26 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2014-жылдын 24-майы № 74 “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө”


Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Бишкек шаары, 2014-жылдын 24-майы № 74
Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө
 
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештерин (мындан ары – коомдук кеңеш) түзүүнүн жана анын ишинин максаттарын, принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташуусун өркүндөтүүгө, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана алардын кызмат адамдарынын ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн механизмдерди түзүүгө, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан чечимдерди кабыл алууда, анын ичинде мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда коомдук пикирди эске алууга багытталган.
2-берене. Коомдук кеңештер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Коомдук кеңештер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Коомдук кеңештер жөнүндө негизги жоболор
1. Коомдук кеңештер – бул министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ушул министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен коомдук башталышта түзүлгөн консультативдик-байкоочу органдар. Коомдук кеңештер өз ишин бул министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго көз карандысыз, ачык жана коомдун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырат.
2. Коомдук кеңештердин иши өз алдынча болуп саналат жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жарандар жана юридикалык жактар жана/же алардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча милдеттенмелерин жокко чыгарбайт.
3. Коомдук кеңештер коомчулуктун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жана кызматташуу формаларынын  бири болуп саналат. Коомдук кеңештерди түзүү коомчулуктун министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен өз ара аракеттенүүсүнүн жана кызматташуусунун башка формаларын, ошондой эле алардын ишине коомдук мониторингди жүзөгө ашырууну жокко чыгарбайт жана чектебейт.
4. Коомдук кеңештер өз ишин туруктуу негизде ыктыярдуу жана алардын ишине жарандык коомдун өкүлдөрүнүн акысыз катышуу принциптеринде жүзөгө ашырат.
5. Коомдук кеңештердин чечимдери сунуштама мүнөзүндө болот.
4-берене. Коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин максаттары
Коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иштерине байланышкан коомдук демилгелерди илгерилетүү жана талкуулоо;
2) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго коомдук мааниси бар, анын ичинде стратегиялык мүнөздөгү сапаттуу чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда көмөк көрсөтүү;
3) бюджеттик, займдык (ссуда, насыя), атайын каражаттарды, башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү, эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана администрациялык ведомстволоруна берген техникалык жардамды жана гранттарды кошуп алганда, финансы каражаттарын министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан ачык-айрым жана натыйжалуу пайдаланылышын жогорулатуу;
4) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу.
5-берене. Коомдук кеңештердин укуктары
1. Коомдук кеңештер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ченемдик укуктук актылардын жана башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышууга;
2) министрликтин, мамлекеттик комитеттин же администрациялык ведомствонун тармактык өнүгүшүнө байланышкан коомдук демилгелерди кароого;
3) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан пландаштырылган же кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды иштеп чыгууга;
4) өз ишине ата мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле айрым адистерди тартууга;
5) семинарларды, конференцияларды, “тегерек үстөлдөрдү”, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
6) тиешелүү министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун компетенциясына таандык маселелерди талкуулоо үчүн тиешелүү жана башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин өз жыйналыштарына чакырууга;
7) эгерде министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор коомдук кеңештин сунуштарын, сунуштамаларын жана башка кайрылууларын четке кагуунун негиздерин жүйөлөштүрбөсө же болбосо жоопсуз калтырса, коомчулукка жана/же министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жогору турган инстанцияларына маалымдоого;
8) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго коомчулук менен өз аракеттенүүнү жүзөгө ашырууларына көмөк көрсөтүүгө:
9) өз ишинин регламенттин иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
10) зарылдыгы боюнча туруктуу жана/же убактылуу жумушчу органдарды: комитеттерди, комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
11) коомдук кеңештин ишинин белгилүү бир чыгымдарын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттарды тартууга.
2. Коомдук кеңештердин мүчөлөрү байкоочулар катары төмөнкүлөргө катышууга укуктуу:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жыйналыштарына (жумушчу топторго, коллегияларга жана д.у.с.);
2) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун (комитеттердин, комиссиялардын, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, жумушчу топтордун жана д.у.с.) башка туруктуу жана убактылуу жумушчу opгандарынын ишине;
3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун конкурстук, тендердик жана башка комиссияларынын ишине;
4) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларга.
6-берене. Коомдук кеңештердин милдеттери
1. Коомдук кеңештер ишин коомчулук менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырууга, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишинин чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча жарандардын жана жарандык коомдун уюмдарынын сунуштарын кабыл алууга жана кароого милдеттүү.
2. Коомдук кеңештин иши жөнүндө маалыматтар (иш планы, жыйналыштарынын ырааттамасы, коомдук угуулар жана башка иш-чараларынын өткөрүлүүчү орду жана убактысы) иш-чара башталганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына жайгаштырылууга тийиш.
3. Коомдук кеңештер өз иши, кабыл алынган чечимдер жана алардын аткарылышы жөнүндө өзүнүн расмий веб-сайты аркылуу коомчулукка милдеттүү тартипте маалымдоого милдеттүү.
4. Коомдук кеңештер ар бир календардык жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен өткөн жыл үчүн өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторун өзүнүн расмий веб-сайтында жарыялоого милдеттүү.
7-берене. Коомдук кеңештердин иши
Коомдук кеңештер өз максаттарына жетүү үчүн:
1) ченемдик укуктук актылардын жана башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышат;
2) тигил же башка жааттагы иштин иш жүзүндөгү абалын талдоонун, коомдук пикирди үйрөнүүнүн негизинде пландалган же кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат жана аларды тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго берет;
3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине байланышкан коомчулуктун сунуштарын жана демилгелерин карайт;
4) пландалган стратегиялык жана коомдук маанилүү чечимдерди, анын ичинде программаларды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомчулук менен талкуулоону уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
5) министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан жарандык коом менен кызматташуунун ишке ашырылып жаткан механизмдеринин жана формаларынын натыйжалуулугун талдоону жүргүзөт жана аларды өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизет;
6) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөк көрсөтөт;
7) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан бюджеттик жана башка каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындыгынын жогорулашына көмөк көрсөтөт;
8) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын мониторингин жана сапатына баа берүүнү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иштерине коомдук мониторингди жүзөгө ашырат;
9) коомдук олуттуу мааниси бар маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча коомчулуктун сунуштары жөнүндө маалыматтарды жыйнайт, жалпылайт жана министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого берет;
10) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине байланышкан кыйла маанилүү маселелер боюнча коомдук пикирди иликтейт жана жалпылайт жана алынган маалыматты министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишин өркүндөтүү максаттарында пайдаланат:
11) өз максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүзөгө ашырат.
2-глава. Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия
8-берене. Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссиянын курамы
1. Коомдук кеңештер Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия тарабынан (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
2. Комиссия 15 адамдан: үчтөн бири – мамлекеттик oргандардын аппараттарынын өкүлдөрүнөн, үчтөн экиси – жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турат.
Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн Аппараттарынын жетекчилери, ошондой эле Акыйкатчы (Омбудсмен) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Акыйкатчы (Омбудсмен), мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Комиссиянын курамына туруктуу негизде бирден өкүл дайындашат.
3. Комиссиянын мүчөсү – мамлекеттик органдын өкүлү Комиссиянын курамынан чыгып кеткен учурда, тиешелүү мамлекеттик орган 14 календардык күндөн кечиктирбестен ушул мамлекеттик органдан Комиссиянын курамына жаңы мүчөнү дайындайт.
4. Мамлекеттик орган кандай болбосун убакта Комиссиядагы өз өкүлүн кайра дайындоого укуктуу.
5. Комиссиянын калган 10 мүчөсү (жарандык коомдун өкүлдөрү) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте конкурстук негизде 5 жылдык мөөнөткө шайланышат.
9-берене. Жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүн шайлоонун тартиби
1. Комиссияга жарандык коомдон 10 мүчөнү шайлоо жөнүндө конкурс тууралуу күлактандырууну Өкмөт Аппараты Өкмөт тарабынан белгиленген жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде, ошондой эле конкурс жөнүндө маалыматты документтерди берүү мөөнөттөрүн; Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайттарына жайгаштыруу жолу менен конкурска катышуу үчүн документтерди кайда жиберүү зарыл болгон дарегин (почта жана электрондук почта), ошондой эле конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмегин көрсөтүү менен жарыялайт.
2. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
3. Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу конкурска катышуу үчүн талапкерлер ушул Мыйзамдын максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн төмөнкү бирикмелердин бири тарабынан сунушталат:
1) юридикалык жактардын катталган бирикмелери;
2) коомдук бирикме, фонд жана/же мекеме (муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерден тышкары) формасында катталган үчтөн кем эмес коммерциялык эмес уюмдар.
4. Бир бирикмеден жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн бир гана талапкер сунушталышы мүмкүн. Бир юридикалык жак жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү максатында бир гана бирикменин курамында катыша алат.
5. Комиссиянын мүчөлүгүнө 25 жаштан жаш эмес, жогорку билими бар, соттолгондугу жок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, жарандык демилгелерде жана жигердүү коомдук иштерде тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары талапкер боло алышат.
6. Комиссиянын мүчөсү коомдук кеңешке мүчө боло албайт. Коомдук кеңештин мүчөсү жарандык коомдон Комиссияга шайлануу үчүн конкурска катышууга укуктуу. Комиссияга шайланган учурда, анын коомдук кеңешке мүчөлүгү токтотулат.
7. Жарандык коомдон Комиссияга мүчөлөрдү шайлоо боюнча конкурска катышуу үчүн (жеке өзү – колмо-кол, почта же болбосо электрондук почта боюнча) төмөнкү документтер тапшырылуусу тийиш:
1) Комиссияга шайлоо үчүн талапкерди сунуштоо жөнүндө бирикменин (катталган бирикменин жетекчисинин колу же болбосо катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору коюлган, ушул уюмдардын мөөрлөрү менен бекитилген) каты;
2) конкурска катышууга талапкердин арызы;
3) автобиографиялык маалыматтарды (таржымал) көрсөтүү менен талапкердин билими, кесиптик жумушунун жана коомдук ишинин тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар.
8. Өкмөт Аппараты алардын келип түшкөнү боюнча сунушталган талапкерликтер жөнүндө маалыматтарды коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына (талапкердин арызын жана таржымалын, жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн талапкерди сунуштаган бирикменин катын) жайгаштырат.
9. Конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин Өкмөт Аппараты:
1) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот;
2) сунушталган талапкерлерге (почта, электрондук почта боюнча же телефонограмма менен) конкурска (конкурс өткөрүлүүчү ордун, датасын жана убактысын көрсөтүү менен) чакыруу жиберет;
3) Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайттарына конкурс өткөрүлүүчү ордун, датасын жана убактысын көрсөтүү менен кулактандыруу жайгаштырат;
4) Президенттин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) жана Акыйкатчыга (Омбудсменге) конкурсту уюштурууга катышууга, конкурсту өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясына өзүнүн бирден өкүлүн жөнөтүүгө чакыруу жиберет;
5) талапкерлер жөнүндө маалыматтардын жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун алдын ала текшерүүнү жүргүзөт.
10. Конкурс документтерди кабыл алуу токтотулган күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес жана 20 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
11. Конкурс өткөрүлүүчү күнү конкурстун башталаары алдында Өкмөт Аппаратынын өкүлү конкурстун катышуучуларына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлган ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндайт. Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн белгиленген талаптарга алардын ылайык келбегени жөнүндө аларга карата маалыматтар келип түшкөн, конкурстун катышуучулары өз пикирлерин айтууга жана жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн белгиленген талаптарга алардын ылайык келээрин ырастоо үчүн тиешелүү документтерди жана башка далилдерди берүүгө (мисалы, паспорттун, билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун маалымкаттарын, коммерциялык эмес уюмдардан каттарды) укуктуу.
12. Комиссиянын мүчөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурстун катышуучуларынын чечими менен конкурска киргизилбейт. Мында ар бир талапкер боюнча добуш берүү өз-өзүнчө өткөрүлөт. Чечим конкурска катышкандардын көпчүлүк добуштары менен (аларга кapaтa добуш берүү өткөрүлө турган конкурстун катышуучуларын кошпогондо, – алар добуш берүүгө катышпайт) кабыл алынат.
13. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлерди конкурска киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерлердин саны 15 жана андан аз адамды түзгөн учурда, анда бул конкурс өткөрүлбөйт жана ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча жаңы конкурс жарыяланат.
14. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлерди конкурска киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерлердин саны 15 адамдан ашыкты түзсө, андан ары Өкмөт Аппаратынын өкүлү конкурска киргизилген катышуучуларды жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо үчүн добуш берүү жолжобосуна чакырат.
15. Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо боюнча добуш берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Өкмөт Аппаратынын өкүлү Президенттин Аппаратынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) алар тарабынан эсептөө комиссиясына жиберилген өкүлдөрү жөнүндө катты окуп берет жана аларды катышуучуларга тааныштырат;
2) конкурс өтүп жаткан жайга добуш берүү үчүн үкөк орнотулат;
3) эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү конкурстун катышуучуларына добуш берүү үчүн бош үкөктү көрсөтөт;
4) ушундан кийин рейтингдик добуш берүү процесси башталат: ар бир талапкер (конкурска киргизилген) бир барак кагазга (өз кароосу боюнча жашыруун же ачык) Комиссияга шайлоо үчүн өзү добушун берген 20 талапкерден ашык эмес фамилияны жазат, андан кийин бул баракты добуш берүү үчүн үкөккө таштайт;
5) конкурстун бардык катышуучулары добуш бергенден кийин,  эсептөө комиссиясы конкурстун бардык катышуучуларынын катышуусунда добуштарды ачык саноону өткөрөт;
6) добуштарды саноонун натыйжалары боюнча эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү конкурстун бардык катышуучуларынын катышуусунда алынган добуштардын санына жараша талапкерлердин тизмесин түзөт: добуштардын эң көп санын алган талапкер тизменин биринчи сабына жазылат, андан ары алынган добуштардын азайышына жараша калган талапкерлер жазылат;
7) айрым талапкерлердин алган добуштарынын бирдейлигине байланыштуу алынган добуштардын саны боюнча биринчи 20 орунду аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ошол талапкерлерге карата чүчүкулак жүргүзүлөт;
8) чүчүкулак ачык конкурстун бардык катышуучуларынын катышуусунда, төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
а) бирдей добуш алган талапкерлердин фамилиясы (конкурстун жыйырма жеңүүчүсүнүн катарына кирүү үчүн талаш жүрүп жаткандар боюнча) эсептөө комиссиясы тарабынан эч кандай белги коюлбастан, окшош конверттерге чапталып, үкөккө ташталат жана аралаштырылат;
б) ушундан кийин үкөктөн жыйырма орунга кирип калуу үчүн талаш орундарга барабар сандагы конверттер үкөктөн бирден алып чыгылат, алып чыгуу кезегине жараша тизмеге жазылат;
9) жыйырмалыкта алынган добуштардын саны боюнча биринчи 10 орунду ээлеген талапкерлер жарандык коомдон Комиссияга шайланды деп эсептелет;
10) алынган добуштардын саны боюнча 11ден 20га чейинки орунду ээлеген талапкерлер жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерлердин резервине шайланды деп эсептелет.
16. Өкмөт Аппараты конкурсту өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө протокол түзөт.
17. Конкурстун натыйжалары жөнүндө маалыматты Өкмөт Аппараты тарабынан Өкмөт белгилеген жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине, ошондой эле Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
18. Жарандык коомдон шайланган Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын курамынан мөөнөтүнөн мурда чыгып кечкен учурда, Өкмөт Аппараты чыгып кеткен күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен калган мөөнөткө жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө алынган добуштарынын санына жараша аларды шайлаганда белгиленген кезектүүлүккө ылайык резервден кезектеги талапкерди дайындайт. Эгерде резервдик талапкерлер жок болсо, чыгып кеткен күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Өкмөт Аппараты калган мөөнөткө жарандык коомдон Комиссиянын жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө конкурс жарыялайт. Конкурс ушул Мыйзамда каралган тартипте өткөрүлөт.
19. Жарандык коомдон шайланган Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 ай калгандан кечиктирбестен Өкмөт Аппараты жарандык коомдон Комиссиянын жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө ушул Мыйзамда каралган тартипте өткөрүлүүчү конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялайт. Жарандык коомдон жаңыдан шайланган Комиссиянын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын аткарууга жарандык коомдон шайланган Комиссиянын мурдагы мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып киришет.
10-берене. Комиссиянын ыйгарым укуктары
Комиссияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) коомдук кеңештердин курамдарына мүчөлөрдү тандап алуу үчүн конкурс уюштурат;
2) коомдук кеңештерге талапкерлердин резервин түзөт;
3) коомдук кеңештин чыгып кеткен мүчөсүнүн ордуна талапкерлердин резервинен жаңы мүчөнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
4) жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечет;
5) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана администрациялык ведомстволордон жана өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук кеңештердин курамдарына жана коомдук кеңештер үчүн талапкерлердин резервине конкурс өткөрүүгө жана мүчөлөрдү тандап алуу үчүн зарыл маалыматты сурап алат;
6) өз ишинин регламентин бекитет;
7) коомдук кеңештер түзүлгөн министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство кайра уюштурулган же жоюлган учурларда, ушул Мыйзамга ылайык коомдук кеңештердин андан аркы иши же ишин токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
11-берене. Комиссиянын ишин уюштуруу
1. Комиссиянын ишинин негизги формасы жыйналыш болуп саналат.
2. Жыйналыштар жана төраганы шайлоо Комиссиянын регламентине ылайык өткөрүлөт.
3. Эгерде Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, Комиссиянын жыйналышы укук ченемдүү болот.
4. Комиссиянын жыйналышы зарылчылдыгына жараша өткөрүлөт.
5. Комиссиянын чечимдери Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
6. Комиссия Катчылыгынын иш-милдеттери Өкмөт Аппаратына жүктөлөт.
7. Комиссия мүчөлөрү Катчылык тарабынан Комиссиянын кезектеги жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен датасы жана күн тартиби жөнүндө кабарландырылат. Жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча материалдар Комиссия мүчөлөрүнө алар жыйналышта каралганга чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен жиберилет.
8. Комиссиянын чечими боюнча Комиссиянын жыйналышына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун уюмдарынын, илимий мекемелердин өкүлдөрү, эксперттер жана башка адистер каралып жаткан маселелер боюнча маалыматтарды берүү үчүн чакырылышы мүмкүн.
12-берене. Комиссия мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
1. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Комиссиянын ишине тиешелүү кандай болбосун маселе боюнча өз пикирин эркин айтууга;
2) Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору жана материалдары, Комиссиянын башка документтери менен таанышууга;
3) өзүнүн каалоосу боюнча Комиссиянын курамынан чыгууга.
2. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) комиссиянын жыйналыштарынын ишине жеке катышууга;
2) Комиссиянын регламентин сактоого.
3. Комиссия мүчөлөрү өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда:
1) бирдей укуктарга ээ;
2) Комиссияга шайлоо үчүн сунушталган уюмдардын чечимдерине байланышпайт;
3) Комиссияда өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
13-берене. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Мамлекеттик органдардан Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
1) ээлеген кызматынан бошотулганда;
2) шайлануу мөөнөтүнүн аяктаганда;
3) Комиссиянын ошол мүчөсүн дайындаган мамлекеттик органдын чечими боюнча (кандай болбосун убакта);
4) Комиссиянын чечими боюнча – ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо.
2. Жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй негиздер боюнча токтотулат:
1) шайланган мөөнөтү бүткөндө;
2) өзүнүн каалоосу боюнча (жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде);
3) Комиссиянын чечими боюнча – ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер болгондо.
3. Комиссия төмөнкүдөй жагдайлар болгондо Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу:
1) Комиссиянын жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз үч же андан ашуун болбогондо;
2) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча Комиссия мүчөсү Комиссиянын ишине катышууга мүмкүнчүлүгү болбогондо;
3) кынтыксыз эмес жүрүм-туруму үчүн (ушул жагдай боюнча чечим Комиссия тарабынан мүчөлөрүнүн жалпы санынын 3/2 добуштары менен чыгарылат).
3-глава. Коомдук кеңештерди түзүү
14-берене. Коомдук кеңештерди түзүүнүн тартиби
1. Коомдук кеңештер Комиссия тарабынан конкурстук негизде коомчулуктун, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык союздардын, министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун ишине аралашкан чөйрөлөрдөн эксперттик коомдоштуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
2. Коомдук кеңештер 7ден кем эмес, бирок 15тен көп эмес мүчөдөн турат. Конкурс жөнүндө кулактандыруу Өкмөт тарабынан белгиленген жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде, ошондой эле конкурс жөнүндө маалыматты документтерди берүүнүн мөөнөттөрүн, Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына жайгаштыруу жолу менен конкурска катышуу үчүн документтерди кайда жиберүүгө зарыл болгон дарегин (почта жана электрондук почта), ошондой эле конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмегин көрсөтүү менен жарыяланат.
3. Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.
4. Бир уюмдан тигил же бул коомдук кеңешке бир гана адам шайланышы мүмкүн. Бир эле адам бир гана коомдук кеңешке мүчө болуп шайлана алат.
5. Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 айдан кем эмес мурда Комиссия коомдук кеңештин жаңы курамын шайлоо үчүн конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыялайт. Конкурс жөнүндө кулактандыруу Өкмөт тарабынан белгиленген жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде, ошондой эле конкурс жөнүндө маалыматты документтерди берүүнүн мөөнөттөрүн, Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына жайгаштыруу жолу менен конкурска катышуу үчүн документтерди кайда жиберүүгө зарыл болгон дарегин (почта жана электрондук почта), ошондой эле конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмегин көрсөтүү менен жарыяланат.
6. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
7. Коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн талапкерлер жарандар жана уюмдар тарабынан, ошондой эле жарандардын өзүн өзү көрсөтүү жолу менен сунушталышы мүмкүн.
8. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө соттолгондугу жок, Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жараны талапкер боло алат. Коомдук кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:
1) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун жетекчилиги (жетекчиси же анын орун басарлары) менен жакын туугандык мамиледе болбошу;
2) коомдук кеңеш түзүлүп жаткан ошол министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого тикелей көз каранды болбошу (лицензияны алуучу, контракттын негизинде товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү жана у.с.);
3) мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу;
4) кынтыксыз иштиктүү кадыр-баркка ээ болушу;
5) тиешелүү министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун ишин жакшыртуу боюнча көрө билүүсү, идеялары же сунуштары болушу;
6) коомдук ишти активдүү жүргүзүшү, жарандык демилгелер тажрыйбасына ээ болушу.
9. Конкурска катышуу үчүн талапкер Комиссияга төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
1) жарандын өзүн өзү көрсөтүүсү жөнүндө арызы же юридикалык жактын же болбоco жарандар бирикмелеринин жана/же юридикалык жактардын алардын негизинде бул талапкер коомдук кеңештин курамына киргизүү үчүн сунушталган жүйөлөрү менен талапкерди тиешелүү коомдук кеңештин курамына киргизүү жөнүндө Комиссияга даректелген катты;
2) конкурска документтерди бергенге чейин 6 айдан эрте эмес жасалган фотосүрөтү менен  өмүр баяндык маалыматтарын (таржымалын) көрсөтүү менен талапкердин билими, кесипкөй иш тажрыйбасы жана коомдук иши жөнүндө маалыматтарды;
3) талапкердин коомдук кеңештин ишине катышуусунда өзүнүн көрө билүү сыпаттамасын;
4) экиден кем эмес сунуштама катты.
10. Коомдук кеңештерге шайлоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеген документтерди тапшырган талапкерлер Комиссиянын чечими менен конкурска киргизилбейт.
11. Коомдук кеңештер бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашык эмес өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.
12. Коомдук кеңештин жаңы курамын түзүү коомдук кеңештин мурдагы курамынын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен жүзөгө ашырылат.
13. Коомдук кеңештин жаңы шайланган мүчөлөрү коомдук кеңештин мурдагы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын алат.
14. Коомдук кеңештин ар бир жаңы курамы түзүлгөндөн кийин Комиссия коомдук кеңештин жаңы шайланган мүчөлөрүнүн жеке маалыматтарын (фамилиясын, атын, атасынын атын, иштеген жерин, ишинин түрүн) көрсөтүү менен бул тууралуу коомдук кеңештердин расмий веб-сайттары аркылуу коомчулукка маалымдайт.
15. Талапкерлердин жетиштүү саны болгондо, коомдук кеңешти түзүү менен бир эле убакта Комиссия тиешелүү коомдук кеңеш үчүн талапкерлердин резервин түзөт.
15-берене. Коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Коомдук кеңештин мүчөсү өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө тиешелүү арызын берүү жолу менен кандай болбосун убакта коомдук кеңештен чыга алат.
2. Коомдук кеңештин мүчөсү төмөнкү негиздер болгондо коомдук кеңештин чечими менен коомдук кеңештен мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн:
1) коомдук кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз үч жана андан көп жолу болбогондо;
2) ден соолугунун абалы боюнча коомдук кеңештин ишине катышуусу мүмкүн болбогондо;
3) коомдук кеңештин мүчөсү сот тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
4) эгерде ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 8-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында каралган фактылардын бар экени жөнүндө белгилүү болгондо.
3. Коомдук кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда (өз каалоосу боюнча же чыгарып салганда) коомдук кеңеш чечим кабыл алынган күндөн 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен Комиссияга жыйналыштын протоколунун көчүрмөсүн жиберет, анда коомдук кеңештин тигил же бул мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө негиздери жана чечими чагылдырылат.
4. Комиссия коомдук кеңештин жыйналышынын коомдук кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө протоколунун көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдан  кечиктирбестен төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) ушул коомдук кеңештин резервиндеги талапкерлердин ичинен (эгерде талапкерлердин резерви болсо) коомдук кеңештин жаңы мүчөсүн шайлоо жөнүндө (ушул коомдук кеңештин ишинин калган мөөнөтүнө); болбосо
2) эгерде ушул коомдук кеңеште талапкерлердин резерви жок болсо, ушул Мыйзамда белгиленген жолжобого ылайык коомдук кеңешке жаңы мүчө шайлоо жөнүндө конкурс жарыялайт. Мында сунушталган талапкерлердин жетиштүү саны болсо, коомдук кеңешке жаңы мүчөнү шайлоо менен бир эле убакта Комиссия ушул коомдук кеңеш үчүн талапкерлердин резервин түзүүгө укуктуу.
4-глава. Коомдук кеңештердин ишти жүзөгө ашырууларынын тартиби
16-берене. Коомдук кеңештердин уюштуруучулук түзүмү
1. Коомдук кеңештердин уюштуруучулук түзүмү төрагадан, анын орун басарларынан жана Коомдук кеңештин катчылыгынан турат Коомдук кеңештин кароосу боюнча бул кызмат адамдары кандай болбосун убакта кайра шайланышы мүмкүн.
2. Төрага:
1) коомдук кеңештин ишин уюштурат;
2) коомдук кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат;
3) коомдук кеңиштин иш планына, чыгуучу жана башка документтерге кол коет;
4) коомдук кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
5) министрликтерде, мамлекеттик комитеттерде жана администрациялык ведомстволордо, коомдук жана башка уюмдарда коомдук кеңештин атынан чыгат.
3. Төраганын орун басарлары:
1) төрага болбогон убакта коомдук кеңештин тиешелүү чечиминин негизинде анын милдеттерин аткарат;
2) коомдук кеңештин комиссияларынын жана/же жумушчу топторунун ишин тескейт.
4. Катчылыгы:
1) коомдук кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнү даярдоону уюштурат;
2) коомдук кеңештин ишине уюштуруучулук жана маалыматтык колдоону камсыз кылат;
3) коомдук кеңеште иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле коомдук кеңештин чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүн көзөмөлдөйт.
17-берене. Коомдук кеңештердин ишин уюштуруу
1. Коомдук кеңештин биринчи жыйналышын коомдук кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү ачат.
2. Коомдук кеңештин биринчи жыйналышында ачык добуш берүү менен коомдук кеңештин  төрагасы, анын орун басарлары жана Коомдук кеңештин катчылыгы шайланат.
3. Жыйналыш коомдук кеңештердин ишинин негизги формасы болуп саналат. Коомдук кеңештин жыйналышы эгерде ага мүчөлөрүнүн кеминде 3/2синен кем эмеси катышса укук ченемдүү деп эсептелет.
4. Коомдук кеңеш өз ишин коомдук кеңеште иштелип чыккан жана кабыл алынган бир жылдык иш планына ылайык жүзөгө ашырат.
5. Коомдук кеңеш өзүнүн жыйналыштарын зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан сейрек эмес өткөрөт. Коомдук кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү коомдук кеңеш тарабынан бир жылга бекитилген иш планына ылайык белгиленет.
6. Коомдук кеңештин мүчөсү коомдук кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
7. Коомдук кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат. Коомдук кеңештин жыйналышына катышууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда коомдук кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө жиберүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн пикир коомдук кеңештин жыйналышында каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.
8. Зарыл болгон учурларда коомдук кеңештин жыйналышына анын чечими боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, илимий, профсоюздук жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун ишине тиешеси бар чөйрөдө адистешкен эксперттер жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
9. Коомдук кеңештин жыйналыштары ачык өткөрүлөт, аларга жарандар, жарандык коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат.
10. Коомдук кеңештин жыйналыштарына жыйналышта каралып жаткан маселелерге кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катыша алышат.
11. Иш-милдеттерине алдыда боло турган жыйналышта коомдук кеңеш тарабынан каралуучу маселелер кирген министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жыйналыш үчүн зарыл материалдарды жана маалыматты коомдук кеңештин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча берет.
12. Коомдук кеңештин жыйналыштарында коомдук кеңештин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ. Коомдук кеңештин чечимдери коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат  жана протокол менен жол-жоболоштурулат, ага коомдук кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана коомдук кеңештин жыйналышына катышкан мүчөлөрү, ошондой эле жыйналышта болбогондор, бирок ушул маселе боюнча ушул Мыйзамда белгиленген жолжобого ылайык добуш бергендер кол коет.
13. Чечимдерди кабыл алуунун жана кароонун жүрүшүндө коомдук кеңештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер коомдук кеңештин өзгөчө пикир айткан мүчөсүнүн демилгеси боюнча протоколго киргизилет.
14. Зарыл болгондо тигил же бул маселелер коомдук кеңештин атайын чечими менен электрондук почта боюнча же коомдук кеңештердин расмий веб-сайтын пайдалануу жолу менен добушка коюлушу мүмкүн.  Электрондук почта боюнча же коомдук кеңештердин расмий веб-caйтын пайдалануу аркылуу добуш берүү жолжобосу, ошондой эле ушундай жол менен кабыл алынган чечимдерди протоколдук жол-жоболоштуруу коомдук кеңештин регламенти менен аныкталат.
15. Коомдук кеңештин мүчөсү, эгерде алар коомдук кеңеш тарабынан кабыл алынбаса же бекитилбесе же белгиленген тартипте макулдашылбаса, тигил же бул документтерди, чечимдерди, сунуштамаларды же башка маалыматты коомдук кеңештин атынан жарыялоого, министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого же башка адамдарга берүүгө укуксуз.
16. Зарыл болгон учурда коомдук кеңеш өзүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствомун аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тигил же бул областтарынын жана/же райондорунун аймагында, ушул аймакта жашаган коомчулуктун өкүлдөрүнүн ичинен комитеттерди, комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Коомдук кеңештин бул түзүмдөрү анын ишимде министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун аймактык түзүмдүк бөлүмүнүн иши жөнүндө зарыл маалыматты берүү жолу менен коомдук кеңешке көмөк көрсөтөт, ошондой эле министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун көрсөтүлгөн түзүмдүк бөлүмү менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат жана төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) семинарларды, конференцияларды, “тегерек үстөлдөрдү”, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
2) тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилигин жана кызматкерлерин алардын компетенциясына таандык кылынган маселелерди талкуулоо үчүн өз жыйналыштарына чакыруу;
3) коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго көмөк көрсөтүү;
4) зарылдыгы боюнча туруктуу жана/же убактылуу жумушчу органдарды: комитеттерди, комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү.
18-берене. Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер менен өз ара аракеттенүү боюнча милдеттери
1. Министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун жетекчиси өзүнүн орун басарларынын бирин министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңештеги өкүлү катары аныктайт (мындан ары – өкүл), ал туруктуу негизде коомдук кеңеш менен мамилелерде министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун атынан чыгат жана министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
2. Коомдук кеңештин алдыда боло турган жыйналышынын күн тартиби жыйналыш башталганга чейин 2 күндөн кечиктирбестен министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого жиберилет. Өкүл коомдук кеңештин жыйналыштарына жеке өзү катышат. Коомдук кеңештин жыйналыштарына ошондой эле коомдук кеңештин чакыруусу боюнча башка кызмат адамдар катышат.
3. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тендердик, конкурстук комиссиялардын жыйналыштарын, министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коллегияларын өткөрүүнүн датасы, орду, программасы же күн тартиби жана министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан өткөрүлүүчү жана башка иш-чаралар жөнүндө аларды өткөрүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен коомдук кеңешке кабарлоого, коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн аларды өткөрүүнүн кандай болбосун стадиясында катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
4. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство коомдук кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маселелерди коомдук кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу.
5. Коомдук кеңештин бир жылга иш планынын көчүрмөсү аны бекиткен күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, ошондой эле ага ар бир өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин милдеттүү түрдө министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого жиберилет.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелери коомдук кеңештин суроо-талаптары боюнча зарыл маалыматты (мамлекеттик же мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды түзгөн башка маалыматты кошпогондо) берет.
7. Коомдук кеңештин суроо-талабы жиберилген кызмат адамы суроо-талап катталган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен суроо-талапка жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Жоопко суроо-талап кайсы кызмат адамына жиберилсе ошол кызмат адамы же болбосо анын милдетин аткаруучу адам тарабынан кол коюлушу керек.
8. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство коомдук кеңештин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (сунуштары, сунуштамалары же болбосо башка документтери) келип түшкөндөн кийин кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү, анда келип түшкөн кайрылуу боюнча өзүнүн пикирин чагылдырышы керек. Коомдук кеңештин кайрылуусу менен макул болбогон учурда министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство өзүнүн жообун негиздөөгө милдеттүү.
9. Коомдук кеңештин ишин камсыз кылуу (коомдук кеңештин жыйналыштары үчүн жайлар менен камсыз кылуу, талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымдама-маалыматтык материалдарды көрсөтүү үчүн жайды зарыл техникалык каражаттар менен жабдуу, материалдарды көбөйтүү жана д.у.с.) коомдук кеңеш түзүлгөн министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан жүзөгө ашырылат.
19-берене. Коомдук кеңештердин өз ара аракеттенүүсү
1. Коомдук кеңештер өз ишин жүзөгө ашырууда теңчиликтик жана өнөктөштүк  принциптеринде бири-бири менен өз ара аракеттенишет.
2. Өз ишинин, ошондой эле тигил же бул максаттарга жетүү үчүн биргелешип иштөөнүн натыйжалуулугүн жогорулатуу максатында ар кайсы министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештери өздөрүнүн күч кубатын бириктирүүгө, биргелешкен органдарды (комитеттерди, комиссияларды, жумушчу топторду жана д.у.с.) түзүүгө укуктуу.
3. Коомдук кеңештердин биргелешкен органдары өзүнүн ишин коомдук кеңештердин тиешелүү чечимдеринде аныкталган жолжобого ылайык өзүн-өзү башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
20-берене. Коомдук кеңештердин координациялык кеңеши
1. Өз алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн коомдук кеңештердин дараметин жогорулатуу максатында коомдук кеңештер Коомдук кеңештердин координациялык кеңешин (мындан ары – Координациялык кеңеш) түзүүгө укуктуу.
2. Координациялык кеңеш министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде, ошондой эле коомдук кеңештердин биргелешкен иштерин координациялоодо коомдук кеңештердин өкүлчүлүктүү органы катары түзүлөт.
3. Координациялык кеңешти түзүүнүн жана ишинин тартиби, ошондой эле анын иш-милдеттери коомдук кеңештердин делегаттарынын коомдук кеңештердин конференциясында добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен бекитилген жобо менен аныкталат.
21-берене. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана коомдук кеңештердин өз ара аракеттенүүлөрүн баалоо боюнча жылдык конференциялар
1. Жогорку Кеңеш, Президент жана Өкмөт ар бир жылдын аягында (31-декабрдан кечиктирбестен) коомдук кеңештер менен бирдикте конференция өткөрүшөт, анда бийликтин жана коомдук кеңештердин министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана коомдук кеңештердин өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүлөрүнө баа берилет.
2. Жогорку Кеңеш, Президент жана Өкмөт коомдук кеңештер жана жарандык коомдун уюмдары менен бирдикте ар жылдын ноябрь айында уюштуруу комитетин түзүшөт, ал конференциянын программасын түзөт жана конференция өткөрүү үчүн башка уюштуруу маселелерин чечет.
Уюштуруу комитети Өкмөт Аппаратынын жана Координациялык кеңештин демилгеси боюнча түзүлөт.
5-глава. Коомдук кеңештердин ишинин токтотулушу, кайра уюштурулушу
22-берене. Коомдук кеңештердин ишинин токтотулушу, кайра уюштурулушу
1. Министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство жоюлган учурда, ушул министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун коомдук кеңеши өз ишин токтотот.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор кайра уюштурулган (кошулган, бөлүнгөн, бириктирилген, бөлүп чыгарылган) учурда Комиссия тиешелүү коомдук кеңештердин андан аркы иши (кошуу, бөлүү, бириктирүү, бөлүп чыгаруу же ишин токтотуу) жөнүндө чечим кабыл алат. Коомдук кеңештердин кайра уюштурулуучу курамдарына жана алардын резервдерине Комиссиянын кароосу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун кайра уюшулган кеңештеринин мүчөлөрү (толук курамда же жарым-жартылай) киргизилет.
3. Кайра уюштурулган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештеринин Комиссия тарабынан кайра уюштурулган коомдук кеңештердин курамына киргизилген мүчөлөрү алардын адепки шайланган мөөнөтүнө өз ыйгарым укуктарын сактайт.
6-глава. Корутунду жоболор
23-берене. Жарандык коом менен өз ара аракеттенүү үчүн башка формаларды пайдалануу
Жогорку Кеңеш, Президент жана Өкмөт зарыл болгондо кызматташуу жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттин катышуусунда, анын ичинде эл аралык келишимдердин (эл аралык келишимдин тараптарынын макулдугу менен), Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында башка өлкөлөр же эл аралык уюмдар тарабынан түзүлгөн башка уюмдардын үстүнөн коомдук мониторинг үчүн шарттарды түзүү максаттарында жарандык коом менен өз ара аракеттенүү үчүн башка формаларды пайдаланууга укуктуу.
24-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин Тоо” газетасынын 2014-жылдын 17-июнунда N 46 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоо кеңеши пилоттук эксперименттик долбоор катары коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин жалпы эрежелерин алып салуу тартибинде өзүнүн ишин “Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 Жарлыгынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде өзүнүн ишин жүзөгө ашырууну улантат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен ушул Мыйзамга ылайык коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча Комиссия түзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн 3 айлык мөөнөттө тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
 
2014-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
 
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы