24 Бугу, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө Нускама


Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222, 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама нотариалдык иш аракеттерди жасоонун негизги эрежелерин аныктайт.
Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык нотариус өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге таянат.
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Нотариустар мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда башка мамлекеттердин да мыйзамдарын колдонушат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Нотариат ишин жүргүзүү жарандык юрисдикция тутумуна кирет. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариус жарандык-укуктук ченемдерди жетекчиликке алат; нотариус жарандык-укуктук жөнгө салууга тиешелүү укуктук мамилелерге катышкан жактарга карата нотариат иш аракеттерин күбөлөндүрөт, күбөлөйт, аткарат.
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каалаган нотариалдык иш-аракетти жасайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жеке нотариус нотариалдык округдун чегинде нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн нотариалдык иштин элге белгилүү мүнөзүн, анын ичинде жарандарга жана юридикалык жактарга нотариустун кызматынан пайдалануунун жеткиликтүү болушун, нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жашырындуулугун жана нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү материалдарын сактоону камсыз кылган жайды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттатууга тийиш.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасаган жери өзгөргөн учурда жеке нотариус Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин үч күндүк мөөнөттө кабардар кылууга жана кайрадан катталууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Нотариалдык иш-аракеттер жасала турган жай турак эмес жай категориясына кирген, мамлекеттик нотариат кеңсеси ээлеген имараттан тышкарыда капиталдык курулган имаратта жайгашууга, ошондой эле нотариаттын бөлмөсүнөн, кайрылуучуларды кабылдамадан турууга тийиш.
5. Нотариалдык иш-аракеттер жасала турган жай өрттөн коопсуз болууга, суу каптоодон кепилденүүгө, нотариалдык иш-аракеттерди талаптагыдай жасоо үчүн тиешелүү компьютердик техника, шаймандар, нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү материалдарын жана катуу отчеттуулук бланктарын сактоо үчүн сейф менен жабдылууга тийиш.
Нотариалдык иш-аракеттер жасала турган жайдын болушу жана анын көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши тиешелүү органдардын адистеринин (санитардык-эпидемиологиялык кызмат, өрткө каршы кызмат, энергетика жана газ боюнча кызмат) жана аймактык юстиция органынын адисинин корутундулары аркылуу ырасталат.
6. Нотариустар аткарылган нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун сактоого милдеттүү.
Жасалган иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү өздөрүнүн тапшырмасы боюнча же өздөрүнө карата нотариалдык иш-аракет аткарылган жеке жана юридикалык жактарга гана берилет.
Керээз жөнүндө (керээз бар экендиги, анын мазмуну жөнүндө ж.б.) маалыматтар керээз калтыруучу адамга, ал эми ал өлгөндөн кийин болжолдонгон мураскерлердин ичинен кимисине болбосун керээз жазган адамдын өлгөндүгүн ырастаган документ көрсөтүлгөндөн кийин берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Соттун, прокуратуранын, тергөө жана оболку сурак органдарынын талабы боюнча жасалган иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу берилет.
Аткарылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтын берилиши болуп нотариустун архивинде сакталган документ берилбестен нотариус тарабынан нотариалдык иш-аракеттердин аткарылганын ырастоо же тануу эсептелет.
Нотариустар тарабынан маалыматтар, документтер жана документтердин көчүрмөлөрү тиешелүү органдардын мөөрү басылган, көрсөтүлгөн органдардын кат жүзүндөгү талабы боюнча гана берилет. Нотариалдык иш-аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди берүүгө башка бардык учурларда тыюу салынат.
Нотариалдык иш-аракеттердин жасалганын ырастаган документтерди алып коюу зарыл болгондо соттун актысынын негизинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алып коюу жүргүзүлөт.
Прокурордун аткарылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды талап кылуу укугу ыйгарым укуктуу орган тарабынан кылмыш иши козголгон учурдан тарта пайда болот.
Нотариалдык иш-аракеттердин жашыруундуулугун сактоо жөнүндө эрежелер өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө кабардар болушкан адамдарга да таркатылат.
Нотариустар, ошондой эле өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруусуна байланыштуу аткарылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө кабардар болушкан адамдар нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопко тартылышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
8. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренсине ылайык нотариустар жарандарга жана юридикалык жактарга өздөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоону ишке ашырууга, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүүгө, юридикалык жагын билбегендиги жана ушуга окшогон жагдайлар аларга зыян келтирбеши үчүн жасалып жаткан нотариалдык иш-аракеттердин натыйжалары жөнүндө эскертүүгө милдеттүү.
Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылышкан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча бүтүмдөрдүн жана арыздардын долбоорун түзүп беришет, документтердин көчүрмөлөрүн жана алардан жазып алууларды жасашат, ошондой эле нотариалдык иш-аракеттерди жасоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү/кеңештерди беришет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Нотариалдык иш кагаздары нотариус тарабынан мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Эгерде нотариалдык иш-аракет жасатуу үчүн кайрылган адам иш кагаздары жүргүзүлгөн тилди билбесе, жол-жоболоштурула турган документтердин тексти ага нотариус же котормочу тарабынан которулууга тийиш.
Эгерде жол-жоболоштурула турган документтин тексти нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн кайрылган адамдын тилин билген адам тарабынан оозеки которулса, нотариус ушул адамдын инсандыгын аныктайт жана анын аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилет. Ошондой эле, нотариус жол-жоболоштурула турган документтин текстин оозеки которгон адамдын котормосунун тууралыгы жана аткарылган нотариалдык иш-аракеттин жашыруундуулугу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертет. Ушул иш-аракет өзүнчө нотариалдык иш-аракет катары тизме журналында катталбайт.
10. Нотариус тарабынан иш кагаздарын жүргүзүүнүн уюштурулуш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
II бөлүм. Нотариалдык иш-аракеттерди аткаруунун негизги эрежелери
11. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо эрежелери жана нотариус тарабынан жарандык-укуктук ченемдерди колдонуу тартиби “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Нускама, Иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө нускама, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин көрсөтмөлөрү аркылуу аныкталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Нускамада нотариалдык иш-аракетти белгилүү нотариалдык округдун нотариусу жасашы керектиги каралган учурларды эске албаганда, нотариалдык иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында каалаган нотариус жасай алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Нотариалдык иш-аракеттер нотариустун кеңсесинде жасалат. Айрым учурларда жеке адамдардын же юридикалык жактардын өтүнүчү боюнча нотариалдык иш-аракеттер нотариустун өзүнүн нотариалдык округунун аймагынын чегинде ошол жерге баруу аркылуу жасалышы мүмкүн.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттер нотариустун кеңсесинен сырткары чыгуу менен жасалса, анда документтеги күбөлөндүрүү жазуусунда жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн реестрде дарегин көрсөтүү менен нотариалдык иш-аракеттердин жасалган орду жазылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдардын коюмдарынын 3-пунктуна ылайык нотариустун кеңсесинен тышкары жасалган нотариалдык иш-аракет үчүн мамлекеттик алым эки эселенген өлчөмдө алынат, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин жана башка айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн кошпогондо ушул нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн барууга байланышкан чыгымдар төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Нотариалдык иш-аракеттер бардык зарыл документтер көрсөтүлгөндөн жана мамлекеттик алым төлөнгөндөн кийин жасалат. Нотариалдык иш-аракетти жасоодогу мамлекеттик алым мамлекеттик нотариустар тарабынан банк бөлүмүнө банктын эртеңки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ал эми жеке нотариустар тарабынан жумасына бир жолудан кем эмес төлөнүп турат.
14. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде каралган тартипте жана негиздерде нотариалдык иш-аракетти жасоо кийинкиге калтырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кызыкдар жак күбөлөндүрүп берүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашкан башка кызыкдар жактын арызы боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоо он күндөн ашпаган мөөнөткө калтырылат. Эгерде бул мөөнөттүн ичинде кызыкдар жак анын арызы сотко келип түшкөндүгү тууралуу фактыны ырастоочу документти көрсөтпөсө, анда нотариалдык иш-аракет жасалышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кызыкдар адамдын күбөлөндүрүп берүүнү суранган укугун же фактыны талашкан башка кызыкдар адамдын арызы боюнча доо арызын (Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 141-беренеси) камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө соттун аныктамасы алынган учурда нотариалдык иш-аракеттерди жасоо иш сот тарабынан чечилгенге чейин токтотула турулат.
Кызыкдар адам күбөлөндүрүп берүү үчүн кайрылган укукту же фактыны сотто талашкан башка кызыкдар адамдын арызы келип түшкөндүгү жөнүндө билдирүү прокуратурадан, башка тергөө органдарынан келип түшкөн учурда нотариалдык иш-аракетти жасоо укук коргоо органдары тарабынан арыз чечилгенге жана алардан тиешелүү документ келип түшкөнгө чейин токтотулат.
17. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариустар нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган жарандардын, алардын өкүлдөрүнүн же юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн инсандыгын аныкташат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын инсандыгы Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун негизинде аныкталат.
Жарандыгын, үй-бүлөлүк абалын же жашаган жерин аныктоонун зарылдыгы жок учурда нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо адамдын инсандыгы жарандын инсандыгын аныктоодо эч кандай шек туудурбаган башка документтердин негизинде аныкталат.
Кыргыз Республикасынан тышкарыда туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгы анын жалпы жарандык паспорту боюнча анда дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин консулдук эсеби же туруктуу жашаган жери боюнча же өзү жашаган өлкөдөгү жашоо укугу жөнүндө белги коюлган болсо аныкталат. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө жана ээликтен ажыратыла турган (күрөөгө коюлган, пайдаланууга өткөрүлүп берилген) мүлктүн ээсинин инсандыгын жогоруда көрсөтүлгөн паспорт боюнча аныктоо зарылдыгы болгон учурда нотариус туулгандыгы тууралу күбөлүктүн көчүрмөсүн же актылар жазууларынан көчүрмөнү же инсандыгын ырастоодо шек туудурбаган башка документтерди кошумча талап кылууга жана аларды нотариалдык документтерге кошо тиркөөгө тийиш. Үй-бүлөлүк абалын аныктоо зарылдыгы болгон учурда нотариус ошондой эле нике мамилесин ырастаган документтерди же үй-бүлөлүк башкача абалын ырастаган (мисалы, ЖААК органдарынын никеси катталгандыгы жөнүндө маалыматтын жоктугу тууралу маалым каты, ажырашканы жөнүндө күбөлүк ж.б.) документтерди талап кылат.
Жалпы жарандык (чет өлкөлөр үчүн) паспорту боюнча жарандын колунун аныктыгын күбөлөндүрүү учурунда нотариалдык иш-аракетти кайрылган адамдын аты-жөнүн латын тамгалары менен жазуу аркылуу каттоого жол берилет.
16 жашка чыга электердин инсандыгы туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде аныкталат жана мыйзамдуу өкүлү же көзөмөлчүсү (камкорчусу) тарабынан ырасталат.
Аскер кызматчыларынын инсандыгы аскердик бөлүктөрдүн жана аскердик мекемелердин командирлери тарабынан берилген инсандык күбөлүктүн же аскердик билеттин негизинде аныкталат.
Эркиндигинен ажыратылган жерлерден бошотулган адамдардын инсандыгы бошогондугу жөнүндө маалым каттын негизинде аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын инсандыгы Кыргыз Республикасында жашоо укугунун негизинде же улуттук паспорту же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтер боюнча аныкталат.
Документтердин же алардын көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрүүдө жарандын инсандыгын аныктоо милдеттүү эмес. Ким болбосун документтин көчүрмөсүнүн анын түп нускасына салыштырмалуу тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу.
18. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө жарандардын аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталат жана бүтүмгө катышкан юридикалык жактардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилет. Бүтүм юридикалык жактын өкүлү же жеке адам тарабынан аткарылган учурда анын ыйгарым укуктары текшерилет.
19. Нотариалдык күбөлөндүрүлө турган бүтүмдөргө, ошондой эле арыздарга жана нотариус тарабынан жол-жоболоштурула турган башка документтерге нотариустун катышуусунда кол коюлат. Берилген документтерге – келишимге (макулдашууга), арызга же башка документтерге нотариус жокто кол коюлган болсо, эгер кол койгон адам өзүнүн коюлган колун ырастаса же нотариустун көзүнчө коюлган колун кайталап көрсөтсө, нотариалдык иш-аракетти аткарууга жол берилет.
20. Эгерде жаран өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорулуу же башка себептерден улам өзү кол кое албаса, анда анын тапшыруусу боюнча жана нотариустун катышуусунда бүтүмгө, арызга же башка документке башка жаран тарабынан кол коюлушу мүмкүн жана анда эмне үчүн документке нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдын өзү кол кое албаган себептери көрсөтүлөт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган адам сабатсыз же сокур болсо, нотарус мындан тышкары ага документтин текстин окуп берет да, документте ушул туурасында белгилейт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган адам сабаттуу (окуй жана жаза алган) дүлөй жана/же дудук жана/же дүлөй жана дудук болсо, нотариус андан тышкары документтин текстин окуп берет жана өз алдынча окуп чыгышы үчүн берет да, ушул туурасында документте көрсөтүлгөн жаран текстти окугандыгы жана анын жобосу менен макул экендиги жөнүндө жазуу түшүрөт.
Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган адам сабатсыз (окуй жана жаза албаган) сокур жана/же дүлөй жана/же дудук жана/же дүлөй жана дудук жаран болсо, анда нотариалдык иш-аракетти жасоодо сабаттуу адамдын (тифло-сурдокотормочунун – сокурлар жана дүлөйлөр үчүн иштелип чыккан дактилологиялык атайын системаны билген адамдын) катышуусу милдеттүү, ал сокур же дүлөй адам менен сүйлөшүп, бүтүмдүн, арыздын же башка документтин мазмуну сокур же дүлөй жарандын ыктыярына ылайык келерин өзүнүн коюлган колу менен ырастайт.
Ошол эле мезгилде нотариус ушундай адам үчүн кол койгон жарандын жана/же тифло-сурдокотормочунун колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө милдеттүү. Нотариалдык иш-аракеттерди тифло-сурдокотормочунун жана кол коюучунун катышуусу менен жасоо зарылдыгы болгон учурда бир эле адамдын тифло-сурдокотормочу жана кол коюучу болушуна жол берилбейт. Кол койгон жарандын, тифлосурдокотормочунун колун күбөлөндүрүү боюнча ушул иш-аракеттер нотариалдык иш-аракеттердин каттоосунун реестринде өз алдынча нотариалдык иш-аракеттер катары катталбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
21. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариустар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан каалаган маалыматтарды жана документтерди талап кылууга акылуу. Көрсөтүлгөн адамдар жана жактар маалыматтарды жана документтерди (анын ичинде кошумча документтерди) өздөрүнө талап келип түшкөн күндөн тарта он күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн документтер нотариус тарабынан ушул Нускамага ылайык, нотариалдык иш-аракеттин табиятынан жана татаалдыгынан улам нотариалдык иш-аракеттердин талашсыздыгынын принциптерин сактоо максатында талап кылынат. Айрым нотариалдык иш-аракетти жасоонун эрежелери ушул Нускамада жок болгон учурда нотариус жарандык-укуктук ченемдерди, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин сактоо менен нотариалдык иш-аракетке туура келген окшош нотариалдык иш-аракетти жасоого укуктуу.
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык нотариустар өз атына жана өзүнүн атынан, жубайынын, анын жана өзүнүн туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, неберелеринин, ага-инилеринин, эже-сиңдилеринин, чоң ата-чоң энелеринин) атына жана атынан нотариалдык иш-аракеттерди, ошондой эле аталган нотариалдык кеңсенин кызматкерлеринин, нотариус менен эмгек мамилесинде болгон кызматкерлердин атына жана алардын атынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуксуз. Көрсөтүлгөн учурларда нотариалдык иш-аракеттер каалаган башка нотариуста жасалат.
Ушул пункттагы эрежелерди бузуу менен жасалган нотариалдык иш-аракеттер жараксыз деп табылат.
22. Жазуусу өчүрүлүп тазаланган же кошуп жазылган, сөздөрү чийилген жана башка эскертмелери жок оңдоолор киргизилген документтер, ошондой эле карандаш менен жазылган, башка өзгөчөлүктөргө ээ жана документтин аныктыгына нотариустун шектенүүсүн туудурган документтер нотариустар тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кабыл алынбайт.
Эгерде сунушталган документтер эки же андан ашык баракта баяндалса, алар жип өткөрүлүп көктөлүп, катар номурлары коюлууга, ал эми жипке өткөрүлгөн барактарынын саны кызмат адамынын колу жана документти берген юридикалык жактын мөөрү аркылуу ырасталууга тийиш.
Нотариалдык күбөлөндүрүлө турган бүтүмдүн тексти так жана даана жазылууга, документтин мазмунуна тиешелүү сандар жана мөөнөттөр жок дегенде бир жеринде сөздөр менен жазылууга, ал эми юридикалык жактардын аталыштары кыскартылбастан юридикалык даректери (зарыл учурларда учурдагы (эсептешүү) эсебинин номуру да жана банктын бөлүмү) көрсөтүлүү менен жазылууга тийиш. Жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук жазылышы керек. Чет өлкөлүк жарандардын атынан бүтүмдү күбөлөндүрүүдө алардын жарандыгы да көрсөтүлөт.
Жол-жоболоштурулган документтин маани-маңызы үчүн олуттуу мааниге ээ кошуп жазуулар жана түзөтүүлөр (документтин мазмунун өзгөртө же бүтүмдүн шартына таасирин тийгизе турган) күбөлөндүрүү жазуусунан кийин түшүрүлүүгө жана документтин аягында бүтүмгө катышкандардын же нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн кайрылган башка кызыкдар адамдардын коюлган колдору менен ырасталууга, нотариустун колу коюлууга жана мөөрү басылууга тийиш.
Нотарус өзүнүн демилгеси же кызыкдар адамдардын өтүнүчтөрү боюнча күбөлөндүрүлгөн же берилген документтеги айкын каталарды же документтин мазмунун өзгөртпөй турган арифметикалык же башка техникалык айкын каталарды гана оңдой алат. Документтин мазмунун өзгөртпөй же бүтүмдүн шарттарына таасирин тийгизбей же тараптар тарабынан эскертмелерди талап кылбай турган оңдоолор документтин аягында же күбөлөндүрүү жазууларынан кийин төмөнкүдөй мазмундагы эскертмелер менен берилет: (ката жазылган “____________” окулбасын, жазылган “____________” сөздөр туура, оңдолгон “____________” сөздөр туура) жана нотариустун коюлган колу жана басылган мөөрү менен ырасталат.
Ошол эле мезгилде оңдоолор ката жазылган, кийин чийилген сөздөрдү баштапкы текстте окууга мүмкүн болгондой киргизилүүгө тийиш.
Жеке нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн жана/же күбө болгон жана/же түзүлгөн документтерге алардын маанисине таасирин тийгизбей турган оңдоолорду киргизүү зарылдыгы болгон учурда жеке нотариус жок болсо, бул иш-аракетти мамлекеттик нотариус жасай алат, эгерде документтер жеке нотариус тарабынан өзүнүн округу жайгашкан жердеги мамлекеттик нотариустун архивине сактоого өткөрүлүп берилген болсо.
Күбөлөндүрүүчү, берилүүчү же күбөлөнө турган документтер бир нече баракта баяндалган болсо, алар жип өткөрүлүп көктөлүп, барактарына номурлар коюлууга тийиш. Жипке өткөрүлгөн барактарынын саны нотариустун колу коюлуу жана гербдүү мөөрү басылуу менен ырасталат.
Жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) ишеним катын күбөлөндүргөн, аны жокко чыгаруу жөнүндө билдирген жеке нотариус жок учурда каалаган нотариус арызды кабыл алууга жана ишеним көрсөтүүчүнүн койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө укуктуу. Мында жокко чыгаруу жөнүндөгү арызды кабыл алган нотариус жеке нотариуска жана/же аймактык мамлекеттик нотариуска күбөлөндүрүүчү документтин жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ишеним каттын же арыздын текстин, эгерде ал ишеним каттын же арыздын маанисин өзгөртпөсө телеграф тили менен баяндоого жол берилет. Телеграмма-ишеним каты, телеграмма-арыз мазмуну боюнча башка ишеним каттардан, арыздардан айырмаланбайт, болгону ал ишеним артылган же кызыкдар адамга тыныш белгилери жана байламталар коюлбастан берилиши менен өзгөчөлөнөт. Телеграмма-ишеним каты, телеграмма-арыз ишеним каттын (арыздын) текстинен жана нотариустун күбөлөндүрүү жазуусунан турат (кыскартылган телеграф вариантына жол берилет) да, нотариустун аты-жөнү жана нотариустун коюлган колун жана басылган мөөрүн ырастаган оператордун аты-жөнү көрсөтүлөт. Телеграмма-ишеним каттын жана телеграмма-арыздын кабыл алынышы (байланыш мекемесинин штампы, жылнаама күнү, телеграмманы кабыл алган адамдын колу жана аты-жөнү болушу жана башка дарек каттар) байланыш жөнүндө мыйзамдарга ылайык байланыш мекемелери тарабынан талаптагыдай жол-жоболоштурулушууга тийиш.
24. Тиешелүү документтер боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоодо күбөлөндүрүү жазуулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формалар боюнча киргизилет, алар нотариустун колу коюлуу жана гербдүү мөөрү басылуу менен күбөлөндүрүлөт, коюлган мөөрдүн жарымы күбөлөндүрүү жазууларынын сол жактагы төмөнкү бурчунда басылууга тийиш.
Ченемдик укуктук актылар аркылуу бекитилбеген формадагы күбөлөндүрүү жазууларын аткаруу зарылдыгы болгон учурда нотариус ушуга окшош нотариалдык иш-аракеттер үчүн каралган күбөлөндүрүү жазууларына окшогон зарыл күбөлөндүрүү жазууларын түшүрүүгө укуктуу.
Күбөлөндүрүү жазууларынын тексти басылышы же кол менен даана жазылышы мүмкүн, аны тазалоого жол берилбейт, толтурулбаган жерлери сызылууга тийиш, кошуп жазууларга жана башка оңдоолорго ушул Нускаманын 22-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча эскертмелер берилиши керек.
Күбөлөндүрүү жазууларын аткаруу үчүн тиешелүү жазуулардын тексти түшүрүлгөн штамптар колдонулат.
Күбөлөндүрүү жазууларына колду нотариустун өзү коет, нотариустун колунун механикалык же башка көчүрмөлөө, электрондук-сандык кол коюу каражаттарынын жардамы менен факсималдуу кайталап чыгарылышын же коюлган колунун башка аналогун пайдаланууга жол берилбейт.
Эгерде күбөлөндүрүү жазуулары тиешелүү документке батпаса, ал документке тиркелген баракта улантылышы же толук баяндалышы мүмкүн. Мындай учурда документтин тексти жана күбөлөндүрүү жазуулары түшүрүлгөн барактар жип өткөрүлүп көктөлөт жана катар номурлары коюлат, барактардын саны нотариустун коюлган колу жана басылган мөөрү аркылуу күбөлөндүрүлөт.
Мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулганда күбөлөндүрүү жазууларында “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренесине шилтеме жасалат. Мисалы, пенсия же жөлөкпул алуу үчүн ишеним катты күбөлөндүрүүдө “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-пунктунун негизинде мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган” деп көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Мурастоо укугун, менчик укугун ырастоодо, жарандын тирүү жана белгилүү бир жерде экендиги фактысын, жарандын сүрөттөгү жүзүнө төп келишин күбөлөндүрүү, документтерди сактоого алуу үчүн тиешелүү күбөлүктөр берилет.
26. Эгерде сунушталган документтин түп нускалуулугу шек туудурса, нотариустар ушундай документти кармап турууга жана аны экспертизага жөнөтүүгө укуктуу.
Нотариус документти экспертизага жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарып, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- токтом чыгарылган дата;
- токтом чыгарган нотариустун аты-жөнү;
- документтин аталышы, анын кимдин атына берилгени;
- документ нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн ким тарабынан (аты-жөнү, жашаган жери) сунушталганы;
- документти экспертизага жиберүү зарылдыгын туудурган жагдай;
- документ экспертиза өткөрүү үчүн кимге (кайсы эксперттик мекемеге) жөнөтүлгөнү;
- эксперттин корутундусу талап кылынган маселелер.
27. Нотариустар төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жасоодон баш тартышат:
- эгерде ушундай иш-аракетти жасоо мыйзамга же ушул Нускамага карама-каршы келсе (иш-аракет нотариалдык орган тарабынан жасалууга жатпаса же башка нотариус тарабынан жасалууга жатса; нотариалдык иш-аракетти жасатуу өтүнүчү менен аракетке жөндөмсүз жаран же зарыл ыйгарым укуктары жок өкүлү кайрылса ж.б.); юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм анын уставында же жобосунда көрсөтүлгөн максаттарына карама-каршы келсе; бүтүм мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе же мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыктарына көз көрүнөө каршы максатта аткарыла турган болсо; нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн кайрылган адам аракетке жөндөмдүү болгон менен, ошол учурда өзү иш аракеттеринин маанисин түшүнбөгөн же аларды башкара албаган (мисалы, мас, баңгизат ж.б. колдонгон абалда) турганда ж.б.у.с;
- эгерде документтер мыйзамдардын талаптарына жооп бербесе же жарандын жана башка субъекттин укуктарын кемсинткен, алардын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган болсо аларды нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кабыл алышпайт.
Нотариустар нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартылган адамдын талабы боюнча баш тартуунун себебин кат жүзүндө баяндап берүүгө жана ага карата даттануу тартибин түшүндүрүүгө тийиш. Мындай учурларда нотариус үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен нотариалдык иш-аракетти аткаруудан баш тарткандыгы жөнүндө токтом чыгарат.
Баш тартуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- токтом чыгарылган дата;
- токтом чыгарган нотариустун аты-жөнү;
- нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн кайрылган жарандын аты-жөнү, анын жашаган жери (юридикалык жактын аталышы жана дареги);
- кайрылган адам кайсы нотариалдык иш-аракетти жасоону суранганы;
- нотариалдык иш-аракетти аткаруудан баш тартуунун себеби (мыйзамга шилтеме жасалат);
- баш тартуу боюнча даттануу тартиби жана мөөнөтү.
Нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартуу жөнүндө токтомго карата нотариус жайгашкан жер боюнча райондук сотко он күн ичинде даттанууга болот.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Нотариустар тарабынан жасалган бардык нотариалдык иш-аракеттер нотариалдык иш-аракеттерди каттоо тизмесинде катталат. Күбөлөндүрүлө турган документтердин жана күбөлөнүүчү нускаларынын саны канча экендигине карабастан нотариалдык иш-аракетти жасоодо ар бир нотариалдык иш-аракетке бир кезек номуру коюлат жана документтин күбөлөндүрүлгөн нускаларынын саны тизмеге түшүрүлөт. Документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрүү жана банктык карточкаларда коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү гана башкача жүргүзүлөт, мындай учурда документтин ар бир нускасына (документтин көчүрмөсүнө же банктык карточкага) бир кезек номуру ыйгарылат. Нотариалдык иш-аракет катталган тизмедеги номур бериле турган документтин күбөлөндүрүү жазууларында көрсөтүлөт.
Тизме китептеринин барактары жип өткөрүү менен көктөлүүгө, номурланууга тийиш. Барактарынын саны юстициянын тиешелүү аймактык башкаруусунун кызматкеринин колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Кызматкердин колу юстициянын тиешелүү органынын басылган мөөрү менен ырасталат.
Тизме китебине жазууларды карандаш менен түшүрүүгө жол берилбейт. Жазылганды өчүрүп тазалоого жол берилбейт, түзөтүүлөр эскертмелер аркылуу киргизилип, нотариустун коюлган колу аркылуу ырасталат.
Тизме китебиндеги нотариалдык иш-аракеттерди жазууда жана номурун коюуда кетирилген каталар табылган жана нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө жазуулар оңдолгон учурда, ошондой эле туура эмес түшүрүлгөн жазууларды жокко чыгаруу зарылдыгы учурунда нотариус ушул туурасында тизме китебинде белгилеп, аны өзүнүн колу жана мөөрү аркылуу бекемдейт.
Нотариустар бир нече тизме китептерине ээ болууга укуктуу. Мындай учурларда ар бир тизме китебине өз алдынча индекс ыйгарылат. Документтердеги номурлар төмөнкүдөй тартипте белгиленет: N 1-1, N 1-2, N 2-1 ж.б. Мында биринчи сан индекстин номурун, ал эми экинчиси – жазуулардын катар номурларын билдирет. Ар бир тизме китебинин индексинин номуру жыл бою өзгөртүүсүз сакталат.
Эгерде өз алдынча тизме китептери нотариалдык иш-аракеттердин белгилүү түрлөрүн жазуу үчүн киргизилген болсо, ар бир тизме китебинин индексине нотариалдык иш-аракеттин аталышына төп келген тамга кошулат. Мисалы: N 1К, N 2К, N 3А, N 4М. Мында биринчи жана экинчи тизмелер документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү, үчүнчүсү – аткаруу жазууларын жазуу, төртүнчүсү – мурас укугу ж.б. жазуу үчүн. Ушундай тизме китептерине жазылган документтердеги номурлар төмөнкүдөй белгиленет: N 1К-1, N 1К-2 ж.б.; N 2К-1, N 2К-2 ж.б.; N 3А-1, N 3А-2 ж.б., N 4М-1, N 4М-2 ж.б.
Нотариалдык иш-аракеттерди жазуу үчүн тизме китебинин 1-графасында жылдын башынан тарта аткарылган нотариалдык иш-аракеттердин катар номуру көрсөтүлөт. Тизме китебинде катталган нотариалдык иш-аракеттин номуру нотариус тарабынан бериле турган документтерде жана документтердеги күбөлөндүрүү жазууларында көрсөтүлөт.
2-графада нотариалдык иш-аракет жасалган дата көрсөтүлөт. Ушул дата күбөлөндүрүү жазууларында, күбөлүктө же нотариус тарабынан жол-жоболоштурулган башка документте көрсөтүлгөн күн менен төп келүүгө тийиш.
3-графада жарандардын аты-жөндөрү, нотариалдык иш-аракеттерин жасаткан юридикалык жактардын же алардын өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, көзөмөлчүлөрүнүн, камкордук көрүүчүлөрүнүн, ишеним кат аркылуу аракеттенген адамдардын) аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Ушул графада кошумча түрдө өз алдынча кол кое албаган адамдар үчүн кол коюшкан адамдардын, ошондой эле котормочулардын аты-жөндөрү көрсөтүлөт. Документтин көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн ушул документ берилген адамдын өзү келбестен, анын өтүнүчү боюнча башка адам келсе, анда ошол ордуна келген адамдын аты-жөнү жана анын жашаган жери көрсөтүлөт. Нотариалдык жол-жоболоштурулган документтин көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калган учурда өздөрүнө карата нотариалдык иш-аракет жасалган жарандардын даректери көрсөтүлбөйт.
4-графада документтин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүүдө документтин аталышы, анын кыскача мазмуну, ушул документ таандык болгон жарандын аты-жөнү, анын ким тарабынан берилгени жана берилген күнү көрсөтүлөт. Эгерде бир документтин бир нече көчүрмөсү күбөлөндүрүлүп жаткан болсо, анда анын канча нускада экендиги көрсөтүлөт. Эгерде көчүрмө бир барактан турса, көчүрмөлөрүнүн саны жана беттери көрсөтүлбөйт.
Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө ушул графада бүтүмдүн түрү гана көрсөтүлөт, анткени анын кеңири мазмуну бүтүмдүн нотариустун көктөмөлөрүндө калтырылган нускасында баяндалат. Ошондой эле берилген күбөлүктөр жазылат.
Тизме китебинин 5-графасында нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн келген адамдын инсандыгын аныктаган паспорттун же башка документтин сериясы, номуру, берилген күнү жана ким тарабынан берилгендиги көрсөтүлөт.
Бирдей формадагы документтер боюнча бир эле мезгилде бир нече аткаруу жазууларын берүү учурунда 5-графада берилген аткаруу жазууларынын жалпы саны гана көрсөтүлүп, өздөрүнө карата аткаруу жазуулары жасалган карыздар адамдардын нотариуста калтырылган тизмесине шилтеме жасалат.
6-графада нотариалдык иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн алынган мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлөт. Квитанция боюнча мамлекеттик алымды төлөөдө тизме китебине квитанциянын бир даанасы чапталат. Эгерде документ же нотариалдык иш жасалып жаткан адам мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган болсо, анда 6-графада бошотуунун негизи (мыйзамга шилтеме) көрсөтүлөт. Ушундай учурларда нотариалдык жол-жоболоштурулган документти ала турган адамдар тизме китебинин 7-графасында кол коюшуп, документти өздөрү тарабынан акысыз алып жаткандыгын ырасташат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Нотариустар нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинен көчүрмөлөрдү нотариалдык иш-аракет өздөрүнө карата жасалган жарандардын жана юридикалык жактардын тапшырмасы же арызы боюнча, ошондой эле соттун, прокуратуранын, тергөө органдарынын өздөрүнүн өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу кат жүзүндөгү талаптары боюнча беришет.
Тизмеден көчүрмө нотариалдык иш-аракеттери тизмесине күбөлөндүрүү жазуулары белгиленген форма боюнча жасалгандан кийин катталат.
30. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн же берилген документтер жоготулган же бузулган учурда жоголгон же бузулган документтердин экинчи түп нускасы нотариалдык иш аракет өздөрүнө карата жасалган жарандардын жана юридикалык жактардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча, тапшырмасы боюнча архивдеринде документтердин нускалары сакталган тиешелүү нотариустар тарабынан берилет.
Мамлекеттик нотариустар ошондой эле “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинде саналган кызмат адамдарынан сактоого келип түшкөн керээздердин экинчи түп нускаларын да беришет.
Документтин экинчи түп нускасын берүү “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- жана 44-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
Документтин экинчи түп нускасы күбөлөндүрүлгөн же берилген документтин бүткүл текстин камтыйт.
Документтин экинчи түп нускасында күбөлөндүрүү жазуулары тиешелүү формада түшүрүлөт.
Керээздин экинчи түп нускасы керээз ээсине берилиши, ал эми ал өлгөндөн кийин керээзде көрсөтүлгөн мураскорлорго алар тарабынан керээз ээси өлгөндүгү тууралу күбөлүк көрсөтүлгөндөн кийин берилиши мүмкүн. Керээзде көрсөтүлгөн мураскорлор өлгөн учурда керээздин экинчи түп нускасы алардын мураскорлоруна алар тарабынан керээз ээси жана өздөрүнөн мурда турган мураскор өлгөндүгү тууралу күбөлүк, ал эми зарыл учурларда мурас калтыруучу менен туугандык мамилесин ырастаган документтер (эгерде ушундай документтер мурда көрсөтүлбөгөн болсо) көрсөтүлгөндөн кийин берилиши мүмкүн.
Көрсөтүлгөн документтер тапшырылгандан кийин өлгөн жарандын мураскорлоруна мурас мүлкүнүн мураскерге таандык экендигин ырастаган документтин экинчи түп нускасы берилиши мүмкүн.
31. Бүтүмдөрдү жол-жоболоштурууда, башка нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска документтердин түп нускалары берилет. Нотариус “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Нускамага ылайык түп нускаларды же алардын көчүрмөлөрүн (мисалы: бир укук белгилөөчү документтин негизинде мүлк үлүшүн (бир бөлүгүн) ээликтен ажыратууда) бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин түрүнө жараша көктөмөлөрүндө калтырат. Эгерде бүтүмдү нотариалдык жол-жоболоштуруунун же башка иш-аракеттин тартиби ушул Нускамада аныкталбаган болсо, нотариус ушундай көрүнүштөгү нотариалдык иш-аракетке окшогон нотариалдык иш-аракетти жасайт.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн негиз болгон документтер нотариуста калтырылган бүтүмдүн нускасына же нотариалдык иш-аракеттердин материалдарына тиркелет. Бүтүмдү же башка нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн негиз болгон жана өздөрүндө башка юридикалык иш-аракеттерди жана актыларды жасоого тараптардын эркинин билдирилишин камтыган ишеним каттын жана/же арыздын көчүрмөлөрү да нотариустун көктөмөлөрүндө калтырылат. Эгерде нотариалдык иш-аракетти жасоодо нотариустун көктөмөлөрүндө документтер калбаса, нотариалдык иш-аракеттерди аткаруу үчүн негиз болгон документтин маалыматтары нотариалдык иш-аракеттерди каттоо тизмесинин китебине киргизилет.
Документтердин түп нускаларын (мисалы, туулгандыгы, никелешүү жана өлгөндүгү тууралу күбөлүк) аларды тапшырган адамдарга кайтарып берүү зарылдыгы болгондо нотариуста алардын көчүрмөлөрү калат.
Соттун, прокуратура жана тергөө органдарынын талабы боюнча документтердин түп нускаларынын көчүрмөлөрү же документтердин көчүрмөлөрүнүн көчүрмөлөрү нотариус тарабынан даярдалышы, “көчүрмө түп нускасына туура келет” же “көчүрмөнүн көчүрмөсү туура” деген белги коюу менен нотариустун колу жана мөөрү менен бекемделет.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылышкан жарандардын жана юридикалык жактардын инсандыгын ырастаган документтер аларды беришкен адамдарга көчүрмөлөрү калтырылбастан эле кайтарылып берилет, бирок тизме китебинде документтин аталышы, анын номуру, берилген күнү, документти берген мекеменин аталышы түшүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Нотариустун көктөмөлөрүндө сактоого нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөрдүн (келишимдердин, керээздердин, ишеним каттардын), берилген күбөлүктөрдүн жана бүтүмдүн мазмуну баяндалган, фактылар келтирилген башка документтердин бирден нускасы калат.
Нотариус өзүнүн көктөмөлөрүндө кол койгон адамдын колунун же анын көчүрмөсүнүн аныктыгын күбөлөгөн документти сактоого калтырбайт; документтин кыскача мазмуну нотариалдык иш-аракеттерди каттоо тизмесинин китебине түшүрүлөт.
33. Кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары, суу жана аба кемелери боюнча бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус мүлккө ээлик кылууга тыюу салуулардын же камак салуулардын бар-жоктугун кыймылсыз мүлк/транспорт каражаттарына болгон укукту каттоочу органдардан текшерет. Жеке нотариус бүтүмдүн материалдарына аймактык мамлекеттик нотариустан алынган кыймылсыз/кыймылдуу мүлккө тыюу же камак салынбагандыгы жөнүндө архивариустун же нотариустун колу коюлган маалымкатты тиркейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды беришкен адамдарга жүктөлөт.
III бөлүм. Нотариалдык иш-аракеттердин айрым түрлөрүн жасоо эрежелери
I бап. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү. Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары
35. Нотариустар мыйзамдарда милдеттүү түрдөгү нотариалдык форма аныкталган бүтүмдөрдү күбөлөндүрүшөт. Тараптардын каалоосу боюнча мыйзамдарда милдеттүү түрдөгү нотариалдык форма көрсөтүлбөгөн башка бүтүмдөр да күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каалагандай бүтүмдү күбөлөндүрүүгө укуктуу.
Бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус тараптардын аларды түзүүгө ыктыярдуу эркин гана, ошондой эле бүтүмгө катышуучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн укуктарын жана аракетке жөндөмдүүлүгүн аныктайт, нотариус тараптар тарабынан өздөрүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышы текшерилбейт. Бүтүмгө катышкандар нотариуска берилген маалыматтардын тууралыгы жана документтердин аныктыгы үчүн жооп беришет.
Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык милдеттүү түрдөгү нотариалдык күбөлөндүрүүгө төмөнкүдөй бүтүмдөр жатат:
- мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун турак үйлөрүн, батирлерин жана башка турак жайларын жарандардын менчигине өткөрүп берүү келишимдери;
- рента келишимдери (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 520-беренеси);
- өмүр бою багуу келишими (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 537-беренеси);
- мүлккө менчик укугунун кийин жалдоочуга өтүшү каралган мүлктү жалдоо келишимдери, эгерде ушундай мүлктү сатып алуу-сатуу келишими үчүн нотариалдык күбөлөндүрүү каралган болсо (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 545-беренеси);
- имараттарды жана курулмаларды ижарага алуу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 590-беренеси);
- ишкананы ижарага алуу келишимдери (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 596-беренеси);
- кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 853-беренеси);
- ипотека жөнүндө келишимдер, ошондой эле нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн кыймылдуу мүлктүн же мүлккө укугунун күрөөсү жөнүндө келишимдер (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 328-беренеси);
- керээздер (КР Жарандык кодексинин 1131-беренеси);
- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган нотариалдык формадагы бүтүмдөрдү жасоого ишеним каттар;
- ишенимди өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттар (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 205-беренеси);
- суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен кем эмес ашыкча болгон зайым келишимдери (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 725-беренеси);
- көп батирлүү турак жайды курууда үлүштүк катыштын келишимдери (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 66-беренеси);
- мыйзамдарда каралган учурлардагы башка бүтүмдөр.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
36. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык нотариустар нотариалдык иш-аракет жасатуу үчүн кайрылган адамдарга алар тарабынан сунушталган бүтүмдөрдүн долбоорлорунун маани-маңызын түшүндүрүүгө жана алардын мазмуну тараптардын чыныгы каалоосуна жана мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерүүгө милдеттүү.
Нике келишими, өмүр бою багуу келишими, өмүр бою (же такай) рента, алименттик макулдашуу, ата-эне укугун аткаруу жөнүндө макулдашуу, репродуктивдик укуктар жөнүндө, баланы асырап ала турган үй-бүлөгө берүү жөнүндө келишимдер тараптардын өздөрү тарабынан түзүлөт. Келишимдин (макулдашуунун) шарттары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен аныкталган же анын долбоору нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катка тиркелген (тиркелип жана номурлар коюлуп, барактардын саны нотариустун колу жана мөөрү менен ырасталган) учурларды албаганда, мындай бүтүмдөрдү өкүлдөр аркылуу жасоого жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Нотариалдык иш-аракеттерди жасатуу үчүн кайрылган адамдардын аракетке жөндөмдүүлүгү нотариус тарабынан документтер аркылуу (бүтүмгө катышкандардын инсандыгын ырастаган жана жашы көрсөтүлгөн документтерди текшерүү) жана визуалдуу (бүтүмдүн катышуучулары менен маектешүү, алардын сүйлөгөн сөздөрү, жүрүм-туруму жайындабы, ушуну байкаштыруу ж.б.) аныкталат.
Эгерде нотариус бүтүмгө катышкандардын кимдир бирөөсү жин оорусунун кесепетинен же акылы кемдигинен улам өзүнүн эмне кылып жатканына маани бере же өзүн колго ала албайт же спирт ичимдиктерин ичкендигинин жана баңгизаттарды колдонгондугунун натыйжасында өз үй-бүлөсүн оор материалдык абалга кириптер кылат деген тыянакка келген болсо, ал эми адамды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табуу жөнүндө маалымат жок болсо, нотариус ушул Нускаманын 27-пунктуна ылайык нотариалдык иш-аракетти жасоодон баш тартат.
Эгерде жашы жете элек өспүрүм мүлктүн ээси, тең ээси болгон учурларда Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 65-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 72-беренесине ылайык нотариус аймактык ыйгарым укуктуу органдардан (райондук администрациядан жана/же көзөмөлдүк жана камкордук көрүү бөлүмүнөн (үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнөн) жашы жете элек өспүрүмдүн мыйзамдуу өкүлүнө анын атынан тиричилик чегинен тышкаркы бүтүмдөрдү жасатууга тиешелүү уруксатты (макулдук) беришин талап кылат. Тартуу кылуу келишимин жашы жете элек өспүрүмдүн атынан күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Бүтүмдү юридикалык жактын атынан күбөлөндүрүүдө нотариус юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасы, юридикалык жактын түзүлгөндүгү жөнүндө документтердин түп нускалары жана өкүлчүлүгүнүн ыйгарым укуктары ырасталган башка документтер менен таанышуу аркылуу анын укук жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Кыргыз Республикасынан тышкарыда катталган чет өлкөлүк юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү тизме китебинен легализациялоо көчүрмөсү же ушул жак өз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык чынында эле юридикалык жак болуп саналарын ырастаган башка документ боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу, өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган юридикалык жактын уюштуруучулук жана башка документтери менен бирге текшерилет.
Легализациялоо жол-жобосун алып салган же жөнөкөйлөштүргөн, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер бар болсо, жогоруда көрсөтүлгөн документтер легализацияланбайт.
39. Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары анын атына берилген ишеним кат аркылуу ырасталат. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179 жана 204-беренелерине ылайык нотариустар юридикалык жактардын өкүлдөрүнөн нотариалдык форманы талап кылган бүтүмдөрдү түзүү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты талап кылат. Юридикалык жактын жетекчиси (жалгыз аткаруучу орган) тарабынан бүтүм түзүлгөн учурда нотариус жетекчиге ушул бүтүмдү түзүүгө укук берүүчү документтерди, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документтерди талап кылат.
Эгерде юридикалык жак шайланма коллегиялуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана бүтүм түзүүгө ушул органдын уруксаты талап кылынса, юридикалык жактан коллегиялуу аткаруучу органдын шайланышы/дайындалышы жөнүндө, кызмат адамдарынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшү жөнүндө документ, ошондой эле органдын бүтүмдү түзүүгө макулдугун ырастаган тийиштүү чечим талап кылынууга тийиш.
Эгерде атайын администратор өкүл катары чыкса, нотариус анын ким экендигин ырастаган документтерден тышкары, ошондой эле банкроттук процесс козголгондугу жөнүндө соттун чечимин (насыя берүүчүлөрдүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимин), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын администраторду дайындоо жөнүндө чечимин, банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашырган администраторлордун ишин жүргүзүүгө лицензияларды, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктү, банкрот болгон юридикалык жактын уюштуруу документтерин, бүтүмдү түзүүгө тиешелүү макулдукту да талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 204-беренесине ылайык нотариалдык форманы талап кылуучу бүтүмдөрдү түзүүдө юридикалык жактар нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тапшырууга милдеттүү.
Эгерде нотариустун көктөмөлөрүндө юридикалык жакты уюштуруу документтеринин, өкүлдүн башка нотариалдык иш-аракетти жасоодо нотариуска мурда берилген ыйгарым укуктарын ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү болсо, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес. Документтер нотариуска кароо үчүн гана көрсөтүлөт (берилген документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик аларды көрсөткөн адамдарга жүктөлөт).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
40. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык ээликтен ажыратуу жана каттоого жаткан мүлктүн күрөөсү жөнүндө бүтүмдөр ээликтен ажыратыла же күрөөгө коюла турган мүлккө укукту ырастаган документтерди көрсөткөн шартта күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
41. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 36-беренесине ылайык жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуусу, пайдалануусу жана урунуусу жубайлардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт. Жубайлардын бирөөсү тарабынан кыймылсыз мүлктү башкаруу боюнча бүтүмдү жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана/же тиешелүү тартипте каттоону талап кылган бүтүмдү жасатышы үчүн нотариус экинчи жубайдын мүлктү урунууга макулдугу жөнүндө арызында коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрөт, эгерде жубайлар ортосунда түзүлгөн нике келишиминде же башка келишимде никеде турган убакта сатып алынган мүлккө карата менчикти бөлүштүрүү режими каралбаган болсо.
Эгерде жубайынын арызында бүтүмдү жасоонун шарттары аныкталган болсо (атап айтканда мүлктүн конкреттүү баасы, мүлк кимдин пайдасына ээликтен ажыратылары, башка шарттар көрсөтүлсө), нотариус келишимди күбөлөндүрүүдө ушул шарттардын аткарылышын текшерүүгө милдеттүү.
42. Атайын каттоодо турган мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишим, ошондой эле ушундай келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу (ал тиешелүү органда катталгандан кийин) ушул мүлк катталган жер боюнча каттоодон өткөрүү үчүн берилүүгө тийиш да, ушул туурасында нотариус күбөлөндүрүү жазуусунда же келишимде тиешелүү жазуу түшүрөт жана тараптарга түшүндүрөт. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органда катталууга жатат. Транспорт каражаттарын, суу, аба кемелерин ээликтен ажыратуу жөнүндө келишим ушундай мүлктү каттай жана эсебин ала турган органдарга берилүүгө тийиш.
43. Мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашуу өзүнчө документ түзүү жолу менен таризделет.
Мурда өзү күбөлөндүргөн, сактоо үчүн мамлекеттик нотариалдык кеңсенин архивине өткөрүп берилген келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус келишимдин бузулганы тууралуу мамлекеттик нотариалдык кеңсеге билдирүүгө милдеттүү. Башка нотариус күбөлөндүргөн келишимдин бузулгандыгы жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн учурда нотариус бул жөнүндө ага билдирүүгө милдеттүү.
Тиешелүү органда катталгандан кийин түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө тараптардын макулдашуусу бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт.
Тиешелүү каттоо органында каттоодон өткөндөн кийин түзүлгөн жана кыймылсыз мүлк объектине менчик укугунун өтүшүнө алып келген кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус тиешелүү каттоо органынан маалымкатты жана бузулган келишимдин нускасын (нускаларын) талап кылууга тийиш.
Ошол эле мезгилде мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуулардын же камак салуулардын бар-жогу текшерилет.
Эгерде келишимди бузуу жөнүндө макулдашуунун объектиси болуп кыймылсыз мүлк объектине менчик укугунун өтүшүнө алып келген адамдардын биргелешкен жана/же үлүштөгү менчик ээлеринин объектиси катары кыймылсыз мүлк эсептелсе, нотариус бардык мүлк ээлеринин келишимди бузууга алардын макулдугу жөнүндө арыздарын талап кылат.
Келишимди бузууга макул экендиги жөнүндө арыздагы жубайдын коюлган колунун аныктыгы ушул Нускаманын 41-пунктунда баяндалган эрежелер боюнча күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди жараксыз деп табуу тууралуу соттун чечими алынган учурда нотариус бул жөнүндө реестрге жана нотариустун көктөмөлөрүндө сакталган келишимдин нускасына жазып көрсөтөт.
Мүлк ээсине нотариуста сакталып турган мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди тариздөөдө менчик ээси тарабынан берилген жана бүтүм материалдарында анын көчүрмөсүнө алмаштырылган укук белгилөөчү документ (же анын экинчи түп нускасы) кайтарылып берилет.
Түзүлгөн келишимдерди бузууда ушул келишимдерди күбөлөндүргөнү үчүн өндүрүлгөн мамлекеттик алым тараптарга кайтарылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөрдүн, нотариус тарабынан жол-жоболоштурулган башка документтердин бардык нускалары ар бир нотариалдык иш-аракет боюнча бирдей болууга тийиш жана алардын саны канча экендигине карабастан бирдей юридикалык күчкө ээ болушат.
Бардык нускаларына бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин катышуучулары тарабынан нотариустун катышусунда кол коюлат. Эгерде келишимге тараптар нотариус жокто кол коюшкан болсо, алар нотариустун катышуусунда кайрадан кол коюуга же документке мурда коюлган колдорун ырастоого тийиш. Күбөлөндүрүү жазуулары бүтүмдүн же нотариалдык иш-аракеттин бардык нускаларына түшүрүлөт.
45. Нотариус Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 179-беренесине ылайык каалаган тараптын талабы боюнча милдеттүү нотариалдык форманы талап кылбаган бүтүмдү күбөлөндүрүп берүүгө укуктуу.
Ушундай бүтүмдөрдү жол-жоболоштурууда эгерде мүлктүн ээси тарабынан анын ушул мүлккө менчик укугу/пайдалануу укугу ырасталган жана талаптагыдай жол-жоболоштурулган документтер берилбесе, нотариус ушундай келишимди ушул жагдайды эскертүү менен тараптардын макулдугу боюнча гана күбөлөндүрүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
II бап. Кыймылсыз мүлктү (турак үйүн, батирди, бак-дарактуу үйдү, турак эмес имаратты жана курулманы, башка жайды) ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
46. Кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшүнө байланышкан келишимдерди күбөлөндүрүү кыймылсыз мүлк жайгашкан жер боюнча жүргүзүлөт.
47. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди нотариалдык күбөлөндүрүүдө нотариустар ушул мүлктүн менчик укугунда аны ээликтен ажыратуучу адамга таандыктыгын текшерет.
Кыймылсыз мүлктү менчикке сатып алуунун негизине жараша кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастаган документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- менчик укугунда турак үй жана же турак эмес жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим жана/же жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими;
- үлүштүк негизде курулган кыймылсыз мүлктү берүүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишими;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана/же жазуу жүзүндө түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимдери, тартуулар, алмашуулар;
- рентанын, ижарага алуунун андан ары сатып алышы көрсөтүлгөн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдери, бирөөгө пайдаланууга бергендиги үчүн төлөмдөр жөнүндө макулдашуулар, ошондой эле Жарандык кодексте каралган жана ага карама-каршы келбеген мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө башка келишимдер жана макулдашуулар;
- батир, дача, гараж, башка жай үчүн пай төгүмүнүн кооперативдин бардык мүчөлөрү тарабынан толук төлөнгөнү жөнүндө кооперативдин (турак жай-курулуш, дачалык, гараждык же башка керектөөчүлүк кооперативдеринин) маалым каттары, алар аталган мүлктү менчик укугунда сатып алууга негиз болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 251-беренесинин 4-бөлүмү);
- сатык базарларында, сынактарда, тооруктарда (турак жай эмес фондун сатуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлиги (мындан ары – Мамлекеттик мүлк министрлиги) тарабынан өткөрүлгөн сатык базарларын албаганда) протокол (турак эмес фондду приватташтыруу);
- түзүүчүгө үлүшүн натуралай бөлүп берүү жөнүндө, уставдык фондду түзүү (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө), кепил катары өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу ж.б.;
- үйдү демунипализациялоо акты;
- үйдү, батирди жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим, үйдү, батирди өткөрүп берүү (турак фондун приватташтыруу) жөнүндө турак жай ээсинин токтому же чечими;
- мураска укук жөнүндө күбөлүк;
- жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк;
- кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастаган жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими жана/же аныктамасы;
- кыймылсыз мүлктү бөлүү жөнүндө келишим;
- кыймылсыз мүлктү жубайлар ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө соттун чечими;
- каттоо күбөлүгү;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык субъекттердин менчик укуктарын ырастаган башка документтер.
Каттоо күбөлүгүнөн тышкаркы бардык укук аныктай турган документтер тиешелүү мамлекеттик каттоо органында катталууга тийиш.
Турак жайды/турак эмес жайды турак эмес жайга/турак жайына өзгөртүп курууда нотариус уруксат берүү документациясын талап кылууга милдеттүү.
Ээликтен ажыратыла турган мүлккө укукту аныктай турган документтен тышкары нотариус кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча аймактык органдын (мындан ары – тиешелүү каттоо же каттоочу орган) маалым катын талап кылат же кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик бирдиктүү тизмесинен электрондук көчүрмөсүн алат.
Эгерде бүтүмдүн тараптары балдар, ата-энелер, жубайлар, чоң ата, чоң эне, эже-сиңдилер, бир туугандар болсо, нотариус кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө каттоо органынан маалым кат талап кылбайт.
Келишимдерди түзүүдө жер участогунун техникалык мүнөздөмөсү жана өлчөмү укук аныктай турган жана укукту күбөлөй турган документтердин, техникалык паспорттун маалыматтарына ылайык көрсөтүлөт.
Эгерде тиешелүү каттоо органынын техникалык паспортунун маалыматы боюнча жер участогунун чыныгы өлчөмү укук аныктоочу документте көрсөтүлгөн жер участогунун өлчөмүнөн ашык келсе, нотариус жер участогунун өлчөмү ушундай көбөйүшүн мыйзамдаштырган жергиликтүү администрациянын чечимин талап кылат. Эгерде укук аныктай турган документтерге ылайык бөлүнгөн жер участогунун өлчөмү иш жүзүндө берилген жер участогунун өлчөмүнөн чоң болсо, нотариус укук аныктай турган документке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга укуктуу же ээликтен ажыратуу келишимине укук аныктай турган документ боюнча маалыматтарды киргизет.
Техникалык паспорттогу маалыматтар имараттын/курулманын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өзгөргөндүгү жөнүндө күбөлөп (мүлктүн ээси тарабынан кыймылсыз мүлк объектисине кошуп салуулар, үстүнө улап салуулар), салынган, бөлмөлөр кайра курулган, имараттын ичиндеги бөлмөлөрү кошулуп же бузулуп кайрадан курулган болсо) турса, нотариус турак/турак эмес жайлардагы өзгөрүүлөргө уруксат берген зарыл документацияны талап кылат. Тиешелүү макулдук/уруксат жок болсо, жер участогунун өлчөмү жана/же турак/турак эмес жайдын өлчөмдөрү укук аныктай жана/же укукту ырастай турган документтер боюнча көрсөтүлөт.
Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы менчигине көп батирлүү үйдүн ичиндеги бирден ашык менчик ээсин тейлөөчү жайлар, үй ичиндеги тарамдар жана инженердик жабдуулар (подъезддер, вестибюлдер, батирлер аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, батирден тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чатыр, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды түтүктөрү, шыйпаң, имараттын курулуш конструкциялары, башка көмөкчү жайлар жана башкалар), ошондой эле үйдүн жанындагы жер участоктору кирет.
Көп батирлүү турак үйдөгү батирдин менчик ээси турак үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ээликтен ажырата, ошондой эле батирге менчик укугунан өзүнчө ушул үлүштү өткөрүп берүүгө алып келген башка иш-аракеттерди жасай албайт (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 247-беренеси).
Кыймылсыз мүлктү же анын бир бөлүгүн (анын ичинде мейманкана жана/же барак тибиндеги, кыймылсыз мүлктүн кайсы бир бөлүгүн) ээликтен ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө жалпы пайдалануудагы жерлер (кургаткыч жайлар, сантүйүнү, коридор ж.б.), башка жалпы мүлк келишимдин предмети боло албайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 222, 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
48. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариустар анын ээликтен ажыратылышына тыюу жана/же мүлккө камак салуу жоктугун текшерет.
Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын мамлекеттик реестринен алынган көчүрмөдө кыймылсыз мүлккө карата эч кандай жүктөөлөрдүн (чектөөлөрдүн) жоктугу жөнүндө көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, нотариус бул маалыматтардын чындыгын, нотариустар ага берген бүтүмдөрдүн материалдарында бул жөнүндө мамлекеттик нотариус белгилеген, мамлекеттик нотариустардын маалыматтары боюнча текшерүүгө милдеттүү. Жеке нотариус бүтүмдөрдүн материалдарына аймактык мамлекеттик нотариалдык кеңсенин тыюу же камак салуунун жоктугу жөнүндө архивариустун же нотариустун колу коюлган маалымкатты тиркейт.
Мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу же камак салынган болсо, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишим карыздардын карызын жана милдеттенмесин сатып алуучуга которууга насыя берүүчүнүн жана мүлктү сатып алуучунун макулдугу болгон учурда гана, ал эми камак салуу болгон учурда ал алып салынгандан кийин гана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Тыюу салуу алдындагы мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө мамлекеттик нотариус ушул мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну сатып алуучуга өткөрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Никеге тургандан кийин сатып алынган жана сатып алына турган жана жубайлардын биргелешкен менчиги болуп саналган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишим ушул Нускаманын 41-пунктун сактоо менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишим экинчи жубайынын макулдугу талап кылынбастан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, эгерде укукту аныктай турган документтен, нике жөнүндө күбөлүктөн же башка документтерден мүлк жубайлардын бирөөсүнүн жеке мүлкү экендиги көрүнүп турса (никеге турганга чейин сатып алынган, мурас боюнча же тартуу келишими боюнча алынган же мурда бирге ээ болушкан мүлк бөлүштүрүлгөн же мүлктү ээликтен ажырата турган адам никеде турбаган болсо), никеде турганда жубайлар тарабынан мүлк айтарлык өзгөрүүлөргө учураган (кайра курулган, кошуп салынган ж.б.) учурларды албаганда.
Эгерде түзүлгөн нике келишиминде никеде турган мезгилде сатып алынган/сатып алына турган мүлккө менчикти бөлүштүрүү режими каралган болсо, жубайлардын макулдугу талап кылынбайт.
Ошондой эле нотариус кыймылсыз мүлктү ээликтен ажырата турган жарандан же анын өкүлүнөн ээликтен ажыратыла турган мүлккө башка талапкерлердин жоктугу тууралуу арызын (үй-бүлө абалы же мүлккө болгон укугу жөнүндө арызы) талап кылат. Мында, берилген маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт. Мындай учурларда нотариус болгону арыз ээсинин ким экендигин аныктайт, бул туурасында арызда белгилейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Приватташтырылган турак жайларды (кайтарымдуу жана кайтарымсыз берилген) тескөө боюнча ар кандай жарандык-укуктук бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- турак жайды приватташтырууга макулдугун берген үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн, анын ичинде турак жайдын ээсинин жубайынын макулдугу (арызы), эгерде ал приватташтыруунун катышуучусу болсо. Эгерде бүтүм түзүлгөн убакта приватташтырылган мүлктүн үй-бүлө мүчөлөрү нотариуска өздөрү барышкан болсо, приватташтыруу мезгилинде бирге жашашкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн койгон колдорунун аныктыгын күбөлөндүрүүнү каттоо талап кылынбайт. Нотариус арыз ээсинин ким экендигин гана аныктайт, бул туурасында арызда белгилейт;
- турак жай 1999-жылдын 15-декабрына чейин приватташтырылган учурда приватташтырылган турак жайдын жашы жеткен биргелешкен менчик ээлерин аныктоо үчүн турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, приватташыруу учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ башка органдардын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктары эске алынбаган (паспорт столу, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тиешелүү маалым кат жана/же приватташтырууга катышкандар жөнүндө маалым кат;
- 1999-жылдын 15-декабрынан кийин приватташтырган учурда приватташтырылып жаткан турак жайда жашаган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында – турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, приватташтыруу учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон башка органдардын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктары эске алынган (паспорт стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тиешелүү маалымкат жана/же приватташтыруу мезгилинде күчүндө турган мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин талаптарын эске алуу менен приватташтырууга катышкандар жөнүндө маалымкат;
- каттоо органынын маалым каты же бүтүмдү жол-жоболоштуруу предметине кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик бирдиктүү тизмесинен электрондук көчүрмө;
- укук аныктай турган документтер.
Бекер приватташтырылган турак жайды жубайлардын бирөөсү тарабынан ээликтен ажыратууда эгерде экинчи жубайы менчик ээси болсо анын макулдугу менчиктеш катары жол-жоболоштурулат жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү жана каттоону талап кылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Эгерде приватташтырылган турак жай үй-бүлөнүн приватташтырууга катышкан бардык мүчөлөрүнүн жалпы менчигинде болсо, ал эми турак жайды өткөрүп берүү жөнүндө келишим титулдук менчик ээси катары алардын бирөөсүнө жол-жоболоштурулган болсо, анда приватташтырууга катышкан калган мүчөлөрүнүн арызы боюнча нотариус приватташтырылган мүлктөгү үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүп бере алат. Макулдашуу каттоо органында катталууга жатат.
Ушундай макулдашууну күбөлөндүрүүдө төмөнкү документтерди талап кылуу зарыл:
- укук аныктай турган документтер;
- приватташтыруу мезгилинде үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, турак жай башкармалыгынын же башка органдардын (паспорттук стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) тиешелүү маалымкаты, жана/же ушул Нускаманын 51-беренесинин талаптарына ылайык приватташтырууга катышкандар жөнүндө маалымкат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Кыймылсыз мүлккө жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири өзүнө таандык үлүшүн башка адамга саткан учурларда нотариус сатуучу өзүнүн үлүшүн башка адамга сатуу ниети бардыгын анын баасын көрсөтүү жана кайсы шарттарда сатарын көрсөтүү менен (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 269-, 170-беренелери – жалпы менчик укугунда үлүштү сатып алуунун артыкчылыктуу укугу) жалпы үлүштүк менчиктин калган катышуучуларын кат жүзүндө кабардар кылгандыгына ынануусу абзел. Тартуу келишимин, рента келишимин күбөлөндүрүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн көпчүлүк катышкан сатыкта сатып алынган бир бөлүгүн (үлүшүн) ээликтен ажыратууда Нускаманын ушул пунктунун жоболору колдонулбайт.
Жалпы үлүштүк менчикке катышкандарды жалпы кыймылсыз мүлктөгү үлүштүн алдыда сатылары жөнүндө кабардар кылынгандыгынын далили болуп нотариустун сатуучунун арызын аларга “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 80-беренесинин тартибинде бергендиги жөнүндө күбөлүгү же жалпы үлүштүк менчикке катышкандардын үйдүн сатыла турган үлүшүн сатып алууга артыкчылыктуу укугунан баш тартышкандыгы жөнүндө арызы (үлүштүн сатыла турган баасы жана шарттары көрсөтүлүү менен) эсептелет.
Жалпы үлүштүк менчикке катышкандардын арызындагы коюлган колдордун аныктыгы нотариалдык иш-аракетти жасаган орган же нотариалдык иш-аракетти жасоого ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин органынын кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде жалпы үлүштүк менчикке катышкандар нотариуска өздөрү барышса жана сатыкты артыкчылыктуу сатып алуу укугунан баш тартуу жөнүндө арыз жазышса, алардын коюлган колдорунун аныктыгын күбөлөндүрүп каттоо талап кылынбайт. Ушундай учурда нотариус алардын инсандыгын аныктайт жана коюлган колдорунун аныктыгын күбөлөндүрөт да, ушул туурасында арызда белгилейт.
Эгерде аталган арыз келишимди күбөлөндүргөн нотариус тарабынан жалпы үлүштүк менчиктин катышуучусуна берилген болсо, ал тапшыргандан кийин бир айдын ичинде өткөрүп берүү жөнүндө күбөлөндүргөн арыздын нускасы же анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калган кыймылсыз мүлктүн үлүшүн сатып алуу-сатуу келишиминин нускасына бүтүмдү жол-жоболоштурууда тиркелиши абзел. Жалпы үлүштүк менчикке катышуучудан жооп алынганда ал да келишимдин ушул нускасына тиркелет.
Эгерде кыймылсыз мүлктүн үлүшү жалпы үлүштүк мүлктүн катышуучуларынын бирине сатылган болсо, жалпы үлүштүк мүлктүн башка катышуучуларынын билдирүүсү талап кылынбайт.
Кыймылсыз мүлктүн бир бөлүгүн (үлүшүн) ээликтен ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүдө менчиктештердин макулдугу төмөнкү учурларда талап кылынбайт: эгерде кыймылсыз мүлктүн бир бөлүгү өз алдынча объект катары натуралай аныкталса; өзүнчө кирип-чыкма эшиги болсо, кыймылсыз мүлктүн бир бөлүгүнүн өз алдынча пайдаланууга арналган өзүнчө чектери болсо. Ушул фактынын далилдөө үчүн өзүнчө техникалык паспортун болушу, мүлк объектисине менчик укугу өзүнчө катталышы, ар кандай укук аныктай турган документтер ж.б. болушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
54. Жалпы үлүштүк менчиктин калган катышуучулары сатылган үлүштү сатып алуунун артыкчылыктуу укуктарынан баш тарткан же ушул укуктарын аткарышпаган учурда алар сатык жөнүндө кабардар болушкандан тарта бир ай ичинде нотариус үлүштү сатып алуу-сатуу келишимин күбөлөндүрөт.
Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн сатып алуу-сатуу келишими башка адамга эгерде үлүштү ээликтен ажыратуучу үлүштү сатып алууда артыкчылык укугу жөнүндө менчиктештерин кабардар кылууга мүмкүнчүлүгү жок болгон (мисалы, жалпы үлүштүк менчикке катышуучулардын калганынын жашаган жери/жүргөн жери белгисиз болсо) учурда күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурда сатуучу анын менчиктештери белгисиз жок болуп жатышканы жөнүндө соттун чечимин көрсөтүүгө тийиш.
55. Жашы жете элек өспүрүмдөргө, ошондой эле сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп табылган адамдарга таандык кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдү күбөлөндүрүүдө нотариус ушул Нускаманын 37-пунктун жетекчиликке алат.
Эгерде көзөмөл жана камкордукка алуу органдары ата-энелерин, көзөмөлчүлөрдү же камкордук көрүүчүлөрдү сатылган үй (үйдүн бир бөлүгү), батир үчүн сумманы жашы жете электердин же башка аракетке жөндөмсүз адамдардын наамына банка салууга милдеттендиришкен болсо, нотариус ушул талаптын аткарылганын текшерүүгө жана ушул жөнүндө келишимдин текстинде көрсөтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Жалпы менчиктин (жалпы биргелешкен менчиктин же жалпы үлүштүк менчиктин) объектиси болгон кыймылсыз мүлктү урунуу менен байланышкан бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүдө эгерде тирүү кезинде үлүшкө менчик укугу бөлүнбөгөн жана кыймылсыз мүлккө укугу каттоо органында катталбаган менчиктештердин бири өлгөн болсо, нотариус бүтүмдүн материалдарына анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн тиркейт.
57. Келишимдин предмети болбогон имарат, курулма же турак үйү жайгашкан жер участогун ээликтен ажыратууда имарат, курулма же турак жай жайгашкан жер участогунун бөлүгү, ошондой эле багытына жараша объекттерди пайдалануу үчүн зарыл жер участогунун бөлүгү келишимдин предмети болуп саналбаган өз алдынча жер участогу болуп бөлүнүүгө тийиш.
Эгерде имаратты же курулманы ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, сатып алуучуга ушул имарат же курулма жайгашкан жана аны пайдалануу зарыл болгон жер участогунун бөлүгүнө менчик укугу өтөт. Тараптардын макулдашуусу боюнча имарат же курулма ушул имараттын же курулманын алдында жайгашкан жана өз алдынча бирдик катары бөлүнгөн жер участогунун бир бөлүгү менен бирге ээликтен ажыратылышы мүмкүн.
58. Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн (үлүштү үлүштөн) ээликтен ажыратууда нотариуста укук аныктай турган документтин көчүрмөсү калат. Чыныгы түп нуска үлүштү ээликтен ажыратуучуга нотариустун колу жана мөөрү жана нотариалдык иш-аракет жасалгандыгы жөнүндө белги коюлуу менен жана ажыратыла турган мүлктүн үлүштөрүнүн жана/же литерлеринин так өлчөмдөрү ж.б. көрсөтүлүү менен кайра жөнөтүлөт.
59. Кыймылсыз мүлктүн үлүшүн ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдин текстинде ээликтен ажыратыла турган бөлүктүн өлчөмү көрсөтүлөт жана тараптардын каалоосу боюнча ээликтен ажыратыла турган литерлердин, жайлардын маалыматтары көрсөтүлүшү мүмкүн.
60. Ушул мүлктөгү үлүштүн мүлк ээси тарабынан ээликтен ажыратылышы жөнүндө келишимде тараптар тарабынан башка мүлктү (мисалы, жалпы пайдалануудагы жайларды, жер участогун) пайдалануунун мыйзамга карама-каршы келбеген тартиби аныкталышы мүмкүн.
Мында жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири тарабынан өзүнө тиешелүү үлүштү (мүлктүн бир бөлүгүн) урунуусуна жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосунда кыймылсыз мүлктү пайдалануу тартиби жөнүндө тиешелүү келишим болгондо же алардын кат жүзүндөгү макулдугу боюнча же кыймылсыз мүлктүн конкреттүү бөлүгүн пайдалануунун тартиби жөнүндө соттун чечими бар болсо гана жол берилет.
Жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын ортосунда кыймылсыз мүлктү пайдалануу тартиби жөнүндө келишим өз алдынча документ түзүү жолу менен жол-жоболоштурулат. Эгерде кыймылсыз мүлк келишимдин предмети болуп саналса, ушундай келишимдерди күбөлөндүрүүдө кыймылсыз мүлккө укук аныктай турган документ карап көрүү үчүн талап кылынат.
61. Өзүнүн жалпы мүлктөгү үлүшүн ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди менчик ээси тарабынан күбөлөндүрүүдө нотариус ушул мүлктөгү үлүштү сатып ала турган адамга жалпы үлүштүк мүлктүн мурдагы катышуучуларынын ортосунда жалпы мүлктү пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө кат жүзүндөгү келишим бар болгон болсо, ушул макулдашуунун жоболору сатып алуучу тарабынан ага (келишимге) жалпысынан кошулган катарында кабыл алынышы мүмкүн экендигин түшүндүрөт, эгерде кошулуу шарттары алар (менчик ээлери) тарабынан мурда түзүлгөн макулдашуу аркылуу эскертилген болсо (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 269-беренеси).
62. Эгерде мүлккө укук аныктай турган документте үлүштөрдүн өлчөмү көрсөтүлбөсө же туура эмес көрсөтүлгөн болсо, үлүштөрдүн өлчөмүн (анын ичинде реалдуу, иш жүзүндөгү) же үлүштөрдүн өлчөмү өзгөргөндүгү (такталгандыгы) жөнүндө айрым, өз алдынча макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. Эгерде ушундай макулдашуунун объектиси кыймылсыз мүлк болсо, ал кыймылсыз мүлккө укукту каттоо органдарында катталат.
Эгерде үлүштөрдүн өлчөмүнүн өзгөрүшү жалпы үлүштүк менчиктин катышуучуларынын бири тарабынан жүргүзүлгөн кошумча курулуш же бузуу (кошуп салуу, кайра куруу ж.б.) менен байланыштуу жүргүзүлгөн болсо, нотариус үлүштөрдүн өлчөмүн аныктоо же үлүштөрдүн өлчөмүнүн өзгөргөндүгү жөнүндө макулдашууну түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын кошумча курулушка же бузууга уруксат берген чечимин, тиешелүү каттоо органынын уруксат берүү документациясын, маалым катын жана карап көрүү үчүн укук аныктоочу документин талап кылат.
Жалпы үлүштүк менчикке катышуучунун(лардын) арызы менен, нотариус жалпы мүлктөгү үлүшкө, анын ичинде жалпы мүлктөгү үлүшкө каза болгон катышуучунун(лардын) менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө укуктуу. Мында нотариус жалпы мүлккө болгон бардык менчик ээлеринин укугун ырастаган документтерди талап кылат.
63. Айылдык калктуу пункттарда жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерди нотариалдык күбөлөндүрүүдө бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелери сакталат.
Ушул Нускаманын 44-пунктунда көрсөтүлгөн укук аныктай турган документтер жок учурда жер участогунун аны ээликтен ажыратуучуга таандыктыгын ырастай турган документ болуп Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 7-, 11-беренелерине ылайык жана мүлккө ээлик кылуу укугун ырастаган документтердин (системалуу каттоо мезгилинде жер участогуна укугун каттоо жөнүндө Мамкаттоо мекемелеринин маалыматтары, чарба китептеринен жазуулар, долбоорлоо-сметалык документация ж.б.) негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогу берилиши боюнча укугун эске алуу менен берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (айрым алганда, айыл өкмөтүнүн) тиешелүү чечимдери болушу мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын турак жайына менчик укугун таануу жөнүндө чечимдери шаар курулуш-архитектуралык документацияга негизделген болушу жана каттоо органында катталышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
64. Курулуп бүтө элек кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө деле нотариус тарабынан курулуп бүткөн жана пайдаланууга берилген кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууда талап кылынгандай документтер талап кылынат.
65. Сатуучуну (рента алуучуну) өмүр бою кармоо келишими кыймылсыз мүлктүн объектилерин ээликтен ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт.
Рента төлөөчү өзүнө өмүр бою кармоого берилген кыймылсыз мүлктү рента алуучунун алдын-ала макулдугу менен ээликтен ажыратууга, күрөөгө коюуга же башкача жол менен урунууга укуктуу.
Өмүр бою кармоо келишиминде кармоонун жалпы көлөмүнүн наркы аныкталууга тийиш. Мында кармоонун жалпы көлөмүнүн наркы айына мыйзамда аныкталган эмгек акысынын эки минималдуу өлчөмүнөн кем болбоого тийиш.
66. Юридикалык жактарга таандык кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишимдери жалпы эрежелер боюнча күбөлөндүрүлөт. Мында нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- (кыймылсыз мүлктүн ушул юридикалык жакка таандык экендиги жөнүндө) укук аныктай турган документ;
- тиешелүү каттоо органынын маалым каты же кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик бирдиктүү тизмесинен электрондук көчүрмө;
- чечимдин түп нускасы же ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же кызмат адамынын кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн түп нускасынын көчүрмөсү/чечимдин көчүрмөсү;
(мүлккө оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылган уюмдар сатылып жаткан мүлк уюмдун карамагында калган кирешенин эсебинен, б.а. менчик ээсинин эмес, айрым баланста эсеби алынган өзүмдүк каражаттардын эсебинен сатып алынганын ырастаган документтерди – өзүнчө баланстан көчүрмөлөрдү көрсөтүүсү зарыл);
- карап чыгуу үчүн юридикалык жактын уставы жана мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү түп нускада; алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Башка нотариалдык иш-аракеттерди жасатууда нотариуска мурда берилген түзүү документтеринин көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө бар болсо, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес: документтер нотариуска карап көрүү үчүн гана көрсөтүлөт (сунушталган документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик аларды көрсөткөн жактарга жүктөлөт);
- (ыйгарым укуктуу) органдын менчик ээсинин юридикалык жактын жетекчисин дайындоо/шайлоо жөнүндө чечими;
- юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним кат (ишеним кат милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүүгө жаткан бүтүмдөр үчүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн болушу керек);
- юридикалык жактын уставына ылайык мүлктү сатып өткөрүү үчүн зарыл башка документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Мүлктүк комплекс катары ишкананы сатууда жогоруда аталган документтерден тышкары ошондой эле инвентаризациялоо актысы, ишкананын курамы жана наркы жөнүндө бухгалтердик баланс, ошондой эле ишкананын курамына кирген бардык карыздар (милдеттенмелер) кредиттерди, алардын талаптарынын мүнөзүн, өлчөмүн жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен талап кылынат.
68. Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун турак жайларын жарандарга жалпы үлүштүк менчикке сатып алууда-сатууда (приватташтыруу келишими) төмөнкүлөр талап кылынат:
- кыймылсыз мүлккө ээ болуу укуктарынын мамлекеттик реестринен көчүрмө же кыймылсыз мүлккө ээ болуу укуктарынын мамлекеттик реестринен маалыматтык көчүрмө;
- турак жайга укук белгилөөчү документ (турак жайдын баланстык таандыктыгы жөнүндө маалымкат);
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын приватташтыруунун формасын көрсөтүү менен батирди менчикке приватташтыруу жөнүндөгү чечими;
- турак жайды баалоо актысы;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн өкүлгө ишеним кат;
- приватташтырууга катышууга макулдугун берген батирди жалдоочунун үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- үй-бүлөнүн бирге жашаган бардык жашы жеткен мүчөлөрүнүн турак жайды приватташтырууга катышууга макулдугу же турак жайды приватташтыруудан баш тарткандыгы жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арыздар.
Мында приватташтырылган турак-жай үй-бүлө мүчөлөрүнө жалпы үлүштүк менчик катары жашы жеткен мүчөлөрүнүн укуктарын эске алуу менен же бир эле жактын менчигине же башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу менен бир нече жакка ушул Нускаманын 51-пунктунун эрежелерин сактоо менен таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Турак жай эмес фондун приватташтыруу келишими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген приватташтыруу объекти болуп саналган кыймылсыз мүлктүн бүтүмдөрүн нотариалдык күбөлөндүрүүнүн жана бүтүмдөрүн жана укуктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө 2003-жылдын 2-октябрындагы N 123 Нускамага ылайык күбөлөндүрүлөт.
Нотариалдык күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- кыймылсыз мүлк объектисин приватташтыруу жөнүндө Мамлекеттик мүлк министрлигинин жана анын аймактык органдарынын чечими;
- Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан бериле жана күбөлөндүрүлө турган негизги каражаттарды (“имараттар жана курулмалар” бөлүмү) инвентаризациялоо жана наркын баалоо актыларынын көчүрмөлөрү;
- Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан бериле жана күбөлөндүрүлө турган имараттын (курулманын) паспортунун көчүрмөсү;
- Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан бериле жана күбөлөндүрүлө турган кыймылсыз мүлк объекттеринин жер участогунда жайгашкан схемасы. Мында мүлктүк комплекстин бир бөлүгү приватташтырылганда схемада кыймылсыз мүлктүн объектисинин бир бөлүгү көрсөтүлөт;
- тооруктун протоколу, соода-сатык келишими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка келишимдер.
70. Тараптардын ортосунда түзүлгөн ээликтен ажыратуу келишими боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу менен толук эсептешүү жөнүндөгү насыя берүүчүнүн арызын тариздөөдө нотариустун карызкор өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө өзү күбөлөндүргөн анын арызына шилтеме берүү менен келишимге толук эсептешүү бүткөндүгү тууралуу белги коюуга укугу бар.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Соттон тышкары тартипте күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу жөнүндө макулдашуунун негизинде күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратуу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус жалпы эрежелерди сактоо менен, ошондой эле төмөнкүлөрдү талап кылат:
- негизги милдеттенмени ырастаган документ (түп нускасы);
- күрөө келишими (түп нускасы);
- күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартиптеги талабын канааттандыруу жөнүндө келишим;
- Мамкаттоо мекемелеринде катталган күрөө предметин өндүрүп алуу жөнүндө макулдашуу (түп нускасы);
- күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн күрөө мүлкүн кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы эгерде ал күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартиптеги талаптарын канааттандыруу жөнүндө макулдашуусу аркылуу каралса.
Тараптар келишимде төмөнкүлөрдү белгилешет:
- бүтүмдү түзүү негиздери (келишимдин текстинде милдеттүү түрдө күрөө кармоочунун соттон тышкаркы тартиптеги талаптарын канааттандыруу жөнүндө макулдашууга шилтеме жасоо зарыл);
- күрөө мүлкүнүн келишиминин предметинин баяндалышы;
- аткарылбаган милдеттенмелердин өлчөмү (же анын акчалай бааланышы);
- ээликтен ажыратыла турган мүлктүн сатыла турган баасы;
- күрөө кармоочу тарабынан сарпталган чыгымдардын суммасы;
- күрөө кармоочу тарабынан күрөөгө коюунун токтотулушу жана каттоо органында милдеттүү түрдө катталышы, ушул туурасында мамлекеттик нотариусту күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салуусу үчүн кабардар кылуусу жөнүндө билдирүү түзүүсүнүн зарылдыгы жөнүндө;
- жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча башка шарттар.
Нотариус тараптарга өндүрүп алуу жол-жобосун токтотуу тартибин түшүндүрүүгө тийиш (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренеси).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
III бап. Турак үйүн (үйдүн бир бөлүгүн), батирди, башка жайларды, курулмаларды, курулуштарды жана кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүү
72. Мамлекеттик каттоого жаткан кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим мүлк жайгашкан жер боюнча күбөлөндүрүлөт.
Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим тараптардын каалоосу боюнча каалаган нотариуста күбөлөндүрүлөт.
Кыймылсыз мүлктүн бир нече объекттерин күрөөгө коюу жөнүндө келишим күрөөгө коюла турган мүлктүн объекттеринин бири жайгашкан жер боюнча нотариустардын бири аркылуу күбөлөндүрүлөт.
Күрөө келишими эки тараптуу болушу мүмкүн: күрөө кармоочу менен күрөөгө коюучу-карыздар ортосунда же күрөө кармоочу менен күрөөгө коюучу-үчүнчү жак ортосунда; же үч тараптуу болушу ыктымал: күрөө кармоочу, карыздар жана күрөөгө коюучу-үчүнчү жак ортосунда.
Күрөө жөнүндө келишимдерди күбөлөндүрүүдө төмөнкү документтерди талап кылуу зарыл:
- негизги милдеттенмени ырастаган документ (анын көчүрмөсү);
- күрөөгө коюла турган мүлккө укук аныктай турган документ;
- тиешелүү каттоо органынын күрөөнү жол-жоболоштуруу жаатында маалым каты, эгерде күрөө объектиси болуп кыймылсыз мүлк болсо, же кыймылсыз мүлккө укуктардын мамлекеттик бирдиктүү тизмесинен электрондук көчүрмө;
- жубайынын макулдугу, эгерде мүлк никеде бирге турганда сатып алынса. Андай болбогон учурда үй-бүлөлүк абалы жана/же мүлккө укугу жөнүндө арыз;
- эгерде күрөөнүн предмети болуп жалпы биргелешкен мүлктүн объектиси болгон мүлк (приватташтырылган батир, дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн мүлкү) чыккан болсо, анда күрөөгө коюуда биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын макулдугу зарыл;
- эгерде күрөөгө коюучу катары юридикалык жак чыкса, анда нотариус ыйгарым укуктуу органдын мүлктү күрөөгө берүү жөнүндө чечимин (чечимдин түп нускасын же чечимдин жетекчинин колу коюлуу жана мөөрү басылуу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн); түзүү документтеринин жана өкүлдүн жана/же жетекчинин ыйгарым укуктары ырасталган документтердин көчүрмөлөрүн талап кылат;
- ишкананы жалпысынан мүлктүк комплекс катары ипотекалоодо ишкананын өз алдынча балансы талап кылынат. Анда негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, башка баалуулуктар, ошондой эле ишкананын курамына кирген бардык карыздардын (милдеттенмелердин) тизмеси, кредиторлор алардын талаптарынын мүнөздөмөсү, өлчөмү, мөөнөттөрү көрсөтүлүү менен чагылдырылат. Күрөөгө коюучунун менчик укугун жана ишкана жайгашкан участокту пайдаланууга анын укугун ырастаган документтер да талап кылынат;
- мамлекеттик мүлк күрөөгө коюлган учурда Мамлекеттик мүлк министрлигинин макулдугу зарыл;
- эгерде келишим жеке адамдын өкүлү тарабынан жол-жоболоштурулса, келишимди жол-жоболоштуруу жана кол коюу боюнча анын ыйгарым укуктарын жана башка укуктарын ырастаган ишеним кат зарыл.
Кыймылсыз мүлктүн күрөөсү жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө нотариустар ушул мүлктүн күрөөгө коюучуга менчик укугунда таандыктыгын укук аныктай турган документ боюнча текшерүүдөн тышкары мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу же камак салынган-салынбагандыгын текшеришет.
74. Кыймылсыз мүлктү жана каттоого жаткан мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишимди күбөлөндүрүүдө мамлекеттик нотариус насыя берүүчүнүн арызы боюнча келишимде көрсөтүлгөн мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салат жана тыюу салуу жөнүндө күбөлөндүрүү жазууларын келишимдин нотариуска берилген бардык нускаларына түшүрөт. Эгерде мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим ал жайгашкан жер боюнча күбөлөндүрүлбөгөн болсо, мамлекеттик нотариус салынган тыюу жөнүндө билдирүүнү мүлк жайгашкан жана/же катталган жердеги мамлекеттик нотариуска жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
IV бап. Жер участогу жана ага укуктар менен жасалган бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү
75. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 9-беренесине ылайык жер участогу жана ага укуктар жөнүндө бүтүмдөр мамлекеттик каттоого жатат жана мыйзамдарда каралган учурларды албаганда (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 328-беренеси) нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.
Жер участогу жарандык укук мамилелеринин өзгөчө объектиси болуп саналат жана сатып алуу-сатуунун, алмаштыруунун, ипотеканын жана башка бүтүмдөрдүн предмети болушу, ошондой эле Жер кодекси аркылуу белгиленген чектөөлөр аркылуу универсалдуу укук мураскорлугу тартибинде өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Жер участогун ээликтен ажыратуу, ипотека же жер участогун пайдалануу укугунан ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүү кыймылсыз мүлктүн бүтүмдөрү үчүн ушул Нускамада каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 31-беренесине ылайык жер участогуна укукту ырастаган документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт;
- жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтүүсүз) пайдаланууга укук жөнүндө мамлекеттик акт;
- жер участогун убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө күбөлүк;
- жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк.
Жер участогунун бир бөлүгү жөнүндө бүтүмдү күбөлөндүрүү ушул бөлүк тиешелүү тартипте өзүнчө жер участогуна бөлүнгөндөн жана андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин гана мүмкүн (Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 35-беренесинин 3-бөлүгү).
Чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана адамдарга турак үйлөрүн жана турак эмес жайларды жер участоктору менен ээликтен ажыратуу келишимдерин күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-беренесинин эрежелери сакталууга тийиш. Чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жеке адамдарга жер участоктору убактылуу (мөөнөтү көрсөтүлүү менен) гана өткөрүлүп берилет. Мында жогоруда аталган жактарга жер участогун убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө мамлекеттик органдардын уруксатын алуу талап кылынбайт, эгерде жер участогун берүүнүн шарттарында башкача каралбаса.
Жер участогунун менчик ээси жана/же жер участогун пайдалануучу жер участогун башкаруу, пайдалануу жана урунуу ыйгарым укуктарын жана жер участогуна укугун башка каалаган жакка же адамга өткөрүп берүүгө укуктуу, эгерде жер участогун берүү шарттарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса.
Жер участогуна укуктун ипотекасына жер участогуна укукка карата бүтүмдөрдү жасоого тыюу салынган учурларда жол берилбейт.
V бап. Башка бүтүмдөр
1-параграф. Күбөлөндүрүүнүн жалпы шарттары
76. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга байланышпаган жана кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшүнө, анын ичинде кыймылдуу мүлктү, мүлккө буюмдук укукту (ижара, зайым, ишеним артылган башкаруу, кыймылдуу мүлктү сатып алуу-сатуу ж.б.) урунууга жана/же башкарууга алып келбеген башка келишимдерди күбөлөндүрүүдө нотариус документтердин төмөнкүлөрдөн турган негизги пакетин талап кылат:
- (экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- укук аныктай турган документтин түп нускасы (анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат, эгерде келишим мүлктүн бир бөлүгүнө менчик укугунун өтүшүнө алып келсе); кыймылдуу мүлккө укукту аныктаган документ жок учурда жана/же укук аныктай турган документ талаптагыдай жол-жоболоштурулбаган учурда башка келишимди болгон жагдайларда түзүүгө тараптардын макулдугу болгон учурларда күбөлөндүрүүгө жол берилет;
- жубайынын (эгерде мүлк никеде турганда сатып алынса), менчиктештердин (эгерде мүлк жалпы менчикте турса) арыздары;
- эгерде бүтүмдүн тарабы болуп юридикалык жак саналса, нотариус ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уставдык документтердин көчүрмөлөрүн, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтерди тиркейт.
Нотариус ошондой эле ушул Нускамада аныкталган же бүтүмдүн түрүнө жана татаалдыгына жараша нотариалдык иш-аракеттин толуктугу жана талашсыздыгы үчүн зарыл башка документтерди кошумча талап кылууга укуктуу.
Башка келишимдер каалаган нотариуста түзүлүшү жана күбөлөндүрүлүшү мүмкүн, аларга карата ушул Нускама аркылуу аларды жол-жоболоштуруунун башка тартиби каралбаган болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
2-параграф. Жалдоо (ижарага алуу) келишими
77. Ушул пункт имараттарды жана курулмаларды кыймылсыз мүлктүн бирдиги катары ижарага алууну кошпогондо каалаган мүлктү жалдоо келишимдерин күбөлөндүрүүнүн эрежелерин жөнгө салат.
Мында нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү;
- жубайлардын (эгерде турак жай/турак эмес жай никеде турган мезгилде сатып алынган болсо), менчиктештин (эгерде мүлк жалпы менчикте турган болсо) арызы;
- ыйгарым укуктуу органдын чечимин, уставдык документтердин көчүрмөлөрү же алардын көчүрмө бөлүктөрү, эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, юридикалык жактын өкүлүнүн (жетекчисинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтерди.
Келишимдин текстинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: бериле турган турак жайдын мүнөздөмөсү, жалдоо мөөнөтү, келишимдин суммасы (ижарага алуу келишимдери кайтарымдуу келишимдердин категориясына кирет), жалдоо шарттары, тараптардын каалоосу боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери, аларды аткарбагандыктын кесепеттери, жалдоо келишимин токтотуунун негиздери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка шарттар көрсөтүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
3-параграф. Транспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, аларга чиркегичтерди, суу жана аба кемелерин ээликтен ажыратуу жана ижарага алуу келишимдерин күбөлөндүрүү
78. Транспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, аларга чиркегичтерди, суу жана аба кемелерин ээликтен ажыратуу жана ижарага алуу келишимдерин күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- ушул мүлккө менчик укугун ырастаган документтерди (алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат);
- ушул мүлктү ээликтен ажыратууга жубайынын же башка менчиктештердин макулдугу, эгерде мүлк никеде турганда сатып алынса же үлүштүк жалпы менчик болсо;
- эгерде ээликтен ажыратуучу жесир же бойдок болсо же мүлк анын жеке менчиги болсо, үй-бүлө абалы жана/же мүлккө анын жеке укугу жөнүндө арызды талап кылат;
транспорт каражатына болгон оорлотуулардын жоктугу жөнүндө транспорт каражаттарын каттоочу органдын маалымкаты:
1) (алтынчы абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
2) бардык модификациядагы тракторлорго, курулушта, өнөр жайында жана башка иштерде пайдаланууга арналган транспорт каражаттарына – өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, анын ичинде комбайндарга, мелиоративдик, жер казуучу жана башка машиналарга – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу мамлекеттик техникалык инспекциядан;
3) суу кемелерине, анын ичинде аз өлчөмдүү кемелерге – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу суу инспекциясынан жана аз өлчөмдүү кемелер боюнча инспекциядан;
4) граждандык аба кемелерине – Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын граждандык аба кемелеринин тизме китебинен;
- күрөө каттоо кеңсесинен жана мамлекеттик нотариустун мүлктү ээликтен ажыратууга камак же тыюу салуу жоктугу жөнүндө маалыматтар, эгерде мүлктүн баасы 250 эсептик көрсөткүчтөрдөн ашыкты түзсө.
Эгерде мүлк менчик укугунда юридикалык жакка таандык болсо, нотариуска укукту ырастаган документтерден тышкары түзүү документтери (алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат, нотариус юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн да текшерет), мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими, бүтүмдү жасоого юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтер.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Ушундай эле документтерди транспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, аларга чиркегичтерди, суу жана аба кемелерин жалдоо (ижарага алуу) келишимдерин күбөлөндүрүүдө да талап кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
4-параграф.
Имараттарды, курулмаларды жана ишканаларды ижарага алуу келишимдерин күбөлөндүрүү
(Параграфтын аталышы КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Имараттарды же курулманы ижарага алуу келишими тараптар тарабынан кол коюлган бир документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарга ылайык ижарага алуу канча мөөнөткө түзүлгөндүгүнө карабастан нотариус тарабынан милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоого жатат. Турак эмес жайларды ижарага алуу жаатында ушуга окшош атайын эрежелер каралган эмес, андыктан көрсөтүлгөн укук мамилелерине ижарага алуу жөнүндө жалпы эрежелер (атап айтканда, жөнөкөй кат жүзүндөгү формасы) таркатылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Имаратты же курулманы ижарага алуу келишими боюнча ижарага алуучуга ушул кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу жана пайдалануу укугу өткөрүлүп берүү менен бирге ушул кыймылсыз мүлк жайгашкан жана аны пайдаланууга зарыл жер участогунун бир бөлүгүнө да укук өткөрүлүп берилет.
Ижарага алуучуга менчик укугунда таандык болбогон жер участогунда жайгашкан имаратты же курулманы ижарага алууга ушул участоктун менчик ээсинин макулдугусуз эле жол берилет, эгерде бул ушул участокту мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте пайдалануу шарттарына карама-каршы келбесе.
Мамлекеттик же муниципалдык жер ээси тарабынан ага таандык имаратты жана курулманы ижарага берүү учурунда алар менен кошо ушул имарат жана курулма бекитилген жер участогун пайдалануу укугу да өткөрүлүп берилет.
Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун пайдалануусунда турган жана имарат жана курулма жайгашкан жер участогун башка адамга ижарага өткөрүп берүүгө ушул имаратты же курулманы ижарага талаптагыдай тапшыруусуз жол берилбейт.
82. Имаратты же курулманы ижарага алуу келишиминде ижара акысынын өлчөмү каралууга тийиш. Тараптар тарабынан кат жүзүндө макулдашылган ижара акысынын өлчөмү жөнүндө шарттар жок болгон учурда ижарага алуу келишими түзүлгөн болуп эсептелбейт.
83. Имаратты же курулманы андан ары сатып алуу менен ижарага алуу келишими кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү күбөлөндүрүүнүн жалпы эрежелерин сактоо менен күбөлөндүрүлөт жана мамлекеттик каттоого жатат.
84. Ишкердик иш жүргүзүү үчүн пайдаланылган ишкананы жалпысынан мүлк комплекси катары ижарага алуу келишими боюнча ижарага алуучу акы алуу менен ижарага алуучуга убактылуу ээлик кылуу жана жер участогунан пайдалануу үчүн имаратты, курулманы, жабдууну жана ишкананын курамына кирген башка негизги каражаттарды берүүгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда чийки зат, отун, материал запастарын жана башка жүгүртүүдөгү каражаттарды, жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууну пайдалануу укуктарын, ишкана, ишкананын жекелештирилген ишин билдирген укуктарын жана өзүнө гана таандык башка укуктарын өткөрүп берүүгө, ошондой эле талап кылуу укуктарын берүүгө жана ижарага берүүчүнүн башка жактарга өткөрүп берүүгө укуксуз укуктарынан жана милдеттенмелеринен тышкаркы ишканага тиешелүү карыздарды ага которууга милдеттүү.
5-параграф. Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишимин күбөлөндүрүү
85. Мүлктүн ишеним артылган башкаруу келишими боюнча бир тарап (башкаруунун түзүүчүсү) башка тарапка (ишеним артылган башкаруучуга) мүлктү ишеним артылган башкарууга белгилүү мөөнөткө өткөрүп берет, ал эми экинчи тарап ушул мүлктү башкарууну түзүүчүнүн же ал тарабынан көрсөтүлгөн жактын (пайда таап берүүчү) кызыкчылыгында жүргүзүүгө милдеттенет.
Мүлктү ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүү ага болгон менчик укугунун ишеним артылган башкаруучуга өтүп кетишине алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 852-беренесине ылайык ишеним артылган башкаруу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- ишеним артылган башкарууга өткөрүлүп бериле турган мүлктүн курамы;
- ишеним артылган башкарууга өткөрүлүп бериле турган мүлктүн менчик ээси, ал эми эгерде келишим мыйзамга ылайык башка жактын чечими боюнча түзүлгөн болсо – анда ошондой эле ушул жактын аталышы;
- мүлктү башкаруу кызыкчылыгы жүргүзүлгөн (пайда табуучу) юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын аты-жөнү;
- юридикалык жактын аталышы же ишеним артылган башкаруучунун аты-жөнү;
- пайда табуучуга берилген ыңгайлар;
- башкаруучуга сый акысынын өлчөмү жана формасы, эгерде келишимде ишеним артылган башкаруу келишимге ылайык акысыз менчик ээси эмес адам тарабынан жүргүзүлөрү каралса;
- ишеним артылган башкаруучу тарабынан өз иши жөнүндө башкарууну түзүүчүгө жана пайда табуучуга отчет берүү мөөнөтү жана тартиби;
- келишимдин иштөө мөөнөтү.
Мүлктү ишеним артылган башкаруунун келишими мыйзамдарда каралган учурларды албаганда 5 жыл мөөнөтүндө түзүлөт.
Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишимин күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөр талап кылынат:
- эгерде мүлктү башкаруунун түзүүчүсү мүлктүн ээси болсо – ушул мүлккө укукту аныктай турган документ;
- түзүүчү болуп жер участогуна өмүр бою мурастык ээлик кылуу укугу таандык адам эсептелсе – жер участогун бөлүп берүү жөнүндө документ;
- эгерде башкаруунун түзүүчүсү болуп ушуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналса – анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ;
- эгерде башкаруунун түзүүчүсү болуп чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана эсептелсе – менчик ээсинин мүлктү ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүүгө уруксаты.
Мыйзамдарда каралган учурларды албаганда ишеним артылган башкаруучу болуп мамлекеттик ишканадан тышкары жеке ишкер же коммерциялык уюм болушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 851-, 858-беренелери).
Эгерде ишеним артылган башкаруучу болуп жеке ишкер эсептелсе, нотариуска жеке ишкердин катталгандыгы жөнүндө күбөлүк көрсөтүлөт, нотариустун көктөмөлөрүндө болсо ушул документтин көчүрмөсү калат.
Эгерде ишеним артылган башкаруучу уюм болсо, нотариуска ушул юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө күбөлүк, юридикалык жактын түзүү документтери, өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтер берилет, нотариустун көктөмөлөрүндө ушул документтердин көчүрмөлөрү калат.
Мүлк мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүүгө жатпайт.
Ишеним артылган башкаруучу мүлктү ишеним артылган башкаруу келишими боюнча пайда табуучу боло албайт.
Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишиминде тараптарга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин мүлктү ишеним артылган башкаруу келишиминин негиздери жана токтотулуш тартиби жөнүндөгү 865-беренеси тараптарга түшүндүрүүлөрү каралууга тийиш.
Мүлктү ишеним артылган башкаруу келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус тарабынан төмөнкүдөй документтер талап кылынат:
- укук аныктай турган документтин көчүрмөсү;
- эгерде мүлк никеде турган мезгилде сатып алынган болсо, жубайдын аны ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүүгө макулдугу жөнүндө арыз;
- эгерде ишеним артылган башкаруудагы объект жалпы мүлк болуп саналса, мүлктү ишеним артылган башкарууга өткөрүп берүүгө башка менчиктештердин макулдугу жөнүндө арыз.
6-параграф. Насыя берүүчүнүн талаптарын өткөрүп берүү же карызды которуу жөнүндө макулдашууларды күбөлөндүрүү
86. Насыя берүүчүнүн талаптарын өткөрүп берүү же карызды башка жакка которуу жөнүндө макулдашууларды күбөлөндүрүүдө нотариус мыйзамдардын талаптарын (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 314-318-беренелери) сактоо менен төмөнкү документтерди талап кылат:
а) эгерде тараптар жеке адамдар болсо:
- милдеттенме келип чыккан документтин көчүрмөсү (күрөө жөнүндө келишим, насыя келишими, күрөө келишими ж.б.), алардын түп нускалары карап чыгуу үчүн берилет, көчүрмөлөрү бүтүмдүн материалдарында калат;
- ушул макулдашууларды түзүүгө жубайынын макулдугу жөнүндө арыз, эгерде мүлк (мүлккө укуктар) никеде турган убакта сатып алынса;
- ушул макулдашууларды түзүүгө башка менчиктештердин макулдугу жөнүндө арыз, эгерде мүлк (мүлктүк укуктар) жалпы менчик болсо;
- карызды которууда – насыя берүүчүнүн карызды которууга макулдугу;
б) эгерде тараптар болуп юридикалык жактар саналса, кошумча түрдө төмөнкү документтер берилет:
- ушундай мүнөздөгү макулдашууну түзүү жөнүндө юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечимин ырастаган документ (буюрма, протоколдордон көчүрмөлөр ж.б.);
- юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү документтери, ошондой эле өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтер, алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 316-, 317-беренелери түшүндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде өткөрүп берилген милдеттенмелер кыймылсыз мүлк же транспорттук каражаттар түрүндө болсо, бул объектиге ээ болууга тыюу салуулардын (камак салуулардын) бар экендиги тууралуу маалыматтарды текшерүүнү нотариус жүргүзбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
7-параграф. Өтмө укук акысын төлөө жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
87. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 372-беренесине ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча каалаган милдеттенме аны аткаруунун ордуна өтмө укук акысын төлөп берүү менен токтотулушу мүмкүн.
Милдеттенменин аткарылышын алмаштыруу үчүн өтмө укук акысын төлөп берүү катары кыймылсыз мүлк өткөрүлүп берилгендеги тараптардын макулдашуусу ушул мүлк жайгашкан жер боюнча күбөлөндүрүлөт.
Өтмө укук акысын төлөп берүү жөнүндө макулдашуу негизги милдеттенме нотариалдык күбөлөндүрүлгөнбү-күбөлөндүрүлгөн эмеспи, ушуга карабастан нотариалдык күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Ушундай макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүдөй документтерди талап кылат:
- эгерде өтмө укук акысын төлөп берүү объектиси кыймылсыз мүлк болсо, мүлктүн аны ээликтен ажыратуучуга таандыктыгы жөнүндө каттоо органынын маалым каты (эгерде мүлк күрөөгө коюлган болсо, тыюу салуу бардыгы жөнүндө белги коюлган) же кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик тизме китебинен электрондук көчүрмө;
- жубайынын мүлктү өтмө укук акысын төлөп берүү боюнча ээликтен ажыратууга макулдугу жөнүндө арызы (эгерде ал никеде турган мезгилде сатып алынган болсо), менчиктештердин макулдугу, эгерде мүлк биргелешкен жалпы мүлктүн объектиси болсо; эгерде андай болбосо – үй-бүлөлүк абалы жөнүндө (бойдок, турмушка чыга элек) жана/же мүлккө укугу жөнүндө арыз;
- укук аныктай турган документ;
- негизги милдеттенмени ырастаган документтин түп нускасы жана/же көчүрмөсү;
- эгерде өтмө укук акысын төлөп берүү предмети болуп приватташтырылган турак жайы эсептелсе, анда турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын же приватташтыруу мезгилинде үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон башка органдардын (паспорт столу, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкаруу) тиешелүү маалым каты жана/же ушул Нускаманын 51-пунктунун жоболорун эске алуу менен приватташтырууга катышкандар жөнүндө маалым кат;
- эгерде бүтүмдүн тарабы болуп юридикалык жак саналса, бүтүмдү жасоого юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими, өкүлдүн (жетекчинин) ыйгарым укуктарын ырастаган документтер, юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастаган документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү же алардан көчүрмөлөр.
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык предмети күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүү саналган өтмө укук акысын төлөп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус күрөө кармоочуга күрөөнүн токтотулганы жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүүсүн жана күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салуу жана/же каттоо үчүн ушул туурасында мамлекеттик нотариусту жана/же күрөө каттоо кеңсесин кабардар кылуу зарылдыгын түшүндүрүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
8-параграф. Күрөө кармоочунун талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
88. Күрөө предметин соттон тышкаркы өндүрүп алуунун тартиби күрөө жөнүндө келишимде каралууга тийиш (86-берененин 4-пункту).
Эгерде күрөөнүн предмети кыймылсыз мүлк болсо, макулдашуу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде күрөөнүн предмети болуп кыймылдуу мүлк саналса, макулдашуу кат жүзүндө жазылат; тараптардын макулдашуусу боюнча ал нотариалдык күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Эгерде күрөө жөнүндө келишим карыздар, күрөөгө коюучу жана Күрөө кармоочу ортосунда күбөлөндүрүлсө, макулдашуу ушул тараптар ортосунда түзүлүүгө жатат.
Макулдашууда тараптар төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
1) тараптардын аталышы (аты-жөнү) жана жайгашкан жери;
2) негизги милдеттенме жана күрөө келишими;
3) өндүрүп алууга негиз;
4) күрөө предметин өндүрүп алууга кайрылган мезгил (башталышы);
5) күрөөгө берүүчү күрөө предметин күрөө кармоочуга өткөрүп берүү тартиби;
6) күрөө кармоочунун күрөө предметин жана аны сатып өткөрүү жаатында укуктары жана милдеттери;
7) күрөө предметин сатып өткөрүүнүн жолу төмөнкүлөрдүн бири болууга тийиш:
а) элге жарыя сатык өткөрүү:
- ачык тоорук же сынак катары өткөрүлө турган формасын аныктоо;
- сатыктын уюштуруучусун дайындоо;
- баштапкы (старт) баасын аныктоо, сатык баасын аныктоодо тараптар муну көз каранды эмес баалоочуга тапшырышы мүмкүн;
- ипотека предметинин курамы жана жайгашкан жери, ошондой эле идентификациялоо үчүн жетишерлик сүрөттөө;
- күрөө кармоочунун ипотека менен камсыздалган талаптарынын сатып алуу баасын эсепке алуу менен Күрөө кармоочу же Күрөөгө берүүчү тарабынан сатыктарда күрөө предметин сатып алуу тартиби;
- ипотека предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумманы бөлүштүрүү тартиби;
б) сатып алуу-сатуу келишимдерин үчүнчү жактар менен түздөн-түз түзүү аркылуу күрөөнү сатып өткөрүү;
в) башка ыкмасы;
9) ипотека предметин күрөөгө мурда жана кийин кармоочулардын аталышы (аты), (эгерде алар макулдашуу түзүлгөн учурда бар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);
10) ипотека предметине карата буюмдук укуктарга жана пайдалануу укуктарына ээ үчүнчү жактардын аталышы (аты), (эгерде алар макулдашуу түзүлгөн учурда бар болсо жана тараптарга белгилүү болсо);
11) тараптар макулдашууда көрсөтүү зарыл деп эсептешкен башка шарттар.
Эгерде күрөөнүн предмети болуп айыл чарба багытындагы жер участогу саналса, макулдашууну түзүүдө төмөнкүдөй учурларга көңүл буруу зарыл:
эгерде күрөөгө берүүчүдө ушул келишим боюнча башка күрөө мүлкү жок болсо, айыл чарба багытындагы жер участогун өндүрүп алууга жол берилет;
карыздар тарабынан милдеттенменин бузулушу чоң болбосо жана ушунун натыйжасында күрөө кармоочунун талаптарынын өлчөмү күрөөгө коюлган жердин нормативдик баасына көз көрүнөө туура келбесе, күрөөнү өндүрүп алуудан баш тартылышы мүмкүн.
Макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн талап кылат:
- негизги милдеттенмени ырастаган документ;
- күрөө келишими;
- мүлккө укукту аныктай турган документтер;
- эгерде күрөөнүн предмети болуп приватташтырылган турак жайы эсептелсе, анда приватташтыруу мезгилинде үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон жана/же приватташтырууга катышкан уюмдун (паспорт столу, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкаруу) маалым каты жана бардык менчиктештердин соттук тартиптен тышкаркы макулдашууну түзүүгө жана макулдашууда көрсөтүлгөн шартта күрөөгө коюлган мүлктү соттон тышкаркы сатып өткөрүлүшүнө макулдугу;
- эгерде жашы жете элек менчиктеш бар болсо, ушул бүтүмдү жасоого үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн уруксаты зарыл;
- эгерде мүлк никеде турган мезгилде сатып алынса жана нике келишиминде менчикти бөлүштүрүү режими каралбаган болсо же мүлк күрөөгө берүүчүнүн жеке менчиги болсо (ал тарабынан тартууга алынган, мураска калтырылган, никеге чейин сатып алынган болсо), экинчи жубайдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугун талап кылуу зарыл;
- эгерде мүлк күрөө берүүчүнүн өздүк менчигинде болсо (ага тартууга берилген, мураска калтырылган, никеге чейин сатып алынган, нике келишими тарабынан менчикти бөлүштүрүү режими каралган болсо), үй-бүлөсү жөнүндө же мүлккө өзүнүн укугу жөнүндө арызы;
- эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, нотариус түзүү документтери (каттоо жөнүндө күбөлүк, түзүү келишими, Устав (жобо); соттон тышкаркы тартипте макулдашуу түзүүгө жана макулдашууда көрсөтүлгөн жол менен күрөө мүлкүн соттон тышкары сатууга юридикалык жактын протоколу (же ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсү) боюнча юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн текшерет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
9-параграф. Шертпул жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
89. Нотариус тараптардын каалоосу боюнча шертпул жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрөт. Макулдашууда шертпул катары канча сумма төлөнгөндүгү, ал кайсы тиешелүү сумманын эсебине өткөрүлүп берилери, келишимдин предмети, калган төлөмдөр кайсы мөөнөттө жүргүзүлөрү көрсөтүлөт; нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 355-беренеси түшүндүрүлүүгө тийиш.
Макулдашууну күбөлөндүрүүдө ушул Нускаманын 41-пунктунун эрежелери боюнча жубайлардын макулдугу талап кылынат.
Шертпулдун суммасын акча суммасы өз эсебине которулган мүлк ээси гана же негизги келишим боюнча тосмо милдеттенменин тарабы ала алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
10-параграф. Үлүштү натуралай бөлүп берүү жөнүндө (кооперативди түзүүчүнүн, мүчөсүнүн, үлүштөштүн менчигинде мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө) макулдашуу
90. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык үлүштү натуралай бөлүп берүү коомдун катышуучусу, кооперативдин мүчөсү же дыйкан чарбасынын мүчөсү юридикалык жактын курамынан чыкканда жана чыгарылганда гана болушу мүмкүн.
Нотариус чыгып жаткан адам коомдун, кооперативдин же дыйкан чарбасынын мүчөсү болуп саналарын аныктайт. Бул үчүн юридикалык жактын документтери (юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, түзүү келишими) талап кылынат, алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
Макулдашууну күбөлөндүрүү үчүн нотариус тарабынан төмөнкү документтер талап кылынат:
- түзүүчүлөрдүн түзүүчүгө үлүшүн натуралай бөлүп берүү жөнүндө чогулушунун протоколу (же андан көчүрмө);
- мүлккө укук аныктай турган документтер;
- эгерде үлүштү бөлүп берүү юридикалык жакты жоюу менен байланышкан болсо, анда жогоруда саналып өткөн документтерден тышкары нотариус бүтүмдөрдү түзүүдө үлүштү бөлүп берүү жөнүндө чечимин жана жоюучунун (жоюу комиссиясынын) ыйгарым укуктарын аныктаган документтерди талап кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
11-параграф. Келишимдин шарттарынын өзгөрүшү же келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
91. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 413-беренесине ылайык келишимдин шарттарынын өзгөрүшү же келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу келишим сыяктуу эле түзүлөт, мыйзамда, келишимде же иш жүргүзүүнүн салттарында башкача каралбаса.
Келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө макулдашуу негизги документтин колдонуу мөөнөтүнүн чегинде түзүлүшү мүмкүн, эгерде ал белгилүү мөөнөткө түзүлгөн болсо. Тараптар өз ара макулдашуунун натыйжасында келишимдин иштөө мөөнөтүн узартышы мүмкүн.
Мурда мөөнөтү көрсөтүлбөстөн түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашуу каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн.
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн келишимди бузуу жөнүндө ушундай макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүдөй документтерди талап кылат:
- каттоо органына маалым кат, эгерде келишимдин предмети болуп кыймылсыз мүлк саналса же кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик тизме китебинен маалымат көчүрмөсүн тиркейт;
- бузулууга жаткан келишим;
- жубайынын же башка менчиктештердин макулдугу жөнүндө арыз, эгерде мүлк жалпы менчик объектиси болсо;
- эгерде келишимдин жактары юридикалык жактар болсо – юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, бүтүм жасоого ыйгарым укуктуу органдын чечими жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын аныктаган документтер.
Нотариус каттоого тийиштүү мүлктү ажыратууга тыюу же камак салуу бар-жоктугун текшерүүгө милдеттүү. Макулдашуунун нускасы каттоо органына жөнөтүлөт.
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн, бирок мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөгөн келишимди бузуу жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө каттоо органынын маалым каты талап кылынбайт, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу (камак) салуу текшерилбейт.
Мурда түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- өзгөртүүгө жана/же толуктоого (тактоого) жаткан негизги келишим, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат;
- эгерде өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор негизги келишимдин маанисине таасирин тийгизе турган болсо, жубайынын макулдугу жөнүндө арыз жана башка менчиктештердин макулдугу жөнүндө арыз, эгерде мүлк жалпы менчик объектиси болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
12-параграф. Мүлктү бөлүү жөнүндө келишимди, жалпы мүлк укугунда таандык мүлктөгү үлүштөрүн аныктоо жөнүндө макулдашууну, үлүштөрдүн өзгөрүшү, үлүштү реалдуу бөлүштүрүү же бөлүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
92. Жубайлардын (мурдагы жубайлардын) ортосунда мүлктү бөлүү келишимин каалаган нотариус күбөлөндүрө алат. Жубайлардын (мурдагы жубайлардын) ортосунда мүлктү бөлүү келишимин күбөлөндүрүү үчүн төмөнкүдөй документтер талап кылынат:
- мүлккө укукту белгилөөчү документтер, эгерде келишимдин предмети автоунаа каражаты болсо, транспорттук каражатка менчик укугун ырастаган документтер жана башка транспорт каражаттарына ээлик кылуудан ажыратуу эрежелери боюнча зарыл болгон документтер;
- нике тууралуу күбөлүк (эгерде нике бузулган болсо, нике бузулгандыгы жөнүндө күбөлүк).
Эгерде жубайлардын кыймылдуу мүлккө менчик укугун ырастаган документтер берилбеген болсо, нотариус ушул жагдайды келишимде эскертет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
93. Мурастык мүлктү мураскорлор ортосунда бөлүштүрүү келишимин күбөлөндүрүү үчүн нотариус тарабынан мураска укук жөнүндө күбөлүк гана талап кылынат.
Эгерде мураскорлор мурастык мүлктү бөлүштүрүү келишимин мамлекеттик нотариус берген мураска укук жөнүндө күбөлүктүн негизинде ээ болгон кыймылсыз мүлккө өз укугу катталганга чейин жол-жоболоштурууну кааласа, кыймылсыз мүлккө укукту каттоо органынан маалымат катын алып келүү талап кылынбайт.
94. Эгерде мүлк эки же андан көп жарандардын биргелешкен жалпы менчигинде болсо жана алардын үлүштөрү мурда аныкталбаган болсо, жалпы мүлктөгү үлүштөрдү аныктоо жөнүндө макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. Мында нотариус төмөнкү документтерди талап кылат:
- мүлккө менчик укугун ырастаган документтин көчүрмөсү;
- приватташтыруу мезгилинде үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон турак жай-эксплуатациялоо башкармалыгынын, турак жай башкармалыгынын же башка органдардын (паспорттук стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) маалымкаттары (эгерде макулдашуунун предмети приватташтырылган батир болсо);
- биргелешкен менчиктин бардык катышуучуларынын арызы, эгерде мүлк жалпы менчик объектиси болсо;
- негизги келишимдин түп нускасында нотариус түзүлгөн макулдашуу жөнүндө жазуу түшүрөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ошондой эле үлүштүн өлчөмдөрү өзгөргөндүгү жана/же менчиктештердин үлүшүн реалдуу бөлүштүрүү же бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүлүшү мүмкүн.
Үлүштү аныктоо жөнүндө макулдашуу жалпы менчикке катышуучу өлгөн учурда анын үлүшүн аныктоо жана анын үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн менчиктештер тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда нотариус жарандын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана бардык менчиктештердин үлүштү аныктоо жөнүндө арызын тиркейт.
Үлүштөрү Мыйзам тарабынан же менчиктештердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуусу менен аныкталган жалпы мүлккө менчик ээлеринин биринин арызы боюнча же башка документтер аркылуу нотариус жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
13-параграф. Жөнөкөй шериктештиктин келишимин күбөлөндүрүү
95. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 970-беренесине ылайык нотариус тараптардын биринин талабы боюнча жөнөкөй шериктештик келишимин күбөлөндүрөт. Жөнөкөй шериктештик келишими келишимдин максатына жетүү үчүн тараптардын биргелешкен ишинин тартибин жана шарттарын аныктоочу уюштуруучу келишим болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 972-беренесине ылайык, эгерде башкасы келишимде белгиленбесе жана мыйзамга каршы келбесе, шериктештердин жалпы мүлкү үлүштүк мүлк болуп таанылат.
Келишимдин текстинде түзүлгөн келишимдин максаты жөнүндө; салымдардын мүнөзү жана/же аларды киргизүү тартиби жөнүндө, салымдардын акчалай баасы жөнүндө жоболор камтылышы керек, ошондой эле:
- жалпы иштерди жүргүзүү тартиби, жалпы чыгымдарды жана зыяндарды жабуу тартиби, кирешени бөлүштүрүү тартиби аныкталат;
- жалпы милдеттенмелер боюнча шериктештердин жоопкерчилиги, жөнөкөй шериктештиктин келишиминин токтотулуш тартиби каралат;
- тараптардын каалоосу боюнча келишимдин иштөө мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн.
Жөнөкөй шериктештик келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 979-беренесинин негизинде токтогон учурда, тараптар жалпы мүлктү реалдуу бөлүүнүн келишимин түзүү жолу менен жалпы мүлктөгү үлүшүн накталай бөлүп алууга укуктуу. Жөнөкөй шериктештик келишиминин шарттарына ылайык жалпы мүлктү реалдуу бөлүүнүн объектиси болуп бөлүп алуу Колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбеген, тараптар тарабынан чыгарылган мүлктөр сыяктуу эле, биргелешкен иштин натыйжасы да – биргелешип иш жүргүзүүнүн натыйжасында өндүрүлгөн продукциялар, алынган жемиштер жана кирешелер жана башка мүлктөр эсептелет.
Эгерде шериктештин салымынын объектиси болуп жалпы менчик объектиси катарындагы мүлк саналса, нотариус бүтүмдүн материалдарына жеке ишкердин күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, патентин жана/же коммерциялык уюмдун – юридикалык жакты түзүү документтеринен көчүрмөлөрдү, келишимди түзүүгө ыйгарым укуктуу органдын чечимин жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтерди тиркейт.
Эгерде жөнөкөй шериктештик ишкердик иш жүргүзүү үчүн түзүлсө, нотариус бүтүмдүн материалдарына жекече ишкердин күбөлүгүнүн көчүрмөсүн, коммерциялык уюмдун – юридикалык жактын патентин жана/же уюштуруу документтеринин көчүрмөсүн же алардан жазып алууларды, келишим түзүүгө карата ыйгарым укуктуу органдын чечимин жана өкүлдөрдүн ыйгарым укуктарын ырастаган документтерди тиркейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
14-параграф. Кепилдик келишимин күбөлөндүрүү
96. Кепилдик келишимин күбөлөндүрүүдө нотариуска негизги келишим берилет, ушуну камсыз кылуу максатында кепилдик келишими түзүлөт. Келишим кепилдик кылуучунун жубайынын макулдугу менен түзүлөт. Жубайдын арызы ушул Нускаманын 41-беренесинин эрежелерине ылайык талап кылынат.
Кепилдик келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус тараптардын инсандыгын аныктайт, алардын жарамдуулугун текшерет, эгерде тараптардын бири юридикалык жак болсо, анын укук жөндөмдүүлүгүн, өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын текшерет.
Кепилдик келишими эки тараптуу болушу мүмкүн: насыя берүү менен карыздарга кепилдик кылуучунун ортосунда, үч тараптуу: насыя берүүчүнүн, карыздардын жана кепилдик кылуучунун ортосунда. Карыздар адамдын катышуусу менен үч тараптуу келишимди күбөлөндүрүүдө келишимде карыздар тарабынан алынган карыздын суммасын регресивдүү тартипте кепилдикке алуучуга кайтарып берүү боюнча шарттар аныкталышы мүмкүн.
Нотариус тараптарга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 344-, 345-, 346-беренелеринин мазмунун түшүндүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
15-параграф. Уставдык фондду түзүү жөнүндө же мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
97. Макулдашуунун ушул түрүн күбөлөндүрүүдө нотариус жеке адамдын/юридикалык жактын мүлктү юридикалык жакка өткөрүп берүүгө милдеттенмесинин бар-жоктугун аныктоого тийиш. Бул үчүн нотариус бүтүмдүн материалдарына төмөнкүлөрдү тиркейт:
- мүлктү юридикалык жактын менчигине өткөрүп берүү жөнүндө юридикалык жактын катышуучуларынын протоколдорунун (чечимдеринин), юридикалык жактын түзүү документтеринин же мүлктү өткөрүп берүүнүн түрүн жана башка шарттарын аныкташкан дыйкан (фермер) чарбаларынын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндө келишиминин көчүрмөлөрү;
- эгерде макулдашуунун предмети болуп кыймылсыз мүлк саналса, каттоо органынан маалым кат же кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик тизме китебинен көчүрмө;
- укукту аныктай турган документтер;
- жубайынын же башка менчиктештердин (эгерде мүлк жалпы менчиктин объектиси болсо) арызы.
Нотариус юридикалык жактын, анын тиешелүү мүлктү кабыл алууга укуктуу өкүлүнүн укук жөндөмдүүлүгүн текшерет.
Уставдык капиталды түзүү жөнүндө же юридикалык жактын менчигине мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу укук аныктай турган документ болуп саналат, мүлктү милдеттүү түрдө каттоодо анын бир нускасы каттоо органына берилет.
17-параграф.
Кыймылсыз мүлктү курууда үлүштүк катыш жөнүндөгү келишимди жана үлүштүк башталыштарда курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндөгү макулдашууну күбөлөндүрүү
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
98. Кыймылсыз мүлктү курууда үлүштүк катыш жөнүндөгү келишимди күбөлөндүрүүдө нотариус ушул келишим кошумча келишим катарында күчкө ээ экендигин эске алат, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 388 жана 406-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 66-беренесине таянат, келишимди ушул Нускаманын 104-пунктунда каралган эрежелерге ылайык тариздөө иштерин жүргүзөт.
Келишимдин бир нускасы каттоочу органга жиберилет.
Үлүштүк башталыштарда курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндөгү макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- каттоочу органдын маалымкаты (же кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алыстан пайдалануу каналдары боюнча электрондук көчүрмө);
- кыймылсыз мүлктү курууга үлүштүк катышуу жөнүндөгү келишим;
- эгерде бүтүмдүн тарабы юридикалык жак болсо, уюштуруучу документтердин түп нускалары жана алардын көчүрмөлөрү, өкүлдүн ыйгарым укуктарын жана юридикалык жактын өкүлчүлүккө болгон укугун ырастаган документтер;
- жубайлардын арызы, эгерде мүлк никеде турганда сатып алынса /ээликтен ажыратыла турган болсо, же үй-бүлө абалы жөнүндө жана/же сатып алынган/ээликтен ажыратыла турган мүлккө жеке укугу жөнүндөгү арыз. Макулдашуунун бир нускасы каттоочу органга жиберилет. Үлүштүк башталыштарда курулган кыймылсыз мүлктү менчикке өткөрүү жөнүндөгү макулдашуу кыймылсыз мүлктүн турган жери боюнча күбөлөндүрүлөт.
Нотариустун иш кагаздарынын ичинде юридикалык жактын уюштуруучу документтеринин көчүрмөлөрү, мурда нотариуска башка нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүдө берилген өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер болгон учурда, аларды кошумча талап кылуу милдеттүү эмес; документтер нотариуска үстүртөдөн кароо үчүн гана берилет (берилген документтердин ишенимдүүлүгүнө жоопкерчилик аларды берген жакка жүктөлөт).
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
18-параграф. Алименттерди төлөө жөнүндө макулдашууну күбөлөндүрүү
99. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 104-беренесине ылайык алименттерди төлөө (өлчөмү, шарттары жана төлөө тартиби) жөнүндө макулдашуу алименттерди төлөөгө милдеттүү адам менен аларды алуучунун ортосунда, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү адам же аны алуучу аракетке жөндөмсүз болгондо ушул адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү ортосунда түзүлөт; жарамдуулугу чектелүү адамдар макулдашууну мыйзамдуу өкүлдөрүнүн же аларды караган адамдардын макулдугу менен түзүшөт.
Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдашуу аткаруу барагынын күчүнө ээ болот.
Макулдашууну күбөлөндүрүүдө нотариус туугандык/никелик мамилелерди ырастаган документтерди талап кылат.
19-параграф. Нике келишимин күбөлөндүрүү
100. Нике келишими адамдардын ортосунда никеси мамлекеттик катталганга чейин жана никеде турган каалаган убакта түзүлүшү мүмкүн. Никени мамлекеттик каттоого чейин түзүлгөн нике келишими нике мамлекеттик катталган күндөн тартып күчүнө кирет.
Никеде турган жактардын нике келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус көчүрмөсү бүтүмдүн материалдарына тиркелүүчү никени каттоо күбөлүгүн талап кылат. Нике келишими жубайлардын буга чейин болгон жана келечекте боло турган мүлкүнө карата түзүлүшү мүмкүн. Жубайлар нике келишиминде өз ара каралашуу боюнча укуктарын жана милдеттерин, бири-биринин кирешесине катышуу шарттарын, алардын ар биринин үй-бүлө чыгымдарын көтөрүү тартибин, нике бузулган учурда жубайлардын ар бирине өткөрүлүп бериле турган мүлктү аныктоого, ошондой эле нике келишимине жубайлардын мүлктүк мамилелерине байланышкан башка жоболорду киргизүүгө укуктуу. Нике келишими жубайлардын макулдугу боюнча каалаган убакта өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Нике келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашууну күбөлөндүргөн нотариус бул туурасында нике келишиминин өзүндө белгилейт.
Тараптардын каалоосу менен нике келишими кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо органдарында катталышы мүмкүн. Тараптарда укугун белгилөөчү документтер болгон учурда, нотариус аларга нике келишимин күбөлөндүргөндүгү тууралуу белгини кое алат.
Нике келишими укукту белгилөөчү документ боло албайт, нике келишимин түзүү мүлктү менчикке өткөрүүгө алып келбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
20-параграф. Милдеттенмени күбөлөндүрүү
101. Нотариус бир адам тарабынан экинчи адамга берилген милдеттенмени күбөлөндүрүүгө укуктуу, эгерде милдеттенме бир тараптуу жөнөкөй болгон болсо (милдеттенмеде бир тараптын укуктары, ал эми экинчи тараптын милдеттери гана болсо; тараптар бир укук жана бир милдет менен гана байланышкан болсо). Ушундай милдеттенмелер акча карыз алуу, консенсуалдык мүнөзгө ээ эмес тартуу, сактоо, зыяндын ордун толтуруу) сыяктуу бир тараптуу келишимдерге окшогон мүнөздө болот.
Бир тараптуу милдеттенмени күбөлөндүрүүдө милдеттенмени өзүнө алган адамдын инсандыгы жана аракетке жөндөмдүүлүгү гана аныкталат.
Милдеттенмелердин мүнөзүнүн бир жактуулугун эске алуу менен, арыз берүү аркылуу милдеттенмелерди берген жак тарабынан милдеттенмелер жокко чыгарылышы мүмкүн. Милдеттенмени жокко чыгаруу ушул Нускаманын 112-пунктундагы жоболордун эрежелери боюнча таризделет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
21-параграф. Дыйкан (фермердик) чарбасын түзүү келишимин жана аны түзүүнүн тартиби жөнүндө жана анын биргелешкен жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө келишимди күбөлөндүрүү
102. Юридикалык жакты – коммерциялык уюмду түзүү жана/же иши жөнүндө келишим, дыйкан (фермерлик) чарбасынын мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү жөнүндө келишим юридикалык жактын/дыйкан (фермердик) чарбасынын мүлкүнө уюштуруучулук мүнөзүндөгү салымдарды киргизүү тартибин аныктаган жана укук аныктай турган документ болуп саналбаган биргелешкен иш жөнүндө келишимдердин түрлөрүнө кирет.
Ушул келишимдерди күбөлөндүрүүдө келишимге катышкандардын инсандыгы жана алардын жарамдуулугу гана аныкталат.
103. Юридикалык жак катарында түзүлгөн дыйкан (фермердик) чарбасы дыйкан (фермердик) чарбасынын жарамдуу мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда бекитилген уставдын жана дыйкан (фермердик) чарбасынын биргелешкен жалпы мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартиби аныкталган келишимдин негизинде гана иштейт.
Өз ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган дыйкан чарбасы, дыйкан чарбасынын жалпы биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү тартибин аныктаган келишимдин негизинде гана иштейт.
Дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлүгүнөн бирөөсү чыккан учурда анын жалпы менчиктеги үлүшү келишимде аныкталган тартипте кайтарылып берилет. Эгерде келишимде дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлөрүнүн жалпы менчиктеги үлүштөрү аныкталбаган болсо, алардын үлүштөрү бирдей деп табылат. Келишим аркылуу анын үлүшүнүн наркын натуралай же акча түрүндө төлөп берүү каралышы мүмкүн.
22-параграф. Алдын алуу келишимин күбөлөндүрүү
104. Алдын алуу келишими боюнча тараптар алдын ала келишиминде каралган шарттарда келечекте мүлктү өткөрүп берүү, иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө милдеттенишет.
Алдын алуу келишими негизги келишим үчүн мыйзамда аныкталган көрүнүштө түзүлөт, эгерде негизги келишимдин түрү аныкталбаган болсо, жазуу жүзүндө түзүлөт.
Кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүү жөнүндө алдын алуу келишими тараптардын каалоосу боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана каттоо органында катталууга тийиш.
Алдын алуу келишиминде тараптар келечекте түзүүнү макулдашкан келишимдин маанилүү шарттарын аныктоолору керек. Алдын алуу келишиминде тараптар негизги келишимди түзүүгө милдеттенишкен мөөнөт көрсөтүлөт. Эгерде келишимде ушундай мөөнөт көрсөтүлбөсө, түзүлүшү каралган негизги келишим алдын алуу келишими түзүлгөн мезгилден тарта бир жыл ичинде түзүлүүгө жатат. Алдын алуу келишими укук аныктай турган документ болуп саналбайт, ал уюштуруучулук мүнөзгө ээ жана тараптардын мүлктүк мамилелерин жөндөбөйт, төлөө функцияларына ээ эмес, менчикке өтүү укугуна алып келбейт. Негизги келишимин күбөлөндүрүүдө нотариус мүлктүн тараптарга таандыктыгынын фактысын текшербейт, каттоо органынын маалым катын талап кылбайт (ал тургай келишимдин предмети кыймылсыз мүлк болгон учурда), мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу (камак) салуу бар-жоктугун текшербейт; эгерде алдын алуу келишиминин тараптары тарабынан алдын алуу келишимин түзүүгө макулдугун камсыз кылуу милдеттенмеси кабыл алынбаса бүтүмдү түзүүгө жубайлардын макулдугу зарыл. Нотариалдык иш-аракетти аткарууда нотариуска берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик ушул Нускаманын 34-пунктуна ылайык аларды беришкен адамдарга жүктөлөт жана ушул адамдар өздөрүнө кабыл алышкан милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарбаган учурда өздөрүн терс кесепеттердин тобокелдигине салышкан болот.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
23-параграф. Керээздерди күбөлөндүрүү
105. Нотариустар жарамдуу жарандардын Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1132-, 1133- жана 1135-беренелеринин талаптарына ылайык түзүлгөн жана нотариуска өздөрү алып келген керээздерин күбөлөндүрүшөт. Бир керээзди бир нече адамдардын атынан, ошондой эле өкүл аркылуу күбөлөндүрүүгө жол берилбейт.
Керээз кат жүзүндө анын түзүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлүү менен түзүлүшү жана ага керээз жазган адам өз колун коюуга тийиш (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1131-беренеси).
Керээз жазган адам катуу ооруган абалда болгон учурда нотариалдык округда нотариус жок болсо нотариус керээзди күбөлөндүрүү үчүн башка нотариалдык округга барууга укуктуу.
Керээз жазган адамдын сөздөрүн кагазга түшүрүү менен жазылган керээз керээз калтыруучу адамдын жеке өзү тарабынан ал кол койгонго чейин толук окулуп чыгууга тийиш.
Эгерде керээз калтыруучу алты саны аман эместигинен, оорусунан же сабатсыздыгынан улам керээзди окуп чыгууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда керээздин текстин ага нотариус окуп берет да, ушул туурасында керээзде тиешелүү жазуу түшүрүлөт жана анда керээз калтыруучу керээзди өзү окубагандыгынын себеби көрсөтүлөт.
Эгерде керээз калтыруучу өзүнүн алты саны аман эместигинен, оорусунан улам же башка себептер боюнча керээзге өзү кол кое албаса, же керээз калтыруучу сокур, дүлөй, дүлөй-дудук болсо, керээзди жол-жоболоштуруу ушул Нускаманын 20-пунктунда баяндалган эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
Керээз жазуучунун ордуна керээзге төмөнкүлөр кол кое алышпайт:
- нотариус же керээзди күбөлөндүргөн башка адам;
- керээз өз пайдасына түзүлгөн же керээз баш тартылган адам, ушул адамдын жубайы, анын балдары, ата-энеси, неберелери жана чөбүрөлөрү, ошондой эле мыйзам боюнча керээз калтыруучунун мураскорлору;
- толук көлөмдө жарамдуулукка ээ болбогон жарандар;
- сабатсыз жана керээзди окууга жарамсыз келген адамдар.
Керээзди күбөлөндүрүүдө нотариус керээз калтыруучуга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесинин мазмунун түшүндүрөт.
Керээзди күбөлөндүрүүдө керээз калтыруучудан мураска калтырыла турган мүлккө анын укугун ырастаган далилдерди келтирүү талап кылынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Керээз калтыруучунун каалоосу боюнча керээз анын мазмуну менен таанышуусуз эле күбөлөндүрүлөт.
Жашыруун керээз анын жараксыздык коркунучу алдында керээз калтыруучунун өз колу менен жазылышы жана кол коюлушу керек.
Жашыруун керээзди күбөлөндүрүүдө нотариус ал керээз калтыруучунун өзүнүн колу менен жазылганын жана анын колу коюлганын аныктайт. Эгерде керээз калтыруучу ушуну ырастаса, анда эки күбө чакырып, алардын катышуусунда керээзди конверттин ичине салып желимдейт. Конвертте күбөлөрдүн аты-жөндөрү, алардын туруктуу жашаган жерлери көрсөтүлөт. Конвертке күбөлөр кол коюп, желимделгенден кийин ушул эле күбөлөрдүн катышуусунда башка конвертке салынат. Конверттин сырткы бетине нотариус күбөлөндүрүү жазуусун түшүрөт. Ошондон кийин керээз өзүнчө нарядда сакталат.
Керээзди тизме журналында каттоодо керээз калтыруучунун аты-жөнү, паспорттук маалыматтары көрсөтүлөт; “нотариалдык иш-аракеттин мазмуну” графасында “жашыруун керээз” деп жазылат. Тизме журналында ошондой эле күбөлөрдүн аты-жөндөрү жана паспорттук маалыматтары, алардын коюлган колдору түшүрүлөт.
107. Жеке нотариус өзү тарабынан күбөлөндүрүлгөн керээзди керээз калтыруучу жашаган жер боюнча мамлекеттик нотариуска жөнөтөт.
108. Мамлекеттик нотариустар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ошондой эле “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30- жана 31-беренелеринде көрсөтүлгөн жеке нотариустар, кызмат адамдары тарабынан архивге сактоого өткөрүлүп берилген керээздер керээздердин эсебин алуунун алфавиттик китебинде эсепке алынат.
109. Нотариустар мурда жасалган керээзди жокко чыгаруу жөнүндө арыз алганда мурда жасалган керээзди жокко чыгарган же өзгөрткөн жаңы керээз алынгандай эле нотариуста сакталган керээздин нускасында жана керээздердин эсебин алуунун алфавиттик китебинде ушул туурасында белгилейт. Эгерде керээз калтыруучу өзүндөгү керээздин нускасын алып келсе, керээзди жокко чыгаруу жөнүндө белги ошол нускада коюлат да, андан соң ал арыз менен бирге (эгерде керээз арыз аркылуу жокко чыгарыла турган болсо) нотариуста сакталган нускасына кошо тиркелет.
Керээзди жокко чыгаруу жөнүндө арызда коюлган колдун аныктыгы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде жокко чыгара турган керээз башка нотариуста (аткаруу бийлигинин жергиликтүү органында) күбөлөндүрүлсө, анда аны жокко чыгаруу жөнүндө арыз керээз калтыруучу же нотариус тарабынан мамлекеттик нотариуска жөнөтүлүп, ал алфавиттик китепте сакталууга жана катталууга тийиш.
24-параграф. Ишеним каттарды күбөлөндүрүү
110. Нотариустар ишеним катты бир же бир нече адамдардын атынан бир же бир нече адамдардын атына күбөлөндүрөт.
Нотариус Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стандарттык формадагы жана анын чегинен тышкаркы каалагандай ишеним катты күбөлөндүрүүгө укуктуу.
Ишеним каттын текстинде ал түзүлгөн жана кол коюлган күн жана жер, аты-жөнү (юридикалык жактын толук аталышы) жана өкүлүнүн жана өкүлдөнө турган адамдын жашаган жери көрсөтүлүүгө тийиш. Чет өлкөдө иштеши үчүн ишеним катта ошондой эле өкүлдүн инсандыгын аныктаган документтердин маалыматтары көрсөтүлүшү керек. Ишеним артылган адамдын өтүнүчү боюнча иш жүзүндө жашаган жеринин жана каттоо эсеби алынган жердин маалыматтары көрсөтүлөт.
Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү сөз менен жазылат жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 203-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурду албаганда үч жылдан ашпоого тийиш.
Эгерде ишеним катта мөөнөт көрсөтүлбөсө, ал берилген күндөн тарта бир жыл бою күчүндө болот.
Качан ишке ашырылган күнү көрсөтүлбөгөн ишеним кат жараксыз (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 203-беренеси).
Тартуу кылуучу аталбаган жана тартуу предмети көрсөтүлбөгөн жана тартуу кылуунун өкүл тарабынан ишке ашырылышына ишеним кат жараксыз.
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнө, консулдук мекемелерине жана Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдарга таандык автотранспорт каражаттарына автотранспорт каражаттарын башкарууга жана урунууга ишеним кат берилбейт. Көрсөтүлгөн автотранспортту каттоо-номурлук белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
көгүлтүр фондогу кара түстөгү номур белгилери:
- СМD үч белгилүү номуру – БУУ өкүлчүлүгүнүн башчысынын кызматтык жана өзүмдүк транспорту;
- D төрт белгилүү номуру – өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк транспортуна;
- Т төрт белгилүү номуру – БУУ өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк транспортуна;
кызыл фондогу кара түстөгү номур белгилери:
- СМD үч белгилүү номуру – чет мамлекеттердин элчиликтеринин башчыларынын кызматтык жана өзүмдүк транспортуна;
- D төрт белгилүү номуру – чет мамлекеттердин элчиликтеринин кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк транспортуна;
- Т төрт белгилүү номуру – чет мамлекеттердин элчиликтеринин кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк транспортуна;
- D эки белгилүү номуру – консулдуктардын кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк автотранспортуна;
- Т эки белгилүү номуру – консулдуктардын кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк автотранспортуна;
- ig D 1.4 төрт белгилүү номуру – эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк автотранспортуна;
- ig Т төрт белгилүү номур – эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык жана өзүмдүк автотранспортуна.
Ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним кат ишеним катты башкага өткөрүп берүү укугу эскертилген негизги ишеним каттын (анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат) көрсөтүлүшү боюнча же ишеним катты берген адамдын кызыкчылыктарын коргоо үчүн негизги ишеним кат боюнча өкүл ушинтүүгө тиешелүү жагдайлардан улам мажбур болуп жатканына далилдердин келтирилиши боюнча нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жатат. Өкүл ишеним арткан адамдын ыйгарым укуктарын үчүнчү жактарга ишеним артуу менен өткөрүп берүүгө укугу жок.
Ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибиндеги ишеним кат өзүнө негизги ишеним катта берилген укуктардан көп укуктарды камтыбоого тийиш.
Ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 205-беренесине ылайык негизги ишеним каттын жарактуулук мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
Ишенимди башкага өткөрүп берүү тартибинде берилген ишеним катта ушул Нускамада камтылган талаптардан тышкары негизги келишимдин ишенимди башкага өткөрүп берүү укугу менен берилген күнү жана күбөлөндүрүлгөн жери, күбөлөндүргөн нотариустун аталышы көрсөтүлүшү керек.
Негизги ишеним каттын көчүрмөсү ишеним каттын нотариуста калтырылган көчүрмөсүнө тиркелет.
Ыйгарым укукту башка адамга өткөрүп берген адам ушул туурасында ишеним катты берген адамды кабардар кылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Мүлктү, мүлктүк укукту башкарууга жана/же урунууга ишеним катты күбөлөндүрүүдө алардын ишеним арткан адамга таандыктыгы (менчик укугу, пайдалануу укугу ж.б.) текшерилбейт. Ушундай ишеним каттарды күбөлөндүрүүдө нотариус ушул мүлктү, мүлк укуктарын пайдаланууга тоскоолдуктардын (камак, тыюу салуу ж.б.) бар-жоктугун да текшербейт.
Жаран тарабынан мүлктү (мүлк укугун) тескөө ишеним катын күбөлөндүрүүдө жана тескөөгө анын жубайынын арызын-макулдугун же, ишеним берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы жөнүндө же мүлккө жекече укугу жөнүндө (эгерде мүлккө доомат койгон адамдар жок болсо) арызын жол-жоболоштуруу зарыл болгондо нотариус ишеним кат менен бир эле учурда мындай адамдардын койгон колдорунун аныктыгын ырастоону талап кылууга акысыз.
Кыргыз Республикасынын аймагында турак үйүн (батирди) жана/же жер участогун сатып алууга ишеним катты күбөлөндүрүүдө ишеним каттын текстинде ишеним арткан адамдын жарандыгын көрсөтүү зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
112. Ишеним кат аны берген адам тарабынан жокко чыгарылган учурда ага ал тарабынан ишеним кат берилген адамды жана үчүнчү тараптарды кабардар кылууга милдеттүүлүгү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 206-беренеси түшүндүрүлөт.
Ишеним катты жокко чыгаруу ишеним катты күбөлөндүргөн нотариуска Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 206-беренесинин талаптарын сактоо менен жокко чыгаруу тууралуу, анын ичинде жокко чыгаруу жөнүндө кызыкдар жактарга билдирүү милдеттери тууралуу арыз берүү аркылуу жүргүзүлөт. Ишеним катты жокко чыгарууга арыз берген жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) ишеним катын күбөлөндүргөн нотариус жок учурда арызды кабыл алууга жана ишеним көрсөтүүчүнүн койгон колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө каалаган нотариустун укугу бар. Мында жокко чыгаруу тууралуу арызды кабыл алган нотариус жеке нотариуска жана/же аймактык мамлекеттик нотариуска ишеним катты жокко чыгаруу жөнүндө билдирүүнү тиешелүү белгилерди киргизүү үчүн жөнөтүшү керек.
Транспорттук каражаттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ишеним катты жокко чыгарган учурда ишеним каттын жокко чыгарылгандыгы тууралуу кабарлама транспорттук каражаттарды каттоочу аймактык органдарга жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
VI бап. Мурас
1-параграф. Мурас көктөмөсүнүн ачылышы. Мурас мүлкүн коргоо жаатында чараларды кабыл алуу
113. Мамлекеттик нотариустар Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1153-1156-беренелерине ылайык мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арызды кабыл алат.
Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арыз кат жүзүндө болушу керек.
Мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу жөнүндө арызда мураскердин колунун аныктыгы нотариат тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Эгерде иш жүзүндө мурасты кабыл алган мураскор мурас ачылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин мурастын ачылган жери боюнча мамлекеттик нотариуска жеке өзү (же анын өкүлү) мураска ээ болуу укугу жөнүндө күбөлүгүн алуу үчүн кайрылса, анда коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Мындай учурда мамлекеттик нотариус мураскордун (же анын өкүлүнүн) ким экендигин аныктайт жана коюлган колунун аныктыгын текшерет, ал жөнүндө арызда белгилейт жана ким экендигин күбөлөндүргөн документтин аталышын, номерин, берилген күнүн, документти берген мекеменин атын, мураскордун аты-жөнүн, туулган жылын (зарыл учурда айын да) көрсөтөт.
Эгерде арыз почта аркылуу келсе же башка адамдар тарабынан берилсе жана андагы мураскордун коюлган колунун аныктыгы нотариалдык иш-аракет жасаган органдар тарабынан күбөлөндүрүлбөсө, ал мамлекеттик нотариус тарабынан кабыл алынат, ал эми мураскорго талаптагыдай жол-жоболоштурулган арызды жөнөтүүсүн, же болбосо мамлекеттик нотариуска жеке өзү келүүсүн сунуштайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
114. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз берген жактардан мурастын ачылышы, башка мураскорлорго кабарлоо өтүнүчү жөнүндө билдирүү алган мамлекеттик нотариус бул жөнүндө жашаган жана иштеген жери өзүнө белгилүү болгон башка мураскорлорго кабарлоого милдеттүү; мамлекеттик нотариус ошондой эле арыз берүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен басма сөздө жалпыга жарыялоо же бул тууралуу билдирүүнү жайгаштыруу жолу менен мураскорлорду чакыра алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
115. Мамлекеттик нотариустар насыя мекемелеринен өлгөн жарандын салган акчасы жөнүндө маалыматты сурап алышат.
Өлгөн жарандын мурасы жөнүндө маалымат мамлекеттик нотариус тарабынан өзүнүн пайдасына мурас буюрмасы калтырылган адамга гана билдирилиши мүмкүн.
116. Мамлекеттик нотариустар мурастын ачылган жери боюнча (мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган жери боюнча, ал эми ал белгисиз болсо – мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жери боюнча), жарандардын же юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча мураскорлордун, четке кагуу алгандардын, насыя берүүчүлөрдүн же мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн зарыл учурда мурастык мүлктү коргоо чараларын көрөт. Бул билдирүүлөр, ошондой эле нотариалдык иш-аракетти ишке ашырган мамлекеттик нотариустардын жана аткаруучу комитеттердин кызмат адамдарынын тапшырмалары мурастык мүлктү коргоо чаралары жөнүндө арыздарды каттоо китебинде катталат.
117. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, эгерде мурас калтыруучунун мүлкү же анын бөлүгү мурас ачылган жерде болбосо, мамлекеттик нотариус мурас ачылган жер боюнча мамлекеттик нотариуска же аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын кызмат адамына мурастык мүлк жайгашкан жерде аны коргоо чараларын көрүү жөнүндө тапшырма жөнөтөт.
118. Эгерде мамлекеттик нотариуска юридикалык жактардан же жарандардан жалгыз бой жарандар өлгөндөн кийин алар тарабынан мыйзам боюнча мураскорлордун чөйрөсүнө кирбеген адамдарга мураска калтырылган тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалуулуктарга кирген мурастын бардыгы жөнүндө кат жүзүндө билдирүү келип түшсө, мамлекеттик нотариус бул мүлктү каттоо үчүн нотариат жөнүндө мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
119. Нотариалдык аракетти ишке ашырган, мурастык мүлктү коргоо чараларын көргөн мамлекеттик нотариус, аткаруу бийлигинин кызмат адамы мамлекеттик нотариуска мурастын ачылган жери боюнча жогоркудай чаралардын кабыл алынганы жөнүндө кабарлайт.
120. Мураскорлордун арызы боюнча мурастык мүлктү коргоо жана аны башкаруу үчүн мамлекеттик нотариустар мурас ачылган күндөн тартып 6 айдын ичинде мүлктү каттоону жүргүзөт жана аны сактоо жана мурастык мүлктү башкаруу үчүн токтом менен дайындалган мурастык мүлктү башкаруучуга (мураскорлорго же үчүнчү жактарга) өткөрүп берет.
Мурастык мүлктү каттоо ушуга катышуу ниетин билдирген кызыкдар жактардан жана экиден аз эмес күбөлөрдүн катышуусунда жүргүзүлөт.
Каттоо актысында калтырылган мүлк жөнүндө билдирүүнүн же мурастык мүлктү коргоо чараларын кабыл алуу жөнүндө тапшырманын келип түшкөн күнү; каттоо өткөрүлгөн күн, каттоого катышкан адамдардын аты-жөндөрү жана дареги; мурас калтыруучунун аты-жөнү, анын өлгөн мезгили жана эсеби алынып жаткан мүлктүн жайгашкан жери, нотариус келгенге чейин мурас сакталган жайдын эшигинин сыртынан мөөр басылган кагаздын чапталганы-чапталбагандыгы, ким тарабынан чапталганы, пломбасы же мөөр басылган кагазы айрылган-айрыбаганы; катталган предметтердин ар бирине толук мүнөздөмөсү жана баасы жана урунулган пайызы көрсөтүлүшү керек. Каттоого алынган предметтерди баалоо орточо базар баасы боюнча (урунулганын эске алуу менен) жүргүзүлөт, ал эми баалоого кыйын болгон предметтер – билген адамдардын корутундусу боюнча жүргүзүлөт. Мураскорлор баасы менен макул болбогон учурда баалай турган адисти чакыртышууга акылуу.
Баалай турган адистин эмгек акысы мураскор тарабынан, а эгерде алар жок болсо, мурастык мүлктүн эсебинен жүргүзүлөт.
Каттоо актысынын ар бир барагында ага түшүрүлгөн буюмдардын (предметтердин) санынын жана наркынын жалпы жыйынтыгы өзүнчө чыгарылат, ал эми каттоо аяктагандан кийин бардык буюмдардын (предметтердин) жалпы санынын жана алардын наркынын жыйынтыгы чыгарылат.
Каттоо актысына өлгөн адамдын жашаган жериндеги бардык мүлк киргизилет. Кошуналардын жана башка адамдардын айрым буюмдардын аларга таандык экендиги жөнүндө билдирүүсү каттоо актысына жазылат, ал эми кызыкдар жактарга бул мүлктөрдү каттоодон чыгаруу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылуу тартиби түшүндүрүлөт.
Эгерде мүлктү каттоо токтоп калса же бир канча күнгө созулса, алар турган жайдын эшиги ар бир жолу мамлекеттик нотариус тарабынан мөөр басылган кагаз менен чапталуу менен бекитилет. Каттоо актысында каттоону токтотуунун жана аны кайра улантуунун себептери жана мезгили, ошондой эле жайды кийин ачууда пломбанын жана мөөрдүн кандай абалда турганы жөнүндө жазылат.
Актынын аягында каттоого алынган мүлк сактоого берилген адамдын аты-жөнү, туулган мезгили, жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүргөн документиндеги маалыматтар көрсөтүлөт.
Каттоо актысы үч нускадан кем эмес түзүлөт. Бардык нускаларга мамлекеттик нотариус, кызыкдар адамдар (эгерде алар каттоого катышса) жана күбөлөр кол коюшат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Эгерде мурастык мүлктү кайтаруу чараларын көрүү мүмкүн болбосо (мураскорлор жана мурас калтыруучу менен жашаган башка адамдар каттоого каршы болушса, мүлктү каттоого көрсөтпөсө же мүлктү чыгарып кетсе ж.б.) мамлекеттик нотариус бул жөнүндө акт түзөт жана кызыкдар адамдарга, ал эми зарыл учурларда каржы органдарына же прокурорго кабарлайт.
Мураскорлор мураска калтырылган мүлктү каттатуудан баш тарткан учурда мамлекеттик нотариус аларга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1149-беренесин түшүндүрөт, мүлктү каттатууга көрсөтүүдөн баш тартышканы жөнүндө акт түзөт жана ушул эле күнү бул жөнүндө прокуратура органдарына билдирүү жиберет.
122. Өлгөн адамдан калган акчалай сумма нотариустун депозиттик эсебине банкка тапшырылат.
Алтын, күмүш, платина жана платина тобуна кирген уютулган жана чийки зат түрүндөгү металл тыйындар, чет элдик валюта жана чет элдик валютада жазып берилген төлөө документтери (вексель, чектер, которуулар ж.б.), чет элдик фондулук баалуулуктар (акциялар, облигациялар, аларга купондор ж.б.), баалуу металлдардан, баалуу таштардан жана берметтерден жасалган буюмдар, ошондой эле баалуу таштар жана берметтер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого тапшырылат.
(Үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мамлекеттик нотариус тарабынан жогорудагы сактоого берилген баалуулуктар мурастык мүлктү сактоо тартибинде баалуулуктарды каттоо китебинде катталат.
Өлгөн адамдын мүлкүнүн курамында болгон курал (мергенчилик багытындагысынан башка) жана жардыруучу заттар өзгөчө тизме боюнча ички иштер органдарына тапшырылат.
Тарыхый же илимий мааниге ээ баалуу кол жазмалар, адабий эмгектер, каттар өзүнчө тизмекке киргизилет жана мураскорго же тиешелүү уюмдарга жоопкерчиликтүү сактоого тапшырылат. Зарыл болгон учурда, мисалы, мураскорлор жок болгондо мамлекеттик нотариус документтер салынган же сакталган жайдын эшигине сыртынан кагаз чаптап, мөөр басуу менен бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
123. Эгерде мурастын курамында башкарууну талап кылган мүлк болсо, ошондой эле мураскорлор тарабынан мүлк кабыл алынганга чейин насыя берүүчүлөр мурас калтыруучуга доо арызын көрсөткөн учурда мамлекеттик нотариус мурастык мүлктү сактоочуну дайындайт, ал жөнүндө токтом чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1152 жана 851-беренелерине ылайык нотариус мураскорлордун арызы менен мурасты башкаруучуну дайындаганга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
124. Мурастык мүлк сактоого өткөрүлүп берилген сактоочулар, кам көрүүчүлөр жана башка адамдар чыгым кылганы, ээликтен ажыратканы же мурастык мүлктү жашырганы жөнүндө жана келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга мүлктүн сактоого берилгендиги жана эскертилгендиги жөнүндө кол койдуруп алынат, бул мүлктү каттоо актысында жазылышы мүмкүн, ал боюнча сактоого же мурастык мүлктү сактоону дайындоо жөнүндө мамлекеттик нотариуска токтом чыгарууга тапшырылат.
125. Мурастык мүлк сактоого өткөрүлүп берилген сактоочулар, кам көрүүчүлөр жана башка адамдар, эгерде алар мураскор болуп саналбаса, мурастык мүлктү сактаганы үчүн сый акы алууга укуктуу.
Сый акынын өлчөмү мүлк сактоого берилген сактоочулар, кам көрүүчүлөр жана башка адамдар менен макулдашуу боюнча мамлекеттик нотариус тарабынан белгиленет, бирок сактоого берилген мүлктүн наркынын 1,5 пайызынан ашпашы керек. Малды сактагандыгы үчүн сый акынын өлчөмү белгиленген акыдан 50 пайызга жогору болот. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга ошондой эле мурастык мүлктү сактоо жана башкаруу боюнча зарыл чыгымдар төлөнүп берилет. Бул чыгымдар мүлктү пайдалануудан иш жүзүндө алынган пайданы эсептен чыгаруу аркылуу көрсөтүлгөн документке ылайык төлөнүп берилет.
126. Мурастык мүлктү сактоо бардык мураскорлор мурасты алганга чейин, ал эми эгерде ал алар тарабынан кабыл алынбаса – мурас ачылган күндөн алты ай бүткөнгө чейин уланат.
Эгерде мамлекеттик нотариуска мурас башка мураскорлор тарабынан кабыл алынбаган учурда мурас укуктары пайда болгон адамдардан мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз келип түшсө жана эгерде мурасты кабыл алуу үчүн мыйзамда аныкталган алты ай мөөнөтүнүн бүтүшүнө үч айдан ашпаган убакыт калса, мурастык мүлктү коргоо мурас ачылган күндөн тарта алты ай өткөндөн кийин улантыла бериши мүмкүн. Мындай учурда мурастык мүлктү сактоо азыркы пункттун 2-абзацында эскертилген бардык адамдар мурасты кабыл алганга чейин уланат, ал эми эгерде ал алар тарабынан кабыл алынбаса – мурасты кабыл алуу макулдугу жөнүндө ушул адамдардын кимдир-бирөөсүнөн билдирүү келип түшкөн күндөн үч ай өткөнгө чейин, эгерде мурасты кабыл алуу үчүн алты айлык мөөнөттүн калган бөлүгү үч айдан аз калган болсо.
Мураскорлорго мурастык мүлктү сактоо чаралары токтогондугу жөнүндө алдын ала мамлекеттик нотариус кабарлоого, ал эми мурастоо укугу боюнча мүлк мамлекетке өтө турган болсо, тиешелүү каржы органы кабарлоого милдеттүү.
127. Мамлекеттик нотариус мурасты мураскорлор алганга чейин, а эгерде алар кабыл алынбаса, анда мурастык мүлк ээсиз калган деп таанылганга чейин төмөнкү чыгымдарга мурастык мүлктүн эсебинен төлөө жөнүндө буюрма берет:
1) мурас калтыруучу ооруган мезгилде багып-караганы боюнча, ошондой эле анын сөөгүн коюуга жана мүрзө жайын жайгаштырууга;
2) насыя калтыруучунун багуусунда болгон жарандарды багууга;
3) айлык акы жана ага барабар талаптарын канааттандырууга;
4) мурастык мүлктү сактоо боюнча жана аларды башкаруу боюнча, ошондой эле мураскорлорду чакыруу жөнүндө маалыматты жарыялоо боюнча.
Мурастык мүлктүн курамында акчалай сумма болбогон учурда адам өлгөндөн кийин калган буюмдарды берүү жөнүндө буйрук берилет, анын наркы сарпталган чыгымдардан ашпашы керек.
Мамлекеттик нотариус 1-, 2-, 3-пунктчаларында эскертилген чыгымдарды тастыктоо үчүн дүкөндөрдүн эсебин, дарылоо мекемелеринен маалым каттарды, сөөгүн коюуну уюштуруу боюнча комиссиянын актыларын жана башка документтерди талап кылат.
2-параграф. Мураска укук жөнүндө күбөлүк берүү
128. Мураскорлордун кат жүзүндөгү арызы боюнча мамлекеттик нотариустар мурастын ачылган жери боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүк беришет.
Мураскордун мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө өтүнүчү мурасты кабыл алуу жөнүндө арызында же өзүнчө арызда жазылышы мүмкүн. Ушундай жана башка учурларда мураскордун арыздагы коюлган колунун аныктыгы ушул Нускаманын 157-пунктунда каралган эрежелер боюнча күбөлөндүрүлүшү керек. Мында нотариус мурастоо боюнча иш ачат жана арызды гана кабыл алат.
Мурастан баш тартуу мурастын ачылган жери боюнча алты айдын ичинде нотариуска арыз берилиши менен бүтөт.
Мурастык мүлккө иш жүзүндө ээлик кылууга киришкен мураскор Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1156-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мурастан баш тартуу укугунан ажырайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
129. Мамлекеттик нотариуска мураска укугу жөнүндө күбөлүктү берүү өтүнүчү менен кайрылган, жубайынын артында калган адамга Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк кодексинин 40-беренесинин жана “Нотариат жөнүндө” (эгерде мүлк мурас калтыруучу менен никеде болгон учурда иштеп табылса) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 69-беренесинин мазмуну түшүндүрүлөт, бул жөнүндө мурас ишинде белгиленет. Арыз почта менен келген учурда артында калган жубайына жогоруда көрсөтүлгөн беренелерде камтылган жоболордун кат жүзүндөгү түшүндүрмөсү жөнөтүлөт.
130. Мураска укук жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1154-беренесине ылайык мурас ачылган күндөн алты ай өткөндөн кийин берилет.
Мыйзам боюнча, ошондой эле керээз боюнча мурастоодо эгерде нотариуста күбөлүк берүү жөнүндө кайрылган адамдардан башка тиешелүү мүлккө же бүткүл мураска башка мураскорлордун жоктугу жөнүндө маалыматтар бар болсо, ал ушул Нускаманын 194-пунктуна ылайык жасалган далилдерди камсыздоо боюнча нотариалдык аракеттер менен ырасталып, күбөлүк көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Мураска укук жөнүндө күбөлүк мурасты иш жүзүндө кабыл алган мураскорлорго, башкача айтканда мурастык мүлккө ээ болууга киришкен же нотариуска мурасты кабыл алуу жөнүндө мурастын ачылган жери боюнча арыз беришкен (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1153-1156-беренелери) адамдарга берилет.
Мүлккө ээлик кылууга киришүүнүн далилдери болуп төмөнкүлөр саналат: мураскордун мурас калтыруучу менен жашагандыгы, же мурас калтыруучунун мүлкүн башкаруу же пайдалануу боюнча иш-аракеттердин мураскор тарабынан жасалганы жөнүндө маалыматка ээ уюмдун маалым каты, мурас ачылгандан кийин мураскордун турак жай үйү боюнча салык төлөгөнү жөнүндө каржы органынын маалым каты же салык төлөгөнү жөнүндө квитанция, мурастын өз убагында кабыл алынган фактысын аныктоо жөнүндө соттун мыйзамдуу күчкө кирген чечиминин көчүрмөсү жана башка документтер.
132. Мурасты кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен мураскорлор мурасты кабыл алышкан бардык башка мураскорлордун макулдугу менен мураска укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Бул макулдук мураска укук жөнүндө күбөлүк берилгенге чейин жазуу жүзүндө билдирилиши керек. Алардын арыздагы коюлган колунун аныктыгы ушул Нускаманын 157-пунктунда баяндалган эрежелер боюнча күбөлөндүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Мураска укук жөнүндө күбөлүк үлүшүн эсептеп чыгуу үчүн зарыл бардык документтер болгондо алардын каалоосуна жараша бардык мураскорлорго бирге же ар бирине өзүнчө берилет.
134. Мамлекеттик нотариустар жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз мураскорлордун наамына алардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн мураскорлор жашаган жер боюнча кароо жана кам көрүү органдарына мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө билдирет (мураска укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жиберет).
135. Мамлекеттик нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүдө мыйзам боюнча тиешелүү далилдерди талап кылуу жолу менен мурас калтыруучунун өлгөн фактысын, мурастын ачылган убагын жана жерин, күбөлүк берүү жөнүндө арыз беришкен адамдарды мыйзам боюнча мурастоого чакыруу үчүн негиз болгон туугандык жана башка мамилелери бардыгын, мурас мүлкүнүн курамын жана жайгашкан жерин текшерет.
Өлгөн фактысы жана мурасты ачуунун убагы мурас калтыруучунун өлгөндүгү жөнүндө ЖААК органдарынын күбөлүгү, анын Ата Мекендик согушта курман болгондугу жөнүндө аскер бөлүгүнүн командачылыгы, госпиталдын администрациясы, аскер комиссариаты жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин башкар органдары тарабынан берилген билдирүү же башка документ менен тастыкталат.
Мурасты ачуу жери турак-жай-эксплуатациялык уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, зарыл маалыматтарга ээ башка органдын же уюмдардын (паспорт столу, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкаруу) маалым каты, а эгерде өлгөн адамдын жашаган жери белгисиз болсо – мурастык мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жерин тастыктаган документ менен аныкталат.
Мураскордо жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда мамлекеттик нотариус соттун мурастын ачылыш жерин аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсүн талап кылат.
Мураска калтыруучу менен туугандык жана башка мамилелерде болушкандыгынын далили болуп булар саналат: ЖААК органдарынын күбөлүгү, метрикалык китептен көчүрмө, туугандык же башка мамилелерди далилдеген факт жөнүндө соттун мыйзамдуу күчкө кирген чечиминин көчүрмөсү. Эгерде мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүнү мыйзам боюнча өзүн мураска калтыруучунун багуусундамын деп эсептеген адам суранса, мамлекеттик нотариус ал мураска калтыруучунун багуусунда ал өлгөнүнө чейин бир жылга чейин болгонбу, ошондой эле мурас ачылган күнү эмгекке жараксыз болуп саналганбы, ушуну ырастоого тийиш.
Эгерде бир же бир нече мураскор мыйзам боюнча мураска чакыруу үчүн негиз болуп саналган туугандык же башка мамилелер далилин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылган болсо, алар мурасты кабыл алган жана тийиштүү далилди көрсөтүшкөн бардык калган мураскорлордун макулдугу менен мураска укук жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Мураскорлордун бул макулдугу кат жүзүндөгү арызы түрүндө жасалат, алардын коюлган колунун аныктыгы ушул Жобонун 157-пунктунда айтылган эрежелерге ылайык күбөлөндүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
136. Мамлекеттик нотариус керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүдө тиешелүү далилдерди талап кылуу жолу менен мурас калтыруучунун өлгөнү жөнүндө фактыны, керээздин бардыгын, мурастын ачылган убактысын жана жерин, күбөлүк бериле турган мурастык мүлктүн курамын жана жайгашкан жерин, мураста милдеттүү үлүш укугуна ээ адамдардын чөйрөсүн аныктайт, ошондой эле анын жокко чыгарылгандыгы-чыгарылбагандыгы жөнүндө маалыматты талап кылат. Эгерде керээз мураска укук жөнүндө күбөлүктү берген мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүлсө, анда бул маалыматтар текшерилгени жөнүндө мурастык ишке тиркелген керээздин нускасында белгиленет.
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинде көрсөтүлгөн кызматтык адамдар күбөлөндүргөн керээзди жокко чыгаруу жөнүндө маалымат керээз калтыруучу (керээз түзүлгөн күнү) такай жашаган жер боюнча нотариус тарабынан суралат.
137. Керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүктү берүүдө керээздин мураскор тарабынан көрсөтүлгөн чыныгы түп нускасы же экинчи түп нускасы мамлекеттик нотариуста калтырылат. Мураскордун каалоосу боюнча керээз боюнча мураска укук жөнүндө күбөлүккө керээздин нотариаттык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же экинчи түп нускасы тиркелет.
138. Эгерде мурастык мүлктүн курамына кыймылсыз мүлк кирсе, мамлекеттик нотариус төмөнкүлөрдү талап кылат:
- кыймылсыз мүлктүн мурас калтыруучуга таандык экендиги жөнүндө укук белгилөөчү документ;
- мурасты кабыл алуу жөнүндө арыз;
турак-жай-эксплуатациялоо башкармалыгынан (ТЭБ), үй башкармалыгынан (ҮБ) же приватташтыруу учурунда үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалыматтарга ээ болгон (паспорттук стол, кварталдык комитет, мамлекеттик архив, кондоминиум, жергиликтүү аймактык башкармалык) башка уюмдардан маалымкат жана/же эгерде турак жай приватташтырылган болсо, приватташтыруунун катышуучулары жөнүндө маалымкат;
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө;
- турак жайды приватташтырууга макулдугун берген үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн, анын ичинде турак-жайдын ээсинин жубайынын макулдугу (арызы), эгерде ал приватташтыруунун катышуучусу болсо жана приватташтырылган турак жай мураскорлук мүлк болуп саналган учурда. Эгерде приватташтырылган турак-жай мүлккө ээлик кылган үй-бүлө мүчөлөрү нотариустук иш-аракеттер жасалып жаткан учурда нотариуска өздөрү келсе, приватташтыруу учурунда бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн койгон колдорунун аныктыгын күбөлөндүрүүнү каттоо талап кылынбайт; нотариус арыз берүүчүнүн ким экендигин гана аныктайт, ал жөнүндө арызда белгилейт;
- мамлекеттик нотариуста кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу же кыймылсыз мүлк жайгашкан жери боюнча камак салуу бар же жоктугу жөнүндө маалымат. Бул маалыматтарды текшерүү жөнүндө мураска укук жөнүндө күбөлүктү берген мамлекеттик нотариус каттоочу органдын көчүрмөсүнө белги коет.
Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салган учурда, нотариустун мураска укук жөнүндө күбөлүккө салынган тыюуну алып салбастан, мураска укук жөнүндө күбөлүккө оорлотуу бар экендигин көрсөтүү менен тариздөөгө жана насыя берүүчүлөргө мураска укук жөнүндө күбөлүктүн мураскорлорго берилгени жөнүндө кабарлоого укуктуу.
Мурастык мүлктү ээликтен ажыратууга камак салынган учурда, камак салууну алып салгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасы болгондо гана, нотариус мураска укук жөнүндө күбөлүктү тариздөөгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
139. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун уставдык капиталындагы үлүшкө мурастык укук жөнүндө күбөлүк берүүдө мамлекеттик нотариус юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн түп нускасы, юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же түзүлүш документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн документтери менен таанышуу аркылуу текшерет (документтердин көчүрмөлөрү мурастык көктөмөдө калат). Мураска укук жөнүндө күбөлүк уставдык капиталда мурас калтыруучунун үлүшүнө жана чарбалык шериктештиктин жана коомдун мүлкүндөгү тиешелүү үлүшүнө берилет.
140. Мурастоого укук жөнүндө күбөлүккө атайын каттоого жаткан башка мүлктөрдү (автомобилдер, мотоциклдер, моторлуу кайыктар, аба кемеси ж.б.) киргизүү үчүн мамлекеттик нотариус бул мүлктүн мурас калтыруучуга таандыктыгы жөнүндө документтерди (техникалык паспорт, кеме күбөлүгү ж.б.) текшерет, ушул тууралуу күбөлүк берүү жөнүндө арызда белгилейт.
141. Мурастык мүлктүн белгилүү бир бөлүгүн мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк алган мураскорго биринчи берилген күбөлүгүндө саналбаган мурастык мүлктүн калган бөлүктөрүн мурастоо укугу жөнүндө кийинки күбөлүктөр берилет.
Башка мүлккө болгон мураска укугу жөнүндө кошумча күбөлүктү берүү жана мурда берилген күбөлүккө киргизилбеген мураскорлор пайда болгон учурда алар да мурасты кабыл алышкан бардык мураскорлордун жазуу түрүндөгү макулдашуусу менен кошумча мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүккө киргизилиши мүмкүн. Арыздагы алардын коюлган колдорунун аныктыгы ушул Нускаманын 157-пунктунда баяндалган эрежелерге ылайык күбөлөндүрүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
142. Кыймылсыз мүлккө мураска укук жөнүндө күбөлүк кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдү мамлекеттик каттоо укугун ишке ашырган органда (тиешелүү каттоо органы) каттоого жатат. Атайын каттоого жаткан (автомобилдер, мотоциклдер, моторлуу кайыктар, аба кемеси ж.б.) мүлктөргө мурастык укук жөнүндө күбөлүк каттоо жана бул мүлктөрдүн эсебин алуу үчүн органдарга көрсөтүлүүгө жатат, бул тууралуу мамлекеттик нотариус күбөлүктүн текстинде көрсөтөт жана мураскорлорго түшүндүрөт.
143. Мурасты кабыл алуу жөнүндө, мураска укук жөнүндө күбөлүктөрдү жана мурастык мүлктүн эсебинен чыгымдарды төлөө жөнүндө, мурастан баш тартуу жөнүндө буюрмаларды, насыя берүүчүлөрдүн дооматтарын кабыл алуу жөнүндө арыздар, ошондой эле мурастык мүлктү сактоо чараларын көрүү жөнүндө арыздар жана алар боюнча ушул чаралар көрүлгөнү мурастык иштердин эсебин алуу китебинде катталат. Катталган арыздын негизинде өлгөн адамдын атына көктөмө ачылат, ал мурастык иштин эсебин алуу алфавиттик китебинде катталат.
Бардык кийинки (башка мураскорлордон жана насыя берүүчүлөрдөн кошумча) арыздар да мурастык көктөмөлөрдүн эсебин алуу китебинде катталат.
Бардык арыздарда алардын келип түшкөн убактысы жана мурастык көктөмөнүн номери көрсөтүлөт.
Мурастык көктөмөгө мураскорлордон, башка адамдардан жана мекемелерден талап кылынган документтер жана мураска укук жөнүндө күбөлүктүн нускасы тиркелет.
144. Мыйзам боюнча да, керээз боюнча да мурасты жол-жоболоштурууда нотариус жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө укугу жөнүндө күбөлүктү алууга укуктуу насыя калтыруучунун артында калган жубайы бардыгын аныкташы жана ага күбөлүктү алуу жөнүндө арыз берүү тартибин түшүндүрүшү керек.
Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүк алардын бири өлгөн болгон учурда жубайы өлгөн күндөн тарта 6 айдын ичинде мурас ачылган жери боюнча артында калган жубайына нотариус тарабынан берилет. Күбөлүк артында калган жубайына бул үчүн зарыл бардык документтерди көрсөткөн күнү берилиши керек.
Жубайлардын никелик мамилесинин бардыгы эреже боюнча нотариус тарабынан нике жөнүндө күбөлүктүн негизинде аныкталат.
Эгерде артында калган жубайы бир эле кезде жалгыз мураскор болсо, бул мындай күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
Жалпы мүлктөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга артында калган жубайы укуктуу болуп саналат.
Артында калган жубайы жубайлардын жалпы мүлкүндөгү өзүнүн үлүшүнөн мураскорлордун биринин пайдасына баш тартууга акысы жок, анткени артында калган жубайынын үлүшү мурастык массага кирбейт. Ал жубайлардын биргеликте күткөн мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алгандан кийин гана өзүнүн үлүшүн кимдир-бирөөнүн пайдасына бүтүмдү аткаруу (белекке берүү, сатуу ж.б.) жолу менен ээликтен ажырата алат.
Артында калган жубайына күбөлүктүн берилери жөнүндө нотариус мурасты кабыл алышкан мураскорлорго билдирет.
Катышпаган мураскорлорго билдирүү почта аркылуу жиберилет. Билдирүүдө жубайлардын жалпы мүлкүнүн курамы, анын үлүшүнө артында калган жубайына менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилери (берилгени) көрсөтүлөт, ошондой эле артында калган жубайынын мүлктүк талаптары (же менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга артында калган жубайынын укугу) мураскор тарабынан талашылган учурда сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлөт.
Мураскорлор нотариуска өздөрү келген учурда оозеки түшүндүрүлөт, бул тууралуу мураскордун колу коюлган артында калган жубайынын арызында белгиленет.
Мураскорлордун арасында жашы жете электер жана башка бирөөлөрдүн багуусундагы жана камкордугундагы адамдар бар болсо билдирүү аларды караган жана камкордук көргөн органдарга жөнөтүлөт.
Мураскорлорду кабардар кылууга кеткен чыгымдар менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алуу үчүн кайрылган жактар тарабынан төлөнөт.
Менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүүнү кийинкиге калтырууга жана токтотууга “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинде каралган учурда гана жол берилет.
Жубайлардын ар кимисинин менчиги болуп саналган мүлккө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилбейт. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 37-беренесине ылайык мындай мүлккө:
- жубайларга никеге турганга чейин таандык мүлк;
- нике мезгилинде тартууга, мураска же башка акысыз бүтүмдөр боюнча алынган мүлк;
- кымбат баалуу жана бакыбат жашоонун башка буюмдарын кошпогондо жеке пайдалануудагы буюмдар (кийим, бут кийим ж.б.).
Никеге чейинки мүлктү сатып алуу фактысы, ошондой эле жубайлардын биргелешип жасаган салымдарынын жоктугу укугун бекемдеген документтердин негизинде белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 35-беренесине ылайык жубайлардын жалпы мүлкүнө булар кирет:
- жубайлардын ар биринин эмгектенүүсүнөн жана ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;
- жубайлардын ар биринин интеллектуалдык ишмердигинин натыйжасында түшкөн кирешелер;
- жубайлардын ар бири алган пенсия, жөлөк пул, ошондой эле максаттуу багытта болбогон (материалдык жардамдын суммасы, майып болуп калуунун же ден соолугун бузуп алуунун натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготууга байланышкан зыяндын ордун толтурууга төлөнгөн жана башка суммалар) башка акчалай төлөөлөр;
- жубайлардын жалпы кирешесинин эсебинен сатып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз буюмдар, баалуу кагаздар, үлүштөр, салымдар, капиталдагы үлүштөр.
3-параграф. Жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү
145. Нике мезгилиндеги жубайлардын тапкан мүлкү алардын биргелешкен мүлкү болуп саналат. Жубайлардын же артында калган жубайдын каалоосу боюнча талаш жок болгон учурда нотариус тарабынан ар бирине “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык кыймылсыз мүлк орун алган жерде нике мезгилинде тапкан мүлктүн 1/2 үлүшүнө менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилиши мүмкүн.
Менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн зарыл документтердин тизмеси:
1. Эки жубайдын экөө тең тирүүсүндө экөөнүн же алардын бирөөсү өлгөндөн кийин артында калган жубайынан менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү өтүнүчү менен арыз.
2. Нике мамилелерин тастыктаган документ (нике тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, же соттун күчүнө кирген чечими).
3. Өлгөн жубайынын өлгөн фактысын тастыктаган документ (өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү).
4. Эгерде үлүшүнө күбөлүк берилип жаткан мүлктүн курамына турак жай (дача), үйдүн бөлүгү (дачалар), жеке үй куруучулардын турак-жай-курулуш жамаатынын көп батирлүү үйүнөн батир, дача-курулуш же турак-жай-курулуш кооперативинен үлүш топтоо, транспорттук каражат жана атайын эсепте турган (каттоого жаткан) башка мүлктөр кирсе, нотариус жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдүн жубайларга таандыгын текшерет, укугун аныктай турган документтерди талап кылат.
Менчикке укук жөнүндө күбөлүк берилип жаткан мезгилде болгон жубайлардын жалпы менчиги болуп саналган мүлккө гана берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
146. Кыймылсыз мүлктү курууга же капиталдык оңдоого ссуданын же насыянын берилишине байланыштуу турак-жайды (дачаны), үйдүн бөлүгүн (дачаны), турак эмес жайды ээликтен ажыратууга тыюу салуу болгон учурда менчик укугу жөнүндө күбөлүк ссуда же насыя берген тиешелүү юридикалык жактын макулдугу менен берилет.
Турак-жайга (дачага), үйдүн бөлүгүнө (дачага), батирге, башка кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери боюнча нотариус тарабынан берилет.
Укукту аныктай турган документте менчик укугу жөнүндө күбөлүктү берүү жөнүндө белгиленет.
147. Мурасты кабыл алышкан мураскорлордун кат жүзүндөгү арызы боюнча жана артында калган жубайынын кат жүзүндөгү макулдугу менен менчик укугу жөнүндө күбөлүгүндө өлгөн жубайынын жалпы мүлктөгү үлүшү да аныкталышы мүмкүн.
148. Эгерде мүлктүн курамында турак жай (дача), үйдүн бөлүгү (дача), батир, дача-курулуш же турак жай-курулуш кооперативинде үлүш топтоо, транспорттук каражаттар жана атайын эсепте турган башка мүлктөр (каттоого жаткан) бар болсо, артында калган жубайына күбөлүктү берүүдө ушул Нускаманын 138- жана 140-пункттарында баяндалган эрежелер сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
149. Үйгө (дачага), үйдүн бөлүгүнө (дачага), батирге, башка кыймылсыз мүлккө менчик укугу жөнүндө күбөлүк кыймылсыз мүлктү жана ага бүтүмдү мамлекеттик каттоону ишке ашырган органда (каттоочу орган) каттоого жатат. Транспорттук каражатка менчик укугу жөнүндө күбөлүк каттоо жана ушул транспорт каражаттарынын эсебин алуу үчүн Мамавтоинспекция органдарына көрсөтүлүүгө жатат, ушул туурасында күбөлүктүн текстинде көрсөтүлөт жана жубайларга (жубайына) түшүндүрүлөт.
Мураска укук жөнүндө күбөлүктө менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн берилгендиги жөнүндө белгиленет.
V бап. Тыюу салуу жана алып салуу
150. Мамлекеттик зайымды камсыз кылуу үчүн түзүлгөн кыймылсыз же кыймылдуу мүлктүн күрөөсүнүн келишимдеринин, зайымдын (насыянын) келишимдеринин, башка милдеттенмелердин, ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда мамлекеттик нотариустар бул мүлктүн жайгашкан/катталган жери боюнча күрөөгө коюлган мүлктү насыя берүүчүлөрдүн арызы боюнча ээликтен ажыратууга тыюу салат.
Тыюу салуу нотариалдык иш-аракеттин өз алдынча түрү болуп саналат жана бул жөнүндө белгиленген формада же күрөө келишиминде же карыз экенин ырастаган документте күбөлөндүрүү жазуу түшүрүү жолу менен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик нотариустун тыюу салгандыгын ырастаган жазуусу бар келишимдин же документтин бир нускасы кыймылсыз мүлккө жана ага бүтүмгө укуктарды мамлекеттик каттоону ишке ашырган органга же транспорттук каражаттарды мамлекеттик каттоону ишке ашырган же каттоого жатпаган мүлк салынган укуктук субъектке жиберилет, келишимдин же документтин экинчи нускасы мамлекеттик нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
151. Мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу тыюу салуулардын жана камакка алуулардын тизме китебинде катталат. Ушул эле тизме китебинде мүлккө камак салуу жөнүндө соттук, тергөө органдарынын жана соттук аткаруучулардын мүлккө камак салынгандыгы жөнүндө билдирүүлөрү катталат. Сот тарабынан камак салуу жөнүндө жазуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасынын жана аткаруу барагынын негизинде тизме китебине киргизилет.
Тыюу салуу жана камак салуу жөнүндө жазуу ошондой эле тыюу салуулардын жана камак салуулардын эсебин алган алфавиттик китепке түшүрүлөт.
152. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык мамлекеттик нотариустар каттоо органында катталган күрөөнү токтотуу жөнүндө күрөө кармоочунун же анын өкүлүнүн (юридикалык жактын же жеке адамдын) билдирүүсүнүн негизинде күрөө келишиминде же карызды ырастаган документте ырастоо жазууларын түшүрүү жолу менен мүлктү же анын тиешелүү бөлүгүн ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салышат.
Өкүл тарабынан тыюу салууну алып салууда нотариус анын ыйгарым укугун текшерет.
Тыюу салууну алып салуу жөнүндө жазуу тыюу салуулардын тизме китебинде жана тыюу салуулардын алфавиттик китебинде белгиленет.
Мамлекеттик нотариустар соттук же тергөө органдарынан камакты алып салуу жөнүндө билдирүү алгандан кийин, бул жөнүндө тыюу салуулардын тизме китебинде жана алфавиттик китебинде белгилейт. Сот тарабынан камакты алып салуу жөнүндө жазуулар соттун камакты алып салуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген аныктамасынын жана аткаруу барагынын негизинде тизме китебине киргизилет.
VI бап. Документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан жазып алуулардын тууралыгын күбөлөндүрүү
153. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесине ылайык, нотариустар юридикалык жактар, ошондой эле жарандар тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын бул документтер мыйзамга карама-каршы келбеген, юридикалык мааниге ээ болгон жана көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүү мыйзам аркылуу тыюу салынбаган шартта гана күбөлөндүрөт.
Бухгалтердик, финансылык жана бажы документтеринин, юридикалык жактын (жактардын) ички документтеринин; нотариалдык күбөлөндүрүлбөгөн жана ырасталбаган, жеке адам(дар) жана юридикалык жак(тар) тарабынан өз алдынча түзүлгөн, алардын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келишин текшерүү мүмкүндүгү болбогон; ошондой эле схемаларды, жадыбалдарды, башка графикалык сүрөттөөлөрдү камтыган; жазуулары кырылган, кошуп жазылган жана тууралыгы күмөн туудурган башка өзгөчөлүктөргө ээ документтердин; документтин текстинин өзүнөн көчүрмө алууга же күбөлөндүрүүгө мыйзам аркылуу жол берилбеген башка документтердин көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүүгө тыюу салынат.
Документтерден көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү өз алдынча маалыматты камтыган документтердин текстинин бөлүгүн кагазга басып түшүрүү аркылуу ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
154. Документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же андан көчүрмө документ менен салыштырылат.
155. Документтин көчүрмөсүнөн көчүрмөнүн тууралыгы эгерде көчүрмөнүн тууралыгы нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлсө же эгерде документтин көчүрмөсү анын түп нускасы берилген мамлекеттик ишкана, мекеме, уюм тарабынан берилсе, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Акыркы учурда документтин көчүрмөсү кызматтык адамдын коюлган колу менен күбөлөндүрүлүшү жана ишкананын, мекеменин, уюмдун мөөрү басылышы керек.
156. Интернет-барактын көчүрмөсүн күбөлөндүрүүгө жол берилет. Муну менен бирге нотариус интернет тармагында жайгаштырылган маалыматты карап көрөт: интернет-баракча автоматтык режимде белгиленген басылма күнүн жана файлдын дарегин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен кагаз бетине толугу менен чыгарылат. Басма версиясы чыгарылгандан кийин электрондук варианты менен салыштырылат.
Күбөлөндүрүү жазуусунда нотариус интернет тармагындагы баракчанын дарегин, документтин дарек катын көрсөтөт, зарыл болгон учурда аталышы, маалыматтын тексти же графикалык маалыматы, анын интернет-баракчада жайгашкан жери көрсөтүлөт.
VII бап. Документтерде коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрүү
157. Нотариустар мыйзамда аныкталган учурларды албаганда мазмуну мыйзамга карама-каршы келбеген жана бүтүмдү баяндабаган документтерде коюлган колдордун аныктыгын күбөлөндүрөт. Кайрылган адамдын колу коюлуп, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн документ эгерде анда документтин колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө тез мүнөздөгү боло албайт. Мындай документ анын арыз берүүчүсү токтотмоюн күчкө ээ.
Кандай гана арыз болбосун арыз берүүчү тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Нотариус ага арызды жокко чыгаруу жөнүндө чечими менен бардык кызыкдар адамдарды кабардар кылууга милдеттүүлүгүн эскертет. Муну менен бирге нотариус арызды жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүчүнүн коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрөт жана жокко чыгарылган арызды каттоонун тизме журналында тиешелүү жазуу түшүрөт.
Бүтүмдүн мазмуну жазылган келишимде, керээзде, ишеним катта жана бүтүмдүн мазмуну баяндалган документте алты саны аман эместигинин, оорусунун натыйжасында же башка себептер менен өз колу менен кол кое албаган адам үчүн кол койгон адамдын колунун, ошондой эле ушундай документтин текстин оозеки которуп берген котормочунун коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Алты саны аман эместигинин, оорусунун же башка себептердин натыйжасында өз колу менен кол кое албаган адам үчүн кол койгон адамдын коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрүүдө нотариус бул адамды кол койгон инсан катары жана ким үчүн кол коюп жаткандыгын аныктайт.
Нотариустар коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү менен документте жазылган фактыларды күбөлөндүрбөйт, болгону кол белгилүү киши тарабынан коюлганын ырастайт.
Нотариус мыйзамда бекитилген учурларды кошпогондо юридикалык жактардын чогулуштарынын протоколдорунда, юридикалык жактардын, түзүүчүнүн/түзүүчүлөрдүн чечимдеринде коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрө албайт. Нотариустун катышуусунда жүргүзүлгөн юридикалык жактардын, түзүүчүнүн/түзүүчүлөрдүн протоколдору, чечимдери нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жалпы эрежелери боюнча бышыкталат.
Документтеги жарандын коюлган колунун аныктыгы эгерде анда күбөлөндүрүү укугу мамлекеттик органга гана таандык жагдайлар бекитилген (маселен, туулган мезгили, нике, өлгөнү ж.б.) болсо күбөлөндүрүлбөйт. Көрсөтүлгөн документте коюлган колдун аныктыгы эгерде документ сотко же чет мамлекеттин башка мекемесине көрсөтүүгө арналган учурларда күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
Соттук, укук коргоо, административдик органдардын өндүрүшүндө турган иштер боюнча өткөрүп берүү үчүн жеке адам жана/же юридикалык жактар тарабынан өз алдынча түзүлгөн документтердеги коюлган колдун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөйт, жарандык-укуктук мамилелери өзгөрүлгөн жана/же токтотулган, мурда берилген күбө катары көрсөтмө мүнөздөгү жана далилдерди камсыздоочу катары таризделген арызы, кайрылуулары боюнча тараптардын укуктары жана милдеттери көрсөтүлгөн (чет мамлекеттин соттук жана башка укук коргоо, административдик органдары үчүн арналган документтердеги коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүү учурун кошпогондо) документтер күбөлөндүрүлбөйт. Мында нотариус ушул Нускаманын 7-пунктуна ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде аракет кылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында турак үйүн (батирди) же жер участогун жубайынын атына сатып алууга макулдук жөнүндө арызындагы коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрүүдө арыздын текстинде арыз берүүчүнүн жарандыгын көрсөтүү зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
158. Юридикалык жактардын жетекчилеринин жана башка кызматкерлеринин, ошондой эле банктык карточкада көрсөтүлгөн жеке ишкердик иш менен алектенген жеке адамдардын коюлган колунун үлгүлөрүн күбөлөндүрүүдө нотариустар кызмат адамдарынын, жеке ишкерлердин, ошондой эле алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укугун жана жарамдуулугун жана юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүн текшеришет.
Жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын ырастоо үчүн нотариуска көрсөтүү үчүн документтердин түп нускасы сунушталат, алар нотариалдык иш-аракет аяктагандан кийин аларды берген төмөнкү адамдарга кайтарылып берилет:
- жеке ишкер – ишкердик ишмердик менен алектенген жеке адамды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк же патент;
- юридикалык жактын өкүлү – анын ыйгарым укугун далилдеген документтер: дайындоо жөнүндө буйрук (буйюрма), кызмат адамын шайлоо жөнүндө протокол (чечим) же өкүлүнө ишеним кат; юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; устав (жобо), түзүүчүлүк келишим.
Нотариуска сунушталган маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчилик маалыматтар жана документтер боюнча нотариалдык иш-аракетти жасоодо аларды нотариуска сунуштаган адамдарга жүктөлөт.
Банктык карточка юридикалык жактын же жеке ишкердин (эгерде ал ишкерде болсо) мөөрү менен ырасталууга жатат.
VIII бап. Бир тилден экинчи тилге документти жазуу жүзүндө которуунун тууралыгын күбөлөндүрүү
159. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 75-беренесине ылайык нотариустар документтин бир тилден экинчи тилге жазуу жүзүндөгү котормосунун тууралыгын эгерде тиешелүү тилдерди билсе күбөлөндүрө алышат.
Эгерде нотариус тиешелүү тилдерде билбеген болсо документтин жазуу жүзүндөгү котормосу квалификациясы ырасталган же эне тилин билген котормочу тарабынан аткарылышы мүмкүн да, анын койгон колунун аныктыгын нотариус күбөлөндүрөт.
Нотариус өзүнүн документтерин өзү которгон адамдын коюлган колунун аныктыгын күбөлөндүрүүгө укуксуз.
Документтин бир тилден экинчи тилге жазуу жүзүндө котормосунун тууралыгын күбөлөндүрүү үчүн документтин түп нускасы же документтин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү көрсөтүлөт. Которууга берилген документтер көчүрмөлөрүн күбөлөндүрүү үчүн берилген документтерге коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш.
Документ бүткүл бойдон (эгерде мекемелердин жазуулары, коюлган белгилери болсо, ушул жазуулар, белгилөөлөр, тарифтер, мөөрдүн, штамптардын түшүрүлгөн көрүнүштөрү) которулат. Тексттин бир бөлүгү которулган учурда, ушул жөнүндө белги коюлат.
160. Нотариалдык иш-аракетти жасоо учурунда (бүтүмдү күбөлөндүрүүдө, көчүрмөнүн тууралыгын ырастоодо ж.б.) алар ошондой эле башка тилге которулган болсо, котормонун тексти которула турган документтин түп нускасынын тексти менен бир баракта төмөнкүдөй жайгашкан болушу абзел: баракта тикесинен бөлүнгөн көрүнүшүндө документтин анык тексти сол жагында, ал эми котормосу оң жагында жайгаштырылат. Тексттин бардыгы которулууга тийиш. Которула турган документтин көчүрмөсүнөн кийин кеткен тексттин түбүндө коюлган котормочунун колун күбөлөндүрүүгө жол берилет жана котормочу кол коет. Күбөлөндүрүү жазуулары документтин текстинин жана анын котормосунун түбүнө түшүрүлөт. Которула турган документтин көчүрмөсүнөн башка баракта аткарылган котормо документтин түп нускасына жип өткөрүү менен көктөлүп, нотариустун колу коюлуу жана мөөрү басылуу менен ырасталат.
161. Жүргүзүлүп жаткан эки нотариалдык иш-аракеттердин бири документтин текстинин котормосун күбөлөндүрүү болсо, котормочунун колунун аныктыгын күбөлөндүрүүнү өз алдынча нотариалдык иш-аракет катары реестр журналына каттоого жатпайт. Башка мамлекеттин аймагында пайдалануу үчүн жасалган документтеги котормочунун колу (легализациялоо) колдонуудагы мыйзамдарда жана эл аралык укуктук ченемдерде каралган учурларда ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
XIV бап. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
162. Нотариустар жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт.
Жашы жете элек өспүрүмдүн тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучулардын, багуучулардын, камкордук көрүүчүлөрдүн), ошондой эле жашы жете эле өспүрүмдү камкордукка алган мекемелердин өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
Жашы жете элек өспүрүмдүн тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүүдө нотариус жашы жете элек өспүрүмдүн туулгандыгы жөнүндө күбөлөгүн талап кылат да, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
163. Жарандын тирүү экендигинин фактысы жарандын нотариуска өзү келиши аркылуу да, нотариустун кеңсесинен тышкарыда да аныкталышы мүмкүн. Эгерде тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү зарыл болгон жаран оорусу, майыптыгы же башка жүйөлүү себептер менен нотариустун кеңсесине келе албаса, ушул факт нотариустун кеңсесинен тышкарыда күбөлөндүрүлөт.
Жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү үчүн кызыкдар адам тарабынан кат жүзүндө же оозеки түрүндө тиешелүү арыз берилет.
Берилген арыздын негизинде нотариус инсандыгын аныктай турган документ, адатта паспорту боюнча жарандын инсандыгын аныктайт.
Тирүү экендигинин фактысын ырастоо үчүн нотариус ушуга кызыкдар адамга тиешелүү күбөлүк берет. Нотариус күбөлүктө жарандын тирүү экендигин ырастаган фактыдан тышкары ушул факт каерде күбөлөндүрүлгөнүн көрсөтөт. Эгерде нотариалдык иш-аракет нотариустун кеңсесинен тышкарыда жасалса, ушул туурасында да күбөлүктө көрсөтүлөт.
Жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрүү жөнүндө күбөлүк эки нускада жол-жоболоштурулат, анын бири кызыкдар адамга берилет, ал эми экинчиси нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
X бап. Жарандын белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүү
164. Нотариустар жарандын тирүү экендигинин фактысын күбөлөндүрөт.
Жашы жете элек өспүрүмдүн белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүү анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энесинин, асырап алуучулардын, багуучулардын, камкордук көрүүчүлөрдүн), ошондой эле жашы жете эле өспүрүмдү камкордукка алган мекемелердин өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
Жашы жете элек өспүрүмдүн белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысын күбөлөндүрүүдө нотариус жашы жете элек өспүрүмдүн туулгандыгы жөнүндө күбөлөгүн талап кылат да, анын көчүрмөсү нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
165. Жарандын белгилүү жерде жүргөндүгүнүн фактысы жарандын нотариуска өзү келиши аркылуу да, нотариустун кеңсесинен тышкарыда да аныкталышы мүмкүн (ушул Нускаманын 9-пункту).
XI бап. Фотосүрөттөгү сүрөтү менен жарандын окшоштугун күбөлөндүрүү
166. Нотариустар жаран тарабынан көрсөтүлгөн фотосүрөттөгү жүзү менен жарандын окшоштугун күбөлөндүрүшөт.
Сүрөт күбөлүктүн бериле турган нускасынын үстүңкү сол жагына желимделет да, нотариустун коюлган колу жана басылган мөөрү аркылуу ырасталат. Мында мөөрдүн бир бөлүгү фотосүрөткө, бир бөлүгү күбөлүккө басылат.
XII бап. Документтин берилген мезгилин күбөлөндүрүү
167. Нотариустар документтин берилген мезгилин күбөлөндүрөт.
Ушул туурасында күбөлөндүрүү жазуусу документтин сунушталган эки нускасына түшүрүлөт, анын бири нотариустун көктөмөлөрүндө калат. Документтин экинчи нускасы жок учурда нотариустун көктөмөлөрүндө анын көчүрмөсү калат да, ага күбөлөндүрүү жазуусу түшүрүлөт.
Эгерде бир эле адам тарабынан бир нече документ көрсөтүлгөн болсо, күбөлөндүрүү жазуусу алардын ар бирине түшүрүлөт жана мамлекеттик алым колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сунушталган ар бир документ үчүн алынат.
XIII бап. Жарандардын жана юридикалык жактардын арыздарын өткөрүп берүү
168. Нотариустар жеке жана юридикалык жактардын арыздарын башка жеке, юридикалык жактарга өткөрүп бере алышат.
Арыздар нотариуска эки нускадан кем берилбейт, анын бирөөсү нотариус тарабынан адресаттарга почта аркылуу алынганын кайра билдирип коюу же өзүнө кол койдуруп тапшыруу белгиси менен жөнөтүлөт, ал эми экинчи нускасы (нускалары) нотариуста калат.
Эгерде арыз почта менен жөнөтүлсө, ал адресатка нотариустун коштомо каты менен жөнөтүлөт.
Коштомо каттын нотариустун көктөмөлөрүндө калган нускамасында тизме китебинин номуру көрсөтүлөт жана ушул номур боюнча арызды өткөрүп берүү катталат жана мамлекетти алым төлөнгөндүгү жөнүндө белги коюлат.
Арыздарды почта боюнча өткөрүп берүүдө почта чыгымдары ушул нотариалдык иш-аракетти жасатуу үчүн кайрылган адамдар тарабынан төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
169. Арыз берген адамдын өтүнүчү боюнча арыздын өткөрүлүп берилгени тууралу күбөлүк берилет. Күбөлөндүрүү арыздын нускасында же айрым баракта баяндалышы мүмкүн. Күбөлүктө арызга алынган жооптун мазмуну же жооп көрсөтүлгөн мөөнөттө алынбагандыгы көрсөтүлөт.
Арызды өткөрүп берүү жана анын өткөрүлүп берилгени жөнүндө күбөлүктү берүү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн тизме китебинде катталат.
XIV бап. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу
(Бап КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
170. Нотариалдык кеңсеге убактылуу сактоого келген жана белгилүү шарттар пайда келип чыкканда насыя берүүчүгө өткөрүлө турган акча суммалары жана баалуу кагаздар депозит болуп эсептелинет. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-беренесине ылайык карызкор андан алынуучу акчаны же баалуу кагаздарды нотариустун депозитине төмөнкүдөй шарттарда өткөрүп берүүгө укуктуу:
- насыя берүүчү же ал тарабынан милдеттенменин аткарылышын кабыл алууга ыйгарым укук берилген адам милдеттенме аткарылган жерде жок учурда;
- насыя берүүчүнүн аракетке жөндөмсүздүгү же анын өкүлү жок учурда;
- милдеттенме боюнча насыя берүүчүнүн ким экендиги ачык болбогондо, атап айтканда насыя берүүчү менен башка жактардын ортосунда ушул маселе боюнча талаш-тартыш болгондо;
- насыя берүүчү аткарылышты кабыл алуудан же башка мөөнөтүн өткөрүп жиберүүлөрдөн качкан болсо.
Нотариустун депозитине акчаны жана баалуу кагаздарды өткөрүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 310-беренесинде белгиленген негиздердин тизмеги толук жетишерлик деп эсептелет.
Колдонуудагы мыйзамдарда милдеттенмелер насыя берүүчүнүн пайдасына аткарылышы керек деген жалпы эрежеден сырткары болгон нотариустун депозитине карыздын суммасын киргизүү жөнүндө ченемдер да бар (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 299 жана 302-беренелери). Ошондуктан нотариустун депозитине акча суммаларын киргизүү мыйзамда түздөн-түз белгиленген учурларда гана болушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
171. Нотариус депозиттик/алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталыкты да каалаган банкта ачууга укуктуу. Депозиттик эсептерде сакталган акча каражаттары жеке нотариалдык иш-аракеттерди жасаган нотариустун кирешеси болуп саналбайт.
Баалуу кагаздарга карата нотариус аларды да банктарга берүүгө милдеттүү. Депозитке баалуу кагаздарды кабыл алуу боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн нотариус банкта сейфтик уячаны ижарага алат, номиналдык наркы көрсөтүлүп, мөөр коюлган баштыктарга салынган баалуу кагаздар ал уячага жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
172. Акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алуу нотариус тарабынан милдеттенмелер аткарылган жер боюнча жүргүзүлөт. Милдеттенмени аткаруу жери болуп калктуу конуштун аймагы эсептелет.
Нотариалдык депозитке акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу үчүн керектүү документтер:
- паспорт (жеке жактар үчүн);
- юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүн жана анын өкүлү болгон жактын ыйгарым укуктарын ырастаган документтер.
- карызкордун депозитке акча суммаларын жана баалуу кагаздарды кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы (арыз ээсинин кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн).
- милдеттенменин болушун ырастаган келишим, аны аткаруу үчүн акча каражаттары жана баалуу кагаздар берилет.
Айрым учурларда нотариус тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.
Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды киргизүү жөнүндө арызда карызкордун жана насыя берүүчүнүн аты, алардын жашаган жери (юридикалык жактар үчүн – жайгашкан жери), ошондой эле түздөн-түз карызкор тарабынан милдеттенмелеринин аткарылбай калгандыгынын себептери көрсөтүлөт. Мындан тышкары, карызкор депозитке акча каражаттарын кабыл алуу өтүнүчү менен жазылган арызда багытына ылайык негиздемени жана төгүм төлөнүп жаткан эсепти көрсөтө алат.
Нотариустун депозитине акча каражаттарын киргизүү үчүн арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү мыйзамга ылайык нотариуска жүктөлбөйт. Нотариус акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды нотариалдык депозитке кабыл алууда насыя берүүчүнүн укуктарынын пайда болуу негиздерин жана карызкордун милдеттерин текшербейт.
Эгерде насыя берүүчүнүн дареги карызкор тарабынан көрсөтүлбөсө жана нотариуска ал дарек белгисиз болсо, анда нотариус карызкорду акчанын (баалуу кагаздардын) төгүмү жөнүндө насыя берүүчүгө билдирүү анын милдети экендигин эскертет.
Нотариус карызкорду (арыз ээсин) нотариус тарабынан көрсөтүлгөн депозиттик эсепке акча каражаттарын киргизүү үчүн ылайыктуу банкка жөнөтөт. Банктын төгүм тууралуу квитанциясынын негизинде нотариус карызкорго депозитке акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды киргизүү жөнүндө күбөлүк берет.
Мындан кийин нотариус насыя берүүчүгө акча суммаларынын жана баалуу кагаздардын түшүшү жөнүндө эскертет жана насыя берүүчүнүн талабы боюнча ага тиешелүү сумманы тапшырат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
173. Депозиттик эсепке түшкөн төлөмдөр нотариус тарабынан насыя берүүчүнүн арызы боюнча берилиши мүмкүн. Нотариус депоненттин ким экендигин жана аракетке жөндөмдүүлүгүн аныктайт, бул жөнүндө арызга ким экендиги аныкталган документтин аталышын көрсөтүү менен белги коюлат. Депозиттен акча жана баалуу кагаздар карызкордун арызында аталган документтерди көрсөтүү менен берилет.
Акча суммалары насыя берүүчүнүн арызы боюнча анын эсебине которуу жолу менен же арналуу чекти берүү аркылуу алынат. Депозиттик акча каражаттары нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу берилиши мүмкүн. Алынбаган депозиттик акча каражаттары насыя берүүчү каза болгон учурда мурастык массага киргизишет жана мыйзамда белгиленген тартипте мураскорлорго берилүүгө тийиш.
Эгерде нотариустун депозиттик эсебинде талап кылынбаган акча суммалары болсо, мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдүн аякташы менен алар бюджетке чегерилүүгө тийиш.
Акча суммаларын же баалуу кагаздарды нотариустун депозиттик эсебине киргизүү насыя берүүчүнүн акчаны же баалуу кагаздарды алар-албасына, же болбосо мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине байланыштуу бюджеттин кирешесине которуларына карабастан, милдеттенмени аткаруу күчүнө ээ болот. Милдеттенмени аткаруунун иш жүзүндөгү мөөнөтү болуп нотариустун депозиттик эсебине акча же баалуу кагаздарды киргизүү күнү саналат.
Депозиттик суммаларды жана баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн нотариалдык кеңседе депозиттик суммаларды жана баалуу кагаздарды эсепке алуу боюнча киреше жана чыгаша китеби жүргүзүлүшү керек.
Акчанын же баалуу кагаздардын келиши депозиттик суммаларды жана баалуу кагаздарды эсепке алуу китебинин киреше бөлүмүндө эске алынат.
Киреше жана чыгаша китебинин 1-графасында жыл башынан берки киреше боюнча жазуунун катар номери көрсөтүлөт.
2-графада нотариалдык иш-аракет аткарылган жарандын (же анын өкүлүнүн) аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы) жана депозитке акчаны же баалуу кагаздарды киргизүүнүн негиздери көрсөтүлөт.
3-графада депозиттик сумманын же баалуу кагаздардын түшкөн күнү көрсөтүлөт.
4-графада карызкор тарабынан киргизилген акчанын суммасы көрсөтүлөт.
5-графада депозитке депозиттик сумманы же баалуу кагаздарды киргизүүнү ырастаган, нотариус тарабынан берилген күбөлүктүн маалыматтары көрсөтүлөт.
6-графада нотариалдык иш-аракет аткарылган жарандын (же анын өкүлүнүн) аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы) жана депозитке акчаны же баалуу кагаздарды киргизүүнүн негиздери көрсөтүлөт.
7-графада депозиттик суммаларды берген күнү көрсөтүлөт.
8-графада чектин же төлөм тапшырмасынын номери көрсөтүлөт.
9-графада депоненттерге берилген суммалардын эсептен чыгарылышы жөнүндө берилген күндү коюу менен кошо белгиленет; бюджеттин кирешесине суммаларды берүүдө которуу күнү коюлат.
Депозиттик суммалар же баалуу кагаздар депонент тарабынан берилген накталай акчалардын же баалуу кагаздардын алынышы тууралуу кол коюлган арыз менен берилет. Чек берүүдө депоненттин чек китепчесиндеги квитанцияга кол коюлат, ал эми арызда чек менен депозиттик сумманы берүү жөнүндө, чектин номерин жана күнүн көрсөтүү менен белгиленет. Мындан сырткары арызда депозиттик сумманы же баалуу кагаздарды алууга укукту ырастаган документке (паспорт же аны алмаштырган документ, ишеним кат) шилтеме жасалат.
Насыя берүүчүнүн арызы боюнча нотариус анын депозиттик эсебине келген төлөмдөрдү берет. Ал ким экендигин жана депоненттин жарамдуулугун аныктап, бул жөнүндө арызда депоненттин ким экендигин күбөлөндүргөн документтин аталышы белгиленет.
Акчалай сумма анын арызы боюнча же аты жазылган чекти берүү менен анын эсебине насыя берүүчү тарабынан алынат. Депозиттик акча суммасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча берилиши мүмкүн. Алынбаган депозиттик акча суммалары насыя берүүчү каза болгондо мураскерлик массасына кирет жана мыйзамда белгиленген тартипте мураскерге берилүүгө тийиш.
174. Депозиттен талап кылынбаган суммалар нотариалдык кеңсенин депозиттик эсебинде төмөнкүдөй мөөнөткө чейин сакталат:
а) жарандарга берилүүгө тийиш болгондор – үч жыл сакталат;
б) ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге (бюджеттик мекемелерден тышкары) берилүүгө тийиш болгондор – бир жыл сакталат;
в) бюджеттик мекемелерге берилүүгө тийиш болгон суммалар – бул сумма киргизилген ошол жылдын 31-декабрына чейин сакталат, ал эми депозитке киргизилген чечилбеген сот иштери боюнча депозитке киргизилген суммалар сот чечими киргизилген ошол жылдын 31-декабрына чейин сакталат.
Жогорудагы пункттарда көрсөтүлгөн мөөнөттөр дарегине депозиттик сумма же баалуу кагаздар киргизилген адамдын же уюмдун депозитине киргизүү жөнүндө кабар берилген күндөн тартып эсептелет.
Акча каражаттарын же баалуу кагаздарды алардын депозитине киргизген адамга кайтаруу пайдасына акча каражаттары же баалуу кагаздар түшкөн адамдын макулдугу же соттун чечими менен гана жүргүзүлөт.
Талап кылынбаган депозиттик суммалар же баалуу кагаздар белгиленген мөөнөт бүткөндө алардын сакталышы жергиликтүү бюджеттин кирешесине которуу жолу менен берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
175. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 83-беренесине ылайык акчалай сумманы алып коюу же карыз адамдан мүлктү талап кылуу үчүн нотариустар карызды белгилеген документтерде аткаруучу жазууларды аткарат:
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмдөр боюнча (анын ичинде күрөө жөнүндө келишимде), анын предмети болуп кайтарып берүү шартында акча каражаттарын жана/же башка мүлктү берүү эсептелет;
- күрөөкана тарабынан берилген күрөө билети боюнча;
- чектерде.
Нотариалдык иш-аракеттерди жасоону токтотууга кызыкдар адамдардын укугун эске алуу менен нотариус мамлекеттик нотариустун маалыматтары боюнча аткаруучу жазууларды ишке ашырууну токтотуу үчүн негиздердин бар же жок экендигин текшерет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
XV бап. Аткаруу жазууларын ишке ашыруу
176. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесине ылайык аткаруу жазууларын ишке ашыруу төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) аткаруучу жазууну ишке ашырган нотариустун аты-жөнү, кызматы (эгер жеке нотариус болсо – нотариалдык органдын аталышы);
2) өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги (аты-жөнү, жашаган жери, эгер юридикалык жак болсо – юридикалык дареги, банк реквизиттери);
3) карыз адамдын жана күрөө берүүчүнүн аталышы жана дареги (күрөө берүүчүнүн жана карыз адамдын аты-жөнү, туулган күнү, жашаган жери жана карыз адамдын иштеген жери (эгер юридикалык жак болсо – юридикалык дареги жана банк реквизиттери);
4) өндүрүү (алып коюу) жүргүзүлүүчү мөөнөттү белгилөө;
5) өндүрүлүүчү сумманын өлчөмү, анын ичинде туумдары, үстөк пайыздары, эгер ушундайлар болсо;
6) күрөө предметинин аталышы жана анын дареги, менчик ээсинин (күрөө берүүчүнүн) аты (аталышы) жана анын дареги;
7) күрөө келишиминин датасы (күнү, айы, жылы жана реестр чени);
8) өндүрүүчү тарабынан төлөнгөн жана карыз адам тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдардын суммасынын өлчөмү;
9) аткаруучулук жазууну ишке ашыруу күнү (жыл, ай, күн);
10) аткаруу жазуусунун реестрде катталган номери;
11) аткаруу жазуусун ишке ашырган нотариустун колу;
12) нотариустун мөөрү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
177. Аткаруу жазуусунун негизинде карыз талашсыз тартипте өндүрүлүп алына турган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Төмөнкү учурларда аткаруу жазуусу ишке ашырылат:
1) эгерде сунуш кылынган документтер карыздар адамдын өндүрүп ала турган адамдын алдында карызынын же башка жоопкерчилигинин талашсыз экендигин далилдеп турса;
2) эгерде доого укук пайда болгон күндөн тарта үч жылдан ашпаган убакыт өтсө.
Эгерде аткаруу жазуусу берилген талап үчүн мыйзам аркылуу мөөнөттүн эскириши каралган болсо, аткаруу жазуусу ушул мөөнөттүн чегинде берилет.
Аткаруу жазуусу жасалышы мүмкүн болгон мөөнөт өндүрүп алуучуда карызды мажбурлап өндүрүп алуу укугу пайда болгон күндөн тарта эсептелет.
Аткаруу жазуусун жасоодо нотариус аткаруу жазууларынын негизинде талашсыз тартипте карызды өндүрүп алуу жүргүзүлгөн документтердин тизмесинде каралган документтер карызды өндүрүп алууну негиздөө үчүн берилгенин текшерүүгө милдеттүү.
178. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 86-беренесине ылайык аткаруу жазуусу өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) аткаруу жазуусун жасаган нотариустун кызматы, аты-жөнү;
2) карыз жана күрөөгө койгон тараптын аталышы жана дареги;
3) өндүрүлүп алына турган мөөнөттүн көрсөтүлүшү;
4) өндүрүлүп алууга жаткан сумманын же талап кылынган предметтердин, анын ичинде туумдун, пайыздардын, эгерде ушулар эсептелинсе, суммаларын көрсөтүү;
5) кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу учурунда – кыймылсыз мүлктүн дареги, менчик ээсинин аты-жөнү;
6) кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу учурунда – күрөө жөнүндө келишимди көрсөтүү (түзүлгөн күнү, катталган номуру);
7) өндүрүп алуучу төлөгөн же карыздар адамдан өндүрүп алууга жаткан мамлекеттик алымдын суммасын көрсөтүү;
8) нотариалдык жазуулар аткарылган күн (жыл, ай, күн);
9) тизме китебинде катталган аткаруу жазууларынын номуру;
10) аткаруу жазуусун аткарган нотариустун колу, гербдүү мөөрүнүн кагазга түшүрүлгөн үлгүсү.
179. Аткаруу жазуусу карызды аныктаган документтердин түп нускасына түшүрүлөт. Аткаруу жазуусу карызды аныктоочу документтен өзүнчө баракта аткарылбайт.
Эгерде карызды аныктоочу документ боюнча өндүрүп алууну бөлүп өндүрүп алуу керек болсо, анда аткаруу жазуусу ар бир өндүрүп алуу боюнча ушул документтин көчүрмөсүндө баяндалышы мүмкүн. Мындай учурларда карызды аныктаган документтин түп нускасында өндүрүп алууга жаткан сумманы, нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде катталган күнүн жана номурун көрсөтүү менен белги коюлат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
180. Нотариуста аткаруу жазууларын ишке ашырылган документтердин көчүрмөсү калат.
Бир эле милдеттенме боюнча аткаруу жазуусун андан ары дагы улантып жүргүзүүдө карызды аныктаган документтин көчүрмөсү кайрадан талап кылынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
181. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
182. Эгерде аткаруу жазуусун аткаруу үчүн карызды аныктаган документтен тышкары аткаруу жазуусунун негизинде карыз талашсыз тартипте өндүрүлүп алына турган документтердин тизмесинде көрсөтүлгөн башка документтерди көрсөтүү зарыл болсо, анда алар аткаруу жазуусуна тиркелбестен, нотариуста калат.
183. Чектердеги аткаруу жазуулары төлөөчү же банк жайгашкан жер боюнча аткарылат.
Нотариус тарабынан аткаруу жазуулары чек төлөөгө берилгени жөнүндө төлөөчүнүн (банктын) же эсептешүү мекемесинин чек төлөөгө берилгендиги жана төлөнбөгөндүгү жөнүндө жазуулары төлөөгө берилген күнү көрсөтүлүү менен бар болсо гана жасалат. Аткаруу жазуусун аткарууда чектин төлөөгө өз убагында берилиши текшерилет (чектер жөнүндө Жобонун 11- жана 34-беренелери).
Аткаруу жазуусу төлөөчүнүн (банктын) чекти төлөөдөн баш тарткан күнүнөн тарта үч ай ичинде берилет, ал эми чекти төлөгөндүгүн жазган жак үчүн – төлөм ишке ашырылган күндөн тарта үч ай ичинде берилет (чектер жөнүндө жобонун 33-беренеси).
Аткаруу жазуусу чек кармоочунун каалоосу боюнча чек берүүчүгө, чек боюнча жооп бере турган аны толтуруучуга каршы аткарылат.
Нотариус аткаруу жазуусу аткарылганы жөнүндө белгини тизме китебине киргизет жана чектин төлөнбөгөндүгү жана аткаруу жазууларын берүү жөнүндө чек берүүчүгө билдирүү жөнөтөт.
184. “Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык аткаруу жазуусу ал аткарылган күндөн тарта үч айдын ичинде мажбурлап аткарууга берилиши мүмкүн, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мөөнөттөр көрсөтүлбөгөн болсо. Карыздар адамдан акча суммаларын мажбурлап өндүрүп алуу же мүлктү алып коюу чечими кабыл алынган мезгилден тарта документтерде аткаруу жазуулары түшүрүлбөйт.
185. Ишкананы жалпысынан мүлктүк комплекс катары өндүрүп алуу нотариустун аткаруу жазуусунун негизинде жүргүзүлбөйт (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесинин 3-пункту).
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
186. Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандырууга күрөөгө коюучунун (карыздардын) ниети жок учурда күрөө кармоочунун талаптарын сот тартибинен тышкары макулдашуусу түзүлгөн учурда нотариустун аткаруу жазуусу карыз алуу келишиминде жана тил катында, күрөө келишиминде, карызды сот тартибинен тышкары өндүрүп алуу келишиминде жана нотариустун көктөмөлөрүндө кала турган келишимдердин маалыматтарынын көчүрмөлөрүндө жазылат.
Аткаруу жазуулары боюнча өндүрүп алуу “Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Аткаруу жазуусун аткаруу үчүн нотариуска төмөнкүлөрдү өткөрүү зарыл:
- негизги милдеттенме (насыя келишими, карыз алуу келишими ж.б., алардын көчүрмөлөрү нотариустун көктөмөлөрүндө калат);
- почта аркылуу алынганын кайра билдирип коюусу менен жөнөтүлгөн күрөө предметин өндүрүп алуу жөнүндө билдирүүлөр же факс алгандыгы жөнүндө күрөөгө берүүчүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы.
Эгерде билдирүү почта аркылуу жөнөтүлсө, күрөө кармоочу нотариуска почта аркылуу алынганын кайра билдирип коюусу көрсөтүлгөн күрөө предметин өндүрүп алуу жөнүндө билдирүүсүнүн экинчи нускасын көрсөтүүгө милдеттүү.
Мында нотариус билдирүүнүн жөнөтүлгөн жана жеткирилген фактысын гана текшерет, ал ушул билдирүү ким тарабынан алынгандыгын текшерүүгө милдеттүү эмес.
(Сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Билдирүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) күрөө жөнүндө келишимдин, милдеттенмелердин жана өндүрүп алуу жол-жобосу козголгон күрөөгө коюлган мүлктүн баяндалышы, күрөө аркылуу камсыз кылынган милдеттенмелердин аткарылбагандыгынын себептери боюнча өндүрүп алуу жол-жобосу козголгон ошол камсыздалган милдеттенмелердин кыскача баяны;
б) күрөө берүүчүгө (карыздарга) билдирүү жеткирилгенден күндөн тарта 15 күндөн кем болбогон белгилүү мөөнөт ичинде бардык карыздарынын суммасынын төгүлгөнүн кошкондо милдеттенмелерди ыктыярдуу аткаруусу жөнүндө сунуш;
в) күрөө предметин өндүрүп алуу жол-жобосунун башталышы мүмкүн экендиги жөнүндө эскертүү;
г) күрөөнү каттоодогу каттоо номуру жана катталган күнү;
д) күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл болгон башка маалыматтар;
ж) билдирүү жөнөтүлгөн күн жана күрөө кармоочунун же ыйгарым укуктуу адамдын колу.
Билдирүү күрөөнү мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органда (органдарда) катталууга тийиш, эгерде күрөө предмети катталууга жаткан болсо.
Күрөө кармоочу ошондой эле нотариуска күрөө предметин өндүрүп алуу жол-жобосун козгоо менен күрөө кармоочуларга андан аркы жана кийинки билдирүүлөрдү жөнөтүлгөндүгүнүн далилдерин келтирүүсү абзел, алар бир эле адамдар жана күрөө кармоочу алар жөнүндө маалыматтарга ээ болбогон учурларда.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
XVI бап. Векселдердин протесттерин жасоо, чектерди төлөөгө берүү жана чектердин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрүү
187. Төлөнбөгөндө, акцептте болбогондо жана акцепттин күнү көрсөтүлбөгөндө векселдердин протести которулма жана жөнөкөй вексель жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
Төлөнбөгөндө векселдердин протести төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча же төлөмдүн жери боюнча (домицилирденген векселдер, б.а. үчүнчү жакта төлөнүүгө жаткан векселдер), ал эми акцептте болбогон векселдердин жана акцепттин күнү көрсөтүлбөгөндөгү векселдердин протести төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.
Векселдер төлөнбөгөндө протест жасоо үчүн вексель боюнча төлөө күндүн эртеси нотариустар тарабынан, бирок ушул мөөнөт бүткөндөн кийин жаңырган күндүн 12 саатынан кечиктирилбестен кабыл алынат. Вексель акцептте болбогондо протест жасоо үчүн акцептке берүү үчүн коюлган мөөнөттөрдүн ичинде которулма жана жөнөкөй вексель жөнүндө жобо аркылуу кабыл алынышы, ал эми вексель акцептке мөөнөтү акыркы күнү берилген болсо, ушул мөөнөт бүткөндөн кийинки күндүн 12 саатынан кечиктирилбестен кабыл алынышы мүмкүн.
Векселдердин протести которулма жана жөнөкөй вексель жөнүндө жободо каралган мөөнөттө жүргүзүлөт.
188. Вексель протестке кабыл алынган күнү төлөөчүгө же домицилиантка (домициаланган векселди төлөөчү жак) векселди төлөө жөнүндө талап коет.
Эгерде төлөөчү (домицилиант) векселди төлөсө нотариус протест жасабастан, векселди аны төлөгөн жакка кайтарып берет жана төлөмдү жана башка төлөнө турган суммаларды алгандыгы жөнүндө векселдин өзүндө тиешелүү формадагы жазуу түшүрөт.
Эгерде төлөөчү акцепт жөнүндө белгини которулма векселде жасаган болсо, вексель аны кармоочуга протестсиз кайтарылат.
Төлөөчү векселди төлөөдөн баш тарткан жана нотариуска келбей койгон учурда нотариус төлөнбөгөндөгү протест жөнүндө же акцептте болбогондогу протест жөнүндө тиешелүү формада акты түзөт жана тизме китебине тиешелүү жазууларды, ошондой эле төлөнбөгөндөгү протест жөнүндө же акцептте болбогондугу жөнүндө жазууларды векселдин өзүнө түшүрөт.
Эгерде төлөөчүнүн жайгашкан жери белгисиз болсо, векселдин протести төлөм жөнүндө же векселдин акцепти жөнүндө талаптар коюлбастан протест жөнүндө актыда нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде тиешелүү жазууларды киргизүү менен жүргүзүлөт.
Протест жасалган вексель аны кармоочуга же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет.
189. Нотариустар төлөөчүнүн жайгашкан жери боюнча төлөөгө берүү үчүн он күндөн кийин берилген чектерди кабыл алышат, ал эми чет өлкөлүк чектерди чек берилген күндөн тарта алты ай өткөнгө чейин, бирок ушул мөөнөт бүткөндөн кийинки күнү 12 сааттан кечиктирилбестен кабыл алышат.
Нотариус ушул эле күнү чекти банкка төлөөгө берет. Чек төлөнбөгөн учурда нотариус чекте көрсөтүлгөн формадагы жазууларды түшүрүү аркылуу чектин төлөнбөгөндүгүн күбөлөндүрөт жана нотариалдык иш-аракеттерди каттоо үчүн тизме китебинде ушул туурасында белгилейт. Чекте жазуу менен бирге чек берүүчүгө анын чеги банк тарабынан төлөнбөгөндүгү жана чекке тиешелүү жазуу түшүрүлгөндүгү жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт.
Чек кармоочунун өтүнүчү боюнча нотариус чек төлөнбөгөн учурда ушул Нускаманын XV бапында камтылган эрежелерге ылайык аткаруу жазууларын түшүрөт.
XVII бап. Документтерди сактоого кабыл алуу
190. Эгерде нотариус документтердин сакталышын камсыз кылууга жөндөмдүү болсо, аларды сактоого кабыл алат, нотариустун кеңсеси күзөт менен камсыз болушу, документтерди сактоо үчүн күйүп кетпей турган темир шкаф же сейф менен камсыз болушу керек.
Документтер нотариус тарабынан кат жүзүндөгү арыздын негизинде жазылган тизме боюнча кабыл алынат. Тизмек эки нускада түзүлөт жана аларга документтерди сактоого тапшырган адам жана нотариус кол коет.
Тизмектин бир нускасы нотариустун көктөмөлөрүндө калат, башка нускасы документтерди сактоого тапшырган адамга берилет.
Кабыл алынган документтер өзүнчө пакетте эшигине нотариустун мөөрү басылган кагаздар чапталган темир шкафтарда же сейфтерде сакталат.
Документтерди сактоого кабыл алгандыгын ырастоо үчүн аларды тапшырган адамга тизмектин нускасы менен күбөлүк берилет.
Күбөлүк документтерди сактоого кабыл алынган күнүн жана убактысын, документтин сакталуу мөөнөтүн, ишеним каттын негизинде документтерди алууга ыйгарым укуктуу жеке адамдын же юридикалык жактын же өкүлүнүн аталышын, ошондой эле документтерди сактоонун көрсөтүлгөн мөөнөттөрү өтүп кеткен учурда документтердин андан ары сакталышы үчүн нотариус жооп бербей тургандыгы жөнүндө эскертүүнү камтыйт.
Документтердин сакталыш мөөнөтү өтүп кеткен учурда нотариус документтерди сактоого тапшырган адамды кабардар кылат. Документтерди алып жаткан адам мөөнөтү өтүп кеткен документтерди алууда нотариустун кабардар кылуу жана сактоо боюнча сарптаган чыгымдарын кошумча төлөп берет.
191. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-беренесине ылайык сактоого кабыл алынган документтер аны сактаган адамга же мыйзамдуу ыйгарым укук берилген адамга нотариустун күбөлүгүн жана колу коюлган тизмегин көрсөтүүсү же соттун токтому боюнча кайтарылып берилет.
Документтерди берүүдө нотариус ушул адамдардан сактоого тапшырылган документтерди алуу жөнүндө арызды талап кылат, мында арыз ээсинин колунун аныктыгы да нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
XVIII бап. Деңиз протесттерин жасоо
192. Нотариустар кеме ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн далилдерди камсыз кылуу максатында кеменин капитанынын кеме ээсине мүлктүк талаптарды коюу үчүн негиз болушу мүмкүн болгон кеме сүзүп жүргөн же турган мезгилде болуп өткөн окуя жөнүндө арызын кабыл алышат.
193. Деңиз протести жөнүндө арыз кеме портко келген учурдан тарта 24 саат ичинде жасалат. Эгерде деңиз протестин билдирүү зарылдыгын пайда кылган окуя портто болгон болсо, протест окуя болгон учурдан тарта 24 саат ичинде жасалышы керек.
Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө протестти жасоого мүмкүнчүлүк болбосо, ушунун себептери деңиз протести жөнүндө арызда көрсөтүлүүгө тийиш.
Деңиз протести жөнүндө арыз окуянын жагдайларын жана өзүнө ишенилген мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн капитан тарабынан көрүлгөн чаралардын баяндалышын камтышы керек.
Деңиз протести жөнүндө баяндалган жагдайларды ырастоо үчүн кеменин капитаны ошол мезгилде жазылган арызга ылайык же портко кирген учурдан же эгерде окуя ал портто болгон болсо болуп өткөн учурдан тарта жети күндөн ашпаган мөөнөттө нотариуска карап чыгууга кеме журналын жана андан капитан күбөлөндүргөн көчүрмөнү берүүгө милдеттүү.
Нотариустар капитандын арызынын, кеме журналынын маалыматтарынын, ошондой эле капитандын өзүн жана мүмкүнчүлүк болсо кеменин башкаруучу курамынын арасынан эки күбөнү жана кеме командасынан эки күбөнү сурамжылоонун негизинде тиешелүү формада деңиз протести жөнүндө акты түзүшөт жана аны өздөрүнүн коюлган колу жана басылган гербдүү мөөрү аркылуу күбөлөндүрүшөт. Актынын бир нускасы капитанга же ыйгарым укуктуу адамга берилет жана экинчи нускасы ага тиркелген капитандын арызы жана кеме журналынан көчүрмө менен нотариустун көктөмөлөрүндө калат.
XIX бап. Далилдерди камсыз кылуу
194. Кызыкдар адамдардын өтүнүчү боюнча нотариустар эгерде соттук же административдик органдарда далилдерди келтирүү кийин мүмкүн болбой же кыйын болуп калышы болжолдонгон негиздер пайда болгон учурда зарыл далилдерди камсыз кылышат.
Нотариустар кызыкдар адамдар нотариуска кайрылган учурда соттун же административдик органдын өндүрүшүндө турган иштер боюнча далилдерди камсыз кылышпайт. Эгерде чет мамлекеттердин органдарында ишти жүргүзүү үчүн зарыл далилдер талап кылынса (ушул Нускаманын 212-п.), далилдерди камсыз кылуу кызыкдар адам кайрылган учурда иш чет мамлекеттин органдарынын өндүрүшүндө туруп калгандыгына карабастан, мамлекеттик нотариустар тарабынан камсыз кылынат.
Далилдердин камсыз болушуна ынтызар адам (болочок доогер, болжолдонгон жоопкер) нотариуска арыз берет, арыз ээсинин жана анын өкүлүнүн коюлган колу нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
195. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде нотариустар күбөлөрдү сурайт. Жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди карайт, экспертиза дайындашат.
196. Далилдерди камсыз кылуу боюнча процесстик иш-аракеттерди аткарууда нотариустар Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин тиешелүү эрежелерин жетекчиликке алат.
197. Нотариус далилдерди камсыз кылуу убактысы жана орду жөнүндө башка тарапты жана кызыкдар жактарды кабардар кылат, бирок алардын келбей калышы далилдерди камсыз кылуу боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Далилдерди башка тарапты же кызыкдар жактарды кабардар кылуусуз камсыз кылуу кийинкиге калтырылгыс учурларда же жыйынтыгында ишке ким катышарын аныктоо мүмкүн болбогондо жүргүзүлөт.
Күбө же эксперт чакыруу боюнча келбеген учурда нотариус ушул жөнүндө күбө же эксперт жашаган жер боюнча сотко Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинин 169-беренесинде каралган чараларды көрүү үчүн билдирет.
198. Нотариус күбөнү жана экспертти атайын жалган көрсөтмө же корутунду бергендиги үчүн жана көрсөтмө же корутунду берүүдөн баш тарткандыгы же качкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 330- жана 331-беренелери боюнча жоопкерчилик тартары жөнүндө эскертет.
199. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде күбөнүн суралгандыгы жөнүндө нотариус протокол түзөт да, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- сурак өткөрүлгөн күн жана жери, сурак өткөргөн нотариустун аты-жөнү, нотариустун аталышы;
- суракка катышкан адамдардын аты-жөндөрү;
- күбөнүн аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери;
- билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик тартары жөнүндө эскертилгени;
- күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну (ага берилген суроолор жана берилген жооптор).
Протоколго күбө, суракка катышкан адамдар жана нотариус кол коет.
200. Жазуу жана буюм түрүндө далилдерди кароо өндүрүшү жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- кароо өндүрүшүнүн күнү жана жери;
- кароо жүргүзгөн нотариустун фамилиясы жана инициалы;
- кароого катышкан кызыкдар адамдардын фамилиясы, аты-жөнү, алардын жашаган жери;
- кароодо табылган жагдайлар.
Протоколго кароого катышкан адамдар жана нотариус кол коет.
201. Эгерде интернет сайтында жайгаштырылган маалымат буюмдук далил катары каралып жатса, далилди камсыз кылуу жөнүндө арызда далилди камсыз кылуунун максаты, интернет сайттагы дареги, документтин дарек каты, зарыл учурда тексттин жана графикалык маалыматтын аталышын, анын интернет-барактагы жайгашкан жери, маалыматтын текстинен конкреттүү шилтемелер көрсөтүлөт.
Нотариус интернет-баракты кароону жүргүзөт, андан соң интернет-баракча автоматтык режимде белгиленген басуунун күнү жана файлдын дареги милдеттүү түрдө көрсөтүлүү менен кагаз бетине толугу менен чыгарылат. Жазуу жүзүндөгү версия чыгарылгандан кийин электрондук варианты менен салыштырылат.
Барактардын даректерин жана тексттин же сүрөттөлүштүн дарек катын салыштырып, нотариус далилди камсыз кылуу протоколун түзөт, анда булар көрсөтүлөт:
- кароо өндүрүшүнүн күнү жана жери;
- кароо жүргүзгөн нотариустун аты-жөнү;
- кароого катышкан кызыкдар адамдардын аты-жөнү, алардын жашаган жери;
кароо учурунан табылган жагдайлар, атап айтканда,
- кызыктырган баракчаны экрандык чагылдырууну алуу үчүн нотариустун же адистин аракетинин ырааттуулугу жазылат.
Протоколго кароого катышкан адамдар жана нотариус кол коет. Нотариустун колу гербдик мөөр менен бекемделет. Чыгарылган барактар протоколго тиркелет.
202. Экспертизаны белгилөө жөнүндө нотариус токтом чыгарат, анда булар көрсөтүлөт:
- токтомдун түзүлгөн күнү жана жери, токтом чыгарган нотариустун аты-жөнү;
- анын өтүнүчү боюнча экспертиза белгиленип жаткан адамдын аты-жөнү, анын жашаган жери;
- эксперттин бүтүмү талап кылынган маселелер;
- экспертиза жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышы.
Эгерде экспертизаны жүргүзүү конкреттүү адамга тапшырылса, анда анын аты-жөнү, жашаган жана иштеген жери жана кызматы көрсөтүлөт. Токтомго нотариус кол коет.
Эксперт жана экспертизага катышкан адамдар кол коюшкан экспертизанын жүргүзүлгөнү жөнүндө акт түзүлөт.
Далилдерди камсыз кылуу боюнча өндүрүштү аяктоо жөнүндө кызыкдар адамдарга далилдерди камсыз кылуу тартибинде түшүлгөн ар бир документтен бирден нуска берилет. Далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн ар бир документтен бирден нуска нотариустун ишинде калтырылат.
Далилдерди камсыз кылуу өндүрүшү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдардан нотариус күбөлөргө жана эксперттерге сый акысын жана далилдерди камсыз кылуу өндүрүшү боюнча башка чыгымдарга акча төлөөнү талап кылат. Эксперттерге жана күбөлөргө сый акы күбөлөрдү жана эксперттерди сотко чакырууда аларды иштен алагды кылгандыгы үчүн сый акы берүү боюнча белгиленген чектерге ылайык берилет.
IV бөлүм. Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата мыйзамдарды колдонуу, чет мамлекеттердин мыйзамдарын, эл аралык келишимдерди колдонуу
203. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет элдик юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын башка субъекттеринин укугу менен тең катар Кыргыз Республикасынын нотариусуна кайрылуу укугуна ээ.
204. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 98-беренесине ылайык нотариустар чет өлкөлүк укук ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерине ылайык колдонушат.
Нотариустар эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык түзүлгөн документтерди кабыл алышат, ошондой эле башка мамлекеттердин мыйзамдарында каралган формада күбөлөндүрүү жазууларын жүргүзүшөт, эгерде бул Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине карама-каршы келбесе.
205. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 99-беренесине ылайык чет элдик жаран өлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагында калган мүлктү же Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондон кийин анын чет элдик жаранга тиешелүү болгон мүлкүн коргоо, ошондой эле мындай мүлккө карата мураска укук жөнүндө күбөлүк берүү менен байланышкан иш-аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
206. Кыргыз Республикасы мурастык мүлктү коргоо боюнча ченемдерди камтыган эл аралык келишим түзгөн чет мамлекеттин жараны өлгөнү жөнүндө маалымат алынгандан кийин мамлекеттик нотариустар тиешелүү келишимди жетекчиликке алуу менен өлгөн адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында мүлкү болгон учурларда мурастык мүлктү коргоо үчүн зарыл чараларды көрүшөт, мурастык мүлктүн өлчөмүн жана баасын аныкташат, мураскорлордун чөйрөсүн такташат, керээздин бар-жоктугун текшеришет жана ушул туурасында өлгөн адам жараны болгон мамлекеттин консулдук өкүлчүлүгүнө токтоосуз билдиришет. Эгерде эл аралык келишим аркылуу мурас жөнүндө иш боюнча иш кагазынын жүргүзүлүшү өлгөн адам жараны болгон чет мамлекеттин мекемелеринин ыйгарым укуктарына кирсе, анда мурастык кыймылдуу мүлк ушул өлкөнүн талабы боюнча мамлекеттик нотариуска, дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүккө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
207. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык керээз чет мамлекеттин мыйзамдарында каралган формада түзүлгөн учурда керээз калтыруучу өлгөндөн кийин мамлекеттик нотариуска ачуу жана жарыялоо үчүн берилет, мамлекеттик нотариус керээздин мазмунун жарыя кылат жана керээздин абалы жана мазмуну жөнүндө протокол түзөт. Протоколдо протокол түзүлгөн күнү жана жери, керээздин күбөлөндүрүлгөн күнү, аны сунуштаган адамдын аты-жөнү, документтин абалы (конвертке салынып бекитилген же ачык абалында сунуш кылындыбы, анда сызылган жерлери, оңдоолор же башка кемчиликтери барбы) көрсөтүлөт. Протоколго мамлекеттик нотариус жана керээзди сунуштаган адам кол коет. Ушул эле адамдар тарабынын керээздин ар бир бетине кол коюлат.
Эгерде керээз чапталган түрдө нотариуста сакталса, жогоруда көрсөтүлгөн бардык аракетти нотариус жеке өзү жүргүзөт.
Протоколго керээздин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет, ал келишимдин талап кылынышына жараша – протоколдун көчүрмөсү жана керээздин түп нускасы тиркелет.
Көрсөтүлгөн документтер кызыкдар адамдарга берилиши же тапшырмаларды аткаруу эрежелери боюнча чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу мекемесине жөнөтүлүшү мүмкүн.
208. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, чет өлкөдө иш-аракеттерди жасоого арналган жана колдонулуш мөөнөтү көрсөтүлбөгөн ишеним кат аны берген жак тарабынан жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот да, ушул туурасында ишеним каттын текстинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
209. Чет элдик бийликтин катышуусу менен чет өлкөдө түзүлгөн же алардан келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин органдары аларды легализациялаган шартта Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан кабыл алынат. Мындай документтер легализацияланбастан туруп Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурда гана кабыл алынат.
210. Чет мамлекеттин бийликтери тарабынан түзүлгөн документтер (легализациялоо жол-жобосун жокко чыгарган же жөнөкөйлөштүрүлгөн эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдү албаганда) нотариустар тарабынан кароого алар легализацияланган шартта кабыл алынат. Чет өлкөдө консулдук легализациялоо функциялары Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын (макулдашуу боюнча) генералдык консулдуктары жана консулдуктары, Кыргыз Республикасынын элчиликтеринин консулдук бөлүмү тарабынан аткарылат. Консулдуктун ыйгарым укуктуу адамы документти ал өзү турган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинде же ыйгарым укуктуу расмий башка мекемесинде легализациялангандан кийин легалдаштырат. Мында ал кызмат адамынын коюлган колун жана расмий мекеменин мөөрүн күбөлөндүрөт.
Чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык апостилдин атайын штампын коюу жетиштүү болгон учурда нотариустар жогоруда аталган конвенцияга кошулган чет өлкөлөрдүн расмий документтерин кабыл алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
211. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 101-беренесине ылайык нотариустун башка мамлекеттердин юстиция органдары менен өз ара мамилелер тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталат.
212. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик нотариустары ушул Нускаманын 200-202-пункттарында каралган эрежелер боюнча чет мамлекеттердин органдарында иш жүргүзүү үчүн талап кылынган далилдерди камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 172 токтомунун редакциясына ылайык)
213. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесине ылайык эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу актыларында каралгандагыдан башка эрежелер аныкталган болсо, нотариалдык иш-аракеттерди аткарууда эл аралык келишимдин укуктары колдонулат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими нотариустун ыйгарым укугуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган нотариалдык иш-аракеттерди жасоону ыйгарса, нотариус ушул нотариалдык иш-аракетти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген тартипте жүргүзөт.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы