21 Тогуздун айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы


Бишкек шаары
2007-жылдын 15-августу № 153
 
(Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын,
Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 93 декретинин
редакцияларына ылайык)
 
 
1-статья. Түшүнүктөр жана мамлекеттик алым төлөөчүлөр
Мамлекеттик алым – тиешелүү мамлекеттик органдар – соттор, мамлекеттик нотариустар жана башка атайын ыйгарым укуктуу органдар ошондой эле жеке нотариустар тийиштүү бир иштерди аткарууда жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө алар тарабынан өндүрүлүүчү акча жыйымы.
Мамлекеттик алым төлөөчүлөр жеке адамдар жана юридикалык жактар болуп эсептелет.
 
2-статья. Мамлекеттик алымдын түрлөрү
Мамлекеттик алым жөнөкөй жана пропорционалдуу болуп бөлүнөт. Жөнөкөй мамлекеттик алым туруктуу суммада алынат. Пропорционалдуу мамлекеттик алым тиешелүү суммада пайыздык катышта алынат.
 
3-статья. Мамлекеттик алым алуу объектилери
Мамлекеттик алым төмөнкүлөрдөн алынат.
1) көзөмөл тартибиндеги соттук актыларын кайра кароо жөнүндө даттануулардан тышкары сотко берилүүчү доо коюу жана башка арыздардан жана даттануулардан, ошондой эле сот тарабынан документтердин көчүрмөлөрүн берүү үчүн;
2) нотариалдык конторалар жана ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан нотариалдык иштерди жасоо, ошондой эле нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн (дубликаттарын) берүү үчүн;
3) жарандык абалды каттоо жөнүндө кайтадан күбөлүктөрдү жана жарандык абалдын актылары боюнча жазуулардын өзгөрүшүнө, толукталышына, оңдолушуна жана калыбына келтирүүгө байланыштуу жарандарга күбөлүктөрдү берүү үчүн;
4) чет өлкөлөргө чыгуу жана чет өлкөлөрдөн адамдардын Кыргыз Республикасына чакыруу боюнча келүү укугуна документтерди жолжоболоштуруу, ушундай документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн; паспорт же аларды алмаштыруучу документтер боюнча чет өлкөлүк жарандарды каттоо жана каттоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн; жашап турууга укук берүү же аны узартуу үчүн; Кыргыз Республикасына келүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна чет өлкөлүк жаранга виза берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын аймагында болуу укугуна визаны узартуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө документтерди кароо үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн;
6) аңчылык, балык кармоо укугуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка иштерге уруксат берүү үчүн;
7) аукциондорду өткөрүү үчүн, аукциондордо жасалуучу бүтүм үчүн; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекемелердин мүлкүн сатып алуу үчүн;
8) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган жер участокторуна укуктар менен жасалуучу бүтүмдөр үчүн;
9) лицензияларды берүү үчүн;
10) жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизме боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталуучу, юридикалык мааниси бар документтерди берүү жана башка иш-аракеттер үчүн.
 
4-статья. Мамлекеттик алымдын ставкалары
Мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт.
 
5-статья. Мамлекеттик алымдын ставкаларын азайтуу
Жарандардын айрым категорияларына Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун берүүдө мамлекеттик алымдын ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипке жана тизмеге ылайык азайтылат.
 
6-статья. Мамлекеттик алым төлөө боюнча жеңилдиктер
1. Ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик алым алуудан төмөнкүлөр бошотулат:
1) доогерлер – эмгекке акы төлөө тартибинде жана эмгектик укук мамилелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча эмгек акыны жана башка суммаларды өндүрүү жөнүндө доолор боюнча;
2) доогерлер – автордук укуктан, ойлоп чыгууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө автордук укуктардан, ошондой эле интеллектуалдык менчикке башка укуктардан келип чыгуучу доолор боюнча;
3) доогерлер – алименттерди өндүрүү боюнча доолор боюнча;
4) доогерлер – майып болуу же ден соолугуна башка жаракат алуу боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө, ошондой эле багуучусунун өлүмүнө байланыштуу доолор боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жана анын органдары жапа чеккендерге же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсиялардын суммасына зыян келтирүүчүдөн аны өндүрүү жөнүндө регрессивдүү доо боюнча, туура эмес төлөнгөн жөлөкпулдар менен пенсияларды өндүрүү жөнүндө доо боюнча, жарандардан милдеттүү төлөмдөрдү өндүрүү жөнүндө доо боюнча, милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндө доо боюнча, өндүрүлгөн суммалар пенсиялар менен жөлөкпулдарды каржылоого жумшала турган мүлктүк мүнөздөгү доолор боюнча;
6) доогерлер – кылмыш тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча;
7) тараптар – никени бузуу жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык даттануулардан;
8) тараптар – мыйзамсыз камоо, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, алдын алуу чарасы катарында камакка алууну мыйзамсыз колдонуу же болбосо камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз администрациялык жаза берүү аркылуу жаранга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга байланыштуу талаш-тартыштар жана регрессивдүү доолор боюнча;
9) жеке адамдар жана юридикалык жактар – кылмыш иштерин жана алименттерди өндүрүү жөнүндө иштерди кароого байланыштуу аларга документтерди берүү үчүн;
10) жарандар – мамлекеттик жөлөкпулдарды жана пенсияларды алуу үчүн, ошондой эле бала (кыз) асырап алуу жана камкорчулук иштери боюнча керектүү документтерди берүү же документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
11) мамлекеттик жана коомдук органдар, жеке адамдар жана юридикалык жактар башка жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоого сотко арыз менен кайрылган учурларда;
12) жарандар – кылмыш жасоодон келтирилген материалдык зыянды өндүрүүнүн тууралыгы талашка түшкөн кылмыш иштери боюнча апелляциялык даттануулардан;
13) ички иштер органдары – доогерлер – алименттерди жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарды издөө боюнча чыгымдарды өндүрүү жөнүндө иштер боюнча;
14) финансы органдары – өзгөчө өндүрүш иштери боюнча арыздарды сотко берүү үчүн;
15) жеке адамдар жана юридикалык жактар – сотко төмөнкүлөрдү берүү үчүн:
- ишти токтотуу же аларды кароосуз калтыруу жөнүндө сот актыларын жоюу тууралуу, сот актысын аткарууну кийинкиге калтыруу же жылдыруу мөөнөтүн берүү жөнүндө, сот актысын аткаруу ыкмасын жана тартибин өзгөртүү, даттанууларды камсыздоо же камсыз кылуу түрүн башкага алмаштыруу жөнүндө арыздарды;
- жаңыдан ачылган кырдаал боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндө арыздарды;
- сот тарабынан салынган айыптарды алып салуу же азайтуу жөнүндө арыздарды;
- өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү жөнүндө арыздарды, ошондой эле сот аткаруучулардын иштерине даттанууларды;
- айыптарды алып салуу же азайтуудан баш тартуу жөнүндө сот актыларына жеке даттанууларды, сот актыларына башка жеке даттанууларды;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча ага ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чыгарылган актыларга даттанууларды;
16) прокурор – жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарында, ошондой эле коомдук жана мамлекеттик таламдарды коргоого берилген дооматтар боюнча;
17) бардык инстанцияларда доогер жана жоопкер катары чыгуучу салык, бажы жана башка финансы органдары – мыйзамдарда белгиленген негиздер боюнча ар кандай уюштуруучулук-укуктук формадагы юридикалык жактарды жоюу жөнүндө; юридикалык жакты түзүүнүн белгиленген тартибин бузган же мыйзамдардын талаптарына уюштуруу документтери туура келбеген учурларда юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жараксыз деп табуу жөнүндө; мындай учурларда алынган кирешелерди өндүрүү жөнүндө; бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу жана мындай бүтүмдөр боюнча бардык алынгандарды мамлекеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө; башка мыйзамсыз иштердин натыйжасында бардык сатып алынгандардын суммасын өндүрүү жөнүндө дооматтар боюнча;
18) майыптардын коомдук уюмдары, азиздер менен дүлөйлөрдүн коому, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери – сотко берилүүчү бардык доолор боюнча;
19) жаратылышты коргоо органдары – айлана-чөйрөнү булгоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу, аңчылык, балыкчылык жана балык запастарын коргоо эрежелерин бузуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга каражаттарды мамлекеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө доолор боюнча;
20) доогерлер – мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер жана кредиттер боюнча карыздарды өндүрүү маселелерине байланыштуу доолор боюнча;
21) доогерлер – стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу боюнча эрежелерди бузгандыгы үчүн мөөнөтүндө айып төлөбөгөндүгүнө байланыштуу доолор боюнча;
22) доогерлер – керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланыштуу доолор боюнча;
23) администратор (жоюучу) – “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” жана “Банктарды консервациялоо, жоюу же банкрот кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук процесси же жоюу процедурасы жүргүзүлүп жаткан жактын таламдарында бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катары чыкканда;
24) банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары – карыз болгон жакты банкрот деп табуу жөнүндө арыз боюнча;
25) илим жана интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдар менен аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
26) монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – бюджетке айыптык жана экономикалык санкцияларды өндүрүү жөнүндө жана монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө доолор боюнча;
27) баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – анын компетенциясына кирген маселелерге байланыштуу, анын ичинде баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөрдү жана чыгарылган баалуу кагаздарды жараксыз деп табуу жөнүндө доолор боюнча;
28) доогер катары чыгуучу мамлекеттик органдар – кызматтык милдеттерин аткарууда зыян келтирген жактарга карата регрессивдүү доолор боюнча;
29) мамлекеттик материалдык резервдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасындагы тиешелүү мыйзамдар менен аныкталган функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу менен түздөн-түз байланышкан доолор боюнча;
30) спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу, сактоо жана сатууга контролдук кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спиртти жана алкоголдук продукцияларды чыгарууга жана жүгүртүүгө мамлекеттик монополия чөйрөсүндөгү таламдарды коргоо, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доогерлер;
31) санитардык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган санитардык мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу доолор боюнча доогерлер;
32) Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретарлары, бул кызматта кеминде 5 жыл иштегендер – өздөрүнүн ар-намысын жана беделин коргоого байланыштуу доолору боюнча;
33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү – бардык иштер боюнча доогер жана жоопкер катарында.
Сот же судья категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу жакыр жана аз камсыз болгон жарандарды – доогерлерди сот иштери боюнча мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.
2. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
3. Нотариалдык иштерди аткарган органдарда төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) жарандар – мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле бала багып алуу иштери боюнча;
2) жарандар – алардын мурастарын жана мүлктү белекке берүү келишимдерин мамлекеттин пайдасына күбөлөндүрүү үчүн;
3) салык жана финансы органдары – мурастоого мамлекеттин укугу жөнүндө аларга күбөлүктөрдү же анын дубликаттарын, ошондой эле күбөлүктөрдү жана алардын дубликаттарын алуу үчүн зарыл болгон бардык документтерди берүү үчүн;
4) майыптардын коомдук уюмдары, азиздер менен дүлөйлөр коому, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалар жана бирикмелер – бардык нотариалдык иштер боюнча;
5) юридикалык жактар жана жарандар – аларга мурастоого укугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн:
- мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарууга байланыштуу мамлекетти коргоодо же болбосо адам өмүрүн сактоо, мамлекеттик менчикти же укук тартибин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын милдетин аткарууга байланыштуу курман болгон адамдардын мүлкү;
- эгерде мурастоочу адам менен бирге жашаса, мурастоочу адам өлгөн күндө ошол жерде каттоодо турса жана ал өлгөндөн кийин да ошол үйдө (квартирада) жашаса, турак үй (квартира) же турак жай-курулуш кооперативиндеги пай жөнүндө;
- банктардагы салымдар, жеке мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу суммалары, мамлекеттик займдардын облигациялары, эмгек акы, автордук укуктар суммалары, автордук гонорардын суммасы жана ачылыштар, ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр үчүн сыйлыктар;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана анын мекемелери бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча;
7) жарандар – пенсияларды жана жөлөкпулдарды алууга ишеним каттарды күбөлөндүрүү үчүн;
8) энелер – көп балалуулугу үчүн аларды ордендер жана медалдар менен сыйлоо жөнүндө иштер боюнча документтердин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
9) Кыргыз Республикасынын аскер бөлүктөрү, мекемелери, ишканалары жана уюмдары – зыяндын ордун толтурууга карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;
10) мектеп – интернаттар – мектеп-интернаттарда балдарды кармоо үчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;
11) финансы органдары – Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын баштапкы кесиптик билим берүү системасынын кесиптик окуу жайларында, лицейлеринде балдарды окутуу жана багуу үчүн ата-энелерден карыздарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасашкандыгы үчүн;
12) иштеген (кызматтык) жери боюнча бөөдө кырсыктын натыйжасында өлүмгө учураса, эгерде алар ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин каражаттарынын эсебинен камсыздандырылса, жумушчулар менен кызматчылардын мурасчылары – камсыздандыруу сый акысын мурастоо укугун ырастоочу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
13) жин оорусунан же кем акылдыктан жапа чеккен, аларга мыйзамда белгиленген тартипте камкордук көрүү уюштурулган жарандар – аларга мүлктү мурастоо жөнүндө күбөлүк алуу үчүн;
14) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, алардын аялдары, ошондой эле Мекенди коргоодо же аскердик кызматтын башка милдетин аткарууда алган жаракаттан, контузиядан же майыптыктан же болбосо фронтто болууга байланыштуу оорунун кесепетинен майып болушкан аскер кызматчыларынын арасындагы башка майыптар – бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча;
15) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар – жеңилдиктерди берүү үчүн керектүү документтеринин көчүрмөлөрүнүн (дубликаттарынын) тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн;
16) жарандар – жүргүнчүлөрдү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларын жана жарандарга таандык мүлктү милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу ордун толтурууларды мурастоо укугу жөнүндө аларга күбөлүктөрдү берүү үчүн;
17) реабилитацияланган жарандар, багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия менен камсыздалуучу адамдардын чөйрөсүнө кирген алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана мыйзам боюнча биринчи кезектеги мурасчылары – реабилитациялоого жана зыяндын ордун толтурууга байланыштуу алар үчүн жасалуучу бардык иш-аракеттер үчүн;
18) автордук укуктар боюнча уюмдар – автордук укуктар боюнча төлөөгө эсептелген сыйлыктарды өндүрүү жөнүндө аткаруу жазууларын жасагандыгы үчүн;
19) үй-бүлөнүн орточо ар бир жанга кирешеси жакырчылыктын чегинен төмөн болгон жакыр жарандар – бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча.
4. Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттерге чыгуу жөнүндө иштер боюнча төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) жарандар – аларга дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү үчүн;
2) чет өлкөлүк туристтер – алардын документтерин каттоо үчүн;
3) жарандык жана кылмыш иштери боюнча тараптар, күбөлөр, жабырлануучулар жана эксперттер катары жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдерге ылайык чет өлкөлүк сотторго чакырылуучу жарандар – аларга чет өлкөлөргө чыгуу укугуна уруксаттарды жана документтерди берүү үчүн.
4) окууга же өндүрүштүк практикадан өтүүгө кетип жаткан окуучулар жана студенттер – аларга жарандын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн.
5. Жашаган жери боюнча жарандарды каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
1) кары-картаңдар жана майыптар үчүн үй-интернаттарда жашаган кары-картаңдар жана майыптар;
2) мектеп – интернаттардын жана баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринин толугу менен мамлекеттик камсыздоодо турган жана жатаканаларда жашаган окуучулары.
6. Жарандык абал актыларын каттоо жүргүзүүчү органдарга төмөнкүлөр мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат:
1) билим берүү уюмдары, жашы жетелектердин иштери боюнча комиссиялар – ата-энелерден кароосуз калган балдарды жана жетим балдарды бардык балдардын интернаттык мекемелерине жиберүү үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн;
2) жарандар – төрөлгөнүн, өлгөндүгүн, бала (кыз) асырап алууну жана аталыгын аныктоону каттоо үчүн, аларга жарандык абал актыларын каттоодо кетирилген каталыктарга байланыштуу аталыгын аныктоо, бала (кыз) багып алуу учурларында, туулгандыгы жөнүндө актылардын жазууларын өзгөртүүдө, толуктоо жана ондоо күбөлүктөрдү берүү үчүн;
3) жарандар – белгиленген тартипте дайынсыз жоголгондугун же жин оорусунан же кем акылдыгынан улам жөндөмсүз деп табылган адамдар менен же болбосо кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратылган адамдар менен никени бузуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде күбөлүктөрдү берүү үчүн;
4) жарандар – реабилитацияланган туугандарынын өлүмү тууралуу аларга дубликаттарды берүү же мурда берилген күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн;
5) жарандар – жарандык абал актыларын каттоо үчүн;
6) жарандар – тынчтык мезгилде аскердик кызматты өтөө убагында курман болушкан аскер кызматчыларынын жана аскер адистеринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн, жазууларды өзгөртүүгө, толуктоого жана ондоого байланыштуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү үчүн.
7. Мамлекеттик алым төлөөдөн биринчи жолу жалпы жарандык паспорт алгандар жана жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздугу боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар бошотулат.
 
7-статья. Мамлекеттик алымды бюджетке кириштөө
Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттик алым:
- сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт;
- мамлекеттик нотариуска жана жарандык абал актыларын каттоочу органдарга кайрылганда – 90 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 пайыз өлчөмүндө – юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна түшөт;
- жеке нотариуска кайрылганда 90 процент өлчөмү жергиликтүү бюджетке, 10 процент өлчөмү – жеке нотариустун карамагына түшөт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда 85 пайыз өлчөмүндө – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын блокирленген эсебине, 15 пайыз өлчөмүндө ички иштер органдарын өнүктүрүү фондуна түшөт.
 
8-статья. Мамлекеттик алымды төлөө жана кайтарып берүү тартиби
1. Мамлекеттик алым банктарга (филиалдарга) жана башка финансылык-кредиттик мекемелерге улуттук валютада накталай акча менен же болбосо банктагы төлөөчүнүн эсебинен которуу жолу менен төлөнөт. Мамлекеттик алымды алуу белгиленген формадагы квитанцияларды берүү аркылуу жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик алымдын өлчөмүн аныктоодо эмгек акынын минимум өлчөмүнүн белгиленген аз өлчөмү менен мамлекеттик алымды төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган эмгекке акы төлөөнүн минимум өлчөмү эске алынат.
2. Эгерде тараптардын бири мыйзам боюнча мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулса, аны экинчи тарап толугу менен төлөп берет.
3. Мамлекеттик алым ал салынуучу аракет ишке ашырылганга чейин, ошондой эле, сотко кайрылгандан башка учурларды кошпогондо документтерди берүүдө төлөнөт. Сотко кайрылганда мамлекеттик алым соттун доо арызды жана башка арыздарды жана даттанууларды кароосунун жыйынтыгы боюнча алынат.
4. Төлөнгөн мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилүүгө тийиш:
1) мамлекеттик алым Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден көп өлчөмдө төгүлгөндө;
2) нотариалдык иштерди жасоого ыйгарым укуктуу органдар аны жасоодон баш тарткан учурда;
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
4) мамлекеттик алым төлөгөн адамдар юридикалык жактан маанилүү иштерди жасоодон баш тартса;
5) жашы жетелек балдары жок жубайлардын өз ара макулдугу боюнча никени бузууну каттоо үчүн мамлекеттик алымды төлөсө, эгерде никени бузуу жубайлардын элдешүүсүнө же бирөөнүн келбей калышына байланыштуу болбой калса;
6) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүүдөн баш тартылса;
7) сот актысын кайра кароо жана даттанылуучунун сот актысын жоюу жөнүндө даттануулары канааттандырылса;
8) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныктоочу башка учурларда.
Прокурор мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарды коргоо боюнча ага берилген доолорду канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик алым мамлекеттик органдарды кошпогондо доо койгон адамдардан өндүрүлөт.
Мамлекеттик алымды кайтаруу алым бюджетке түшкөн күндөн баштап, бир жылдык мөөнөт бүткөнгө чейин сотко арыз берилген шартта соттун аныктамасынын негизинде аны бюджетке чегерген жердеги финансылык-кредиттик мекемелер аркылуу мамлекеттик салык органдары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайтарып берүү үчүн негиз болуп саналуучу кырдаал сот тарабынан сот актысында көрсөтүлөт.
6. Мамлекеттик алым төмөнкүдөй учурларда кайтарылып берилбейт:
1) доогер коюлган доодон баш тартса;
2) доогер өзүнүн талаптарын азайтса;
3) иш тараптардын тынчтык жол аркылуу макулдашуусу менен бүткөн учурларда.
 
9-статья. Мамлекеттик алым алуунун тууралыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Мамлекеттик алым алуучу мекемелердин жетекчилери иш-аракеттердин өз учурунда аткарылышы жана документтердин берилиши, алым алуунун тууралыгы, ошондой эле белгиленген тартипте бюджетке өз учурунда жана толук төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик алым алуучу мекемелердин иш-аракеттерин контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
 
10-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу
Мамлекеттик алым алуу шарттарына жана тартибине тиешелүү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аларды кабыл алуу мезгилине карабастан ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүктөрдө колдонулат.
 
11-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1993-ж., № 3, 88-ст.);
- “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 1, 8-ст.);
- “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995 -ж., № 12, 434-ст.);
- “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 501-ст.);
- “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 1-ст.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 10, 632-ст.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (“Эркинтоо” газетасы, 2001-жылдын 20-июлу, № 53);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 374-ст.);
- “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 2-ст.);
- “Мамлекеттик пошлина жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 3-ст.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005 -жыл., № 10, 760-ст.).
 
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
 
2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы