30 Жетинин айы, 2023
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби


2018-жылдын 28-январындагы № 18
Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин буйругуна 1-тиркеме
 
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын
нотариалдык ишинин уюштурулушун
текшерүүнү өткөрүү тартиби
 
 
1. Ушул тартип «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын, 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө», «жеке нотариалдык кеӊсенин иш кагаздарын жүргүзүүсү жөнүндө» нускамаларын жана нотариалдык ишти жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын аткарууга иштелип чыккан.
2. Бул тартип тартиптик жоруктарды жасоо фактылары боюнча текшерүүлөрдү (кызматтык иликтөөлөрдү) уюштурууга жайылтылбайт.
4. «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын, 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө», «жеке нотариалдык кеӊсенин иш кагаздарын жүргүзүүсү жөнүндө» нускамаларын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын аткарууну текшерүү курамы үч адамдан кем эмес комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат маселелерин тейлеген башкармалыгынын кызматкерлери, юстициянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери ки рет.
Ошондой эле комиссиянын курамына мамлекеттик нотариустар жана нотариалдык палатанын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
5. Пландык текшерүүлөр текшерүүлөрдү өткөрүүнүн мурдагы жылынын 15-декабрынан кечиктирбестен, Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген текшерүүлөрдү өткөрүүнүн ар жылдык пландарына ылайык өткөрүлөт.
Текшерүүлөрдү өткөрүүнүн планын  сактоо мүмкүн эмес болгон учурда Юстиция министрлигинин буйругу менен планга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
6. Текшерүүнүн планында нотариалдык округ,текшерүүгө жаткан нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты, текшерүүнү өткөрүүнүн мөөнөттөрү (календардык ай) көрсөтүлөт.
7. Бекитилген ар жылдык пландар, график бекитилген күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде текшерилүүгө жаткан нотариустарга маалымдалат.
Текшерүүгө жаткан нотариусту   пландан тышкаркы текшерүү өткөрүүнүн   датасы жөнүндө кабарлоо талап кылынбайт.
8. Комиссиянын курамы жана текшерүүнү баштоо датасы юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
Юстиция министрлигинин кароосу боюнча айрым пландык, пландан тышкаркы (кызматтык) жана кайталанма текшерүүлөр юстициянын аймактык башкармалыктарына тапшырылышы мүмкүн. Бул учурда комиссиянын курамы жана текшерүүнү баштоо датасы юстициянын аймактык башкармалыгы тарабынан бекитилет.
9. Текшерүүнү өткөрүү мөөнөтү 5 жумуш күндөн ашпашы зарыл. Зарыл болгон учурда  текшерүүнү өткөрүү мөөнөтү тиешелүү буйрук менен узартылышы мүмкүн.
10. Пландык жана кайталанма текшерүүлөрдүн конкреттүү датасы жөнүндө комиссия мүчөлөрү аны өткөрүү күнүнөн 7 күндөн кечиктирилбестен маалымдалат.
11. Комиссия мүчөлөрүнүн бирине текшерүүнү өткөрүүгө катышууга тоскоолдук болгон күтүлбөгөн жагдайлар пайда болгон учурда  юстиция органынын буйругу менен дайындалган текшерүүнү өткөрүүгө катышууга ыйгарым укук берилген башка жак бекитилет.
Ошондой эле текшерүүнү өткөрүү датасын жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн, зарыл болгон учурда комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилет.
12. Текшерүүнүн жүрүшүндө нотариус текшерүүчүлөргө иш кагаздары, ошондой эле жасалган нотариалдык аракеттер боюнча бардык талап кылынган документтерди берүүгө милдеттүү.
13. Пландык текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүүчүлөр тарабынан текшерүүдөн мурдагы төрт жылдык мезгил үчүн документтерди тандап текшерүү өткөрүлөт.
14. Пландан тышкаркы текшерүү пландан тышкары текшерүү үчүн негиз болуп эсептелинген конкреттүү факт боюнча өткөрүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүү Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын талаптары, ички тартипти жана Юстиция министрлигинин жетекчилигинин ижана юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн тапшырмаларын бузган, жарандарга жана юридикалык жактарга зыян келтирген учурда дайындалышы мүмкүн.
Пландан тышкаркы текшерүүнү өткөрүү үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары;
- мамлекеттик бийликтин органдарынан маалыматтар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарыялары;
- укук коргоо органдарынан түшкөн маалыматтар;
- соттун аныктамалары;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын маалыматтары.
15. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча эки нускадагы маалым кат түзүлөт. Маалым катта төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- маалым катты түзүүнүн датасы, мезгили жана орду;
- текшерүүнү өткөргөн адамдардын маалыматтары;
- нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты;
- мамлекеттик нотариус кызмат ордуна дайындоо жөнүндөгү буйруктун жана же жеке нотариуска лицензияны берүүнүн маалым даректери;
- текшерүүнү өткөрүүнүн  датасы, мезгили, узактыгы жана орду;
- нотариалдык кеӊсенин жайгашкан жери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасында нотариалдык аракеттерди жасоонун тартибин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларга шилтеме кылуу менен текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган сын-пикирлер;
- текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча сунуштар;
- текшерүүнү өткөрүүнүн жыйынтыктары менен таанышуу же таанышуудан баш тартуу жөнүндөгү маалыматтар;
- текшерүүнү өткөргөн адамдардын кол тамгалары;
 
16. Мындан башка маалым катта төмөнкүлөрдүн бар экендиги же абалы жөнүндөгү маалыматтар чагылдырылышы керек:
- үстүбүздөгү жылдын иш номенклатурасына бекитилген нотариалдык кеӊседеги иш кагаздары жөнүндө;
- кириш жана чыгыш корреспонденцияны каттоо журналы (журналдар шнурланып, номурланып жана мөөр менен бекитилиши зарыл);
-  нотариалдык аракеттерди жазуу реестри, керээздердин алфавиттик китепчеси (китепчелер шнурланып, номурланып жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын тиешелүү башкармалыгынын же юстициянын тиешелүү аймактык башкармалыктарынын мөөрү менен бекитилиши зарыл);
- нотариалдык документтердин наряддары (наряддар индексти ыйгаруу жана сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен иштин номенклатурасына ылайык жүргүзүлүшү, көктөлүшү керек ар бир китептин калыӊдыгы 5 см ашпашы зарыл);
- үстүдөгү жылга жеке нотариустун кесиптик жоопкерчилигинин камсыздандыруу полиси;
- даттануулар жана сунуштар китепчеси;
- нотариалдык кеӊсенин орун жайынын орун жайынын берилген талаптарга ылайык келүүсү же ылайык келбөөсү;
- нотариалдык кеӊсенин материалдык-техникалык камсыздалышы, гербдик мөөрдү жана документтерди сактоо үчүн сейфтердин бар болуусу;
- мамлекеттик алымдын ставкалары, жарандар үчүн акылуу кызматтар жөнүндө маалыматтык такталардын бар болуусу;
- белгиленген кемчиликтерди жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, салык инспекциясынын мурдагы текшерүүлөрү;
- мамлекеттик нотариалдык кеӊсенин архивине документтерди квартал сайын берүүдө мамлекеттик нотариус тарабынан нотариалдык документтерди текшерүүнүн маалым каттарынын бар болуусу;
-текшерилип жаткан мезгилде нотариустар тарабынан жасалган нотариалдык аракеттердин саны, өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы, нотариалдык аракеттердин түрлөрү;
- нотариалдык аракеттерди жасагандыгы үчүн мамлекеттик алымды алуунун  жана киргизүүнүн өз убактуулугу;
- автотранспорт каражаттарын башкарууга так отчеттуулук бланктарынын бар болуусу жана пайдалануу;
-  так отчеттуулук бланктарын пайдалануу боюнча жасалган нотариалдык аракеттер жана өндүрүлгөн мамлекеттик алым боюнча отчеттуулукту жүргүзүү жана түзүү;
17.  Маалым катта нотариус тарабынан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун оӊ учурларын чагылдырууда, тажрыйба алмашуу максатында башка нотариустарга сунушталышы мүмкүн болгондорун жазуу керек.
18. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалым кат аны өткөргөн күндөн тартып 7 жумуш күндөн кечиктирилбестен эки нускада түзүлөт жана текшерүүнү жүргүзгөн адамдар, жана ага карата текшерүү жүргүзүлгөн нотариус тарабынан кол коюлат. Маалым кат юстиция органы тарабынан 14 күндүн ичинде каралышы керек.
 Текшерүүнүн маалым катын түзүү үчүн өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн, сыноолордун, атайын иликтөөлөрдүн, экспертизалардын жыйынтыктары боюнча корутундун алуу керек болсо, текшерүүнүн актысы аталган иш чаралар аяктагандан кийин үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө түзүлөт.
Ага карата текшерүү жүгүзүлгөн Нотариус маалым кат менен таанышуудан же ага кол коюудан баш тарткан учурда комиссиянын бардык мүчөлөрү менен кол коюулуучу тиешелүү акт түзүлөт.
Комиссия зарыл болгон учурда текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоодо ага карата текшерүү жүргүзүлгөн нотариусту чакырууга укуктуу;
Маалым кат текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, ага карата текшерүү өткөрүлгөн нотариустун өздүк ишинде сакталат. Эгерде ага карата текшерүү өткөрүлгөн нотариус текшерүүчүлөрдүн сын-пикирлери менен макул эмес болсо маалым катка кол коюуда да, юстиция органдары тарабынан текшерүүнүн жыйынтыктарын кароого чейинки кандай гана болбосун учурда өзүнүн жазуу жүзүндөгү каршы пикирлерин берүүгө укуктуу (тиешелү документтерди тиркөө менен).
Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалым катта  колдонуудагы мыйзамдардагы табылган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча чара көрүү үчүн мөөнөт белгиленет, ал текшерүү аяктаган күндөн тартып 6 айдан ашпашы зарыл.
Зарыл болгон учурда комиссия мүчөлөрү табылган кемчиликтер жана бузуулар фактылары боюнча нотариустан түшүндүрмөнү суроо-талап кылууга укуктуу.
Нотариус тарабынан нотариалдык палатага кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча жасалган иштер жөнүндө маалыматты көрсөтпөөсү кайталап текшерүүнү өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.
19. Кайталап текшерүү, анын жүрүшүндө нотариалдык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын одоно бузуулары табылган пландык текшерүү өткөрүлгөндөн кийин бир жылдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү мүмкүн. Кайталап текшерүүдө пландык текшерүүдөн кийинки мезгил алынат. Кайталап текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ушул регламенттин 16-18-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары пландык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузууларды жоюу жөнүндөгү маалыматты камтыган корутунду түзүлөт.
20. Ыйгарым укуктардын алкагында юстиция органдары аныкталган бузууларды жоюу, алардын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой эле бузууларга жол берген адамдарга тартиптик мүнөздөгү чараларды колдонуу жөнүндө жетекчиликтин кароосуна сунуштарды киргизүүгө милдеттүү.
21. Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыктары ушул тартиптин 16, 18-пункттары менен каралган тартипте таризделет жана каралат.  
Пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамдын бузулганы табылган учурда, алардын бузулушуна жол берген нотариустун жалпы иши боюнча кайталанма текшерүү дайындалышы мүмкүн.
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.pnge06ee80e86f65341e2f59be964b9bd7b20230306040230.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg3e5e646a291fbe33878be64667ad7f6320190328065104.jpg78277ff9494b6ec7ac6f10db7a7ff42520210922104929.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы