29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Долбоор Кыргыз Республикасындагы кыргыздардын улуттук оймолору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


Долбоор
 
Кыргыз Республикасындагы кыргыздардын улуттук оймолору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамы
 
                                            I ГЛАВА. Жалпы жоболор
            1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу
        1. Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин жайларында жана башка объектеринде кыргыздардын улуттук оймолорун орнотууга, колдонуу жана жайгаштыруу тартибине жайылтат.
        2. Ушул мыйзамдын жоболору башка этникалык топтордун улуттук оймолоруна, ошондой эле кыргыздардын улуттук оймолорун коомдук уюмдар  жана башка  юридикалык жана жеке жактардын жайларында  жана обьектилеринде орнотууга, колдонуу жана жайгаштыруу тартибине жайылтылбайт.
2-берене. Кыргыздардын улуттук оймолорунун реестри
1.   Кыргыздардын улуттук оймолорунун реестри (мындан ары – Реестр) кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартибин аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан түзүлөт.
2.   Реестрге кыргыздын өзүн өзү улуттук идентификациялоо боюнча Комиссиясы тарабынан жактырылган жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен кыргыздардын улуттук оймолору киргизилет.
3.   Реестерди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
               3-берене. Кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартибин аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы
1.   Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик орган кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартибин аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы болуп эсептелет.
Кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартибин аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын алдында кыргыздардын улуттук оймолорунун Реестрин жүргүзгөн кыргыздын өзүн өзү улуттук идентификациялоо боюнча Комиссиясы түзүлөт, ал кыргыздардын улуттук оймолорунун Реестрин жүргүзөт.
2. Кыргыздардынөзүн өзү улуттук идентификациялоо боюнча Комиссиясы жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
II Глава. Кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартиби.
4-берене
1.   Кыргыз Республикасында кыргыздардын улуттук оймолору мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайларында жана башка обьектилеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин жайларында  ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча жайгаштырылат  жана Реестрге ылайык келүүгө тийиш.
2.   Реестрге киргизилбеген кыргыздардын оймолорун мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайларында  жана башка обьектилеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин жайларында  жайгаштырууга жол берилбейт.
3.     Кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартибинКыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.                          
                        III Глава. Корутунду жоболор


 
1.   Ушул Мыйзамрасмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
 
Кыргыз Ресубликасынын
Президенти


 “Кыргыз Республикасындагы кыргыздардын улуттук оймолору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
                             негиздеме – маалым кат
        “Кыргыз Республикасындагы кыргыздардын улуттук оймолору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна мыйзам долбоолорун эркин жана ыктыярдуу киргизүү боюнча жарандардын элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин конститутциялык укугун жүзөгө ашыруу аркылуу демилгеленип жатат.
        Бөтөн маданий баалуулуктарды жана принциптерди тутунуу маданиятты алып жүрүүчүлөрдүн (этностун, улуттун, элдин) жок болуп кетишине алып келет. Кандайдыр бир улуттун, ал тургай цивилизациянын кыйрашы, маданиятынын өзөгүнөн экени тарыхый тажрыйбада кокусунан болбосо керек.
Маданият – бул руханий жана материалдык баалуулуктар, башкача айтканда улуттун тили, салты, кийим кечеси, спорту, музыкасы, көркөм өнөрү, жашоо шарты жүрүм туруму жана б.у.с.
Булардын баардыгын биз сакташыбыз жана көбөйтүшүбүз керек.
Бир ойчул айткан экен: «Эгерде эл текебер болуп, өнүгүүгө умтулуусун жоготсо, анда ал эл начарлай баштайт. Бирок, эгерде эл бөтөн элдин маданиятын өздөрүнө сиңирип баштаса, анда ал өзүнө өзү өлүм жазасын чыгарат.»
Адамдар жалпы элдик көз карашка тартылышат. Мындайча айтканда дүйнөгө жалпы көз караш пайда болот. Мында өлкөнүн өзүнүн өнүгүү жолунда жана анын баардык маңызында – тили, маданияты, анын символдору, анын ыйык тутунгандары жана б.у.с. өзөктүү оорунду ээлейт.
Улуттук оймолор жана оймо-чиймелер – булар кыргыз элинин маданиятынын жана потенциалдарынын өзгөчө белгилери жана сырлары.
Бирок, биз көпчүлүк учурда кимдир бирөө атайын кыргызга таандык эмес оймолорун жана оймо-чиймелерин таңуулаганын, жана бул кыргыздын өзүн өзү улуттук идентификациялоосунун бурмаланышына таасирин тийгизерин байкамаксанга салабыз же ага көз жумабыз.
Мисалы, айрым курулуш компаниялары үйдү куруп, аларды кыргыз маданияты үчүн түшүнүксүз оймолор жана оймо-чиймелер менен кооздошот. Бирок, бул маселенин бир эле жагы жана буга жеке бизнес жол берет. Анткен менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, мамлекеттик бийлик органдарынын имараттарында кыргызга таандык эмес оймолорду жана оймо-чиймелерди жайгаштырууга жана алар менен кооздогоо жол берүүгө болбойт.
Кыргыз эли үчүн символдордун жана белгилердин таасири көп жактуу жана маанилүү. Ушундан улам «Эл үчүн» демилгелүү топ   кыргыздардын улуттук оймолорун мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын имараттарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде колдонуу жана жайгаштыруу тартибин жөнгө салуучу, ошондой эле КЫРГЫЗДАРДЫН ата-бабаларынын ыйык мурастары сакталышы үчүн ушул Мыйзам долбоорун иштеп чыкты жана сунуштайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын гимнинде мындайча жазылган:
 
Аткарылып элдин үмүт, тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.
 
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колунда
 
Ушул Мыйзам долбоорун кабыл алуусу менен төмөнкү мыйзам алдындагы актыларын иштеп чыгууга талап кылат:
- Реестрди жүргүзүү тартибин;
- Кыргыздардын өзүн өзү улуттук идентификациялоо боюнча Комиссиясы жөнүндө Жобосун;
- Кыргыздардын улуттук оймолорун колдонуунун жана жайгаштыруунун тартибин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №
 236 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоого жатпайт анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
Белгиленген долбоорду кабыл алуу кандай бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик эколгиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.
Ошону менен бирге, иштөөдөгү улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча, сунушталган Мыйзам долбоорунун ченемдери башка ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт, ошондой эле долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоого жатпайт анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
 
“Эл үчүн” демилге
тобунун төрагасы                                                               Б. Керимбеков
 
 
 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы