27 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

КОММЕРЦИЯЛЫК ЭМЕС УЮМДАРДЫ МАМЛЕКЕТТИК КАЙРА КАТТОО ЖОЛ-ЖОБОСУН ӨТҮҮ ТАРТИБИ, ЗАРЫЛ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ ЖАНА ЧЕЧИМДЕРДИН ҮЛГҮЛӨРҮ (КБ, КФ, ТМШ, ДБ, СП, М-Е, АБ, АК, Ж.Б.ТҮРҮНДӨ)


1.        Юридикалык жактарды мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн негиздер
Юридикалык жак төмөнкүдөй учурларда мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү:
 1) өзгөртүп түзүү, бөлүнүп чыгуу, биригүү формасындагы кайра түзүүдө;
2) уставдык капиталдын жана пайлык фондунун өлчөмү өзгөргөндө;
3) фирмалык аталышы өзгөргөндө;
4) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же болбосо уюштуруу документтерин жаңы редакцияда бекитүү (түзүү) (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
5) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо), коомдук фонддордун, мекемелердин жана топтолмо пенсиялык фонддордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамы өзгөргөндө;
6) чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун (акционердик коомдорду кошпогондо) уставдык капиталындагы катышуучулардын үлүштөрү өзгөргөндө;
7) жайгашкан жерине карабастан каттоочу органда катталууга тийиш болгон юридикалык жактардан тышкары, юридикалык жактын жайгашкан жери өзгөргөндө (бир облустан экинчи облуска, же болбосо облустан Бишкек (Ош) шаарына жана тескерисинче);
 8) юридикалык жактын органы же сот тарабынан аны кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганда.
 
2. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо үчүн документтерди берүүнүн мөөнөтү
 Юридикалык жак саналып кеткен негиздердин бирөө эле болсо, төмөнкүдөй мөөнөттөрдө мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү:
-   тиешелүү чечим кабыл алынгандан тартып 30 календардык күндүн ичинде;
- (финансы-кредиттик мекемелер үчүн) - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде.
 
3. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо мөөнөтү
ü    коммерциялык эмес уюмдар - 10 календардык күндѳ;
ü    саясий партиялар - 30 календардык күндѳ.
 
     4. Коммерциялык эмес уюмдарды мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
          - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген түр боюнча каттоо арызы;
          - юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимдин түп нускасы;
          - мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;
          - уюштуруу документтеринин түп нускалары;
          - эки нускадагы жаӊы редакциядагы же киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен уюштуруу документтери;
          - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү (эгер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда) же кайра катталып жаткан юридикалык жактын ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкаты (эгер салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы жоголгон (бузулган) учурда);
          - мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген, юридикалык жак жөнүндө документ – 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар үчүн.
 
Кошумча берилет:
- чыгуу жөнүндө арыз - коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу (катышуучусу) катышуучуларынын курамынан чыккан учурда. Мында жеке жактын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт, юридикалык жактын өкүлүнүкү өзүнүн уюмунун мөөрү менен бекитилет же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлөт;
- жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим - коомдук фонддун, мекеменин же топтолмо пенсиялык фонддун   курамына жаңы уюштуруучу (катышуучулар) кирген учурда. Чечим уюштуруучулардын аракеттеги курамы менен кабыл алынат;
- паспорттун көчүрмөсү – эгерде   коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун   курамына жаӊы катышуучу киргизилип жатса. Ошондой эле уюштуруучунун, жетекчинин паспортунун көчүрмөсү, эгерде колдонуудагысы өзгөртүлсө, бирок паспорттук маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө каттоо органына кабарлама жөнөтүлбөгөн болсо;
          - уюштуруучуну (юридикалык жакты) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү - эгерде ал жергиликтүү юридикалык жак болуп эсептелинсе;
- мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча уюштуруучу иштөөдөгү деп саналгандыгын   (юридикалык жак)   тастыктаган башка документ - эгерде ал чет өлкөлүк юридикалык жак болуп эсептелинсе.
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон (КМШ өлкөлөрү) тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин юридикалык жактары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт;
- мөөрдү жана (же) штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкаты - кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында өз ишин токтотуп жаткан юридикалык жак керектүү документтер менен кошо тапшырылат, ал эми фирмалык аталышы өзгөргөн учурда мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү алаар алдында тапшырылат;
          - ишеним каттын түп нускасы - эгерде жак ишеним каттын негизинде иш алып барса;
          - бөлүү жана ажыратуу жолу менен кайра уюштурууда бөлүү балансын;
          - кошуу, кайра түзүү жолу менен кайра уюштурууда өткөрүү актысын.
 
II.          Юридикалык жакты кайра түзүү өзгөчөлүктөрү
 
 Юридикалык жактарды кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) же уюштуруу документтери менен ага ыйгарым укук берилген юридикалык жактын органынын чечими менен, лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктарга, финансы-кредит уюмдарына же мекемелерге карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
Сот тарабынан таанылган же кредиторлордун жыйынында банкрот (кудуретсиз) деп жарыяланган юридикалык жакты кайра түзүү негиздери жана тартиби банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.
Кайра уюштурууга байланыштуу кредиторлор болгон учурда юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн документтерди тапшырганга чейин эки ай мурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан талаптарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү. Каттоочу орган арыз ээсинен кабарламаны алганда аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү. Кредиторлор тарабынан талаптарды коюунун мөөнөтү каттоочу органдын расмий сайтында маалымат жарыяланган күндөн тартып 2 айдан кем болушу мүмкүн эмес.
Кредиторлор болбогон учурда анын жетекчисинин колтамгасы менен алардын жоктугу тууралуу кайра уюштурулуучу юридикалык жактын кепилдик каты каттоочу органга берилет. Кабарламанын формасы каттоочу орган тарабынан аныкталат.
Кошуу аркылуу кайра түзүү түрүндөгү учурлардан тышкары, жаңы пайда болгон юридикалык жактар каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак кайра түзүлдү деп эсептелинет.
Юридикалык жакты ага башка юридикалык жакты кошуу менен кайра түзүүдө алардын биринчиси юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кошулган юридикалык жактын ишмердигинин токтотулушу тууралу жазуу киргизилген учурдан тартып кайра түзүлдү деп эсептелет.
Жабык коомдун акционерлеринин саны 50дөн ашкан учурда, коом бир жылдын ичинде ачык коомго кайра түзүлүшү керек.
Бир түрдөгү чарбалык шериктештик жана коом экинчи түрдөгү чарбалык шериктештикке жана коомго же кооперативге катышуучулардын жалпы жыйналышынын чечими менен «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» КР Мыйзамынын жоболорун сактоо менен кайра түзүлө алат.
Жоопкерчилиги чектелген коом акционердик коомго гана өзгөртүп түзүлөт.
ЖАК жана ААК жоопкерчилиги чектелген коомго жана (же) коммерциялык уюм түрүндө түзүлгөн кооперативге кайра өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
Турак жай ээлеринин шериктештиги менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими боюнча турак жай же турак жай курулуш-кооперативине кайра түзүлүшү мүмкүн.
 
1.      Юридикалык жактарды кайра түзүүдө укуктун өтүүсү
1. Юридикалык жактар кошулганда алардын ар биринин укуктары менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык өтөт.
2. Бир юридикалык жакты башка юридикалык жакка кошкондо кийинкисине кошулган юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өткөрүп берүү актысына ылайык өтөт.
3. Юридикалык жакты бөлгөндө анын укуктары менен милдеттери жаңы пайда болгон юридикалык жактарга бөлүү балансына ылайык өтөт.
4. Юридикалык жактын курамынан бир же бир нече юридикалык жак бөлүнүп чыкканда алардын ар бирине ажыратуу балансына ылайык кайра түзүлгөн юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өтөт.
5. Бир түрдөгү юридикалык жакты экинчи түрдөгү юридикалык жакка кайра түзгөндө (уюштуруучулук-укуктук түрүн өзгөрткөндө) жаңы пайда болгон юридикалык жакка өткөрүп берүү актысына ылайык кайра түзүлгөн юридикалык жактын укуктары менен милдеттери өтөт.
 
Кошумча маалымат
 
                      1. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде мамлекеттик реестрде жазылган маалыматтарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматтар (Мисалы, уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамы өзгөргөн учурда, чечимде жаӊы катышуучу (катышуучулар) маалыматтар толугу менен көрсөтүлүшү керек же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмү өзгөргөн учурда, анда чечимде катышуучунун (катышуучулардын) үлүштөрүнүн жаӊы өлчөмдөрү көрсөтүлүшү керек ж.б.),   ошондой эле төмөнкү текст камтылышы керек:
                 «Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат»;
2. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” КР Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы менен катчысынын колтамгалары коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет. Мөөр жок болсо, көрсөтүлгөн адамдардын колтамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлөт;
3. Чарбалык шериктештиктерди жана коомдорду (акционердик коомдорду кошпогондо), б.а. жоопкерчилиги чектелген (кошумча) коомду, толук (командиттик) шериктештикти мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимине ар бир уюштуруучу (катышуучу) колтамга коёт, мында жеке жакты уюштуруучунун (катышуучунун) колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ар бир юридикалык жактын - уюштуруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастайт же өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрөт;
4. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат;
5. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк, мөөрлөр жана (же) штамптар, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана юридикалык жактын филиалдарынын өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, мамлекеттик кайра каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин каттоочу органга Юстиция министрлиги бекитген түр боюнча кабарлама сунушталат (каттоочу органдан же Юстиция министрлигинин сайтынан алса болот). Кабарлама каттоочу орган тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланууга тийиш;
6.Мөөр жана (же) штамп болбогон учурда, каттоочу органга алардын жок экени жөнүндө кайра түзүлүп (жоюлуп) жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат;
7. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамынан уюштуруучуну (катышуучуну) чыгарып салууда каттоочу органга мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кошумча тапшырылат;
8.   Өткөрүп берүү актысы же бөлүү балансы   кайра түзүлгөн юридикалык жактын бардык кредиторлору менен карыздарларына карата болгон бардык милдеттенмелери боюнча, анын ичинде тараптар талашып жаткан милдеттенмелер боюнча укуктардын өтүүчүлүгү тууралуу жоболорду камтууга тийиш;
9. Билим берүү уюмунун уставы билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылгандан кийин юстиция органдарында катталууга жатат;
10. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу төмөнкү учурларда талап кылынат:
- табигый монополиялардын субъекттерин кайра түзүү жана кайра каттоо;
- чарбакер субъекттерди кайра түзүү (биригүү, кошулуу, кайра түзүү), эгерде бул үстөмдүк абал кылып турган чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе;
- уруксат берилген монополиялардын субъекттерин жоюу;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин биригүүсү, кошулуусу жана жоюулушу, эгерде бул үстөмдүк абал кылып турган чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (Кыргыз Ренспубликасынын табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик республикалык реестринде чарбалык субъекттердин болуусу жаатындагы субъекттер боюнча), Бишкек ш., Байтик Баатыр көч, 7Б/1-үй, тел.: 0(312) 88 11 60.
            - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик (ОЭК жаатындагы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери боюнча )Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119-үй, тел.: 0(312) 56 28 97.
 

 
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы