| | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 15-июлундагы
N 412 токтому менен
бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269, 2016-жылдын 29-августундагы № 461, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Нускама Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 32-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы N 725 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Консулдук уставына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдарынын (мындан ары - консул) нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруусунун тартибин аныктайт.
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтому менен преамбуланын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүү киргизилди.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Консулдук уставынын 38-пунктуна ылайык консул төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден башка бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
- мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрөт;
- мураскордукка укугу тууралуу күбөлүктөрдү берет;
- жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берет;
- документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардын үзүндүлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
- документтерге коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрөт;
- документтердин бир тилден башка тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
- жарандын тирүү болуу фактысын күбөлөндүрөт;
- жарандын белгилүү бир жерде болуу фактысын күбөлөндүрөт;
- жарандын фотосүрөт менен окшоштугун күбөлөндүрөт;
- документтерин көрсөткөн убактысын күбөлөндүрөт;
- акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
- аткаруу жазууларын жүзөгө ашырат;
- документтерди сактоого кабыл алат;
- далилдөөлөрдү камсыз кылат;
- деңиз протесттерин жасайт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда консул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алат.
4. Эгерде консул кайсы-бир себептерден улам өз функцияларын аткара албаса же консулдук кызмат орду убактылуу бош болсо, консулдун милдетин аткаруу алар турган мамлекеттин ошол же башка консулдук мекемесинин башка кызмат адамына же ошол мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
5. Консулга жасалып жаткан нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө ага белгилүү болуп калган маалыматтарды, анын ичинде дипломаттык кызматы же эмгек келишими токтогондон кийин да таркатууга тыюу салынат.
Эгерде жаран дене кемчиликтеринен, оорусунан же башка кандайдыр бир себептерден улам өзү кол кое албаса, анын тапшырмасы боюнча бүтүмгө, арызга же башка документке кол койгон жаранга, документтин котормосун жасаган котормочуга (сурдокотормочуга) жана башка адамдарга аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды таркатууга тыюу салынат.
Жүзөгө ашырылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар (документтер) анын атынан же тапшыруусу боюнча ошол иш-аракеттерди жүзөгө ашырган адамга гана берилет.
Жүзөгө ашырылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалымкаттар (маалыматтар) соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын талабы боюнча алардын өндүрүшүндө турган иштерге байланыштуу берилет. Мурастоо жөнүндө маалымкаттар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет. Документтерди талап кылып алуу жөнүндө талаптар токтом же аныктама түрүндө, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка тартипте таризделүүгө тийиш.
Консулдук мекемелерден талап кылып алынган документтер милдеттүү түрдө кайтарылууга жатат.
Мурастоо жөнүндө маалымкаттар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү же өлүмү жөнүндө актынын жазууларынан көчүрмө көрсөтүлгөндө гана керээз кагазы боюнча жана мыйзам боюнча мураскорлорго же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана берилет.
Консул турган мамлекеттин уюмдарынан жүзөгө ашырылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалымкаттарга (документтерге) тийиштүү суроо-талаптар келип түшкөндө, бул маселе ошол консулдук мекеменин башчысы тарабынан чечилет.
Жүзөгө ашырылган нотариалдык аракеттердин жашырын сырынын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтому менен 5-пунктунун расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүү киргизилди.
6. Консулдук мекемеде нотариалдык иш кагаздар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт. Эгерде нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган адам иш кагаздары жүргүзүлгөн тилди билбесе, таризделип жаткан документтердин тексттери ага нотариалдык иш-аракеттерди жасап жаткан консул тарабынан, же билими жөнүндө тиешелүү документтердин негизинде расмий котормону иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү квалификациялык талаптары бар котормочу тарабынан которулуп берилиши керек. Бул тууралуу консул документтин текстине жана күбөлөндүрүүчү жерине котормо ким тарабынан аткарылгандыгы тууралуу жана документтин текстинин түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө жазат, ошондой эле кол коет жана мөөр басат. Мындай учурда кайрылган адам өз фамилиясын, атын, атасынын атын толугу менен өзү сүйлөгөн тилде жазат жана колун коет.
7. Консул жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча бүтүмдөр долбоорлорун, арыздарды жана башка документтерди түзөт, документтердин көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын, алардын көчүрмө бөлүктөрүн даярдайт, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.
8. Эгерде нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе, анда консул белгиленген тартипте мындай аракетти иш жүзүнө ашыруудан баш тартат.
Эгерде документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе же өз мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна жана мамлекеттик кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болсо, же жарандардын абийирин жана кадыр-баркын кетирүүчү маалыматтарды камтыса, анда консул мындай документтерди нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга кабыл албайт.
Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча, ага баш тартуунун себептери айтылууга жана ага карата даттануу тартиби түшүндүрүлүүгө тийиш.
2. Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруунун жалпы эрежелери
9. Нотариалдык иш-аракеттер консулдук мекемеде жүргүзүлөт. Айрым учурларда нотариалдык иш-аракеттер бул көрсөтүлгөн мекемеден сырткары жерлерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттер консулдук мекемеден сырткаркы жерлерде жүзөгө ашырылып жатса, анда документтин күбөлөндүрүүчү жазуусунда жана нотариалдык иш-аракеттер реестринде (мындан ары - реестр) нотариалдык иш-аракеттер жасалган орундун дареги жана себеби көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Нотариалдык иш-аракеттер аны аткаруу үчүн керектүү болгон бардык документтер берилген, мамлекеттик алым, консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөн күнү жүзөгө ашырылат.
Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу кошумча маалыматтарды же документтерди талап кылуу, же документтерди экспертизага жөнөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамынын 35-беренесинде каралган башка негиздер боюнча зарыл болгон учурларда кийинкиге калтырылышы ыктымал.
Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, эгерде мыйзам күчүнө карата кызыкдар болгон тараптардан аларды бул иш-аракеттерди жасоого каршылыгы жок экендиги тууралуу суроо зарыл болсо кийинкиге калтырылат. Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу калтырылып жаткан мөөнөт, бир айдан ашпашы керек. Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган адамдын талабы боюнча, ага нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну токтото туруу жөнүндө токтом берилет.
Кыргыз Республикасынын же өзү турган мамлекеттин сотуна кызыкдар адамдын күбөлөндүрүп берүүнү суранган укугун же фактыны талашкан башка кызыкдар адамдын арызы боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу он күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылат. Эгерде бул мөөнөттө Кыргыз Республикасынын же өзү турган мамлекеттин сотунан арыз келип түшкөнү тууралуу билдирүү келип түшпөсө, нотариалдык иш-аракет жүзөгө ашырылышы керек.
Кыргыз Республикасынын же өзү турган мамлекеттин сотунан кызыкдар адам күбөлөндүрүп берүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашкан башка кызыкдар адамдын арызы келип түшкөндүгү жөнүндө билдирүү келип түшкөн учурда, нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын же өзү турган мамлекеттин соту тарабынан иш чечилгенге чейин токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269, 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Консул нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кайрылышкан жарандардын (алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле көзөмөлчүсүнүн жана камкорчусунун) жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн ким экендигин аныктайт.
Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кайрылышкан жарандардын ким экендиги төмөнкү документтер боюнча такталат:
- Кыргыз Республикасынын жарандары - 1994-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту же дипломатиялык паспорту боюнча;
- он алты жашка толо элек жарандар - 1994-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгү боюнча;
- аскер кызматчылары - 1994-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча, ал эми жалпы жарандык паспорттордун бул категориялары жок болгон учурларда, - өздүк күбөлүктөрү же аскер бөлүктөрүнүн командачылыгы же аскердик мекемелер берген билети боюнча;
- чет өлкө жарандары - алардын улуттук же дипломатиялык паспорту боюнча;
- жарандыгы жок адамдар - жарандыгы жок жарандардын Кыргыз Республикасы же чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары же уюмдары тарабынан таризделген жол документтери боюнча.
12. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү учурунда жарандардын ишке жарамдуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бүтүмдөргө катышып жаткан юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилет. Бүтүм өкүл тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан кезде анын ыйгарым укуктары дагы текшерилет.
13. Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү ал түзүлүп жаткан учурда пайда болот. Юридикалык жак ал мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып түзүлгөн деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (мындан ары - Граждандык кодекс) 87-беренесине ылайык юридикалык жактын уюштуруучу документтери болуп төмөнкү документтер эсептелет:
- устав;
- уюштуруу келишими жана уставы;
- уюштуруу келишими;
- жобо.
Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн, анын органдарынын жана өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын текшерүүдө консул берилген документтердин негизинде милдеттүү түрдө юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы менен таанышуусу керек.
14. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдөргө, ошондой эле арыздарга жана башка документтерге нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырып жаткан консулдун катышуусунда кол коюлат. Эгерде бүтүм, арыз же башка документке консул жок кезде кол коюлса, анда кол койгон адам жеке өзү документке кол койгондугун тактал бериши керек.
Эгерде жаран дене кемчилдигинен, оорусунан же башка кандайдыр-бир себептер боюнча өзү кол кое албаса, анда анын тапшыруусу боюнча, өзүнүн катышуусу жана консулдун катышуусунда, арызга же башка документке башка жаран кол кое алат, мында документтин текстине жана күбөлөндүрүүчү жазуусуна нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган жаран тарабынан документке жеке кое албаган себептерди көрсөтүү менен жазуу киргизилет.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган жаран сабатсыз, көзү азис болсо же башка себептерден улам жазууну так көрө албаса, ошондой эле оорусунун айынан бүтүмдү, арызды же башка документти окуй албаса, анда консул ага документтин текстин үн чыгарып окуп берет, бул тууралуу ал документтин текстине жана күбөлөндүрмө жазууга киргизилет.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган жарандын дүлөй-дудуктугу менен байланышкан дене кемчилдиги (дудук-дүлөй, дүлөй, керең) болсо, анда нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашырууда аны менен сүйлөшө ала турган сурдокотормочу милдеттүү түрдө катышуусу керек. Сурдокотормочуну чакыруунун зарылдыгы тууралуу арыз консул тарабынан берилет. Сурдокотормочуну жаран өз алдынча аныктайт. Сурдокотормонун кызмат көрсөтүүсүнүн акысы жаран тарабынан өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Эгерде ишке жарамдуу жана дүлөй-дудуктугу менен байланышкан дене кемчилдиги (дудук-дүлөй, дүлөй, керең) болгон, бирок сурдокотормочу менен сүйлөшө албай турган сабаттуу жаран консулга кат жүзүндө бүтүм, арыз же башка документ анын эркине шайкеш болгону тууралуу билдирсе, анда мындай учурларда сурдокотормочунун нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга катышуусу милдеттүү эмес. Мында жарандын өз эркин кат жүзүндө билдириши бүтүм жөнүндө келишим, арыз же башка документтер менен кошо тиркелет.
Консул котормочуну же сурдокотормочуну документти туура эмес же жалган которгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтери тууралуу эскертет, бул тууралуу документтин текстине белги коет.
15. Консулдар нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн документтерди жана материалдарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу талап кылууга укуктуу. Документтер жана материалдар консулдар көрсөткөн мөөнөттө берилиши керек.
16. Консул нотариалдык иш-аракеттерди өзүнүн атына жана өзүнүн атынан, өз жубайынын атына жана анын атынан, анын жана өзүнүн жакын туугандарынын атына жана алардын атынан жүзөгө ашырууга укугу жок.
17. Консулдар төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алышпайт, эгерде:
- документтерде кырып оңдолгон же кошуп жазылган сөздөрү, чийип салынган сөздөрү жана башка алдын ала сүйлөшүлбөгөн оңдоолору болсо, ошондой эле документтер калем менен жазылса;
- документтер бир нече баракка жазылып, бирок беттери номерленбесе жана боо өткөрүлүп байланбаса, документти берген уюмдун кызмат адамынын колу коюлбаса жана мөөрү басылбаса;
- документтерге колу факсимилде коюлса.
18. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп жаткан бүтүмдөрдүн, арыздардын жана башка документтердин тексти ачык жана так жазылышы керек, бүтүмдүн, арыздын жана документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жолу сөз менен белгилениши керек, эгерде аларда баалар көрсөтүлсө, анда алар сан жана сөздөр менен белгилениши зарыл, ал эми юридикалык жактардын аталыштары - кыскартылуусуз, алардын органынын жайгашкан ордун (почта дарегин) көрсөтүү менен жазылат, зарыл болгон учурларда салык төлөөчүнүн банктык эсеби жана жеке идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) көрсөтүлөт. Жарандардын фамилиясы, аты, атасынын аты толук түрдө туруктуу катталган жана жашаган ордун көрсөтүү менен жазылышы керек, эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чет мамлекеттердин жарандары да катышса, анда алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
Бүтүмдүн текстин түзүүдө консул "Электрондук нотариус" системасынан колдонууга укуктуу.
19. Документтердеги акырына чейин толтурулбаган саптар жана башка бош орундар, чет өлкөлөрдөгү иш-аракеттер үчүн арналган документтерди кошпогондо, чийилип коюлат. Кошуп жазуулар жана оңдоп-түзөтүүлөр тиешелүү адамдар (бүтүмдөрдүн катышуучулары жана бүтүмгө, арызга жана башка документтерге кол кое турган башка жактар) кол коер алдында макулдашылышы керек жана күбөлөндүрүүчү жазуулардын акырында консул кол коер алдында милдеттүү түрдө кайталап макулдашылышы жана консулдун колу менен күбөлөндүрүлүп, мөөрү басылышы керек. Күбөлөндүрүүчү жазуулардагы оңдоолор консул кол коер алдында макулдашылышы керек жана консулдун колу коюлуп, мөөрү басылышы зарыл. Мында оңдоолор бардык чийилген сөздөр жана сандар баштапкы текстте окула тургандай кылып жасалышы керек.
Эгерде документ туура эмес жазылса же сабатсыз түзүлсө, аларда алдын ала макулдашылбаган оңдоолор болсо же документтердин реквизиттери толук толтурулбаса, документтин көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүүдө консул кайрылган адамга документти оңдоп коюуну же кайра кайталап алып келүүнү сунуштайт.
Консул өз демилгеси менен же кызыкчылыгы бар адамдардын өтүнүчү боюнча күбөлөндүрүлгөн документке, анын маңызын өзгөртпөй турган жазууларды киргизет же арифметикалык каталарды оңдойт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча документтин долбоору консул тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
21. Эгерде нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же такталган бүтүм, арыз же башка документ бир нече баракта жазылса, алар боо өткөрүлүп байланып, номерленет жана консулдун колу коюлуп, мөөрү басылып күбөлөндүрүлөт.
22. Мурастоо укугун, менчик укугун, жарандын тирүү экендигин жана белгилүү бир орунда жашап тургандыгын, жарандын фотосүрөт менен окшоштугун ырастоодо, документтерди сактоого кабыл алууда тиешелүү күбөлүктөр берилет.
23. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө, документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардын көчүрмө бөлүктөрүнүн тууралыгын, документтердеги кол коюулардын аныктыгын, документти бир тилден экинчи тилге которуунун тууралыгын, документтерди берүү убактысын күбөлөндүрүүдө тиешелүү документтерге күбөлөндүрүүчү жазуулар киргизилип, консул ага кол коюп, мөөр басат.
24. Күбөлөндүрүүчү жазуулардын тексти техникалык каражаттар менен (компьютерде же жазуучу машинкаларда) так, оңдоосуз жасалышы керек. Документтеги бош орундар чийилип коюлат, жазуулар жана башка оңдоолор ушул Нускаманын 19-пунктуна ылайык түшүндүрүлөт.
Күбөлөндүрүүчү жазууларды жасоо үчүн жазуунун тиешелүү тексти бар штамптар колдонулушу мүмкүн.
Эгерде күбөлөндүрүүчү жазуулар тиешелүү документке батпаса, ал улантылат же документке кошо тиркелген бир барак кагазда толук жазылат. Мындай учурларда документтин тексти берилген барактар жана күбөлөндүрүүчү жазуу боо өткөрүлүп байланып, номерленет, барактарынын саны консулдун колу коюлуп жана мөөрү басылып күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Консулдар тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан нотариалдык иш-аракеттер реестрде катталат. Консул мекемелерин реестрлер менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин атайын каражаттарынын эсебинен же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин атайын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
Реестрде калем жана өчүп кала турган сыя менен жазууга жол берилбейт.
Ар бир жасалган нотариалдык иш-аракет өзүнчө номер менен катталат. Нотариалдык иш-аракеттин катталган номери консул тарабынан күбөлөндүрүлүүчү же берилүүчү документтин күбөлөндүрүүчү жазуусунда көрсөтүлөт.
Жүзөгө ашырылып жаткан нотариалдык иш-аракеттерди номерлөөдө ката кеткен учурларда өзүнчө маалымкат түзүлөт, ал консулдун колу коюлуп, мөөрү басылып күбөлөндүрүлөт жана реестрге чапталат.
Реестрдин жазууларында ката кетирилген учурларда оңдоолор ушул Нускаманын 19-пунктуна ылайык киргизилет.
Документтин көчүрмөсүнүн аныктыгын күбөлөндүрүүдө ар бир документке өз алдынча реестрдик номер ыйгарылат. Күбөлөндүрүүчү жазуудагы номерлер да ушул эле тартипте көрсөтүлөт.
Реестрде номерлөө ар бир календарлык жылдын башталышынан тартып биринчи катар номерден тартып жүргүзүлөт.
Реестрлер боо өткөрүлүп байланып, алардын барактары номерлениши керек. Реестрге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин колу коюлат жана мөөрү басылат.
26. Күбөлөндүрүүчү документке консул тарабынан өзүнүн мөөрүн басуу менен кол коюлат жана реестрде консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөндөн, тараптар (тарап) документке кол койгондон кийин катталат. Реестрдеги жазуулар консулдук мекеменин башка компетенттүү кызматкери тарабынан киргизилиши мүмкүн. Документти алып жаткан адам реестрге өз фамилиясын, атын, атасынын атын жазат жана колун коет.
Күбөлөндүрүлгөн документке консул мөөрүн басуу менен кол коет жана документ реестрге консул тарабынан (консулдук мекеменин башка кызматкери тарабынан) консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөндөн, документке белгилүү адам кол койгондон же документтин аныктыгы белгиленгенден кийин катталат. Документти алып жаткан адам реестрге өз фамилиясын, атын, атасынын атын жазат жана колун коет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Консул жарандардын же юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жана соттун, прокуратуранын, иликтөө органдарынын токтом, аныктама түрүндө же процесстик мыйзамдар тарабынан белгиленген башка тартипте таризделген талаптары боюнча реестрден көчүрмө бөлүктөрдү чыгарып берет (сотко, прокуратурага, иликтөө органдарына реестрдин ксерокөчүрмөсү берилет). Реестрлердин түп нускасын берүүгө тыюу салынат.
28. Консул тарабынан күбөлөндүрүлгөн же берилген, нускалары консулдук мекеменин иш кагаздарында сакталып турган документтер жоголуп кеткен учурларда жеке адамдардын же юридикалык жактардын, же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, алардын атынан же тапшырмасы боюнча нотариалдык иш-аракеттер жүзөгө ашырылса, жоголгон документтердин дубликаттары берилет.
Арыздардагы кол коюулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күбөлөндүрүлөт.
Жарандарга жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнө берилген ишеним каттардын текстинде документтин дубликатын алууга ыйгарым укугу көрсөтүлгөн болушу керек.
Дубликаттын текстинде күбөлөндүрүлгөн же берилген документтин тексти толугу менен камтылышы керек. Документтин ксерокөчүрмөсү түп нусканы (анын көчүрмөсүн) жана документтин дубликатын алмаштыра албайт.
Документтин дубликатында күбөлөндүрүүчү жазуу жазылат.
Күбөлөндүрүлгөн же берилген документтердин дубликаттары консул тарабынан жарандардын же юридикалык жактардын мураскорлорунун (укук улантуучуларынын) бирине берилет.
Керээз кагазынын дубликаты керээз калтыруучуга берилет, ал эми ал каза болгондон кийин керээз кагазы боюнча мураскорлоруна же мыйзам боюнча мураскорлоруна, же алардын өкүлдөрүнө алар тараптан керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Керээз кагазында көрсөтүлгөн мураскорлор каза болгондон кийин, керээздин дубликаты мураскорлорго берилиши мүмкүн, мында алар тарабынан өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) же керээз калтыруучунун же мурунку кезектеги мураскордун (мураскорлордун) өлгөндүгү жөнүндө акт жазуусунун көчүрмөсү, зарыл болгон учурларда мураскорлордун керээз калтыруучу менен туугандык катыштарын тастыктаган документ (эгерде бул документ мурун берилбесе) көрсөтүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Алардын негизинде нотариалдык иш-аракеттер жүзөгө ашырылган документтер бүтүмдүн консулдук мекемеде калтырыла турган көчүрмөсүнө, мураска укугу жөнүндө күбөлүккө кошумчаланат, ал эми башка нотариалдык иш-аракеттерде - документтердин көчүрмөсүнө, консулдук мекемеде иш кагаздарында сактоо үчүн кошумчаланат.
Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу өтүнүчү менен кайрылган жарандардын ким экендигин ырастоочу документ жана юридикалык жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн уюштуруу документтери реестрге аталышын, номерин, документтин берилген күнүн жана аны берген органды киргизгенден кийин кайтарылып берилет.
30. Ижара келишимдерин күбөлөндүрүүдө менчик укугун, тирүү жубайынын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүнү, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшүнө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүнү ырастоочу документтердин түп нускалары консулдук мекемеде калтырылбайт.
31. Эгерде берилген документтин аныктыгы шек туудурса, консул бул документти алып калат жана аны экспертизанын тиешелүү түрүн жүргүзүү үчүн жиберет.
Эгерде мындай документтер алар турган мамлекеттин же консулдук тейлей турган округга кирген мамлекеттин уюмдарынан келсе, консул мындай документтердин аныктыгын ырастоо жөнүндө бул уюмдардын жетекчилерине расмий суроо-талап жөнөтөт.
Эгерде документтер консул тейлей турган округга кирбеген мамлекеттерден келсе, анда консул мындай документтердин аныктыгын ырастоо жөнүндө бул мамлекеттеги консулдук мекемеге документтин аныктыгын ырастоо үчүн расмий суроо-талап жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Консул төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартат, эгерде:
- мындай иш-аракетти жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе;
- нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу өтүнүчү менен ишке жарамсыз жаран же тиешелүү ыйгарым укуктары болбогон өкүлү кайрылса;
- юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм, анын уставындагы же жобосундагы максаттарга карама-каршы келсе;
- бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе;
- нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе.
Нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартылган учурларда консул кайрылуу болгон күндөн кийинки үч күндөн кечиктирбестен нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат жана аны нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган адамга берет.
Баш тартуу тууралуу токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- токтом чыгарылган күн, токтомду чыгарган консулдун фамилиясы, аты, атасынын аты, консулдук мекеменин аталышы;
- нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган жери, ошондой эле эгерде ал юридикалык жак болсо, анда анын толук аталышы, жайгашкан орду (почта дареги) жана ИСНи;
- кайрылган адам кандай нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу жөнүндө суранганы;
- нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартуунун жагдайлары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде);
- даттануу тартиби жана мөөнөттөрү.
33. Консул нотариалдык иш-аракеттер үчүн каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коюмдар боюнча алат.
Консул нотариалдык иш-аракеттерди консулдук мекеменин имаратынан тышкаркы жерлерде алып барса кызыкдар жаран же юридикалык жак иш жүзүндө кеткен транспорт чыгымдарын жана башка чыгымдарын төлөп берет.
Эгерде консул өзү кетирген катанын натыйжасында аткарган нотариалдык иш-аракети туура эмес болуп калганын тапса, ал аталган нотариалдык иш-аракетти алып таштоого карата белгиленген тартипте чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине билдирүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Нотариалдык иш-аракеттердин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу эрежелери
§ 1. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелери
34. Консулдар ээликтен ажыратуу жөнүндө жана кыймылсыз мүлктү - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак үйүн (үйдүн бир бөлүгүн), батирин, дачасын, бакча тамын, гаражын, ошондой эле башка имаратты, курулманы же курулушту күрөөгө коюу келишимдеринен башка, мыйзамдарда аларды жүзөгө ашыруунун милдеттүү нотариалдык формасы белгиленген бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт.
Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө документтердин ксерокөчүрмөсү документтердин дубликаттарын жана түп нускаларын алмаштыра албайт.
35. Бүтүмдүн катышуучусунун ишке жарамдуулугу аныкталган учурларда консул бүтүмдүн катышуучусунун жаш курагын ырастаган документин талап кылат.
Эгерде консулда бүтүмдүн катышуучуларынын кимдир-бирөө жин оорусунун же кем акылдыктын кесепетинен улам өз аракеттеринин маанисин түшүнбөйт же аларды башкара албайт, же болбосо спирт ичимдиктерин ашкере көп ичүүдөн же баңгилик көз карандылыктан улам өз үй-бүлөсүн оор материалдык абалга калтырып жатат деп ойлоого негиздер бар болуп, бирок мындай жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануу жөнүндө маалыматтар жок болсо, анда консул бүтүмдү күбөлөндүрүүнү токтото турат жана бул адамды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануу жөнүндө соттун чечими жоктугун тактайт.
Эгерде сот тарабынан бул адам аракетке жөндөмсүз деп таанылса, анда консул нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Консул мындай токтом менен макул эмес тарапка анын сотко кайрылуу укугун түшүндүрүшү керек.
Эгерде сот тарабынан бул адам аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылса, консул нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адамдын камкорчусунун макулдугун талап кылат.
36. Жашы жете элек, он төрт жашка чыга электер үчүн бүтүмдөрдү, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, алардын атынан ата-энеси, асырап алгандар же көзөмөлчүлөрү гана жүзөгө ашыра алышат. Мындай бүтүмдөрдү түзүүдө атасынын да, энесинин да макулдугу талап кылынат.
Көзөмөлдүк сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарга да белгиленет. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандын атынан бүтүмдөр анын көзөмөлчүсү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Көзөмөлдөгү жарандардын атынан тартуу кылуу келишимдерин жүзөгө ашырууга жол берилбейт. Бул эрежелер өзүнүн жашы жете элек балдарына көзөмөлдүк жана камкордук кылышкан ата-энелер (асырап алуучулар) тарабынан түзүлүүчү бүтүмдөргө да колдонулат.
Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электер, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү кошпогондо, ата-энесинин, асырап алуучуларынын же камкорчуларынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен бүтүмдөрүн жүзөгө ашыра алышат. Мындай бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда атасынын да, энесинин да макулдугу талап кылынат.
Камкорчулук сот тарабынан аракетке жарамдуулугу чектелүү деп таанылган адамдарга карата да белгиленет. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү жаран, бүтүмдөрдү камкорчусунун макулдугу менен гана жүзөгө ашыра алат.
Көзөмөлчү жана камкорчу, алардын жубайлары жана жакын туугандары алар баккан адам менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укугу жок, ошондой эле алардын көзөмөлүндөгү же камкордугундагы адамдарга алар менен көзөмөлчүнүн же камкордук көрүүчүнүн жубайынын жана анын жакын туугандарынын ортосунда соттук иштерди жүргүзүүдө аны коргоого укугу жок.
37. Консул бүтүмдөргө катышкан юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгүн текшерүүдө юридикалык жактын уюштуруу документтери менен таанышып чыгышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын мамлекеттик катталганын жана жүзөгө ашырылып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин юридикалык жактын уюштуруу документтерине шайкеш келишин текшериши керек.
Эгерде бүтүм өкүл тарабынан жүзөгө ашырылып жатса, анын ыйгарым укуктары дагы текшерилет.
Өкүлдүн ыйгарым укуктары анын наамына берилген ишеним кат, жана (же) башка документтер (токтом, чечим, жалпы жыйындын протоколу, байкоочу кеңештин токтому, буйрук ж.б.) менен тастыкталат.
Эгерде бүтүмдү жүзөгө ашырууда юридикалык жактын жетекчиси тике катышып жаткан болсо, анда бүтүмгө мөөр басылат.
Консул юридикалык жактын жетекчисинен, ал уюштуруу документтери боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон болсо бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу жана башка иш-аракеттери үчүн ишеним катты талап кылбайт. Бул учурларда анын кызматтык абалын тастыктаган документ талап кылынат.
Эгерде өкүл тарабынан көрсөтүлгөн ишеним кат шек туудура турган болсо, консул тийиштүү тартипте аны күбөлөндүргөн кызмат адамы (уюму) аркылуу документти текшериши керек.
38. Төлөнгөн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар бүтүмдөрдү бузууда кайра кайтарылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Жарандар жана юридикалык жактар тарабынан берилген бүтүмдөрдүн долбоорлору, ошондой эле консулдук мекемеде түзүлгөн долбоорлор мыйзамдардын актыларына карама-каршы келбеши керек.
Бүтүмдөрдүн текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт (тиешелүүлүгү боюнча):
- бүтүмдүн аталышы;
- бүтүмдү күбөлөндүргөн консулдук мекеменин толук аталышы, жайгашкан орду (почта дареги), консулдун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- бүтүмгө кол коюлган күн (сөз менен жазылат); тараптардын фамилиясы, аттары, аталарынын аттары (толук жазылат), алардын туруктуу катталган орду жөнүндө маалыматтар; юридикалык жактын аталышы (жок дегенде бир жолу толук жазылат), мамлекеттик каттоодон өткөртүлүшү жана жайгашкан орду (почта дареги) тууралуу маалыматтар, ошондой эле ИСНи; эгерде тараптар туугандардан болсо, анда туугандык даражасы;
- эгерде бүтүмдүн бир жак тарабы чет өлкөлүк жаран болсо, анда анын жарандыгы;
- бүтүмдүн предмети, анын курамы жана сүрөттөлүшү;
- бүтүмдүн предметинин инвентардык наркы жана тараптар менен макулдашылган баасы;
- бүтүмдүн предметинин төлөө формасы жана зарыл учурларда аны төлөө мөөнөттөрү;
- бүтүмдүн предметине карата милдеттердин алуучуга өтүшү же башка милдеттенмелер;
- тараптардын макулдашуусу боюнча укуктардын жана милдеттенмелердин өтүшү боюнча мыйзамдык актыларга каршы келбей турган башка шарттар;
- эгерде бүтүмгө юридикалык жактын жетекчиси катышып жатса, анда юридикалык жактын мөөрү басылышы керек;
- жубайлар тарабынан мүлктү никеге турганга чейин сатып алынгандыгы аныкталган учурда - нике качан, каякта жана жарандык абалдын актысын жазуунун кайсы органында катталганы тууралуу жазуу;
- консул тарабынан бүтүмдүн мазмунунун жана маанисинин түшүндүрүлүшү жана анын тараптардын чыныгы ниетине дал келиши.
Бүтүмдүн ар бир көчүрмөсүнө тараптар (алардын өкүлдөрү, көзөмөлчүлөрү же камкордук көрүүчүлөрү) кол коюшат, мында алардын фамилиясы, аттары, аталарынын аттары толук көрсөтүлүшү керек.
Консул бүтүмдүн ар бир көчүрмөсүнө күбөлөндүрүүчү жазуу жазат, реестрде көрсөтүлгөн катар номерин жана алынган жана консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүгө тийиш болгон каражаттарды көрсөтөт, кол коет жана мөөр басат.
Бүтүмдүн мазмуну баяндалган, нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлүп жаткан документтин нускаларынын саны нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган жактар тарабынан аныкталат, бирок, мыйзамдарда каралган учурлардан башка кездерде, бүтүмгө катышып жаткан тараптардын санынан ашпашы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Кыргыз Республикасынын жарандары же юридикалык жактары менен чет өлкөлүк жарандардын же юридикалык жактардын ортосунда бүтүмдөр түзүлүп жаткан учурларда, эгерде бул бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана консулдук мекеменин жайгашкан жериндеги мамлекеттин мыйзамдары боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек болсо, жана ошол консулдук мекеме турган мамлекетте колдонуу үчүн жасалып жатса, консул тараптарга бүтүмдү жергиликтүү нотариустан тариздөөнү сунуштай алат.
Эгерде тараптардын бири болуп консулдук мекеме турган мамлекеттик жараны же юридикалык жагы болсо, анда эгерде ошол мамлекеттин мыйзамдарында же бул мамлекет менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде консул тарабынан бүтүмдөрдү тариздөөгө тыюу салынбаган болсо, консул бүтүмдү тариздөөгө укугу бар.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Айырбаштоо келишимин күбөлөндүрүү
41. Айырбаштоо келишимине карата тиешелүүлүгүнө жараша сатып алуу-сатуу жөнүндө эрежелер колдонулат, эгерде бул айырбаштоонун маңызына каршы келбей турган болсо. Мында тараптардын бири ал берүүгө милдеттүү болгон товарды сатуучу, жана экинчиси алмашуу менен кабыл алууга милдеттенген товарды сатып алуучу катары таанылат.
Айырбаштоо келишимин тариздөөдө тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 505-508-беренелери түшүндүрүлөт, бул тууралуу келишимдин текстинде көрсөтүлөт.
42. Келишимдин предмети катары жүгүртүүдөн алынган же жүгүртүүдө чектелген буюмдар, кыймылсыз мүлк болбошу керек.
43. Эгерде айырбаштоо келишиминен башка нерселер келип чыкпаса, алмашыла турган товарлар бирдей баада деп түшүнүлөт, ал эми аларды берүү жана кабыл алуу боюнча чыгымдар тиешелүү жоопкерчиликте болгон жак тараптан ар бир учурда өз алдынча жүзөгө ашырылат.
44. Айырбашталып жаткан товарлар бирдей баада эмес деп таанылган учурларда, келишим менен баасы айырбаштоого берилип жаткан товардын баасынан төмөн болгон товарды берүүгө милдеттүү тарап тарабынан баалардагы айырманы төлөөнүн башка тартиби белгилениши мүмкүн.
§ 3. Тартуу кылуу келишимин күбөлөндүрүү
45. Тартуу келишими боюнча биринчи тарап (тартуу берүүчү) акысыз түрдө башка тараптын (тартуу алуучу) менчигине буюмду өткөрүп берет же берүүгө милдеттенет, же экинчи тарапка өзүнө карата же үчүнчү бир тарапка карата мүлктүк укукту (талапты) өткөрөт же өткөрүүгө милдеттенет, же өзүнүн алдындагы же үчүнчү тараптын алдындагы мүлктүк милдеттенмелерден бошотот же бошотууга милдеттенет.
Акысыз түрдө кимдир-бирөөнө буюмду же мүлктүк укукту өткөрүп берүү же кимдир-бирөөнү мүлктүк милдеттенмеден кутултуу убадасы (тартуу кылуу убадасы) тартуу кылуу келишими деп таанылат, эгерде ал тиешелүү формада жасалып, келечекте буюмду же мүлктүк укукту конкреттүү адамга акысыз өткөрүп берүүнү ниет кылса, же аны мүлктүк милдеттенмесинен бошотууну ниет кылса.
Тартуу алуучуга тартуу берүүчүнүн өлүмүнөн кийин өткөрүп берүүнү караштырган келишим жараксыз.
46. Тартуу кылуу келишиминде тартуунун предмети көрсөтүлүшү керек. Өзүнүн бардык мүлкүн же мүлкүнүн бир бөлүгүн тартуу кылуу убадасы тартуунун предметин буюм катары, мүлктүк укук катары же мүлктүк милдеттенмеден кутултуу катары көрсөтпөгөн болсо жараксыз болот.
47. Тартуу алуучу ага тартууну бергенге чейинки каалагандай убакытта андан баш тартууга укуктуу. Мындай болгондо тартуу кылуу келишими жандырылды деп эсептелет.
48. Тартуу кылуу келишиминде тартуу кылуучунун тартуусун алуучудан кийин да жашап калган учурунда келишимди жокко чыгаруу укугу каралышы мүмкүн.
Консул тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 509-517-беренелеринин мазмунун түшүндүрүп берет, бул тууралуу тартуу кылуу келишиминин текстинде жазуу жазылат.
49. Кайрымдуулук кылуу катары жалпыга пайдалуу максаттарда тартуу кылуу таанылат. Жалпыга пайдалуу максаттар кайрымдуулук кылуунун артыкчылыктуу белгилери деп эсептелет.
Кайрымдуулук каражаттарын кабыл алууга кимдир-бирөөнүн уруксаты же макулдугу талап кылынбайт.
Консул тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 518-беренесинин мазмунун түшүндүрүп берет, бул тууралуу тартуу кылуу келишиминин текстинде жазуу жазылат.
§ 4. Мүлктү убактылуу пайдаланууга алуу келишимин күбөлөндүрүү
50. Мүлктү убактылуу пайдаланууга алуу келишимин күбөлөндүрүүдө консул төмөнкүдөй документтерди талап кылат:
- мүлккө карата укугун тастыктаган документ (көчүрмөсү калтырылат, түп нускасы кайтарылат);
- эгерде пайдаланууга берилчү предмет жалпы бирдиктүү менчиктеги мүлк (жубайлардын жалпы мүлкү) болсо, анда баардык ээлеринин (жубайлардын) макулдугу;
- тартуу кылуучу менен тартуу алуучунун мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
- үстүнөн көзөмөлчү коюлган адамга тиешелүү мүлктү бир жылдан ашык мөөнөткө пайдаланууга алууда, көзөмөлдүк жана камкордук көрүү органдарынын макулдугу.
51. Мүлктү пайдаланууга алуу келишими келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө түзүлөт.
Эгерде мүлктү пайдаланууга алуу мөөнөтү келишимде аныкталбаган болсо, келишим белгисиз мөөнөткө түзүлгөн деп эсептелет. Мында тараптардын ар бири каалаган учурунда, башка тарапка кат жүзүндө бир ай мурун билдирүү менен келишимден баш тартууга укугу бар, ал эми кыймылсыз мүлктү колдонууга алууда - үч ай мурун эскертүү керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде белгисиз мөөнөткө түзүлгөн мүлктү пайдалануу келишиминде аны токтотуу жөнүндө эскертүүнүн башка мөөнөтү каралышы ыктымал.
52. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мүлктүк пайдаланууга алуунун айрым түрлөрү үчүн келишимдин максималдуу (чектик) мөөнөттөрү белгилениши ыктымал. Мындай учурларда, эгерде пайдаланууга алуу мөөнөтү келишимде аныкталбаган болсо жана тараптардын бири дагы мыйзамда белгиленген чектик мөөнөт аяктаганга чейин келишимден баш тартпаган болсо, чектик мөөнөт аяктагандан кийин келишим токтотулат. Мүлктү мындай мыйзам тарабынан белгиленген чектик мөөнөттөн ашык убакытка пайдаланууга алуу келишими чектик мөөнөткө барабар убакытка түзүлдү деп эсептелет.
§ 5. Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишимдерин күбөлөндүрүү
53. Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишими боюнча бир тарап (башкарууну уюштуруучу) экинчи тарапка (ишенимдүү башкаруучуга) белгилүү бир мөөнөткө мүлкүн ишеним артылган башкаруу үчүн өткөрүп берет, ал эми башка тарап бул мүлктү аны уюштуруучунун кызыкчылыктарында же ал көрсөткөн (пайда көрүүчү) жактын кызыкчылыктарында башкарууга милдеттенет.
Мүлктү ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүү ага карата менчик укугунун ишеним артылган башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишими жазуу жүзүндө түзүлөт.
Ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, кыймылсыз мүлккө тиешелүү айрым өзүнчө объекттер, баалуу кагаздар, өзгөчө артыкчылыктуу укуктар жана башка мүлктөр ишеним артылган башкаруу объектилеринен болушу ыктымал.
54. Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишиминин формасын сактабоо бул келишимдин жараксыз болушуна алып келет.
55. Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишимин тариздөөдө, бул мүлк башкарууну уюштуруучуга тиешелүү экени, мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуунун жоктугу жана арестте эместиги текшерилет, жана бул келишим мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Мында консул Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына консулдук кызмат департаменти аркылуу кайрылат.
56. Мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуунун болушу жана арестте болгон учурларда мүлктү ишеним артылган башкаруу келишими кредитордун макулдугу менен гана күбөлөндүрүлөт. Сот жана тергөө органдары тарабынан мүлктү ээликтен ажыратууга жана арестке тыюу салуу болгон кезде келишим бул тыюу салуулар жана арест алынып салынгандан кийин таризденет.
57. Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишимин күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 850-865-беренелеринин талаптарынан келип чыгуучу документтер талап кылынат.
58. Мүлктү ишеним артылган башкарууга берүү келишими төмөнкүлөрдү караштырышы керек:
- келишимдин аталышы, түзүлгөн күнү (жыл, ай жана күнү сөздөр менен жазылат) жана келишимди күбөлөндүрүү ордунун толук аталышы;
- келишим боюнча ишеним артылган башкарууга өткөрүп берилчү мүлктүн тизмеси;
- пайда көрүүчү тууралуу көрсөтмөлөр;
- ишеним артылган башкаруучунун отчет берүү мөөнөттөрү;
- ишеним артылган башкаруу токтотулган учурда мүлктү ала турган жак;
- ишеним артылган башкаруучунун акысынын өлчөмү жана формасы, эгерде акы төлөө келишимде каралган болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн шарттар жок болгон учурларда келишим түзүлбөгөн болуп эсептелет.
59. Мүлктү ишеним артылган башкарууга берүү келишими беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын биринин келишимди мөөнөтү аяктагандыгы боюнча токтотуу тууралуу арызы болбогон учурда, ал келишим өзүндө кандай каралган болсо, ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылган болуп эсептелет.
Мүлктүн ишеним артылган башкарууга берилип жаткан айрым түрлөрү үчүн мыйзамда келишимдин жарактуулугунун башка чектик мөөнөтү белгилениши мүмкүн.
Мүлктү ишеним артылган башкарууга берүү келишимин тариздөөдө консул тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 850-865-беренелеринин мазмунун, ошондой эле мүлктү ишеним артылган башкаруу объектиси боюнча келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн зарылдыгын, бүтүмдү мамлекеттик каттоодон өткөртүү жөнүндө талапты аткарбоонун натыйжалары жөнүндө түшүндүрөт, бул тууралуу келишимдин текстинде көрсөтүлөт.
§ 6. Карыз алуу келишимин күбөлөндүрүү
60. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 724-беренесине ылайык карыз алуу келишими боюнча бир тарап (карыз берүүчү) экинчи тараптын менчигине (карыз алуучуга) акчаны же түрдүк белгилери менен аныкталган башка буюмдарды өткөрүп берет, ал эми карыз алуучу карыз берүүчүгө бир жолу же бөлүп-бөлүп төлөө менен акчанын ушундай эле суммасын же карызга алынган буюмдардын санына ошончолук түрдөгү же сапаттагы буюмдарды (карыздын суммасын) кайтарууга милдеттенет.
61. Карыз алуу келишимин күбөлөндүрүүдө консул тараптардын чыныгы ниеттерин аныкташы зарыл. Келишимде консул тарабынан карызды кайтаруунун мөөнөттөрү жана орду, милдеттенмелерди аткаруу ыкмалары түшүндүрүлгөнү тууралуу көрсөтүлүшү керек. Зарыл болсо консул тараптардан алардын ниеттерин аныктоо үчүн арыз талап кылат.
62. Карыз алуу келишими боюнча пайызды аныктоо шарттары Граждандык кодекстин 726-беренесинде белгиленген тартипте аныкталат.
§ 7. Керээздерди күбөлөндүрүү
63. Керээз болуп жарандын ага тийиштүү болгон мүлкүн же ага карата укугун анын көзү өткөндөн кийин пайдалануу боюнча өз эркин билдириши эсептелет.
Керээз жеке өзү тарабынан жасалышы керек. Керээзди өкүл аркылуу калтырууга жол берилбейт.
Керээздин мазмуну керээз калтыруучу тарабынан жазылып жана консулдун колуна өзү бериши керек же болбосо анын айтуусу боюнча консул тарабынан жазылууга тийиш.
Керээзди күбөлөндүрүүдө керээз калтыруучудан анын мүлкүнө карата менчик укугун тактоочу документ талап кылынбайт.
Керээз жазылган күнүн жана ордун көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жасалууга тийиш. Жазуу жүзүндө түзүлгөн керээзге керээз калтыруучу өзү кол коет, мында анын фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлөт.
Эгерде жаран дене кемчиликтеринен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзге өзү кол кое албаса, анда анын өтүнүчү боюнча консулдун катышуусу менен керээзге башка адам тарабынан кол коюлат, мында керээз калтыруучу эмне себептен керээзге жеке өзү кол кое албай тургандыгынын себептери көрсөтүлөт. Мындай учурларда консул Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна ылайык керээз калтыруучунун ордуна кол коюп жаткан адамга, керээз ачылганга чейин анын мазмунуна, анын түзүлүшүнө, жокко чыгарылышына же өзгөртүлүшүнө тиешелүү керээзде көрсөтүлгөн маалыматтарын жарыя кылууга укугу жок экендигин түшүндүрөт.
64. Төмөнкү адамдар керээз калтыруучунун ордуна керээзге кол кое алышпайт:
- керээзди күбөлөндүрүп жаткан консул;
- анын пайдасына керээз түзүлгөн же керээз боюнча милдет жүктөлгөн адам, мындай адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мураскорлору;
- толук көлөмдө аракетке жөндөмдүү болбогон жарандар;
- керээзди окуй албачу адамдар;
- мурда жалган күбөлүк бергендиги үчүн соттолгон адамдар.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Керээз калтыруучунун өтүнүчү менен керээзди күбөлөндүрүүдө күбөлөр катыша алышат. Бул учурда алардын катышкандыгы тууралуу керээздин эки нускасына тең жазылат.
66. Керээз калтыруучунун каалоосу менен консул тарабынан керээз анын мазмуну менен таанышпастан эле күбөлөндүрүлөт (жашыруун керээз).
Жашыруун керээз, анын жараксыз болуп калбашы үчүн керээз калтыруучунун өз колу менен жазылышы жана кол коюлушу, анын фамилиясы, аты жана атасынын аты толук көрсөтүлүшү керек. Бул тууралуу консул оозеки түрдө керээз калтыруучудан сурайт, ал тууралуу күбөлөндүрүүчү жазуусунда көрсөтөт. Керээз эки күбөнүн жана консулдун катышуусунда конвертке салынып чапталат, ал конвертке күбөлөр колдорун коюшат жана фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүшөт. Күбөлөр кол койгон конверт күбөлөрдүн жана консулдун катышуусунда башка конвертке салынып, чапталат, ал конвертке консул күбөлөндүрүү жазууларын жазат.
Жашыруун керээз реестрде каттоодон өткөртүлөт, алфавиттик китепке киргизилет жана керээздер көктөмүндө сакталат.
67. Мурас калтыруучунун керээзди өзгөртүүсү же жокко чыгаруусу тууралуу арызы консул тарабынан нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.
Консул керээзди өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө арыз алган учурларда бул тууралуу консулдук мекемеде сакталып турган керээзге, реестрге, алфавит китебине жазуу жазат. Керээзди өзгөртүү же жокко чыгаруу тууралуу арыздар консулдук мекемеде, консулдук мекемеде жүргүзүлүүчү бүтүмдөрдү жокко чыгаруу жөнүндө өзүнчө көктөмдө сакталат.
Эгерде мурас калтыруучу анда сакталып турган керээздин көчүрмөсүн көрсөтсө, консул бул көчүрмөгө дагы керээздин өзгөртүлгөндүгү же жокко чыгарылгандыгы тууралуу жазуу жазат.
68. Керээзди күбөлөндүрүүдө консул тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1127 жана 1141-беренелеринин мазмунун түшүндүрөт, бул тууралуу ал керээздин текстинде көрсөтөт.
69. Консул Кыргыз Республикасынын желеги астында сууда жүргөн кемелерде сүзүүдө болушкан жарандардын ошол кемелердин капитандары тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздерин кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти аркылуу керээз калтыруучунун туруктуу жашаган жериндеги нотариалдык конторага жиберет.
Эгерде керээз калтыруучунун Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери жок болсо же керээз калтыруучунун жашаган жери белгисиз болсо, керээз мурас калтыруучуга тийиштүү кыймылсыз мүлк турган жердеги же анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы негизги бөлүгү турган жердеги мамлекеттик нотариалдык конторага жөнөтүлөт, ал эми кыймылсыз мүлк жок болгон учурларда - кыймылдуу мүлктүн негизги бөлүгү турган жерге жөнөтүлөт.
§ 8. Ишеним каттарды күбөлөндүрүү
70. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесине ылайык ишеним кат деп жазуу жүзүндө бир адам тарабынан (ишеним кат берүүчү) экинчи адамга (ишеним берилген адамына) үчүнчү тараптардын алдында чыгуу үчүн берилген ыйгарым укугу эсептелет. Ишенимдүү адам ага келишим кат боюнча берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет.
71. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 200-беренесине ылайык, мүнөзү боюнча адам жеке өзү гана жасашы мүмкүн болгон бүтүмдөрдү, ошондой эле мыйзамдык актыларда каралган учурлардагы башка бүтүмдөрдү өкүл аркылуу жасоого жол берилбейт.
72. Юридикалык жактын атынан берилген, ошондой эле юридикалык жакка берилген ишеним кат, юридикалык жактын уставында (жобосунда) көрсөтүлгөн иштин максаттарына каршы келбеген бүтүмдөрдү гана жасоого берилет. Мындай учурда консул юридикалык жактын уставын (жобосун) текшерет.
Консулдар бир же бир нече адамдардын атынан бир же бир нече адамга берилген ишеним каттарды күбөлөндүрүшөт.
Нотариалдык форманы же юридикалык жактарга карата аракеттерди талап кылган бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга карата берилген ишеним кат, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 204, 205, 206-беренелеринде каралгандан, жана ишеним каттын башка формасы мыйзам тарабынан белгиленгенден башка учурларда, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Ишеним катты түзүүдө жана күбөлөндүрүүдө ишеним бериле турган адамдын катышуусу талап кылынбайт.
Ишеним берилген адам тууралуу маалыматтар, ошондой эле ишеним берилип жаткан объект жөнүндө маалыматтар ишеним кат берүүчү тараптан көрсөтүлгөн документтердин же анын сөздөрүнүн негизинде жазылышы мүмкүн. Ишеним берилген адам тууралуу маалыматтарды, ошондой эле ишеним каттын объектиси тууралуу маалыматтарды ишеним кат берүүчүнүн сөзү боюнча жазган учурда, маалыматтардын аныктыгы үчүн жооптуу ишеним кат берүүчү болот. Бул тууралуу ишеним каттын текстинде же күбөлөндүрүүчү жазууларда белги коюлат.
74. Ишеним каттын текстинде анын түзүлгөн жери жана күнү (кол коюу күнү), ишеним кат берүүчүнүн жана ишеним берилген адамдын фамилиялары, аттары жана атасынын аттары (юридикалык жактын толук аталышы (почта дареги), ИСНи), туруктуу каттоосу боюнча жашаган жери, ишеним берилүүчү адамга ыйгарылган укуктар көрсөтүлүшү, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-206-беренелери түшүндүрүлүшү керек.
75. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 509-беренесине ылайык, тартуу алуучунун аты аталбастан жана тартуунун предмети көрсөтүлбөстөн, өкүл тарабынан тартуу берүүнү ишке ашырууга берилген ишеним кат жараксыз.
Консул тартуу кылуу келишимин күбөлөндүрүүгө байланыштуу ишеним катты күбөлөндүрүп жатканда ишеним каттын текстинде тартуу алуучуну жана тартуунун предметин милдеттүү түрдө көрсөтүшү керек.
76. Эгерде ишеним кат бир адамдан көбүрөөк кишилерге берилип жаткан болсо, анда ишеним кат ишеним берилген адамдардын санына жараша жазылып даярдалат.
77. Ишеним кат үч жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөгөн болсо, ал берилген күнүнөн тартып бир жыл бою күчүндө болот.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Берилген күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз.
79. Ыйгарым укуктар башкага өткөрүп берилүүчү ишеним кат Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралгандан башка учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
80. Граждандык кодекстин 203-беренесине ылайык ишеним кат берилген адам, ага ыйгарылган укуктарды жеке өзү аткарууга милдеттүү. Ал, эгерде ушуга ишеним катта ыйгарым укуктар берилген болсо, же ишеним кат берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жагдайлардын таасиринен улам аргасыз болсо бул иштерди аткарууну башка адамга тапшыра алат.
Башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним кат, ишенимди башкага өткөрүп берүү укугу каралган негизги ишеним катты көрсөткөндө же өкүл негизги ишеним кат боюнча ушуга ишеним катты берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жагдайлардан улам аргасыз болуп жаткандыгын далилдеп көрсөткөн учурларда, нотариалдык жактан күбөлөндүрүүгө жатат. Ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним кат өзүнө негизги ишеним кат боюнча көрсөтүлгөн укуктардан көп укукту камтыбашы керек. Ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү негизги ишеним каттын жарактуулук мөөнөтүнөн узак болбоого тийиш.
Башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын текстинде негизги ишеним каттын берилген орду, күнү жана күбөлөндүрүүнүн реестрдеги номери, негизги ишеним катты берген жана алган адамдардын фамилиялары, аттары жана аталарынын аттары, туруктуу жашаган жана катталган жерлеринин дареги, ишеним өткөрүлүп берилип жаткан башка адам, негизги ишеним кат аркылуу берилген бардык же айрым ыйгарым укуктар (мисалы, автотранспорттук каражатты сатуу, башкаруу, оңдоо, башка жакка айдап баруу ж.б.у.с.) так көрсөтүлүүгө тийиш. Күбөлөндүрүү жазуусунда негизги ишеним каттын негизинде кимге ишеним өткөрүлүп берилсе, ошол адамдын иши тууралуу көрсөтүлөт.
Консулдук мекемеде калтырыла турган негизги ишеним катка ушул ишеним кат боюнча башка адамга ишенимдин өткөрүп берилээри жөнүндө жазуу киргизилет. Негизги ишеним каттын көчүрмөсү консулдук мекемеде калтырыла турган, ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибинде берилүүчү ишеним кат менен бирге тиркелип коюлат.
81. Ишеним берүүчү адам тарабынан ишеним катты жокко чыгарууда, ишеним кат берүүчүнүн ал тууралуу арызындагы колу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт. Бул тууралуу реестрге жана консулдук мекемеде сакталып турган ишеним каттын көчүрмөсүнө белги коюлат. Бул арыз ишеним каттын көчүрмөсү менен бирге же өзүнчө көктөмөгө тиркелет. Арыздын экинчи көчүрмөсү ишеним кат берүүчүгө ишеним ыйгарылып жаткан адамга билдирүү үчүн берилет.
Эгерде ишеним кат мамлекеттик нотариалдык конторада таризделген болсо, анда консул Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти аркылуу ишеним каттын жокко чыгарылганы жөнүндө маалыматтарды тиешелүү нотариалдык конторага жөнөтөт.
§ 9. Керээзге калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрүү
82. Консул керээз калтырылуучу орду боюнча жеке адамдардын же юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен мураскорлордун, баш тартуу алуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин кызыкчылыктарында зарыл болгон учурларда керээз мүлкүн коргоо боюнча чараларды көрөт.
83. Консул мүлктү коргоону камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй чараларды көрөт:
- керээз ачыла турган орунду аныктайт;
- жашаган орду анык болгон мураскорлорду керээздин ачыла тургандыгы жана керээз мүлктү каттоо жасала тургандыгы тууралуу маалымдайт;
- өлгөндүгү тууралуу фактыны тастыктоо үчүн өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү же өлүмү тууралуу актынын жазуусун талап кылат, күбөлүктүн көчүрмөсү керээз көктөмөсүндө калтырылат;
- керээз мүлкүн коргоого карата чаралар көрүлгөнүн же көрүлбөгөнүн аныктайт, эгерде чара көрүлгөн болсо, бул чаралар ким тарабынан көрүлгөнүн, керээз калтыруучунун мүлкү турган бөлмө (бөлмөлөр) чапталып коюлдубу, бул бөлмөнүн (бөлмөлөрдүн) ачкычы кимде экендигин аныктайт;
- мураскорлорго же кызыкчылыгы бар жактарга бул мүлктү каттоо жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө маалымдайт.
84. Консул керээзге калтырылган мүлктү мураскорлор же керээз калтыруучу менен чогуу жашаган башка адамдар каттоо жүргүзүү үчүн көрсөткөндө гана каттайт.
Эгерде мураскорлор же керээз калтыруучу менен бирге жашаган башка адамдар каттоо жүргүзүүгө каршы болушса, анда консул мүлктү каттоого көрсөтүүдөн баш тартылгандыгы тууралуу протокол түзөт жана бул тууралуу мураскорлорго маалымдайт, ошондой эле аларга доо арызы менен бул маселе боюнча сотко кайрылуу укугун же доо арызды камсыз кылуу үчүн мүлктү каттоону соттук тартипте ишке ашырууга карата укугун түшүндүрүп берет.
Эгерде консул мүлктү каттоо үчүн барганда мүлк ордунда жок болсо же мураскорлор же башка адамдар тарабынан алынып, чыгарылып кеткен болсо, анда консул мүлктүн жок экендиги тууралуу протокол түзөт жана бул тууралуу мураскорлорго же башка кызыкчылыгы бар адамдарга билдирет, аларга тиешелүү органдарга бузулган укуктарын коргоо жана мүлктү кайтарып берүү жөнүндө талаптары менен кайрылуу укуктарын түшүндүрүп берет.
85. Каттоо актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- мурас мүлк жөнүндө маалыматтардын же керээз калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрүү жөнүндө тапшырманын келип түшкөн күнү;
- каттоо жүргүзүлгөн күн, каттоого катышкан адамдардын фамилиялары, аттары жана атасынын аттары;
- мурас калтыруучунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, анын өлгөн күнү;
- катталып жаткан мүлктүн жайгашкан орду;
- каттоодо атап көрсөтүлгөн ар бир предметтин кеңири берилген мүнөздөмөлөрү.
86. Каттоону жүргүзүүгө катышкан мураскорлордун жана башка кызыкчылыгы бар адамдардын өз ара макулдашуусу боюнча, катталып жаткан ар бир мүлк өз алдынча бааланат. Макулдашуу болбогон учурда мурас мүлк же мүлктүн макулдашылбаган бөлүгү мүлктү баалоону талап кылып жаткан тараптын эсебинен баа берүүчү уюмдар тарабынан бааланат.
Эгерде мураскорлор мурасты кабыл алышпаса, баа берүүчү уюмдун көрсөткөн кызматы үчүн акы мураска калтырылган мүлктүн эсебинен өндүрүлөт.
87. Автомототранспорт каражаттарды баалоо ыйгарым укук берилген баа берүүчү уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
88. Каттоо актысынын ар бир бетинде буюмдардын (предметтердин) санынын жана алардын наркынын жыйынтыгы чыгарылат, каттоонун аякташы менен буюмдардын (предметтердин) саны жана алардын наркынын жалпы жыйынтыгы чыгарылат.
Каттоо актына мурас калтыруучунун бардык мүлкү киргизилет.
Кошуналарынын жана башка адамдардын айрым бир буюмдардын аларга тиешелүү экендиги тууралуу арыздары каттоо актына жазылат, ал эми кызыкчылыгы бар жактарга бул мүлктөрдүн каттоодон чыгартылышы үчүн сотко кайрылуу тартиби түшүндүрүлөт.
Каттоо акты үч нускадан кем эмес санда түзүлөт, бир нускасы мурас тууралуу көктөмгө тиркелет, экинчиси арыздын негизинде мурас мүлкүн башкаруучуга же мураска калтырылган мүлк сактоого берилген башка адамдарга берилет, үчүнчү нускасы мураскорлорго мураска ээлик кылуу жөнүндө күбөлүк менен бирге берилет.
89. Мураска калтырылган мүлктү каттоо актынын негизинде кийинки номер менен реестрде мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрүү боюнча нотариалдык иш-аракет катталат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте акы алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
90. Өлгөн адамдын акча каражаттары мураскорлорго мураска ээлик кылуу укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин берилет же мураска калтырылган мүлк мурасты алуу укугу боюнча мамлекеттин пайдасына өтүп жаткан болсо консулдук мекеменин депозиттик эсебине киргизилет.
91. Алтын, күмүш, платина жана монеталардагы платина тобунун, монета, куйма же чийки түрдөгү металлдар, чет өлкө валютасы жана чет өлкө валюталарында жасалган төлөм документтери, баалуу кагаздар, баалуу металлдардан жана таштардан жасалган предметтер, ошондой эле баалуу таштар өзүнчө катталат, конвертке же жумшак идишке салынат, оозу чапталат, пломба басылып каттоо жүргүзүлгөндөн кийинки күндөн тартып мураскорлорго өткөрүп бергенге чейин же мураска калтырылган мүлк мурасты алуу укугу боюнча мамлекеттин пайдасына өткөн мезгилге чейин сакталып турат.
Документтештирилбеген баалуу кагаздар тиешелүү депозитарийлерде депозитарийлерди эсепке алуу реестриндеги жазуулар түрүндө сакталат.
Эмгек акынын он минималдуу өлчөмүнөн аз баада турган баалуу буюмдар (нерселер) мураска калтырылган мүлк сактоого тапшырылган адамдарга калтырылат.
Баалуу буюмдарды (нерселерди) банкка сактоого бергенге чейин консул аларды консулдук мекемеде жүргүзүлгөн каттоо китепчесинде каттоодон өткөртүүгө тийиш. Баалуу буюмдарды (нерселерди) каттоо барагы үч нускада түзүлөт. Алардын биринчиси тиешелүү банкка баалуу буюмдар (нерселер) менен бирге берилет, экинчиси мурас көктөмүндө тиркелет, ал эми үчүнчү нускасы мураска укук жөнүндө күбөлүк менен бирге берилет.
92. Эгерде каттоо маалында эскилигинен улам баалуулугун жоготкон предметтер же үй жаныбарлары чыгып калса, анда алар консул тарабынан акт түзүлүү менен, мураскорлордун макулдугу боюнча алардын бирине берилет, ал эми мураскорлору болбогон учурларда-мураска калтырылган мүлктү коргоо үчүн белгиленген башка адамдарга тапшырылат.
93. Консул тамак-аш азыктарын мураскорлорго, ал эми мураскорлору жок болсо - тиешелүү кайрымдуулук уюмдарына тамак-аш азыктарынын сапатына жараша берет, консул бузулуп кеткен тамак-аш азыктарын жана колдонуу мөөнөтү бүткөн тамак-аш азыктарын утилдештирүүгө укуктуу. Тамак-аш азыктарын берүү "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун талаптарын эске алуу менен өзүнчө акты түзүү жолу менен ишке ашырылат.
94. Акцияларды, облигацияларды, векселдерди жана башка баалуу кагаздарды каттоо актысында акцияларды, облигацияларды, векселдерди жана башка баалуу кагаздарды чыгарган уюмдун аталышы, сериясы, номери, алардын номиналдык наркы жана саны көрсөтүлөт.
95. Ыйгарым укуктуу уюм тарабынан (банк, чакан насыялык уюм, күрөөкана ж.б.у.с.) каза болгон адамга тиешелүү мүлккө карата берилген сактык китепчелери жана күрөө билеттери каттоодон өткөрүлөт жана мураскорлорго сактоо үчүн берилет. Мураскорлору жок болсо консул тарабынан мүлктү коргоо үчүн дайындалган башка адамдарга берилет.
96. Каза болгон адамга таандык мүлктүн курамындагы курал-жарактардын бардык түрлөрүн, ошондой эле мергенчилик мылтыкты жана жарылуучу заттарды коргоо жана тескөө боюнча чаралар чет мамлекеттин тийиштүү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
97. Мурас калтыруучуга таандык ордендер, медалдар, ардак наамдар, төш белгилери, ошондой эле анын сыйлангандыгы тууралуу документтер мурас калтыруучунун үй-бүлө мүчөлөрүнө эстелик катары калтырылат же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти аркылуу мураскорлордун макулдугу менен музейлерге тапшырылат. Ордендерди, медалдарды, ардак наамдарды, төш белгилерди өткөрүп берүү өзүнчө акты түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
98. Мүлктү каттоо маалында консул мүлктү жөнөкөй турмуш-тиричилик буюмдарына жана баалуу буюмдар (нерселер) курамына киргизүү жөнүндө маселени чечет. Мүлктү жөнөкөй турмуш-тиричилик буюмдарынын катарына киргизүүнүн негизги өзгөчөлүгү болуп аларды мураска калтыруучу гана эмес, мураскорлор жана башка мурас калтыруучу менен бирге жашашкан адамдар өз күндөлүк керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланышы саналат.
Баалуу буюмдардын (нерселердин) курамына баалуу металлдардан жасалган жасалгалар, баалуу жана жарым баалуу таштар, сейрек кезигүүчү предметтер, сейрек кезигүүчү бак-дарактардын түрүнөн жасалган эмерек, колго тартылган сүрөттөрдүн түп нускасы, баалуу килемдер, ошондой эле баалуу сервиздер, сейрек кезигүүчү китептердин атайын жыйнактары, баалуу жыйнактар кирет.
99. Мүлктү баалуу буюмдардын же турмуш-тиричилик буюмдарынын курамына киргизүү боюнча мураскорлордун ортосунда пайда болгон талаш-тартыштар соттук тартипте чечилет.
100. Мурас калтыруучунун жеке буюмдары, ошондой эле анын кесиптик ишине тийиштүү буюмдары (мисалы, тексти басуучу машинкасы, компьютери, музыкалык инструменттери, медициналык инструменттери ж.б.у.с.) катталууга тийиш.
101. Эгерде мүлктүн курамында баалуу кол жазмалар, адабий чыгармалар, тарыхый кат жазышуулар болсо, анда бул документтер өзүнчө каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана алар мураскорлорго же тиешелүү уюмдарга сактоо үчүн тапшырылат, мураскорлору жок болсо консул бул документтер жана баалуу буюмдар (нерселер) сакталып турган бөлмөнү (бөлмөлөрдү) жаап, чаптап коет.
102. Мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин мурас калтыруучунун кредиторлору тарабынан доо арыз берилген учурда, консул мүлктү башкаруучуну дайындайт жана бул тууралуу токтом чыгарат.
Консул Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучу катары катышат жана ишенимдүү башкаруучу менен мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишим түзөт.
103. Консул мураска калтырылган мүлк сактоого берилген адамдарга, көзөмөлчүлөргө жана камкордук көрүүчүлөргө, ошондой эле мурасты башкаруучуларга мураска калтырылган мүлктү коромжуга учураткандыгы, башкага берип салгандыгы же уурдагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине жана зыян келтирилгендиги үчүн материалдык жоопкерчиликке тартыла тургандыгы жөнүндө эскертет. Айтылган эскертүү жөнүндө аталган адамдардан тил кат алынат. Бул сактоого берилүүчү мураска калтырылган мүлктү каттоо актысына же мураска калтырылган мүлк сактоого берилүүчү адамдарды дайындоо тууралуу токтомдо жазылышы мүмкүн.
Эгерде мүлктү сактоочулар мураскорлор болуп саналбаса, анда алар мураска калтырылган мүлктү сактагандыгы үчүн сый акы талап кылууга укуктуу. Аталган адамдарга мураска калтырылган мүлктү сактоо жана башкаруу боюнча кеткен чыгымдарынын орду толтурулуп берилет, мында мүлктү колдонуу процессинде алынган пайда алып салынат.
104. Консул мураскорлор тарабынан мурас кабыл алынганга чейин, ал эми ал кабыл алынбаса, анда мамлекетке мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү бергенге чейин мураска калтырылган мүлктү башкарууга байланышкан чыгымдарды жабууга мураска калтырылган мүлктөн акчалай суммаларды берүү жөнүндө буйрук берет.
Буйруктун бир нускасы мурастоо ишине тиркелет. Бул буйрук нотариалдык иш-аракет болуп саналбайт жана ал үчүн каражаттар алынбайт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мураска калтырылган мүлккө байланышкан башка чыгымдарды жабуунун башка жагдайлары да белгилениши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
105. Эгерде адам консулдук мекемеге каза болгон адамдын сөөгүн коюуга байланыштуу кеткен чыгымдарды жабуу өтүнүчү менен кайрылса, консул мураскорлор мурасты кабыл алган учурда (эгерде мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз берилген болсо, же мурасты башкара башташкан болсо) жана чыгымдарды өз эрки менен төлөп берүүдөн баш тартса, арыз берүүчүгө мураскорлорго карата доо арызы менен сотко кайрылуу тартибин түшүндүрүп берет.
Чыгымдарды ырастоо үчүн консул каза болгон адамдын сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча мекемелердин комиссияларынын актыларын, дарылоо мекемелеринин маалымкатын, сот актыларынын көчүрмөлөрүн, мураскорлорду чакыруу жөнүндө билдирүүнү жарыялагандыгы үчүн суммаларды төлөө квитанциясын талап кылат.
106. Мурас калтыруучунун кредиторлору керээзди аткаруучуга (мурасты башкаруучуга) же мураскорлорго мурас калтыруу жагдайларынан келип чыккан өз талаптарын коюуга укуктуу.
Консул мурас ачылган орду боюнча мурас калтыруучунун кредиторлорунан арыздарды кабыл алат.
Арыз жазуу жүзүндө жазылат жана карыз милдеттерин аткаруу мөөнөттөрүнө карабастан консул тарабынан кабыл алынууга тийиш. Консул керээзди аткаруучуга (мурасты башкаруучуга) же мураскорлорго келип түшкөн арыз жөнүндө билдирет.
§ 10. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү
107. Консул мураскорлордун кат жүзүндөгү арызынын негизинде мурас ачылган орду боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет.
Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыз консул тарабынан тиешелүү тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Мураскор арызды консулдук мекемеде өзү берсе, анын колунун күбөлөндүрүлүшү талап кылынбайт. Бул учурда консул мураскордун ким экендигин аныктайт жана анын колунун аныктыгын текшерет, бул тууралуу арызга тиешелүү белги коюлат жана ким экендигин ырастаган документтин аталышы, анын номери, качан жана ким тарабынан берилгендиги, мураскордун туулган күнү көрсөтүлөт.
Эгерде арыз колунун аныктыгы күбөлөндүрүлбөй почта аркылуу келип түшсө, мындай учурда да арыз консул тарабынан кабыл алынат, ал эми мураскорго консул тарабынан күбөлөндүрүлгөн арызды жөнөтүү жөнүндө же консулдук мекемеге өзүнүн келиши тууралуу чакырык кагазы жиберилет.
108. Мураскор мурас ачылган күндөн тартып каалаган убагында мурастан баш тартууга укуктуу.
Мурастан баш тартуу мураскор тарабынан мурас ачылган жерде консулга арыз берүү аркылуу ишке ашырылат.
Эгерде ишеним катта мындай баш тартууга ыйгарым укуктуулук атайын каралса, мурастан өкүл аркылуу баш тартылышы мүмкүн.
Мурастан баш тартуу кийин жокко чыгарылышы же кайра алынышы мүмкүн эмес.
109. Эгер мураскор мурастоого керээз боюнча да, мыйзам боюнча да чакырылса, ал бул негиздердин бири же экөө тең боюнча ага тийиштүү мурастан баш тартууга укуктуу.
Мураскор мурастын калган бөлүгүн мурастоого карабай, ага арттыруу укугу боюнча тийиштүү мурастан баш тартууга укуктуу.
Мураскор мурастан баш тартканда, ал андан керээз боюнча же мыйзам боюнча мураскорлордун ичинен башка адамдардын пайдасына баш тарткандыгын көрсөтүүгө укуктуу.
Ушул пунктта каралган учурлардан тышкары, эскертүүлөр менен же шарт коюу менен мурастын бир бөлүгүнөн баш тартууга, мурастан баш тартууга жол берилбейт.
110. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү өтүнүчү менен консулдук мекемеге кайрылган артында калган күйөөсүнө (артында калган аялына) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 35-беренесинин мазмуну түшүндүрүлөт, бул тууралуу мурасты кабыл алуу жөнүндө арызга белгиленет. Эгерде арыз почта аркылуу келип түшсө, бул учурда артында калган күйөөсүнө (артында калган аялына) почта аркылуу жогоруда аталган берененин мазмунун түшүндүрүү жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
111. Мурас жарандын каза болгондугунун же сот тарабынан каза болду деп жарыялангандыгынын натыйжасында ачылат.
Мурасты ачуу убактысы болуп мурасты калтыруучунун каза болгон күнү (зарылдыгына жараша жана ошол учурда), ал эми аны каза болду деп жарыялаганда, эгерде соттун чечиминде башка күн көрсөтүлбөсө, жаранды каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттук чечим күчүнө кирген күн саналат.
Эгерде бир календардык сутканын ичинде (жыйырма төрт саат) биринен кийин бири мурастоого укуктуу болгон адамдар каза болуп калышса, алар бир мезгилде каза болду деп табылат, мурастоо алардын ар биринен кийин ачылат жана мурастоого алардын ар биринин мураскорлору чакырылат.
112. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылган күндөн тартып алты айдын ичинде берилет.
Эгерде консулда тийиштүү мүлккө же бардык мураска карата күбөлүк берүү үчүн кайрылган мураскорлор жок экендиги жөнүндө маалыматтар болсо, мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мурастоодо күбөлүк көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнчө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1141-1152-беренелерине ылайык мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мураскор жок болсо же мураскорлордун биринин да мурастоого укугу жок болсо, же алардын бардыгы мурастан баш тартышса, мураска калтырылган мүлк мураскерсиз мүлк болуп таанылат.
114. Консул мыйзам боюнча мурастоо жөнүндө күбөлүктү берүүдө мурас калтыруучунун каза болгондугу тууралуу фактыны, мурастын ачылган убактысын жана ордун, күбөлүк берүү жөнүндө арыз беришкен адамдардын мураска калтыруучу менен туугандык же башка катыштарынын бардыгын, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилип жаткан мураска калтырылган мүлктүн курамын жана анын жайгашкан жерин текшерет.
115. Каза болгондугунун фактысы жана мурас ачылган убакыт мурас калтыруучунун каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же каза болгондугу тууралуу актыдагы жазуу менен ырасталат.
116. Мурастын ачылган орду болуп мурасты калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери саналат.
Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери белгисиз болсо, мурастын ачылган орду болуп мурас калтыруучуга тиешелүү кыймылсыз мүлк же анын негизги бөлүгү, ал эми кыймылсыз мүлк жок болгон учурда - кыймылдуу мүлктүн негизги бөлүгү жайгашкан жер таанылат. Бул документтер мураскорлордо жок болгон учурда, консул мурастын ачылган ордун аныктоо жөнүндө соттук актынын көчүрмөсүн талап кылат.
117. Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери консулдук мекеме жайгашкан мамлекетте же консулдук округда болсо, анда консул консулдук мекемеге мурас ачылган орду боюнча кайрылган мураскорлордун бардыгын текшерип, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, мураска калтырылган кыймылсыз мүлктүн же анын негизги бөлүгү жайгашкан орду боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет.
Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери КМШга катышуучу мамлекеттерде же чет мамлекеттердин биринде болсо, кыймылдуу мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, акыркы жашаган жери боюнча берилет.
118. Мурастын курамы мурас калтыруучунун мурасты ачуу учуруна карата укуктарын жана милдеттерин ырастаган жана ал каза болгондон кийин токтотулбай турган документтердин негизинде аныкталат.
119. Мурас калтыруучунун мураскорлор менен туугандык мамилелери туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн же никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктөрүнүн, туулгандыгы же никеге тургандыгы жөнүндө актылардагы жазуулардын көчүрмөлөрүнүн негизинде, туугандыктын же башка мамилелердин жана документтердин чыныгы экенин аныктай турган соттук актынын негизинде күбөлөндүрүлөт.
120. Артында калган аялы (артында калган күйөөсү) башка катталган никеде турган болсо, анда ал дагы мурасты ачуу жол-жобосуна чакырылат.
Эгерде нике жараксыз деп табылган болсо, бул адамдар жубайлары каза болгондон кийин мураскорлор болуп эсептелишпейт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1141-беренесине ылайык мыйзам боюнча мурас алууда бир тараптан алганда, асыралып алынган жана анын укум-тукуму, экинчи тараптан алганда, асырап алуучу жана анын туугандары кандаш туугандарга теңештирилет.
Асыралып алынгандар жана алардын укум-тукумдары мыйзам боюнча асырап алынгандын ата-энеси каза болгондон кийин, анын ата-тектик жагындагы башка кандаш туугандарынын мураскору болушпайт.
Асыралып алынгандын ата-энеси жана анын ата-теги жагынан башка кандаш туугандары мыйзам боюнча асыралып алынган каза болгондон кийин анын укум-тукумунун да мураскорлору боло алышпайт.
Мыйзам боюнча ар бир кийинки кезектеги мураскорлор мурдагы кезектеги мураскорлор жок болгон учурда мурастоого, аларды мурастан четтетүүгө же андан баш тартууга укуктуу.
121. Эгерде мыйзам боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү тууралуу өзүн мурас калтыруучунун багуусундагы адам деп эсептелген адам кайрылган болсо, анда консул ал адамдын мурас калтыруучунун багуусунда ал өлгөнгө чейинки бир жылдан кем эмес убакыт тургандыгына, ошондой эле ал мурас ачылган күнгө карата эмгекке жарамсыз экендигине ынанышы керек.
Адамдын багууда тургандыгы тууралуу факт соттук акттын негизинде күбөлөндүрүлөт.
Багуусундагы адамдын жашы менен байланыштуу эмгекке жарамсыздыгы паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана пенсиялык китепчеси боюнча текшерилет.
122. Эгерде мыйзам боюнча мураскорлордун бирөө же бир нечеси аларды мурастоого чакыруу үчүн негиз болуп саналган туугандык же башка мамилелерди көрсөтүү мүмкүндүгүнөн ажыратылган болсо, анда алар мураскорлордун курамына мурасты кабыл алышкан жана тиешелүү далилдерди көрсөтүшкөн калган бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кошулушу мүмкүн. Мураскорлордун бул макулдугу кат жүзүндөгү арыз түрүндө таризделет. Мураскорлор арыздарын консулдук мекемеге өздөрү алып келген учурда, алардын колунун аныктыгын күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Бул учурда консул мураскорлордун ким экендигин аныктайт жана колунун аныктыгын текшерет, бул тууралуу арызга белги коет жана документтердин аталышын, номерин, ким экендигин ырастаган документтердин ким тарабынан жана качан берилгендигин жана мураскордун туулган күнүн көрсөтөт.
Бул арыз күбөлөндүрүлгөн түрдө берилиши мүмкүн.
123. Консул керээз боюнча мурастоо укугу тууралуу күбөлүктү тиешелүү далилдерди талап кылуу жолу менен берүүдө, мурас калтыруучунун каза болгондугунун фактысын, керээздин бар экендигин, мурастын ачылган убактысын жана ордун, күбөлүк берилип жаткан мураска калтырылган мүлктүн курамын жана жайгашкан жерин текшерет, мурастын милдеттүү үлүшүнө укуктуу жактарды иликтейт.
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө керээз жокко чыгарылбагандыгы текшерилет. Эгерде консул керээздеги анын жокко чыгарылгандыгы тууралуу жазууга карабастан керээздин жокко чыгарылгандыгына шектенсе, керээздин жокко чыгарылышы кайрадан текшерилет.
124. Аманатчы тарабынан аманаттын башка адамга же мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө керээзи калтырылган учурда, эгерде бул аманат Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин III бөлүмүндө жана Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөн жалпы биргелешкен менчикти түзсө, керээз калтыруучунун керээзи анын үлүшүнө гана карата колдонулат.
Керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк банктарда сакталуучу аманаттарга карата берилсе, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1138-беренесинде көрсөтүлгөн ченемдер колдонулат.
125. Мурас калтыруучунун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдары, анын ичинде асырап алуучулар керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш) алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн жарымынан кем эмесин мураска алышат.
126. Мурастагы милдеттүү үлүштөн баш тартуунун шарттары жок болууга тийиш. Милдеттүү үлүштөн башка адамдардын пайдасы үчүн баш тартууга жол берилбейт. Бул учурда мураска калтырылган мүлк мурастоо боюнча керээзде көрсөтүлгөн мураскорлорго өтөт.
127. Эгерде мурастоо боюнча мураскорлор милдеттүү үлүштү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү кабыл алууга каршылык көрсөтүшсө, консул аларга сотко кайрылуу укугун түшүндүрөт жана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүнү он күндөн көп эмес мөөнөткө жылдырат.
Эгерде керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө мурас калтыруучу менен мураскорлордун ортосундагы туугандык же башка мамилелер көрсөтүлүшү керек болсо (тараптардын каалоосу боюнча), консул бул мамилелерди ырастаган документтерди талап кылат.
128. Керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө консулдук мекемеде мураскорлор тарабынан берилген керээздин түп нускасы же дубликаты калтырылат.
Керээз калтыруучу турак үйү, батири, турак үйүнүн же батиринин бир бөлүгү өтүп жаткан мураскоруна үчүнчү адамга өмүр бою колдонуу үчүн бул турак жайды же анын белгилүү бир бөлүгүн берүү милдетин жүктөй алат. Бул милдет консул тарабынан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилет.
129. Эгерде мураска калтырылган мүлктүн курамына турак үй, батир, турак үйдүн же батирдин бөлүгү, ишкана же башка кыймылсыз мүлк кирсе, консул мүлктүн мураска калтыруучунун менчик укугуна таандык экендигин ырастоочу документти талап кылат, ошондой эле мүлктү башкага өткөрүп берүүгө тыюу же ага камак салынбагандыгын текшерет.
130. Эгерде мурасты кабыл алган бардык мураскорлордун макулдашуусунда жана мурас ачылган орду боюнча мамлекеттин мыйзамдарында башкача белгиленбесе, мурастын курамына кирген ишкана натуралык түрдө бөлүштүрүлбөйт жана аларга тийиштүү үлүштөргө жараша мураскорлордун жалпы үлүштүк менчигине өтөт.
131. Эгерде мурастын курамында автомототранспорттук каражат бар болсо, консул ушул автомототранспорт каражатынын мурас калтыруучуга менчик укугунда таандык экендигин ырастаган документти текшерет жана бул документтин көчүрмөсүн мурастоо ишине тиркейт. Муну менен бирге, консул автомототранспорт каражатынын башкага берилишине тыюу же ага камак салынбагандыгын текшерет.
132. Эгерде мураска калтырылган мүлктүн курамына мергенчилик мылтыгы кирсе, консул мураскордон ушул мылтыкты сактоого тиешелүү чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген уруксатты жана мергенчилик билетти талап кылат.
133. Акционердик коомдун акционерлеринин мураска калтырылган мүлкүнүн курамына аларга тиешелүү болгон акциялар кирет.
Документтештирилбей турган баалуу кагаздарга менчик укугу тиешелүү депозитарийлер тарабынан берилген депо эсептеринин көчүрмө бөлүгүнүн негизинде күбөлөндүрүлөт.
Эгерде мурасты алуу тартибинде баалуу кагаздар түрүндөгү акциялар гана эмес, ошондой эле толук шериктиктин, коммандиттик шериктиктин, жоопкерчилиги кошумча же чектелген коомдун катышуучуларынын, же өндүрүштүк кооперативдин мүчөсүнүн (катышуучунун, аманат салуучунун, коммандитисттин) үлүшү дагы алынган болсо, анда бул учурда анын курамына тийиштүү шериктиктин, кооперативдин жана коомдун катышуучусунун (мүчөсүнүн) уставдык фондундагы (капиталындагы) үлүшү (аманаты) да кирет. Бул укуктардын мурас калтыруучуга менчик укугу боюнча тиешелүү экендигинин далили болуп тиешелүү уюмдардын уюштуруу документтери же консулга мураскорлор тарабынан көрсөтүлгөн башка документтер саналат, Бул далилдөөчү документтер мураскорлордо жок болгон учурларда консул ал документтерди көрсөтүлгөн уюмдардын кызмат адамдарынан талап кылып алууга жардам берүүгө тийиш. Мураскорлор тарабынан берилген документтер текшерилгенден кийин, аларга мураска карата укугу жөнүндө күбөлүк берилет.
134. Мурас калтыруучунун наамына банкта (башка кредиттик уюмдарда) сакталып турган аманат, баалуу кагаздар бар экендигин күбөлөндүрүүдө, консул мураскорлордон сактык китепчесин (банк аманатынын келишимин же аманаттын бар экендигин далилдөөчү башка документти), ал эми баалуу кагаздарга карата - уюмдун атайын реестр кармоочусунун депозитарийинен маалымкатты талап кылат. Сактык китепчелеринин жана маалымкаттардын көчүрмөлөрү керээздик ишке тиркелиши керек.
135. Эгерде мураска калтырылган мүлктү башкага өткөрүп берүүгө тыюу жана камак салынган болсо, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү башкага берүү жана камакка тыюу салуу алынып ташталганга чейин токтотулат.
136. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк бардык мураскорлорго же ар бирине өзүнчө, алардын каалоосуна ылайык берилет.
137. Консул жашы жете элек же ишке жарамсыз мураскорлордун атына мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн берилгендиги тууралуу көзөмөлдөө жана камкордук көрүү органдарына алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн билдирет,
138. Айрым бир мураска калтырылган мүлккө же мураска калтырылган мүлктүн белгилүү бир бөлүгүнө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилген учурда, андан кийин биринчи берилген күбөлүктө аталбаган мураска калтырылган мүлккө же мураска калтырылган мүлктүн башка бөлүктөрүнө кийинки мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөр берилет.
139. Башка мүлккө мурастоо укугу жөнүндө кошумча күбөлүк берилген жана мурун берилген күбөлүккө киргизилбеген мураскорлор келген учурда, алар дагы мурасты кабыл алган бардык мураскорлордун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кошумча мүлккө мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
140. Айрым мураскорлордун үлүштөрү анык болбогон учурда, керээзде үлүштүн аныкталбаган бөлүгү көрсөтүлөт.
141. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө, эгерде мураска калтырылуучу мүлк бир нече мүлктөн турса, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1159-беренесине ылайык, мураскорлордун талаптары боюнча жана алардын макулдугу менен консул аларга тийиштүү болгон үлүштөргө ылайык бөлүштүрүү келишимин тариздейт. Эгерде макулдашууга жетүүгө мүмкүн болбой калса, анда мүлктү бөлүштүрүү соттук тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Консулдук мекемелерде мурастоо иштерин эсепке алуу китеби жүргүзүлөт.
143. Мурастоо иштерин эсепке алуу китебинде төмөнкүлөр белгиленет:
- мурасты кабыл алуу жөнүндө, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө жөнүндө буйрук;
- мурастан баш тартуу жөнүндө арыз;
- кредиторлордун доо арыздары;
- мураска калтырылган мүлктү сактоого көрүлгөн чаралар жөнүндө арыз (ушул мүлктү сактоо үчүн көрүлгөн чаралар).
Көрсөтүлгөн арыздардын негизинде каза болгон адамдын наамына иш ачылат. Мындан кийинки бардык арыздар (кошумча арыздар, башка мураскорлордон жана кредиторлордон келип түшкөн арыздар) дагы мурастоо иштеринин эсепке алуу китебинде катталышат. Бардык арыздарда алардын келип түшкөн убактысы жана мурастоо ишинин номери көрсөтүлөт.
Мурастоо ишине мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана ага тиешелүү болгон калган бардык документтер тиркелет.
§ 11. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
144. Консул жубайлардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча алардын бирине же экөөнө тең никеде турган кезинде табылган жалпы мүлккө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк берет.
145. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк жубайлардын биргелешкен мүлкү катары эсептелген мүлккө гана берилет.
Консул жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө никеге тургандыгын ырастаган документти талап кылат.
146. Эгерде үлүшүнө күбөлүк берилип жаткан мүлктүн курамына кыймылсыз мүлк, автомототранспорттук каражаттар же башка атайын эсепте турган мүлк (каттоодон өткөртүү керек болгон) кирсе, анда консул аталган мүлктүн жубайларга таандык экендигин текшерет.
Кыймылсыз мүлккө жана (же) автомототранспорттук каражатка укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө кыймылсыз мүлктүн катталгандыгы жана (же) транспорт каражатынын каттоо ырастамасы жөнүндө чет мамлекеттин тиешелүү уюмунун маалымкаты талап кылынат.
147. Консул жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги тууралуу белгини менчик укугун ырастаган документке коет.
148. Жубайлардын бири каза болуп калган учурда жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган аялынын (артында калган күйөөсүнүн) жазуу жүзүндөгү арызы боюнча консул тарабынан мурас ачылган орду боюнча, мурасты алышкан мураскорлорго билдирүү менен берилет.
Билдирүүдө жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү талап кылынган жалпы мүлк көрсөтүлөт, ал эми башка мураскорлор бул адамдын талабы менен макул болбогон учурда аларга дагы сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлөт.
Билдирүү почта аркылуу жөнөтүлөт. Консул консулдук мекемеге келишкен мураскорлорду өз үлүшүн талап кылып жаткан артында калган аялы же күйөөсүнүн арызы менен тааныштырат. Эгерде башка мураскорлор өз үлүшүн талап кылып жаткан аялынын же күйөөсүнүн арызы менен макул болушса, анда ал бул арызга колун коюшат.
Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган аялынын (артында калган күйөөсүнүн) атына никеде турган кезинде табылган жалпы мүлкүнүн жарымына карата берилиши мүмкүн.
Мурасты кабыл алышкан мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана артында калган аялынын (артында калган күйөөсүнүн) макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүктө каза болгон күйөөсүнүн (каза болгон аялынын) жалпы мүлктөгү үлүшү белгилениши мүмкүн.
149. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктө мүлктүн толук аталышы көрсөтүлөт.
150. Эгерде мурасты кабыл алышкан мураскорлордун арасында жашы жете электер болсо, жалпы мүлктөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүк артында калган аялына (артында калган күйөөсүнө) көзөмөлдөө жана камкордук көрүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен берилет.
151. Артында калган күйөөсүнө (артында калган аялына) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө жубайлардын биринин каза болгондугу тууралуу күбөлүк, каза болгондугу жөнүндө актыдагы жазуунун көчүрмөсү, арыз берүүчүнүн каза болгон адам менен никеде тургандыгын ырастаган документ, мүлк никеде турган кезинде табылганын ырастоочу документ талап кылынат.
152. Консул жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө карата менчик укугу жөнүндө күбөлүктө Кыргыз Республикасында жайгашкан турак үйгө, батирге, турак үйдүн же батирдин бир бөлүгүнө, автомототранспорттук каражатка карата белги коет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактык бөлүмдөрүнөн каттоодон өткөртүү жөнүндө түшүндүрөт.
§ 12. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү
153. Консул жеке жана юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгына бул документтер мыйзамга каршы келбеген, юридикалык мааниси болгон жана документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдү күбөлөндүрүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынбаган шартта күбөлөндүрөт.
154. Паспорттун, аскер билетинин жана ким экендигин ырастаган башка документтердин көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурлардан башка учурларда күбөлөндүрүлбөйт.
155. Тексти түшүнүксүз жазылган, чиймеленип калган, кошумча сөздөр киргизилген, документке тиешелүү маалыматтар толук эмес, башка өзгөртүүлөр каралбаган жана тиешелүү тартипте сүйлөшүлбөгөн тексттери бар документтердин көчүрмөлөрү күбөлөндүрүлбөйт.
156. Көчүрмө бөлүктүн тууралыгы көчүрмө бөлүк жасалуучу документте өз ара байланышпаган, өзүнчө маселелердин бир нече чечими камтылган учурда гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Көчүрмө бөлүк белгилүү бир маселе боюнча документтин бөлүгүндөгү толук текстти көрсөтүп турушу керек.
157. Документтин көчүрмөсүнөн жасалган көчүрмөнүн тууралыгы консул тарабынан баштапкы көчүрмөнүн тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн же документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы берилген уюмдан берилген шартта күбөлөндүрүлөт. Эгерде документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы берилген уюм тарабынан берилсе, анда документтин көчүрмөсү ошол уюмдун бланкында даярдалышы керек, ага мөөр коюлат жана түп нуска документ уюмда тургандыгы жөнүндө көрсөтүлөт.
158. Күбөлөндүрүлүүчү документтин көчүрмөсү жана көчүрмө бөлүгү түп нуска документ менен салыштырылат.
159. Күбөлөндүрүлүүчү документтердин көчүрмөсү же көчүрмө бөлүгү консулдук мекемеге калтырылбайт.
§ 13. Документтердеги коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрүү
160. Консул мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген документтердеги колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.
161. Консул коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү менен документте айтылган фактыларды эмес, коюлган колдун белгилүү адамга тиешелүү экендигин ырастайт.
162. Дене кемчилдигинин, оорусунун же башка себептердин натыйжасында өз колун кое албаган адамдын ордуна кол койгон адамдын колунун аныктыгын күбөлөндүрүүдө консул кол койгон сыяктуу эле, ал ким үчүн кол койгон болсо ошол адамдын инсандыгын белгилейт, ошондой эле алардын ишке жарактуулугун текшерет.
163. Консул тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан гана (мисалы, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк) күбөлөндүрүлүүчү жагдайлар бекитилген документтердеги коюлган колдордун аныктыгы күбөлөндүрүлбөйт. Бул документтердеги коюлган колдордун аныктыгы, документ сотко же чет мамлекеттин башка уюмдарына берүүгө арналган учурда гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
164. Юридикалык жактын уюштуруу документтериндеги коюлган колдорду күбөлөндүрүүдө аманат түрүндө уставдык фондго (капиталга) же уюштуруу документине киргизилип жаткан мүлккө тийиштүү экендигин күбөлөндүрүүчү документ текшерилет, өкүлү аркылуу тариздөө учурунда - анын ыйгарым укугу, бул тууралуу консулдун күбөлөндүрүү жазуусунда көрсөтүлөт.
§ 14. Документтин бир тилден башка тилге которулушунун туура экендигин күбөлөндүрүү
165. Консул документтин бир тилден башка тилге которулушунун туура экендигин, тиешелүү тилдерди билген учурда күбөлөндүрөт.
Эгерде консул тиешелүү тилдерди билбесе, документти которуу котормочу тарабынан жасалышы мүмкүн, анын койгон колунун аныктыгын консул күбөлөндүрөт.
166. Котормо консулга белгилүү болгон жана тиешелүү тилдерди билген котормочу тарабынан жасалууга тийиш. Котормочунун тилди билиши диплом менен же атайын билими жөнүндө сертификат менен же тиешелүү документтер менен күбөлөндүрүлөт.
167. Эгерде нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашырууда (бүтүмдү күбөлөндүрүү, көчүрмөнүн аныктыгын же ошол сыяктуу документтерди күбөлөндүрүү) нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн кайрылган адамдын (бир нече адамдардын) өтүнүчү боюнча бир мезгилде эле башка тилге которуу жасалса, ал документтин анык нускасы менен бир баракта болууга тийиш, башкача айтканда эки текст тең вертикалдык сызык менен бөлүштүрүлүп, тексттин түп нускасы - сол жагында, ал эми котормосу - оң жагында катар жайгашуусу керек. Бул учурда документтин толук бардык тексти, басылган текстти кошо алганда, которулат.
Эгерде котормо котормочу аркылуу жасалып жатса, анда котормочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты тексттин төмөн жагында көрсөтүлөт. Документке кол коюп жаткан адамдар, анын фамилиясын, атын жана атасынын атын анык нускада жана көчүрмөдө көрсөтүү менен кол коюшат. Мында алардын колу котормочунун коюлган колунан кийин коюлат. Консулдун күбөлөндүрүүчү жазуусу тексттин анык нускасынын жана тексттин котормосунун алдында жүзөгө ашырылат.
168. Эгерде нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашырууда бир эле маалда анын котормосу дагы жасалса, анда бул учурда күбөлөндүрүүчү жазууда эки нотариалдык иш-аракеттин аткарылгандыгы жөнүндө көрсөтүлөт. Мында каражаттар эки нотариалдык иш-аракет үчүн алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 15. Жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү
169. Консул жарандын тирүү экендигинин фактысын жарандын жеке өзүнүн өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда күбөлөндүрөт.
Нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашырууда жарандын жазуу жүзүндөгү арызы талап кылынат.
Жашы жете электин тирүү экендиги фактысын күбөлөндүрүү мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн, камкордук көрүүчүлөрүнүн), ошондой эле ага камкордук көргөн уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча жасалат.
170. Консул тирүү экендигинин фактысын ырастоо үчүн кайрылган адамга күбөлүк берет.
§ 16. Жарандын белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүү
171. Консул жарандын жеке өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда жарандын белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрөт.
Нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашырууда жарандын жазуу жүзүндөгү арызы талап кылынат.
Жашы жете элек өспүрүмдүн белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучулардын, багуучулардын, камкордук көрүүчүлөрдүн), ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдү камкордукка алган уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
172. Консул жарандардын белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын ырастоо үчүн кайрылган адамдарга күбөлүк берет.
§ 17. Фотосүрөттөгү жүзү менен жарандын окшоштугун күбөлөндүрүү
173. Консул фотосүрөттөгү жүзү менен жарандын окшоштугун күбөлөндүрөт, аны ырастоо үчүн күбөлүк берилет.
Нотариалдык иш-аракетти жүзөгө ашырууда жарандын жазуу жүзүндөгү арызы талап кылынат.
174. Жалтырабаган кагазга басылып чыгарылган белгиленген үлгүдөгү фотосүрөт жогорку сол жаккы бурчуна жайгаштырылат, ага консул колун коюп, мөөрү менен күбөлөндүрөт. Мында мөөрдүн бир бөлүгү фотосүрөткө, жана бир бөлүгү күбөлүккө басылат.
§ 18. Документтердин көрсөтүлгөн убактысын күбөлөндүрүү
175. Консул документтерди алып келген убактысын күбөлөндүрөт.
176. Консул документтерди алып келген убактысын күбөлөндүрүүдө жарандын өзүн жана ыйгарым укуктарын, юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын аныктайт. Бул нотариалдык иш-аракет кызыкчылыгы бар тараптын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
177. Документтер консулга эки нускада көрсөтүлөт. Эгерде документ бир барактан көп болсо, барактарга катар номер коюлат да, жипке байланат. Күбөлөндүрүүчү жазуу берилген документтин эки нускасында жазылат, алардын бири консулдук мекемеде калтырылат. Эгерде экинчи нуска жок болсо, консул документтен көчүрмө чыгарып алат да, консулдук мекеменин нарядына тиркейт жана күбөлөндүрүү жазуусун жазат.
178. Эгерде бир адам тарабынан бир эле маалда бир нече документ көрсөтүлсө, күбөлөндүрүү жазуусу алардын ар биринде жазылат жана каражаттар алардын ар бирине карата өз алдынча алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 19. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
179. Консул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, карызкор адамдан депозитке акча суммаларын жана баалуу кагаздарды аларды кредиторго өткөрүп берүү үчүн кабыл алат.
180. Депозитке ошондой эле чет өлкө валютасындагы акча суммалары дагы кабыл алынышы мүмкүн.
181. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-беренесине ылайык карызкор адам, андан алынууга тийиш болгон акчаларды же баалуу кагаздарды консулдун депозитине, карызкордун милдети төмөнкүлөрдүн айынан аткарылышы мүмкүн болбогон учурларда салууга укуктуу:
- милдеттенме аткарылууга тийиш болгон жерде, ал тарабынан аткарылышын кабыл алууга ыйгарым укуктуу кредитордун же адамдын жок болушу;
- кредитордун эмгекке жарамсыздыгы жана анда өкүлүнүн же өзүнүн макулдугунун жок болушу;
- милдеттенме боюнча ким кредитор экендигинин ачык-айкын аныкталбагандыгына байланыштуу, анын ичинде бул себеп боюнча кредитор менен башка адамдардын ортосундагы талаш-тартышка байланыштуу;
- кредитор тарабынан аткарылышын кабыл алуудан качышы же ал тараптан милдеттенмени аткаруу убактысын башка узартуулар.
182. Акча суммаларын же баалуу кагаздарды консулдун депозитине салуу милдеттенмесин аткаруу болуп эсептелет.
183. Акча суммаларын же баалуу кагаздарды депозитке салуу консул тарабынан милдеттенмелерди аткаруу орду боюнча жүзөгө ашырылат. Милдеттенмелердин аткаруу орду Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 306-беренесине ылайык аныкталат. Эгерде аткаруу орду мыйзамдар же келишим тарабынан аныкталбаган болсо жана милдеттенменин маңызынан же иш жүгүртүүнүн адаттарынан, же адатта келтирилүүчү башка талаптардан келип чыкпаса, аткаруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылууга тийиш:
- кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелер боюнча
- мүлктүн жайгашкан орду боюнча;
- ташып жеткирүү каралган товарды же башка мүлктү өткөрүп берүү милдеттенмеси боюнча - товарды биринчи ташып жеткирүүчүсүнө анын кредиторго жеткирилиши үчүн өткөрүп берүү орду боюнча;
- товарды же башка мүлктү өткөрүп берүүдөгү карызкордун башка милдеттенмелери боюнча - мүлктү даярдап чыгаруу жана сактоо орду боюнча, эгерде бул орун кредиторго милдеттенме келип чыккан учурда белгилүү болгон болсо;
- акчалай милдеттенмелер боюнча - кредитордун милдеттенме келип чыккан учурда жашаган орду боюнча, ал эми эгерде кредитор болуп юридикалык жак саналса - анын милдеттенме келип чыккан учурга карата жайгашкан орду боюнча, эгерде кредитор милдеттенмени аткаруу учуруна карата жашаган жерин алмаштырса же турган ордун алмаштырса жана бул тууралуу карызкорго билдирген болсо, - жаңы жашаган орду боюнча же кредитордун жайгашкан орду боюнча анын эсебинен аткаруу ордунун алмашкандыгына байланыштуу кеткен сарптоолордун баарын чегерүү менен;
- бардык башка милдеттенмелери боюнча - карызкордун жашаган жери боюнча, ал эми эгерде карызкор юридикалык жак болуп саналса - анын жайгашкан орду боюнча.
184. Консулдар депозитке консулдук мекеме жайгашкан мамлекеттин тиешелүү банкында салынган акча суммаларын же баалуу кагаздарды кабыл алышат.
185. Акчалай суммалар же баалуу кагаздар депозитке юридикалык жактар тарабынан салынган учурларында консул төмөнкү документтерди талап кылат:
- депозитке акчалай сумманын же баалуу кагаздардын салынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
- юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү күбөлүгү;
- юридикалык жактын аткаруучу органынын дайындагандыгы жөнүндө документ (токтом, жалпы жыйындын протоколу, Байкоочу кеңештин токтому, чечим, буйрук ж.б.у.с.);
- депозитарий тарабынан берилген баалуу кагаздардын ээлеринин тизмеси;
- бардык уюштуруучуларга же бардык акционерлерге жалпы жыйындын өткөрүлгөндүгү тууралуу билдирмелерди аткаруу реестри;
- жалпы жыйынга катышпаган кредиторлорго (уюштуруучуларга же акционерлерге) жалпы жыйында кабыл алынган чечим жөнүндө билдирмелерди жөнөтүү реестри;
- кредитордун дарегин күбөлөндүрүүчү документ.
186. Жеке жактар тарабынан депозитке акча суммалары же баалуу кагаздар салынган учурларда консул төмөнкү документтерди талап кылат:
- депозитке акчалай сумманын же баалуу кагаздардын салынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
- өзүн күбөлөндүргөн паспорту же башка документтери;
- акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке салуунун негиздери (коммуналдык уюмдар менен кол коюлган келишимдер, карыз алуулар, сот актылары жана башка документтер);
- акча суммалары же баалуу кагаздар берилип жаткан кредиторлордун тизмеси;
- акча суммаларынын же баалуу кагаздардын алынгандыгы тууралуу жөнөтүлгөн билдирүүлөр жана кредиторлор тарабынан алынбагандыгын ырастаган документтер;
- кредитордун дарегин күбөлөндүрүүчү документ.
187. Консул ушул Нускаманын 185 жана 186-пункттарында көрсөтүлбөгөн, нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка документтерди дагы талап кылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
188. Депозитке акча суммаларын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- карызкордун фамилиясы, аты, атасынын аты (юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду (почта дареги), ИСНи);
- кредитордун фамилиясы, аты, атасынын аты (юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду (почта дареги), ИСНи);
- милдеттенме кайсы себептер боюнча аткарылбай калгандыгы.
189. Арыздар эки нускада берилет, бул тууралуу ар бир кредитор боюнча өз алдынча реестр китебине жазуу киргизилет.
190. Консул күбөлөндүрүү жазуусун депозитке акча суммаларын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу жөнүндө арыздын арткы бетине жазат.
Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды кабыл алууда арыздын арткы бетинде баалуу кагаздардын түрү, саны, номери, сериясы жана номиналдуу наркы көрсөтүлөт.
191. Депозитке акча суммаларын жана баалуу кагаздарды кабыл алууда мыйзамдарда белгиленген каражаттар алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
192. Консул кредиторго депозитке акча суммаларынын жана баалуу кагаздардын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирет.
Эгерде карызкор кредитордун дарегин көрсөтпөгөн болсо жана бул дарек консулга белгисиз болсо, анда консул кредиторго депозитке акча суммаларынын жана баалуу кагаздардын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү милдетинин карызкорго жүктөлө тургандыгы тууралуу эскертет.
193. Консул карызкорго депозитке салынган акча суммаларынын жана баалуу кагаздардын кредиторлор же анын өкүлү тарабынан кабыл алынгандыгы тууралуу маалымкат берет.
194. Эгерде акча суммалары жана баалуу кагаздар консулдук мекемеге почта аркылуу же кредиттик уюмдардан келген болсо, кабыл алынган суммадан тиешелүү каражаттар алынгандан кийин сумма депозитке кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
195. Консулдун депозитке акча суммаларынын жана баалуу кагаздардын кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүүсүн алган кредитор, ушул консулга жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылат. Арызда коюлган колу нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлөт. Эгерде кайрылуу өкүл аркылуу жүргүзүлүп жаткан болсо, анда өкүлдүн ыйгарым укуктары текшерилет.
196. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды аларды депозитке салган адамга (карызкорго) кайтарып берүүгө, салым анын пайдасына жасалган адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу же соттун токтому менен, жол берилет.
197. Депозитте сакталып турган акча суммалары жана баалуу кагаздар консулдук мекеменин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин менчиги болуп саналбайт.
198. Милдеттүү түрдө кредиторлорго бериле турган акча суммалары жана баалуу кагаздар үч жылдын ичинде сакталып турат. Бул мөөнөт аяктагандан кийин колдонулбаган акча суммалары жана баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулат.
§ 20. Аткаруу жазууларын жүзөгө ашыруу
199. Карызкорлордон акча суммаларын өндүрүү же мүлктү талап кылуу үчүн консул аткаруучу жазууларды жүзөгө ашырат. Бул нотариалдык иш-аракетти иш жүзүнө ашыруу үчүн кызыкдар болгон адамдын жазуу жүзүндөгү арызы талап кылынат.
Аткаруу жазуулары консулдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же консулдук мекеме жайгашкан мамлекеттин, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
200. Аткаруу жазуулары төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
- эгерде көрсөтүлгөн документтер карызкордун өндүрүүчүнүн алдындагы карызынын же башка жоопкерчилигинин талашсыз экендигин ырастаса;
- эгерде доо арыз берүүгө укугу пайда болгон күндөн бери үч жылдан ашык убакыт өтө элек болсо.
Эгерде аткаруу жазуусу берилип жаткан талап үчүн мыйзам тарабынан башка мөөнөттөр белгиленген болсо, анда аткаруу жазуусу ошол мөөнөттүн чегинде берилет.
201. Аткаруу жазуусу жүзөгө ашырыла турган мөөнөттөр, өндүрүп алуучуда карызды мажбурлап өндүрүп алуу укугу пайда болгон күндөн тартып эсептелет.
202. Аткаруу жазуусу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- аткаруу жазуусун жүзөгө ашырып жаткан консулдун фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы;
- өндүрүп алуучунун аталышын жана дареги;
- карызкордун аталышын жана дареги;
- өндүрүү жүргүзүлө турган мөөнөт;
- өндүрүлө турган сумма, же өндүрүлө турган предмет, анын ичинде туумдар жана пайыздар;
- өндүрүп алуучу тарабынан төлөнгөн же болбосо карызкордон өндүрүлө турган каражаттардын өлчөмү;
- аткаруу жазуусун жүзөгө ашырган күн (жылы, айы, күнү);
- аткаруу жазуусу реестрде каттоодон өткөрүлгөн катар номери;
- аткаруу жазуусун жүзөгө ашырган консулдун койгон колу;
- консулдун мөөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык)
203. Аткаруу жазуусу карызды белгилеген түп нуска болгон документке жазылып коюлат. Эгерде карызды белгилеген түп нуска документте аткаруу жазуусу үчүн орун калбай калган болсо, ал өз алдынча баракка жазылат. Бул барак карызды белгилеген түп нуска документ менен бирге тиркелет, бетинин катар номери коюлат жана мөөр басылат.
§ 21. Документтерди сактоого кабыл алуу
204. Консул документтерди сактоого каттоо боюнча кабыл алат. Каттоо эки нускада түзүлөт жана документтерди сактоого тапшырган адам менен консул тарабынан аларга кол коюлат. Каттоо кагазынын бир нускасы консулдук мекеменин көктөмөлөрүндө калтырылат, экинчиси документтерди тапшырган адамга берилет.
Адамдын өтүнүчү боюнча, консул документтерди, эгерде алар тийиштүү түрдө таңгакталган болсо, каттоо кагазы жок эле кабыл алышы мүмкүн. Таңгакка консулдун мөөрү басылат, ага консул жана документтерди тапшырган адам кол коет. Мындай учурларда консул сырткы таңгактын сакталып турушуна жоопкерчиликте болот.
Документтерди сактоого берген адамга күбөлүк берилет.
205. Кабыл алынган документтер өз алдынча пакеттерде, консулдук мекеменин мөөрү менен чапталып коюлган темир шкафтарда же сейфтерде сакталат.
206. Сактоого кабыл алынган документтер аларды сактоого тапшырган адамга же мыйзамдуу ыйгарым укугу бар адамга күбөлүктү жана (же) каттоо баракчасын көрсөткөндө же соттун чечими боюнча берилет.
§ 22. Деңиз протесттерин жасоо
207. Консул кеме ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында кеменин капитанынын кеме ээсине мүлктүк талаптарды коюу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон кеме сүзүп жүргөн же турган мезгилде болуп өткөн окуя жөнүндө арызын кабыл алат.
Деңиз протести жөнүндө арыз окуялардын жагдайларын сүрөттөөнү жана ага ишенилип берилген мүлктү сактоону камсыз кылуу үчүн капитан тарабынан кабыл алынган чараларды камтышы керек.
Деңиз протести жөнүндө арызда айтылган жагдайларды ырастоо катары, кеменин капитаны арыз менен бир эле маалда кеме портко келип кирген күндөн тартып, же окуя портто болуп өткөн болсо, окуя болгондон кийинки жети күндөн кечиктирбестен, консулга кеменин журналын жана капитан тарабынан ырасталган кеменин журналынан жазып алууларды көрсөтүүгө милдеттүү.
208. Деңиз протести жөнүндө арыз кеме портко келген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет. Эгер деңиз протестин билдирүү зарыл болгон окуя портто болуп өткөн болсо, протест окуя болуп өткөн учурдан тарта жыйырма төрт сааттын ичинде жасалышы керек.
Эгерде белгиленген мөөнөттө протестти жасоого мүмкүнчүлүк болбосо, анын себептери деңиз протести жөнүндө арызда көрсөтүлүүгө тийиш.
209. Консул капитандын арызынын, кеме журналынын маалыматтарынын, ошондой эле капитандын өзүн жана мүмкүнчүлүк болсо кеменин башкаруучу курамынын арасынан эки күбөнү жана кеме командасынан эки күбөнү сурамжылоонун негизинде деңиз протести жөнүндө акты түзөт жана аны өзүнүн колун коюп, гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрөт. Деңиз протести тууралуу актынын бир нускасы капитанга же ыйгарым укуктуу адамга берилет жана экинчи нускасы ага тиркелген капитандын арызы жана кеме журналынан көчүрмөсү менен консулдук мекемеде калат.
4. Чет мамлекеттин укуктук ченемдерин колдонуу. Эл аралык келишимдер
210. Консул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, чет мамлекеттердин укуктук ченемдерин колдонот.
Консул Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн документтерди кабыл алат, ошондой эле эгерде ал Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карама-каршы келбей турган болсо, башка мамлекеттердин мыйзамдарында каралган форма боюнча күбөлөндүрүүчү жазууларды жазат.
211. Чет мамлекеттин жаранынын өлүмүнөн кийин калган, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мүлктү, же чет өлкөнүн жаранына Кыргыз Республикасынын жаранынын өлүмүнөн кийин тиешелүү боло турган мүлктү коргоого, ошондой эле мындай мүлккө карата мураскердик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө байланышкан иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
212. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде, чет мамлекеттин мыйзамында каралган форма боюнча түзүлгөн керээз, мурас калтыруучунун өлүмүнөн кийин консулдук мекемеге керээзди ачуу жана жарыялоо үчүн берилсе, консул керээздин мазмуну жөнүндө протокол түзүү менен керээздин мазмунун ачыкка чыгарат. Протоколдо керээз түзүлгөн күн, керээзди берген адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты, керээздин ачык же чапталган түрдө берилгендиги, андагы чийилип коюлган жерлеринин болушу же жок экендиги, оңдоп-түзөтүүлөр же башка кемчиликтери тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. Протоколго консул жана керээзди берген адам тарабынан кол коюлат. Ушул эле адамдар тарабынан керээздин ар бир барагына кол коюлуп чыгат. Эгерде керээз консулда сакталып турган болсо, анда бардык көрсөтүлгөн иш-аракеттерди консул жеке өзү аткарат.
213. Башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу уюмдарынын кызмат адамдарынын катышуусу менен чет өлкөдө түзүлгөн же алардан келип чыккан документтер консул тарабынан алар тиешелүү тартипте легализацияланган же аппостилирленген шарттарында кабыл алынат.
Мындай документтер легализацияланбастан же аппостилирленбестен туруп консул тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде кабыл алынат.
214. Консулдар аларга Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда аныкталган тартипте берилген чет элдик юстиция органдарынын айрым нотариалдык иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу жөнүндө тапшырмаларын аткарышат.
Тапшырмалар төмөнкү учурларда аткарылбайт:
- эгерде тапшырманы аткаруу Кыргыз Республикасынын көз карандылыксыздыгына карама-каршы келсе же улуттук коопсуздукка же мамлекеттик кызыкчылыктарга коркунуч туудурса;
- эгерде тапшырманы аткаруу консулдук мекемелердин ыйгарым укуктарына кирбей турган болсо.
215. Чет элдик юстиция органдарынын айрым нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жөнүндө тапшырмалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде аткарылат. Консулдар чет элдик юстиция органдарына айрым нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу жөнүндө тапшырмалары менен кайрыла алышат.
216. Консулдук мекемелер менен чет мамлекеттердин юстиция органдарынын ортосундагы карым-катнаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде түзүлөт.
217. Консулдар жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын негизинде чет мамлекеттердин уюмдарындагы иш кагаздарын жүргүзүү үчүн чет мамлекеттердин уюмдарын далилдер менен камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин 68-беренесине ылайык иш сотто башталганга чейин далилдер менен камсыз кылуу нотариус же консулдук мекемелердин кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
218. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган нотариалдык иш-аракеттерден башка эрежелери белгиленген болсо, нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим консулдун компетенциясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырууну киргизсе, анда консул бул нотариалдык иш-аракетти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзөт.
5. Корутунду жоболор
219. Консулдук мекеме нотариалдык иш кагаздарынын документтеринин жана материалдарынын сакталып турушун камсыз кылууга милдеттүү.
Нотариалдык иш кагаздарынын документтери жана материалдары үч жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архивине өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук нотариалдык архиви тарабынан бериле турган нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин дубликаттары жана реестрлерден көчүрмөлөрдү алуулар нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөндөргө теңдештирилет жана аларды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
220. Ушул Нускаманын талаптарын бузууга күнөөлүү болгон адамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.