15 Аяк оона, 2019
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана тартиби


I.                   МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ
 
 
       1. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн   уюштуруучу (уюштуруучулар) төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
 
ü    филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
ü    Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган, башка филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) фирмалык аталышынан айырмаланган фирмалык аталышты тандоо;
ü    филиалдар (өкүлчүлүктөр) өз фирмалык аталыштарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде тийиштүүлүгүнө жараша кыргыз, орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын пайдаланууга тийиш. Мисалы:
Ø Мамлекеттик тилдеги толук фирмалык аталышы:
"КФК" жоопкерчилиги чектелген коомунун филиалы
Ø Расмий тилдеги толук фирмалык аталышы:
Филиал общества с ограниченной ответственностью "КФК"
 (Туура эмес фирмалык аталыш: "КФК"(«KFK») жоопкерчилиги чектелген коомунун филиалы)
 
2. Мамлекеттик каттоонун мөөнөттөрү
 
Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо документтерди тапшыргандан учурдан тартып төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат:
ü    жергиликтүү уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) – 3 жумуш күндѳ;
ü     финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) - 10 календардык күндѳ;
ü    саясий партиялардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) - 30 календардык күндѳ.
 
3. Филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
 
-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген түр боюнча каттоо арызы;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимдин түп нускасы;
- уюштуруучуну (юридикалык жакты) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү - эгерде ал жергиликтүү юридикалык жак болуп эсептелинсе;
- мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча уюштуруучу иштөөдөгү деп саналгандыгын   (юридикалык жак)   тастыктаган башка документ - эгерде филиал (өкүлчүлүк) түзгөн  юридикалык жак чет өлкөлүк болуп эсептелинсе.
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон (КМШ өлкөлөрү) тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт;
-    түзүлүп жаткан   филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
- ишеним каттын түп нускасы - эгерде жак ишеним каттын негизинде иш алып барса.
- саясий партиялардын филиалын (өкүлчүлүгүн) мамлекеттик каттоодо арыз ээси кошумча түрдө фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, дарегин жана саясий партияга мүчөлүккө кабыл алынган датасын көрсөтүү менен саясий партиянын тиешелүү филиалында (өкүлчүлүгүндө) турган мүчөлөрүнүн тизмесин тапшырат.
 
 Финансы-кредиттик мекемелердин, чет элдик же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) кошумча көрсөтүшөт:
 - филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө бекитилген жобо эки нускада;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимди кабыл алган финансы-кредиттик мекеменин, чет элдик же эл аралык уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- Улуттук банктын же анын аймактык бөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу (финансы-кредиттик мекемелердин  филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн).
 
 
Муну билүү маанилүү:
 
1. Филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтышы зарыл:
       - мамлекеттик жана расмий тилдерде филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышы;
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери;
- филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзүп жаткан юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, юридикалык дареги, каттоо маалыматтары;
          - филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу, ошондой эле төмөнкү текстти:
«Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат».  
2. Филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечимге юридикалык жактын органынын   колу коюлат жана юридикалык жактын мөөрү бар болсо аны менен бекитилет;
3.    Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат.
 
 

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

МАМЛЕКЕТТИК КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ ЖАНА ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы