25 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМДАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ, ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ ЖАНА ЧЕЧИМДЕРДИН ҮЛГҮЛӨРҮ (ЖЧК, КЖК, ААК, ЖАК, КК, ДЧ, ж.б. түрүндө)


  КОММЕРЦИЯЛЫК УЮМДАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ (ЖЧК, КЖК, ААК, ЖАК, КК, ДЧ, ж.б. түрүндө)
 
          1. Коммерциялык уюмдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн   уюштуруучу (уюштуруучулар) төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
-    юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
-   юридикалык жактардын,филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн)Бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган, башка юридикалык жактардын фирмалык аталышынан айырмаланган фирмалык аталышты тандоо;
-   юридикалык жактар өз фирмалык аталыштарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде тийиштүүлүгүнө жараша кыргыз, орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш. Мисалы:
Ø Мамлекеттик тилдеги толук фирмалык аталышы:
"КФК" жоопкерчилиги чектелген коому
Ø Расмий тилдеги толук фирмалык аталышы:
Общество с ограниченной ответственностью "КФК"
 (Туура эмес фирмалык аталыш: ("КФК"(«KFK») жоопкерчилиги чектелген коому)
 
2. Мамлекеттик каттоонун мөөнөттөрү
Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо документтерди тапшырган учурдан тартып төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
ü    коммерциялык уюмдар – 3 жумуш күндѳ;
ü    финансы-кредиттик мекемелер (банк, микрофинансылык компания, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик ж.б.) - 10 календардык күндѳ.
 
3. Коммерциялык уюмдарды мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген түр боюнча каттоо арызы;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимдин түп нускасы;
- финансы-кредиттик мекеменинжетекчисинин колтамгасы коюлган уставы эки нускада;
- финансы-кредиттик мекеменинбардык уюштуруучулардын колтамгасы коюлган уюштуруу келишими эки нускада (эгерде юридикалык жак 2 ден ашык уюштуруучу менен түзүлүп жатса);
- Улуттук банктын же анын аймактык бөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу - финансы-кредиттик мекеме үчүн;
- уюштуруучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жактын);
- уюштуруучуну (юридикалык жакты) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү - эгерде ал жергиликтүү юридикалык жак болуп эсептелинсе;
- мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча уюштуруучу иштөөдөгү деп саналгандыгын (юридикалык жак) тастыктаган башка документ - эгерде ал чет өлкөлүк юридикалык жак болуп эсептелинсе.
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон (КМШ өлкөлөрү) тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт;
- түзүлүп жаткан юридикалык жактын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
- ишеним каттын түп нускасы - эгерде жак ишеним каттын негизинде иш алып барса.
 
Кошумча маалымат
 
1.        Мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтышы зарыл:
- катталуучу юридикалык жактын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышын;
- жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);
- фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен, ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтарды;
- юридикалык жактын уставдык капиталынын (пайлык фондунун) өлчөмүн жана уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) ар бир уюштуруучунун үлүштөрүнүн (пайларынын) өлчөмүн;
- аткаруучу органдын жетекчисинин фамилиясын, атын, атасынын атын;
- уставды, уюштуруу келишиминин бекитүү жөнүндө, ошондой эле төмөнкү текстти:
«Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат»;         
2.        Коммерциялык уюмду түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамга коет жана ар бир жеке жактын-уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Керектүү документтер каттоо органына уюштуруучу (уюштуруучулар) - жеке жак (жеке жактар) тарабынан түздөн-түз берилген учурда анын (алардын) колтамгасын нотариалдык милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3.        Жоопкерчилиги чектелген коом үчүн уставдык капиталдын минималдуу жана максималдуу өлчөмү аныкталган эмес;
4.         Акционердик коом үчүн уставдык капиталдын өлчөмү эсептик көрсөткүчтүн бир миӊ өлчөмүнөн кем эмес болушу керек, б.а. 100 000 сом;
5.        Жоопкерчилиги чектелген коом бир гана жактан турган башка чарбалык коомду жападан-жалгыз катышуучу катары кармай албайт;
6.        Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын саны 30дан ашпайт;
7.         Ачык акционердик коомдун уюштуруучуларынын саны чектелген эмес. Жабык акционердик коомдун уюштуруучуларынын саны 50дөн ашпайт;
8.        Кооперативдин мүчөлөрүнүн саны жети адамдан кем болбошу зарыл;
9.         Банктар, камсыздандыруу уюмдары, микрофинансылык компаниялар акционердик коом түрүндө гана түзүлүшү мүмкүн;
10.     Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат;
11.    Табигый монополиялардын субъекттерин каттоодо мамлекеттик монополияга каршы органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.
            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик республикалык реестринде чарбалык субъекттердин болуусу жаатындагы субъекттер боюнча), Бишкек ш., Байтик Баатыр көч., 7Б/1-үй, тел.: 0(312) 88 11 60.
            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергеткалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик (ОЭК жаатындагы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери боюнча ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119-үй, тел.: 0(312) 56 28 97.
 
 Коммерциялык уюмдардын чечимдеринин жана уставтарынын үлгүлөрү

ЖЧКанын 1 уюштуруучусунун чечими 
(Жүктөп алуу)

ЖЧКанын 2 жана андан көп уюштуруучуларынын чечими 
(Жүктөп алуу)

ЖЧКнын уставы
(Жүктөп алуу)
__________________________________________________________

КЖКанын 1 уюштуруучусунун чечими
(Жүктөп алуу)


КЖКанын 2 жана андан көп уюштуруучуларынын чечими
(Жүктөп алуу)

КЖКнын уставы
(Жүктөп алуу)
__________________________________________________________

ААКнын 
1 уюштуруучусунун чечими
(
Жүктөп алуу)

ААКанын 2 жана андан көп уюштуруучуларынын чечими
(Жүктөп алуу)

ААКнын уставы
(Жүктөп алуу)
__________________________________________________________

ЖАКтын 1 уюштуруучусунун чечими
(
Жүктөп алуу)

ЖАКтын 2 жана андан көп уюштуруучуларынын чечими
(Жүктөп алуу)

ЖАКтын уставы
(Жүктөп алуу)

__________________________________________________________

ККын 7 жана андан көп уюштуруучуларынын чечими
(Жүктөп алуу)

ККнын уставы
(Жүктөп алуу)

__________________________________________________________
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы