19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1998-жылдын 30-майы N 70
 
Нотариат жөнүндө
(КР 1999-жылдын 7-июлундагы N 65, 2004-жылдын 28-мартындагы N 50, 2004-жылдын 28-мартындагы N 51, 2007-жылдын 9-августундагы N 139, 2009-жылдын 26-январындагы N 32, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2014-жылдын 3-июлундагы N 111, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2015-жылдын 2-июлундагы N 142, 2016-жылдын 18-майындагы N 64, 2017-жылдын 8-июнундагы N 100, 2018-жылдын 12-январындагы N 4, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому
I БӨЛҮК
 НОТАРИАТТЫН ИШИН УЮШТУРУУ НЕГИЗДЕРИ
I бөлүм
 Жалпы жоболор
1-статья. Нотариат жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер нотариаттын ишинин укуктук негизи болуп саналат.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Нотариат
Нотариат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган нотариалдык аракеттерди нотариустар тарабынан жүргүзүү жолу менен граждандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын корголушун камсыз кылуу милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жана жекече нотариустардын тутумун билдирет.
Жеке нотариус ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн, мамлекет тарабынан берилген милдеттерди жүзөгө ашырат.
(КР 2004-жылдын 28-мартындагы N 51, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Нотариалдык аракеттер
Нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет.
Кыргыз Республикасында нотариалдык аракеттерди ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана жеке нотариустар аткарат.
Калктуу пунктта нотариус болбогон учурларда, нотариалдык аракеттерди жасоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
Караңыз:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө Инструкциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-ноябрындагы N 650 токтому менен бекитилген)
Башка мамлекеттердин аймактарында нотариалдык аракеттер Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин ушундай аракеттерди жасоого ыйгарым укугу бар кызмат адамдары тарабынан жасалат.
Ушул Мыйзамда каралган нотариалдык аракеттердин тизмеси ушуну менен чектелип калбайт. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында нотариалдык башка аракеттер да каралышы мүмкүн.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2015-жылдын 2-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Нотариус
Жогорку юридикалык билими, юридикалык адистик боюнча кеминде үч жылдык стажы бар, мамлекеттик же жеке нотариустарда алты айлык стажировкадан өткөн, квалификациялык экзамен тапшырган, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон Кыргыз Республикасынын жараны жеке нотариус боло алат. Стажировкадан өтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Караңыз:
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү Тартиби (КР Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы N 242 буйругу менен бекитилген)
Мамлекеттик нотариус мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет.
Мамлекеттик нотариус катары 5 жылдан кем эмес иштеген адамдар квалификациялык экзамен тапшырбастан, ушул Мыйзамдын 12-статьясынын экинчи бөлүгүнө ылайык квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде жеке нотариалдык аракеттерди жүргүзүү укугуна лицензия алышат.
Нотариалдык ишти жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга жол берилбейт:
- мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 22-февралындагы N 4-р (Жарандар Улукбек Бактыбекович Турдубековдун жана Дастан Далабайевич Бекешевдин кайрылуусуна байланыштуу "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча) чечими
- атайлап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу барлар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан.
Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерин жасашканда бирдей укуктарга ээ жана бирдей жоопкерчиликтерди тартышат.
Мамлекеттик жана жеке нотариустар тариздеген документтер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Нотариустар нотариалдык палаталарды түзүүгө укуктуу.
Нотариустун укуктары жана милдеттери ушул Мыйзам менен аныкталат.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-1-статья. Нотариустун көз карандысыздыгы
Нотариус нотариалдык ишти жүзөгө ашырууда калыс, көз карандысыз болот жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Нотариустун жардамчысы
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-статья. Нотариустун ишиндеги чектөөлөр
Нотариус:
ишкерлик кылууга жана нотариалдык, илимий жана окутуучулук иштерден башка иштерди жасоого;
келишимдерди түзүүдө арачылык кызмат көрсөтүүгө;
өз атына же өзүнүн атынан, жубайынын (өз жубайынын), анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энелеринин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жасоого;
аталган нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилесинде турган кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жасоого укуксуз.
7-статья. Жасалуучу нотариалдык аракеттердин жашыруундуулугун сактоо
Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка кызмат адамдары нотариалдык аракеттерди жасоого байланыштуу аларга белгилүү болуп калган маалыматтардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Жасалган нотариалдык аракеттердин жашыруундуулугун сактоо милдети ошондой эле алар тарабынан кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө белгилүү болуп калган адамдарга, анын ичинде эмгек келишими токтолгондон кийин да жайылтылат.
Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар, ошондой эле аларга тиешелүү документтер алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык аракеттер жасалган жеке жана юридикалык жактарга гана берилет.
Жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтар жана документтер соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө болгон жазык же граждандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет, ошондой эле террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына берилет.
Башка кандай болбосун учурларда жасалган нотариалдык аракеттер жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө тыюу салынат.
Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу каза болгондон кийин гана берилет.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү
Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасаган башка кызмат адамдары тарабынан аткарылат.
Нотариустардын, нотариалдык аракеттерди жасаган башка кызмат адамдарынын нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин аткарышына контролдук Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 179 токтому менен бекитилген)
8-1-статья. Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы
Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы - бул нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды жыйноо, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу, сактоо, пайдалануу жана (же) берүү процесстерин автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн багытталган программалык-техникалык каражаттардын комплекси. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2018-жылдын 12-январындагы N 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Нотариалдык иш кагаздарынын тили
Нотариалдык иш кагаздары мамлекеттик же расмий тилдеринде жүргүзүлөт. Эгерде нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адам нотариалдык иш кагаздар жүргүзүлгөн тилди билбесе, толтурулган документтердин тексттери ага тилмеч тарабынан которулуп берилүүгө тийиш.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Жеке нотариустун өздүк мөөрү, штампы жана бланктары
Жеке нотариустун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, лицензиянын номери, аты-жөнү жана нотариалдык округдун аталышы көрсөтүлгөн, ырастама жазуулары бар штамптары, өздүк бланктары болот. Жеке нотариустун мөөрүндө өздүк коргоо каражаттары камтылышы мүмкүн.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм
 Нотариалдык иш аракеттерди мамлекеттик жөнгө салуу
11-статья. Нотариалдык жеке иш жүргүзүүгө укук берген лицензия
(Биринчи бөлүк КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Нотариалдык жеке иш жүргүзүүгө укук берген лицензия (мындан ары лицензия) квалификациялуу экзаменден өткөндөн кийин квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 5 жылдык мөөнөткө берилет. Эгерде жеке нотариалдык иш жүзөгө ашырылган мезгилде лицензиянын күч-аракети ушул Мыйзамдын 13-статьясынын экинчи абзацында каралган негиз боюнча токтотулуп турбаса, лицензиянын күч-аракети квалификациялуу экзаменден өтпөстөн эле улам кийинки 5 жылга узартылып турат.
Лицензия берүү тартиби "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин лицензияны берүүдөн баш тартуу чечими боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанууга болот.
(КР 1999-жылдын 7-июлундагы N 65, 2004-жылдын 28-мартындагы N 51,  2009-жылдын 26-январындагы N 32, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Квалификациялык комиссия
Квалификациялык комиссия нотариалдык палатанын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында түзүлөт.
Квалификациялык комиссия жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдын арызын карайт, жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна квалификациялык экзамен алат, соңунда тиешелүү чечимди кабыл алуу аркылуу жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адамдардын аракеттерине түшкөн даттанууларды карайт.
Квалификациялык комиссиянын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Жобо менен аныкталат.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жобо (КР Юстиция министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы N 242 буйругу менен бекитилген)
Квалификациялык комиссия нотариалдык иш жүргүзүүнү каалаган адамдардан экзамен кабыл алат.
Квалификациялык экзаменден өтпөй калган адамдар квалификациялык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин бир жылдан эрте эмес аны кайталап өтүүгө жол берилет.
(КР 1999-жылдын 7-июлундагы N 65, 2004-жылдын 28-мартындагы N 51,  2009-жылдын 26-январындагы N 32, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана аны кайра алуу
Нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиянын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечиминин негизинде:
- нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана нотариалдык иштерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузганда;
- нотариалдык жеке иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы бар адамдын кайрылуусу.
Нотариалдык ишке укук берген лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
Караңыз:
Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу Тартиби (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы N 126 токтому менен бекитилген)
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими алынган күндөн тартып мыйзамда белгиленген тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
Нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны нотариустан кайра алуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан:
- нотариус өз каалоосу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенде;
- Кыргыз Республикасынын граждандыгын жоготкондо же Кыргыз Республикасынын чегинен туруктуу жашаган жерге чыгып кеткенде;
- нотариуска карата соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
- нотариуска карата мыйзамда белгиленген тартипте анын иштөө жөндөмдүүлүгүнө чектөө киргизүү же иштөөгө жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими чыкканда;
- ден соолугуна байланыштуу (медициналык корутунду болгон учурда) нотариустун милдетин аткара албаганда;
- нотариус ушул Мыйзамдын 6, 7-статьяларында каралган талаптарды бузган учурда;
- лицензиянын аракети үч жолу токтотулганда жүргүзүлүшү мүмкүн;
- бир жолу мыйзамдарды одоно бузганда.
Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндөгү жетинчи-тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча нотариустун нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы кайра чакыртылган учурда, ага кайтадан лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга жол берилиши мүмкүн эмес.
Нотариусту нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны кайра алуу жөнүндө чечим алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2004-жылдын 28-мартындагы N 51, 2009-жылдын 26-январындагы N 32,2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Нотариалдык округ (нотариустун иштөөчү аймагы)
Нотариалдык округ (нотариустун иштөөчү аймагы) Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык бөлүнүштөргө ылайык белгиленет. Райондук же башка администрациялык бөлүктөргө бөлүнгөн шаарларда ошол райондун бүткүл аймагы нотариалдык округ болуп саналат.
Нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариалдык округдун чегинде жайы болууга тийиш.
Нотариалдык округ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
Ушул Мыйзамдын 34-статьясында каралгандан башка учурларда, ар бир гражданин нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн ар кандай нотариуска кайрылууга укуктуу.
Нотариус тарабынан, ушул статьянын алтынчы бөлүгүндө каралган учурда, өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары нотариалдык аракетти жасашы ал аракетти анык эмес деп табууга алып келбейт.
(Алтынчы бөлүк КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жеке нотариустардын санына чек коюлбайт.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-статья. Нотариустун анты
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16-статья. Мамлекеттик нотариалдык конторалар
 (КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17-статья. Жеке нотариалдык кеңсе
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
18-статья. Жеке нотариустардын мамлекеттик реестри
Жеке нотариустардын реестрин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүргүзөт.
Реестрде жеке нотариустардын аты жана юридикалык дареги, лицензиянын берилген күнү, лицензия номери жана белгиленген тартипте даярдалган жеке нотариустун өздүк мөөрүнүн үлгүсү болууга тийиш. Реестрге киргизилген бардык өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бир айдын ичинде маалымдалып туруусу керек.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Ведомстволук нотариалдык архив
Кыргыз Республикасында Улуттук архив фондусунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана нотариалдык документтерди убактылуу сактай турган ведомстволук нотариалдык архив түзүлөт.
Ведомстволук нотариалдык архивдин ишин уюштуруу маселелери жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо менен аныкталат.
(3-бөлүк КР 2016-жылдын 18-майындагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(4-бөлүк КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(5-бөлүк КР 2016-жылдын 18-майындагы N 64 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2016-жылдын 18-майындагы N 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-октябрындагы N 669 "Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Республикалык нотариалдык архивин түзүү жөнүндө" токтому
III бөлүм
 Нотариустун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
20-статья. Нотариустун укуктары
Нотариус:
нотариалдык аракеттер жасалуучу орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде аныкталгандан башка учурларда, өзүнө кайрылган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгында ушул Мыйзамда каралган нотариалдык аракеттерди жасоого;
- бүтүмдөрдүн, арыздардын жана башка документтердин долбоорлорун түзүүгө, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан көчүрүп жазып алууларды даярдоого, ошондой эле нотариалдык аракеттерди жасоо маселелери боюнча түшүндүрмө берүүгө;
- жеке жана юридикалык жактардан нотариалдык күч-аракеттерди жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат. Көрсөтүлгөн адамдар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумчаларды) алар келип түшкөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында нотариуска башка да укуктар берилиши мүмкүн.
(КР 2004-жылдын 28-мартындагы N 51, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Нотариустун милдеттери
Нотариус:
- жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо аларга көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга;
- аларга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык жагын билбөө аларга зыян келтирбеши үчүн жасалып жаткан нотариалдык аракеттердин кесепети тууралу эскертүүгө, алар жасап жаткан нотариалдык аракеттердин келечек натыйжалары жөнүндө эскертүүгө;
- өзүнүн кесиптик иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу, анын ичинде мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенде же бошотулганда ага белгилүү болгон маалыматтарды купуя сактоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелинген эл аралык келишимдерге ылайык келбеген учурларда, нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартууга милдеттүү.
Нотариус өз милдетин ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына ылайык аткарат. Эгерде нотариалдык аракеттердин жасалышына байланыштуу нотариуска карата кылмыш-жаза иши козголсо, сот аны сырды сактоо милдетинен бошотушу мүмкүн.
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган учурларда, мурас же белек тартибинде жарандардын менчигине өтүүчү мүлктөн, мүлктүн наркы тууралуу тиешелүү салыкты эсептеп чыгаруу үчүн салык органына маалымкат берүүгө милдеттүү.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 32, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Нотариустун жоопкерчилиги
Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу башка адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген аракеттерди жасаган учурда мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Нотариус жасалган нотариалдык аракет жөнүндө маалыматтарды атайылап ачыкка чыгарса же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген нотариалдык аракет жасаса, соттун чечими боюнча ушунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Эгерде зыянды башка тартипте өндүрүү мүмкүн болбосо, башка учурларды зыяндын орду нотариус тарабынан толтурулат.
Ушул Мыйзамдын 21-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган маалыматтар салык органына берилбесе же өз учурунда берилбесе, нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде жоопко тартылышы мүмкүн.
(КР 2004-жылдын 28-мартындагы N 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-1-статья. Жеке нотариусту камсыздандыруу
Жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун натыйжасында зыян келтирүүдөн улам келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү. Нотариус камсыздандыруу келишимин түзбөстөн өз милдеттерин аткарууга укуксуз.
Минималдуу камсыздандыруу суммасы эсептик көрсөткүчтүн мыйзамда белгиленген 500 эсе өлчөмүндө белгиленет.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IV бөлүм
 Нотариустардын ишин каржылоо жагынан камсыз кылуу
23-статья. Нотариалдык аракеттерге жана нотариустар көрсөтүүчү башка кызматтарга акы төлөө
Нотариалдык аракеттерди жасагандыгы үчүн нотариус жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ставкалар боюнча мамлекеттик алым алышат.
Жеке нотариустардын документтердин долбоорун даярдоодогу кызматтары жана башка кызмат көрсөтүүлөрү келишим боюнча кайрылышкан жактар тарабынан төлөнөт жана жеке нотариустун карамагында калат. Мамлекеттик нотариустардын документтердин долбоорун даярдоо боюнча кызматтары жана башка акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөр үчүн ставкалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
(Үчүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Мамлекеттик алым же тарифке ылайык сумма төлөнгөндөн кийин нотариалдык аракет аткарылды деп таанылат.
Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер мамлекеттик алымды төлөө боюнча мамлекеттик нотариустар, ошондой эле жеке нотариустар тарабынан бул адамдарга нотариалдык аракеттер жасалганда, документтердин долбоорлору түзүлгөндө, көчүрмөлөр берилгенде жана техникалык иштер аткарылганда жайылтылат.
Нотариус өзү иштегенден башка жерде нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн барганда ишке тиешеси бар жеке жана юридикалык жактар анын иш жүзүндөгү транспорттук чыгымдарынын ордун толтуруп беришет.
(КР 2004-жылдын 28-мартындагы N 50, 2007-жылдын 9-августундагы N 139, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 15-августундагы N 153 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Мыйзамы
24-статья. Нотариалдык иштерди каржылоо
Жеке нотариустун ишин каржылоо булактары ал нотариалдык аракеттер жасагандыгы жана укуктук жана техникалык мүнөздөгү кызматтар көрсөткөндүгү үчүн алган каражаттары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка төгүмдөр болуп саналат.
Жекече нотариус салыктарды, башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин алган акча каражаттары анын менчигине келип түшөт.
Жеке нотариустар ар кандай банкта эсеп-кысап жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
Жеке нотариустардын депозиттик эсептериндеги акча каражаттары алардын кирешеси болуп саналбайт.
(Бешинчи бөлүк КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2004-жылдын 28-мартындагы N 50, 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
V бөлүм
 Нотариустардын ишине контролдук
25-статья. Нотариалдык аракеттердин жасалышына соттук контролдук
Нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу же нотариалдык аракеттерди туура эмес жасоо сот тартибинде даттанылат.
26-статья. Нотариустардын кесиптик милдеттерин аткарышына контрол дук
Нотариустардын кесиптик милдеттеринин аткарылышына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги контролдук жүргүзөт. Салык мыйзамдарынын сакталышына контролдук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө салык инспекциясы тарабынан жүргүзүлөт.
Нотариустун ишин уюштурууну текшерүү төрт жылда бир жолу жүргүзүлөт. Нотариалдык иштерди жүргүзүүгө биринчи жолу киришип жаткан нотариустун ишин уюштурууну биринчи жолу текшерүү нотариус кызматка дайындалгандан бир жылдан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
Нотариустар текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон кызмат адамдарына жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүгө тиешеси бар маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
27-статья. Нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө теңештирилүүчү керээздерди жана ишеним каттарды кызмат адамдары тарабынан күбөлөндүрүү
Нотариалдык күбөлөндүрүүгө:
- госпиталдарда, санаторийлерде жана башка дарылоо мекемелеринде дарыланып жаткан граждандардын ушундай мекеменин зардалы же башкы дарыгери тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээзи жана ишеним каты;
Караңыз:
Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 179 токтому менен бекитилген)
- мамлекеттик жана жеке нотариустар менен нотариалдык аракеттерди жасоочу башка органдар жок аскердик бөлүктөрдөгү, бирикмелердеги, мекемелердеги, аскердик окуу мекемелериндеги аскер кызматчыларынын керээздери жана ишеним каттары, ошондой эле жумушчулар менен кызматчылардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ушул бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайынын командири (зардалы) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;
Караңыз:
Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 179 токтому менен бекитилген)
- эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн же камакта кармалып турган адамдардын тиешелүү мекеменин зардалы тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээздери жана ишеним каттары;
Караңыз:
Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги N 179 токтому менен бекитилген)
- социалдык коргоо мекемелеринде жүргөн эрезеге жеткен аракетке жөндөмдүү граждандардын ушул мекеменин администрациясы же ушул мекеменин жетекчиси (анын орун басары) же калкты социалдык жактан коргоонун тиешелүү органынын жетекчиси (анын орун басары) тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээзи жана ишеним каты теңештирилет.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II БӨЛҮК
 НОТАРИАЛДЫК АРАКЕТТЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ
VI бөлүм
 Нотариустар жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жасоочу нотариалдык аракеттер
28-статья. Жеке нотариустар тарабынан жасалуучу нотариалдык аракеттер
(Статьянын аталышы КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Жеке нотариустар төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди жасайт:
1) бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
2) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет;
3) документтерди жана алардын көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт;
4) документтерге коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт;
5) бир тилден экинчи тилге которулган документтердин аныктыгын күбөлөндүрөт;
6) граждандын тирүү экендигин күбөлөндүрөт;
7) граждандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрөт.
8) граждандын сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрөт;
9) документтер сунуш кылынган убакытты күбөлөндүрөт;
10) жеке жана юридикалык жактардын экинчи бир жеке жана юридикалык жактарга арыздарын берет;
11) акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитка кабыл алат;
12) аткаруу жазууларын жүргүзөт;
13) векселдерге каршылык билдирүү жасайт;
14) чектерди төлөөгө сунуш кылат жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт;
15) документтерди сактоого кабыл алат;
16) деңиз каршылык билдирүүлөрүн жасайт;
17) далилдерди камсыз кылат;
18) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаштыруунун субъектисине бекер өткөрүлгөндүгү жөнүндө келишимди күбөлөндүрөт.
Легалдаштырылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы нотариустук аракеттер киреше салыгы төлөнгөн шартта гана ишке ашырылуусу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башка да нотариалдык аракеттер каралышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы N 139,  2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
29-статья. Мамлекеттик нотариустар тарабынан жасалуучу нотариалдык аракеттер
(Статьянын аталышы КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик нотариустар ушул Мыйзамдын 28-статьясында каралган нотариалдык аракеттерди жасайт, ошондой эле мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салат жана аны алып коет, мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берет, мурасталган мүлктү коргоо чараларын көрөт жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрөт. Мамлекеттик нотариус болбогондо же болбосо аталган нотариалдык аракеттерди алар тарабынан жасоо мүмкүн болбогондо ал нотариалдык аракеттерди жасоо Юстиция министрлигинин чечими менен мамлекеттик нотариустардын башкасына тапшырылат.
Жубайлардын бири дүйнөдөн кайткан учурда менчиктөө укугу тууралу күбөлүк мурастоо укуктарын жол-жоболоштуруу компетенциясына кирген мамлекеттик нотариус тарабынан берилет.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2017-жылдын 8-июнундагы N 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
30-статья. Аткаруу бийлигинин органдарынын кызмат адамдары жүргүзүүчү нотариалдык аракеттер
Калктуу пунктта нотариус болбогон учурда, аткаруу бийлигинин органдарынын нотариалдык аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу болгон кызмат адамдары төмөндөгүдөй нотариалдык аракеттерди жүргүзө алышат:
1) мурастарды күбөлөндүрөт;
2) ишеним каттарды күбөлөндүрөт;
3) мураска калган мүлктү сактоого карата чара көрөт;
4) документтердин жана алардын көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
5) документтерге коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен ушул статьяда көрөсөтүлгөн кызмат адамдарына башка да нотариалдык аракеттерди жүргүзүү тапшырылышы мүмкүн.
31-статья. Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жүргүзүүчү нотариалдык аракеттер
Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары төмөндөгүдөй нотариалдык аракеттерди жүргүзө алат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагындагы болгон кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден тышкары бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
2) мурасталуучу мүлктү коргоого карата чара көрөт;
3) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет;
4) жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет;
5) документтердин жана алардын көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
6) документтерге коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт.
7) бир тилден экинчи тилге которулган документтердин тууралыгын күбөлөндүрөт;
8) граждандын тирүү жүргөндүгүн күбөлөндүрөт;
9) граждандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрөт;
10) граждандын фото сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрөт;
11) документтер көрсөтүлгөн убактытты күбөлөндүрөт;
12) акчалай сумманы жана баалуу кагазды депозитке кабыл алат;
13) аткаруу жазууларын жүргүзөт;
14) документтерди сактоого кабыл алат;
15) далилдерди камсыз кылат;
16) деңиз каршылык билдирүүлөрүн жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасоочу башка да нотариалдык аракеттер каралышы мүмкүн.
32-статья. Нотариалдык архивдерде жасалуучу нотариалдык аракеттер
Ведомстволук нотариалдык архивдеги архивариустар дубликаттарды берет жана бул архивдердин иш кагаздарында сакталып турган документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрөт.
(КР 2016-жылдын 18-майындагы N 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-статья. Нотариалдык аракеттерди жасоо тартиби
Нотариустар тарабынан нотариалдык аракеттерди жасоо тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик мыйзам актылары менен белгиленет.
Консулдук мекемелердин кызмат адамдарынын нотариалдык аракеттерди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан нотариалдык аракеттерди жасоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нотариалдык аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө Нускама менен белгиленет.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144, 2015-жылдын 2-июлундагы N 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
VII бөлүм
 Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнүн негизги эрежелери. Документтердин дубликаттарын берүү
34-статья. Нотариалдык аракеттер жасалуучу жер
Ушул Мыйзамдын 29, 41, 50, 56-58, 63, 64, 68, 69, 81, 90 жана 103-статьяларында каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди белгилүү нотариус жүргүзүүгө тийиш болгондон башка учурларда, нотариалдык аракеттер белгилүү бир нотариус тарабынан ишке ашырылат.
35-статья. Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү кийинкиге калтыруу нун жана токтото туруунун негиздери жана мөөнөттөрү
Төмөндөгү учурларда:
- жеке жана юридикалык жактардан кошумча маалыматтарды талап кылуу зарыл болгондо;
- документтер экспертизага жөнөтүлгөндө нотариалдык аракеттерди жүргүзүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн.
Эгерде мыйзамга ылайык нотариалдык аракеттерди жасоого тиешелүү адамдардын каршылыгы жок экендиги туурасында алардан суроо зарыл болсо, нотариалдык аракеттерди жүргүзүү кийинкиге калтырылышы мүмкүн.
Нотариалдык аракеттерди жасоону кийинкиге калтыруу мөөнөтү бул туурасында токтом чыккандан тартып бир айдан ашпоого тийиш.
Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүүнү өтүнүп кайрылган укукту же фактыны сотто талашып жаткан ишке тиешеси бар экинчи адамдын арызы боюнча нотариалдык аракеттерди жасоо он күндөн ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар адам анын арызы сотко келип түшкөндүгүнүн фактысын ырастаган документти бербесе, нотариалдык аракеттер жасалуугa тийиш.
Ишке тиешеси бар бир адам күбөлөндүрүү туурасында өтүнүч менен кайрылган укукту же фактыны талашып жаткан ишке тиешеси бар экинчи бир адамдан арыз түшкөндүгү жөнүндө соттон билдирүү алынган учурда нотариалдык аракеттерди жүргүзүү сот тарабынан иш чечилгенге чейин токтотула турат.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен нотариалдык аракеттерди жүргүзүүнү киийнкиге калтыруу жана токтото туруу үчүн башка да негиздер белгилениши мүмкүн.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-статья. Нотариалдык аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылган адамдын инсандыгын аныктоо
Нотариалдык аракеттерди жүргүзүүдө нотариус нотариалдык аракеттерди жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган граждандын, анын өкүлүнүн же юридикалык жактын өкүлүнүн инсандыгын аныктайт.
Адамдын инсандыгын аныктоо нотариалдык аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылган граждандын паспортунун же анын инсандыгы туурасында ар кандай шектенүүнү жокко чыгарган инсандык күбөлүгүнүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
37-статья. Граждандардын аракетке жөндөмдүүлүгүн жана бүтүмгө ка тышуучу юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшерүү
Бүтүмдөрдү ырастоодо граждандардын аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталат жана бүтүмгө катышып жаткан юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгү текшерилет. Бүтүм өкүл тарабынан жүргүзүлгөн учурда анын да ыйгарым укуктары текшерилет.
38-статья. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө, арыздарга жана башка документтерге кол коюу тартиби
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн, ошондой эле арыздардын жана башка документтердин мазмуну катышуучуларга үн чыгарып окулуп берилүүгө тийиш. Нотариалдык тартипте толтурулуучу документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат.
Эгерде граждан денесиндеги кемчиликтерден, оорудан улам же кандайдыр бир себептер менен жеке өзү кол кое албаса, анда анын тапшыруусу боюнча, анын катышуусунда жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке башка граждан кол кое алат, мында нотариалдык аракетти жасоону жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган граждан эмне себептен өзү кол кое албагандыгы көрсөтүлөт.
Эгерде граждан дене бойлук кемчилдиктеринен улам өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо жана бүтүмгө, арызга же башка документке өзүнүн атынан кол коюуну үчүнчү адамга ишенүүнү каалабаса, ал зарыл документке аныктыгы ушул Мыйзамга ылайык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен кол кое алат.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
39-статья. Нотариалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн сунуш кылынган документтерге коюлуучу талаптар
Нотариустар жана нотариалдык аракеттерди жасаган башка адамдар оңдолуп тазаланган же кошуп жазылган, сөздөрү сызылган же башка түзөтүүлөрү ачык байкалган документтерди, ошондой эле карандаш менен жазылган документтерди нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн кабыл албайт.
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн тексти ачык жана так жазылууга, документтин мазмунуна тиешелүү болгон күндөрдүн жана мөөнөттөрдүн саны эч болбосо бир жолу сөздөр менен белгиленүүгө, ал эми юридикалык жактардын аталышы - кыскартылбастан, алардын органдарынын даректерин көрсөтүү менен жазылууга тийиш. Граждандардын аты-жөнү, жашаган дареги толук жазылууга тийиш.
Көлөмү бир барактан ашкан документтин барактары көктөлүүгө, номер коюлууга жана мөөр басылууга тийиш.
40-статья. Күбөлөндүрүүчү жазууларды жазуу жана күбөлүктөрдү берүү
Күбөлөндүрүүчү жазуулар бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү, документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан жазылып алынгандардын тууралыгын, документтерге коюлган колдордун аныктыгын, бир тилден экинчи тилге документтердин которулушунун тууралыгын күбөлөндүрүү, тийиштүү документтердеги документтерди көрсөтүү убактысын күбөлөндүрүү менен жүргүзүлөт.
Мурастоо укугун, менчиктөө укугун, граждандын тирүү экендигин жана белгилүү бир жерде жүргөндүгүн, граждандын фото сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрүп, документтерди сактоого кабыл алууда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусунун аныктыгына тиийштүү күбөлүктөр берилет.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
41-статья. Нотариалдык аракеттерди жасоо укугун чектөө
Нотариус өз атына жана өзүнүн атынан, өз жубайынын атына жана анын атынан, өзүнүн жана жубайынын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң-ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин) атына жана алардын атынан нотариалдык аракеттерди жүргүзүүгө укуксуз.
(Экинчи бөлүк КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-статья. Нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу
Нотариус төмөндөгү:
- мындай аракеттер мыйзамга каршы келсе;
- бул аракетти башка нотариус жасоого тийиш болсо;
- аракетке жөндөмсүз граждан же зарыл ыйгарым укуктары жок өкүл нотариалдык аракеттерди жасоо өтүнүчү менен кайрылса;
- юридикалык жактын атынан жүргүзүлүүчү бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максатка каршы келсе;
- бүтүм мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе;
- нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн сунуш кылынган документтер мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе, нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартат.
Нотариус нотариалдык аракеттерди жасоо талабынан баш тартылган адамдын өтүнүчү боюнча баш тартуунун себептерин кат жүзүндө баяндоого жана ага даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Бул учурларда нотариус үч жумушчу күндөн кечиктирбестен нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
43-статья. Нотариалдык аракеттерге же аны жасоодон баш тартууга байланыштуу даттануу
Жасалган нотариалдык аракет же нотариалдык аракеттерди жасоодон баш тартуу туура эмес деп эсептеген кызыкдар адам сотко кайрылууга укуктуу.
Жасалган нотариалдык аракетке негизделген укук жөнүндө тийиштүү адамдардын ортосунда чыккан талаш-тартыш доо өндүрүшү тартибинде сот тарабынан каралат.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
44-статья. Нотариалдык аракеттерди каттоо
Нотариус тарабынан жасалуучу бардык нотариалдык аракеттер реестрде катталат.
Нотариус ушул Мыйзамдын 7-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн уюмдардын жана адамдардын кат жүзүндөгү арызы боюнча реестрден көчүрмө берүүгө милдеттүү.
45-статья. Нотариалдык аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, күбөлөндүрүлгөн жазууларды каттоо реестрлеринин түрлөрү
Нотариалдык аракеттерди, нотариалдык күбөлүктөрдү, бүтүмдөрдөгү жана күбөлөндүрүлүүчү документтердеги күбөлөндүрүлгөн жазууларды каттоо реестрлеринин түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
46-статья. Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин дуб ликаттарын берүү
Нускалары нотариустун иштеринде сакталып турган документтер жоголгон учурда алардын атынан же тапшыруусу боюнча нотариалдык аракеттер жүргүзүлгөн граждандардын, юридикалык жактардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү арыздары боюнча, жоголуп кеткен документтердин дубликаттары берилет.
Документтердин дубликаттарын берүү ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VIII бөлүм
 Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
47-статья. Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдөр
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алар үчүн милдеттүү нотариалдык түрү белгиленген бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт. Тараптардын каалоосу боюнча нотариус башка бүтүмдөрдү да күбөлөндүрө алат.
48-статья. Бүтүмдүн долбоорунун маани-маңызын тараптарга түшүндүрүү
Нотариус тараптарга алар сунуш кылган бүтүмдөрдүн долбоорунун маани-маңызын түшүндүрүүгө жана анын мазмуну тараптардын чыныгы ниетине ылайык келээрлигин жана мыйзамдын талаптарына каршы келбестигин текшерүүгө милдеттүү.
49-статья. Ээликтен ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүү жана катта лууга тийиш мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө
Ээликтен ажыратуу жана катталууга тийиш мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишимдер ажыратылуучу же күрөөгө коюлуучу мүлктү меничктөө укугун ырастаган документтер сунуш кылынган шартта күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
50-статья. Турак үйдү жана башка курулуштарды ээликтен ажыратуу тууралуу келишимди күбөлөндүрүү
Турак үйдү, квартираны, дачаны, бакчадагы үйдү, гаражды, ошондой эле башка курулуштарды ээликтен ажыратуу тууралуу келишимдерди күбөлөндүрүү нотариус тарабынан көрсөтүлгөн мүлктөрдүн жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
51-статья. Мурас катты күбөлөндүрүү
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн жана акыл-эси соо граждандар жеке өздөрү нотариуска алып келген мурас каттарды күбөлөндүрөт. Өкүлдөр аркылуу мурас каттарды күбөлөндүрүүгө жол берилбейт.
Мурас каттарды күбөлөндүрүүдө мураскорлордон мурасталуучу мүлккө алардын укуктарын ырастаган далилдерди сунуш кылуу талап кылынбайт.
52-статья. Мурас катты өзгөртүүнүн жана бузуунун тартиби
Нотариус керээздерди бузуу жөнүндө арызды алган учурда, ошондой эле мурда түзүлгөн керээзди бузган же өзгөрткөн жаңы керээз алган учурда нотариуста жана мурастарды эсепке алуунун алфавиттик китебинде сакталып турган керээздин нускасына бул туурасында белги коет. Керээзди бузуу жөнүндө арыз нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
53-статья. Ишеним каттарын күбөлөндүрүү
Нотариус бир же бир нече адамдын атынан, бир же бир нече адамдын атына ишеним каттарды күбөлөндүрөт.
Башка бирөөгө ишеним көрсөтүү тартибинде берилген ишеним кат башка бирөөгө ишеним көрсөтүү укугунун шарттары айтылган негизги ишеним катты сунуш кылганда же негизги ишеним кат боюнча өкүл ишеним кат берген адамдын кызыкчылыгын коргоо үчүн жагдайга байланыштуу бул кадамга аргасыздан мажбур болгондугунун далилин көрсөткөн учурда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Башка бирөөгө ишеним көрсөтүү тартибинде берилген ишеним кат негизги ишеним кат боюнча берилгендегиден көбүрөөк укукту камтыбоого тийиш. Башка бирөөгө ишеним көрсөтүү тартибинде берилген ишеним каттын колдонулуу мөөнөтү негизги ишеним каттын колдонулуш мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
54-статья. Нотариалдык документтердин нускаларынын саны
Нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдүн мазмуну баяндалган документтердин нускаларынын саны экиден кем болбоого тийиш, анын бири нотариалдык кеңсенин иш кагаздарында калат.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
IX бөлүм
 Мурасталган мүлктү сактоого карата чара көрүү. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү
55-статья. Ачылган мурас жөнүндө мураскорлорго кабарлоо
Ачылган мурас жөнүндө билдирүүнү алган нотариус бул туурасында жашаган же иштеген жери өзүнө белгилүү болгон мураскорлорго кабарлоого милдеттүү.
Нотариус ошондой эле массалык маалымат каражаттарында бул туурасында ачык кабарлоо же билдирүү аркылуу мураскорлорду чакырышы мүмкүн.
56-статья. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арызды алуу
Мурас ачылган жердеги нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыздарды кабыл алат. Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыз кат жүзүндө болууга тийиш.
57-статья. Мурас калтыруучунун кредиторлорунан дооматтарды кабыл алуу
Мурас ачылган жердеги нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурас калтыруучунун кредиторлорунун дооматтарын кабыл алат. Дооматтар кат жүзүндө болууга тийиш.
58-статья. Мураска калтырылган мүлктү сактоо
Мурас ачылган жердеги нотариус граждандардын, юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча же өз демилгеси боюнча бул иш мураскорлордун, баш тартылган мурастарды алуучулардын, кредиторлордун же мамлекеттин кызыкчылыгында зарыл болгон учурда мураска калтырылган мүлктү сактоо жагынан чара көрөт.
59-статья. Мураска калтырылган мүлктү сактоо жагынан чара көрүү жөнүндө тапшырма
Эгерде мурас калтыруучунун мүлкү же мүлктүн бир бөлүгү мурас ачылган жерде болбосо, мурас ачылган жердеги нотариус тиешелүү нотариуска, эгерде ошол калктуу пунктта нотариус болбосо, анда мураска калган мүлк турган жерде нотариалдык аракеттерди жасай турган аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын кызмат адамына аны сактоо жагынан чара көрүү жөнүндө тапшырма берет.
Нотариус же аткаруу бийлигинин тийиштүү органынын мураска калган мүлктү сактоо жагынан чара көргөн кызмат адамы көрсөтүлгөн чаралардын кабыл алынышы жөнүндө мурас ачылган жердеги мамлекеттик нотариуска билдирет.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
60-статья. Мураска калтырылган мүлктү тизмелөө жана сактоого өткөрүү
Мураска калган мүлктү сактоо үчүн мамлекеттик нотариус бул мүлктү тизмелейт жана аны мурастоочуларга же башка адамдарга сактоого өткөрө.
Эгерде мурастын составында башкарылуу талап кылынган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин мурас калтыруучунун кредиторлору тарабынан доо коюлган учурда мамлекеттик нотариус мураска калтырылган мүлктү сактоочуну дайындайт. Мамлекеттик нотариус болбогон жерде аткаруу бийлигинин тийиштүү органы көрсөтүлгөн учурларда мураска калган мүлктүн үстүнөн көзөмөлчү дайындайт.
Сактоочу, көзөмөлчү жана мураска калтырылган мүлк сактоого берилген башка адамдар мураска калтырылган мүлктүн жок кылынышы, ажыратылышы же жашырып коюлушу үчүн жана мураскорлор келтирген чыгаша үчүн жоопкерчилик тарта тургандыгы туурасында эскертилет.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
61-статья. Мураска калтырылган мүлктүн сакталышы үчүн акы
Сактоочу, көзөмөлчү жана мураска калтырылган мүлк сактоого берилген башка адамдар мураскорлор болуп саналбаган учурда мураска калтырылган мүлктүн сакталышы үчүн мураскорлордон акы алууга укуктуу.
Көрсөтүлгөн адамдарга ошондой эле бул мүлктү пайдалануудан алынган иш жүзүндөгү пайданы чыгарып салуу менен мураска калтырылган мүлктү сактоо жана башкаруу боюнча зарыл чыгымдардын орду кайтарылып берилет.
62-статья. Мураска калтырылган мүлктү сактоого карата чараларды токтотуу
Мураска калтырылган мүлктү сактоо мураскорлор бул мурасты кабыл алганга чейин, ал эми мүлктү алар кабыл ала элек болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мурасты кабыл алуу мөөнөтү бүткөнгө чейин улантыла берет.
Мурас ачылган жердеги нотариус мураска калтырылган мүлктү сактоо жагынан чараларды токтотуу жөнүндө мураскорлорго, эгерде мүлк мурастоо укугу боюнча мамлекетке өтсө - тийиштүү мамлекеттик органга алдын ала билдирүүгө милдеттүү.
63-статья. Мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө
Мурас ачылган жердеги нотариус мураскорлор мурасты кабыл алганга чейин, эгерде кабыл алына элек болсо мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мамлекетке берилгенге чейин мураска калтырылган мүлктүн эсебинен төмөндөгү чыгымдарды төлөтүп берүү жөнүндө буйрук чыгарат:
1) мураскор ооруп жаткан учурда аны багууга, ошондой эле анын сөөгүн коюуга жана сөөгү коюлган жерди жасалгалоого кетүүчү чыгымдар;
2) мураска калтырылган мүлктү сактоого жана аны башкарууга, ошондой эле мураскорлорду чакыруу жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялоого кетүүчү чыгымдар.
Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен мураска калтырылган мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөп берүүнүн башка учурлары да белгилениши мүмкүн.
64-статья. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк тапшырылуучу жер жана күбөлүктү берүү мөөнөтү
Мураскорлордун кат жүзүндөгү билдирүүсү боюнча мурас ачылган жердеги нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет.
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт.
65-статья. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү тартиби
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык мурасты кабыл алган мураскорлорго берилет.
Мурасты кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген мураскор мурасты кабыл алган башка бардык мураскорлордун макулдугу менен мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Бул макулдук мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк мураскорлордун каалоосуна жараша бардыгына бирге же ар бирине өз-өзүнчө берилет.
Нотариус мураскордун мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн ал жашаган жердеги көзөмөлчүлүк жана камкорчулук органдарына жашы жете элек же акыл-эси соо эмес мураскордун атына мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги туурасында билдирет.
Мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өткөн учурда мурастоо укугу туурасындагы күбөлүк тийиштүү мамлекеттик органга берилет.
66-статья. Мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү мыйзам боюнча берүү шарттары
Нотариус мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү мыйзам боюнча берүүдө тийиштүү далилдерди талап кылуу жолу менен мурас калтыруучунун көзү өткөндүгүн, мурас ачылган убактысын жана ордун, мурастоого укук алуу жөнүндө күбөлүк берүү туурасында арыз берген адамдарды Мыйзам боюнча мурасты алып калууга чакыруу үчүн негиз болуп саналган мамилелердин бар экендигин, мураска калган мүлктүн составын жана турган жерин текшерет.
Эгерде бир же бир несе мураскор мыйзам боюнча мурастоого чакыруу үчүн негиз болуп саналган мамилелердин далилин келтирүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган болсо, алар мурасты кабыл алган жана мындай далилдерди келтирген калган бардык мураскорлордун макулдугу менен мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн.
67-статья. Керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүү шарттары
Нотариус керээз боюнча мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктү берүүдө тийиштүү далилдерди талап кылуу жолу менен мурас калтыруучунун көзү өткөндүгүн, керээздин бар экендигин, мурастын ачылган убактысын жана ордун, мураска калган мүлктүн курамын жана турган жерин текшерет.
Нотариус ошондой эле мураска калган мүлктө милдеттүү үлүшүн алууга укуктуу болгондордун чөйрөсүн тактайт.
X бөлүм
Жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берүү, мүлктү ажыратууга тыюу салуу жана аны алып коюу
68-статья. Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүү
Нотариус жубайлардын же менчик ээлеринин (биргелешкен же үлүштүк  менчиктин) биргелешкен жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берет.
Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк ошол мүлк жайгашкан жери боюнча нотариус тарабынан берилет.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
69-статья. Кийин калган жубайдын арызы боюнча жалпы мүлктөгү үлүшүн менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берүү
Жубайлардын биринин көзү өткөндө алардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк мурас ачылып жаткан жердеги нотариус тарабынан мурасты кабыл алып жаткан мураскорлорго кабарлоо менен кийин калган жубайдын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча берилет.
Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк кийин калган жубайга нике учурунда жыйналган жалпы мүлктүн жарымына берилет.
Мурасты кабыл алган мураскорлордун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча жана кийин калган жубайдын макулдугу менен менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүктө көзү өткөн адамдын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
70-статья. Мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу жана тыюу салууну алып коюу
Мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу жана аны алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленеген шарттарда жана тартипте жүзөгө ашырылат.
XI бөлүм
 Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан жазылып алынгандардын тууралыгын, өз кол коюусунун жана факсимилдик колтамганын аныктыгын жана котормонун тууралыгын күбөлөндүрүү
71-статья. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан жазылып алынгандардын тууралыгын күбөлөндүрүү
Нотариус бул документтер Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына карама-каршы келбеген шартта юридикалык жактарга, ошондой эле граждандарга берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан жазылып алынгандардын тууралыгын күбөлөндүрөт.
Жазып алып жаткан документте өз ара байланышпаган бир нече айрым-айрым маселелердин чечимдери камтылган учурда гана жазып алынгандардын тууралыгы күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Жазып алуу белгилүү бир маселе боюнча документтин бир бөлүгүнүн толук текстин чагылдырууга тийиш.
72-статья. Гражданга берилген документтин көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү
Гражданга берилген документтин көчүрмөсүнүн тууралыгы, граждандын документтеги койгон колунун аныктыгы нотариус же граждан иштеген, окуган же жашаган жердеги уюмдун кызмат адамы тарабынан ырасталганда гана анык деп күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
73-статья. Документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн тууралыгын күбөлөндүрүү
Документтин көчүрмөсүнөн алынган көчүрмөнүн тууралыгы нотариус тарабынан көчүрмөнүн тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөндө же документтин көчүрмөсү документтин түп нускасы чыгып жаткан юридикалык жак тарабынан берилгенде гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Мында документтин көчүрмөсү ошол юридикалык жактын бланкында даярдалууга, мөөр басылууга жана документтин түп нускасы юридикалык жакта экендиги туурасында белги коюлууга тийиш.
74-статья. Документке өз кол коюусунун аныктыгын күбөлөндүрүү
Нотариус мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген документке өз кол коюусунун аныктыгын күбөлөндүрөт.
Нотариус өз кол коюусунун аныктыгын күбөлөндүрүп, документте баяндалган фактыларды күбөлөндүрбөйт, ал бар болгону өз кол коюу белгилүү бир адамдыкы экендигин гана ырастайт.
74-1-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусунун аныктыгын күбөлөндүрүү
Факсимилдик кол коюу (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам (көрүүнүн бузулушу, колу-буту жоктугу, кыймыл координациясынын бузулушу, шал болуу) өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өз кол коюусун алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам техникалык каражаттардын жардамы менен даярдалган штампты (клишени) нотариуска берет, аны менен нотариустун катышуусунда кол коёт, андан кийин нотариус коюлган колунун үлгүсүн күбөлөндүрөт жана бул факсимиленин аныктыгы тууралуу күбөлүктү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамга берет.
Күбөлөндүрүлгөн факсимиле өзүнүн юридикалык мааниси боюнча өз кол коюусуна толугу менен теңдештирилет.
Факсимиле жоголгондо жана жаңы штамп даярдалганда аны кайтадан нотариаттык күбөлөндүрүү талап кылынат.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык))
75-статья. Котормонун тууралыгын күбөлөндүрүү
Эгерде нотариус тийиштүү тилдерди билсе, бир тилден экинчи тилге которулган котормонун тууралыгын күбөлөндүрөт.
Эгерде нотариус тийиштүү тилдерди билбесе, котормо койгон колунун аныктыгын нотариус күбөлөндүрүп жаткан котормочу тарабынан жасалышы мүмкүн.
XII бөлүм
 Фактыларды күбөлөндүрүү
76-статья. Граждандын тирүү экендигин күбөлөндүрүү
Нотариус граждандын тирүү экендигин күбөлөндүрө алат.
Жашы жете элек өспүрүмдүн тирүү экендигин күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алгандардын, көзөмөлчүлөрдүн, камкорчулардын), ошондой эле жашы жетпеген өспүрүм камкордугунда турган уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
77-статья. Граждандын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрүү
Нотариус граждандын өтүнүчү боюнча анын белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрө алат.
Жашы жете элек өспүрүмдүн белгилүү бир жерде жүргөндүгүн күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алгандардын, көзөмөлчүлөрдүн камкорчулардын), ошондой эле жашы жете элек өспүрүм камкордугунда турган уюмдардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
78-статья. Граждандын фото сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрүү
Нотариус граждандын ал алып келген фото сүрөттөгү адам менен окшоштугун күбөлөндүрөт.
79-статья. Документтер сунуш кылынган убактыны күбөлөндүрүү
Нотариус өзүнө документ берилген убактыны күбөлөндүрөт.
XIII бөлүм
 Жеке жана юридикалык жактардын арыздарын берүү, акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
80-статья. Арыздарды берүү
Нотариус граждандардын, юридикалык жактардын арыздарын башка граждандарга, юридикалык жактарга жекече кол койдуруп алуу менен бере алат же жеткендигин кабарлоо талабы менен почта аркылуу жөнөтө алат. Арыздар ошондой эле телефаксты, компьютердик тармактарды жана башка техникалык каражаттарды пайдалануу менен берилиши мүмкүн.
Арыздарды берүү үчүн техникалык каражаттарды пайдалануу менен байланышкан чыгымдарды өтүнүчү боюнча нотариалдык аракет жасалып жаткан адам төлөп берет. Арыз берген адамдын өтүнүчү боюнча ага арыз берилгендиги туурасында күбөлүк берилет.
81-статья. Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке алуу
Нотариус Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарында каралган учурларда кредиторго берүү үчүн депозитке акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды береседен кабыл алат.
Акчалай суммалардын жана баалуу кагаздардын түшкөндүгү жөнүндө нотариус кредиторго кабарлайт жана анын талабы боюнча ага тиешелүү акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды берет.
Акчалай суммаларды жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу милдеттенме аткарылган жердеги нотариус тарабынан жүргүзүлөт.
82-статья. Акчалай сумманы жана баалуу кагаздарды аларды депозитке койгон адамга кайра кайтарып берүү
Акчалай сумманы жана баалуу кагазды депозитке койгон адамга кайра кайтарып берүүгө пайдасына ушул мүчөлүк акы жасалган адамдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен же соттун чечими боюнча гана жол берилет.
XIV бөлүм
 Аткаруу талабын жазуу
83-статья. Карыз тараптан акчалай сумманы өндүрүү же мүлкүн талап кылуу
Карыз тараптан акчалай сумманы өндүрүү же мүлкүн талап кылуу үчүн нотариус карызды күбөлөндүргөн документтерге жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтерге аткаруу талабын жазат.
Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу менен акчалай суммаларды өндүрүү үчүн нотариус карызды белгилеген бардык документтерге, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге аткаруу талабын жазат.
(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 32, 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
84-статья. Карызды өндүрүү талашсыз таратипте жүргүзүлүүчү доку менттердин тизмеси
Аткаруу талабын жазуунун негизинде карызды өндүрүү талашсыз тартипте жүргүзүлүүчү документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
85-статья. Аткаруу талабын жазуунун шарттары
Аткаруу талабы төмөнкү шарттарда жазылат:
1) эгерде сунуш кылынган документтер карыздардын доочунун алдында карыз экендигинин талашсыздыгын же башка жоопкерчилигин ырастап турса;
2) эгерде доо коюу укугу пайда болгон күндөн тартып үч жылдан ашык убакыт өтсө, ал эми ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ортосундагы мамилелерде - бир жылдан ашпаган убакыт өтсө.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ал боюнча аткаруу талабын жазуунун башкача эскирүү мөөнөтү белгиленсе, аткаруу талабынын жазуусу ушул мөөнөттүн чегинде берилет.
86-статья. Аткаруу талабынын жазуусунун мазмуну
Күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүүнү жүргүзүү жолу менен жазылуучу аткаруу талабы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аткаруу талабын жазган нотариустун фамилиясын, аты-жөнүн, кызмат ордун;
2) өндүрүүчүнүн аталышын жана дарегин;
3) карызкордун жана күрөө коюучунун аталышын жана дарегин;
4) өндүрүү жүргүзүлүүчү мөөнөттүн белгиленишин;
5) өндүрүлүүгө тийиш сумманы, эгерде киргизилсе, анын ичинде туумдар, пайыздар;
6) күрөө предметинин аталышын, анын дарегин, менчик ээсинин (күрөө коюучу) атын (аталышын) жана анын дарегин;
7) күрөө келишиминин датасын (күнүн, айын, жылын жана реестрдик номерин);
8) өндүрүүчү төлөгөн жана карызкор төлөөгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын өлчөмүн;
9) аткаруу талабы жазылган датаны (күнүн, айын, жылын);
10) реестрде аткаруу талабынын катталган номерин;
11) аткаруу талабын жазган нотариустун кол тамгасын;
12) нотариустун мөөрүн.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
87-статья. Аткаруу талабынын жазуусу боюнча өндүрүү тартиби
Аткаруу талабынын жазуусу боюнча өндүрүү Кыргыз Республикасынын граждандык процессуалдык мыйзамдарында соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
88-статья. Аткаруу талабынын жазуусун көрсөтүү мөөнөтү
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мөөнөттөр белгиленбесе, аткаруу талабынын жазуусу ал жазылган күндөн тартып үч жылдын ичинде мажбурлоо жолу менен аткартууга сунуш кылынышы мүмкүн.
Аткаруу талабынын жазуусун көрсөтүү үчүн өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын граждандык процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
XV бөлүм
 Векселдердин протесттерин жасоо, чектерди төлөөгө сунуш кылуу жана чектердин төлөнбөй калышын күбөлөндүрүү
89-статья. Вексел протести
Төлөнбөгөндө, акцепт болбогондо жана акцептин датасы болбогондо, векселдин протести нотариус тарабынан которулма жана жөнөкөй вексел жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүргүзүлөт.
90-статья. Чекти төлөөгө сунуш кылуу жана чектердин төлөнбөй калы шын күбөлөндүрүү
Төлөөчү турган жердеги нотариус эгерде чек Кыргыз Республикасынын аймагында берилсе, чек берилген күндөн тартып, он күн өткөндөн кийин; чек Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө болгон мамлекеттин аймагында берилсе, жыйырма күн өткөндөн кийин; эгерде чек кайсы бир башка мамлекеттин аймагында берилсе, жетимиш күн өткөндөн кийин, бирок бул мөөнөттөн кийинки күндөн тартып 12 сааттан кечиктирбестен көрсөтүлгөн чекти төлөөгө көрсөтүү үчүн кабыл алат.
Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекке жазуу жолу менен анын төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт жана реестрге бул туурасында белгилейт. Чектеги жазуу менен бир эле мезгилде анын чеги банк тарабынан төлөнбөгөндүгү жана чекке жазуу жазылгандыгы жөнүндө чек берүүчүгө билдирүү жөнөтөт.
Чек кармоочунун өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда аткаруу талабын жазат.
XVI бөлүм
 Документтерди сактоого кабыл алуу
91-статья. Документтерди сактоого кабыл алуу
Нотариус документтерди тизме боюнча сактоого кабыл алат. Тизменин бир нускасы нотариуста калат, экинчи нускасы документти сактоого тапшырган адамга берилет.
(Экинчи бөлүк КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Документтерди сактоого тапшырган адамга күбөлүк берилет.
(КР 2014-жылдын 3-июлундагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
92-статья. Сактоого кабыл алынган документтерди кайтаруу
Сактоого кабыл алынган документтер күбөлүгү же тизмеси көрсөтүлгөндө же соттун чечими боюнча сактоого тапшырган адамга же мыйзамдуу түрдө уполномочиеси бар адамга кайтарылат.
XVII бөлүм
 Деңиз протесттерин жасоо
93-статья. Деңиз протести жөнүндө билдирүү
Нотариус кеменин ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында кеме сүзүп жүргөн же токтоп турган мезгилде болуп өткөн окуя жөнүндө кеменин капитанынын билдирүүсүн кабыл алат, ал кеменин ээсине мүлктүк талаптарды коюуга негиз болуп саналышы мүмкүн.
Деңиз протести жөнүндө билдирүү болгон окуянын жагдайларынын сүрөттөлүшүн жана өзүнө ишеним тапшырылган мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн капитан көргөн чараларды камтууга тийиш.
Деңиз протести жөнүндө билдирүүдө баяндалган жагдайларды ырастап, кеменин капитаны соода иштери менен деңизде сүзүүнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, билдирүү жасоо менен бир эле мезгилде портко кирген же окуя портто болуп өтсө, ошол учурдан тартып жети күндөн кечиктирбестен нотариуска кеме журналын жана капитан күбөлөндүргөн кеме журналынан жазылып алынгандарды берүүгө милдеттүү.
94-статья. Деңиз протести жөнүндө билдирүүнүн мөөнөтү
Соода иштери менен деңизде сүзүүнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык деңиз протести жөнүндө билдирүү кеме портко келген учурдан тартып 24 сааттын ичинде берилет. Эгерде деңиз протестин билдирүү зарылчылыгын пайда кылган окуя портто болуп өтсө, протест окуя болуп өткөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде билдирилүүгө тийиш.
Эгерде протести белгиленген мөөнөтүндө билдирүү мүмкүн болбосо, мунун себеби деңиз протести жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлүүгө тиийш.
95-статья. Деңиз протести жөнүндө акт түзүү
Нотариус капитандын билдирүүсүнүн, кеме журналынын маалыматтарынын, ошондой эле капитандын өзүн суракка алуунун жана кеменин командалык составынан мүмкүнчүлүккө жараша экиден кем эмес күбөнү жана кеменин командасынан эки күбөнү сурап чыгуунун негизинде деңиз протести жөнүндө акты түзөт жана аны өзүнүн колун коюп жана гербдүү мөөрүн басуу менен күбөлөндүрөт.
XVIII бөлүм
 Далилдерди камсыз кылуу
96-статья. Соттордо же административдик органдарда иш пайда болгон учурда зарыл болгон далилдерди камсыз кылуу
Тийиштүү адамдардын өтүнүчү боюнча нотариус кемеде же административдик органда иш пайда болгон учурда зарыл болуучу далилдерди камыз кылат, мында сунуш кылынган далилдер кечигип кетсе, кийин аларды алуу мүмкүн болбой калат же алуу кыйынга турат деп болжоого негиз болууга тийиш.
Нотариус тийиштүү адамдар ага кайрылган учурда соттун же административдик органдын өндүрүшүндө турган иш боюнча далилдерди камсыз кылбайт.
97-статья. Далилдерди камсыз кылуу боюнча нотариустун аракети
Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариус күбөлөрдү суракка алат, жазылган жана заттык далилдерди карап чыгат, экспертиза дайындайт.
Далилдерди камсыз кылуу боюнча процессуалдык аракеттерди аткарууда нотариус Кыргыз Республикасынын граждандык процессуалдык мыйзамдарынын тийиштүү нормаларын жетекчиликке алат.
Нотариус тараптарга жана тиешелүү адамдарга далидер менен камсыз кылуу убактысы жана орду жөнүндө билидрет, бирок алардын келбей калышы далилдерди камсыз кылуу боюнча аракеттерди аткаруу үчүн тоскоол болуп саналбайт.
Тараптардын бирине жана тийиштүү адамдарга кабарлабастан далилдерди камсыз кылуу кийинкиге калтырууга болбой турган же кийин кимдер ишке катыша тургандыгын аныктоого болбогон учурларда гана жүргүзүлөт.
Чакыруу боюнча күбө же эксперт катышпаган учурда нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган чараларды көрүү үчүн күбө же эксперт жашаган жердеги эл сотуна бул туурасында билдирет.
Нотариус күбөгө жана экспертке атайлап жалган көрсөтмө же корутунду берүү үчүн жана көрсөтмө же кортунду берүүдөн баш тартуу же четтөө үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертет.
XIX бөлүм
 Нотариус тарабынан чет өлкөлүк укуктун нормаларын колдонуу. Эларалык келишимдер
98-статья. Чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонуу
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлүк укуктун ченемдерин колдонот.
Нотариус эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык түзүлгөн документтерди кабыл алат, ошондой эле эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишидерине каршы келбесе, башка мамлекеттердин мыйзамдарында каралган түрлөрү күбөлөндүрүлгөн жазууну жазат.
99-статья. Мураска калтырылган мүлктү сактоо жана мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү
Чет өлкөлүк граждан дүйнөдөн кайткандан кийин калган мүлктү же Кыргыз Республикасынын гражданы дүйнөдөн кайткандан кийин чет өлкөлүк гражданга таандык болгон мүлктү Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо менен, ошондой эле мындай мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берүү менен байланышкан аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
100-статья. Чет өлкөдө түзүлгөн документтерди нотариустун кабыл алышы
Чет өлкөдө башка мамлекеттердин компетенттүү органдарынын кызмат адамдарынын катышуусу менен түзүлгөн же алардан чыккан документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин органы аларды легалдаштырган шартта нотариус тарабынан кабыл алынат.
Мындай документтер мыйзамдаштырылмайынча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда гана кабыл алынат.
101-статья. Нотариустун башка мамлекеттердин юстиция органдары ме нен өз ара мамилеси
Нотариустун башка мамлекеттердин юстиция органдары менен өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталат.
102-статья. Башка мамлекеттердин органдарында иштерди жүргүзүү үчүн талап кылынган далилдерди камсыз кылуу
Нотариус башка мамлекеттердин органдарында иштерди жүргүзүү үчүн талап кылынган далилдерди камсыз кылат.
103-статья. Эл аралык келишим
Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык келишиминде нотариалдык аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандагыдан башка эрежелер белгиленсе, нотариалдык аракеттерди жасоодо эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган нотариалдык аракеттерди жасоону нотариустун компетенциясына киргизсе, нотариус бул нотариалдык аракетти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзөт.
(КР 2010-жылдын 4-мартындагы N 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III БӨЛҮК
 КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР
104-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" гезитинин 1998-жылдын 10-июнундагы N 71-72 санында жарыяланган
Төмөнкүлөр:
- "Мамлекеттик нотариат жөнүндө" Кыргыз ССРинин Закону (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1974-жыл, N 13 санына тиркеме);
- "Мамлекеттик нотариат жөнүндөгү" Кыргыз ССРинин Законун колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз ССР Жогорку Советинин Токтому (Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ведомосттери, 1974-жыл, N 13, 76-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
(КР 1999-жылдын 7-июлундагы N 65 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
 
Кыргыз Республикасынын Президенти
 
А.Акаев
 
1998-жылдын 6-майында
 
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы