21 Тогуздун айы, 2020
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (133)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин Планы


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2020-жылдын 17-январы № 9-б

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам демилгелөө укугун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
 
1. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2020-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2020-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2020-жылга планды ишке ашырууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү түрдө жүргүзүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2020-жылга планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей 2020-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) 2020-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2020-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин;
3) зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү - 2020-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар менен жолугушууларды өткөрсүн.
4. 2020-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескеген орун басарларына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 469-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                М.Абылгазиев
 


Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин
ПЛАНЫ
Мыйзам долбоорунун аталышы
Мыйзам долбоорун демилгелөөнүн максаты, ошондой эле иштелип чыгуучу мыйзам долбоорун ишке ашыруучу ченемдик укуктук акты
Жооптуу аткаруучу-мамлекеттик органдын аталышы жана кошо аткаруучулар
Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү
Айыл чарба тармагында
1
"Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмегин тактоо максатында
АЧТММ
II квартал
III квартал
2
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазык-түлүк секторуна прогрессивдүү жана инновациялык технологияларды киргизүү максатында
АЧТММ
IV квартал
IV квартал
Жаныбарлардын саламаттыгы тармагында
3
Эпизоотикалык саламаттык жөнүндө
Мыйзамдарды Жаныбарлардын саламаттыгын сактоонун дүйнөлүк уюмунун Кургактагы жаныбарлардын саламаттыгы жөнүндө кодексинин стандарттарына шайкеш келтирүү максатында
Ветфитосанинспекция
I квартал
I квартал
Ветеринардык-санитардык коопсуздук тармагында
4
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ветеринария жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана ветеринардык санитардык коопсуздукту камсыздоо максатында
Ветфитосанинспекция
III квартал
IV квартал
Бюджеттик мамилелер тармагында
5
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында
ФМ
I квартал
II квартал
6
Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
ФМ
II квартал
II квартал
7
"Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
ФМ
IV квартал
IV квартал
8
Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
ФМ
III квартал
IV квартал
9
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджетинин негизги параметрлеринин аткарылышын бекитүү максатында
СФ
II квартал
II квартал
10
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга болжолунун негизги параметрлерин бекитүү максатында
СФ
III квартал
IV квартал
11
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
ММКФ, ССМ
III квартал
IV квартал
12
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык.
ММКФнын 2020-жылга бюджетинин иш жүзүндө аткарылышынан жана аталган жылдын аягына чейин болжолдуу аткарылышынан улам киреше жана чыгаша боюнча көрсөткүчтөрдү тактоо максатында
ММКФ, ССМ
III квартал
IV квартал
13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин аткаруу үчүн
ММКФ, ССМ
II квартал
II квартал
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагында
14
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери жана сот-укуктук реформа боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Террористтик ишке катышы бар адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегинде бенефициар ээлеринин бар же жок экендигин текшерүү үчүн алар жөнүндө маалымат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келтирүү
Мамфинкөзөмөл
I квартал
II квартал
Бухгалтердик эсеп тармагында
15
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Корпоративдик финансылык отчеттуулук жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында
Мамфинкөзөмөл
IV квартал
IV квартал
Экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагында
16
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Квалификациялуу кызматкерлердин иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, иштин акыркы жыйынтыгына кызыгуусун арттыруу, ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздук тармагында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууда коррупцияны жок кылуу максатында
Экотехинспекция
I квартал
II квартал
17
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Эмгекти коргоо жана өрт коопсуздугу ж.б. жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым ченемдеринин жана талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында
Экотехинспекция
I квартал
II квартал
18
"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айлана-чөйрөнү коргоо максатында сотко доо берүүдө арыз ээлерин мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотуу максатында
Экотехинспекция
I квартал
II квартал
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында
19
Кыргыз Республикасынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
Инвестицияларды тартуу, ар кандай долбоорлор менен кызматташуу, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн ички резервдерди жана мүмкүндүктөрдү мобилизациялоо маселелери боюнча жергиликтүү жамааттарды активдештирүүгө шарттарды түзүү, жергиликтүү жамааттардын демилгелүүлүгүн, жоопкерчилигин жана кызыгуусун, калктуу конуштардын статусун жогорулатуу максатында
ЖӨБ жана этностор агенттиги
II квартал
II квартал
Өнөр жай тармагында
20
Кыргыз Республикасынын өнөр жайы жөнүндө
Максаттуу өнөр жай саясатын жүргүзүү жана экономиканын ушул тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздаган мындан ары реформаларды жүзөгө ашыруу максатында
ӨЭЖМК
IV квартал
IV квартал
Каттоо тармагында
21
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Документтердин тизмегин кыскартуу аркылуу каттоого тийиштүү мамлекеттик органдардын каттоо (кайра каттоо) жол-жобосун жеңилдетүү максатында
ЮМ
III квартал
IV квартал
Экономикалык иш тармагында
22
Салык салуу тармагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык талаш-тартыштарды кароо боюнча апелляциялык комиссияны түзүү жана "Бизнес жүргүзүү" эл аралык рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын рейтингдик көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында
ЭМ, МСК
II квартал
III квартал
Салык мыйзамдар тармагында
23
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салык органдарынан квалификациялуу юридикалык жардам алуучулардын кирешесин ырастоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексин "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында
ЮМ
I квартал
II квартал
Нотариат тармагында
24
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен коллизияларды жана боштуктарды болтурбоо максатында
ЮМ
III квартал
IV квартал
Адвокаттык иш тармагында
25
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү жана адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдарга коюлуучу талаптарды жогорулатуу максатында
ЮМ
IV квартал
IV квартал
Кинематография тармагында
26
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кинематография тармагындагы жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө дем берүүчү жаңыча терминологияны, жаңы инструменттерди киргизүү максатында
ММТМ
IV квартал
IV квартал
Социалдык кызмат тармагында
27
Социалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө
Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнүн укуктук, уюштуруу жана финансылык негиздерин аныктоо максатында
ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги
I квартал
IV квартал
Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология тармагында
28
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токойлорду сарамжалдуу пайдалануу, коргоо, сактоо жана кайрадан өндүрүү, алардын экологиялык жана ресурстук потенциалын жогорулатуунун укуктук негиздерин аныктоодо туюндурмалардагы айрым боштуктарды жоюу максатында
Токой агенттиги
III квартал
III квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү тармагында
29
1994-жылдын 9-сентябрындагы Евразия патенттик конвенциясына Өнөр жай үлгүлөрүн коргоо жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында
Кыргызпатент
IV квартал
IV квартал
30
Ядролук авариянын же радиациялык авариялык кырдаалдын келип чыгуу учуруна даярдыкты камсыздоо боюнча жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардамдашуу боюнча КМШга катышуучу мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаалдын келип чыгуу учуруна КМШга катышкан мамлекеттердин аймагында жогорку даярдыкты камсыздоо максатында
ӨКМ
IV квартал
IV квартал
Улуттук коопсуздук тармагында
31
Жаңы редакциядагы "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык келтирүү максатында
УКМК
II квартал
II квартал
(*) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү жана чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген мөөнөттөрдө киргизүү үчүн тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү жооптуу аткаруучулар болушат.
End_nocompare

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын нотариалдык ишинин уюштурулушун текшерүүнү өткөрүү тартиби

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмесин бекитүү тууралуу буйрук

"Электрондук нотариат" автоматташтырылган маалымат системасынын пилоттук долбоорун республиканын мамлекеттик жана жеке нотариалдык кеңселеринде тесттик режимде ишке киргизүү жөнүндө буйрук

Жеке нотариустардын ишинин уюштуруусун текшерүү планын бекитүү жөнүндө буйрук

«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги административдик иштерди жүргүзүү, аларды каттоо жана административдик актыларды эсепке алуу журналын толтуруу тартиби туралуу кээ бир жоболорун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 31-майындагы № 1031 буйругу


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

bab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpgb41597f4e59cd9d541ab8087084ef39f20200429095838.jpg3dd8fc4377c0cdadd86b78da992ae2f520200515013927.jpg09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif3e5e646a291fbe33878be64667ad7f6320190328065104.jpg7ce8f225aa7048cab1df0e1bda2fb27d20181206053805.JPG947248a9dd1d271bc51eaac522adf16c20200428061017.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы