20 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартиби жөнүндө Нускама


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 8-декабрындагы
N 319 токтому менен
бекитилген
 
Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу
актыларын укуктук, укук коргоо, гендердик,
экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан
өткөрүү тартиби жөнүндө
НУСКАМА
 
1. Жалпы жоболор
2. Терминдердин түшүнүктүк аппараты
3. Экспертиза жүргүзүү үчүн тапшырылчу документтер
4. Корутунду даярдоо
5. Укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык,
антикоррупциялык экспертизадан өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
Тиркеме. Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын
экспертизалоонун адистештирилген (антикоррупциялык,
гендердик укуктук, укук коргоочулук, экологиялык)
түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду
 
1. Жалпы жоболор
 
1. Бул нускама мыйзамдан келип чыгуучу актыларды укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, антикоррупциялык экспертизадан өткөрүү тартибин белгилейт.
2. Экспертизанын максаты болуп мыйзамдан келип чыгуучу актылардын сапатын жогорулатуу жана аларды укук колдонуу практикасында натыйжалуу пайдаланууга жетишүү эсептелет.
3. Экспертизанын милдеттери:
- долбоордун сапатына жана негиздүүлүгүнө баа берүү;
- долбоордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык келишине баа берүү;
- долбоордун мыйзамдан келип чыгуучу акт катарында кабыл алынышынын социалдык, экономикалык, экологиялык жана башка натыйжаларын аныктоо жана баа берүү аркылуу анын таасиринин натыйжалуулугун аныктоо;
- долбоордо норманы иштеп чыгуунун талаптары аткарылышына баа берүү.
4. Мыйзамдан келип чыгуучу актылардын долбоорлоруна экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү төмөнкү принциптерге негизделет:
- мыйзамдуулук;
- компетенттүүлүк;
- илимий негиздүүлүк;
- корутундунун объективдүүлүүлүгү;
- көз каранды эместик;
- ачык-айкындык;
- "кызыкчылыктардын кагылышуусуна" жол бербөө.
5. Мыйзамдан келип чыгуучу акт - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан андан жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылган ченемдик укуктук акт.
6. Өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ ченемдик укуктук актыны аткаруу үчүн кабыл алынган мыйзамдан келип чыгуучу акт жогору күчкө ээ ченемдик укуктук актылардын жоболоруна каршы келбөөгө жана/же аларды кайталабоого тийиш.
7. Мыйзамдан келип чыгуучу актылардын долбоорлоруна экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү үчүн эксперттер катары долбоорду даярдоого катышпаган адамдар тартылууга тийиш.
 
2. Терминдердин түшүнүктүк аппараты
 
8. Бул Нускамада колдонулган терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) антикоррупциялык экспертиза - эксперттердин мыйзамдан келип чыгуучу алдындагы актынын долбоорунда коррупциогендик факторлорду аныктоого, алардын коррупциогендүүлүк даражасын баалоого жана аларды жоюуга же чектөөгө багытталган рекомендацияларды иштеп чыгууга багытталган иши;
2) гендердик экспертиза - эксперттин мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоорунун жоболорун алардын коомдо жарыяланган гендердик теңчилик принциптерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык келиши жагында иликтөөгө багытталган иши;
3) гендердик теңчилик - ар кыл жыныстагы адамдардын укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчилигинин теңчилиги, берилген укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр, ар кыл жыныстагы адамдардын ортосундагы тең өнөктүк мамилелер;
4) дискрециялык ыйгарым укуктар - мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына (кызмат адамына) ал өзү ылайык көргөндөй колдоно алуучу ыйгарым укуктарды берүү;
5) жынысы боюнча басмырлоо - белгилүү жыныстагы адамдардын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же ар кандай башка тармактагы укуктарын жана эркиндиктерин жынысы боюнча начарлатууга же аларды таанууну, пайдаланууну же ишке ашырууну жокко чыгарууга багытталган ар кандай бөлүп-жаруу, жокко чыгаруу же чектөө;
6) коллизия - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктар (төп келишпестиктер);
7) коррупциогендүүлүк - долбоордун жоболорунда коррупциогендик факторлордун болушу;
8) коррупциогендүү фактор - долбоордун жоболорунда бекитилген, аларды ишке ашыруу процессинде коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү шарттар, мүмкүнчүлүктөр;
9) лимит - жаратылыш ресурстарын алуунун, керектөөнүн, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды чыгаруунун, төгүүнүн сандык чеги;
10) норма чыгаруу техникасы - нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана тариздөө эрежелеринин, ыкмаларынын, жолдорунун системасы;
11) шилтеме жобо - кайсы эрежени аткаруу зарылдыгын жалпы формада атаган норма, ал эми ошол эрежелердин конкреттүү мазмуну башка ченемдик укуктук актыларда берилет;
12) өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар/объекттер - коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жаратылыш комплекстери же өзүнчө жаратылыш объекттери кирген жер, суу (акватория) участоктору;
13) уруксат берүү ыйгарым укуктары - айрым иш менен (мисалы, күбөлүктөр, лицензиялар, аккредитациялар, сертификаттар) же айрым предметтерди (мисалы, куралды) пайдаланууга атайын укукту ырастаган документтерди берүүгө байланышкан иш-аракет; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө же ижарага берүүгө, ошондой эле бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүгө (мисалы, мамлекеттик сатып алуулар) байланышкан ыйгарым укуктар;
14) бирдей жоопкерчилик - адамдын кайсы жыныста экендигине карабастан мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн тиешелүү милдеттерди аткарууга жана аларды аткарбаганы үчүн мыйзам алдында бирдей - жоопкерчилик тартууга жөндөмдүүлүгү;
15) бирдей укуктар - эркек жана ургаачы жыныстагы адамдардын бирдей укуктук статусу;
16) бирдей мүмкүнчүлүктөр - эркек жана ургаачы жыныстагы адамдардын мыйзамдарда каралган укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталган укуктук, уюштуруучу, экономикалык жана башка чаралардын системасы;
17) тең өнөктөштүк мамилелер - эркек жана ургаачы жыныстагы адамдардын бири-бирине карата биргелешкен иш-аракеттери, мамлекеттик жана коомдук иштерге бирдей шарттарда бирге катышуусу;
18) каттоо ыйгарым укуктары - укук субъекттеринин (мисалы, салык төлөөчүлөрдүн, лицензиаттардын) укуктук статусу белгиленгендик, өзгөргөндүк же токтотулгандык фактыларын, ошондой эле жарандык укуктук бүтүмдөрдү жана укук объекттерин (мисалы, кыймылсыз мүлктү, автомобилдерди) күбөлөндүрүүгө байланышкан иш-аракеттер;
19) экологиялык коопсуздук - адамдын жана коомдун жашашынын шарты жана каражаты катары адамдын, коомдун турмуштук маанилүү кызыкчылыктары антропогендик жана табигый таасирлердин натыйжасында болуучу коркунучтардан корголушунун, айлана-чөйрөнүн корголушунун абалы;
20) экологиялык системалар (экосистемалар) - айлана-чөйрөнүн туруктуу өз ара байланышкан, өз алдынча өнүгүүчү, өз алдынча жөнгө салынуучу, өзү калыбына келе турган, зат жана энергия алмашуу процессин жүргүзүүчү табигый компоненттеринин жыйындысы, жашоону жаңылап өндүрүү жана экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү үчүн зарыл чөйрөнү жаңылап өндүрүү жана кармоо үчүн табигый мүмкүн болгон механизмдер;
21) экологиялык тобокел - табигый объекттердин жана факторлордун ар кандай (атайылап же кокустуктан, акырындап же катастрофалык) антропогендик өзгөрүүлөрүнүн айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына жагымсыз натыйжаларынын мүмкүндүгү;
22) экологиялык экспертиза - ишке ашырылышы айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына түз же кыйыр таасирин тийгизе турган чечимдердин экологиялык опурталынын жана коркунучунун деңгээлин аныктоо;
23) юрисдикциялык ыйгарым укуктар - администрациялык-укуктук жоопкерчилик чараларын колдонууга (мисалы, администрациялык айыптарды салууга) байланышкан иш-аракет.
 
3. Экспертиза жүргүзүү үчүн тапшырылчу документтер
 
9. Экспертиза жүргүзүү үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылууга тийиш:
а) мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоору;
б) салыштырма таблица (колдонуудагы ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы даярдалган учурда);
в) долбоорго маалымкат-негиздеме.
10. Мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбооруна маалымкат-негиздемеде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- долбоордун предметинин жана максаттарынын мүнөздөмөсү;
- долбоор жөнгө салууга багытталган тармакта колдонулган ченемдик укуктук актыларга талдоо;
- жоюуга же өркүндөтүүгө тийиш болгон жоболордун таасири жетишерлик натыйжалуу болбогондук себептерине жана шарттарына талдоо;
- ченемдик укуктук актыларды күчүн жоготту деп табууга берүүнүн зарылдыгына талдоо;
- мыйзамда аныкталган учурларда, долбоорду коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө жалпылоочу маалымат;
- финансылык-экономикалык баа берүү.
 
4. Корутунду даярдоо
 
11. Экспертизалардын тиешелүү түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча экспертизанын тиешелүү түрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Нускамага N 1 тиркеме менен аныкталган Типтүү формага ылайык таризделчү корутунду түзүлөт.
12. Корутунду төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
а) кабыл алынган учурда долбоордун коомдук мамилелерге таасиринин мүнөзүн чагылдыруучу жалпы бөлүк;
б) Конституциянын жана жогорку юридикалык күчкө ээ башка ченемдик укуктук актылардын нормаларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына долбоордун жоболорунун ылайык келишине баа берүү чагылдырылган атайын бөлүк;
в) эксперттин эскертмелери, сунуштары жана тыянактары, ошондой эле эксперимент жүргүзүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюуга багытталган рекомендациялар камтылган корутунду бөлүк.
13. Корутундуга экспертизаны жүргүзгөн эксперттер кол коюшат.
 
5. Укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык,
антикоррупциялык экспертизадан өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
 
14. Укуктук экспертиза
Укуктук экспертиза жүргүзүүнүн максаты болуп долбоордун максаттарынын, милдеттеринин, укуктук жөнгө салуу предметинин мыйзамдарга жана норма чыгаруу техникасынын талаптарына ылайык келишине укуктук баа берүү саналат.
Укуктук экспертиза Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык жүргүзүлөт.
Укуктук экспертиза төмөнкү этаптардан турат:
- даярдык көрүү этабы;
- жалпы укуктук талдоо;
- норма чыгаруу техникасынын эрежелерине ылайык келүүсүн талдоо;
- эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.
Даярдык көрүү этабы төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жөнгө салуучу предметин аныктоо;
- тийиштүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуу зарылдыгын аныктоо;
- долбоор чечүүгө багытталган проблемаларды аныктоо;
- долбоордун укуктук системадагы ордун аныктоо;
- долбоорду коомдук талкуулоо боюнча талаптардын аткарылышын (коомдук талкууга катышкандардан долбоорду иштеп чыгуучуларга түшкөн сунуштарды кабыл алуунун, кароонун жана жалпылоонун жыйынтыктарын) иликтөө.
Жалпы укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарга ылайык келишине баа берүү;
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына ылайык келишине баа берүү;
- долбоордун улуттук жана эл аралык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө (бирдей түргө келтирүүгө), ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден келип чыккан максаттарды ишке ашырууга тоскоол болгон жоболорун аныктоо;
- Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларынан келип чыккан эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоочу жоболорду аныктоо;
- долбоордун кабыл алынышы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын компетенттүүлүгүнө баа берүү;
- мыйзамдан келип чыгуучу актылардын сапатын жогорулатуу жана аларды укук колдонуу практикасында натыйжалуу пайдаланууга жетишүү максатында долбоордун пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.
Мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерине ылайык келишин талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- ченемдик укуктук актынын тандалган түрүнүн негиздүүлүгүн аныктоо;
- мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбооруна тиркелген документтердин зарыл пакетин даярдоо боюнча талаптардын аткарылышын иликтөө;
- мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоорунун тилине тиешелүү талаптардын, укуктук нормаларды баяндоонун эрежелери жана ыкмалары аткарылышын талдоо;
- долбоордун "иштебечү", "декларациялык" жоболорун, ошондой эле бири-бирине каршы келген жоболорун аныктоо;
- шилтеме жоболорун алардын негиздүүлүгү жана зарылдыгы жаатында талдоо;
- текстке терминдердин жарандарга түшүнүктүүлүгү жагында баа берүү.
Эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.
15. Укук коргоо экспертизасы
Укук коргоо экспертизасынын максаты мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоору адам укуктарын коргоонун белгиленген стандарттарына ылайык келишине баа берүүнү көздөйт.
Укук коргоо экспертизасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, башка ченемдик укуктук актыларга ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык жүргүзүлөт.
Долбоорлорго укук коргоо экспертизасы төмөнкү этаптардан турат:
- даярдык көрүү этабы;
- укук коргоого талдоо;
- адистештирилген-укуктук талдоо;
- эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.
Даярдык көрүү этабы төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоор жөнгө салуучу предметти аныктоо;
- долбоордун адамдын жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктарына түздөн-түз жана кыйыр тиешелүү жоболорун аныктоо;
- долбоор чечүүгө багытталган проблемаларды жана ал маселени укуктук жөнгө салуунун зарылдыгын аныктоо;
- коомдук талкуудан өткөрүлгөн учурда анын жыйынтыгы (коомдук талкууга катышкандардан келип түшкөн сунуштарды кабыл алуунун, кароонун жана жалпылоонун жыйынтыгы) жөнүндө маалыматка баа берүү.
Укук коргоо талдоосу төмөнкүлөрдөн турат:
- адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тармагында ченемдик жөнгө салуунун абалын талдоо;
- долбоордун адам укуктарын коргоо тармагындагы коомдук мамилелерге мүмкүн болуучу (позитивдүү же негативдүү) таасирине баа берүү;
- долбоорго адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруунун натыйжалуу механизмдери бар экендиги жагында баа берүү;
- долбоорго адам укуктарынын сакталышы жагында баа берүү;
- долбоордун маалымкат-негиздемесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды талдоо;
- мыйзамдан келип чыгуучу акт күчүнө киришинин натыйжасында жетишүү же чечилиши болжолдонгон максаттарга жана милдеттерге баа берүү;
- долбоордун аялуу социалдык топтордун укуктарына тийгизе турган таасирине баа берүү (долбоордун жоболору аялуу социалдык топтордун укуктарын кеңейтет же чектейт);
- иштелип чыга турган мыйзамдан келип чыгуучу актылардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында долбоордун пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
- адам укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу айрым жоболорду киргизүү, кеңейтүү, конкреттештирүү зарылдыгын аныктоо.
Адистештирилген-укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, адам укугун жана эркиндигин коргоо жагындагы мыйзамдарга төп келишине баа берүү;
- долбоор тиешелүү болгон тармактагы нормативдик жөнгө салуунун абалына баа берүү;
- тиешелүү тармактагы мыйзамдардын системасында долбоордун потенциалдуу ордун аныктоо;
- шилтеме жоболорду алардын болушу жана зарылдыгы жаатында талдоо;
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо тармагындагы эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык келишине баа берүү.
Эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.
16. Гендердик экспертиза
Гендердик экспертизанын максаты болуп мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоорунун жоболорунун эркектер менен аялдардын ортосунда укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтин, мүмкүнчүлүктөрдүн, тең өнөктөштүк мамилелердин жана натыйжалардын теңчилиги сакталышына ылайыктыгына баа берүү.
Гендердик экспертиза Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген гендердик теңчилик тармагындагы эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Гендердик экспертиза төмөнкү этаптардан турат:
- даярдык көрүү этабы;
- гендердик талдоо;
- адистештирилген-укуктук талдоо;
- корутундуну даярдоо жана тариздөө.
Даярдык көрүү этабы төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун аялдардын жана эркектердин укуктарына жана эркиндиктерине түз же кыйыр тиешелүү жоболорун аныктоо;
- долбоордун аялдар жана эркектер үчүн жоопкерчиликтин ченемдерин белгилеген жоболорун аныктоо;
- долбоордун гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган жоболорун аныктоо;
- долбоорго гендердик баа берүү зарылдыгын жана аны деталдаштыруу даражасын аныктоо;
- долбоор чечүүгө багытталган проблеманы жана ал маселени укуктук жөнгө салуу зарылдыгын аныктоо;
- долбоордун негиздүүлүгүнө учурдагы кырдаалдын, улуттук стратегиянын жана гендердик саясаттын приоритеттери жагынан баа берүү;
- долбоордун түзүлгөн гендердик практикага түз же кыйыр таасир тийгизүүчү жоболорун аныктоо.
Гендердик талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жоболорунун аялдардын жана эркектердин укуктук абалына мүмкүн болуучу (оң жана тескери) таасирине болжол, атап айтканда:
а) долбоордун ар кыл жыныстагы адамдардын өкүлдөрү үчүн түз же кыйыр түрдө оң/терс натыйжаларга дуушарлантуучу жоболорун аныктоо;
б) долбоордун учурдагы гендердик ролдордон жана стереотиптерден улам аялдардын жана эркектердин укуктук абалына таасирин тийгизе албачу жоболорун аныктоо;
- долбоордун жоболорунун укуктардын теңчилигинин, аларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн теңчилигинин, жоопкерчиликтин бирдейлигинин жана тең укуктуу өнөктүк мамиленин принциптерине ылайык келишин аныктоо;
- долбоордун жоболорунун практикада ишке ашыруу механизмдери менен, анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттер жагынан камсыздалышына баа берүү;
- долбоордун жоболоруна коргоо мыйзамдары жагынан баа берүү, атап айтканда:
а) долбоордун объективдүү гендердик асимметрия категориясына тиешелүү жоболорун аныктоо;
б) бир жыныс өкүлдөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган жоболорун аныктоо;
- аялдардын жана эркектердин укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу айрым жоболорду киргизүү, кеңейтүү, конкреттештирүү зарылдыгын аныктоо.
Адистештирилген-укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жыныстык белги боюнча басмырлоого жол бербөөнүн, мыйзам жана сот алдында баарынын бирдейлигинин, эркектердин жана аялдардын эркиндиктеринин, укуктарынын, мүмкүнчүлүктөрүнүн теңчилигинин конституциялык принциптерине, ошондой эле эркектер менен аялдардын укуктары жана эркиндиктери тармагында Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келишине баа берүү;
- долбоор тиешелүү тармактагы ченемдик жөнгө салуунун абалына баа берүү;
- долбоордун тийиштүү чөйрөдөгү мыйзамдар системасындагы потенциалдуу ордун аныктоо;
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген гендердик теңчиликти камсыздоо тармагындагы эл аралык келишимдердин нормаларына шайкештигине баа берүү.
Эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.
17. Экологиялык экспертиза
Экологиялык экспертизанын максаты - долбоорлордун жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына, экологиялык коопсуздуктун нормаларына ылайык келишин аныктоону, долбоор кабыл алынган учурда анын жоболорунун айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына тийгизиши мүмкүн болгон кесепеттерин аныктоону, алдын алууну, чектөөнү көздөйт.
Экологиялык экспертиза Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык жүргүзүлөт.
Долбоорлордун экологиялык экспертизасы төмөнкү этаптардан турат:
- даярдык көрүү этабы;
- социалдык-экологиялык талдоо;
- адистештирилген-укуктук талдоо;
- корутундуну даярдоо жана тариздөө.
Даярдык көрүү этабы төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоорго экологиялык баа берүүнүн зарылдыгын жана аны деталдаштыруунун даражасын аныктоо;
- долбоордун жаратылышты пайдалануу, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу, адамдын жана анын жашоо чөйрөсүнүн коопсуздугу, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине түз же кыйыр тиешелүү жоболорун аныктоо;
- долбоор чечүүгө багытталган маселени жана ал маселени укуктук жөнгө салуунун зарылдыгына баа берүү;
- долбоордун негиздүүлүгүнө учурдагы кырдаалдын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы улуттук стратегиянын жана саясаттын приоритеттери жагынан баа берүү.
Социалдык-экологиялык талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун айлана-чөйрө, экологиялык коопсуздук, калктын саламаттыгы үчүн түз же кыйыр кесепеттерге алып келе турган жоболорун аныктоо, анын ичинде:
а) жаратылыш аймактарынын жана объекттеринин абалынын начарлашына түз же кыйыр алып келе турган жоболор;
б) экосистемалардын өндүрүмдүүлүгү жана экосистемалык (кыртыш түзүү, сууну жөнгө салуу, климаттык жөнгө салуу) функциялардын аткарылышы азайышына түз же кыйыр алып келе турган жоболор;
в) жаратылышты пайдалануунун жана жаратылышты коргоонун салттуу практикасына терс таасирин түз же кыйыр тийгизүүчү жоболор;
г) калк үчүн экологиялык опурталдардын даражасы жогорулашына түз же кыйыр алып келе турган жоболор;
- долбоордун айлана-чөйрөгө, экологиялык коопсуздукка, калктын саламаттыгына түз же кыйыр жакшы өзгөрүүлөрдү алып келе турган жоболорун аныктоо, анын ичинде:
а) долбоордун жаратылыштык ресурстарды коргоо, аны кайталап өндүрүү жана ишкердиктин жаратылыш ресурстарына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүү боюнча иш-чараларды караган жоболору;
б) жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга, коомчулуктун катышуусун активдештирүүгө жана калктын кабардар болушун жогорулатууга тике же кыйыр түрдө алып келе турган жоболор;
в) долбоордун айлана-чөйрөнү коргоого шыктандыруунун натыйжалуу финансылык каражаттарын түзө турган жоболору;
г) долбоордун жаратылыш ресурстарынын табигый калыбына келишине тоскоолдук кылган аракеттерди же иштерди чектөөгө түз же кыйыр түрүндө багытталган жоболору;
- иштелип чыгуучу мыйзам алдындагы актылардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында долбоордун пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;
- айлана-чөйрөнү натыйжалуу коргоо жана экологиялык коопсуздукту арттыруу максатында айрым жоболорду киргизүүнүн, кеңейтүүнүн, конкреттештирүүнүн зарылдыгын аныктоо.
Адистештирилген-укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мыйзамдарга ылайык келишине баа берүү;
- долбоордун Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында бекитилген жарандардын экологиялык укуктарын ишке ашырууга багытталган жоболоруна баа берүү, атап айтканда:
а) жарандардын жашоо жана ден соолук үчүн ыңгайлуу айлана-чөйрөгө укугу;
б) жарандардын жаратылышты пайдалануу тармагындагы аракеттерден ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртууга укугу;
в) жарандардын айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө туура маалыматка болгон укугу;
г) жарандардын коомдук экологиялык экспертиза өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө жана анын натыйжалары жөнүндө маалымат алууга укугу;
- долбоордун жоболорунун айлана-чөйрө тармагындагы мыйзамдарга ылайык келишине баа берүү;
- долбоордун айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы мыйзамдар системасындагы потенциалдуу ордун аныктоо;
- шилтеме жоболорду алардын бар экендиги жана зарылдыгы жагында талдоо;
- долбоордун жоболорунун Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана экологиялык коопсуздук тармагындагы эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык келишине баа берүү.
Эксперттик корутундуну даярдоо жана тариздөө.
18. Антикоррупциялык экспертиза
Антикоррупциялык экспертизанын максаты болуп коррупциялык аракеттерди жасоо жана (же) чечимдерди чыгаруу үчүн мүмкүндүк түзгөн коррупциялык факторлорду камтыган жоболорду долбоордо аныктоо, ошондой эле коррупциялык факторлорду жоюу жагында, анын ичинде жоболорду оңдоо, текстине анткоррупциялык алдын алуучу механизмдерди киргизүү жолу менен рекомендацияларды берүү саналат.
Антикоррупциялык экспертиза Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
Долбоорлордун антикоррупциялык экспертизасы төмөнкүдөй этаптардагы процедуралардан турат:
- даярдык көрүү этабы;
- антикоррупциялык талдоо;
- адистештирилген-укуктук талдоо;
- корутундуну даярдоо жана тариздөө.
Даярдык көрүү этабы төмөнкүлөрдөн турат:
- долбоор жөнгө салуучу предметти аныктоо;
- долбоорго антикоррупциялык баа берүүнүн зарылдыгын жана аны деталдаштыруунун даражасын аныктоо;
- долбоор чечүүгө багытталган маселени жана ушул маселени укуктук жөнгө салуунун зарылдыгын аныктоо;
- долбоордун негиздүүлүгүнө учурдагы кырдаалдын, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү тармагында улуттук стратегиянын жана саясаттын приоритеттеринин көз карашынан баа берүү.
Антикоррупциялык талдоо өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоордун жоболоруна аларда коррупциялык факторлордун камтылышы жагында баа берүү;
- долбоордун жоболоруна өзүм билемдик ыйгарым укуктардын болушу жагында баа берүү, атап айтканда:
а) органга (кызмат адамына) бул же тигил фактыны өзү ылайык көргөндөй баалоого мүмкүнчүлүк берген жоболор;
б) органга (кызмат адамына) ченемдик укуктук актыны өзү ылайык көргөндөй аткаруу жолун аныктоого мүмкүндүк берген жоболор;
в) чечимди кабыл алуу мөөнөттөрүнүн жоктугу же белгисиздиги камтылган жоболор;
г) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын кайталанышы камтылган жоболор;
д) компетенцияны "укуктуу" формуласы боюнча аныктаган жоболор;
- долбоордун жоболорун адамга таандык укуктарды ишке ашыруу үчүн ага коюлган оорлотулган талаптардын бар экендиги жактан талдоо:
а) түйшүктүү жана/же аткарууга оор жоболор;
б) жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине тыюу салууларды жана чектөөлөрдү тиешелүү негизсиз койгон жоболор;
- долбоордун жоболоруна арыз ээсинин укуктарынын так регламентацияланышы жоктугу жагынан баа берүү;
- долбоордун жоболорунда лингвистикалык коррупциогендүүлүк болушуна баа берүү;
- долбоорду мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген ыйгарым укуктарынан келип чыкпаган мыйзам алдындагы актыларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген жоболордун жоктугу жагында талдоо;
- долбоордун жоболорун укуктук жөнгө салууда өксүктөр бар экендиги жана коррупциогендик шарттарды түзүү менен практикада аны өз алдынча толтуруу мүмкүнчүлүгү бар экендиги жагынан талдоо;
- долбоордун жоболоруна сынак (тоорук) жол-жоболорунун жоктугу же тийиштүү түрдө жөнгө салынбаганы жагынан баа берүү;
- долбоордун жоболорун мамлекеттик (муниципалдык) кызматчылардын функциялары, милдеттери жана укуктары аныкталбаганы же тийиштүү түрдө аныкталбаганы жагынан талдоо;
- долбоордун жоболоруна мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын кызмат адамдарын көзөмөлдөөнүн, анын ичинде коомдук көзөмөлдөөнүн жоктугу жагында баа берүү;
- долбоордун жоболоруна мамлекеттик сырды жана жашырын мүнөздөгү маалыматтарды сактоо боюнча талаптарды эске алуу менен иштин жана маалыматтын ачык-айкындыгына талаптардын бузулушу жагынан баа берүү;
- долбоордун жоболорун ар кыл укуктук актылар ортосунда мамлекеттик (муниципалдык) кызматчыга колдонулуучу жобону өзү тандоого мүмкүнчүлүк берүүчү коллизиялардын - карама-каршылыктардын бар экендиги жагынан талдоо;
- мыйзамдан келип чыгуучу актыларды кабыл алуу жол-жобосунун бузулушу жагынан талдоо;
- долбоордун жоболорун кызыкчылыктардын балансынын бузулушу - бир топтун (топтордун) кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен башка (бир нече) кызыкдар топтун кызыкчылыктарын артыкчылык берүү жагынан талдоо.
Адистештирилген-укуктук талдоо төмөнкүлөрдөн турат:
 
 
Тиркеме
 
Типтүү форма
Кыргыз Республикасынын мыйзамдан келип чыгуучу актыларын
экспертизалоонун адистештирилген (антикоррупциялык,
гендердик укуктук, укук коргоочулук, экологиялык)
түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча
КОРУТУНДУ
 
(Корутунду экспертизаны жүргүзгөн
органдын бланкында берилет)
 
Күнү: Экспертизанын түрү ______________
 
Каттоо номери N Дареги __________________________
 
Экспертизаны жүргүзгөн орган ____
_________________________________
 
"______________________" мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоорун
кароо жөнүндө
 
1. Долбоор жөнүндө маалымат.
Кыргыз Республикасынын ___________________________________________ атайын ыйгарым укуктуу органына _______________________________________ мыйзамдан келип чыгуучу актынын долбоору ______________________________ экспертиза жүргүзүүгө берилет.
Долбоорго төмөнкүлөр тиркелди:
- маалымкат-негиздеме;
- салыштырма таблица (колдонуудагы ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген же жаңы редакциясы даярдалган учурда).
2. Жалпы бөлүк
Мамилелердин тиешелүү тармагын жөнгө салуу үчүн долбоор жөнгө салуучу предметти, долбоордун маанисин жана зарылдыгын аныктоо (статистикалык маалыматтар, жөнгө салуу таасирин талдоонун жыйынтыктары ж.б.);
3. Долбоордун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарга ылайык келишине баа берүүнүн натыйжалары:
Эксперт корутундунун бланкына төмөнкүдөй формулировкалар аркылуу түшүндүрмө киргизет:
а) "Кыргыз Республикасынын Конституциясына, конституциялык мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт";
б) "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, конституциялык мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын нормаларын аткаруу үчүн кабыл алынат";
в) "Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын нормаларына каршы келет";
г) "Колдонуудагы мыйзамдарга салыштырганда прогрессивдүү нормаларды киргизет".
4. Долбоорго Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык келиши жагында баа берүүнүн жыйынтыгы.
Эксперт долбоордун ылайык келиши салыштырып текшерилген жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин тизмесин берет.
Корутундунун бланкына төмөнкүдөй формулировкалар аркылуу түшүндүрмөлөр киргизилет:
а) "Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына каршы келбейт.";
б) "Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин нормаларына ылайык келген ....... аткаруу үчүн кабыл алынат";
в) "Эл аралык актылардын нормаларына каршы келет" (атоо жана негиздөө).".
5. Адистештирилген бөлүк
Эксперт Нускаманын өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна ылайык корутундунун бланкына адистештирилген талдоонун жыйынтыгын жазат.
6. Тыянактар жана түшүндүрмөлөр
Долбоор жөнүндө жалпы тыянактар төмөнкү аныктамалардын бирин камтууга тийиш:
а) "Оң корутунду";
б) "Долбоор толуктап иштеп чыгууну жана кайрадан экпертизадан өткөрүүнү талап кылат";
в) "Терс корутунду".
Зарыл болсо эксперт киргизилиши документтин сапатын жакшыртууга мүмкүндүк бере турган жоболорду формулировкалоо аркылуу өзүнүн сунуштарын даярдашы мүмкүн.
 
Атайын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органдын жетекчиси ____________ ______________________
колу аты-жөнү
 
Аткаруучу/телефон
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы