КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2017-жылдын 22-февралы №4-р
Жарандар Улукбек Бактыбекович Турдубековдун жана Дастан Далабайевич Бекешевдин кайрылуусуна байланыштуу "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья Э.Т.Мамыров,
судьялар - К.Абдиев, Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, М.Ш.Касымалиев, К.М.Киргизбаев, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, Ж.И.Саалаевдин курамында,
сот жыйналышынын катчысы - С.А.Джолгокпаеванын,
кайрылуучу тарап - Улукбек Бактыбекович Турдубековдун; жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Орозобек уулу Максаттын,
башка жак - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү Махамаджан Саитович Иминовдун катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6, 8, 9, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын
4,
18,
19,
37 жана
42-беренелерин жетекчиликке алып, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Жарандар У.Б.Турдубеков жана Д.Д.Бекешевдин өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ж.И.Саалаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 30-августунда жарандар У.Б.Турдубеков жана Д.Д.Бекешевдин "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацы конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучулар, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан аларга нотариалдык ишти жүргүзүүгө жол берилбейт деп көрсөтүлөт, У.Б.Турдубековдун жана Д.Д.Бекешевдин пикири боюнча бул Кыргыз Республикасынын
Конституциясы тааныган адам укуктары менен эркиндиктерин бузат.
Кайрылуунун субъектилери, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адебин сактоо, башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп белгилейт (Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү). Бирок, талашылып жаткан ченем, арыздануучулардын пикири боюнча, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин өлчөмсүз чектейт. Ушул жерден мыйзам чыгаруучунун жүйөсү күмөн бойдон турат, алынган же алынбаганына карабастан, соттуулугу бар адамдарга нотариалдык иш жүргүзүүгө тыюу салуу улуттук коопсуздук жана коомдук тартиптин корголушун кандай жол менен камсыз кылышы мүмкүн.
Арыздануучулардын пикири боюнча, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленгендей мыйзам алдында бардыгы бирдей деген теңдиктин принцибин бузууда.
Арыздануучулар өзүнүн талаптарын негиздөө катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 27-январындагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө чечимине шилтеме жасашууда. Ал чечимде, мыйзам чыгаруучу конституциялык корголгон баалуулуктардын, мамлекеттик жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун таап, укуктар менен эркиндиктерди мыйзам менен жөнгө салууда конституциялык ченем катары эсептелген адилеттик, теңдүүлүк жана өлчөмдөш принциптерин сактап, чектен чыкпаган, керектүү жана конституциялык максаттар менен талаптуу шартталган чараларды колдонуусу зарыл деп көрсөтүлөт.
Арыздануучулар болжогондой, бул сыяктуу чектөө, көбүнесе, укук коргоо кызматчыларына белгиленген болуу керек, ошону менен бирге, нотариалдык ишмерлик менен укук коргоо органдарынын ишмерлиги чектеш эмес деп белгилешет арыздануучулар, ушуга байланыштуу, жогоруда аталган органдардын кызматчыларына колдонулган чектөөлөр нотариустарга колдонулушу мүмкүн эмес.
Баяндалганды негиз кылып, кайрылуучу тарап "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацын Кыргыз Республикасынын
Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну сурайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 3-октябрындагы аныктамасы менен кайрылуучу тараптын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынды.
Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын колдоп, талашылып жаткан ченем жарандардын иш тандоого болгон укуктарын чектейт деп көрсөтүштү (Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 42-беренесинин 3-бөлүгү).
Жоопкер тараптын өкүлү Орозобек уулу Максат кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок, нотариатка жеке-укуктук тармакта жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү милдети жүктөлгөн, ал милдет адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин таануу жана коргоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдетинен келип чыгат деп көрсөттү. Ошону менен бирге, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы менен атайылап кылмыш жасаган соттуулугу бар адамды, соттуулугу алынган же алынбаганына карабастан нотариалдык ишмерликке улуксат берсек, төмөнкүлөр сыяктуу кесепеттерге кабылышыбыз мүмкүн: өз ыйгарым укуктарын тиешесинче аткарбоо, нотариустун ыйгарым укуктарын кыянатчылык менен пайдалануу, жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматты атайылап жайылтуу. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу киргизген чектөө башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү М.С.Иманов "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-беренесине ылайык нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет. Нотариат жарандык мамилелердин катышуучуларынын мүлктүк бүтүмдөрдү түзүүнүн жана аткаруунун милдеттүү укуктук мамилелер жаатында укуктар менен кызыкчылыктарынын укуктук корголушун камсыз кылып, алардын өзгөчө талаптарын камсыз кылууга чакырылган. Ошентип, нотариустун иши - эл ичинде, демек нотариус болуп кынтыксыз адамдар иштөөсү керек.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкү жыйынтыктарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болуп "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацы саналат:
"4-статья. Нотариус
Нотариалдык ишти жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга жол берилбейт:
- атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу барлар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан.".
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-майындагы № 70
Мыйзамы белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин Тоо" гезитинде 1998-жылы 10-июнда № 71-72 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар мамлекеттик реестринде катталган жана колдонуудагы акт болуп саналат.
2. Мыйзам алдында баары бирдей деген теңдиктин конституциялык принциби эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле адамдын жана жарандын коомдук жана жеке турмуштун ар кандай жаатында укуктук мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин бузууга алып келүүчү башка жагдайлары боюнча кандайдыр бир айырмачылыкты, жокко чыгарууну же артыкчылык берүүнү мыйзам болжобойт (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренеси). Көрсөтүлгөн принциптин конституциялык-укуктук маанисин дал ушинтип түшүнүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы, 2014-жылдын 7-октябрындагы, 2015-жылдын 8-апрелиндеги, 2016-жылдын 11-майындагы чечимдеринде чагылдырылган.
Көрсөтүлгөн чечимдерде коргоого кепилдик берүүчү теңчилик принцибин сактоо башка нерселерден тышкары объективдүү жана аң-сезимдүү актанууга ээ болбогон бир эле категорияга кирген адамдардын укуктарына ушундай айырмачылыктарды киргизүүнү түшүндүрөт; укук субъекттери тең укуктуу шарттарда тең укуктуу абалда болушу керек, эгерде шарттар бирдей эмес болсо, мыйзам чыгаруучу аларга ар түрдүү укуктук макам коюшу керек.
Формалдуу түрдө тең укуктуу субъекттерге бирдей мамиле жасоону камтыган конституциялык принцип ар кандай категорияларга таандык болгон адамдарга бирдей кепилдиктерди берүү зарылчылыгын шарттабайт, ал эми мыйзам алдындагы теңчилик, анык айырмачылыктары жана алардын мыйзам чыгаруучу тарабынан эске алынуу зарылчылыгын жокко чыгарбайт.
Буга ылайык мыйзам чыгаруучу аткарылган иш милдеттери, корголуп жаткан кызыкчылыгы укуктуу жана өлчөмдөш жалпы маанидеги конституциялык максаттарга ылайык келген башка кырдаалдарга карата белгилүү субъекттер үчүн жалпы тартиптин ичинен айрым жоболорду алып салууга жана кандайдыр бир жеңилдиктерди киргизүүгө укуктуу (2015-жылдын 8-апрелиндеги чечим).
3. Кыргыз Республикасынын
Конституциясы адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелинип, инсандын укуктарын таануу, сактоо жана коргоо укуктук мамлекеттин ажырагыс белгиси, анын милдети деп конституциялык принципти декларация кылат.
Мамлекет бул конституциялык принципти жүзөгө ашырып, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттик коргоонун универсалдык укуктук каражаты болуп саналган соттук коргоого болгон укук менен бирге, анын ичинде ар кимдин юридикалык квалификациялуу жардам алууга кепилдик болуучу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары механизмдерин камсыз кылууга милдеттүү (Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 40-беренесинин 3-бөлүгү).
Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун укуктук механизмдерин жаратып, укук бузуу минимумга түшкөн шарттарды түзүүсү керек, башкача айтканда, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого багытталган алдын алуучу сот адилеттүүлүгүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуусу керек. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары усулдарын өнүктүрүп, мамлекет укуктук мамилелеринин катышуучуларына бүтүмдөрдү жасоого, алардын аракеттери юридикалык бекемделишине жана алардын укуктарынын корголушуна көмөктөшөт. Ушул мааниде нотариат мамлекетке анын укук коргоочулук, фискалдык жана соттук-юрисдикциялык иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга жардам берүүчү укуктук тутумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
4. Талаш болбогон учурда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары ыкмаларын бири катары нотариат чыгат, аны ишмерлиги "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы менен регламенттелген.
Көрсөтүлгөн Мыйзам нотариатты мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жана жеке нотариустардын тутуму катары, ага Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан мыйзамдарда каралган нотариалдык аракеттерди нотариус аркылуу жасоо жолу менен жарандардын жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо милдетин жүктөгөн.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-беренесине ылайык нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткарылуу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул
Мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет.
Нотариалдык ишмерликтин мазмуну колго тийчү укуктардын ишке ашырылуусун камсыз кылуу жана аларды белгиленген юридикалык формада бекитүүдө турат. Ошон үчүн натыйжалуу иштеген нотариат ага мыйзамдарда берилген ыйгарым укуктар алкагында соттон тышкары жарандык юрисдикциядагы маанилүү каражаттардын бири болуп саналат жана мамлекеттин укуктук тутумунда өзгөчө орунду ээлейт.
5. Кыргыз Республикасынын
Конституциясы жарандардын укуктары менен эркиндиктерин мамлекеттик коргоону, анын ичинде квалификациялуу юридикалык жардам берүү жолу менен да кепилдейт. Кыргыз Республикасынын
Конституциясында жарандын укуктарынын бузулушун болтурбоо бекитилген мамлекет милдети нотариат аркылуу ишке ашырылат. Нотариат институту ушул мааниде коомдук-укуктук иш-милдети жеке жактардын кызыкчылыгында гана болбостон, коомдун да, мамлекеттин да кызыкчылыгын бүтүндөй аткарат.
Нотариаттын коомдук-укуктук ишмерлиги укуктук жүзөгө ашыруучулук, укук коргоочулук, фискалдык жана нотариалдык иш милдеттер аркылуу жүзөгө ашырылат. Нотариалдык аракеттер жасалып жаткан жарандын укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук жүрүм-турумунун тиешелүү укуктук шарттарды камсыз кылуусу - нотариалдык аракеттердин катышуучуларынын ишмерлигинин укуктук жүзөгө ашыруучулук ишмерлиги болуп саналат. Нотариаттын укук коргоочулук иш-милдети аны коомдук-укуктук институт катары ордун чагылдырат, ал жарандык мамилелердин катышуучуларынын юридикалык аракеттеринин мыйзамдуулугун жана укук ченемдүүлүгүн камсыз кылат, жарандык болобу, жазык болобу, укук бузуулардын деңгээлин азайтат.
Нотариаттын фискалдык иш-милдети анын коомдук-укуктук табиятынан жана нотариаттын бир катар мамлекеттик милдеттерди чечүүгө көмөктөшүү зарылдыгынан келип чыгат. Нотариустар ыйгаруу келишимдерин жана мураскерлик укугу жөнүндө күбөлүктөрдүн берилүүсүн ырастоо жөнүндө салык органдарына маалымат берүүгө милдеттүү, ушул иш-милдети менен нотариустар мамлекетке тиешелүү салыктарды алуу максатында бул жарандык актыларга көзөмөл жүргүзүүгө жардам берет.
Нотариалдык иш-милдет юридикалык мааниси болгон фактыларды жана актыларды так белгилөөнү, ошондой эле бул каражаттардын далилдүү күчүн сактоону негиз кылат.
Нотариат жарандык юрисдикциянын органы катары, юрисдикциялык иш-милдетти да аткарат. Бул жерде ал юрисдикциялык ишмерликтин бардык төмөнкү формаларын аткарат: ыкчам-аткаруучулук, укук белгилөөчүлүк, ошондой эле айрым учурларда жарандык укуктардын мажбурланып жүзөгө ашырылуусу боюнча укук колдонуучулук дагы.
Ошентип, мамлекет нотариат институту аркылуу мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону, менчикти кайтарууну жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечет. Ошон үчүн нотариаттын ишмерлиги коом алдындагы мамлекеттин коомдук жоопкерчилик жаатында турат.
6. Конституциялуулугу талашылып жаткан "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 3-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацы атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан нотариалдык ишмерликке жол берилбейт деп аныктайт.
Атайылап жасаган кылмыш - жалпы кабыл алынган эрежелердин чегинен чыгып кетүүчү, билип туруп жасалуучу жана айланадагылар үчүн кооптуулукту туудурган социалдык жүрүм-турумдун кооптуу түрү. Атайылап кылмыш жасаган адамга терс социалдык сапаттар жана таламдар мүнөздүү. Ошон үчүн, качандыр бир атайылап кылмыш жасаган адам, кандай болгон күндө да, коом тарабынан күмөн ойлорду туудуруп, мындай адамдар иштөөнү ниет кылган коомдук-укуктук институттарга жарандардын ишенимин кескин түрдө үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.
Мамлекеттин атынан укук коргоочулук-юрисдикциялык иш-милдеттерди жүзөгө ашырган нотариат мамлекеттик жана жеке иштеген нотариустардын тутуму болуп, коомдун тиешелүү деңгээлде ишеними болмоюн толук кандуу жана натыйжалуу иштеши мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу, нотариус жасаган аракеттер жарандык укуктук мамилелердин субъектилери үчүн өзгөчө маанилүү, жана мындай аракеттер жогорку деңгээлдеги кесипкөй, сабаттуу, жоопкерчиликтүү жана коом тарабынан сөзсүз ишеним арттырган адамдар тарабынан жасалат деп түшүнүлөт. Ошон үчүн мыйзам чыгаруучу мыйзамдуулукту жана чектелбеген чөйрөнүн укуктары менен кызыкчылыктарын бирдей коргоо ишин камсыз кылып, атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан нотариус болуп иштөөсү үчүн чектөө белгилеген.
7. Адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин чектөө учурунда Кыргыз Республикасынын
Конституциясында бекитилген шарттарды катуу сактоону талап кылат, алар: чектөө аныкталган укуктук формада - мыйзам формасында берилиши керек; эгер Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлүп аныкталган максаттарга кызмат кылса, чектөөгө жол берилиши мүмкүн; чектөө аталган баалуулуктарды коргоо жана белгиленген максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон чекте гана мүмкүн.
Чектөөлөрдүн принциптерин, максаттарын жана юридикалык формаларын, башкача айтканда, укугу менен эркиндиктерин чектөөнүн негиздерин (жалпы шарттарын) орнотуу менен, Кыргыз Республикасынын
Конституциясы жарандардын укугун жана эркиндигин мамлекет тарабынан билемдикке салынып жасалуучу аракеттерден коргойт, ошол эле учурда коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн алардын чектелишин мамлекетке милдеттендирет (2014-жылдын 14-майындагы чечими).
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу ага берилген дискреция алкагында иштеп, бул институттун коомдук-укуктук жана социалдык-коомдук маанисинин негиздүүлүгүн эске алуу менен адамдар үчүн нотариустун кесиптик юридикалык ишмерлигине бирдей укуктук мүмкүнчүлүктөрдү жана мыйзам тарабынан реглменттелген талаптарды белгилеген. Демек, атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан нотариалдык ишмерликке чектөөнү белгилеген талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгү белгилеген башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу максаттарына өлчөмдөш болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык
Мыйзамынын 46,
47,
48,
51,
52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу | | Э.Мамыров |
Судьялар |