22 Бирдин айы, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2018-жылдын 20-декабры № 594 Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2018-жылдын 20-декабры № 594

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартибин жана квалификациялуу юридикалык жардамды алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө

"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 23-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын субъекттеринин өз ара аракеттешүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев

 

2-тиркеме

Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин
ТИЗМЕГИ

1. Доогерлер, жоопкерлер, шектелгендер, айыпталуучулар, соттолуучулар, соттолгондор, акталгандар, жабыркагандар, жашы жете элек күбөлөр үчүн:

- адамдын доогер, жоопкер, шектелген, айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон, акталган, жабыркаган, жашы жете элек күбө катары аныкталганы жөнүндө жазыктык куугунтуктоо органдарынын же сот органынын чечиминин көчүрмөсү;

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү - жашы жете элек күбөлөр үчүн;

- Бирдиктүү салык декларациясынын көчүрмөсү, аталган декларация жок болгон учурда, акыркы он эки айдын ичинде жасаган төлөмдөрү жөнүндөгү салык органдарынан документтин көчүрмөсү;

- акыркы он эки айдын ичинде жасаган төлөмдөрү жөнүндө социалдык фонддун органдарынан маалымкат;

- эгерде арыз берүүчү/алуучу пенсия менен камсыздалууга укугу жок болсо социалдык коргоо органдарынан маалымкат.

2. Шектелип кармалган адамдар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- кармоо протоколунун көчүрмөсү.

3. Өтө оор кылмыш жасады деп шектелгендер үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- адамдын шектелген катары жоопко тартылгандыгы жөнүндө токтомдун көчүрмөсү.

4. Өтө оор кылмыш жасады деп айыпталуучулар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- адамды айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү.

5. Өтө оор кылмыш жасады деп күнөөлөнгөн соттолуучулар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- соттолуучунун ишин өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө сот органдарынын чечиминин көчүрмөсү.

6. I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- майыптыгынын тобун аныктоо жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун көчүрмөсү.

7. Психикалык оору менен жабыркаган адамдар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- медициналык корутундунун көчүрмөсү.

8. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ага теңдештирилген адамдар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун, майыбынын же аларга теңдештирилген адамдын күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

9. Көрсөтүлүүчү жардам алардын кызыкчылыгында болгон жашы жете электерге, көрсөтүлүүчү жардам жашы жете элек балдарынын кызыкчылыгында болгон ата энелерге (камкорчуларга, көзөмөлчүлөргө):

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- камкорчулар/көзөмөлчүлөр үчүн - жашы жете элек балага камкорчу/көзөмөлчү кылып дайындоо жөнүндө сот органдарынын чечиминин көчүрмөсү.

10. Жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелер үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- жашы жете элек баланы атасыз тарбиялап жаткандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энелик укуктан ажыратылгандыгы тууралуу сот органдарынын чечими ж.б.).

11. Жашы жете элек баланы/балдарды энесиз тарбиялап жаткан адамдар үчүн - балдардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын камсыз кылууга байланыштуу маселелер боюнча:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

- жашы жете элек баланы энесиз тарбиялап жаткандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү (өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ата-энелик укуктан ажыратылгандыгы тууралуу сот органдарынын чечими ж.б.).

12. Мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткандар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- аскер бөлүгүндөгү жеке курамдын тизмесине каттап жазуу жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү.

13. Мамлекеттик үй-интернаттарында жашаган карылар үчүн:

- паспорттун же ким экенин аныктоочу башка документтин көчүрмөсү;

- мамлекеттик үй-интернаттарында жашагандыгын ырастаган маалымкат.

 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ММК мамлекеттик каттоо үчүн керектүү документтердин тизмеси, тартиби жана үлгүлѳрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif7ce8f225aa7048cab1df0e1bda2fb27d20181206053805.JPG0c657e5c511da51cf1ea12cd6c4631c320190118064049.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы