29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Аймактык башкармалыктарындагы Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбору тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн ТАРТИБИ


Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин алдындагы
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды
координациялоо боюнча борбордун
2018-жылдын “19”мартындагы
№ 2 буйругуна
№ 1 тиркеме
 
 
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
Аймактык башкармалыктарындагы Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбору тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн
ТАРТИБИ
 
1.     Жалпы жоболор
 
1. Акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча ушул тартип (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына караштуу Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбор (мындан ары – Борбор) тарабынан консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жол-жобосун белгилейт.
2. Борбордо укуктук жардам, укуктук маалымдоо жана укуктук маселелер боюнча консультация берүү, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга арыздарды, кайрылууларды, даттанууларды даярдоо түрүндө көрсөтүлөт.
3. Борбор тарабынан укуктук маалымдоонун негизги ыкмалары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тиешелүү материалдарды жарыялоо жана жайылтуу, анын ичинде Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун ( мындан ары- МКЮЖ КБ) жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайттарында;
- кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер, анын ичинде калктын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү ченемдик укуктук актылар боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Борборлордун иши тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу.
4. Укуктук маселелер боюнча консультация берүүнүн негизги ыкмалары болуп жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкындардын оозеки, жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларына консультацияларды берүү саналат.
5. Оозеки, жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылуулар конституциялык укуктур жардамды каттоо журналына (мындан ары-каттоо журналы) катталууга тийиш, анын формасы МКЮЖ КБнын буйругу менен бекитилет.
6. Укуктук жардам төмөнкүдөй ырааттуулук боюнча көрсөтүлөт:
- сурамжылоо (маектешүү);
- консультация (консультация берүү).
7. Жарандарды, жарандыгы жок адамдарды жана качкындарды (мындан ары – келүүчүлөр) жеке кабыл алуу Борбордун иш графигине ылайык жүргүзүлөт, ал МКЮЖ КБнын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайттарына жарыяланат жана аймактык юстиция башкармалыктарынын жана Борбордун маалыматтык стенддерине жайгаштырылат. Жеке кабыл алууда келүүчү өздүгүн тастыктаган документ көрсөтөт. Мындай документти көрсөтпөө келүүчүнүн укуктук жардам алуусун чектебейт.
8. Укуктук жардам консультант-кызматкер тарабынан көрсөтүлөт, ал төмөнкүлөргө жооптуу:
- көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатына жана толуктугуна;
- укуктук жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультант-кызматкерге белгилүү болгон маалыматтын толук купуялуулугун камсыз кылууга;
- консультант-кызматкер менен укуктук жардам алуу үчүн кайрылган келүүчүнүн ортосундагы таламдардын кагылышуусуна жол бербөөгө.
Таламдардын кагылышуусу – консультант-кызматкердин жеке кызыкчылыгы консультация берүүнүн тууралыгына жана сапатына таасир этип, аны менен келүүчүнүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулган кырдаал.
9. Борбордун жетекчиси Борбордун ишин уюштурууну, укуктук жардам көрсөтүү процессин камсыз кылат, иш графигин түзөт жана келүүчүлөргө укуктук жардам көрсөтүлүшүн жалпы контролдойт.
 
2.     Сурамжылоо (маектешүү) жүргүзүү тартиби
 
10. Сурамжылоо (маектешүү) – бул келүүчү менен аңгемелешүү, анын жүрүшүндө консультант-кызматкер Борборго кайрылган келүүчүнүн проблемасын аныктайт.
11. Сурамжылоонун (маектешүүнүн) жүрүшүндө консультант-кызматкер токтоосуз оозеки консультацияга өтүшү мүмкүн. Маселе боюнча консультация кошумча даярдыкты талап кылган учурда консультант-кызматкер келүүчүнү кийинки жолу кабыл алуу үчүн убакыт дайындайт, бирок ал келүүчүнүн укуктук проблемасын ыкчам түрдө чечүүнү жана ишти бир консультант-кызматкердин жүргүзүшүн камсыз кылуу үчүн биринчи кабыл алынган учурдан 3 (үч) күндөн кечиктирилбейт.
Келүүчүнүн укуктук проблемасы квалификациялык юридикалык жардамды талап кылса же келүүчүнүн проблемасы укуктук мүнөзгө ээ болбосо, консультант-кызматкер келүүчүнү компетенциясына проблеманы чечүү кирген тиешелүү уюмга жана/же мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.
12. Келүүчүнү жеке кабыл алууда (жолугушууда) консультант-кызматкер:
- өзүн тааныштырууга жана каттоо журналын толтурууга;
- Борбордо укуктук жардам көрсөтүү шарттары жана көлөмү тууралуу маалымдоого;
- келүүчүнүн жеке маалыматтарынын купуялуулугун жана алар менен иштөө эрежелерин түшүндүрүп берүүгө;
- келүүчүгө проблеманы баяндап берүүсүн сунуштоого, кунт коюп угууга жана жазып алууга;
- келүүчүнүн проблемасын, анын кызыкчылыктарын жана ал каалап жаткан натыйжаны аныктоого;
- маалыматтын мүчүлүштүктөрүн жоюу, толук жана так түшүнүү үчүн проблеманын жагдайлары тууралуу суроолорду берүүгө;
- окуялардын хронологиялык ырааттуулугун белгилөөгө, буга чейинки окуяны аныктоого, проблемага тиешеси бар майда-чүйдөлөрдү тактоого;
- келүүчүнүн документтери менен таанышууга (алар болсо) жана зарыл болгон учурда алардын көчүрмөсүн алууга;
- проблеманы туура түшүнгөндүгүн текшерүү жана тактап алуу максатында келүүчүдөн алынган маалыматты баяндоого;
- сурамжылоонун (маектешүүнүн) жыйынтыгын чыгарууга тийиш.
 
3.     Консультация берүү тартиби
 
13. Консультация берүү – бул укуктук мүнөздөгү маалыматты берүү процесси, ал консультант-кызматкерден келүүчүгө укуктук проблеманы чечүү ыкмаларын сүрөттөйт.
14. Консультация берүүдө консультант-кызматкер:
- сурамжылоонун (маектешүүнүн) жүрүшүндө келүүчүдөн алынган маалыматка талдоо жүргүзүүгө;
- ченемдик базаны жана укук колдонуу тажрыйбасын изилдеп чыгууга, ал эми зарыл болгон учурда тиешелүү адистен кошумча консультация алууга;
- келүүчүнүн проблемасы боюнча кырдаалдын өзгөрүшү, жаңы жана кошумча маалыматтардын келип чыгышы тууралуу суроолорду берүүгө;
- келүүчүгө проблеманы чечүү варианттарын түшүндүрүүгө;
- келүүчүгө проблеманы чечүүнүн өзү тандаган вариантын түшүндүрүүгө;
- зарыл болгон учурда документтердин долбоорун (мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга арыз, кайрылуу, даттануу) даярдоого;
- келүүчүнүн укуктук проблемасынын мыйзамдуу чечилишинин маанилүүлүгүн түшүндүрүп берүүгө тийиш.
 
4. Калктын жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларына консультация берүү тартиби
15. Жазуу жүзүндө кайрылуу болгондо консультант-кызматкер:
- жазуу жүзүндө алган маалыматка талдоо жүргүзүүгө;
- ченемдик базаны жана укук колдонуу тажрыйбасын изилдеп чыгууга, ал эми зарыл болгон учурда тиешелүү адистен кошумча консультация алууга;
- жазуу жүзүндө консультацияны даярдоого, анда проблеманы чечүү варианттарын түшүндүрүүгө тийиш.
16. Кайрылган адам милдеттүү тартипте өзүнүн аты-жөнүн, жооп жөнөтүлө турган почта дарегин көрсөтүп, укуктук проблеманын маңызын баяндап, өздүк колтамгасын жана датаны койгон учурда жазуу жүзүндө консультация берилет.
17. Электрондук кайрылууларга консультация берүү тартиби жазуу жүзүндөгү консультациялар үчүн каралган түрдөгүдөй эле жүргүзүлөт.
18. Борбор төмөнкүдөй жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылууларды карабайт:
- уят жана мазактаган сөздөрдү, ошондой эле учурдагы мамлекеттик түзүлүштү кыйратууга жана улуттар аралык жана конфессиялар аралык чыр-чатактарды чыгарууга чакырыктарды камтыган учурда;
- кайрылган адамдын өздүк жана байланыш маалыматтары жок болгон учурда.
19. Бардык жазуу жүзүндөгү жана электрондук кайрылуулар аларга жооптордун көчүрмөлөрү менен тиешелүү аймактык юстиция башкармалыгынын архивине сактоого өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы