КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2011-жылдын 16-ноябры N 212
«Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө»
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу принциптерин, формаларын, кепилдиктерин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
1-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам чыгаруу демилге укугу (мындан ары - элдик демилге) Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдик берилген, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жаткан мыйзам долбоорлорун ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипте эркин жана ыктыярдуу киргизүү укугу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында элдик демилге төмөнкүлөргө таандык:
1) 10 миң шайлоочуга;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору боюнча кеминде 300 миң шайлоочуларга.
Караңыз! Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүү укугун караган ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет
3. Элдик демилгени жүзөгө ашырууда мыйзам менен белгиленген тартипте жөндөмсүз деп табылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жайларда кармалган жарандар катыша албайт.
4. Элдик демилге тартибинде мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө, республикалык бюджетти түзүүгө, мунапыс жана ырайым кылуу, эл аралык мамилелер, согуш же өзгөчө абал киргизүү маселелерин мыйзам долбоорлору киргизиле албайт.
Конституциялык мыйзамдар менен белгилүү чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салууга багытталган мыйзамдардын долбоорлоруна элдик демилге тартибинде демилге киргизүү боюнча башка чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Элдик демилгени жүзөгө ашырууну болтурбоочу жагдайлар
1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же болбосо анын бөлүгүндө, согуштук же өзгөчө абалды киргизген шарттарда элдик демилгени жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн тышкары, элдик демилгени жүзөгө ашырууну болтурбаган башка жагдайларды белгилөөгө жол берилбейт.
3-берене. Кыргыз Республикасындагы элдик демилге жөнүндө мыйзамдар
Жарандардын элдик демилгесин ишке ашыруунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
4-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан сунуш кылынуучу мыйзамдын долбооруна карата талаптар
1. Жарандар тарабынан элдик демилге тартибинде сунуш кылынуучу мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбөөгө тийиш. Мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулат.
2. Мыйзамдын долбоору анын кабыл алуунун зарылдыгын негиздөө менен республикалык басма сөз басылмаларында жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүү
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш менен чыккан жарандар элдик демилгени ишке ашыруу боюнча курамы кеминде 10 адамдан турган демилгечи топту түзөт. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жана шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары демилгечи топтун мүчөлөрү боло алат.
2. Демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдын долбоорун киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол топтоо, мыйзамдын долбоорун даярдоодо, киргизүүдө, ошондой эле аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алууда жарандардын кызыкчылыктарын өкүл болуу максатында түзүлөт.
6-берене. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо
1. Демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо боюнча арыз менен кайрылат.
Демилгечи топ каттоо жөнүндө арызда демилгечи топтун аталышын көрсөтүүгө укуктуу.
2. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоо боюнча арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган демилгечи топтун чогулушунун протоколу;
2) төмөнкү маалыматтарды камтыган демилгечи топтун мүчөлөрүнүн тизмеси: аты-жөнү, туулган датасы, жашаган жери (туруктуу же убактылуу), паспорттун сериясы жана номуру;
3) мыйзам долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
4) маалымкат-негиздеме;
5) салыштырма таблица (эгерде ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда) же жаңы редакциясы.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу
1. Демилгечи топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү демилгесин колдоо үчүн кол топтоого;
2) элдик демилгени ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалыматты мыйзамдуу ыкмалар жана каражаттар менен таркатууга.
2. Демилгечи топтун мүчөлөрү аны каттоо жөнүндө күбөлүгүн берген учурдан тартып ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Демилгечи топтун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төрага жана анын эки орун басары шайланат. Төраганын жана анын орун басарларын шайлоо жөнүндө демилгечи топтун жыйналышынын чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага чогулушка төрагалык кылуучу тарабынан кол коюлат.
4. Ошондой эле демилгечи топтун төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) демилгечи топтун кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарда көрсөтүүгө;
2) демилгечи топтун ишин координациялоого.
5. Демилгечи топтун чогулушунун чечимдери анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8-берене. Мыйзам долбоорунун мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерүү жана демилгечи топту каттоо
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги отуз күндүк мөөнөттө мыйзам долбоорунун ушул Мыйзамдын 4-беренесинин талаптарына ылайыктуулугун, ошондой эле демилгечи топту түзүү жөнүндө документтерди текшерет.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги берилген документтерди текшерүүнүн натыйжалары боюнча демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүк берет.
3. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү жоготкон (бузган) учурда демилгечи топ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине анын көчүрмөсүн алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу адамдын арызынын негизинде "көчүрмө" деген белги менен беш жумушчу күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү негизде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилет.
4. Демилгечи топту каттоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине зарыл документтердин тизмеги берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө демилгечи топко күбөлүк берилет.
5. Демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктүн формасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги демилгечи топту каттоо күнүнөн тартып беш күндүк мөөнөттө бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдайт.
7. Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өз сайтына үч жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин, ошондой эле демилгечи топ жөнүндө маалыматты жарыялайт. Демилгечи топту каттоо тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып демилгечи топ он жумушчу күндүн ичинде мыйзам долбоорун кабыл алуунун негиздемеси менен анын текстин республикалык газеталардын бирине жарыялоого милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуунун негиздери
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй учурларда демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) демилгечи топтун мүчөлөрүнүн маалыматтары анык эмес болгон;
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамдын долбоору ушул мыйзамдын 4-беренесинде каралган талаптарга ылайык келбеген.
2. Демилгечи топту жана мыйзам долбоорун каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
3. Демилгечи топтун мүчөлөрү каттоодон баш тартууга негиз болуп саналган себептерди жойгондон кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрадан кайрыла алышат.
10-берене. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн үгүт
1. Демилгечи топтун мүчөлөрүнө мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө үгүт ишин чогулуштарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардын колдорун топтоо убагында жүргүзүү укугу берилет.
2. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук жек көрүүнү жана касташууну козутууга багытталган аракеттерге, бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарына, согушту пропагандалоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.
3. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн "макул" же болбосо ага "каршы" үгүтүн жүргүзүүчү жарандар, демилгечи топтун мүчөлөрү жарандарга акча каражаттарын, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды таратууга, товарларды жеңилдетилген бааларда сатууга, басма сөз үгүт материалдарынан тышкары ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды акысыз берүүгө укуксуз. Үгүт жүргүзүүдө жарандарга акча каражаттарын жана башка материалдык баалуулуктарды берүүгө убада берүү менен таасир көрсөтүүгө тыюу салынат.
4. Үгүт ишин жүргүзүүгө төмөнкүлөр катыша албайт:
1) ээлеген кызмат жана кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматта болгон адамдар, укук коргоо, салык, финансы органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчысы;
2) активдүү шайлоо укугуна ээ болбогон адамдар.
11-берене. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн жарандардын колдорун топтоонун тартиби
1. Кол топтоо демилгечи топ тарабынан мыйзам долбоорунун тексти республикалык газеталардын бирине жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин башталат жана кол топтоо жол-жоболору башталган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин аяктайт. Кол топтоо мыйзам долбоорун колдогон он миң жана андан ашык кол коюлганда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
2. Кол топтоо укугу демилгечи топтун мүчөлөрүнө таандык. Кол топтоону жүргүзүүчү демилгечи топтун мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү үчүн сунуш кылынган мыйзамдын долбоорунун жарыяланган текстин таанышуу үчүн жарандарга берүүгө, же болбосо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына аны жайгаштырылгандыгы жөнүндө маалыматты, ошондой эле жарандардын талабы боюнча демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктү же анын көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Жарандардын кол топтоосу жашаган, иштеген, окуган жеринде, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында айлык акы берилген жерлерде кол топтоого жол берилбейт.
4. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту колдоп, жаран бир гана жолу кол коюуга укуктуу.
5. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту колдоп кол койгон жарандар кол коюлган барактар өткөрүлгөнгө чейин демилгечи тобуна арыз берүү жолу менен кол коюу барактарына өзү койгон колтамгасын чакыртып алууга укуктуу.
6. Мыйзамдын долбооруна элдик демилге жолу менен кайталап демилге көтөрүү колдорду топтоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин алты айдан эрте эмес мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Демилгечи топ тарабынан мурда чогултулган колдор кийинки элдик демилгени жүзөгө ашырууда пайдаланылышы мүмкүн эмес.
7. Кол топтоо аяктагандан кийин демилгечи топ кол топтоо жүргүзүлгөн ар бир областтар, Бишкек, Ош шаарлары боюнча жарандын чогулган колтамгаларын, ошондой Кыргыз Республикасынын жарандарынын кол топтоонун жалпы санын эсептейт, ал тууралуу демилгечи топтун жыйынтык протоколу түзүлөт.
(КР 2016-жылдын 31-мартындагы N 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Жарандардын колтамгаларынын аныктыгын текшерүү
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кол топтоо аяктагандан кийин отуз күндүк мөөнөттө кол топтоонун тартибинин, кол тамгалардын барактарынын жол-жоболоштурулушун, жарандар жөнүндө маалыматтардын жана жарандардын элдик демилгени колдоп, колтамгалардын аныктыгын текшерет.
Колтамгалардын аныктыгын жана кол коюу барактарында камтылган аларга тийиштүү маалыматтарды текшерүүнү өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн чечими менен Аппараттын кызматкерлеринин жана тартылган адистердин ичинен жумушчу топторду түзө алат.
2. Кол коюу барактарындагы маалыматтардын аныктыгын текшерүүнүн натыйжалары боюнча жарандын колтамгасы анык же болбосо анык эмес деп табылат.
3. Кол коюу барактарында камтылган эгерде алар тарабынан атайын ал алып салынышы эскертип айтылбаса, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кол коюу барактарын бергенге чейин кол коюу чогулткан демилгечи топтун мүчөсү тарабынан алынып салынган (чийип салынган) жарандардын колтамгасы жана ага тийиштүү маалыматтар текшерүүгө жана эсепке алууга жатпайт.
4. Жарандардын колтамгасынын аныктыгын текшерүүдө төмөнкүлөр анык эмес койгон кол болуп эсептелет:
1) жок адамдардын атынан коюлган жана анык деп берилген колтамгалар (жалган);
2) шайлоо укугуна ээ болбогон жарандардын колтамгалары;
3) демилгечи топ катталганга чейин топтолгон колтамгалар;
4) топтоого белгиленген мөөнөттү бузуу менен чогултулган колу.
5. Бир эле жарандын бир нече коюлган колтамгасы табылган учурда анын бири гана анык деп саналат.
6. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунуш үчүн кол коюу барактарына жарандардын колтамгалардын топтоонун натыйжалары жөнүндө жумушчу топтун чечими кабыл алынат. Ал чечимде демилгечи топтон кабыл алынган кол коюу барактарында коюлган колтамгалардын анык деп табылган жана анык эмес деп табылган колтамгалардын саны көрсөтүлөт.
7. Жумушчу топтун чечиминин бир нускасы демилгечи топко берилет.
8. Кол коюу барактары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин архивинде сакталууга тийиш.
9. Кол коюу барагынын формасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аныкталат.
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 30-майындагы N 1942-V "Кыргыз Республикасында элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасын аныктоо жөнүндө" токтому
13-берене. Элдик демилгени ишке ашырууга багытталган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар
Элдик демилгени ишке ашырууга багытталган иш-чараларды (жарандардын колтамгаларын топтоо, экспертизаларды өткөрүү ж.б.) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдар демилгечи топтун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
14-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдын долбооруна карата коюлуучу жалпы талаптар
1. Демилгечи топ мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун киргизүүнүн тартибине коюлган ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарды сактоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
2. Мыйзамдын долбооруна демилгечи топтун төрагасы (төрагасынын орун басары) виза коюуга тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү мыйзамдын долбооруна демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүгү, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген документтер тиркелет.
4. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине демилгечи топтун төрагасы (төрагасынын орун басары) сунуш кылат.
5. Техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду албаганда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде мыйзамдын долбооруна киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор демилгечи топ менен макулдашылууга тийиш, мунун өзү демилгечи топтун чогулушунун чечими менен ырасталат.
15-берене. Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө демилге көтөрүүдө жарандардын кеминде 300 миң колтамгаларын жана мыйзамдарды кабыл алууга демилге көтөрүүдө жарандардын кеминде 10 миң колтамгалары бар экендигин ырастоочу ушул Мыйзамдын талаптарын демилгечи топ сактагандыгы жөнүндө чечимди демилгечи топко берген учурдан тартып үч айдын ичинде демилгечи топ мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
16-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзамдын долбоорунун милдеттүү каралышы
1. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген талаптарга ылайык мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан милдеттүү каралууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамы тарабынан өзүнүн күчүн жана кароого милдеттүүлүгүн сактайт.
17-берене. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши экинчи окууда караганга чейин чакыртылып алынышы мүмкүн.
2. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө чечим демилгечи топтун жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда демилгечи топ бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жазуу жүзүндө билдирет.
4. Мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланат.
18-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Зомбулук, коркутуу, алдоо, сатып алуу жана башка ыкма менен жарандардын мыйзам чыгаруу демилге укугунун эркин жүзөгө ашырылышына, мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушка "макул" же "каршы" үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылган адамдар, ошондой эле жалган документтерди берген, кол коюу барактарындагы жарандардын колтамгаларынын аныктыгын текшерүүнүн натыйжаларын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин, башка уюмдардын кызмат адамдары жана башка адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген жоопкерчиликти тартат.
19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 22-ноябрында N98 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүү укугун караган 1-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун Жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын;
Караңыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги N 242 "Элдин мыйзам чыгаруучу демилге көтөрүүгө укугун ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | | Р.Отунбаева |
2011-жылдын 7-октябрында | | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |