13 Бештин айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Адвокат тарабынан көрсөтүлүүүчү мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардамдын регистрин жүргүзүү тартиби жана формасы жөнүндө жобо


2018 жылдын «___»________№____
буйругуна 2 тиркеме
 
 
Адвокат тарабынан көрсөтүлүүүчү мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардамдын регистрин жүргүзүү тартиби жана формасы жөнүндө жобо
 
Адвокат тарабынан көрсөтүлүүүчү мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардамдын регистрин жүргүзүү тартиби жана формасы жөнүндө бул жобо (мындан ары – Жобо) “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Адвокат тарабынан көрсөтүлүүүчү мамлекет кепилдеген квалификациялык юридикалык жардамдын регистрин (мындан ары – Регистр) жүргүзүүнүн, сактоонун тартибин аныктайт.
 
1. Регистрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби
 
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун координатору болуп дайындалган адвокат Регистрди жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Регистр адвокатка табышталган иштин негизинде же ага байланыштуу аткарылган анын бардык иш-аракеттеринин жазуу жүзүндөгү далилдеринен турат.
3. Регистрдин титулдук баракчасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш (1-тиркеме):
- “Регистрде камтылган маалыматтар мыйзам менен корголуучу адвокаттык сырды түзөт” деген грифти;
- Координатордун квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатты дайындоо жөнүндө чечиминин номерине ылайык келген каттоо номерин;
- адвокаттык ишти жүргүзүүнүн уюштуруу укуктук формасына ылайык адвокаттык билимдин аталышын;
- адвокаттын аты-жөнүн, анын лицензиясынын номерин, күбөлүгүнүн номерин;
- корголуучунун аты-жөнүн, туулган күнүн жана жылын;
- адвокат дайындалган күндү;
- кайрылуунун маңызын (жазык, жарандык, административдик);
- өндүрүшүндө иш турган органдын аталышын.
4. Регистрге Координатордун адвокатты дайындоо жөнүндө чечими жана негизги процесстик документтердин көчүрмөлөрү: адвокаттын ишке киришкендиги жана иштеги материалдар менен таанышкандыгы тууралуу билдирүүсү, иштин маңызы боюнча өтүнүч кат, жазык ишин козгоо жөнүндө токтом, кармоо протоколу, бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө токтом, бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндө токтом, айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом, айыптоо корутундусу, өкүм, апелляциялык, кассациялык же көзөмөл даттануусунун көчүрмөлөрү, апелляциялык, кассациялык же көзөмөл инстанцияларынын сотторунун сот актылары, токтомдор, доо арыз, даттануулар, арыздар, доо арызга каршы пикирлер, утурлама доо арыз, камсыз кылуу чаралары жөнүндө даттануулар, арыздар, аныктамалар ж.б. тиркелет.
5. Регистр ошондой эле өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
- корголуучунун көрсөтмөлөрүн жана арызын;
- корголуучу менен жолугушуулар боюнча жазууларды, айрыкча корголуучудан алынган көрсөтмөлөрдү;
- пландалуучу коргоо стратегиялары боюнча жазууларды;
- жазык ишинен алынган бардык материалдардын көчүрмөлөрүн;
- кандайдыр бир башка далилдерди же маалыматтарды.
6. Адвокаттын корголуучу менен кат алышуусу кагаз, санарип маалымат булактарында жана электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Адвокат Регистрге бардык иш-аракеттер аткарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен аларды Регистрге киргизүүгө милдеттүү.
 
2. Регистрди сактоо тартиби
 
8. Адвокат иш аяктаганга чейин ага берилген иштин негизинде же ага байланыштуу аткарылган бардык иш-аракеттердин жазуу жүзүндөгү далилдерин сактоого милдеттүү.
9. Адвокат Регистрдин материалдарын өзүнчө папкада сактап, материалдарга номер коюп жана алардын тизмесин түзүүгө милдеттүү.
10. Адвокат бир айдын ичинде жумушун аяктагандан кийин Координаторго Регистрди берет, ал «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат.
11. Адвокат Координаторго Регистрди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча берет.
12. Адвокат көрсөтүлгөн квалификациялык юридикалык жардам тууралуу маалыматты «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык берет.
 
3. Адвокаттардын жоопкерчилиги
 
         13. Адвокат ушул Жобонун ченемдерин аткарбаган учурда “Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөКыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Уставына, Адвокаттын кесиптик этикасынын кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.
 
4. Корутунду жоболор
 
14. Ушул Жобонун талаптары мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасына катышуучу адвокаттар үчүн милдеттүү болуп саналат.
15. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

1-тиркеме
 
 
“Регистрде камтылган маалыматтар мыйзам менен корголуучу адвокаттык сырды түзөт”
 
 
РЕГИСТР №___________/__________-жыл
(каттоо номери Координатордун мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокатты дайындоо жөнүндө чечиминин номерине ылайык келиши керек)
 
_______________________________________________________________
(адвокаттык иш жүргүзүүнүн уюштуруу укуктук формасына ылайык адвокаттык билимдин аталышы)
 
 
_____________________________________________________________
(адвокаттын аты-жөнү, анын лицензиясынын номери, күбөлүгүнүн номери)
 
 
_____________________________________________________________
(корголуучунун аты-жөнү, туулган күнү жана жылы)
 
 
__________________________
(адвокат дайындалган күн)
 
 
Кайрылуунун маңызы_____________________________________________
(жазык, жарандык, административдик)
 
 
_____________________________________________________________
(өндүрүшүндө иш турган органдын аталышы)

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif7ce8f225aa7048cab1df0e1bda2fb27d20181206053805.JPG

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы