19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин текшерүүлөрдү өткөрүү регламенти


КыргызРеспубликасынын
Юстиция министрлигинин
2020-жылдын 22-декабрындагы
№ 136 буйругу менен бекитилген
 
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин текшерүүлөрдү өткөрүү
РЕГЛАМЕНТИ
 
1. Жалпы жоболор
 
            1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин текшерүүлөрдү өткөрүү регламенти (мындан ары – Регламент) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишин текшерүүдө ыйгарым укуктарды ишке ашыруу процессинде иш-аракеттердин тартибин жана ырааттуулугун жөнгө салат.
            Ушул регламенттин колдонулушу Министрликтин кызматкерлеринин тартип бузуу жоругун жасаган фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү уюштуруу жана жүргүзүү тартибине жайылтылбайт.                                  
2. Текшерүү өткөрүү үчүн министр комиссия түзөт жана анын мүчөлөрүнүн ичинен төраганы дайындайт.
Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүшүнүн ишин текшерүүдө текшерүү өткөрүлүп жаткан бөлүнүштүн кызматкерлери комиссиянын төрагасы жана мүчөсү боло алышпайт.
            3. Комиссия төмөнкү маселелер боюнча текшерүү өткөрөт:
            а) ченем жаратуу иш:
            - демилгечи топту жана мыйзамдын долбоорун каттоо журналынын болушу жана толтурулушу;
            - административдик иштерди, административдик актыларды жана административдик иштерди каттоо журналын жүргүзүү;
            - ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген (укуктук, укук коргоочулук, гендердик, коррупцияга каршы жана экологиялык) экспертизалардын түрлөрүн жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жөнүндө документтерди каттоо китебинин болушу жана толтурулушу;
            б) адвокатура жана укуктук пропаганда:
            - адвокаттардын реестрин толтуруу, анда төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш: адвокаттын аты-жөнү, анын дареги, лицензия берилген датасы, лицензиянын номери, Адвокатурага кирүү датасы, адвокаттык мекеменин аталышы жана юридикалык дареги, мөөрүнүн үлгүсү;
            - административдик иштерди, административдик актыларды жана административдик иштерди каттоо журналын жүргүзүү;
            - телекөрсөтүүдө чыгып сүйлөө;
            - телекөрсөтүү роликтерин даярдоо;
            - радиого чыгып сүйлөө;
            - макалаларды жарыялоо;
            - тегерек столдорду өткөрүү;
            - лекцияларды өткөрүү;
            - семинарларды өткөрүү;
            - акцияларды, конкурстарды ж.б. өткөрүү;
            - маалыматтык стенддердин болушу;
            - укуктук пропаганда, анын ичинде “Тилектештик автобусу” долбоорунун алкагында ишти жүзөгө ашыруу боюнча иштерди текшерүү;        
            в) укуктук маалымат:
            - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрин толтуруу, анда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бардык реквизиттери көрсөтүлүшү керек;
            - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин журналда каттоо;
            - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын кайтарылып берилишинин, анын ичинде ченемдик укуктук актыларда укук ченемдеринин жоктугунун себептерин текшерүү;
            - укуктук маалыматтар базасынын болушу;
            г) юридикалык жактарды каттоо:
            - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (мындан ары - ЖМК) мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жана ишинин токтотулганын каттоого арыздарды, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлүшүнө алып келбеген маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоолорду кароонун мөөнөтүн сактоо;
            - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалыматтар базасына жана ЖМКнын мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизүү мөөнөттөрүн сактоо;
            - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) каттоо иштерин жана ЖМКны сканерлөө (оцифровкалоо) эрежелерин сактоо;
            - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ЖМКнын каттоо иштерин тариздөө жана ведомстволук архивге өз убагында өткөрүп берүү;
            - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ЖМКнын архивдик каттоо иштерин сактоо боюнча талаптарды сактоо, аларды берүүнүн жана архивге кайтаруунун эсебин жүргүзүү;
            - административдик иштерди, административдик актыларды жана административдик иштерди каттоо журналын жүргүзүү;
            - “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык аймактык органдын иш-аракетине административдик даттанууларды кароо;
            - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик Бирдиктүү реестринен маалымат берүү жөнүндө жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароо жана “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо менен архивдик каттоо документтеринин көчүрмөлөрүн берүү;
            - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ЖМК мамлекеттик каттоо менен байланышкан сот процесстерине катышуу;
            - сот, укук коргоо органдарынын, ошондой эле сот аткаруучуларынын камоого алуу жана алып салуу жөнүндө актыларын, юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ЖМК мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулганын каттоо, юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлүшүнө алып келбеген маалыматтар өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоо бөлүгүндө тыюу салууларды, чектөөлөрдү аткаруу;
            - бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү мөөнөттөрүн сактоо, бузуулар жөнүндө иштерди кароо, бузуулардын Бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү, жаза чараны колдонуу жана туумду эсептөө жөнүндө токтомдордун аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
            д) нотариат жана апостилдештирүү:
            - жеке нотариустардын реестрин толтуруу, анда төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш: жеке нотариустун аты-жөнү, юридикалык дареги, лицензия берилген датасы, лицензиянын номери жана мөөрүнүн үлгүсү;
            - административдик иштерди, административдик актыларды жана административдик иштерди каттоо журналын жүргүзүү;
            - жеке жана мамлекеттик нотариустардын статистикалык отчетторунун болушу;
            - документтерди апостилдештирүү жана легализациялоо боюнча журналдарды толтуруу;
            - даттануулар жана сунуштар китепчесинде кайрылууларга реакциянын болушу;
            - мамлекеттик алымды төлөө боюнча каражаттардын түшүшү;
            - маалыматтык стенддердин болушу;
            е) кадрдык маселелер:
            - юстиция органдарынын кызматкерлерине жана жеке нотариустарга түшкөн даттануулар жөнүндө жыйынды маалыматтын болушу жана алар боюнча кабыл алынган чаралар;
            - жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүлөрдүн материалдарынын болушу;
            - өздүк иштин жана эмгек китепчелердин болушу;
            - дайындоо, ротациялоо (которуу), милдеттерди жүктөө, бошотуу, сыйлык берүү, сыйлоо, узак иш сапарлар, эмгек, социалдык жана башка түрдөгү өргүүлөрдү берүү жөнүндө, жаза-чаралар, кызматтык иш сапарлар жөнүндө өздүк курам боюнча буйруктардын бардык реквизиттеринин болушу жана номерлери буйруктарды каттоонун кагаз журналындагы номерлери менен дал келиши;
            - эмгекке жарамсыздык баракчалардын, күбөлүктөрдүн жана өткөрмөлөрдүн, эмгек китепчелерин берүүнүн, стажы, иштеген жери тууралуу маалым каттарды каттоо журналдарынын болушу жана толтурулушу;
            ж) иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо:
            - көктөмөлөрдүн номенклатурасынын болушу жана анын колдонуу мөөнөтүн текшерүү;
            - Архив, борбордук эксперттик комиссия жана эксперттик комиссия жөнүндө жоболордун болушу;
            - электрондук документ жүргүзүү системасында (ЭДЖС) документтерди жана жарандардын кайрылууларын каттоодо бардык графаларды толтуруу, файлдарды салуу, электрондук санариптик кол тамганын болушу;
            - жарандарды кабыл алуунун, “КПҮ” грифи менен документтерди жана “Ишеним телефону” системасы боюнча  келип түшкөн жарандардын кайрылууларын каттоонун кагаз журналдарын толтуруу;
            - бардык реквизиттердин болушу жана буйруктардын номерлери буйруктарды каттоонун кагаз журналындагы номерлери менен дал келиши;
            - мөөнөтү өтүп кеткен документтерди жана жарандардын кайрылууларын аткарбай коюунун себептерин аныктоо;
            - контролдук мөөнөттөрдү бузуу менен аткарылган документтер жана кайрылуулар боюнча кандай чаралар көрүлдү;
            - архивдик жайлардын архивдик көктөмөлөрдүн жана документтердин сактоо шарттарынын сакталышын, туруктуу сактоо мөөнөтүндөгү көктөмөлөрдүн тизимдеринин болушун текшерүү;
            - көктөмөлөрдүн номенклатурасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык архивдик документтерди жана иштерди туура тариздөөгө текшерүү;
            - электрондук папкада кызматкерлерге берилген архивдик документтердин сканерленген версияларынын болушу (архивге тапшыргандан жана барактардын саны, тексттердин бирдейлигин текшерүүдөн кийин, архивдик документтердин сканерленген версиялары электрондук папкадан өчүрүлөт);
            - кол коюу укугуна ээ болбогон кызмат адамдарынын кол тамгаларын аныктоо предметине архивдик документтерди иргеп текшерүү;
            - маалыматтык стенддердин болушу;
            з) финансылык жана материалдык камсыздоо:
            - эмгек акы төлөө - № 5 жана № 8 мемориалдык ордерлери;
            - киреше жана чыгаша боюнча отчеттордун болушу - № 13 жана № 10 мемориалдык ордерлери;
            - сатып алуулар планынын, буйруктардын, сатып алуу жол-жоболорунун протоколдорунун, келишимдердин болушу, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө кварталдык отчетторду даярдоо;
            - банк жана казыналык менен өз ара аракеттешүү - № 2 жана № 2а мемориалдык ордерлери;
            - уюмдар менен эсептешүүлөр - № 6 мемориалдык ордери;
            - материалдык-техникалык базаны текшерүү.
 
2. Текшерүүлөрдү өткөрүүнү уюштуруу
 
            4. Текшерүүнүн предмети болуп түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн Министрликтин ишине тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, буйруктар менен бекитилген ички тартиптин эрежелерин сактоосу, министрдин, министрдин орун басарларынын тапшырмаларын аткаруусу эсептелет.
            Текшерүү пландуу же пландан тышкаркы болушу мүмкүн жана ушул Регламентте белгиленген тартипте документтик же көчмө түрдө жүргүзүлөт.
            5. Текшерүү Министрликтин буйругунун негизинде жүргүзүлөт.
            Текшерүү өткөрүү жөнүндө буйрукта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
            - текшерүү өткөрүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын маалыматтары;
            - текшерүү өткөрүлүп жаткан Министрликтин түзүмдүк, аймактык же ведомстволук бөлүнүштөрүнүн аталышы;
            - текшерүүнүн максаты, милдети, предмети;
            - укуктук негиздер, анын ичинде министрликтин ички тартибинин эрежелеринде белгиленген, текшерилүүгө тийиш болгон милдеттүү талаптар;
            - текшерүү өткөрүүнүн башталышынын жана аякталышынын датасы.
            Текшерүү өткөрүү жөнүндө буйруктун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү комиссиянын төрагасы тарабынан текшерүү өткөрүлүп жаткан бөлүнүштүн жетекчисине, ал эми ал жок болгон учурда – жетекчинин милдетин аткаруучуга тапшырылат.
            6. Пландуу текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү.
            Пландуу текшерүүлөр календардык жылга бекитилген Министрликтин иш планынын негизинде жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
            Министрликтин иш планына пландуу текшерүүнү киргизүү үчүн негиз болуп түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдүн ишинин бардык багыттарын комплекстүү текшерүү саналат.
            Текшерүү өткөрүү күнүн министр аныктайт.
            7. Пландан тышкаркы текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү.
            Пландан тышкаркы текшерүүнү өткөрүү үчүн негиз болуп жарандын, юридикалык жактын кайрылуусу, мамлекеттик органдан, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн маалыматтын Министрликке келип түшүшү, ЖМКда, интернет-басылмада, социалдык тармакта төмөнкү фактылар жөнүндө жарыялоо болуп саналат:
            - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу;
            - Министрликтин буйруктары менен бекитилген ички тартиптин эрежелерин бузуу, министрдин/министрдин орун басарынын тапшырмасын аткарбоо;
            - жарандарга жана юридикалык жактарга залал келтирүү;
            - жеке жана юридикалык жактардын укуктарын бузуу.
            Пландан тышкаркы текшерүү бузуулар жөнүндө маалымат алынган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кеч эмес башталышы керек.
            8. Документтик текшерүү.
            Документтик текшерүү Министрликтин борбордук аппаратында жүргүзүлөт.
            Документтик текшерүү өткөрүү процессинде текшерилүүчү бөлүнүштүн комиссиянын тескөөсүндө болгон документтери, мурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалым кат жана табылган бузууларды жоюу боюнча контролдун жыйынтыгы жөнүндө башка документтер каралат.
            Комиссиянын тескөөсүндө болгон документтерде камтылган маалыматтардын тактыгы негиздүү шектенүүлөрдү пайда кылган учурда же болбосо бул маалыматтар бөлүнүш тарабынан Министрликтин ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын, буйруктар менен бекитилген ички тартиптин эрежелеринин, министрдин/министрдин орун басарынын тапшырмасын аткарылышын баалоого мүмкүндүк бербесе комиссия арыз ээсине документардык текшерүү өткөрүү жөнүндө буйруктун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен кошумча материалдарды берүү талабы менен жүйөлөнгөн суроо-талапты жөнөтөт.
            Комиссия арыз ээсинен текшерүүнүн предметине тиешелүү эмес маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуксуз.
            Комиссия бузуу фактыларын тапкан учурда, ал көчмө текшерүү өткөрүүгө укуктуу.
            9. Көчмө текшерүү.
            Көчмө текшерүү пландуу же пландан тышкаркы текшерүүдө аймактык жана ведомстволук бөлүнүштөрдө, анын ичинде, эгерде документтик текшерүүдө берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына тастыктоо мүмкүн болбогон учурда жүргүзүлөт.
            Бөлүнүштүн жетекчиси, ал эми ал жок болгон учурда – жетекчинин милдетин аткаруучу текшерүүнүн максаты, предмети жана милдеттери менен байланышкан документтерди тааныштыруу үчүн комиссияга берүүгө милдеттүү.
            10. Текшерүүнүн жыйынтыгын тариздөө тартиби.
            Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан 10 жумуш күндүн ичинде комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол койгон, төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен эки нускада маалым кат түзүлөт:
            - маалым кат түзүлгөн датасын жана ордун;
            - текшерүү өткөрүү жөнүндө буйруктун датасын жана номерин;
            - текшерүү өткөрүү датасын, узактыгын жана ордун;
            - текшерүү өткөргөн кызмат адамдарынын маалыматтарын;
            - текшерүү өткөрүү учурунда катышкан текшерилүүчү бөлүнүштүн аталышын, анын жетекчисинин жана башка кызмат адамынын аты-жөнүн;
            - текшерүүнүн жыйынтыктары, анын ичинде Министрликтин ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, министрдин/министрдин орун басарынын тапшырмасын аткарбагандыгы жөнүндө, алардын мүнөзү жана аталган бузууларга жол берген адамдар жөнүндө буйруктар менен бекитилген ички тартиптин эрежелеринин аныкталган бузуулары жөнүндө маалыматтарды.
            Бузуулар табылган учурда, комиссия маалым катта бузууга жол берген адамдарга карата тартиптик мүнөздөгү чараларды колдонуу жана бөлүнүштөр тарабынан аларды жоюу боюнча тийиштүү иш-чараларды өткөрүүсү жөнүндө сунуштарды баяндайт.
            Маалым катка аныкталган бузуулар боюнча тийиштүү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
            Маалым каттын бир нускасын комиссия өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышуу үчүн министрге берет.
            Маалым каттын экинчи нускасы текшерүү өткөрүлгөн түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисине таанышуу үчүн, ал эми ал жок учурда – жетекчинин милдетин аткаруучу адамга жөнөтүлөт.
            Мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка сырды түзгөн маалыматты камтыган текшерүүнүн жыйынтыктары аталган маалыматты коргоону камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган талаптарды сактоо менен таризделет.
            Текшерүү өткөрүлгөн бөлүнүштүн жетекчиси фактылар, тыянактар, сунуштар менен макул болбогон учурда маалым кат алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде маалым катка же анын айрым жоболоруна карата каршы пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу. Каршы пикирге документтер же алардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ушундай каршы пикирдин негиздүүлүгүн тастыктаган көчүрмөлөрү тиркелиши керек.
           
3. Текшерүүлөрдү өткөрүүдө табылган бузуу фактыларына карата кабыл алынуучу контролдук чаралар
 
            11. Бузууларды жоюунун тартиби жана кабыл алынуучу чаралар.
            Министр таанышып чыккандан кийин материалдар менен маалым катты комиссиянын төрагасына берет, ал ЭДЖСда катталып, резолюцияга ылайык кагаз түрүндөгү версиясы Тартип комиссиясынын кароосуна сунушталат, ал эми электрондук версиясы табылган бузууларды жоюу үчүн текшерүү өткөрүлгөн бөлүнүшкө аталган система аркылуу жиберилет. ЭДЖСда мөөнөт календардык дата же мезгил (күн, жума, ай) менен аныкталган министрдин резолюциясына ылайык белгиленет. Эгерде аткаруу мөөнөтү катары убакыт белгиленсе, анда дем алыш жана иш эмес майрам күндөрү резолюцияны аткаруу мөөнөтүнүн өтүү мезгилине кирбейт.
            Комиссия тарабынан табылган бузуулардын резолюциясында көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюунун жыйынтыктары боюнча бөлүнүштүн жетекчиси министрге кабыл алынган чаралар жөнүндө толук маалыматты камтыган маалым катты берет.
            Аткарылган резолюция министр тарабынан маалымат изилденгенден кийин контролдон алынат.
            Белгиленген мөөнөттө бардык бузууларды же айрым бузууларды жоую мүмкүн болбогон учурда бөлүнүштүн жетекчиси жаңы мөөнөт жөнүндө сунуш жана себептерин көрсөтүү менен министрге кызматтык катты жиберет. Министр резолюция аркылуу мөөнөттү узартуу жөнүндө чечимди же башка чечимди кабыл алат.
            Жаңы мөөнөт белгиленгенде министр катчы аркылуу резолюцияны ЭДЖСда каттоо жана мурда жөнөтүлгөн резолюциянын аткаруу мөөнөтүн узартуу үчүн берет.
            Тартип комиссиясына берилген материалдар менен маалым кат оордугун жана бузуулардын мүнөзүн аныктоо үчүн кезектеги отурумда каралат, комиссиянын жыйынтыгы боюнча министрге жаза чаранын айкын түрүн колдонуу же жаза чараны колдонбоо жөнүндө сунуш киргизет.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы