04 Тогуздун айы, 2023
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук саясат маселелери боюнча эксперттик – консультативдик кеӊеш (Юридикалык клуб) жөнүндө жобо


 Укуктук саясат маселелери

 боюнча эксперттик –  

     консультативдик кеӊештин

2019-жылдын 15-  мартындагы №1 отурумунун протоколу менен бекитилди

 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук саясат маселелери боюнча эксперттик-консультативдик кеӊеш

(Юридикалык клуб) жөнүндө

ЖОБО

 

1.      Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Укуктук саясат маселелери боюнча эксперттик-консультативдик кеӊеш (Юридикалык клуб) (мындан ары – Кеңеш) коомдук консультативдик-кеңешме орган болуп эсептелет.

2. Кеңештин максаты болуп укуктук жөнгө салуу механизмдерин ѳркүндѳтүү үчүн Кыргыз Республикасынын укуктук саясат маселелерине байланыштуу болгон анализ жана талкуулоо жүргүзүү саналат.

3. Кеңештин милдеттери болуп мамлекеттин укуктук саясатына талдоо жүргүзүү жана укуктук саясатты ѳнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу саналат.

4. Кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары – Юстиция министрлиги) тарабынан түзүлөт. Кеңештин жеке курамы Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.

Кеңеш төмөндөгүдөй курамда түзүлөт:

1) Кеңештин төрагасы – Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

2) Кеңештин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча):

- 1990-жылдан берки мезгилде кызмат ордун ээлеген Кыргыз Республикасынын экс-юстиция министрлери;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн аппараттарынын юридикалык бөлүмдѳрүнүн башчылары;

- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин  Коомдук кеңешинин төрагасы.

        5. Кеңештин чечими менен Кеңештин курамына эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун ѳкүлдѳрү кошулушу мүмкүн.

        Эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун ѳкүлдѳрү, Кеңештин курамына 2 жылдык мѳѳнѳткѳ кошулушат.

        6. Кеңеш өз ишин коомдук башталыштын негизинде жүзөгө ашырат.

7. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылууну Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүнүшүнөн жана  көз карандысыз эксперттерден турган катчылык камсыз кылат.

 

2. Кеңештин ыйгарым укуктары

 

8. Алдыга коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында, Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына сунуштарды берүүгө;

3) Кеңешке кароого киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун концепцияларын кароого жана сунуштарды даярдоого;

4) курамына мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин адистерин, көз карандысыз эксперттерди киргизүү менен эксперттик жумушчу топторду түзүүгө;

5) кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн Кеңештин отурумуна чакырууга;

6) Кеңешке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жана максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

9. Кеңештин алдында турган милдеттерди аткаруу үчүн көз карандысыз эксперттер тартылышы мүмкүн.

10. Кеңештин төрагасы:

1) Кеңештин ишин уюштурат;

2) белгиленген мөөнөттө Кеңештин отурумун жүргүзөт жана берилген материалдарды кароо боюнча иш жүргүзөт;

3) Кеңештин отурумдарын алып барат;

4) Кеңештин отурумдарынын күн тартибин белгилейт;

5) Кеңештин  атынан чыгат;

6) Кеңештин ишин уюштуруу боюнча башка функцияларды аткарат.

11. Кеңештин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кеңештин отурумунун күн тартиби жана алып баруу тартиби боюнча сунуш киргизүүгѳ;

2) күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулоого катышууга;

3) кезексиз отурум чакыруу боюнча сунуш киргизүүгө;

4) талкуулануучу маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга;

5) Кеңештин отурумунун күн тартибине киргизилген маселелер боюнча баяндамачы же кошумча баяндамачы катары чыгып сүйлөөгө;

6) бардык даярдалган материалдарды иликтеп чыгууга жана алар боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды берүүгө.

12. Кеңештин катчылыгы:

1) Кеңештин кезектеги отурумунун күн тартибин даярдайт жана таратат;

2) Кеңештин отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана аны менен  Кеңештин мүчөлөрүн жана кызыкдар жактарды кабардар кылат;

3) Кеңештин отурумдарын уюштурат;

4) көз карандысыз эксперттер тарабынан иштерди аткаруу ишмердүүлүгүн координациялайт;

5) Кеңешке көз карандысыз эксперттер тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгын берет;

6) Кеңештин ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.

 

3. Кеңештин ишин уюштуруу

13. Кеңештин отурумдары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

14. Кеңештин отурумунун күн тартибинин долбоору ар бир айрым маселелер боюнча баяндамачыны көрсөтүү менен төмөнкүлөрдүн негизинде түзүлөт:

1) эксперттер тарабынан даярдалган материалдардын;

2) Юстиция министрлигинин сунуштарынын;

3) Кеңештин мүчөлөрүнүн жана/же кызыкдар субъекттердин сунуштарынын.

15. Кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган отурумдун күн тартибинин долбоору отурумдун датасына чейин 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен тиешелүү материалдары менен Кеңештин катчылыгы тарабынан Кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет.

16. Кеңеш карала турган маселелердин ар бири боюнча коллегиялык түрдө талкуулайт жана катышкандардын санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

17. Кеңештин чечимдери протокол менен таризделет. Протоколду Кеңештин катчылыгы жазат жана Кеңештин төрагасы кол коёт.

18. Кеңештин чечими Кеңештин катчылыгы тарабынан кызыкдар субъекттерге Кеңештин отурумунун протоколунан көчүрмө түрүндө жеткирилет.

            

             _____________________________________________________

 

 

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.pnge06ee80e86f65341e2f59be964b9bd7b20230306040230.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg3e5e646a291fbe33878be64667ad7f6320190328065104.jpg78277ff9494b6ec7ac6f10db7a7ff42520210922104929.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы