20 Баш оона, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 19-декабры № 593
 
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
 
М.Абылгазиев
 
2-тиркеме
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн
ТАРИФТЕРИ
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдарга (мындан ары - алуучу) жарандык/административдик иштер боюнча көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча ишке ашырылат:
1) адвокаттын жарандык/административдик ишке мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуучунун статусу тастыктала электе киришүүсү (иштин материалдары менен таанышуу, суроо-каттарын жиберүү, арыз берүүчү менен маектешүү, консультациялар) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
2) доо/арыз/даттануу түзүү, доого/арызга/даттанууга каршылык билдирүүнү жазуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштен чыгуу, алуучу менен маектешүү) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
3) жарандык/административдик ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо учурунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
4) жарандык/административдик иш боюнча доо, даттануулар сотко келип түшкөн күндөн тартып биринчи инстанциядагы сотто эки айдан көп каралган учурда, адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) жарандык/административдик ишти апелляциялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
6) жарандык/административдик иш сотко келип түшкөн күндөн тартып апелляциялык инстанцияда эки айдан көп каралган учурда, адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
7) жарандык/административдик ишти кассациялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
8) жарандык/административдик иш боюнча кассациялык даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып кассациялык инстанцияда эки айдан көп каралган учурда, адвокаттын сот отурумуна ар бир катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
9) жарандык/административдик ишти кайра ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
10) кайра ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча жарандык/административдик иш келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык кайра каралган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттын соттун отурумуна катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
11) сот жарандык/административдик ишти жаңы карап чыгууга жибергенде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
12) жарандык/административдик иш боюнча сот актыларын аткаруу баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында жазык иштери боюнча алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча жүргүзүлөт:
1) шектелген адам түн ичинде, дем алыш же майрам күндөрү кармалганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
2) шектелген адам күндүз кармалганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
3) соттордо өкүм чыгарууда, тергөө же прокуратура органдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
4) адвокат жазык ишине (квалификациялуу юридикалык жардамды алуучунун статусу тастыкталганга чейин) киришкенде - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) тергөө баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши эки айдан көп каралган учурда, иштин узактыгын жана татаалдыгын эске алып, ар бир кийинки ай үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
6) биринчи инстанциядагы сот баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши эки айдан көп каралган учурда, иштин узактыгын жана татаалдыгын эске алып - ар бир кийинки ай үчүн - 10 (өн) эсептик көрсөткүч;
7) апелляциялык (кассациялык) сот инстанциясынын баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши эки айдан көп каралган учурда сот отурумуна ар бир кийинки катышуу үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
8) көзөмөл инстанциясынын баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, биринчи жана экинчи инстанциядагы сотторго, тергөө баскычына катышпаган адвокаттын иш менен таанышуусун эске алуу менен - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
9) өкүмдү аткаруу баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, анын ичинде адвокаттын иш менен таанышуусу - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
10) көп эпизоддуу (үч же андан көп) оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөө баскычында, соттун биринчи жана экинчи инстанцияларында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатка төлөнүүчү үстөк акы - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч.
3. 1 жана 2-пункттарда белгиленген акы төлөө тарифтерине адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүсү менен байланышкан (командировка менен байланышкан чыгымдардан сырткары, административдик-аймактык бирдиктин чегинде жол киреге сарпталган транспорттук чыгымдар, канцелярдык буюмдарды сатып алуу, байланышка акы төлөө ) бардык чыгымдар кирет.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы