19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА


2 тиркеме
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
НУСКАМА
 
Бул Нускама Кыргыз Республикасынын «Нотариат жѳнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык иштелип чыкты.
 
1.     Жалпы жоболор
 
1. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, калктуу конушта нотариус жок болгон учурларда айрым нотариалдык иш-аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилик тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жасайт:
1) керээздерди күбөлөндүрөт;
2) ишеним каттарды күбөлөндүрөт;
3) мураска калган мүлктү кайтаруу үчүн чараларды  көрөт;
4) документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
5) документтердеги колтамганын аныктыгын күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен аталган кызмат адамдарына башка нотариалдык иш-аракеттерди да жасоо жүктөлүшү мүмкүн.
3. Нотариалдык иштерди жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын бирине (мындан ары – кызмат адамдары), калктуу конушта нотариус болбогон учурда жүктөлөт.
4. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө кызмат адамдары өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди аткаруусуна методикалык жетекчиликти Кыргыз Республикасынын аймактык юстиция башкармалары жана райондук мамлекеттик нотариалдык кеңселери жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы жүргүзөт.
6. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүчү кызмат адамдары аткарылган нотариалдык иш-аракеттер боюнча райондук мамлекеттик нотариалдык кеңселерине жана аймактык юстиция башкармаларына ай-сайын отчет берип турушат.
7. Нотариалдык иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, муктаж болгон учурда расмий тилде жүргүзүлөт.
8. Кызмат адамдары нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө аткарылуучу нотариалдык иштердин жашырындыгын сактоого милдеттүү, ушуга байланыштуу аларга нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө белгилүү болгон маалыматтарды, документтерди жарыя кылууга, анын ичинде мыйзамда каралгандан башка учурларда, иштен бошонгондон кийин да ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
9. Жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракеттер тууралуу маалыматтар (документтер) ал иштер кимдин атынан жүргүзүлсө, ошол адамга же анын тапшыруусу боюнча жүргүзгөн адамдарга гана берилет.
10. Соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын талабы боюнча жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү алардын өндүрүшүндө жазык же жарандык иштер болгондугуна байланыштуу берилет.
Нотариустун архивинде сакталган документтерди бербестен, нотариалдык иш-аракетти жасаган фактысын тастыктоону же танууну   жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүү деп түшүнүү керек.
11. Маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн органдардын тиешелүү органдардын мөөрү менен бекитилген жазуу жүзүндөгү талабы боюнча гана кызмат адамы тарабынан берилет. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди башка кандай болбосун учурларда берүүгө тыюу салынат. 
12. Керээздер жөнүндөгү маалыматтар (керээздин болгондугу, анын мазмуну жөнүндө) керээз калтыруучунун каза болгон фактысы кызмат адамы тарабынан текшерилгенден кийин берилет.
13. Нотариалдык иш-аракеттердин сырын сактоо жөнүндө эрежелери жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар алар кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон адамдарга да жайылтылат.
14. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү тапшырылган кызмат адамдары жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын ишке ашырууга жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүүгө, юридикалык жактан билимсиздиги аларга каршы пайдаланылбашы үчүн жүргүзүлүүчү нотариалдык иш-аракеттердин болуучу кесепеттери жөнүндө эскертүүгө милдеттүү. Кызмат адамдары зарыл учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн кайрылган адамдардын өтүнүчү боюнча документтердин жана алардын көчүрмө бөлүктөрүнүн долбоорлорун түзүүгө, документтердин көчүрмөлөрүн даярдоого, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү маселеси боюнча түшүнүк берүүгө укуктуу.
15. Нотариалдык иш кагаздары кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Нотариалдык жактан тастыкталган документтерге күбөлөндүрүү жазуусунда кызмат адамдын аты-жөнү жазылууга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жазылган мөөр басылууга тийиш.
 
2.     Нотариалдык иш-аракеттердин жүргүзүүнүн
негизги эрежелери
 
16. Ушул Нускаманын 1-пунктунда көрсөтүлгөн нотариалдык иш-аракеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кайсы гана аткаруучу органында болбосун, нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө дайындалган кызмат адамы тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
17. Нотариалдык иш-аракеттер, бардык керектүү документтер көрсөтүлгөн жана мамлекеттик алым төлөнгөн күнү жүргүзүлөт.
18. Нотариалдык иш-аракетти жүргүзүү төмөнкүдөй учурларда кийинкиге калтырылышы мүмкүн:
1) жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды алуу зарыл болсо;
2) документтер экспертизага жиберилсе.
19. Эгерде Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 45-беренесине ылайык, кызыкдар жактарда нотариалдык иш-аракеттерди жасоого каршы пикирдин жоктугу жөнүндө суратуу зарыл болсо, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо кийинкиге калтырылышы мүмкүн.
20. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнү кийинкиге калтыруунун мөөнөтү нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнү кийинкиге жылдыруу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн баштап бир айдан ашпоого тийиш. Кызыкдар адам күбөлөндүрүп берүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сот аркылуу талашкан башка кызыкдар адамдын арызы боюнча нотариалдык иш-аракеттерди он жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөткө кийинкиге жылдырууга болот. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде соттон арыздын келип түшкөндүгү жөнүндө билдирүү түшпөсө, нотариалдык иш-аракет жасалууга тийиш.
21. Аны ырастоо үчүн башка кызыкдар тарап кайрылган укуктун же фактынын сотто таламын талашкан кызыкдар жактын арызы боюнча камсыздоочу мүнөздөгү чаралар жөнүндө соттун актысын алган учурда,нотариалдык иш-аракетти жасоо – иш сот тарабынан чечилгенге чейинки мөөнөткө токтотулуп турат.  
22. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө, кызмат адамдары нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн кайрылган жарандын, анын өкүлүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн инсандыгын аныктайт.
23. Өздүгүн тактоо паспорттун же нотариалдык иш-аракет жасоого кайрылган жарандын өздүгүнө карата кандай болбосун шекти жокко чыгаруучу өздүгүн ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүшү керек.
24. Жарандыгын, үй-бүлөлүк абалын же жашаган жерин аныктоо зарылдыгы болбогон учурда, нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо өздүктү аныктоо жарандын өздүгүнө карата кандай болбосун шекти жокко чыгаруучу өздүгүн ырастоочу башка документтердин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
25. «Түндүк» мобилдик тиркеме аркылуу жаран тарабынан берилген санариптик форматта тапшырылган документтер (улуттук паспорт, айдоочу күбөлүк, жарандык абалдын актылары: туулгандыгы, никеге тургандыгы, никени бузуу, фамилияны, атын, атасынын атын өзгөртүү жана башка документтер) юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтерге бирдей маанидеги документтер болуп саналат.
26. Кызмат адам жарандын өздүгүн аныктоодо жана верификациялоодо нотариаттын бирдиктүү маалымат тутумунун (мындан ары – НБМТ) жардамы менен, биометрикалык верификация методу, жандуулукту табуу методу аркылуу санариптик идентификацияны текшерүүнүн түрдүү ыкмаларын пайдалана алат.
27. Он алты  жашка чыга электердин өздүгү туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана баланын мыйзамдуу өкүлү (ата-энеси, камкорчусу, көзөмөлчүсү) тарабынан анын өздүгүн жазуу түрүндө ырастоонун, же жалпы жарандык паспорту болсо, ошонун негизинде аныкталат.
28. Чет өлкөлүк жарандардын өздүгү алардын улуттук паспортторунун же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган башка документтердин негизинде аныкталат
29. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдардын, качкындардын өздүгү алардын өздүгүн жана статусун (качкындын жана/же жашай туруу укугуна күбөлүгү, Кыргыз Ресапбуликасында кайрылмандын күбөлүгү) ырастоочу документтердин негизинде аныкталат.
30. Бүтүмдү күбөлөндүрүүдө нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө кайрылган жеке адамдардын ишке жөндөмдүүлүгү жана юридикалык жактардын укукка жөндөмдүүлүгү текшерилет. Бүтүмдү өкүл жүргүзсө анын ыйгарым укугу текшерилет.
31. Эгерде кызмат адамында бүтүмдүн катышуучуларынын кимдир–бирөө өзүнүн психикалык оорусунан улам өзү жасаган аракеттердин маанисин түшүнбөсө же өзүн-өзү башкара албаса же болбосо спирт ичимдиктерин же баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун кесепетинен өзүнүн үй-бүлөсүн материалдык оор абалга алып келген деп ойлоого негиздер бар болуп, бирок мындай жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануу жөнүндө маалыматтар жок болсо, анда кызмат адамы бүтүмдү күбөлөндүрүүнү токтото турат жана бул адамды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таануу жөнүндө соттун чечими жоктугун тактайт.
32. Эгерде сот тарабынан бул адам аракетке жөндөмсүз деп таанылса, анда кызмат адамы нотариалдык иш–аракетти жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Кызмат адамы мындай токтом менен макул эмес тарапка анын сотко кайрылуу укугун түшүндүрүшү керек.
33. Эгерде сот тарабынан бул адам аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылса, кызмат адамы нотариалдык иш–аракеттерди жүзөгө ашырууда аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган адамдын камкордука алуучунун макулдугун талап кылат.
34. Он төрт жашка жете электер үчүн бүтүмдөрдү, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, алардын атынан ата–энеси, асыроочуларынын же камкордукка алуучулардын гана жүзөгө ашыра алышат. Мындай бүтүмдөрдү түзүүдө атасынын да, энесинин да макулдугу талап кылынат.
35. Камкордукка алуу сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган адамдарга белгиленет. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандын атынан бүтүмдөр анын камкордукка алуучунун тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Камкордукка алуучуда турган жарандардын атынан белек кылуу келишимдерин жүзөгө ашырууга жол берилбейт. Бул эрежелер өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуучулар  ата–энелер (асыроочулар) тарабынан түзүлүүчү бүтүмдөргө да колдонулат.
37. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электер, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү кошпогондо, ата–энесинин, асыроочулардын же көзөмөлдүк кылуучулар   жазуу жүзүндөгү макулдугу менен бүтүмдөрүн жүзөгө ашыра алышат. Мындай бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда атасынын да, энесинин да макулдугу талап кылынат.
38. Камкордукка алуучулар жана көзөмөлдүк кылуучулар, алардын жубайлары жана жакын туугандары алар көзөмөлдүк кылган адам менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укугу жок, ошондой эле алардын камкордугундагы аже көзөмөлүндөгү адамдарга алар менен камкордукка алуучулардын жана көзөмөлдүк кылуучулардын жубайынын жана анын жакын туугандарынын ортосунда соттук иштерди жүргүзүүдө коргоого укугу жок.
39. Кызмат адамы тарабынан ырасталуучу бүтүмдүн, күбөлүктөрдүн, арыздардын жана кызмат адамы тарабынан даярдалуучу башка документтердин долбоорлорунун мазмунун кызмат адамы аларга өз алдынча окуп чыгуусуна бериши же катышуучуларга үн чыгарып окуп бериши керек. Нотариалдык тартипте таризделүүчү документтерге кызмат адамдын катышуусунда кол тамгалар коюлат.
40. Жаран дене бойлук кемчилигинен, оорусунан улам же башка кандайдыр бир себептер боюнча жеке өзү кол тамга кое албаса, анда анын тапшырмасы боюнча документ нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган жарандын өзүнүн жеке кол тамгасы коюлбаган себебин көрсөтүү менен, анын өзүнүн катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке башка жаран кол тамга кое алат.
41. Эгерде жаран дене бойлук кемтигинен улам өзүнүн жеке кол тамгасын коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана өзүнүн атынан үчүнчү жак бүтүмгө, арызга же башка документке кол тамга коюусуна ишеним артпаса, анда ал анын ырастыгы «Нотариат жөнүндө» Мыйзамга ылайык ырасталуучу факсимилдик кол тамганы пайдалана алат.
42. Эгер нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адам сокур болсо жана өз алдынча окуй албаса, кызмат адам документтин текстин ага окуп берет, жана ал тууралуу документке белги коет.
43. Эгер нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган жаран окуганды жана жазганды билген дүлөй-дудук болсо, кызмат адам документтин текстин өзү окуп чыгышы үчүн ага берет, ал жөнүндө жаран текстти өзү окуп чыккандыгын жана анын мазмунуна макул экендигин ырастаган белгини өз колу менен жүргүзөт.
44. Нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган жаран сабатсыз, дүлөй-дудук болсо, анда нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө сокур-дүлөй-дудук жарандар үчүн атайын иштелип чыккан дактилологиялык системаны билген сабаттуу адам - тифлосурдо котормочу милдеттүү түрдө катышы керек.
45. Мындай котормону жасаган жак кызмат адамынын катышуусунда бүтүмдүн, арыздын же башка документтин мазмуну ага катышуучу сокур, же дүлөй-дудуктун эркине ылайык келгендигин ырастаган документке кол коет.
46. Оӊдолгон же болбосо ката жазылган, сөздөрү чийилген, же болбосо сүйлөшүлбөй туруп оӊдолгон документтерди, ошондой эле карандаш менен жазылган, ал документтин аныктыгына кызмат адамы шек жаратуучу документтерди кызмат адамы нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн алышпайт.
47. Нотариалдык күбөлөндүрүүчү бүтүмдөрдүн тексти так жана түшүнүктүү жазылган, документтин мазмунуна тийиштүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жолу сөздөр менен белгиленген, ал эми юридикалык жактардын аталыштары – юридикалык даректи көрсөтүү менен, кыскартпастан жазылган болуш керек. Жарандардын фамилиялары, аттары жана аталарынын аттары, алардын жекече маалыматтары, өздүгүн ырастоочу берилген документ алар катталган ордун жана/же жашаган жерин көрсөтүү менен толук жазылышы керек. Чет өлкөлүк жарандардын атынан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
48. Оӊдоого жол берилбейт, бош орундарга кошуп жазып койбош үчүн документтеги бош орундар чийилип коюлушу керек.
49. Таризделген документтин маӊызы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон кошуп жазуулар жана оӊдоолор (документтин мазмунун өзгөртүүчү же бүтүмдүн шарттарына таасир этүүчү) ырасталуучу жазуудан кийин же документтин аягында бүтүмдүн катышуучулары же нотариалдык иш-аракеттерди жасоого кайрылган кызыкдар болгон башка жактар тарабынан сүйлөшүлүп, өздөрүнүн кол тамгалары коюлуп ырасталышы, кызмат адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен бышыкталышы керек.
50. Эгер керээздин текстинде «үй мүлкү жана тиричилик буюмдары деген сөздөр «турак үй» деген сөзгө оңдолсо, анда оңдоону мындай түшүндүрүү керек: Чийилген «үй мүлкү жана тиричилик буюмдары» деген сөздөр окулбасын, «жазылган «турак үй» деген сөз - туура. Бул оңдоого керээз калтыруучу (же керээз калтыруучунун өтүнүчү боюнча башка адам) керээзди күбөлөндүргөн кызмат адамынын көзүнчө кол коет, оңдоо күбөлөндүрүүчү жазуунун аягында кызмат адамынын колунун алдында дагы кайталанат. Эгер оңдоолор тараптар кол койбоочу документтин текстинде болсо (мисалы, тексттин көчүрмөсү) алар күбөлөндүрүүчү жазуунун аягында түшүндүрүлөт жана кызмат адамы гана кол коет. Эгер күбөлөндүрүлүүчү же ырасталуучу документ туура эмес же сабатсыз баяндалса, кызмат адамы кайрылган адамга аны оңдоону же кайра толтурууну сунуштайт. Кайрылуучунун өтүнүчү боюнча документ кызмат адамы тарабынан, белгиленген өлчөмдө пошлина алуу менен толтурулушу мүмкүн.
51. Күбөлөндүрүлчү, берилчү же ырасталуучу документтер өз-өзүнчө бир нече баракта баяндалган учурларда алар тигилип, барактарына номур коюлуп, ал жөнүндө тийиштүү жазуу жазылып, кызмат адамынын колу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын гербдүү мөөрү менен бекемделүүгө тийиш.
52. Керээздерди, ишеним каттарды, документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын, колтамганын аныктыгын күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен формаларга ылайык күбөлөндүрүүчү жазуулар жазылат.
53. Күбөлөндүрүүчү жазуунун тексти кол жазма менен, же тиешелүү жазуунун тексти бар штампты колдонуу менен жасалышы мүмкүн, же басылып чыгарылышы же НБМТ колдонуу менен түзүлүшү мүмкүн.
54. Документтеги (ишеним каттагы, керээздеги ж.б.) күбөлөндүрүүчү жазуу ошол эле бетке жарандын колунан кийин же документтин арткы бетине же өзүнчө баракка жазылат. Күбөлөндүрүүчү жазуу өзүнчө баракта баяндалган учурларда, ошондой эле күбөлөндүрүлүүчү же ырасталуучу документтин мазмуну бир нече баракта баяндалганда, бардык барактар (күбөлөндүрүү жазуу жана документтин тексти менен) тигилип, номер коюлуп, ал жөнүндө тийиштүү жазуу менен белгиленүүгө тийиш.
55. Кызмат адамы өз атына жана өзүнүн атынан, жубайынын атына жана анын атынан, өзүнүн (өз жубайынын) туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, анын ичинде асырап алынган балдарынын (кыздарынын), неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата, чоң энелеринин, (таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан, анын камкорчулугуна (көзөмөлчүлүгүнө) алынган адамдардын атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого, тиешелүү мекеменин кызматкерлеринин, кызмат адам менен эмгек мамилелеринде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуксуз.
56. Эгер көрсөтүлгөн документтин чындыгынан шек туулса, кызмат адамдары ал документти кармап, экспертизага жиберүүгө укуктуу. Документ экспертизага негизделген кат менен жиберилет, ал катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) документ жөнөтүлгөн күнү, документти жөнөткөн кызмат адамынын фамилиясы, инициалдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы;
2) анын атына берилген документтин аталышын;
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн документ ким тарабынан берилгендигин (аты-жөнү, жашаган жери);
4)документти экспертизага жиберүү зарылдыгын жараткан жагдайларды;
5) экспертиза жүргүзүү үчүн документ каякка (кайсы эксперттик мекемеге) жиберилет;
6)  эксперттин корутундусу керек болгон маселелер.
57. Кызмат адамдары төмөнкүдөй учурларда нотариалдык иш-аракетти жүргүзүүдөн баш тартышат:
1) мындай иш-аракеттерди жасоо мыйзамдарга каршы келсе;
2) иш-аракет башка кызмат адамы тарабынан жасалышы тийиш болсо;
3) нотариалдык иш-аракет жасоо өтүнүчү менен аракетке жөндөмсүз адам, же керектүү ыйгарым укукка ээ болбогон өкүл кайрылса;
4) юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм анын уставында же жобосунда жазылган максаттарга каршы келсе;
5) бүтүм мыйзамдын талаптарына шайкеш келбесе;
6) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн берилген документтер мыйзамдардын талаптарына же Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келбесе;
7) нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө аракетке жөндөмдүү болсо дагы, ошол учурда өзүнүн иш-аракеттеринин маӊызын түшүнбөгөн абалда турган же аны башкара албаган (алкоголдук абалдагы, баӊги зат колдонуп мас болуп турган) адам кайрылса.
58. Кызмат адамдары нотариалдык иш-аракеттер жүргүзүүгө баш тартылган жактын өтүнүчү боюнча мыйзамга шилтеме берүү менен, баш тартуунун себебин жазуу түрүндө баяндап, жана ага даттануу тартибин түшүндүрүп берүүсү керек. Мындай учурларда кызмат адамы нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө токтомду үч жумушчу күндөн кечиктирбестен чыгарат.
59. Баш тартуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) токтом чыгарылган датасы жана орду;
2) кызмат адамдын аты-жөнү,
3) нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган жарандын аты, фамилиясы жана атасынын аты, жашаган жери, же юридикалык жактын аталышы жана дареги;
4) ага карата нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартылган негиздер (мыйзамдардын ченемдерине шилтеме менен);
5) токтомду даттануу тартиби жана мөөнөтү.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органдын турган жери боюнча сотко он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.
60. Кызмат адамы тарабынан жасалуучу бардык нотариалдык иш-аракеттер НБМТ жана кагаз бетиндеги нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде катталат.
61. Кагазда жүргүзүлүүчү реестрлер боолонушу, барактарына номерлер коюлушу, барактарынын саны тиешелүү аймактык юстиция башкармалыгынын кызматкеринин кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Кызматкердин кол тамгасы тиешелүү юстиция органынын мөөрү менен бекитилет.Нотариалдык иш-аракеттерди кагаз бетине реестрде карандаш менен жазууга жол берилбейт. Реестрде оңдоого жол берилбейт, түзөтүүлөр кызмат адамы менен сүйлөшүлүшү жана кызмат адамдын кол тамгасы жана энчилүү мөөрү менен тастыкталышы керек. 
62. Эгерде реестрде нотариалдык иш-аракеттерди жазууда же номерлөөдө каталар аныкталса жана нотариалдык иш-аракетти жазуу оңдолсо, ошондой эле жаңылыш жасалган жазууну жокко чыгаруу зарылчылыгы болсо, кызмат адамы бул жөнүндө реестрге,  «таризделген документти алгандыгына тил кат» бөлүмүнүн графаларына тийбестен, белги коет жана  өзүнүн колу жана жеке мөөрү менен бышыктайт.
63. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун электрондук реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү НБМТ жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.
64. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо ырасталган же күбөлөндүрүлгөн документтердин нускасынын санын реестрде белгилөө менен, ар бир нотариалдык иш-аракетке катар бир номер ыйгарылат. Бул документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрүүгө жана банктык карточкалардагы кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүүгө таандык эмес, мында документтин ар бир нускасына (документтин же банктык картанын көчүрмөсүнө) катар бир номер ыйгарылат. Аны менен нотариалдык иш-аракет реестрде катталган номер берилүүчү документтердин ырастоочу жазууларында көрсөтүлөт.
65. Нотариалдык бардык иш-аракеттер жазыла турган кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринин формасы бирдей болгондуктан дыкат жана түшүнүктүү жазуу аркылуу көк же кара сыя менен жүргүзүлөт. Сүйлөшүүчүлөрдүн милдеттүү түрдө макулдугу боюнча жазуунун мазмунун аныктоого мүмкүн берүүчү сөздөрдү кыскартууга, түзөтүүлөрдү (аягына чейин жазууга, кошуп жазууга, оӊдоого) киргизүүгө жол берилет. Бардык ката жазылгандарды, анан чийилип же оӊдолуп коюлгандарды баштапкы түрүндө окуй алгыдай болуп оӊдоолор жүргүзүлүшү керек, мында түзөтүчү боек пайдаланууга жол берилбейт. Түзөтүүлөр кызмат адамдын коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.
66. Реестрде нотариалдык иш-аракеттердин номерлөөсүндө каталар табылган учурда, кызмат адам ката табылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен убакытта кызмат адамдын мөөрүнүн изи жана дата коюулуп, кол тамгасы менен күбөлөндүрүлгөн акты түзөт. Акт реестрдин аягында клей менен чапталат, клейдин ордуна кызмат адамдын кол тамгасы менен мөөрдүн изи коюлат, мында мөөрдүн изинин жарымы актыда, экинчи жарымы реестрде болушу керек.
67. Кагаз жүзүндөгү нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринин 1-графасында жылдын башынан берки нотариалдык иш-аракеттин катар номери көрсөтүлөт, ал НБМТ электрондук реестрдеги номерге иденттүү болушу керек нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун электрондук реестринде нотариалдык иш-аракет катталган номер кызмат адамы берген документтерде тийиштүү ырастоочу жазууларды жүргүзүү аркылуу көрсөтүлөт.
2-графада нотариалдык иш-аракет жасалган дата белгиленет, ал ырастоочу жазуунун датасына туура келиши керек.
3-графада алар үчүн нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын, же алардын өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, камкорчунун, көзөмөлдөөчүнүн) фамилиялары, аттары, аталарынын аттары, юридикалык жактардын аталыштары көрсөтүлөт. Ошол эле графада ишеним кат менен чыгуучу жактардын, кол коюучулардын, котормочулардын, күбөлөрдүн, мурасты аткаруучулардын фамилиялары, аттары, аталарынын аттары көрсөтүлөт.
Кызмат адамы тарабынан таризделген документтин нускасы кызмат адамынын көктөмүндө калган учурда, алар үчүн нотариалдык иш-аракет жасалган жарандын дареги көрсөтүлбөйт.
Бир адам же бир нече адам нотариалдык иш-аракеттердин реестринде катталган нотариалдык иш-аракеттерди жасагандан кийин башка нотариалдык иш-аракеттерди жасатууга кайрылса, реестрдин 3-графасында «ошол эле» деген сөздү же нотариалдык биринчи иш-аракеттин жазуусунун номерине шилтемени көрсөтүүгө жол берилет.
Реестрдин 4-графасында паспорттун сериясы, номери, берилген датасы, ким тарабынан берилгени же нотариалдык иш-аракеттин жасатуу үчүн келген адамдын өздүгүн аныктоочу документ көрсөтүлөт.
Кызмат адам ал боюнча кайрылган жактын өздүгүн аныктоого карата шектин талашсыздыгын белгилеген бир нече документти көрсөтө алат.
5-графада нотариалдык иш-аракеттин кыскача мазмуну жазылат.
Сөздөрдү алардын маанилери түшүнүктүү болгудай кыскартууга жол берилет.
6-графада нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн алынган мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлөт. Ал үчүн нотариалдык иш-аракеттер жасалып жаткан адам, мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулган болсо, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин тиешелүү беренесине шилтеме берүү менен, алымдан бошотуунун негизи көрсөтүлөт.
Нотариалдык кеңсенин имаратынан тышкары жерде нотариалдык иш-аракет жасалганда, 6-графада ал боюнча нотариалдык иш-арает жасалган дарек көрсөтүлөт.
7-графада таризделген документти алган адам кол тамгасын коет.
68. Кызмат адамдары аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жарандардын жана юридикалык жактардын арыздары боюнча же тапшырмалары боюнча, ошондой эле алардын өндүрүшүндө кылмыш-жаза жана жарандык иштер боюнча тургандыгына байланыштуу соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын жазуу түрүндөгү талабы боюнча жана «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруугап (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамда каралган учурларда финансы чалгыны чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринен көчүрмөлөрдү беришет.
69. Реестрден көчүрмө ырастоочу жазууну өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары жүргүзүү менен нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестринде, мамлекеттик алымды алуу менен катталат.
70. Кызмат адамдары өзүнүн тапшыруусу боюнча же өзүнө карата нотариалдык иш-аракеттер жүргүзүлгөн жеке жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берген, күбөлөндүргөн же ырастаган документтер жоголгон учурларда жоголгон документтердин дубликаттары берилет.
71. Документтердин дубликаттары ушул Нускаманын 4-пунктунун талаптарын сактоо менен берилет. Документтин дубликаты күбөлөндүрүлгөн же берилген документтин бүткүл мазмунун камтууга тийиш.
72. Керээздин дубликаты керээзде көрсөтүлгөн мураскорлорго алар мурас калтыруучунун өлүмү жөнүндө күбөлүктү тапшырганда гана берилет.
73. Нотариалдык жактан тастыкталган бүтүмдөрдүн нускалары жана мураска калтырылчу мүлктү тизмелөө актылары наряддарда сакталат.
74. Нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө негиз болгон документтер бүтүмдөрдүн, мүлктү тизмелөө актыларынын, аткаруу баракчаларынын ж.б. наряддарда калтырылчу нускасына тиркелет. Түп нуска документтерди (мисалы, башка адамга ишенип берүү укугу менен берилген ишеним катты) кайруу зарыл болгон учурларда аларды тапшырган адамдарга көчүрмөлөрү калтырылат.
75. Көчүрмөлөрдү кызыкдар адамдар же алардын өтүнүчү боюнча кызмат адамы даярдайт. Аталган документтердин көчүрмөлөрүн кызмат адамы күбөлөндүрүп, ал жөнүндө «Түп нуска менен бирдей» деген жазуу жазылат. Андан ары кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы, инициалдары жазылат жана анын колу коюлат.
76. Нотариалдык иш-аракетти жүргүзүүгө кайрылган адамдардын, алардын өкүлдөрүнүн же юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер аларды тапшырган адамдарга көчүрмөсүн калтырбастан кайра берилет, бирок нотариалдык иш-аракетти каттоо реестринде документтин аталышы, анын номери, берилген күнү жана документти берген мекеменин аталышы жазылат.
77. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» Мыйзамынын 29-беренесине жана ушул Нускамада каралган нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндүк үчүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексине ылайык мамлекеттик пошлина алышат. Мыйзамда жеке жана юридикалык жактар үчүн каралган жеңилдиктер ал адамдарга кызмат адамдары нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзгөндө колдонулат.
 
3.     Керээздерди күбөлөндүрүүнүн өзгөчө эрежелери
 
78. Керээз бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Керээздерди ырастоодо кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1131 жана 1132-беренелеринин  жетекчиликке алат.
79. Керээз берүүчүдөн керээзди ырастоодо керээзге калтырылуучу мүлккө анын укуктарын тастыктоочу далилдерди берүү талап кылынбайт.
80. Керээз берүүчү келечекте сатып алынышы мүмкүн болгон мүлктүк укуктарды жана мүлктү керээз кылууга укуктуу.
81. Жарандын өздүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталгандан кийин, кызмат адам керээз берүүчүнүн эркин баяндоону аныктайт, берүү укугу жана милдеттүү үлүшүнүн укугу боюнча талапкер боло алышы мүмкүн болгон мураскорлордун укуктарын, ошондой эле алардын мүлктөн бериле турган үлүштү аныктоого талапкер болушу мүмкүн болгон чогуу ээлик кылуучулардын укуктарын ага түшүндүрөт.
82. Кызмат адам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1149-беренесинин мазмунун керээз берүүчүгө түшүндүргөнү жөнүндө белгилейт, ал тууралуу керээз берүүчү белгиленген берененин мазмуну түшүндүрүлгөнү жөнүндө кол тамгасын коюу менен тастыктайт.
83. Керээзди керээз берүүчү өзү жазышы, же кызмат адамы тарабынан анын оозунан жазылышы керек.
84. Керээз, керээз берүүчүнүн жеке өзү тарабынан жазылышы керек. Керээзди өкүлү аркылуу жазууга жол берилбейт.  
85. Керээз ага кол тамга коюлганга чейин кызмат адамдын катышуусу менен керээз жазган адам тарабынан окулушу зарыл. Андан кийин керээз жазуучу кызмат адамдын катышуусунда керээзге өзүнүн кол тамгасын коет.
86. Керээз калтыруучунун оозунан жазылган керээз, керээзге кол тамга коюлганга чейин кызмат адамдын катышуусу менен керээз калтыруучу адам тарабынан толук окулушу зарыл, ал жөнүндө керээз калтыруучу адам кол тамгасын койгончо, жана кызмат адамдын ырастоочу жазуусунда баяндалат.
87. Эгер мурас калтыруучу дене бойлук кемтигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди жеке өзү окууга жана /же ага кол коюуга алсыз болсо, анын тексти ал үчүн кызмат адамы тарабынан жарыяланат, ал тууралуу мурас ээси жеке өзү окуй албаган жана/же керээзге өзү кол кое албаган себебин көрсөтүү менен керээзге тиешелүүө жазууну жүргүзөт.
88. Эгерде мурас калтыруучу өзүнүн дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам керээзге өз колу менен кол кое албаса, анда керээзди тариздөө ушул нускаманын биринчи бөлүгүндө баяндалган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
89. Керээзди ырастоодо төмөнкүлөр кол коюучу катары боло албайт:
1) керээзди күбөлөндүрүүчү кызмат адамы;
2) анын пайдасына керээз түзүлгөн же керээз берүүчүдөн баш тартуу жасалган жак;
3) мындай адамдын жубайы, анын балдары, ата энелери, неберелери, чөбөрөлөрү;
4) мурас калтыруучунун мыйзам боюнча мураскорлору;
5) толук өлчөмдө аракетке, жөндөмгө ээ болбогон жактар;
6) керээзди окуй албаган сабатсыз же башка адамдар.
90. Керээзде аны түзгөн орду, датасы жана убакытысы көрсөтүлүшү керек. 
91. Кызмат адам өзү ырастаган керээздин нускасын керез ээсинин жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариуска жиберет.
92. Керээз үч нускадан кем эмес нускада түзүлөт, анын бири керээзди ырастаган кызмат адамдын иш-көктөмүндө сакталат, экинчиси керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебине эсепке алуу жана сактоо үчүн үч жумушчу күндүн ичинде ведомстволук нотариалдык архивге жиберилет, үчүнчү нускасы керээз ээсине берилет. Керээз түзүлгөн күнү «Архив» АМСна киргизүүгө тийиш.  
 
4.     Жашыруун керээзди ырастоонун өзгөчөлүктөрү.
 
93. Жашыруун керээз керээз калтыруучунун каалоосу боюнча анын мазмуну менен тааныштырбастан ырасталат.    
94. Жашыруун керээз анын жараксыздык коркунучунан улам керез ээсинин өз колу менен жазылышы жана кол тамга коюлушу керек.
95. Керээз эки күбөнүн жана кызмат адамынын катышуусунда конвертке салып чапталып, ага күбөлөрдүн ар бири өзү фамилиясын, атын, атасынын атын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүү менен өзүлөрүнүн кол тамгаларын коюшу керек. Андан кийин күбөлөр кол койгон конверт ошол эле күбөлөрдүн жана кызмат адамдын катышуусунда башка конвертке салып чапталат, анда кызмат адам ырастоочу жазууну жүргүзөт.
96. Жашыруун керээз кызмат адамдын өзүнчө нарядында же Ведомстволук нотариалдык архивде сакталат.
97. Жашыруун керээзди нотариалдык иш- аракеттерди каттоо реестринде каттоодо керээз калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт; «Нотариалдык иш аракеттин мазмуну» графасында «жашыруун керээз» деп жазылат, реестрде ошондой эле күбөлөрдүн фамилиясы, аты, аталарынын аттары жана паспорттогу маалыматтары, кол тамгалары көрсөтүлөт.
98. Мурас калтыруучу өз мүлкүн тескегенден сырткары, керээзде керээздик баш тартууну, милдеттерди жүктөөнү кошуп жаза алат.
99. Керээз жазуудан баш тартылган керээз мүлктүк талаптар менен дайыма байланышта жана керээзге тиркелиши керек, болбосо ал юридикалык күчкө ээ болбой калат. Керээз жазуудан баш тартуу менен керээздин аткаруучусу болуп, мураскорлордун ичинен дагы адам, жана башка адамдар да боло алышат.
100. Керээз калтырып жүктөө менчик менен байланышпаган жүктөрдү жөнгө салат. Милдеттерди жүктөө менен түзүлгөн керээзде керээз боюнча мураскорлордун ичинен керээзди аткаруучу, жана анын кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдети көрсөтүлөт.
101. Керээз калтыруучу керээзди өзгөртүүгө же жокко чыгарууга укуктуу.
102. Керээзди өзгөртүү жаӊы керээзди түзүү, мурда ырасталган керээзди жокко чыгаруу жана жаӊысын түзүү аркылуу керээзди жокко чыгаруу жөнүндө тийиштүү арызды берүү менен жүргүзүлөт.
103. Керээзди жоюу жөнүндө арызга коюлган колдун аныктыгы кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
104. Жасалган керээзди, мурда жасалган керээзди жокко чыгаруучу же өзгөртүүчү жаӊы керээзди алганда, кызмат адамында сакталган керээздин нускасында жана керээздерди эсепке алуунун алфавиттик китебинде бул тууралуу белги коюшат.
105. Анда керээз катталган нотариалдык иш аракеттерди каттоонуну реестри, ошондой эле керээздердин алфавиттик эсепке алуу китеби ведомстволук нотариалдык архивдин иш-көктөмүндө, же болбосо керээзди ырастаган кызмат адамында сакталса, жокко чыгаруу жөнүндө арыз аны жокко чыгаруу жөнүндө маалымат киргизүү үчүн тийиштүү архивге жиберилет.
106. Эгерде керээз жазып калтыруучу өзүндө болгон керээздин нускасын берсе, анда керээзди жоюу жөнүндө белги ушул нускада да коюлат, андан кийин жоюу жөнүндө арыз менен бирге архивде сакталуучу керээздин нускасына тиркелет.
107. Көчмө керээзди ырастоодо, кызмат адам керээздин текстине нотариалдык иш аракет жасалган жерди жана убакытты көрсөтөт
 
5. Ишеним катты күбөлөндүрүү
 
108. Ишенним кат бир тараптуу бүтүм болуп саналат. Ишеним каттарды берүү жарандын жалгыз өзүнүн ыктыяры боюнча өз эркин туюндуруунун конституциялык укугу болуп саналат. Ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө нотариус мүлктүн же укуктун жеке жакка таандыктыгын, ошондой эле мүлктү тескөөгө оорчулуктардын, мүлктүк укуктардын бар экендигин текшербейт.
109. Ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө кызмат адам кайрылган жактын өздүгүн гана текшерет жана эгерде ишеним кат үлүштүк биргелешкен менчикте болгон мүлктү же мүлктүк укукту тескөөгө берилип жатса, башка чогуу ээлик кылуучулардын ишеним каттарынын жана жубайынын макулдугун бир маалда күбөлөндүрүүнү талап кылууга укуксуз.
110. Кызмат адамдар ишеним катты бир же бир нече адамдардын атынан күбөлөндүрөт.
111. Ишеним каттын текстинде ага кол коюлган дата жана орду, өкүлдүн жана ага өкүлчүлүккө чыккан адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттогу маалыматтары, персоналдык идентификациялык номери (юридикалык жактын толук аталышы) жана жашаган жери (юридикалык жактын жайгашкан жеринин дареги) көрсөтүлүшү керек.
112. Ал жасалган дата көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз.
113. Ишеним каттын иштөө мөөнөтү жазуу жүзүндө белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 203-беренесинин 4-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, 3 жылдан ашпашы керек.
114. Эгер ишеним катта иштөө мөөнөтү көрсөтүлбөсө, ал жасалган күндөн баштап бир жыл бою күчүн сактап турат.
115. Анда тартуу алуучу жак аталбаган жана тартууга берилүүчү предмет көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз болуп саналат.
116. Кайра ишеним кат берүү тартибинде берилген ишеним кат негизги ишеним катты берүү боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш, анда кайра ишеним кат берүү укугу жазылган.
117. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним кат негизги ишеним кат боюнча берилгенден ашык укукту өзүнө камтыбашы керек. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын аракети анын негизинде берилген ишеним каттын иштөө мөөнөтүнөн аша албайт.
118. Негизги ишеним катта берилген ыйгарым укуктарды жарым жартылай же толук ишенимди өткөрүп берүү укугу берилиши, же болбосо конкреттүү кайсы ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилиши мүмүкүндүгү макулдалышы мүмкүн.
119. Ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын текстинде негизги ишеним каттын күбөлөндүрүлүшүнүн датасы жана орду, ишенимди өткөрүп берүү укугу менен ишеним катты күбөлөндүргөн кызмат адамдын аталышы көрсөтүлүшү керек.
120. Негизги ишеним каттын көчүрмөсү кызмат адамда калуучу ишеним каттын нускасына тиркелет. Эгерде ишеним кат жана ишенимди өткөрүп берүү бир эле ошол нотариустун же кызмат адамы тарабынан сактоонун бир эле мөөнөтүнө күбөлөндүрүлсө, анда анын көчүрмөсү алынбайт.
121. Ишеним катты күбөлөндүрүүдө кызмат адам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-беренесинин мазмунун түшүндүрөт.
122. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 659 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн автотранспорт каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автотранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартиби тууралуу жобого ылайык, Дипломатиялык каттоо номуру бар транспорт каражаттарына ишеним каттарды күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
123. Ишеним кат берген адам, ишеним катты жана ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним катты жокко чыгарууга укукттуу.
124. Ишеним катты жокко чыгаруу үчүн ишеним кат берген адам ишеним кат берилген адамга жана ошондой эле ага белгилүү болгон үчүнчү жактарга кабарлаганга милдеттүү. Мындай адам ишеним катты токтотуу жөнүндө арызга коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүүчү кызмат адамына жардамга кайрыла алат. Кызмат адам кайрылган адамга ишенимдүү адамга жана арыздан саналып өткөн үчүнчү жактарга арызын өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтүшү мүмкүн.
125. Ишеним катты жок чыгаруу жөнүндө арыз берилгенде, ишеним кат берилген адам ишеним катты ырастаган кызмат адамга кайрылууга укуктуу. Ал жок болуп калган учурда, арызды кабыл алууга жана ишеним кат берген адамдын кол тамгасынын аныктыгын кандай болбосун кызмат адамы күбөлөндүрүүгө укуктуу. Мында жокко чыгаруу жөнүндө арызды кабыл алган кызмат адам ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө ишеним катты ырастаган кызмат адамына же нотариуска кабар бергенге жана чыгарылган ишеним каттардын ачык реестрине киргизгенге милдеттүү.
 
6. Мурастык мүлктү коргоого чараларды көрүү
 
126. Мурасты ачуу жери боюнча кызмат адамы (мурас калтыруучунун туруктуу жашаган акыркы жери боюнча, эгерде ал белгисиз болсо - мурастык мүлктүн же анын негизги бөлүгүнүн турган жери боюнча) жарандардын, юридикалык жактардын билдирүүсү же болбосо өзүнүн демилгеси боюнча мурасчылардын, баш тартуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин таламдарына зарыл болсо мурастык мүлктү коргоо чараларын көрөт. Мурастык мүлктү коргоого чара көргөн кызмат адамы бул тууралуу мурас ачылган жердеги мамлекеттик нотариалдык кеңсеге билдирет.
127. Мурас калтыруучунун мүлкү же анын бөлүгү мурас ачылган жерде болбосо, кызмат адамы аны коргоого алуу чараларын көрүү жөнүндө мурастык мүлк турган жердеги жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органына тапшырма жиберет. Мурастык мүлктү коргоо чараларын көргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органынын кызмат адамы көрүлгөн чаралар жөнүндө мурас ачылган жердеги нотариалдык кеңсеге билдирет.
128. Мурастык мүлктү коргоого чараларды көрүү үчүн негиз болуп кызмат адамына кызыкдар тараптан арыздын келип түшүшү саналат. Арыз кирүүчү корреспонденциянын журналына, мурастык мүлктү коргоого чараларды кабыл алуу жөнүндө арыздарды эсепке алуу китебинде катталат жана ачылган мураскордук ишке тиркелет.
129. Бул мураскорлордун, баш тартууну алуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин кызыкчылыгында зарыл болгондо, кызмат адам өзүнүн демилгеси менен мурастык мүлктү коргоого чараларды кабыл алууга укуктуу.
Эгерде жалгыз бой жарандар каза болгондон кийин калган жана мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирбеген адамдарга мураска калтырылган тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктагы мүлктү коргоо чараларын көрүү жөнүндө билдирүү келип түшсө, нотариус бул мүлктү тизмектөө үчүн нотариат жөнүндө мыйзамдарда каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
130. Мурастык мүлк белгиленген формада үчтөн кем эмес нускада тизмектелет, бир нускасы мурастык иш көктөмүнүн материалдарына тиркелет, экинчиси кызмат адамы тарабынан дайындалган сактоочуга берилет.
Мураскорлукка кирүү жөнүндө арыз берген мураскорлордун бири сактоочу боло алат. Тизмектөөнү жүргүзүүдө кызмат адамы эки күбөнү чакырууга милдеттүү.
Тизмектөөнү түзүүдө кызмат адам видео-тартууну жүргүзүүгө жана видео тасманы иштин материалдарына тиркөөгө болот.
Мурастык мүлккө ишенимдүү башкарууну берүүдө сый акынын өлчөмүн же сый акынын жоктугун көрсөтүү менен ишенимдүү башкаруучуга өткөрүлүп берилет.
Ишенимдүү башкаруучу мураскордун (мураскорлордун) арызынан (арыздарынан) кызмат адамы тарабынан дайындалат, ал эми мураскорлор – ишенимдүү башкаруу мекемеси үчүн кайрылган адамдын арызынан же соттун актысынан дайындалат.
Ага карата ишенимдүү башкаруу ыйгарып жаткан Мураскордук мүлктүн наркы жөнүндө маалымат көз карандысыз баалоочунун отчетунан кызмат адамы тарабынан белгиленет.        
131. Тизмектөө актысында төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек: калган мүлк жөнүндө билдирүү же мураскордук мүлктүӊ коргоого карата чараларды кабыл алуу жөнүндө тапшырма келген дата; тизмектөө жазылган дата, тизмектөөгө катышып жаткан жактардын фамилиялары, аттары, аталарынын аттары жана даректери; мурас калтыруучунун фамилиясы, аты, атасынын аты, ал каза болгон убактысы жана тизмектөөгө алынып жаткан мөлк жайгашкан жер, имарат кызмат адамы келгенге чейин мөөр коюулуп жабылды беле жана ким тарабынан жүргүзүлгөн, пломба же мөөр бузулбаганбы; саналып өткөн предметтердин ар биринин толук мүнөздөмөсү жана баалоосу.
132.Тизмектөөдө кызмат адамы буюмдун же нерсенин абалын – жаӊы, мурда пайдаланылган, эскилигинин болжолдуу пайызын көрсөтүүсү керек. Сүрөттөлгөн предметтерди баалоо орто рыноктук баалар боюнча жүргүзүлөт (эскилигин эске алуу менен).
Мураскорлор адис-баалоочуну чакырганга укуктуу. Адис-баалоочунун эмгегин төлөө мураскорлор тарабынан жүргүзүлөт.
Тизмектөө актысынын ар бир бетинде буюмдардын (предметтердин) санынын жалпы жыйынтыгы жана баасы эсептелет.
Тизмектөө актысына каза болгон адамдын жашаган жери боюнча турган бардык мүлк киргизилет. Эгерде мурас калтыруучунун кыймылсыз мүлкүнүн бир нече объектиси болсо, анда ар бир объекти боюнча өзүнчө тизмектөө актысы түзүлөт.
Эгерде мүлктү тизмектөөнү жүргүзүү үзгүлтүккө учураса же бир нече күнгө созулса, имарат ар бир жолу кызмат адамы тарабынан мөөр коюлуп, бекитилет. Тизмектөө актысында тизмектөөнү токтотуу жана аны кайра жандандыруу себеби жана убактысы жөнүндө, ошондой эле имаратты андан кийин ачканда пломбанын жана мөөрлөрдүн абалы жөнүндө жазылат.
Актынын аягында тизмектелген мүлк сактоого берилген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жери, анын өздүгүн ырастоочу документтин маалыматтары көрсөтүлөт.
Аларга айрым буюмдар таандык экендиги жөнүндө арыз тизмектөө актысына киргизилет, ал эми кызыкдар адамдарга ал мүлктү тизмектөөдөн чыгаруу жөнүндө доо менен сотко кайрылуу тартиби түшүндүрүлөт.
Эгерде кызмат адамына тизмектөө үчүн мүлккө киришүүгө тоскоолдук жаратышса, анда кызмат адамы акт түзөт жана кызыкдар адамдарга жана прокуратура органына маалымат берет, мурастык мүлктү кайтаруу боюнча чара көрүүнү токтото туруу жөнүндө же андан баш тартуу жөнүндө анын себебин көрсөтүү менен токтом чыгарат.
 133. Эгерде мүлк (мүлктүн бир бөлүгү) мурас ачылган жерде жайгашпаса, анда нотариус «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 69-беренесине ылайык аны коргоо чараларын көрүү жана мурастык ишке тиркөө үчүн тизмектин түп нускасын жөнөтүү жөнүндө тапшырманы отариуска же башка компетенттүү адамга жиберет. Мурастык мүлктү коргоо боюнча чараларды көргөн кызмат адам, аткаруу бийлигинин кызмат адамы бул чаралардын кабыл алынгандыгы жөнүндө мурас ачылган жердеги нотариуска билдирет.
134. Каза болгон адамдан кийин калган акчалай сумма нотариустун ачык депозиттик эсебине банкка өткөрүлүп берилет. 
135. Алтын, күмүш, платина жана тыйын формасындагы, куйма формасындагы жана чийки түрүндөгү платин тобундагы металлдар, чет өлкөлүк валюта жана чет өлкөлүк валютада жазылып берилген төлөм документтери (векселдер, чектер, которуулар ж.б.), чет өлкөлүк фондддук баалуулуктар (акциялар, облигациялар, аларга купондор ж.б.), баалуу металлдардан, баалуу таштардан жана жемчугдан буюмдар, ошондой эле баалуу таштар жана жемчуг кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча сактоого өткөрүлүп берилет.
Мурастык мүлктү коргоо тартибинде кызмат адамы тарабынан сактоого кабыл алынган көрсөтүлгөн баалуулуктар баалуулуктарды эсепке алуу киттебинде катталат. 
136. Каза болгон адамдын мүлкүнүн курамында болгон куралдар (мергенчиликтен башкасы) жана жарылма заттар ички иштер органдарына өзгөчө тизмектөө боюнча өткөрүлүп берилет.
137. Баалуу кол жазмалар, адабий эмгектер, тарыхый же илимий билимге ээ болгон каттар өзүнчө тизмектөөгө киргизилет жана мураскорлорго же тийиштүү уюмдарга жооптуу сактоого берилет. Зарылдыкта, мисалы, мураскорлору жок болгон учурда, кызмат адам документтерди же документтер коюлган сактоо жайын мөөр коюп бекитет.
138. Мурастык мүлктүн курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин кредиторлор мурас калтыруучуга доо менен кайрылган учурда, кызмат адам мурастык мүлктү башкаруучуну дайындайт, ал жөнүндө токтом чыгарат.
139. Аларга мурастык мүлк сактоого берилген сактоочулар, камкорчулар жана башка адамдар мурастык мүлктү короткондугу, алыстаткандыгы же жашыргандыгы үчүн жоопкерчилиги тартары жөнүндө, зыян келтиргени үчүн материалдык жоопкерчилик тууралуу алдын ала эскертилет. Ал тууралуу мурастык мүлктү тизмектөө актысында же сактоочуну же болбосо мурастык мүлктү тескөөчүнү дайындоо жөнүндө кызмат адамынын токтомунда баяндалган кол кат алынат.
140. Аларга мурастык мүлкт сактоого берилген сактоочулар, камкорчулар жана башка адамдар, эгер алар мураскорлор болуп саналбаса, мурастык мүлктү сактагандыгы үчүн сый акы алууга укуктуу. 
141. Сый акынын өлчөмү ага мүлк сактоого берилген адам менен макулдашуу боюнча кызмат адамы тарабынан белгиленет, бирок сактоого берилген мүлктүн баасынан 1,5%дан аша албайт. Жаныбарларды сактагандыгы үчүн сый акынын өлчөмү белгиленген төлөмдүн 50 пайызына көбөйтүлөт. Белгиленген адамдарга, ошондой эле мурастык мүлктү сактоо жана тескөө боюнча кереектүү чыгымдардын орду толтурулуп берилет. Бул чыгымдардын орду пайдаланылган мүлктөн иш жүзүндө алынган пайданы чыгарып салуу менен, берилген документтерге ылайык толтурулат.
142. Мурастык мүлктү кайтаруу мураскорлор ал мурасты кабыл алганга чейин улантылат, эгерде аларды кабыл албаса – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мурасты кабыл алуу мөөнөтү өткөнгө чейин улантылат.
Эгерде башка мураскорлору мурасты кабыл албаган учурда аларга мурастарга ээ болуу укугу жаралган адамдардан мурасты кабыл алууга макулдук жөнүндө кызмат адамына арыз түшсө, жана мурасты кабыл алуу үчүн мыйзам менен белгиленген 6 айлык мөөнөт өткөнгө чейин үч айдан кем эмес убакыт калса, Мурастык мүлктү кайтаруу мурас ачылган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин дагы улантылышы мүмкүн. Бул учурда мурастык мүлктү кайтаруу ушул пункттун 2-абзацында эскертилген бардык адамдары мурасты кабыл алганга чейин, ал эми мурасты алар кабыл албаса – эгер мурасты кабыл алуу үчүн алты айлык мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан кем болсо, ушул адамдардын кимдир-бирөөсүнөн мурасты кабыл алууга макулдук жөнүдө арыз түшкөн күндөн тартып үч ай өткөнгө чейин улантылат.
143. Кызмат адам мурастык мүлктү кайтарууга чаралардын токтогондугу жөнүнүдө мураскорлорго, ал эми мураска алуу укугу боюнча мүлк мамлекетке өтсө – тийиштүү мамлекеттик же муниципалдык органга алдын ала кабарлоого милдеттүү.
 
7. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү
 
144. Кызмат адамдар юридикалык жактар, ошондой эле бул документтер мыйзам актыларына карама-каршы келбесе, юридикалык мааниге ээ жана көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү мыйзам тарабынан тыюу салынбаган шартта жарандар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүшөт. Документтин көчүрмөсүнүн түп нуска менен тууралыгын күбөлөндүрүүгө ар бир адам кайрылууга укуктуу.
145. Бухгалтердик, финансылык жана бажылык, ошондой эле схемаларды, таблицаларды, башка графикалык сүрөттөрдү камтыган документтердин; алардын ишенимдүүлүгүнө шек туудурган өчүрүүлөр, кошуп жазуулар жана башка белгилери бар документтердин; документтин өзүндө көчүрмө алууга тыюу салынган же көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүгө мыйзам тарабынан жол берилбеген башка документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгы жөнүндө күбөлөндүрүүгө тыюу салынат;
146. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү менен, кызмат адамы документтин мазмунунун мыйзамдуулугун, анда баяндалган фактылардын чындыкка дал келишин, ага кол тамгаларын койгон адамдардын өздүгүн, аракетке жөндөмдүүлүгүн жана ыйгарым укуктарын, документти берген юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгүн ырастабайт.
147. Андан көчүрмө жасалган документте өз ара байланышы болбогон бир нече өзүнчө чечимдер камтылганда гана көчүрмөнүн аныктыгы ырасталышы мүмкүн. Көчүрмө документтин белгилүү бир маселе боюнча бөлүгүнүн толук текстин чагылдырууга тийиш.
Документтин күбөлөндүрүлүүчү көчүрмөсү же андан үзүндү көчүрмө документтин түп нускасы менен салыштырылат.
148. Көчүрмөнүн тууралыгы кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн же документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы анын атынан келип чыккан юридикалык жак тарабынан берилген шартта, документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн аныктыгы нотариустар тарабынан күбөлөндүрүлөт. Акыркы учурунда документтин көчүрмөсү бул юридикалык жактын фирмалык бланкында түзүлүүгө, мөөр басылып, документтин түп нускасы юридикалык жактын менчигинде экендиги жөнүндө белги коюлууга тийиш. Калган учурларда документтин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн көчүрмөсү күбөлөндүрүлөт, мында документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн датасы, реестрдик номери жана документтин бул нускасын нотариалдык жактан күбөлөндүргөн кызмат адамынын маалыматтары көрсөтүлөт.
149. Эгерде документтин түп нускасында катаны макулдашылган оңдоо камтылса, ага документти берген орган тарабынан кол коюлуп жана мөөр басылган болсо, анда кызмат адамы күбөлөндүрүүчү жазууга «макулдашылбаган оңдоолор жок – бирок макулдашылган оңдоо бар» деген жазууну жазат жана оңдолгон текстти кайталап көчүрүп жазат.
 
8. Документтерге коюлган колдун түп нускасын күбөлөндүрүү
 
150. Кызмат адамдар мазмуну мыйзам актыларына каршы келбеген документтердеги өз колу менен, факсимилдик жана электрондук кол тамга менен коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрүшөт.
151. Документтердеги кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүүдө кызмат адамына берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгына жоопкерчилик аларды берген жактарга жүктөлөт.
152. Анда кайрылган адамдын кол тамгасы кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ, эгерде анын колдонуу мөөнөтү белгиленбесе, мөөнөттүү мүнөздө боло албайт. Мындай документ аны арыз ээси жокко чыгарганга чейин күчүнө ээ болуп турат.
153. Кандай болбосун арыз, арыз ээси тарабынан чакыртылып алынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул учурда арыз ээси бардык кызыкдар адамдарга өзүнүн арызын жокко чыгаргандыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү экендигин кызмат адамы түшүндүрөт. Мында кызмат адамы арыз ээсинин арыздагы коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрөт. Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча кызмат адамы арызды кызыкдар адамдарга бере алат, ошондой эле берген же тапшырган фактысы жөнүндө күбөлүктү да бере алат.
154. Бүтүмдүн мазмуну баяндалган келишимде, керээзде, ишеним катта же башка документте дене бойлук кемчилиги, оорусу же башка себептердин кесепетинен өз колу менен кол кое албаган башка адам үчүн кол тамгасын койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгы гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, ошондой эле мындай документтин текстин жазуу түрүндө которууну жүзөгө ашырган котормочунун кол тамгасын күбөлөндүрөт.
155. Арызга арыз берүүгө жана ага кол тамга коюуга ыйгарым укуктуу жак (ишеним кат боюнча өкүл, же болбосо кол коюучу) тарабынан кол тамга койгон учурда, кызмат адамы ишеним каттын реквизиттерин же болбосо кол коюучунун кол тамгасынын аныктыгын, арыз ээси дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам өз колу менен кол тамгасын кое албаган себебин көрсөтүү менен, башка адам үчүн кол тамгасын койгон жактын кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт.
156. Дене бойлук кемтигинен, оорусунан же башка себептерден улам өз колу менен кол тамгасын кое албаган адам үчүн кол койгон адамдын кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү менен, кызмат адам кайрылган жактын өздүгүн жана ишке жөндөмдүүлүгүн жана кол коюучунун өздүгүн аныктайт.
Кызмат адамдар кол тамгалардын аныктыгын күбөлөндүрүү менен, документте баяндалган фактыларды ырастабайт, алар кол тамга белгилүү жак тарабынан жүргүзүлгөндүгүн гана тастыктайт.
Аны ырастоо мамлекеттик органга гана тийиштүү болгон жагдайлар анда тастыкталса, анда жарандын документтеги кол тамгасынын аныктыгы күбөлөндүрүлбөйт. Көрсөтүлгөн документтеги кол тамганын аныктыгы эгерде документ сотко же чет өлкөнүн башка мекемесине берүү үчүн багытталган учурларда, күбөлөндүрүлбөйт.
157. Эгерде нотариалдык формада тариздөөгө жана/же ыйгарым укуктуу органдарда каттоого жаткан кыймылдуу, кыймылсыз мүлктү ажыратууга макулдук жөнүндө арызга коюлган кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүү өтүнүчү менен жубайы кайрылса, кызмат адам кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрбөйт, «макулдукту» өз алдынча нотариалдык иш аракет катары тариздейт.
158. Банктын карточкаларындагы кол тамгалардын үлгүлөрүн күбөлөндүрүүдө, кызмат адамдар финансы документтерине кол кою укугуна ээ жактардын, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын жана аракетке жөндөмдүүлүгүн, жана юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укукка жөндөмдүүлүгүн текшеришет.
Биринчи же экинчи кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын ыйгарым укуктары, талаптагыдай таризделген ишеним кат боюнча жеке ишкердин, алардын өкүлдөрүнүн статусун кызмат адамы аны кызмат орунга дайындоо жөнүндө буйруктар, чечимдер, устав (жобо), уюмдаштыручу келишимдер, ошондой эле юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) маалыматтар базасы жана Юстиция министрлигиндеги расмий сайттагы жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча, Кызматташтыкка мүчө өлкөлөрдүн расмий сайттарынан, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк боюнча, же болбосо кагаз жүзүндөгү, электрондук формадагы да патент боюнча текшере алат.
159. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 85-беренесине ылайык, кызмат адамдар ден соолугунун абалынан улам өз колу менен кол тамгасын өз алдынча коюуга дене бойлук мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга факсимилдик кол тамганы ырастоо жөнүндө күбөлүк беришет.
160. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам техникалык каражаттардын жардамы аркылуу даярдалган штампты (клишени) кызмат адамына берет, аны менен кызмат адамдын катышуусунда кол коет, андан соң кызмат адам колтамганын үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы жөнүндө күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга берет. Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз колу менен коюлган колтамгага толугу менен теңдештирилет.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы