19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ


Адам укуктарынын ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган

Преамбула

Адамзат үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө мүнөздүү нарк-касиетти жана алардын тең жана ажыралгыс укуктары эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана жалпы тынчтыктын негизи болуп санала тургандыгын көңүлгө алып; жана

адам укуктарын этибарга албоо жана жек көрүү адамзаттын абийирин жийиркенткен жырткычтык актыларга алып келгендигин жана адамдар сөз жана ынаным эркиндигине ээ боло турган, коркуудан жана муктаждыктан эркин боло турган дүйнөнү түзүү, адамдардын асыл умтулуусу катары жарыяланганын көңүлгө алып; жана

адам акыркы арга катары зомбулукка жана эзүүгө каршы көтөрүлүп чыгууга аргасыз болбошун камсыз кылуу максатында адам укугу мыйзам күчү менен корголушу зарыл экендигин көңүлгө алып; жана

элдердин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү зарылдыгын көңүлгө алып; жана

Бириккен Улуттардын элдери анын Уставында адамдын негизги укуктарына, адам инсанынын зоболо-баркына жана нарк-касиетине жана эркектер менен аялдардын тең укуктуулугуна ишенгендиктерин ырасташкандыгын жана социалдык прогресске жана кеңири эркиндик менен жашоо-турмуш шартын жакшыртууга көмөктөшүүнү чечишкендиктерин көңүлгө алып; жана

мүчө болгон мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташууга көмөктөшүүгө, адам укуктары менен негизги эркиндиктерин жалпы урматтоого жана сактоого милдеттенгендиктерин көңүлгө алып, жана

бул укуктар менен эркиндиктердин мүнөзүн жалпы түшүнүү бул мнлдеттенмени толук аткаруу үчүн зор мааниге ээ экендигин көңүлгө алып;

Генралдык Ассамблея

коомдун ар бир адамы жана ар бир органы ушул Декларацияны эске алуу менен агартуу жана билим берүү аркылуу бул укуктар менен эркиндиктерди урматтоого жана камсыз кылууга, улуттук жана эл аралык прогрессивдүү иш-чаралардын, Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин элдеринин арасында, ошондой эле алардын юрисдикциясында турган аймактагы элдердин арасында жалпы таануу жана ишке ашыруу жолу менен бардык элдер жана бардык мамлекеттер аткарууга аракет кылууга тийиш болгон милдет катары адам укуктарынын ушул Жалпы Декларациясын жарыялайт.

1-статья.

Бардык адамдар эркин жана тең укуктар жана нарк-касиет менен жарык дүйнөгө келет. Алар аң-сезимдүү жана абийирдүү жана бири-бирине боордош мамиледе болууга тийиш.

2-статья.

Ар бир адам эч кандай айырмачылыгына, расасына, терисинин түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук жана социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына карабастан ушул Декларацияда жарыяланган бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээ болууга тийиш.

Мындан тышкары, адам таандык болгон өлкө же аймак көз карандысыз, көзөмөлдүк астында турган, өз алдынча башкарылбаган же суверенитети кандайдыр бир башкача чектелгендигине карабастан анын саясий, укуктук же эл аралык статусунун негизинде эч кандай айырмачылык болбоого тийиш.

3-статья.

Ар бир адам жашоого, эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

4-статья.

Эч ким кулчулукта же эрксиз абалда кармалууга тийиш эмес; кулчулукка жана кул сатуунун бардык түрлөрүнө тыюу салынат.

5-статья.

Эч ким кыйноого же аеосуз, адамкерчиликсиз же анын ар-намысын басмырлоочу мамилеге жана жазага кириптер кылынбашы керек.

6-статья.

Ар бир адам, кайда гана болбосун, ага укуктун субъектиси таандык экендигин талап кылууга укуктуу.

7-статья.

Бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана эч айырмасыз мыйзам менен бирдей корголууга укуктуу. Бардык адамдар ушул Декларацияны бузуучу кандай гана болбосун кодулоодон жана андай кодулоого ар кандай шыкактоодон бирдей корголууга укуктуу.

8-статья.

Ар бир адам конституциядагы же мыйзамдагы анын негизги укуктары бузулган учурда компоненттүү улуттук соттор аркылуу укуктары толук калыбына келтирилишине акылуу.

9-статья.

Эч ким ээнбаштык менен камакка алынууга, кармалууга же куугунтукталууга тийиш эмес.

10-статья.

Ар бир адам өз укуктары менен милдеттерин аныктоо жана ага коюлган кылмыш күнөөсүнүн негиздүүлүгүн аныктоо үчүн толук теңчилик негизде анын иши ачык жана адилеттүүлүктүн бардык талаптарын сактоо менен көз карандысыз жана адилет сот тарабынан каралышына укуктуу.

11-статья.

1. Кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлөнгөн ар бир адам анын күнөөсү соттук ачык териштирүү жолу менен мыйзамдуу тартипте белгиленгенге чейин күнөөсүз деп эсептелүүгө укуктуу, мында ага коргонуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр камсыз кылынууга тийиш.

2. Эч ким кандайдыр-бир жосуну же аракетсиздиги үчүн ал улуттук мыйзам же эл аралык укук боюнча кылмыш болбосо аны жасагандыгынын негизинде соттолушу мүмкүн эмес. Ошондой эле кылмыш жасалган учурда колдонулушу мүмкүн болгон жазадан кыйла оор жазага да тартылбайт.

12-статья.

Эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна ээнбаштык менен кийлигишүүгө, анын турак жайына, анын кат-кабарларынын купуялыгына же анын абийирине жана беделине ээнбаштык менен кол салууга кириптер болууга тийиш эмес. Ар бир адам андай кийлигишүүдөн же андай кол салуудан мыйзам менен коргонууга укуктуу.

13-статья.

1. Ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө жана ар бир мамлекеттин чегинде өзүнө жашаган жерди тандап алууга укуктуу.

2. Ар бир адам ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өз өлкөсүнөн да чыгып кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө укуктуу.

14-статья.

1. Ар бир адам куугунтуктоодон башка өлкөлөрдөн башбаанек издөөгө жана андай башбаанектен пайдаланууга укуктуу.

2. Бул укук чындыгында саясий эмес кылмыш жасоого же Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине карама-каршы келген жосундарга негизделген куугунтуктоо учурларында колдонулушу мүмкүн эмес.

15-статья.

1. Ар бир адам граждандуулукка ээ болууга укуктуу.

2. Эч ким ээнбаштык менен граждандыгынан ажыратылышы же өз граждандыгын өзгөртүүгө укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

16-статья.

1. Бойго жеткен эркектер жана аялдар расасы, улуту же дини боюнча эч кандай чектөөсүз никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Алар никеге туруу, никеде болуу жана аны бузуу учурунда бирдей укуктардан пайдалана алышат.

2. Никеге туруп жаткан тараптар өз эрки менен ага өз ара толук макул болгондо гана нике кыйылат.

3. Үй-бүлө коомдун табигый жана негизги уюткусу болуп саналат жана коом менен мамлекет тарабынан коргоолууга укуктуу.

17-статья.

1. Ар бир адам мүлккө жеке өзү, ошондой эле башкалар менен бирдикте ээлик кылууга укуктуу.

2. Эч ким өз мүлкүнөн ээнбаштык менен ажыратылууга тийиш эмес.

18-статья.

Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, адеп-ахлакка жана дин тутууга укуктуу; бул укук өз динин же ынанымын өзгөртүүнү жана өз динин же ынанымын жекече, ошондой эле башкалар менен бирдикте жүргүзүүнү, дин жана табынуу ырым-жырымдарын жалпы же жекече тартипте үйрөнүү, сыйынуу жана аны ишке ашырууну эркин жүргүзүүнү камтыйт.

19-статья.

Ар бир адам эркин ой-пикирге жана аны эркин билдирүүгө укуктуу; бул укук өз ой-пикирлерин тоскоолсуз жактоону жана маалыматтар менен идеяларды ар кандай каражаттар жана мамлекеттик чек араларга карабастан издөө, алуу жана таркатуу эркиндигин камтыйт.

20-статья.

1. Ар бир адам тынч жыйындарга жана ассоциацияларга катышуу эркиндигине укуктуу.

2. Эч ким кайсы бир ассоциацияга кирүүгө мажбурланышы мүмкүн эмес.

21-статья.

1. Ар бир адам өз өлкөсүн түздөн-түз же эркин шайланган өкүлдөрү аркылуу башкарууга катышууга укуктуу.

2. Ар бир адам өз өлкөсүндө мамлекеттик кызматка кирүүгө бирдей укукка ээ.

3. Элдин эрки өкмөттүн бийлигинин негизи болууга тийиш; бул эрк мезгилдүү жана бурмаланбаган шайлоолордо билдирилүүгө тийиш, алар жалпы жана тең шайлоо укугу аркылуу, жашыруун добуш берүү жолу менен же добуш берүүнүн эркиндигин камсыз кылуучу башка ар кандай бирдей маанидеги формалар менен жүргүзүлүүгө тийиш.

22-статья.

Ар бир адам коомдун мүчөсү катары ар бир мамлекеттин структурасына жана колдо болгон ресурстарына ылайык улуттук күч-аракеттер жана эл аралык кызматташтык аркылуу өзүнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жана өз инсанын эркин өстүрүү үчүн зарыл болгон социалдык камсыздалууга жана экономикалык, социалдык жана маданий жааттардагы укуктарын жүзөгө ашырууга укуктуу.

23-статья.

1. Ар бир адам эмгектенүүгө, ишти эркин тандап алууга, адилет жана жагымдуу эмгек шартына жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу.

2. Ар бир адам эч кандай кемсинтүүсүз бирдей эмгеги үчүн бирдей эмгек акы алууга укуктуу.

3. Ар бир иштеген адам өзүн жана үй-бүлөсүнүн татыктуу жашоосун камсыз кылуучу жана зарыл учурда социалдык камсыздоонун башка каражаттары менен толукталып туруучу адилет жана канааттандырарлык эмгек акы алууга укуктуу.

4. Ар бир адам өз таламдарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерди түзүүгө жана кесиптик бирликтерге кирүүгө укуктуу.

24-статья.

Ар бир адам жумуш күнүн акыл-эстүү чектөөгө жана акы төлөнүүчү отпускага болгон укугун камтуу менен бош убакытка жана эс алууга укуктуу.

25-статья.

1. Ар бир адам тамак-аш, кийим-кечек, турак-жай, медициналык жана зарыл социалдык жактан тейлөөнү ичине камтыган татыктуу турмуш деңгээлине укуктуу, ал адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугун жана бакубаттыгын сактоо үчүн зарыл жана ал жумушсуз калганда, ооруганда, майып болгондо, жесир калганда, карыганда же ага байланыштуу болбогон жагдайлардан улам жашоо каражатынан ажыраган учурда камсыз кылынууга укуктуу.

2. Эне болуу жана балалык кез өзгөчө кам көрүүгө жана жардамга укуктуу. Никеден же никесиз төрөлгөн бардык балдар бирдей социалдык коргоодон пайдаланууга тийиш.

26-статья.

1. Ар бир адам билим алууга укуктуу. Билим берүү, жок дегенде башталгыч жана жалпы билим берүү акысыз болууга тийиш. Башталгыч билим берүү милдеттүү болууга тийиш. Техникалык жана кесиптик билим берүү ал мүмкүнчүлүктөн пайдалана алгыдай жана жогорку билим берүү ар бир адамдын жөндөмдүүлүгүнүн негизинде бардык адамдар үчүн бирдей пайдалана алгыдай болууга тийиш.

2. Билим берүү адамдын инсандык касиеттерин толук өстүрүүгө жана адамдын укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоону арттырууга багытталууга тийиш. Билим берүү бардык элдердин, расалык жана диний топтордун ортосунда өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана достукка өбөлгө түзүүгө жана Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо боюнча иш-аракеттерине көмөк көрсөтүүгө тийиш.

3. Ата-эне өзүнүн жаш баласы үчүн билим берүү түрүн тандап алууда артыкчылыктуу укукка ээ.

27-статья.

1. Ар бир адам коомдун маданий турмушуна эркин катышууга, искусстводон ыракат алууга, илимий прогресске катышууга жана анын натыйжаларынан пайдаланууга укуктуу.

2. Ар бир адам өзү автор катары жараткан илимий, адабий жана көркөм эмгектеринин натыйжасы болуп саналган өзүнүн материалдык жана моралдык кызыкчылыктарынын корголушуна укуктуу.

28-статья.

Ар бир адам ушул Декларацияда баяндалган укуктары менен эркиндиктери толук ишке ашырыла турган социалдык жана эл аралык тартипке укуктуу.

29-статья.

1. Адам инсаны коомдо гана эркин жана толук өсүп-өнүгүшү мүмкүн, андыктан ар бир адам коом алдында милдеттүү.

2. Өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адам эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адеп-ахлактын, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш.

3. Бул укуктар менен эркиндиктерди иш жүзүнө ашыруу Бириккен Улуттар Уюмунун максаттары менен принциптерине эч кандай карама-каршы келүүгө тийиш эмес.

30-статья.

Бул Декларацияда эч нерсе кандайдыр бир мамлекетке, айрым топторго же айрым адамдарга ушул Декларацияда баяндалган укуктар менен эркиндиктерди жок кылууга багытталган иш-аракет жүргүзүү же андай аракеттерди жасоо укугун берүү катары чечмеленүүгө тийиш эмес.

 

 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы