Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32
Дү-Жм, 09:00-18:00
Ишеним телефону:
СУРОО БЕРҮҮДолбоор
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
1-берене
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын (2011-жылдын 25-ноябрь N 221, 2015-жылдын 23-апрель N 88 КР Конституциялык мыйзамдардын редакциясында) 61-беренесинин 2-пунктунда “элүү миң эселенген өлчөмүндөгү” деген сөздөр “он миң эселенген өлчөмүндөгү” деген сөздөргө өзгөртүлсүн.
Статья 2
1. Ушул Мыйзам расмий жарыялоодон кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С. Жээнбеков
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна НЕГИЗДЕМЕ МААЛЫМКАТ
Кыргыз Республикасында бийликтин булагы болуп эл эсептелет. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинде белгиленген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 1-пунктунда мамлекеттик органдар Кыргызстандын элинин айрым бир бөлүгүнө эмес, жалпы элге кызмат кылышы керек деп бекитилген.
Бирок, иш жүзүндө, кээ бир мыйзамдар айрым адамдардын топтору үчүн артыкчылык түзүп берүү үчүн кабыл алынгандай. Алсак, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2015-жылдын апрелинде ЖК IV чакырылыштагы депу-таты Абдыжапар Бекматов тарабынан демилгеленген мыйзамы саясий пар-тиялар үчүн шайлоо күрөөсүнүн көлөмүн 500 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин жогорулатуу тууралуу норманы белгилеген. Бул оӊдоону катарында олигархтар жана бюджеттик каражатты уурдаган параколор жок партиялар үчүн барьер катары кабыл алууга болот. Мындай оӊдоону колдогон бирден бир аргументи болуп, парламенттик шайлоодо шайлоо босогосунун «тө-мөндүгүнөн» майда-барат, акыбалы төмөн партиялар да катышып жат-кандыгы эле. Бирок, мындай негативдүү факторду жоюу үчүн көптөгөн башка акыйкаттуу механизмдер бар, алсак, өтмөк босогону көбөйтүү.
Натыйжада, биз жалаӊ бизнесмендерден, паракорлордон, криминал өкүлдөрүнөн, квота (жаштар, аялдар, этникалык аз сандагылар, инва-лиддер) менен мандат алган аз сандагы депутаттардан турган парламентке ээ болдук. Бул парламент эӊ эрксиз, ал эле эмес, «чөнтөктөгү» парламент болуп чыкты. Мунун баары, партиялык тизме кандидаттардын акчасына карап түзүлгөндүгүнө жараша ушундай абалга келгендигинин кесепети эле. Натыйжада, алардын ар бири депутаттык мөөнөт ичинде акча чогул-туп, кызмат укуктарынан пайдаланып, сарптаган акчасын кайтарып, кий-инки шайлоого акча топтогонго аракет жасашат. Каржы тоскоолдуктарын жогорулатуу партиядагы коррупциянын өсүшүнө гана өбөлгө түзөт, ошондой эле бул коррупцияны калган башка бийлик институттарына жана жалпы коомго жайылтышат.
Шайлоо күрөөсүнүн жогорулашы жаш партиялардын парламенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Ал эми шайлоого катышмайынча мындай партиялар өспөйт, өнүкпөйт. Күрөөнү жогору-латуу фактысын олигархтар жана коррупционерлер тарабынан бийликти узурпациялоо жана монополизациялоо катары эсептөө эч ашыктык кылбайт.
Жарандардын көбүнүн тапкан кирешеси керектөө корзинасынан ашпаганын эске алсак, саясий партиялар үчүн түзүлгөн жогорку каржы тоскоолдуктар олигархиялык өлкөгө айланып кетүүгө жана коррупцияны жогорлатууга коопту абалды туудурат.
Андыктан, шайлоо мыйзамдарына каржы тоскоолдуктарын жана уурдалган капитал менен түйшүктөлбөгөн адамдардын катышуусу үчүн чектөөлөрдү жоюу менен, шайлоодо чынчыл өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жогорку Кеӊешке саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитүү зарылдыгы келип чыкты.
Сунушталган өзгөртүүлөр каражаттык чыгымдарга алып келбейт, андыктан, мыйзамды ишке ашыруу үчүн каражат булактарын табууга аракет жасоонун кажети жок.
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин
демилгелүү тобунун төрагасы Р. Тулеев
20-март 2018-жыл.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын
долбооруна салыштырма таблицасы
Мыйзамдын колдонуудагы редакциясы |
61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт. |
Мыйзамга сунушталган түзөтүүлөр |
61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо
2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.
|
Элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин
демилгелүү тобунун төрагасы Р. Тулеев
20-март 2018-жыл.
25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот
Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата
Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз
Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы
Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү
Юридикалык жактарды онлайн каттоо
КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?
Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу
Каракол шаарынын пробация органы
Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу
Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө
Юридикалык жардам 112 номуру боюнча
COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү
"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)
Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк
Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда
КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн
Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары
Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда
Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы
Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди
Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи
Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө
Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат
МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ
Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020
Соттолгон адамдарга ырайым берилди
Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө
0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ
Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө
Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары
Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү
Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу
Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө
Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү
Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү
Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү
Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу
Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар
Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар
Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору
Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери
Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары
Документтерди консулдук мыйзамдаштыруу
Документтердин чыгаруу убактысы
Документтерди кабыл алуу убактысы
Апостиль коюу үчүн төлөмдөрдүн баалары
Юстиция министрлигинин маалым даректери
Ишти жөнгө салган укуктук актылар
Апостиль коюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жөнүндө
Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү
Мамлекеттик нотариустардын реестри
Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси
Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План
Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси
Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары
Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө
Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси
Жылнаама
‹ | › | |||||
Пн | Вт | Ср | Чт | Пт | Сб | Вс |
Жаңылыктар -
Анонстор -
Сурамжылоо