөй баада жана шарттарда сатууга ыйгарым укуктуу кылары көрсөтүлүүгө тийиш. Ишеним кат берген адам анда өзүнө таандык үйдү ишеним кат берилген адам тарабынан кимге, кандай баада жана кандай шарттарда сатылышы керектигин көрсөтүүгө укуктуу.
Ишеним катты берген адам кол койгондон кийин аны аскердик бөлүктүн командири (жетекчиси) күбөлөндүрүүгө тийиш. Күбөлөндүрүү жазуусу 10- жана 11-тиркемелерде көрсөтүлгөн формалар боюнча түшүрүлөт.
Күбөлөндүрүү жазууларын кырып тазалоого жол берилбейт.
Ишеним каттагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор аскердик бөлүктүн командиринин (жетекчисинин) эскертмелери менен коштолууга тийиш.
30. Ишеним кат аны берген адамдын өз колуна тапшырылат же анын өтүнүчү боюнча жана анын эсебинен ал берген дарек боюнча ишеним кат берилген адамга жөнөтүлөт.
31. Колдонуудагы мыйзамдарда аскердик бөлүктүн командиринин (жетекчисинин) ишеним катты күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым алынары көрсөтүлгөн эмес.
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
1-тиркеме
 
 
Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды каттоо
ТИЗМЕ КИТЕБИ
Катар N
Керээз же ишеним кат күбөлөндүрүлгөн күн
Жарандардын аты-жөнү, жашаган жери, күбөнүн аты-жөнү, жашаган жери
Керээздин же ишеним каттын кыскача мазмуну
Инсандыгын ырастаган документ
Керээзди алгандыгы жөнүндө тил кат
Мамлекеттик нотариуска керээздин жөнөтүлгөндүгү жөнүндө коюлган белги (кайсы нотариус экендиги көрсөтүлөт)
1
2
3
4
5
6
7
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
2-тиркеме
 
Бардык мүлккө керээздин формасы
КЕРЭЭЗ
______-жылдын "____" ____________
Төмөндө кол койгон мен, _________________________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү, акыркы
_______________________________________________________________________
туруктуу жашаган жеринин дареги)
мен кокус өлүп калсам ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам:
Мага таандык болгон мүлк мен өлгөн күнгө чейин каерде жайгашпасын жана кандай түрдө болбосун, аны
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(мүлк мураска калтырыла турган адамдардын
_______________________________________________________________________
аты-жөнү көрсөтүлөт)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесинин мазмуну мага дайын.
Ушул керээз эки нускада түзүлдү жана кол коюлду, анын бир нускасы
_______________________________________________________________________
(керээз ээсинин акыркы туруктуу жашаган
______________________________________________________________________,
жериндеги мамлекеттик нотариус көрсөтүлөт)
ал эми экинчи нускасы керээз ээси
_______________________________________________________________ берилет.
(керээз ээсинин аты-жөнү)
 
Керээз ээсинин колу ______________________________________________
Күбөнүн колу _____________________________________________________
(аты-жөнү)
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
3-тиркеме
 
Мүлктүн айрым бир түрлөрүнө
керээздин формасы
КЕРЭЭЗ
______-жылдын "____" ____________
Төмөндө кол койгон мен,
________________________________________________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү, акыркы туруктуу
________________________________________________________________________
жашаган жеринин дареги)
мен кокус өлүп калсам ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам:
Мен,
_______________________________________________________________________
(мүлк мураска калтырыла турган адамдардын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(мураска калтырыла турган мүлк)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренесинин мазмуну мага дайын.
Ушул керээз эки нускада түзүлдү жана кол коюлду, анын бир нускасы
_______________________________________________________________________
(керээз ээсинин акыркы туруктуу жашаган жериндеги
______________________________________________________________________,
мамлекеттик нотариус көрсөтүлөт)
ал эми экинчи нускасы керээз ээси
_______________________________________________________________ берилет.
(керээз ээсинин аты-жөнү)
 
Керээз ээсинин колу ______________________________________________
Күбөнүн колу _____________________________________________________
(аты-жөнү)
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
4-тиркеме
Керээз калтыруучунун өзү кол койгон керээздеги
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУЛАРЫ
______-жылдын "____" ____________
Ушул керээз мен,
_______________________________________________________________________
(кызмат адамынын аты-жөнү, аскер бөлүгүнүн,
_______________________________________________________________________
бирикменин жана аскердик окуу-жайдын аталышы)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Керээзге жаран _________________________________________________________
(аты-жөнү)
менин катышуумда жана күбөнүн катышуусунда кол койду.
Керээз ээсинин жана күбөнүн инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди. Күбөлүккө кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды.
 
 
 
N ________________ китепте катталды
Жетекчи ___________________________
                                           (кызматы жана колу)
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
5-тиркеме
Керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча башка адам тарабынан кол коюлган керээздеги
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУЛАРЫ
______-жылдын "____" ____________
Ушул керээз мен,
_______________________________________________________________________
(кызмат адамынын аты-жөнү, аскер бөлүгүнүн,
_______________________________________________________________________
бирикменин жана аскердик окуу-жайдын аталышы)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
_______________________________________________________________________
(керээз калтыруучунун аты-жөнү)
оорусуна байланыштуу анын өтүнүчү боюнча жана менин катышуумда жана күбө
_______________________________________________________________________
(күбөнүн аты-жөнү)
катышуусунда керээзге
______________________________________________________________________
(керээзге оорулуу үчүн кол койгон
____________________________________________________________ кол койду.
адамдын аты-жөнү)
Керээз ээсинин жана күбөнүн инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди. Керээзге кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды.
 
 
N ________________ китепте катталды
Жетекчи ___________________________
                     (кызматы жана колу)
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
6-тиркеме
Мүлктү урунууга (жалпы)
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
(ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ мага таандык болгон мүлк каерде жайгашпасын жана кандай түрдө болбосун аны урунууга, ошого ылайык мыйзамда уруксат берилген бардык бүтүмдөрдү, атап айтканда: бардык учурларда суммаларын, мөөнөттөрүн жана башка шарттарды өзү ылайык көргөндөй аныктоо аркылуу курулуштарды жана башка мүлктү сатып алууга, сатууга, тартуу кылууга, тартууга алууга, алмаштырууга, күрөөгө коюуга жана кабыл алууга; түзүлгөн бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө; мурасты кабыл алууга же андан баш тартууга; мага тиешелүү мүлктү, акчаны, баалуу кагаздарды, ошондой эле бардык негиздер боюнча адамдардан, мекемелерден, ишканалардан, уюмдардан, анын ичинде банктардан, насыя берүү-сактоо мекемелеринен, почтадан, телеграфтан документтерди алууга; банк эсептерин урунууга; почта, телеграф аркылуу баалуу жана ар кыл иш кагаздарын жана жөнөтүүлөрдү алууга; менин атымдан бардык мамлекеттик мекемелерде, кооперативдик жана коомдук уюмдарда жарандык жана бардык сот мекемелеринде кылмыш иштерин мыйзам аркылуу доогерге, жоопкерге, үчүнчү тарапка жана жабырланган адамга берилген бардык укуктар, анын ичинде ишти ынтымак бүткөрүү, доо талаптарын таануу же андан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доо предметин өзгөртүү, сот чечими боюнча даттануу, өндүрүп алууга аткаруу барагын берүү, ыйгарылган мүлктү же акчаны алуу укуктары менен жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кылам.
Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн/мүмкүн эмес.
Ишеним кат ______________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
7-тиркеме
Үйдү сатууга
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
(ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
_______________________________________________ дареги боюнча жашаган
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(сатыла турган үйдүн (батирдин) дареги)
дареги боюнча жайгашкан мага таандык турак үйдү (батирди) өзү ылайык көргөн баада жана шарттарда сатууга ишеним артам жана бул үчүн зарыл маалым каттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди алууга, сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга жана мага жөнөтүлгөн акчаны алууга, ошондой эле ушул тапшырма менен байланышкан бардык аракеттерди аткарууга укук берем.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 206-беренесинин мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн/мүмкүн эмес.
Ишеним кат ______________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
8-тиркеме
Эмгек акыны алууга
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
                                             (ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
__________________________________________________ дареги боюнча жашаган
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
алууга ыйгарым укуктуу кылам.
Ишеним кат ____________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
9-тиркеме
Мураска укук жөнүндө күбөлүктү алууга
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
                                             (ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
                                                                         (аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
                                             (сатыла турган үйдүн (батирдин) дареги)
дареги боюнча жайгашкан мага таандык турак үйдү (батирди) өзү ылайык көргөн баада жана шарттарда сатууга ишеним артам жана бул үчүн зарыл маалым каттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди алууга, сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга жана мага жөнөтүлгөн акчаны алууга, ошондой эле ушул тапшырма менен байланышкан бардык аракеттерди аткарууга укук берем.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 206-беренесинин мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн/мүмкүн эмес.
Ишеним кат _______________________________________________________ мөөнөткө берилди.
                          (канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
10-тиркеме
Ишеним кат берген адам тарабынан кол коюлган ишеним каттагы
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУСУ
______-жылдын "____" ____________
Ушул ишеним кат мен, __________________________________________________
(ишеним катты күбөлөндүргөн
_______________________________________________________________________
жетекчинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(мекеменин аталышы)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Ишеним катка жаран _______________________________________________ тарабынан кол коюлду.
(аты-жөнү)
Ишеним кат берилген адамдын инсандыгы аныкталды, анын жарамдуулугу текшерилди.
Ишеним катка кол койгон __________________________________________ инсандыгы аныкталды.
(аты-жөнү)
 
 
N _______________ тизме китебинде катталды
Жетекчи _________________________________
                      (кызматынын аталышы жана колу)
 
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
 
 
Аскер бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
11-тиркеме
Ишеним кат берген адамдын тапшыруусу боюнча башка адам тарабынан кол коюлган ишеним каттагы
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУЛАРЫ
______-жылдын "____" ____________
Ушул ишеним кат мен,
_______________________________________________________________________
(ишеним катты күбөлөндүргөн
_______________________________________________________________________
жетекчинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(мекеменин аталышы)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
_______________________________________________________________________
(ишеним катты берген адамдын аты-жөнү)
оорусуна байланыштуу (ден соолугунун жарамсыздыгы же башка кандайдыр бир себептер боюнча) жана анын тапшырмасы боюнча ишеним катка
________________________________________________________________________
(ишеним катка кол койгон адамдын аты-жөнү)
____________________________________________________________ кол койду.
Сунушталган адамдын инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди.
Ишеним катка кол койгон жаран ____________________________________ инсандыгы аныкталды.
                                                          (кол койгон адамдын аты-жөнү)
 
 
N _______________ тизме китебинде катталды
Жетекчи _________________________________
                      (кызматынын аталышы жана колу)
 
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы