Кыргыз Республикасынын Адвокаттар кеңешинин 2017-жылдын 19-октябрындагы чечими менен бекитилген
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында жазык иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын иш сапатынын стандарттары
Бишкек 2017
Преамбула
Ушул Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында жазыктык иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын иш сапатынын стандарттары (мындан ары текст боюнча – Стандарттар) Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык ишжөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Адвокаттардын кесиптик этикасынын кодексинин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан иштелип чыккан.
Стандарттар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (мындан ары текст боюнча – МКЮЖ) системасынын алкагында көрсөтүлүүчү квалификациялык юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан жана бекитилген, кылмыш жана жазык иштер боюнча квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокаттын ишине коюлган бирдиктүү талаптарды камтыйт, аларды белгилөө адвокаттын мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттарды колдонуусун чектебейт.
Адвокат тарабынан аракеттерди жасоонун иреттүүлүгү жана жетиштүүлүгү ушул Стандарттарга ылайык жана кылмыш жана жаза иштеринин конкреттүү жагдайларына ылайык аныкталат.
Стандарттардын жоболору адвокаттардын мыйзам талаптарын аткаруу шарттарында адвокаттын көз карандысыздыгына каршы келүүчү аракеттердин ал тарабынан жасалуусун тапшыруучу же ага жол берүүчү катары түшүндүрбөшү керек.
1. Жалпы жоболор
1. Адвокат Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун координатору (мындан ары – Борбордун координатору) тарабынан Квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестринен (мындан ары текст боюнча – Реестр) дайындалат.
Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамынын 8-статьясында көрсөтүлгөн адамдар квалификациялык юридикалык жардам алуучулар болуп саналат.
2. Борбордун координаторунун адвокатты дайындаганы жөнүндө чечимдин жана жазык-процесстин белгилүү бир стадиясында конкреттүү ишке катышуусу үчүн ага берилген ордер-тапшырманын негизинде адвокат кылмыш жана жазык ишине киришет.
3. Борбордун координатору тарабынан дайындалган адвокат өзү дайындалган убактан тартып тез арада кылмыш жана жазыктык ишти жүргүзүүгө киришет.
4. Борбордун координаторунун дайындоо жөнүндө чечимисиз МКЮЖ алуучусунун (мындан ары текст боюнча – алуучу) кызыкчылыктарында кылмыш жана жазык ишке катышуу адвокатка карата тартип өндүрүшүн козгоо үчүн негиз болот.
5. Адвокат кызыкчылыктардын кагылышы же анын келип чыгышынын тобокелдиги болгон учурларда алуучунун кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыра албайт. Адвокат менен алуучунун ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы келип чыкканда адвокат бул тууралуу Борбордун координаторуна токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
6. Адвокат өзүн коргоо учурларынан тышкары, эч бир жагдайларда квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү менен байланыштуу ага белгилүү болгон жана адвокаттык сырды түзүүчү маалыматтарды жарыялоого укугу жок.
7. Адвокат жазык иштер боюнча Квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү боюнча регистрди (мындан ары текст боюнча – Регистр) жүргүзүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн квалификациялык юридикалык жардамдын сапаты Регистрдин материалдары менен тастыкталат.
8. Адвокат коргоо процессин жүргүзүүдө, процесстин стадиясына көз карандысыз түрдө:
-алуучуга консультация берет жана ага иш боюнча колдонулуучу процессуалдык укуктарды жана милдеттерди, материалдык жана процессуалдык укуктун ченемдерин түшүндүрөт;
- иштин материалдары менен тааныштырууда, доолорду, арыздарды жазууда, доого/арызга каршы пикирди, өтүнүч катты, даттанууларды жана алуучу тарабынан кол коюлушу мүмкүн болгон башка процессуалдык документтерди жазууда алуучуга жардам көрсөтөт;
- мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттарды жана коргоо ыкмаларын колдонот.
9. Адвокат өзү дайындалган стадиядагы ишти аяктагандан кийин, же болбосо Борбордун координаторунун чечими боюнча ишке өзүнүн катышуусун токтотот.
Адвокаттын процесстин кийинки стадиясына катышуусу үчүн Борбордун координатору адвокатты дайындоо жөнүндө жаңы чечим чыгарат жана ордер-тапшырма берет.
10. Жазык/ процессуалдык ишке катышуусун токтоткон адвокат Регистрди Борбордун координаторуна Кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча өткөрүп берүүгө милдеттүү.
11.Адвокат квалификациялык юридикалык жардамды, бардык КЮЖ алуучуларга мыйзам чегинде көрсөтүүгө милдеттүү.
2. Адвокаттын кылмышка шектүү адамдарды кармоо учурундагы иш-аракетине карата минималдуу талаптар
12. Борбордун координатору тарабынан дайындалган адвокат бир сааттын ичинде кармоону жүзөгө ашырган органга кармоонун негиздери тууралуу маалымат алуу үчүн, ошондой эле кармоо протоколун жана кылмыш-жаза ишин козгоо тууралуу чечимдин көчүрмөсүн алуу үчүн келүүгө милдеттүү болуп саналат.
13. Адвокат кармалган киши менен дароо жолугуп, биринчи сурамжылоону жекеме жеке жүргүзүүсү керек.
14. Адвокат тергөө органдары жана башка адамдар тарабынан кармалгандарга карата күч же психологиялык жактан кандайдыр бир кысым көрсөтүлүүсүнө каршы туруусу керек.
15. Адвокат камакка алуу, жеке тинтүү менен тааныш болуусу жана эгерде зарыл болсо, жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин киргизүүсү керек.
3. Тергөөнүн жүрүшүндө адвокатка карата минималдуу талаптар
16. Адвокат алуучунун катышуусу менен өткөрүлгөн бардык процессуалдык жана тергөө иш-аракеттерине катышууга милдеттүү.
17. Тергөө иштери адвокаттын катышуусусуз жүргүзүлүп, жыйынтыгында алуучунун укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган учурда, адвокат аларга каршы арызданууга милдеттүү.
18. Адвокат тергөө органдары жана башка адамдар тарабынан кармалгандарга карата күч же психологиялык жактан кандайдыр бир кысым көрсөтүлүүсүнө каршы туруусу керек.
19. Адвокат алуучу менен иш боюнча позициясын макулдашуусу зарыл. Ушул максатта, адвокат кылмыш ишинин жагдайларын тактоо үчүн чараларды көрө баштайт.
20. Адвокаттын соттолуучунун күнөөлөрүнүн ачыкталышында жана алдын ала эскертилүүчү чаралардын көрүлүүсүндө катышуусу милдеттүү болуп саналат.
21. Эгерде соттолуучу күнөөлүү экендигин мойнуна алса, адвокат анын укугун түшүндүрүүгө милдетүү жана күнөөсүн мойнуна алгандыгн ыктыярдуу түрдө болгондугун жана өзүн-өзү мажбурлабагандыгына ынануусу керек.
22. Адвокат соттолуучуну эркинен ажыратууга байланыштуу эмес, алдын алуу чарасын көрүү боюнча сотко же тергөөчүгө өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү.
23. Адвокат эгерде сот тарабынан соттолуучунун мыйзамсыз камакка алынышы жана учурдагы сот тарабынан иши каралганга чейин бошотулуу мүмкүнчүлүгү каралса, анда соттук актка камакка алуу түрүндөгү алдын алуучу чаралар боюнча даттанууга милдеттүү.
24. Адвокат сот тарабынан соттолуучуну камакка алуу мөөнөттөрүн узартуу маселеси каралып жаткан учурда, соттолуучуну эркиндикке чыгарылуусун талап кылууга милдеттүү.
25. Адвокат бардык кылмыш ишинин документтеринин тизмеси менен бирге, тигилген жана номерленген түрдө иштин материалдары менен таанышууга милдеттүү.
4. Сотто адвокаттын иш-аракетине карата минималдык талаптар
26. Адвокат эгер бул кылмыш иши боюнча тергөө иштерине жактоочу катары катышпаган болсо, анда ал алуучу менен жолугуп биринчи сурамжылоону өткөрүүсү керек.
27. Адвокат кылмыш ишинин бардык материалдары менен толук түрдө таанышып чыгуусу керек.
28. Адвокат кылмыш ишинин бардык материалдары менен таанышып бүткөн соң, алуучу менен жолугуп, иштин жагдайлары боюнча сурамжылоо жүргүзүүгө, учурдагы абалды аныктоого жана коргонуунун стратегиясын иштеп чыгууга милдеттүү.
29. Адвокат эгерде соттолуучуну камакта кармоо мөөнөттөрү бузулган учурда, соттолуучунун мыйзамсыз түрдө камакта кармалып жаткандыгы үчүн анын камактан бошотулуусун талап кылуу арызы менен даттанууга милдеттүү болуп саналат.
30. Адвокат сот тарабынан кылмыш иши боюнча бардык далилдердин толук түрдө изилденүүсүн текшерүүсү керек. Эгерде сот тарабынан бул талаптар аткарылбаса, анда адвокат жазуу түрүндө арызданууга милдеттүү болуп саналат (төрагалык кызмат адамы же башка мыйзам тарабынан жол берилген иш-аракеттерине протокол боюнча каршы пикирлерди билдирүүлөрү боюнча колдонмо алуу менен).
31. Адвокат жарыш сөздөргө жана өкүмдү угузууга катышууга милдеттүү болуп саналат.
32. Адвокат мыйзамда бекитилген мөөнөттө өкүмдү алып, жазуу түрүндөгү өкүмдү ооз эки айтылган өкүмгө дал келүүсүн текшерүүсү милдет.
33. Адвокат алуучу менен жолугуп өкүмдү түшүндүрүп, аппеляциялык түрдө даттануу мүмкүндүгүн жана зарылдыгын талкуулоосу керек.
Адвокат жана алуучу соттук акттыларды аппеляциялык түрдө даттануу чечимине келишкен учурда адвокат мыйзамда бекитилген тартипте жана мөөнөттө аппеляциялык даттанууну түзүп киргизүүсү керек. 34. Адвокат алуучу менен бирге кабыл алынган соттук акттылардын толук же бир бөлүгүн кассациялык же көзөмөлдүк даттануу мүмкүндүгүн жана зарылдыгын чечүүсү керек.
35. Аппеляциялык, кассациялык, көзөмөлдүк даттанууда жана ошондой эле жогоруда айтылган инстанцияларда адвокаттын позициясы, талабы так жана даана болуусу керек.
36. Адвокат, прокурор тарабынан өкүмгө сунуш жана башка соттук актыларды киргизген учурда, жазуу түрүндө каршы пикирин билдирүүсү керек.
5. Өкүмдү аткаруу стадиясында адвокаттын иш-аракеттерине болгон минималдуу талаптар.
37. Өкүмду аткаруу стадиясында, квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн алуучу кайрылган учурда адвокат соттук актылар менен таанышып анын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо учун иш-аракеттерди аткаруусу керек.
6. Балдар үчүн юстиция маселелери боюнча адистешкен
адвокаттын иш-аракеттерине болгон минималдуу талаптар.
38. Жашы жете электерге квалификациялык юридикалык жардам берип жаткан адвокаттын ишмердүүлүгү, балдар үчүн юстициянын алкагында б.а. жашы жете электердин мыйзамга каршы иштеринде, жашы жете элек жабырлануучуларга, күбөлөргө алардын кызыкчылыктарын жеке коопсуздугун, абийирин урматтоосун артыкчылык менен камсыздоо керек.
39. Жашы жете электердин кызыкчылыктарын максималдуу түрдө ишке ашыруу учун жана физикалык, интеллектуалдык жана психикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, жашы жете электерге квалификациялык жардам берүүго жаш балдардын юстициясы боюнча атайын үйрөтүүчү курстарды окуган адвокаттарга уруксат берилет.
40. Жашы жете электерге квалификациялык жардам берип жаткан адвокат, аларга юридикалык жардам берүүчү мамлекеттик жана жеке мекемелердин же ишканалардын өкүлдөрүнүн байланышуу контакттары боюнча бардык маалыматты алуу укугунун сакталышына жардам берүүсү милдет.
41. Квалификациялык жардам берип жаткан адвокат менен жашы жете электердин жолугуусун атайын ИИБнүн, соттордун орун жайларында өткөрүү жана суракка алуунун ар кандай түрлөрүнөн алыс, сүйлөшүү гана түрүндөөткөрүү милдеттүү.
42. Жашы жете электерге квалификациялык жардам берип жаткан адвокат тарабынан кандайдыр бир психологиялык таасир берүү тыюу салынат.
43. Жашы жете электерди суракка алууда аудио жана видео жаздыруучу техникалык каражаттарды колдонуу милдеттүү.
44. Жашы жете электерге квалификациялык жардам берип жаткан адвокат, алар менен ишенимдүү мамилени түзүү, үчүн алган маалыматтын толук купуялуулугун сактоого милдеттүү.