1. Юридикалык жактарды жоюу жол-жобосу
1-этап: юридикалык жактын органы же сот юридикалык жакты жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) тандоо (дайындоо) жөнүндө чечим кабыл алат;
2-этап: жоюу комиссиясы (жоюучу) чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде каттоочу органга юридикалык жакты жоюу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны жөнөтөт.
Кабарлоо жоюу комиссиясы менен кол коюлган анын кредиторлорунун талаптарын билдирүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалыматты камтуусу тийиш, ага жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучу) дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөсү тиркелет, ал эми чечимдин түп нускасы иш-аракетин токтотууну каттоого документтерди тапшырууда көрсөтүлөт. Мында анын кредиторлорунун талаптарын билдирүү мөөнөтү жоюлгандыгы жөнүндө жарыяланган учурдан тартып 2 айдан кем болууга тийиш эмес.
3-этап: каттоочу орган кабарламаны алгандан кийин:
- каттоочу орган юридикалык жакты жоюу жөнүндө кабарлоону алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге юридикалык жак жоюлуу процессинде экендиги жөнүндө маалыматты киргизүүгө жана бул тууралуу салык жана бажы органдарына, статистика органдарына жана Социалдык фондго билдирет.
- 5 жумуш күндүн ичинде юридикалык жак жоюулуу процессинде тургандыгы жөнүндө маалыматты Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырат.
4-этап: юридикалык жак жоюулуу процессинде тургандыгы жөнүндө жарыялаган учурдан тартып кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кредиторлор тараптан талаптарды кабыл алат.
5-этап: кредиторлор менен эсептешүүлөр аягына чыккандан кийин жоюу комиссиясы (жоюучу) юридикалык жактын же органдын мүлкүнүн ээси менен бекитиле турчу жоюу балансын түзөт, б.а. юридикалык жактын органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактарга милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болсо гана кабыл ала алат.
6-этап: юридикалык жак жоюу балансын бекитүү жөнүндөгү чечимди кабыл алгандан кийин иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтердин пакетин топтойт (Социалдык фонддун маалым катты, салык органынын маалым катын, ички иштер органынын маалым катын, мамлекеттик архив фондунун корутундусун);
7-этап: каттоочу органга иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди көрсөтүүнүн алдында юридикалык жак өзүнүн бардык филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жоюга милдеттүү;
8-этап: юридикалык жак зарыл болгон документтердин пакетин топтоп иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн каттоочу органга көрсөтөт.
9-этап: 7 жумуш күндүн ичинде каттоочу орган тарабынан тапшырылган документтерди текшерүү жүргүзүлөт жана иш-аракетин токтотууну каттоо жана андан баш тартуу жөнүндө акт чыгарылат.
10-этап: каттоочу орган тарабынан иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө акт чыгарылган учурда бул жөнүндө салык органдары, статистика органдары жана социалдык фонд кабарланат, иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө маалыматтар мамлекеттик реестрге киргизилет, ал эми арыз ээси акттын көчүрмөсүн алат.
- каттоочу орган тарабынан иш-аракетин токтотууну каттоодон баш тартуу жөнүндөгү актты чыгарган учурда, арыз ээси буйруктун көчүрмөсүн жана документтердин пакетин алат. Каттоочу органдын акттында көрсөтүлгөн сын-пикирлер жоюлгандан кийин документтердин пакети каттоочу органга кайра тапшырылат.
2. Юридикалык жактарды мажбурлап жоюу
Юридикалык жак салык органына жана (же) Социалдык фонд органына ай сайын берилүүчү отчетторду эки жыл бою бербей келген учурда салык органы жана (же) Социалдык фонд органы юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими каттоо органы тарабынан иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
3. Юридикалык жактын иш-аракетинин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген түр боюнча каттоо арызы;
- жоюу жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө юридикалык жактын органынын чечиминин түп нускасы;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;
- жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечиминин түп нускасы;
- устав (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралу Социалдык фонд органынан маалым кат;
- салыктар боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынан маалым кат;
- мөөрдү жана (же) штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалымкатты (алар бар болгон учурда);
- жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жер жөнүндө мамлекеттик архивдик фонддун корутундусу;
- каттоо жыйымын төлөгөндүгү тууралу квитанция;
- мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген, юридикалык жак жөнүндө документ – 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жактар үчүн.
4. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоо мөөнөттөрү
Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоо документтерди тапшырган учурдан тартып 7 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
5. Филиалдын (өкүлчүлүктүн) иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген түр боюнча каттоо арызы;
- юридикалык жактын органынын же соттун филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө чечиминин түп нускасы;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы;
- мөөрдү жана (же) штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан маалым катты (алар бар болгон учурда);
- каттоо жыйымын төлөгөндүгү тууралу квитанция;
- жобо (финансы-кредиттик мекемелердин, чет элдик же эл аралык уюмдардын Филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
- салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү (эгер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда) же жоюлуп жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн)ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкаты (эгер салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы жоголгон (бузулган) учурда);
- мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө документ – 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиал (өкүлчүлүк) үчүн.
Чет элдик мамлекеттин мыйзамдары боюнча катталган юридикалык жактын Филиалдары (өкүлчүлүктөрү) тарабынан кошумча берилет:
- камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралу Социалдык фонд органынан маалым кат;
- салыктар боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынан маалым кат;
Кошумча маалымат
1. Жоюу жөнүндө жана жоюу комиссиясын (жоюучуну) шайлоо (дайындоо) жөнүндө юридикалык жактын органынын чечими Социалдык фонддун, салык органынын, ички иштер органынын маалым каттары берилээрден мурда кабыл алынышы зарыл.
2.Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет. Мөөр болбогон учурда көрсөтүлгөн жактардын колтамгалары нотариалдык күбөлөндүрүлөт;
3. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимге ар бир катышуучу колтамга коёт, мында жеке жактын катышуучусунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Юридикалык жактын - катышуучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен ырастоого же өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш, мында жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечим милдеттүү түрдө төмөнкүдөй текстти камтышы зарыл:
«Жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана, мыйзамда белгиленген учурларда, иш-аракетин токтотууну каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат»;
4. Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш;
5. Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк, мөөрлөр жана (же) штамптар, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана юридикалык жактын филиалдарынын өкүлчүлүктөрүнүн уюштуруу документтери жоголгон (бузулган) учурда, мамлекеттик кайра каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин каттоочу органга Юстиция министрлиги бекитген түр боюнча кабарлама сунушталат (каттоочу органдан же Юстиция министрлигинин сайтынан алса болот). Кабарлама каттоочу орган тарабынан 5 жумушчу күндүн ичинде юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланууга тийиш;
6. Сунушталып жаткан документтерде көрсөтүлгөн юридикалык жактын каттоо маалыматтары мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө камтылган маалыматтарга ылайык келиши зарыл.
7. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу табигый монополиялардын субъекттерин жоюу учурунда талап кылынат.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик республикалык реестринде чарбалык субъекттердин болуусу жаатындагы субъекттер боюнча), Бишкек ш., Байтик Баатыр көч, 7Б/1-үй , тел.: 0(312) 88 11 60.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергеткалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик (ОЭК жаатындагы табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттери боюнча )Бишкек ш., Ахунбаев көч., 119-үй, тел.: 0(312) 56 28 97.
8. Чет тилде түзүлгөн документтер каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо тапшырылат.