19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО


7-тиркеме
 
 
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө
ЖОБО
 
1.     Жалпы жоболор
 
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобо (мындан ары – жобо) “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Квалификациялык комиссиясынын (мындан ары – Квалификациялык комиссия) ишинин тартибин аныктайт.
2. Квалификациялык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдагы жети адамдан түзүлөт:
1) Юстиция министрлигинин үч өкүлү, алар кызмат орду боюнча:
2) министрдин нотариат маселелерин тейлеген орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы);
3) нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;
4) нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы);
5) Кыргыз Республикасынын Нотариалдык Палатасынын өкүлү – нотариалдык иш боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар жеке нотариус;
6) нотариалдык иш боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар мамлекеттик нотариус;
7) жогорку билим берүүчү уюмдардын юридикалык дисциплиналардын окутуучуларынын, ошондой эле илимий кызматкерлердин, аспиранттардын, докторанттардын ичинен илимий юридикалык коомчулуктун эки өкүлү.
3.1. Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси квалификациялык комиссиянын төрагасынын милдетин ал болбогон мезгилде аткарат.
3.2. Юстиция министринин Нотариат маселелерин тейлеген орун басарын жана Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисин кошпогондо, бир эле адам катары менен эки жолудан ашык Квалификациялык комиссиянын мүчөсү боло албайт.
4.        Квалификациялык комиссиянын жеке курамы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
4.1.     Квалификациялык экзаменди өткөрүүдө кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн болгон Квалификациялык комиссиянын мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгынын келип чыгышына жол бербөө максатында, Квалификациялык комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинде каралган жакын туугандары тарабынан квалификациялык экзаменге уруксат берүү жөнүндө арыз берилген учурда Квалификациялык комиссиянын жыйындарына катыша албайт.
4.2. Квалификациялык комиссия беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Квалификациялык комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Юстиция министрлигинин квалификациялык комиссиянын жеке курамын бекитүү жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып эсептелет.
 
2.     Квалификациялык комиссиянын функциялары
 
5. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзамен тапшырбастан жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын (мындан ары-талапкерлер) арыздарын карайт;
2) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын мамлекеттик же жеке нотариуста такшалуудан өтүү үчүн жиберүү жөнүндө арыздарын карайт;  
3) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укукугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө адамдардын арыздарын карайт;
4) кийин тиешелүү чечимди кабыл алуу менен лицензиясы бар адамдардын иш-аракеттерине келип түшкөн даттанууларды карайт;
5) квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүн жана убактысын (ал жылдырылган күндү) белгилейт;
6) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолордун макулдашат;
7) жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзаменди кабыл алат;
8) талапкерлердин арыздарын апелляциялык тартипте карайт;
Квалификациялык комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу.
 
3.     Квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу
 
6. Квалификациялык комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша төрага тарабынан чакырылат жана эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп саналат.
Квалификациялык комиссиянын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Квалификациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Квалификациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон Квалификациялык комиссиянын мүчөсү өзүнүн (жеке) пикирин жазуу жүзүндө билдирет, ал Квалификациялык комиссиянын протоколуна тиркелет.
7. Квалификациялык экзамен Юстиция министрлигинде жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарынын топтолушуна жараша, бирок алты айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду Квалификациялык комиссия тарабынан аныкталат.
Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдарга квалификациялык экзаменди өткөрүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү, орду жана убактысы жөнүндө билдирилет.
8. Экзамендик суроолорунун тизмеси Квалификациялык комиссия менен макулдашылат, Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана жалпыга жетүү үчүн Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
9. Квалификациялык комиссиянын жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер чечими компьютердик тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде кабыл алынат.
Компьютердик тестирлөөнүн натыйжасы компьютердин мониторунда чагылдырылат, аны катчы жазып алат. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин жыйындын протоколу түзүлөт, ага Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол  коет.
Компьютердик тестирлөөнүн алынган жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар жана аудио-видео жазуулар Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүндө 3-ай бою серверде сакталат.
10. Квалификациялык комиссиянын жыйынын даярдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
11. Квалификациялык комиссиянын протоколу Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт, анда:
1) жыйынды өткөрүү убактысы жана орду;
2) Квалификациялык комиссиянын курамы (аты-жөнү, кызматы);
3) күн тартиби;
4) 3-айлык такшалуудан өтүүгө уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечим;
5) компьютердик тестирлөөнүн натыйжасында алынган баллдарын саны көрсөтүлөт.
12. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
 
4.     Квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүү тартиби
 
13. Квалификациялык экзаменди тапшырууга “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген адамдарга жол берилет.
14. Квалификациялык экзаменди тапшыруу үчүн талапкер Кыргыз Республикасынын юстиция министринин атына арыз менен кайрылат (арыздын формасы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет) жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
3-айлык такшалууга талапкерлер, ошондой эле квалификациялык экзамен тапшырбастан лицензия алууга укугу бар адамдар төмөнкү документтерди беришет.
1)      жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн 3-айлык такшалуудан өтүүгө арыз (арыздын формасы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет) жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат;  
2)      тийиштүү түрдө толтурулган жана сүрөтү менен жеке колу коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
3)      талапкердин инсандыгын тастыктоочу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын тастыктоочу документтер;
4)      жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгер жогорку юридикалык билим экинчи жогорку билим катары алынса, 1-дипломду милдетүү берүү, же кесептик орто билим диплому берүү);
5)      акыркы иштеген жери боюнча же тигилген жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
6)      берилген күнүн жана ордун көрсөтүү менен акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
7)      өмүр баяны;
8)      сүрөт (көлөмү: 4х6, түстүү);
9)      мурда аскердик кызматты же укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн, мамлекеттик органдарда иштеген адамдарга кызмат өтөө тизмесинин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (маалымкат-объективка) кошумча берилет;
10)такшалуудан өтүү жөнүндө жеке нотариус менен түзүлгөн келишим;
11)мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
12)жеке папка (скоросшиватель);
13)өздүк ишинин тизмеси.
15. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар, квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат алуу үчүн Юстиция министрлигине төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1) жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга арыз (арыздын формасы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет) жана Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат;
2) такшалуудан өтүүнүн программасы, жеке планы, графиги, такшалуунун жыйынтыктары жөнүндө корутунду, сунуштама кат, белгиленген формадагы коштомчу кат.
Талапкердин документтери Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан өздүк иш түзүлөт.
16. Документтер кабыл алынгандан кийин Юстиция министрлигинин нотариат маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү суроо-талаптарды жиберет:
1)                    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (талапкердин соттуулгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн);
2)                    Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (иштөө мезгилдери жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн), анын ичинде “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууга укуктуу;
3)                    Республикалык психиатрия жана наркология борбору (наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалымат алуу үчүн).
        Суроо-талаптардын натыйжалары талапкердин өздүк ишине тиркелет.
17. Квалификациялык комиссия зарыл болгон учурда талапкер тарабынан берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын, анын ичинде “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу текшерүүгө укуктуу, тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга берилген документтердин жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү же тастыктоо жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
18. Документтерди текшерүү аяктагандан кийин Квалификациялык комиссия, квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү же баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
19. Квалификациялык экзаменди тапшырууга төмөнкү адамдар киргизилбейт:
1) такшалуу аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде такшалуудан өтүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду бербеген;
2) белгиленген тартипте такшалуудан өтпөгөндөр жана “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде белгиленген учурларда.
Ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттөн жүйөлүү себептер боюнча кечиктирилген учурда, талапкер кечиккен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө Квалификациялык комиссияга арыз менен кайрылууга укуктуу.
20. Квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартуу адамга, мурда берилген документтер кайтарылып берилет. Квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартууга негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү өздүк ишке тиркелет.
 
5.     Квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби
 
21. Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
Компьютердик тестирлөө 120 суроодон турат. Тесттин суроосу суроодон төрт варианттагы жооптон турат.  
Талапкер ар бир суроо боюнча сунушталган жооптун вариантын (варианттарын) тандоого, аны тиешелүү түрдө белгилөөгө тийиш.
Ар бир талапкер үчүн тестирлөөнүн суроолору компьютердик тестирлөөнүн электрондук системасы тарабынан Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген суроолордун жалпы санынан автоматтык түрдө жекече түзүлөт.
Талапкерлер компьютердик тестирлөөнү өз каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшырат.
Квалификациялык экзамен видеобайкоо камералары орнотулган компьютердик класста өтөт.
Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү экзамендин жүрүшүн визуалдык же онлайн видеобайкоо аркылуу байкай алышат.
22. Компьютердик тестирлөө төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) талапкерлер тестирлөөдөн өтүүнүн эрежелери жөнүндө мамлекеттик же расмий тилде маалымдалышат;
2) Квалификациялык комиссиянын катчысы талапкерлердин инсандыгын өздүгүн аныктоо боюнча милдеттүү түрдө жеке колун коюу менен аныктайт, ал эми ал жүйөлүү себептер боюнча жок болбогон учурда (бул жагдайларды тастыктаган тиешелүү документтерди көрсөтүү менен алмаштыруу же жоготуу) - аскердик билети же айдоочулук күбөлүгү  болсо;
3) тестирлөө башталаардын алдында Квалификациялык комиссиянын катчысы тестирлөөдөн өтүү боюнча талапкерлерге кеңири нускама берет, компьютердик тестирлөөнүн жол-жобосу боюнча талапкерлердин суроолоруна жооп берет;
4) ден соолугун начар сезген талапкерлер тестирлөө башталганга чейин Квалификациялык комиссиянын катчысына билдириши керек. Алардын жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде, Квалификациялык комиссиянын чечими менен бул адамдарды тестирлөө башка күнгө жылдырылышы мүмкүн.
5) квалификациялык экзаменди тапшырууга 120 мүнөт бөлүнөт, убакыт тест башталган учурдан тартып компьютерде белгиленет.
6) тестирлөөнүн натыйжалары компьютерлердин мониторунда чагылдырылат, ал Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан белгиленет.
Тестирлөө баллдык система боюнча бааланат. Тесттин суроосуна ар бир туура жооп үчүн талапкер 1 (бир) упай алат.
23. Тестирлөөгө кечигип келген (жүйөлүү себептер боюнча, бирок 15 мүнөттөн ашык эмес) талапкерлерге Квалификациялык комиссиянын чечими боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө уруксат берилиши мүмкүн.
24. Жүйөлүү себептер бюонча тестирлөөгө келбей калган учурда, тестирлөөгө кайрадан киргизүү жөнүндө чечим Квалификациялык комиссия тарабынан талапкердин арызы боюнча кабыл алынат.
25. Экзаменге жүйөлүү себепсиз келбей калган адамга, алты айдан эрте эмес кайра экзамен тапшырууга уруксат берилет.
26. Тестирлөө учурунда талапкерлерге тыюу салынат:
1) жайдан чыгуу, коштоосуз орун которууга;
2) башка талапкерлер менен сүйлөшүүгө;
3) ар кандай материалдарды жана буюмдарды башка талапкерлер менен алмашууга;
4) тесттик тапшырмаларды сүрөткө тартууга же кайра жазууга;
5) кандайдыр бир буюмдарды (папкаларды, сумкаларды, уюлдук телефондорду, фото, аудио жана видео аппаратураларды жана маалыматты сактоонун жана берүүнүн башка каражаттарын) алып жүрүүгө жана колдонууга.
Талапкер ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бузган учурда, Комиссиянын катчысы жана мүчөлөрү кол койгон четтетүү жөнүндө протоколду түзүү менен тестирлөөдөн четтетилет. Мындай талапкерди тестирлөөнүн жыйынтыктары текшерилбейт.
27. Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, үч күндүн ичинде ага тиешелүү видеожазуунун көчүрмөсү берилет.
Видеожазуу квалификациялык экзамен өткөрүлгөн күндөн тартып 3 (үч) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүндө сакталат.
28. 84 баллга туура жооп берген адам квалификациялык экзаменди тапшырды деп эсептелет, бул тесттин суроолорунун жалпы санынын 70 жана андан ашык пайызынан түзөт.
60 суроого туура жооп берген адам локалдаштырылган лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырды деп эсептелет, бул тесттин суроолорунун жалпы санынын 50 жана андан көп пайызын түзөт.
29. Квалификациялык экзамен аяктагандан кийин жыйындын протоколу түзүлүп, ага Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
Квалификациялык комиссиянын жыйыны эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
Квалификациялык комиссиянын протоколуна экзамендин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Квалификациялык комиссиянын чечими административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
30. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга, квалификациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция Министрлиги тарабынан жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
31. Лицензия берүү жөнүндө буйрук чыккандан кийин, Юстиция министрлиги жети жумушчу күндүн ичинде нотариусту нотариалдык палатанын мүчөлүгүнө киргизүү үчүн Нотариалдык палатага билдирет.
32. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган адам, алты айдан эрте эмес такшалуудан өтүү үчүн арыз берүүгө укуктуу.
Мындай учурда, мурда берилген документтер талапкерге кайтарылып берилет.
33. Лицензия алуу үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү жөнүндө кабардар болгон, бирок экзаменди тапшыууга келбей калган адамга документтер кайтарылып берилет.
Жүйөлүү себептер болгон учурда, талапкер квалификациялык экзаменди тапшыруу күнүн бир кыйла кийинки мөөнөткө жылдыруу жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
34. Квалификациялык комиссиянын протоколунун көчүрмөсү жеке нотариустун өздүк ишине тиркелет.
Жеке нотариустардын өздүк иши Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы