20 Жетинин айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА


 
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 20-апрелиндеги
N 179 токтому менен
бекитилген
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө
НУСКАМА
 
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана нотариалдык иш аракеттерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Дарыланып жаткан жарандардын керээздерин төмөнкүлөр күбөлөндүрүшөт:
а) ооруканаларда жана башка стационардуу дарылоо мекемелеринде - башкы дарыгерлер, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же нөөмөтчү дарыгерлер (мындан ары кызмат адамдары);
б) улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө - директорлор же башкы дарыгерлер (мындан ары - кызмат адамдары);
в) госпиталдарда - анын жетекчилери (мындан ары - кызмат адамдары).
3. Госпиталдарда, санаторияларда жана башка дарылоо мекемелеринде дарыланып жаткан адамдардын ишеним каттары ошол мекемелердин жетекчилери же башкы дарыгерлери тарабынан күбөлөндүрүлөт.
4. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары күбөлөндүгөн керээздер жана ишеним каттар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге теңдештирилет.
5. Ушул бөлүмдө саналып өткөн дарылоо мекемелеринде дарыланып жаткан жарандар керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүү маселелери боюнча мамлекеттик же жеке нотариуста, ал эми нотариус жок калктуу пункттарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткаруу бийлик органдарына кайрылууга укуктуу.
6. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Нускаманы жетекчиликке алат.
7. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары өздөрү күбөлөндүргөн керээздердин жана ишеним каттардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү.
8. Керээздин мазмуну эч кимге, анын ичинде керээзде көрсөтүлгөн адамдарга да билдирилбеши керек.
Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар керээз жазган адам өлгөндөн кийин гана анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
Керээздин бар экендиги же анын мазмуну жөнүндө маалым каттар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга алардын тапшыруусу же аларга карата жасалган нотариалдык иш аракеттер боюнча, ошондой эле өндүрүштөрүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын талабы боюнча гана берилет.
Күбөлөндүрүлгөн керээздердин жана ишеним каттардын жашырындуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат.
Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары, ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган керээздер жана маалым каттар жөнүндө кабардар болушкан адамдар күбөлөндүрүлгөн керээздердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
9. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары ушул мекемелерде дарыланып жаткан же улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө жашаган адамдарга керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрүүдө алардын укуктарын ишке ашырууда жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо көмөктөшүүгө тийиш.
Кызмат адамдары керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүүнү каалаган жогорудагы адамдарга ушул максаттарда:
- керээзге байланышкан укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт (ушул Нускаманын 21-пункту);
- керээзди күбөлөндүрүүдөн улам пайда болуучу натыйжалар жөнүндө эскертет;
- керээзди өзгөртүү, керээзди жокко чыгаруу тартибин түшүндүрөт.
Зарыл учурларда жарандардын өтүнүчү боюнча керээздердин же ишеним каттардын долбоорлорун түзөт.
10. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары аракетке жөндөмдүү адамдардын жарандык мыйзамдардын талаптарына жана жалпы эрежелерине ылайык түзүлгөн керээздерин жана ишеним каттарын күбөлөндүрөт.
11. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары керээзди же ишеним катты (өздүк көктөмө боюнча) күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын инсандыгын аныктайт.
Керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын инсандыгы паспорту боюнча аныкталат.
12. Күбөлөндүрүлө турган керээздерге жана ишеним каттарга жетекчинин катышуусунда кол коюлат.
13. Керээз түзүлгөн учурда аны түзгөн адамдар өздөрүнүн эмне кылып жатканына маани бере албаган же, мисалы, жөөлүгөн же акыл-эсин жоготкон абалда турганда керээздер жана ишеним каттар күбөлөндүрүлбөйт.
Керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын акыл-эси ордунда эместиги же кем акыл келиши себеби боюнча керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартуу ушул адамды жарамсыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана мүмкүн.
Эгерде жетекчиге ага кайрылган адам соттун чечими боюнча спирт ичимдиктерин же баңги заттарды көп пайдалануудан жарамдуулугу чектелүү деп табылгандыгы белгилүү болсо, анын керээзин жана ишеним катын күбөлөндүрүүдөн баш тартуу абзел.
14. Керээз жана ишеним кат түзүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлүү менен кат жүзүндө түзүлүүгө жана өз колу коюлууга тийиш.
Жетекчиси тарабынан керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адамдын оозунан угуп жазылган керээз жана ишеним кат ага кол коюлганга чейин керээз ээсине окулуп берилиши керек.
Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорулуу же сабатсыз келишинен улам керээзди же ишеним катты окууга кудуретсиз келсе, анын тексти жетекчи тарабынан окуп берилет да, ушул туурасында керээзде же ишеним катта ал аны эмнеге окуй албай койгондугунун себеби көрсөтүлүү менен тиешелүү жазуу түшүрүлөт.
Эгерде керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүнү каалаган адам өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорулуу же башка себептерден улам керээзге же ишеним катка өзү кол кое албаса, ага анын өтүнүчү боюнча жана анын катышуусунда, ошондой эле күбөнүн жана жетекчинин катышуусунда башка адам тарабынан кол коюлушу мүмкүн жана анда жаран эмне үчүн документке өзүнүн колун кое албаган себептери көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренесинин 3-пунктуна ылайык керээз ээсинин ордуна төмөнкүлөр керээзге кол кое алышпайт:
1) керээзди күбөлөндүрө турган кызмат адамы;
2) керээз өзүнө түзүлө турган же ага карата керээз жазуудан баш тартылган адам, ушундай адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбүрөлөрү, ошондой эле мыйзам боюнча керээз жазуучунун мураскорлору;
3) аракетке жөндөмдүүлүгү толук көлөмдө болбогон жарандар;
4) керээзди окуй албаган сабатсыз жана жөндөмсүз адамдар.
15. Керээздин же ишеним каттын тексти так жана даана жазылууга, документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жеринде сөздөр менен баяндалууга тийиш. Жарандардын аты-жөнү толук жана алардын жашаган жери көрсөтүлүү менен жазылууга тийиш. Керээзди же ишеним катты чет өлкөлүк жарандардын атынан күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
Керээзде же ишеним катта тазалоолор жана башка оңдоолор анын ээси кол коердон мурда эскертмелер аркылуу түшүндүрүлүшү керек. Мисалы, керээздин текстинде "турак үйү" деген сөздөр "турак үйүнүн экиден бир үлүшү" деп оңдолгон болсо, анда оңдоого төмөнкүдөй эскертме жазуу керек: "Сызылып салынган "турак үйү" деген сөздөр окулбасын, анын үстүнө жазылган "турак үйүнүн экиден бир үлүшү" деген сөздөр туурасы деп эсептелсин." Ушул оңдоого керээз ээси (же анын өтүнүчү боюнча керээзди жазып берген адам) тарабынан кол коюлушу абзел.
16. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары төмөнкү учурларда керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүүдөн баш тартат:
- ушундай иш аракетти жасоо мыйзамга каршы келсе;
- керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүп берүү өтүнүчү менен жарамсыз жаран кайрылса.
Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүп берүүдөн баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана анын даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда жетекчи он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен керээзди же ишеним катты күбөлөндүрүп берүүдөн баш тартылгандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
Баш тартылганы жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- токтом чыгарылган күн;
- керээзин же ишеним катын күбөлөндүрүү үчүн кайрылган жарандын аты-жөнү, анын жашаган жери;
- кайрылган адам кайсы нотариалдык иш аракетти жасап берүү жөнүндө өтүнөт;
- нотариалдык иш аракетти жасоодон (мыйзамдарга шилтеме жасоо аркылуу) баш тартылгандыгынын себеби;
- баш тартуу боюнча даттануу тартиби жана мөөнөтү.
17. Жетекчи тарабынан керээз же ишеним кат туура эмес күбөлөндүрүлгөнү боюнча даттануулар, аны күбөлөндүрүүдөн баш тартуулар боюнча даттануулар дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн жайгашкан жери боюнча сотко берилет.
18. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуксуз:
- керээзди жана ишеним катты өз атына, өз атынан, өзүнүн жубайынын атына жана өз жубайынын атынан, анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-карындаштарынын, чоң атасынын, чоң энесинин) атынан күбөлөндүрүүгө;
- керээзди жана ишеним катты ушул мекеменин кызматкерлеринин атынан жана алардын атына күбөлөндүрүүгө.
Ушул эрежелер бузулуу менен берилген керээздер же ишеним каттар жараксыз болуп саналат.
2. Керээзди күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
19. Бир керээзди бир нече адамдардын атынан, ошондой эле өкүл аркылуу күбөлөндүрүүгө мыйзам боюнча жол берилбейт.
20. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1133-берененин 2-пунктуна ылайык керээз күбөнүн катышуусунда күбөлөндүрүлөт, күбө керээзге керээз жазган адамдан кийин кол коюуга тийиш. Ошондой эле күбөнүн өздүк көктөмө боюнча инсандыгы аныкталат жана маалыматтар нотариалдык иш аракеттерди каттоо тизмесине (1-тиркеме) киргизилет.
21. Жаран керээзди күбөлөндүрүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда мекеменин жетекчиси керээз ээсинин каалоосу боюнча кайрылган жаранды мыйзам боюнча мураскор болгон адамдардын чөйрөсү менен тааныштырууга милдеттүү. Мындай адамдардын чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1141-, 1142-, 1143-, 1144-, 1145-, 1146-беренелеринде аныкталган жана керээз ээсине төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрөт:
1) керээз боюнча өзүнүн бардык мүлкүн же анын бир бөлүгүн (кадимки үй тиричилиги буюмдарын кошуп алганда) мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирген жана кирбеген бир адамга же бир нече адамга, ошондой эле мамлекетке же айрым мамлекеттик, кооперативдик жана коомдук уюмдарга калтыра алууга жана керээз калтыруучу керээзинде мыйзам боюнча бир, бир нече же бардык мураскерлерди мурастоо укугунан ажыратууга;
2) керээз бир нече адамдардын пайдасына түзүлгөн учурда керээз калтыруучу анда мураскерлердин ар бирине канчадан үлүш мураска калтырыларын көрсөтүүгө;
3) каалаган убакта өзүнүн керээзин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга, жаңысын түзүүгө. Керээз калтыруучу керээзин ушул Нускаманын 27-пунктуна ылайык керээзи сактоого тапшырылган мамлекеттик нотариат кеңсесине арыз жазуу жолу менен жокко чыгара алат.
Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары керээз ээсине Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесине ылайык, мурас калтыруучунун жашы жетпеген же эмгекке жарамсыз балдары, (анын ичинен асырап алынгандар), ошондой эле эмгекке жарамсыз жубайы жана ата-энеси (анын ичинде асырап алуучулар) керээздин мазмунуна карабай, мыйзам боюнча мурас алууда (милдеттүү үлүш), алардын ар бирине тийиштүү боло турган үлүштүн кеминде үчтөн экисин мураска алышат. Милдеттүү үлүшкө, мындай үлүшкө укугу бар мураскор кандайдыр бир негиз боюнча мурастан алгандардын бардыгы, анын ичинде кадыресе үй-оокаттарынан турган мүлктүн наркы жана керээздик баш тартуунун мындай мураскорунун пайдасына белгиленген нарк кошуп эсептелеерин түшүндүрүүгө милдеттүү.
22. Керээз мазмунуна жараша ушул Нускамага тиркелген N 1 жана N 2 формаларга ылайык түзүлөт.
- эгерде керээз ээси өзүнүн бардык мүлкүн керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык түзүлөт;
- эгерде керээз ээси өзүнүн мүлкүнүн белгилүү түрүн калган мүлкүнө тийбестен керээзи боюнча калтырууну кааласа, анда керээз 3-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык түзүлөт.
23. Керээз эки нускада түзүлөт жана күбөлөндүрүлөт. Керээзде ал түзүлгөн жер жана убакыт көрсөтүлүшү керек. Керээз ээсинин аты-жөнү, ошондой эле дареги паспортуна же аны алмаштырган башка документке ылайык толук көрсөтүлөт.
Күбөнүн маалыматтарын толтурууга да ушундай талаптар коюлат.
24. Керээзге керээз калтыруучу кол койгондон кийин дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары аны күбөлөндүрүүгө тийиш. Керээзди күбөлөндүрүү анда 4-тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча күбөлөндүрүү жазууларын түшүрүүдө жатат.
Ушул Нускаманын 14-пунктунда каралган учурларда, б.а. керээзге керээз ээсинин өтүнүчү боюнча башка адам кол койгон учурда 5-тиркемеде көрсөтүлгөн формада анда керээз ээси керээзине кандайча өзү кол кое албагандыгынын себеби көрсөтүлүү менен түзүлөт.
Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээз түзүлгөн күнү түшүрүлүүгө тийиш.
Күбөлөндүрүү жазууларынын тексти арип жазуучу машинкада же кол менен жазылышы мүмкүн. Күбөлөндүрүү жазууларын кырып тазалоого жол берилбейт. Керээздердеги жана ушул керээздерди күбөлөндүрүү жазууларындагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор камак жетекчисинин эскертмелери менен коштолууга тийиш.
Керээздеги күбөлөндүрүү жазуулары керээздин ушул эле бетиндеги жана анын артындагы керээз ээсинин колунан кийин же айрым баракта жайгаштырылат. Күбөлөндүрүү жазуусу өзүнчө баракта түзүлгөн, ошондой эле керээздин мазмуну бир канча баракта баяндалган учурда бардык барактарга номур коюлуп, жип өткөрүлүп көктөлүшү керек жана ушул туурасында тиешелүү жазуу түшүрүлүп, ал камак жетекчисинин колу менен ырасталат (мисалы, "Беш баракка номур коюлду жана жип өткөрүлүү менен тиркелди"). Керээзге түшүрүлгөн күбөлөндүрүү жазуусуна да башкы дарыгер кол коет жана ушул мекеменин гербдүү мөөрү аркылуу күбөлөндүрүлөт. Керээздерде рецепттер, ооругандык барагы жана башка максаттар үчүн жасалган мөөрлөр басылбоого тийиш.
25. Оорукананын, башка стационардык дарылоо-профилактикалык мекемесинин, санаторийдин, улгайгандардын жана майыптардын медицина айымы, башкы дарыгери (анын медициналык бөлүк боюнча орун басары же нөөмөтчү дарыгер) эмес дарылоочу дарыгери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээз жараксыз.
Башкы дарыгер (анын медициналык бөлүк боюнча орун басары же нөөмөтчү дарыгер) ошол эле мезгилде дарылоочу дарыгер болсо, керээзге ал дарылоочу дарыгер эмес, башкы дарыгер (анын орун басары же нөөмөтчү дарыгер) катары кол коет.
Керээзди күбөлөндүргөн нөөмөтчү дарыгердин колу кошумча күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.
26. Керээзди күбөлөндүрүүдө керээз жазган адамдан мурасталган мүлккө укугун, ошондой эле керээз өздөрүнүн пайдасына түзүлгөн адамдардын аны менен туугандык мамиледе болгондугун ырастаган далилдерди келтирүү талап кылынбайт.
27. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары керээзди күбөлөндүргөндөн кийин бир нускасын керээз ээсинин колуна тапшырат, ал эми экинчи нускасын керээз ээсинин акыркы жашаган жериндеги мамлекеттик нотариуска сактоого берет (жөнөтөт).
Эгерде керээз ээси Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жери болбосо же анын туруктуу жашаган жери белгисиз болсо, керээз мүлк жайгашкан жердеги мамлекеттик нотариуска жөнөтүлөт.
28. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары күбөлөндүргөн керээз нотариат иш аракеттерин каттоо тизмесине киргизилүүгө тийиш (1-тиркеме). Ушул китепте катталган керээздин катар номуру керээздин эки нускасындагы күбөлөндүрүү жазууларына коюлушу керек.
Нотариалдык иш аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде номурлар коюлушу жана анын бардык барактары жип өткөрүлүп көктөлүшү абзел. Барактардын саны эркинен ажыратылган же камакта кармалган жердин жетекчисинин колу менен ырасталышы керек.
29. Колдонуудагы мыйзамдарда дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары керээзди күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым алынары көрсөтүлгөн эмес.
3. Ишеним катты күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
30. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары бир адамдын же бир нече адамдын атынан бир же бир нече адамдардын атына ишеним каттарын күбөлөндүрө алат.
Бир нече адамдардын атынан ишеним кат эгерде ишеним катта көрсөтүлгөн аракеттер ишеним кат берип жаткан адамдардын айрым алганда бирөөсүнүн эмес, бардыгынын бирдей кызыкчылыгына тиешелүү болгон учурда гана берилет (мисалы, ишеним кат ушул адамдар бирге белгилүү иш аткарышкан мекемеден эмгек акысын өндүрүп алуу жөнүндө сот ишин жүргүзүүгө ишеним кат).
31. Жаран ишеним катты күбөлөндүрүп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылганда ага дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарын түшүндүрөт:
1) ишеним катта ал берилип жаткан адам ишеним кат аркылуу өзүнө берилген ыйгарым укуктарды башка адамга ишенип өткөрүп берүүгө укуктуу экендиги көрсөтүлөт;
2) берилген ишеним катты жокко чыгарууга укуктуу. Мындай учурда ишеним катты берген адам ишеним каттын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кат жүзүндөгү арызды ишеним кат берилген мекемеге, уюмга, ишканага жөнөтүүгө тийиш.
32. Ишеним кат 6-, 7-, 8-, 9-тиркемелерде көрсөтүлгөн формаларга ылайык түзүлүшү мүмкүн:
- мүлктү жалпы башкарууга ишеним кат берилген учурда - N 6 формасы боюнча;
- үйдү сатууга - N 7 формасы боюнча;
- эмгек акысын алууга - N 8 формасы боюнча;
- мураска укук жөнүндө күбөлүктү алууга - N 9 формасы боюнча.
Башка маселелер боюнча ишеним каттар жогоруда көрсөтүлгөн формаларга ылайык түзүлөт.
33. Ишеним кат бир нускада түзүлөт. Ишеним каттын текстинде ал түзүлгөн жер жана (кол коюлган) күнү, ишеним кат берилген адамдын жана ишеним катты берген адамдын аты-жөнү жана жашаган жери көрсөтүлөт.
Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз.
34. Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү ишеним катты берген адам тарабынан ал ылайык көргөндөй аныкталат, бирок үч жылдан ашпоого тийиш.
Эгерде ишеним катта мөөнөтү көрсөтүлбөсө, анын жарактуулугу берилген күндөн тарта бир жыл бою күчүндө болот.
Пенсия алууга ишеним кат алты айдан ашык мөөнөткө күбөлөндүрүлбөйт.
Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүүдө сандар сөз менен жазылат.
35. Ишеним катта ал берилген адамдын ыйгарым укуктары так көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, турак үйүн сатууга ишеним кат берүүдө ишеним кат берген адам ишеним кат бериле турган адамга өзүнө таандык турак үйүн ишеним артылган адам өзү ылайык көргөндөй баада жана шарттарда сатууга ыйгарым укуктуу кылары көрсөтүлүүгө тийиш. Ишеним кат берген адам анда өзүнө таандык үйдү ишеним кат берилген адам тарабынан кимге, кандай баада жана кандай шарттарда сатылышы керектигин көрсөтүүгө укуктуу.
Өкүлү тарабынан тартуу иш аракетин аткарууга ишеним катта тартуу кылынган адам же тартуу предмети көрсөтүлбөсө, ал ишеним кат болуп эсептелбейт.
Ишеним катты берген адам кол койгондон кийин аны дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары күбөлөндүрүүгө тийиш. Күбөлөндүрүү жазуусу 10- жана 11-тиркемелерде көрсөтүлгөн формалар боюнча түшүрүлөт.
Күбөлөндүрүү жазууларын кырып тазалоого жол берилбейт. Ишеним каттагы кошуп жазуулар жана башка оңдоолор дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдарынын эскертмелери менен коштолууга тийиш.
36. Ишеним кат аны берген адамдын өз колуна тапшырылат же анын өтүнүчү боюнча жана анын эсебинен ал берген дарек боюнча ишеним кат берилген адамга жөнөтүлөт.
37. Дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары күбөлөндүргөн ишеним кат нотариат иш аракеттерин каттоо тизмесине киргизилүүгө тийиш (1-тиркеме). Ушул китепте катталган ишеним каттын катар номуру ишеним катка түшүрүлгөн күбөлөндүрүү жазууларында коюлушу абзел.
Нотариалдык иш аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде номурлар коюлушу жана анын бардык барактары жип өткөрүлүп көктөлүшү абзел.
Барактардын саны мекеменин жетекчисинин колу менен ырасталышы керек.
38. Колдонуудагы мыйзамдарда дарылоо мекемелеринин, госпиталдардын жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүнүн кызмат адамдары ишеним катты күбөлөндүргөнү үчүн мамлекеттик алым алынары көрсөтүлгөн эмес.
 
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
1-тиркеме
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө нотариалдык иш аракеттерди (мурастарды жана ишеним каттарды) каттоо
ТИЗМЕ КИТЕБИ
Катар N
Керээз же ишеним кат күбөлөндүрүлгөн күн
Жарандардын аты-жөнү, жашаган жери, күбөнүн аты-жөнү, жашаган жери
Керээздин же ишеним каттын кыскача мазмуну
Инсандыгын ырастаган документ
Керээзди алгандыгы жөнүндө тил кат
Мамлекеттик нотариуска керээздин жөнөтүлгөндүгү жөнүндө коюлган белги (кайсы нотариус экендиги көрсөтүлөт)
1
2
3
4
5
6
7
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
2-тиркеме
 
Бардык мүлккө керээздин формасы
КЕРЭЭЗ
______-жылдын "____" ____________
Төмөндө кол койгон мен,
_______________________________________________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү, акыркы
_______________________________________________________________________
туруктуу жашаган жеринин дареги)
мен кокус өлүп калсам ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам:
Мага таандык болгон мүлк мен өлгөн күнгө чейин каерде жайгашпасын жана кандай түрдө болбосун, аны
_______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________
(мүлк мураска калтырыла турган адамдардын
_______________________________________________________________________
аты-жөнү көрсөтүлөт)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесинин мазмуну мага дайын.
Ушул керээз эки нускада түзүлдү жана кол коюлду, анын бир нускасы
_______________________________________________________________________
(керээз ээсинин акыркы туруктуу жашаган
_______________________________________________________________________,
жериндеги мамлекеттик нотариус көрсөтүлөт)
ал эми экинчи нускасы керээз ээси
________________________________________________________________ берилет.
(керээз ээсинин аты-жөнү)
 
Керээз ээсинин колу _____________________________________________________
Күбөнүн колу ___________________________________________________________
(аты-жөнү)
 
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
3-тиркеме
 
Мүлктүн айрым бир түрлөрүнө
керээздин формасы
КЕРЭЭЗ
______-жылдын "____" ____________
Төмөндө кол койгон мен,
_______________________________________________________________________
(керээз ээсинин аты-жөнү, акыркы туруктуу
_______________________________________________________________________
жашаган жеринин дареги)
мен кокус өлүп калсам ушул керээз аркылуу төмөнкүдөй буйрук кылам:
Мен, __________________________________________________________________
(мүлк мураска калтырыла турган адамдардын аты-жөнү)
______________________________________________________________________
(мураска калтырыла турган мүлк)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренесинин мазмуну мага дайын.
Ушул керээз эки нускада түзүлдү жана кол коюлду, анын бир нускасы
_______________________________________________________________________
(керээз ээсинин акыркы туруктуу жашаган жериндеги
______________________________________________________________________,
мамлекеттик нотариус көрсөтүлөт)
ал эми экинчи нускасы керээз ээси
_____________________________________________________________ берилет.
(керээз ээсинин аты-жөнү)
 
Керээз ээсинин колу ______________________________________________
Күбөнүн колу _____________________________________________________
(аты-жөнү)
 
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
4-тиркеме
Керээз калтыруучунун өзү кол койгон керээздеги
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУЛАРЫ
______-жылдын "____" ____________
Ушул керээз мен,
_______________________________________________________________________
(дарылоо мекемесинин, госпиталдын жана
_______________________________________________________________________
улгайгандар жана майыптар үйүнүн жетекчинин аты-жөнү)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Керээзге жаран ___________________________________________________ (аты-жөнү)
менин катышуумда жана күбөнүн катышуусунда кол койду.
Керээз ээсинин жана күбөнүн инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди. Күбөлүккө кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды.
 
 
N __________ китепте катталды
Жетекчи ______________________
                   (кызматы жана колу)
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
5-тиркеме
Керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча башка адам тарабынан кол коюлган керээздеги
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУЛАРЫ
______-жылдын "____" ____________
Ушул керээз мен, _______________________________________________________
(дарылоо мекемесинин, госпиталдын жана
_______________________________________________________________________
улгайгандар жана майыптар үйүнүн жетекчинин аты-жөнү)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
_______________________________________________________________________
(керээз калтыруучунун аты-жөнү)
оорусуна байланыштуу анын өтүнүчү боюнча жана менин катышуумда жана күбө
__________________________________________________________________
(күбөнүн аты-жөнү)
катышуусунда керээзге
______________________________________________________________________
(керээзге оорулуу үчүн кол койгон
____________________________________________________________ кол койду.
адамдын аты-жөнү)
Керээз ээсинин жана күбөнүн инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди. Керээзге кол койгон адамдын инсандыгы аныкталды.
 
 
 
N __________ китепте катталды
Жетекчи ______________________
                 (кызматы жана колу)
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
 
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
6-тиркеме
Мүлктү урунууга (жалпы)
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
                                              (ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ мага таандык болгон мүлк каерде жайгашпасын жана кандай түрдө болбосун аны урунууга, ошого ылайык мыйзамда уруксат берилген бардык бүтүмдөрдү, атап айтканда: бардык учурларда суммаларын, мөөнөттөрүн жана башка шарттарды өзү ылайык көргөндөй аныктоо аркылуу курулуштарды жана башка мүлктү сатып алууга, сатууга, тартуу кылууга, тартууга алууга, алмаштырууга, күрөөгө коюуга жана кабыл алууга; түзүлгөн бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө; мурасты кабыл алууга же андан баш тартууга; мага тиешелүү мүлктү, акчаны, баалуу кагаздарды, ошондой эле бардык негиздер боюнча адамдардан, мекемелерден, ишканалардан, уюмдардан, анын ичинде банктардан, насыя берүү-сактоо мекемелеринен, почтадан, телеграфтан документтерди алууга; банк эсептерин урунууга; почта, телеграф аркылуу баалуу жана ар кыл иш кагаздарын жана жөнөтүүлөрдү алууга; менин атымдан бардык мамлекеттик мекемелерде, кооперативдик жана коомдук уюмдарда жарандык жана бардык сот мекемелеринде кылмыш иштерин мыйзам аркылуу доогерге, жоопкерге, үчүнчү тарапка жана жабырланган адамга берилген бардык укуктар, анын ичинде ишти ынтымак бүткөрүү, доо талаптарын таануу же андан толук же жарым-жартылай баш тартуу, доо предметин өзгөртүү, сот чечими боюнча даттануу, өндүрүп алууга аткаруу барагын берүү, ыйгарылган мүлктү же акчаны алуу укуктары менен жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кылам.
Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн/мүмкүн эмес.
Ишеним кат ____________________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
7-тиркеме
Үйдү сатууга
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
(ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
_________________________________________________ дареги боюнча жашаган
______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(сатыла турган үйдүн (батирдин) дареги)
дареги боюнча жайгашкан мага таандык турак үйдү (батирди) өзү ылайык көргөн баада жана шарттарда сатууга ишеним артам жана бул үчүн зарыл маалым каттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди алууга, сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга жана мага жөнөтүлгөн акчаны алууга, ошондой эле ушул тапшырма менен байланышкан бардык аракеттерди аткарууга укук берем.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 206-беренесинин мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн/мүмкүн эмес.
Ишеним кат ______________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
8-тиркеме
Эмгек акыны алууга
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, __________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
(ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
_________________________________________________ дареги боюнча жашаган
_______________________________________________________________________
(аты-жөнү)
алууга ыйгарым укуктуу кылам.
Ишеним кат ____________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
9-тиркеме
Мураска укук жөнүндө күбөлүктү алууга
ИШЕНИМ КАТ
_______________________________________________________________________
(ишеним кат түзүлгөн жер)
_______________________________________________________________________
(күн, ай, жыл сөздөр менен)
Мен, _________________________________________________________________
(жашаган жери)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
ушул ишеним кат менен _________________________________________________
(ишеним кат бериле турган адамдын дареги)
дареги боюнча жашаган _________________________________________________
(аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(сатыла турган үйдүн (батирдин) дареги)
дареги боюнча жайгашкан мага таандык турак үйдү (батирди) өзү ылайык көргөн баада жана шарттарда сатууга ишеним артам жана бул үчүн зарыл маалым каттарды, күбөлүктөрдү жана башка документтерди алууга, сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга жана мага жөнөтүлгөн акчаны алууга, ошондой эле ушул тапшырма менен байланышкан бардык аракеттерди аткарууга укук берем.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 206-беренесинин мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Ушул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар башка адамдарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн/мүмкүн эмес.
Ишеним кат _______________________________________________________ мөөнөткө берилди.
(канча мөөнөткө берилгендиги сөз менен көрсөтүлөт)
 
Колу _________________________
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
10-тиркеме
Ишеним кат берген адам тарабынан кол коюлган ишеним каттагы
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУСУ
______-жылдын "____" ____________
Ушул ишеним кат мен,
_______________________________________________________________________
(ишеним катты күбөлөндүргөн
_______________________________________________________________________
жетекчинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(мекеменин аталышы)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Ишеним катка жаран _______________________________________________ тарабынан кол коюлду.
(аты-жөнү)
Ишеним кат берилген адамдын инсандыгы аныкталды, анын жарамдуулугу текшерилди.
Ишеним катка кол койгон ________________________________________________ инсандыгы аныкталды.
(аты-жөнү)
 
 
N __________ китепте катталды
Жетекчи ______________________
                   (кызматы жана колу)
 
Мекеменин гербдүү мөөрү
 
 
 
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө нускамага
11-тиркеме
Ишеним кат берген адамдын тапшыруусу боюнча башка адам тарабынан кол коюлган ишеним каттагы
КҮБӨЛӨНДҮРҮҮ ЖАЗУУЛАРЫ
______-жылдын "____" ____________
Ушул ишеним кат мен, ___________________________________________________
(ишеним катты күбөлөндүргөн
_______________________________________________________________________
жетекчинин аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(мекеменин аталышы)
тарабынан күбөлөндүрүлдү.
_______________________________________________________________________
(ишеним катты берген адамдын аты-жөнү)
оорусуна байланыштуу (ден соолугунун жарамсыздыгы же башка кандайдыр бир себептер боюнча) жана анын тапшырмасы боюнча ишеним катка
________________________________________________________________________
(ишеним катка кол койгон адамдын аты-жөнү)
____________________________________________________________ кол койду.
Сунушталган адамдын инсандыгы аныкталды, жарамдуулугу текшерилди.
Ишеним катка кол койгон жаран ___________________________________________ инсандыгы аныкталды.
(кол койгон адамдын аты-жөнү)
 
 
 
N __________ китепте катталды
Жетекчи ______________________
                    (кызматы жана колу)
 
Мекеменин гербдүү мөөрү

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы