27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары


 
 
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына ылайык
 
 
III. Каттоо, маалымдама, күбѳлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын кѳчүрмѳлѳрүн жана жуп нускамаларын берүү тармагында  
20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Апостиль коюу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 44-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
1. Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган).
2. Коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик укук коргоо органы (мындан ары - ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган).
3. Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуу күчтөрүнүн курамдуу бөлүгү болуп эсептелген, ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу, чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иш-аракеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, анын эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана бөгөт коюу иштерин жүзөгө ашыруучу улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу орган).
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге төмөнкүлөрдүн маалымат такталарына жана расмий сайттарына жайгаштырылат:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын;
- ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын;
- улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдын
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (41-берене);
Гаага шаарында кол коюлган, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу конвенциясы (Кыргыз Республикасы 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 296 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кошулган);
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (12-3-берене);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун III бабынын 6-пунктунун "г" пунктчасы);
- 2010-жылдын 10-июнундагы УӨ № 75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө";
- 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 "Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу";
2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө";
2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" (4-бөлүмүнүн 44-пункту)
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Апостиль коюлган документ
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 5 күнгө чейин, анын ичинде:
- арызды кабыл алуунун жана/же кызмат көрсөтүүнү алууга иш аракеттердин чектелген убактысы - 30 мүнөткө чейин;
- кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 20 мүнөткө чейин.
Апостиль коюуга берилген расмий документке кол койгон кызмат адамынын кол тамгасынын үлгүсүн талап кылуу жана кол коюуга ыйгарым укугун бышыктоо жана (же) расмий документти чыгарган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын мөөрүнүн же бурч мөөрүнүн изинин үлгүсүн талап кылуу зарылчылыгы пайда болгон учурда апостилдештирүү мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдан;
- улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдан.
Маалымат төмөнкүдөй берилет:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрдө (телефон аркылуу, жолугушуу учурунда);
- электрондук форматта.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;
- гезиттер;
- төмөнкүлөрдүн коомдук кабылдамалары жана сайттары:
1) юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын;
2) ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын;
3) улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдан;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар;
- телефон боюнча.
Даректер, телефон номерлери жана иш режими:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын;
ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын;
- улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу  органдын сайттарына, такталарына жайгаштырылат.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, керүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берүүсү зарыл:
- үлгүгө ылайык расмий документке апостиль коюу жөнүндө арыз (арыздын үлгүсү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалымат такталарына илинет);
- апостиль коюу үчүн арналган расмий документ жана анын көчүрмөсү;
- апостиль койгондугу үчүн жыйымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- өздүгүн күбөлөндүргөн документ (көрсөтүлөт)
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан апостиль коюлгандыгы үчүн жыйым алынат.
Жыйымдын өлчөмү, алуу тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн  сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
- документтер Кыргыз Республикасынын элчиликтеринен же консулдук мекемелеринен берилген болсо;
- документтердин коммерциялык же бажы операцияларына түздөн-түз тиешеси болсо (төмөнкү документтер алардын кирбейт: уюмдаштыруучу документтер, мамлекеттик органдан чыккан патенттик документтер (каттоо жөнүндө күбөлүктөр, лицензиялар);
- чет өлкөгө алып чыгууга жана салып жиберүүгө жатпаган документтер болсо (аскердик билеттер, өздүк күбөлүк, паспорттор);
- башка мамлекеттер тарабынан берилген расмий документтер болсо;
- документ Гаага конвенциясынын мүчөсү болбогон же Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушуна каршы пикирин билдирген мамлекеттин аймагында апостиль коюу үчүн арналган документтер болсо (мамлекеттердин тизмеси төмөнкүлөрдүн расмий сайттарына, маалымат такталарына жайгаштырылат:
1) юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын;
2) ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын;
3) улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдын);
- документ бузулгандыгынан улам анын тексти окууга жараксыз болсо;
- документ калем менен толтурулган же кол коюлган же факсимилдик байланыш аркылуу алынган болсо;
- документ расмий түрдө ырасталбаган толуктоолорду же оңдоолорду камтыган болсо;
- документтер мыйзамдарды бузуу менен берилген болсо;
- кызмат адамынын кол тамгасы жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, кызмат адамынын мөөрүнүн же бурч мөөрүнүн изи ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы үлгүлөрүнө шайкеш келбеген болсо;
- расмий документке кол койгон кызмат адамынын ага кол коюуга ыйгарым укугу жок болсо;
- ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келбеген учурда
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү жазуу же оозеки түрүндө түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу төмөнкүлөргө кайрылууга укуктуу:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга;
- ички иштер органдарынын бирдиктүү тутумун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органга;
- улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органга.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жуп нускасын берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 68-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" (7-берене);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Күбөлүктүн жуп нускасы
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүү 3 жумуш күндүн ичинде берилет
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык органдардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышта);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдердеги буклеттерден, брошюралардан жана маалымат такталарынан алууга болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын дареги, телефондорунун номери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда жана анын аймактык органдарында башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары болушу керек.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген табличкалары (бейдж) болот.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү зарыл:
- Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жуп нускасын берүү жөнүндө арыз;
- "Слово Кыргызстана", "Эркин-Тоо" же "Кыргыз Туусу" гезиттеринде жарыяланган жараксыздыгы жана жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- ишеним кат (эгер керектөөчү ишеним каттын негизинде иштесе);
- паспорттун көчүрмөсүн же керектөөчүнүн инсандыгын күбөлөндүргөн документ катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таанылган башка документти
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүнүн наркы  монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү берилбейт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) идентификациялоого мүмкүн болбогондо;
- керектүү документтерди көрсөтпөгөндө;
- сунушталган документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу;
- күбөлүктүн жуп нускасын алуу үчүн ыйгарым укуктуу эмес жактын кайрылуусу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын жоктугу
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда керектөөчү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, керектөөчүнүн кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээси тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш
22. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Жеке жана юридикалык жактардын чакыртуусу боюнча нотариалдык иш жүргүзүү үчүн нотариустун баруусу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 69-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын мамлекеттик нотариустары (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик нотариустары).
Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик нотариустардын тизмеси, алар менен байланышуу жөнүндө маалымат, кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик нотариалдык контораларынын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Нотариат жөнүндө";
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179  "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускаманын 12-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Керектөөчүнүн чакыруусу боюнча мамлекеттик нотариустун нотариалдык иш жүргүзүү үчүн баруусу
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Керектөөчүгө же анын өкүлүнө кызмат көрсөтүү алар мамлекеттик нотариалдык конторага жеке кайрылууда төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 саатка чейин, анын ичинде:
- арызды кабыл алуу жана/же көрсөтүлө турган кызматты алуу иш аракеттерине чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин.
Ошону менен бирге мамлекеттик кызматты көрсөтүүнүн мөөнөтү нотариалдык ишти жасатуучу адамдын жашаган жерине чейин барууга сарпталган убакытка жараша болот
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык юстиция органдарынан;
- мамлекеттик нотариалдык конторалардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилет:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот.
Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу  органдын, анын аймактык органдарынын  жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымдоо такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты;
- аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы;
- телефон боюнча.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары болушу керек.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, нотариус төмөнкүлөргө милдеттүү:
жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо алардын көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга;
алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык жагын билбөөдөн зыян тартпоолору үчүн жасалып жаткан нотариалдык аракеттердин кесепети тууралуу эскертүүгө, алар жасап жаткан нотариалдык аракеттердин келечек натыйжалары жөнүндө эскертүүгө
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Керектөөчү же анын өкүлү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөрдү берүүсү зарыл:
- оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция.
Ошону менен бирге керектөөчү нотариустун сапарга чыгуусу үчүн бара турган жерине чейин транспорт жалдап же жол чыгымдарын төлөп бериши керек
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына  жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
 - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү:
кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Кызмат көрсөтүү нотариалдык иштерди аткаруу максатында жерине баруу үчүн нотариусту чакыруу жөнүндө керектөөчү арызын берген учурда электрондук форматта жарым-жартылай берилиши мүмкүн
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- жеке жана юридикалык жактардын максаттары жана ниеттери мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция көрсөтүлбөсө
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш
23. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо үчүн аталышын алдын ала текшерүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 70-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" (6-берене);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2011-жылдын 3-августундагы № 442 "Катталуучу (кайра катталуучу) юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) аталышын алдын ала текшерүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө";
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Аталышын жактыруу жана резерв кылуу жөнүндө корутунду
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык . гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Аталышын алдын ала текшерүүгө арыз келип түшкөн учурдан баштап 2 жумуш саатынын ичинде
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык органдардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышта);
- электрондук түрдө.
Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде буклеттерден, брошюралардан жана маалымат такталарынан таанышса болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын дареги, телефондорунун номери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда жана анын аймактык органдарында башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Кызматты алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы менен берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү арыз берүүсү зарыл
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү акысыз
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- керектөөчү үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринде окшош аталыш менен катталган, (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын, өкүлчүлүктүн бар болуусу. Эгерде сунушталган аталыш бардык элементтер боюнча (сандарды, символдорду, тыныш белгилерин  кошпогондо) башка катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн аталышы менен дал келсе, анда булар бирдей болуп эсептелинет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонууга чек коюлганда
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
24. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Нотариалдык күбөлөндүрүүнү жасатуу үчүн типтүү эмес документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 71-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын мамлекеттик нотариустары (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик нотариустары).
Мамлекеттик кызматты көрсөткөн мамлекеттик нотариустардын тизмеси, алар менен байланышуу жөнүндө маалымат, кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Нотариат жөнүндө";
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө нускаманын 8-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Нотариалдык иш аракетти аткаруу үчүн типтүү эмес документтин долбоору
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 2 саат 15 мүнөткө чейин, анын ичинде:
- документтерди кабыл алуу жана/же көрсөтүлө турган кызматты алуу иш аракеттерине чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык юстиция органдарынан;
- мамлекеттик нотариалдык конторалардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот.
Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымдоо такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты;
- аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы;
- телефон боюнча.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары болушу зарыл:
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт.
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, нотариус төмөнкүлөргө милдеттүү:
жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо алардын көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашырууга; алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө, юридикалык жагын билбөөдөн зыян тартпоолору үчүн жасалып жаткан нотариалдык аракеттердин кесепети тууралуу эскертүүгө, алар жасап жаткан нотариалдык аракеттердин келечек натыйжалары жөнүндө эскертүүгө
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү зарыл:
- оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция.
Ошол эле учурда керектөөчү мамлекеттик нотариуска типтүү эмес документтин долбоору кайсы максатта зарыл экендигин мүмкүн болушунча жеткиликтүү, сабаттуу түшүндүрүүсү зарыл
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Типтүү эмес документти иштеп чыгууга керектөөчү тарабынан арыз берүү жагында электрондук форматта кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- жеке жана юридикалык жактардын максаттары жана ниеттери мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген учурда;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция көрсөтүлбөсө
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
25. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталган юридикалык жактарга, филиалдарга (өкүлчүлүктөргө) күбөлүк берүү, Кыргыз Республикасынын "Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесинде белгиленгенден башка учурларда - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 93-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" (7, 10, 11, 12, 15, 16-беренелер);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" (5, 15-беренелер);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүү төмөнкү мөөнөттөрдө берилет:
финансы-насыялык мекемелер, коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле финансы-насыялык мекемелердин филиалдарын (өкүлчүлүктөрүн) чет элдик жана эл аралык уюмдар үчүн - 10  календардык күн;
саясий партиялар, алардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн - 30 календардык күн;
калган юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн - 3 жумуш күн.
Документтерди кабыл алуу - 22 мүнөт (арыздын туура толтурулгандыгын, тизмегин текшерүү, арыз ээсине кеңеш берүү).
Арыз ээсине күбөлүктү берүү жана тариздөө -10 мүнөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык органдардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышта);
- электрондук түрдө.
Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде буклеттерден, брошюралардан жана маалымат такталарынан таанышса болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын дареги,
телефондорунун номери жана  мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда жана анын аймактык органдарында башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Аймактык юстиция органдарынын иштөө тартиби, дареги жана телефондорунун номери, юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтын жана юстициянын аймактык органдарынын маалымат такталары аркылуу.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
1) Коммерциялык уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;
- юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чечими;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча сунуштайт;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет элдик юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча сунуштайт;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт;
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт.
2) Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарын түзүү, уставын бекитүү жана коммерциялык эмес уюмду түзүү жөнүндө чечимди;
- коммерциялык эмес уюмдун жетекчисинин колу коюлган уставды эки нускада;
- коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмесин атын, фамилиясын, атасынын атын, туулган жылын, шайлануучу орунду көрсөтүү менен;
- коммерциялык эмес уюмду түзгөн уюмдаштыруучулардын тизмеси же демилгечи-жарандардын тизмесин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын жана дарегин көрсөтүү менен;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча сунуштайт;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет элдик юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча сунуштайт;
- юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт (профсоюздук уюмдарды, саясий партияларды, диний уюмдарды, турак-жай менчик ээлеринин шериктештигин, коомдук бирикмелердин уюмдаштыруучуларын кошпогондо);
- юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт;
- юридикалык жактардын (ассоциация, бирикмелер) бирикмелерин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына анын бардык уюмдаштыруучуларынын өкүлдөрүнүн колу коюлган уюмдаштыруучу келишим эки нускада тиркелет;
- саясий партияны мамлекеттик каттоодо каттоо арызына саясий партиянын бекитилген программасы тиркелет;
- диний уюмду мамлекеттик каттоодо каттоо арызына дин иштери боюнча мамлекеттик органда диний уюмдун эсепке алуу каттоосун тастыктаган документтин көчүрмөсү тиркелет;
- турак жай менчик ээлеринин шериктештиктерин мамлекеттик каттоодо каттоо арызына анын менчик укугундагы жайларга тиешелүү укук белгилөөчү документтердин маалым даректерин жана турак жай менчик ээлеринин уюмдаштыруучу чогулушуна катышкандардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана дарегин көрсөтүү менен көп батирлүү үйдүн турак жана турак эмес жайларынын ээлеринин тизмеси тиркелет.
3) Финансы-насыялык мекемелерди мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- финансы-насыялык мекеменин башкаруу органдарын түзүү жана уюмдаштыруучу документтерин бекитүү, түзүү жөнүндө уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) чечимин;
- финансы-насыялык мекеменин жетекчисинин колу коюлган уставды эки нускада;
- бардык уюмдаштыруучулардын колу коюлган финансы-насыялык мекеменин уюмдаштыруучу келишими эки нускада;
- улуттук банктын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча көрсөтөт;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан чет элдик юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча сунуштайт;
-  юридикалык жактын уюмдаштыруучусу (катышуучусу) катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт;
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт.
4) Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- анын негизинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган түзүлгөн укуктук актыны;
- мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобо (устав) эки нускада;
- жетекчини тандоо же дайындоо жөнүндө укуктук акт;
- башка юридикалык жактын уюмдаштыруучусу катары чыккан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча сунуштайт;
- юридикалык жактын жетекчиси катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт.
5) Филиалды, (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- филиалды, (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө юридикалык жактын органынын чечими;
- филиал (өкүлчүлүк) түзүп жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жак, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн кошумча сунуштайт;
- филиал, (өкүлчүлүк) түзүп жаткан чет элдик юридикалык жак өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмөнү же башка документти кошумча сунуштайт;
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси катары чыккан жеке жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын өздүгүн күбөлөндүргөн документ катары таанылган паспорттун көчүрмөсүн же башка документти каттоочу органга кошумча сунуштайт.
6) Финансы-насыялык мекемелердин, чет элдик же эл аралык уюмдардын филиалын (өкүлчүлүгүн), мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобо эки нускада;
- филиал (өкүлчүлүк) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган финансы-насыялык мекеменин, чет элдик же эл аралык уюмдун уюмдаштыруучу  документтеринин көчүрмөсү.
7) Саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин.
8) Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимин;
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
- эгерде мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ЖСН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон учурда (бузулган) - кайра катталып жаткан юридикалык жактын ЖСНны көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;
- үлүштү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу (катышуучу (катышуучулар) өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгаруу же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмүн өзгөртүү менен чыгып кеткендигине байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо учурунда);
- чыгуу жөнүндө арыз (катышуучу (катышуучулар) өзүнүн үлүшүн ээликтен чыгарбастан чыгып кеткендигине байланыштуу чарбалык шериктештикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) мамлекеттик кайра каттоо учурунда);
- чыгуу жөнүндө арыз (катышуучу (катышуучулар) уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) курамынан чыгып кеткендигине байланыштуу коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду кайра каттоо учурунда);
- жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим (уюмдаштыруучуну (катышуучуну) уюмдаштыруучулардын (катышуучулардын) курамына киргизүүгө байланыштуу коомдук фондду, мекемени же топтолмо пенсиялык фондду кайра каттоо учурунда);
- мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же болбосо анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамына жеке жактын мураскери (мураскерлери) кирген учурда);
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими (коомдук фондду, мекемени, топтолмо пенсиялык фондду чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюмдаштыруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан уюмдаштыруучуну (катышуучуну) чыгарып салууда);
- уставдык капиталдын өлчөмүнүн азайгандыгына байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо, чарбалык шериктиктер жана коомдор, кооператив бул жөнүндө бардык насыя берүүчүлөрдү жазуу  жүзүндө тастыктаган документтерди сунуштайт. Ал болбогон учурда юридикалык жак жетекчисинин колу коюлган насыя берүүчүлөрдүн жоктугу боюнча кепилдик катты көрсөтүүсү зарыл;
- коммерциялык эмес уюмду, коммерциялык кооперативди, акционердик коомду мамлекеттик кайра каттоодо арызга кайра катталган коммерциялык эмес уюмдун, коммерциялык кооперативдин, акционердик коомдун жетекчисинин колу коюлган чет элдиктердин катышуусунун жоктугун же бардыгын көрсөтүү менен документ тиркелет;
- аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо, юридикалык жак мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан мурда баштапкы аталыштагы мөөрлөрдү жана бурч мөөрлөрдү өткөргөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын сунуштоосу зарыл;
- коммерциялык эмес уюмдардын, финансы-насыялык мекемелердин уюмдаштыруучу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
Юридикалык жактын мөөрү жана (же) бурч мөөрү,  мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет;
- мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар, мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген юридикалык жак жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча сунуштайт.
9) Финансы-насыялык мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар кошумча көрсөтөт:
- уюмдаштыруучу документтерди;
- жаңы редакциядагы уюмдаштыруучу документтер эки нускада же киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен;
- улуттук банктын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
- юридикалык жактардын бирикмелерин мамлекеттик кайра каттоодо (ассоциация, союз) каттоо арызына анын бардык уюмдаштыруучуларынын өкүлдөрүнүн колу коюлган уюмдаштыруучу келишим эки нускада тиркелет;
- диний уюмду мамлекеттик кайра каттоодо каттоо арызына дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда диний уюмдун эсепке алынып катталганын тастыктаган документтин көчүрмөсү кошо тиркелет.
10) Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик кайра каттоо үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо кайра каттоо жөнүндө юридикалык жактын органынын чечимин;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
- эгерде мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ЖСН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсүн же ал жоголгон учурда (бузулган) - кайра катталып жаткан филиалдын ЖСНны көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;
- аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо филиал (өкүлчүлүк) мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан мурда баштапкы аталыштагы мөөрлөрдү жана бурч мөөрлөрдү өткөргөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын сунуштоосу зарыл;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндө күбөлүгү, мөөрү жана (же) бурч мөөрү жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет;
- мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча берет.
11) Финансы-насыялык мекемелердин, чет элдик же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) төмөнкүлөрдү кошумча көрсөтөт:
- баштапкы жобону;
- киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен же болбосо жаңы редакциядагы эки нускадагы жобону;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугун;
- финансы-насыялык мекемелердин, чет элдик же эл аралык уюмдардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) уюмдаштыруучу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
12) Саясий партиялардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) төмөнкүлөрдү кошумча көрсөтөт:
- саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган саясий партиянын мүчөлөрүнүн тизмесин, мында аты-жөнү, туулган жылы, дареги жана саясий партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган датасы көрсөтүлүшү керек
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө кеңеш берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо үчүн зарыл болгон документтерди сунуштабаганда;
- мамлекеттик реестрде ушундай аталышта катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) бар болуусу;
- сунушталган документтерде камтылган маалыматтардагы чындыкка дал келбестиктердин же так эместиктердин табылуусу;
- документтерди ылайыксыз каттоо органдарына тапшырганда;
- чет элдик жана эл аралык уюмдардын финансы-насыялык мекемелеринин, коммерциялык эмес уюмдардын жана филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) сунушталган документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;
- чечимде зарыл болгон маалыматтар жок болгондо;
- эгерде юридикалык жактын аталышы, жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоонун элементтерин, ошондой эле так эмес жана уят сөздөрдү камтыса;
- каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун чечими бар болгондо
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыңда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат  көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
26. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Соттун чечими боюнча мажбурлап жоюлгандан башка учурларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотконун каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 94-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" (10, 13, 17-беренелер);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" (5-берене);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Иштин токтогондугу каттоого алынгандыгы жөнүндө буйруктун көчүрмөсү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүү 7 жумуш күндүн ичинде берилет.
Документтерди кабыл алуу - 25 мүнөт (арыздын туура толтурулгандыгын, тизмегин текшерүү, арыз ээсине кеңеш берүү).
Арыз ээсине иштин токтотулушун каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү - 5 мүнөт
Мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдү маалымдоо
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык органдардан;
- Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрдө (телефондон, жеке жолугушууда);
- электрондук форматта.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден алууга болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык органдарынын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө  маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
1) Юридикалык жактын ишинин токтотулушун каттоо үчүн төмөнкүлөрдү берүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоого алуу арызы;
- юридикалык жактын органынын же соттун юридикалык жакты жоюу жөнүндө жана жоюучу комиссияны тандоо (дайындоо) жөнүндө чечимин (жоюучу);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
- уставды (коммерциялык эмес уюмдар жана финансы-насыялык мекемелер үчүн);
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карызы жоктугу жөнүндө Социалдык фонд органынын маалымкаты;
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын;
- мөөрдүн жана бурч мөөрдүн өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын (алар бар болгон учурда);
- жоюу теңдемин бекитүү жөнүндө чечимди;
- жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтерин сактоо орду жөнүндө мамлекеттик архив фондунун корутундусун;
-  каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- мөөр жана бурч мөөр жок болгон учурда каттоо органына алардын жоктугу жөнүндөгү жетекчинин колу коюлган кайра уюштурулуп (жоюлуп) жаткан юридикалык жактын кепилдик каты;
- коммерциялык эмес уюмдардын, финансы-насыялык мекемелердин уюмдаштыруу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
Юридикалык жактын мөөрү жана (же) бурч мөөрү, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк жоголгон учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет;
- ишинин токтотулушун каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жак, мамлекеттик статистика органдары менен берилген юридикалык жак жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча сунуштайт.
2) Филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулушун каттоо жөнүндө кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү сунуштоосу зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча каттоого алуу арызы;
- филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө соттун же юридикалык жактын органынын чечимин;
- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү;
- жобону (финансы-насыялык мекемелердин . филиалдары (өкүлчүлүктөрү), чет элдик же эл  аралык уюмдар үчүн);
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө  квитанцияны;
- мөөрдүн жана бурч мөөрдүн өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалым катын (алар бар болгон учурда);
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү жана (же) штампы болбогон учурда каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө филиалдын (өкүлчүлүктүн) же болбосо юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат;
- ишинин токтотулушун каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан 1997-жылдын 1-январына чейин катталган жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиалдар (өкүлчүлүктөр), мамлекеттик статистика органдары менен берилген филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматты камтыган документти кошумча сунуштайт;
- чет элдик жана эл аралык уюмдардын, финансы насыялык мекемелердин уюмдаштыруу документтери жоголгон (бузулган) учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет;
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) мөөрү жана (же) бурч мөөрү, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк жоголгон учурда каттоочу органдын расмий сайтына 5 иш күндүн ичинде жарыяланууга тийиш болгон билдирүү берилет.
3) Чет элдик мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жактын филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) ишинин токтотулушун каттоо үчүн, кошумча сунуштоо зарыл:
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө социалдык фонд органынын маалымкатын;
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулушун каттоо үчүн зарыл болгон документтер берилбегенде;
- сунушталган документтерде камтылган маалыматтардагы чындыкка дал келбестиктердин же так эместиктердин табылуусу;
- документтерди ылайыксыз каттоо органдарына тапшырганда;
- чечимде зарыл болгон маалыматтар жок болгондо;
- каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун чечиминин бар болуусу;
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген ишинин токтотулушун каттоо тартиби бузулганда
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап 95-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган), Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоочу ведомстволук бөлүм (мындан ары - БККК)
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө";
- 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- катталган арыз боюнча;
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имаратта, жайларда;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, эркек жана аялдар үчүн өз-өзүнчө ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Жеке жактар үчүн кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 53 мүнөт, анын ичинен:
- арызды жана документтерди жана кабыл алуу - 5 мүнөт;
- кирген кат-кабарлардын журналына кагазды жана документтерди каттоо - 2 мүнөт;
- БКККнын директору тарабынан арызды карап чыгуу жана аткаруучуга жөнөтүү жагы - 12 мүнөт;
- кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын толтуруу (эгер кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда) - 10 мүнөт;
- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалымат киргизүү - 19 мүнөт;
- кызмат көрсөтүүнү аткаруунун жыйынтыгы тууралуу кабарламаны керектөөчүгө каалагандай ыңгайлуу ыкма менен жиберүү - 5-мүнөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
БККК жана анын аймактык органдарынан.
Маалымат төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон же жеке байланыш боюнча);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары БКККнын маалымат такталарына, БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты;
- БКККнын онлайн режиминдеги веб-порталы;
- БКККнын маалыматтык такталары, буклеттери жана брошюралары;
- БКККнын коомдук кабылдамасы;
- телефон аркылуу.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкердин кабинеттеринин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) бар.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек:
- арызды (арыздын үлгүсү БКККнын жана анын аймактык органдарынын такталарына жайгаштырылган);
- кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда);
- өздүгүн тастыктоочу документти;
- зарылдыгына жараша өкүлгө берилген ишеним катты жана өздүгүн тастыктоочу документти
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат БКККнын расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Кызмат көрсөтүү электрондук форматта веб-портал аркылуу онлайн-режиминде Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык берилет
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамада көрсөтүлгөн маалыматтар так жазылбаганда же жок болгондо;
- эгерде керектөөчү өздүгүн тастыктоочу документти, анын өкүлү - өздүгүн тастыктоочу документти жана ишеним катты көрсөтпөсө;
- кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин жоктугу (кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо учурунда)
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү БККК жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү жазуу же оозеки түрүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды кароо Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 жумушчу күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-бап, 96-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган), Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын каттоочу ведомстволук бөлүм (мындан ары - БККК)
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө";
- 2017-жылдын 8-февралындагы № 77 "Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу";
- 2017-жылдын 13-февралындагы № 99 "Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары - КМТУБМР) көчүрмө
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- катталган арыз боюнча;
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсү (ажаткана, жуунуучу бөлмөлөр), анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн (мындан ары - ДМЧА), кармагыч, пандустар менен жабдылган имаратта, жайларда;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, эркек жана аялдар үчүн өз-өзүнчө ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 34 мүнөттү түзөт, анын ичинен:
- арызды кабыл алуу - 5 мүнөт;
- кирген кат-кабарлардын журналына кагазды каттоо - 2 мүнөт;
- кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын толтуруу - 8 мүнөт;
- КМТУБМР маалыматтарды издөө - 5 мүнөт;
- документтерди тариздөө жана документтерди басып чыгаруу - 5 мүнөт;
- көчүрмөгө БКККнын жетекчилиги тарабынан кол коюу - 5 мүнөт;
- журналды толтуруу - 2 мүнөт;
- керектөөчүгө документти берүү - 2 мүнөт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
БККК жана анын аймактык органдарынан.
Маалымат төмөнкүдөй түрдө берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон же жеке байланыш боюнча);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдердеги маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары БКККнын маалымат такталарына, БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты;
- БКККнын онлайн режиминдеги веб-порталы;
- БКККнын маалыматтык такталары, буклеттери жана брошюралары;
- БКККнын коомдук кабылдамасы;
- телефон аркылуу.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Кызмат көрсөтүүгө жооптуу кызматкердин кабинеттеринин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) бар.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
КМТУБМРден көчүрмө алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши керек:
- КМТУБМРден көчүрмө берүү жөнүндө арызды (арыздын үлгүсү БКККнын жана анын аймактык органдарынын такталарына жайгаштырылган);
- көчүрмө берүү үчүн кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- зарылдыгына жараша өкүлгө берилген ишеним катты жана өздүгүн тастыктоочу документти
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынын аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат БККК расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Кызмат көрсөтүү электрондук форматта веб-портал аркылуу онлайн-режиминде Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускамага ылайык берилет
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ жок болгондо;
- арыздын баяндалышы так эмес берилсе же зарыл болгон маалымат чагылдырылбаса
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш-тартыш маселелер пайда болгон учурда керектөөчү БККК жетекчилигине белгиленген тартипте кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү жазуу же оозеки түрүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды кароо Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана керектөөчү тарабынан анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 жумушчу күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда керектөөчү БКККнын жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдардын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
 
V. Маалымат берүү тармагында
26. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Юридикалык жактардын каттоо документтерин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдеринен издөө -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 36-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" (23-берене);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Юридикалык жактардын каттоо документтеринин кагаз вариантындагы күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана,  жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жоопту даярдоо эки жумалык мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык органдардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышта);
- электрондук түрдө.
Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде буклеттерден, брошюралардан жана маалымат такталарынан таанышса болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын дареги, телефондорунун номери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда жана анын аймактык органдарында башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Аймактык юстиция  органдарынын иштөө тартиби, дареги жана телефондорунун номери, юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты жана юстициянын аймактык органдарынын маалымат такталары аркылуу.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Кызматты алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы менен берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү зарыл:
- юридикалык жактын аталышын так көрсөтүү менен, юридикалык жактын каттоо документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө арызды;
- ишеним катты (эгер керектөөчү ишеним каттын негизинде иштесе)
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү акысыз.
Эгерде документтердин көчүрмөлөрүнүн саны 5 барактан ашса, анда тиешелүү көчүрүү кызматынын өз наркынан ашпаган төлөм каралат.
Көчүрмө кызматтарынын наркынын бирдиктүү прейскуранты жана аны төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген  талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын архивинде юридикалык жактардын каттоо документтеринин жоктугу;
- арыз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына ылайык келбегенде
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
27. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
ЖМКнын Мамлекеттик реестринен маалыматтарды даярдап берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 37-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты  менен биргеликте юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" (23-берене);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 1992-жылдын 19-августундагы № 410 "Кыргызстан Республикасында массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө";
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп, эки жумалык мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу  мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык органдардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышта);
- электрондук түрдө.
Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде буклеттерден, брошюралардан жана маалымат такталарынан таанышса болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын дареги, телефондорунун номери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда жана анын аймактык органдарында башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Аймактык юстиция  органдарынын иштөө тартиби, дареги жана телефондорунун номери, юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты жана юстициянын аймактык органдарынын маалымат такталары аркылуу.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Мамлекеттик ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Кызматты алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы менен берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү жазуу жүзүндө арыз берүүсү зарыл
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү акысыз
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү:
Кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- зарыл болгон документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жобосунун жүрүшүндө кеңеш берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестринде маалыматтардын жоктугу;
- арыз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына ылайык келбегенде
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
28. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-бап, 38-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын  (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдары.
Мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн аймактык органдардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен биргеликте юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарына жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" (20-берене);
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" (23-берене);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен  бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 6-пункту);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик реестринен көчүрмө
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп эки жумалык мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырылат
Мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдү маалымдоо
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана  аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган  ыйгарым-укуктуу органдан;
- аймактык органдардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (телефон боюнча, жеке байланышта);
- электрондук түрдө.
Маалымат менен мамлекеттик жана расмий тилдерде буклеттерден, брошюралардан жана маалымат такталарынан таанышса болот.
Аймактык органдардын тизмеси, алардын дареги, телефондорунун номери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда жана анын аймактык органдарында башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалыматтык сайттар;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында;
- аймактык юстиция органдарында бар болгон брошюралардан, буклеттерден жана такталардан;
- юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган  жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасынан;
- телефон боюнча.
Аймактык юстиция органдарынын иштөө тартиби, дареги жана телефондорунун номери, юстиция тутумунда башкарууну жүзөгө ашырган жана мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтын жана юстициянын аймактык органдарынын маалымат такталары аркылуу.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалымат ачыкка чыкпоого тийиш жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттары үчүн колдонууга жана үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Кызматты алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы менен берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү жазуу жүзүндө арыз берүүсү зарыл
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү акысыз
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык анын аныктыгы жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлабоо;
- жеткиликтүүлүк, кызмат көрсөтүү үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү:
Кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу,  жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана  электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Электрондук форматта кызмат көрсөтүлбөйт
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат:
- Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик реестринде маалыматтардын жоктугу;
- арыз "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" КР Мыйзамынын 9-беренесинин талаптарына ылайык келбегенде
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтыйт.
Арыздарды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчү тарабынан жоопту алуунун мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз берүүчү юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
 
VII. Басуу, көчүрүү жана чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрү
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн кагаз бетине чыгаруу (ксерокопия) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 7-бап, 6-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык органдары.
Аймактык органдардын тизмеси кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Жеке жана юридикалык жактар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын Конституциясы (33-берене);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" (20-берене);
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" (28-берене);
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" (5, 15-беренелер);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" (6-пункт);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө" (2-пункт)
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актысынын кагаз түрүндөгү күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жалпы мөөнөтү - 30 мүнөт, анын ичинде:
- кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн документтерди кабыл алууга жана/же иш-аракеттерге чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин;
- кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдан;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнөн.
Маалымат төмөнкүдөй берилет:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде  маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын сайты;
- аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы;
- телефон боюнча.
Аймактык юстиция органдарынын даректери, телефон номерлери жана иш режими юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын сайтында, аймактык юстиция органдарынын маалымат тактасында жайгаштырылат
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Кыймылдуу мүлк боюнча күрөөлүк бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталышы керек.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү колдонууда алынган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын сурамы боюнча кызматты керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл:
- ооз эки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу;
- кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат жагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жана юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган тарабынан буйрук чыгаруу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат тактасына, расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк кызмат көрсөтүү үчүн стандарттарда көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, ДМЧА үчүн жай, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү учурунда кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы;
- кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө зарыл болгон документтерди толтурууга жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Кызмат көрсөтүү суроо-талапты берүүдө электрондук форматта жарым жартылай кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
- суралган ченемдик укуктук актынын жоктугу;
- эгерде ченемдик укуктук акт "Кызматтык пайдалануу үчүн" статусуна ээ болсо;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциясы жок болсо
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн колтамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечим канааттандырбаган учурда арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз берүүчүнүн анын жообун алуу мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
 
VIII. Коопсуздукту камсыз кылуу жана сактоо жаатында
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Жеке нотариустардын нотариалдык документтерин мамлекеттик нотариалдык конторасынын архивине кабыл алуу жана сактоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 8-бап, 8-пункт
2
Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ченемдик укуктук жөнгө салуу, соттук-эксперттик, адвокаттык жана нотариалдык иш, каттоону камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыз кылуучу жана берилген ыйгарым укуктардын чегинде маалыматташтыруу, архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу орган).
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген мамлекеттик нотариустардын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары, кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымат такталарында, расмий сайтында жайгаштырылат
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Кыргыз Республикасынын жеке нотариустары
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
- "Нотариат жөнүндө";
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө";
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
- 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө Жобонун 6-пункту);
- 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтому (аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча Нускаманын 1.6, 7.1-пункттары);
- 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө"
5
Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
Жеке нотариустар тапшырган мукабаланган архивдик документтери жөнүндө архивариустар тарабынан берилген кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары.
Мамлекеттик нотариустар тарабынан квартал сайын түзүлгөн маалымкаттар
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт:
- тиешелүү санитардык ченемге жооп берген жайларда;
- жарандар, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) кирүүгө тоскоолдугу жок пандус, кармоочтор менен жабдылган имараттарда, жайларда;
- жандуу кезек күтүү принциби боюнча;
- уюмдарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүндүгү болбогон учурда - сырттагы ажатканалары) бар, жылуулук, суу түтүктөрү, телефондор менен жабдылган;
- жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана алардын теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар, 1 жашка чейинки балдары бар адамдар) кезексиз тейленет.
Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кызмат көрсөтүүнү алуунун жалпы мөөнөтү - 6 саатка чейин (тапшырыла турган китептердин санына жараша 1 сааттан 6 саатка чейин. Калькуляцияга ылайык 1 китеп - 1 саат) анын ичинде:
- документтерди кабыл алуу жана/же көрсөтүлө турган кызматты алуу иш аракеттерине чектелген убакыт 10 мүнөткө чейин;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүгө чектелген убакыт 15 мүнөткө чейин
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдан;
- аймактык юстиция органдарынан;
- мамлекеттик нотариалдык конторалардан.
Маалымат төмөнкүдөй берилет:
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрдө (телефон аркылуу жана жолугушуу учурунда);
- электрондук түрдө.
Маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден алууга болот.
Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын тизмеси, алардын даректери, телефон номерлери жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын, анын аймактык органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымдоо такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылган
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- радио, телекөрсөтүү, маалымат сайттары;
- гезиттер;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты;
- аймактык юстиция органдарындагы маалымат такталары, буклеттер жана брошюралар;
- юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы;
- телефон боюнча.
Аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын даректери, телефон номерлери жана иш режими юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, аймактык юстиция органдарынын жана мамлекеттик нотариалдык конторалардын маалымат такталарында жайгаштырылат.
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде акысыз берилет
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
Ыйгарым укуктуу органда жооптуу кызматкердин кабинетинин эшигинде маалымат тактачалары болушу зарыл.
Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болушу керек.
Кызматкерлер тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөчү, жарандарга карата этиканын ченемдерин, көз карандысыздыкты жана калыстыкты камсыздоочу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталат.
Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү боюнча жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулгандыгына байланыштуу ДМЧА, кары-картаң жарандар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Кызмат көрсөтүүнү алган жарандар жөнүндө жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга жол берилбейт жана кызматкерлер тарабынан жеке кызыкчылыкка колдонууга жана үчүнчү тараптарга берүүгө тыюу салынат.
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабына жараша берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл:
- оозеки же жазуу жүзүндөгү кайрылуу;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция;
- тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган документтерди көрсөтүүсү абзел (башкача айтканда наряддарды түзүү жаатында Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча нускаманын талаптарына ылайык, китептердин  талаптагыдай мукабаланышы, китептин сыртында (титулдук барагында) наряддын аталышы, индекси, сактоо мөөнөтү, жеке нотариустун аты-жөнү, лицензиянын номуру, нотариалдык аймагынын аталышы, башталышы-аягы көрсөтүлүү менен жол-жоболоштурулушу)
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүүгө акы төлөнөт.
Кызмат көрсөтүүнүн  наркы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.
Кызмат көрсөтүүнүн наркы жөнүндө маалымат юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарган ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана кыймылдуу мүлк бүтүмдөрүн каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- колдонуучу үчүн актуалдуулугу;
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө  ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын дал келүүсү;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;
- жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Нотариалдык документтерди сактоо жөнүндө кайрылуу берүү жаатында, электрондук форматта жарым-жартылай кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурда баш тартылат:
- архивге тапшырылуучу документтер талаптагыдай жол-жоболоштурулбаса;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөнгөн акы жөнүндө квитанция көрсөтүлбөсө
17
Даттануу тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер жаралган учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу же анын өкүлү белгиленген тартипте аймактык юстиция органдарына кайрылууга укуктуу.
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда алуучу же анын өкүлү оозеки же жазуу жүзүндө юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органга даттанууга укуктуу.
Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана берген күнүн камтууга тийиш.
Арыздарды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жазуу-жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана анын жообун алуунун мөөнөтү ал катталган күндөн баштап 14 күндөн ашпоосу керек.
Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси юстиция тутумунда мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо мезгили
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш
 
 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы