20 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө ЖОБО


5-тиркеме
 
 
Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык
ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
 
Жалпы жоболор
        
1. Ушул Кыргыз Республикасында жеке нотариалдык ишти лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) жеке нотариалдык ишти жүргүзүүгө лицензияларды берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтото туруунун, калыбына келтирүүнүн, токтотуунун жана кайра чакыртып алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын негизинде регламенттейт.
2. Лицензия – адамдын жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүргөн белгиленген формадагы документ (мындан ары – лицензия).
Универсалдуу лицензия – Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында адамдын жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укугу жөнүндө күбөлөндүрүүчү лицензия.
Локалдаштырылган лицензия – Нотариалдык Палата менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленген тизмеге ылайык белгилүү бир аймакта (нотариустардын жетишсиздиги байкалган кризистик райондордо) жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө адамдын укугун күбөлөндүрүүчү лицензия.
3. Жеке нотариалдык ишти жүргүзүүнү каалаган адамдар «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
4. Лицензия жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лизензия алууга талапкер адамдардан Юстиция министрлигинин алдындагы Квалификациялык экзаменди кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде квалификациялык экзаменди тапшыргандан кийин бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан берилет.
4.1 Локалдаштырылган лицензия алган адамдар белгилүү бир аймакта (кризистик райондордо) гана жеке нотариалдык иш жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен келишим (контракт) түзүүгө милдеттүү.
5. Лицензия ажыратылгыс болуп саналат, биринчи жолу 5 жылга берилет, андан кийин, эгер жеке нотариалдык ишти жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензия токтотулуп турбаса, квалификациялык экзаменди тапшырбастан кийинки 10 жылга жана андан кийин ал чектелген куракка жеткенге чейин узартылат.
6. Лицензия төмөнкү адамдарга берилбейт:
1) Башка жарандыгы, кош жарандыгы, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашоого уруксаты бар адамдарга;
2) жарандыгы жок адамдарга;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган адам;
 
4) наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо тургандарга;
5) ага карата соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан мурда кылмыш жасаган, же реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтугу токтотулгандарга;
6) жеке нотариалдык же адвокаттык ишти өз каалоосу боюнча токтоткон же болбосо нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бергени үчүн мамлекеттик нотариустун кызмат ордунан бошотулган адамдарды кошпогондо, жеке нотариалдык же адвокаттык иште иштөө укугуна лицензиясы кайра чакыртып алынган же токтотулган адам.
 
2. Лицензия алуу тартиби
 
7. Квалификациялык экзаменди тапшыруунун жыйынтыгы менен арыз ээси бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген форма боюнча, лицензия алууга арыз тапшырат.
8. Лицензия алуу үчүн кайрылган адамдардын арызына төмөнкү документтер тиркелет:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилген форма боюнча анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштеп чыгууга арыз ээсинин макулдугу;
2) талаптагыдай толтурулган жана колу коюлган,  сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү;
4) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же көктөлгөн жана акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5) нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (эгерде жогорку билим экинчи жогорку билим катары же орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде алынса, биринчи дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү милдеттүү түрдө берилет);
6) өмүр баяны;
7) лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Укук коргоо органдарында иштеген адамдар үчүн – берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкат–объективканы кошумча тапшыруу зарыл.
Нотариустардын жардамчылары нотариус менен нотариустун жардамчысынын ортосунда түзүлгөн келишимди (эмгек келишимин) кошумча беришет.
9. Арыз жана ага тиркелген документтер, лицензия берүүчүнүн лицензия берүү же лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө, кайра тариздөө, токтото туруу, кайра жаңылоо, лицензиянын колдонулушун токтотуу же кайра чакырып алуу жөнүндө актылары жана башка документтер арыз ээсинин лицензиялык делосун түзөт жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан сакталууга тийиш.
 
3. Лицензиянын мазмуну
 
10. Лицензияда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аталышы;
2) лицензиянын номери жана берилген датасы, лицензиянын түрү;
3) лицензияланган иштин түрү;
4) жеке нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты, идентификациялык жеке номери;
5) буйруктун датасы жана номери;
6) лицензияны колдонуу мөөнөтү.
11.Универсалдуу жана локалдаштырылган лицензиялар 1, 2-тиркемелерге ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук форматта таризделет. Лицензиялардын бланктары катуу эсепке алынуучу документтер болуп саналат, коргоо даражасы, эсептик сериясы жана номери болот. Лицензиялардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
Лицензия жеке нотариустардын электрондук реестрине киргизилет.
 
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ыйгарым укуктары
 
12. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкү ыйгарым укуктарды жүргүзөт;
1) универсалдуу жана локалдаштырылган лицензия берет;
2) лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат;
3) лицензиянын колдонулушун токтото турат;
4) лицензиянын колдонулушун калыбына келтирет;
5) лицензиянын колдонулушун узартат;
6) лицензияларды токтотот жана кайра чакыртып алат;
7) лицензияларды кайра тариздөө жол–жобосун жүргүзөт;
8) лицензиялардын дубликаттарын берет;
9) жеке нотариустардын реестрин жүргүзөт.
 
5.  Лицензияны берүү жана кайра жол–жоболоштуруу жөнүндө арызды кароонун тартиби жана мөөнөттөрү.
 Лицензиянын дубликатын берүү
 
13. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
14. Лицензия берүү жөнүндө чечим буйрук менен таризделет.
15. Реестрге маалыматты киргизилген күнү лицензия расмий түрдө берилди деп эсептелет.
16. Лицензияны кайра жол–жоболоштуруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жеке нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөртүлгөндө;
2) лицензиянын жарактуулук мөөнөтү узартылганда.
Лицензияны кайра жол–жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон учурда, жеке нотариус лицензияны кайра жол–жоболоштуруу жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине кайрылууга милдеттүү.
17. Лицензияны кайра жол–жоболоштуруу үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө, жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра жол–жоболоштуруу жөнүндө арыз отуз календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
18. Лицензияны кайра жол–жоболоштурууда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
19. Кайра жол–жоболоштурулган лицензияны колдонуу мөөнөтү мурдагы лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
20. Лицензия жоголгон же бузулган учурда, жеке нотариус республикалык маанидеги гезиттердин биринде жоголгон лицензия жөнүндө жарыяны тиркөө менен жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензия бузулган учурда, арызга лицензиянын бузулган бланкы тиркелет.
21. Жеке нотариус тарабынан арыз берилген күндөн тартып   лицензиянын жоголгон же бузулган бланкы жараксыз деп эсептелет.
22. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги арыз берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жогорку оң бурчунда «Дубликат» деген жазуусу бар лицензиянын дубликатын берет.
23. Жеке нотариус Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине административдик жол–жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
24. Лицензияны кайра тариздөөдө жана лицензиянын дубликатын берүүдө мамлекеттик алым алынат.
 
6. Лицензия берүүдөн баш тартуу
 
25. Лицензияны берүүдөн баш тартуу негиздери:
1) «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган категориядагы жактар үчүн жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө тыюу салуунун болушу;
2) арыз ээси тарабынан анык эмес же толук эмес маалымат берилсе;
3) эгерде арыз ээси тарабынан берилген документтер «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
4) лицензияны кароо жана берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнбөсө.
26. Лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим, арыз ээсине баш тартуунун себептерин көрсөтүү жана өздүк делосу менен жазуу жүзүндө жиберилет.
27. Арыз ээси административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, лицензияны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге даттанууга укуктуу.
 
7. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу
 
28. Лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча токтото туруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:  
1) жеке нотариустун арызы - арызда көрсөтүлгөн, бирок, үч жылдан ашпаган мөөнөткө;
2) жеке нотариустун мамлекеттик же муниципалдык кызматка же башка уюмга кириши - иштөө мезгилине;
3) нотариуста кесиптик жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандыруу жөнүндө келишимдин жоктугу - мындай келишим түзүлгөнгө жана анын көчүрмөсү Юстиция министрлигине жөнөтүлгөнгө чейин;
4) Жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күндүн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик - бир айлык мөөнөткө;
5) жеке нотариус нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартибин же нотариустун ишин текшерүүнүн натыйжалары боюнча нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы - Нотариалдык палата белгилеген тартипте квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү сунуштамасы менен 3 айга;
6) Жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузуу, Нотариалдык палатанын сунушу боюнча - 2 айлык мөөнөткө;
7) архивдик документтерди кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 календардык күнгө чейин бузуу менен тапшыруу -бир айлык мөөнөткө;
8) сот жеке нотариусту аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок деп таануу же анын каза болгондугун жарыялоо жөнүндө ишти өндүрүшкө алуусу - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
9) ден соолугунун абалы боюнча нотариалдык ишти жүргүзүүнүн мүмкүн эместиги (медициналык корутунду болсо);
29. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте каралат.
30. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен таризделет.
31. Жеке нотариустун лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Юстициянын аймактык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына билдирилет.
32. Лицензиясынын колдонулушу токтотуу турулган жеке нотариус, аймактык юстиция башкармалыгына келип, буйрукта көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде гербдүү мөөрүн, штамптарын кабыл алуу актысы менен сактоого берүүгө милдеттүү.
33. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумуна (мындан ары – НБМТ) кирүү мүмкүнчүлүк токтотулат.
34. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
35. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө буйрук, административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
 
8. Лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү
 
36. Лицензиянын күчү токтотулуп турган мөөнөт аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жеке нотариустун арызы боюнча калыбына келтирилет.
37. Лицензияны токтото турууга негиз болгон бузуулар четтетилген учурда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тиешелүү акты түзөт.
38. Лицензияны калыбына келтирүү жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
39. Нотариус лицензияны калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечимине административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
 
9. Лицензиянын колдонулушун токтотуу
 
40. Лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) жеке нотариустун өз каалоосу боюнча арызы;
2) жаш чегине жетүү;
3) жеке нотариустун каза болгондугу;
4) жеке нотариустун башка жарандыгынын, кош жарандыгынын, ошондой эле чет мамлекетте туруктуу жашап туруу укугунун болушу, аны алышы;
5) сот жеке нотариус аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү, дайынсыз жок же каза болгон деп таануусу;
6) жак лицензия алгандан кийин бир жылдын ичинде нотариалдык ишти жүргүзүүгө киришпесе.
41. Лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте каралат.
42. Лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен таризделет.
43. Жеке нотариустун лицензиясынын колдонулушун токтотуу жөнүндө Юстициянын аймактык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына билдирилет.
44. Лицензиясынын колдонулушу токтотулган жеке нотариус, аймактык юстиция башкармалыгына келип, буйрукта көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде гербдүү мөөрүн, штамптарын кабыл алуу актысы менен сактоого берүүгө милдеттүү.
45. Лицензияны колдонулушун токтотулган жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып НБМТ кирүү мүмкүнчүлүк токтотулат.
46. Лицензиянын колдонулушу токтотулгандыгы жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
47. Лицензиянын колдонулушу токтотулгандыгы жөнүндө буйрук, административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
 
10. Лицензияны кайра чакыртып алуу
 
48. Лицензияны кайра чакырып алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча жүргүзүлөт:
1) жеке нотариуска карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кириши;
2) жеке нотариуска карата реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза ишин жана/же кылмыш-жаза куугунтуктоону токтотуу жөнүндө токтомдун болушу;
3) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-7-пункттарында каралган негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун үч жолу токтотулуп турушу;
4) нотариалдык иш-аракеттердин башка адамдар тарабынан, анын ичинде жеке нотариустун жардамчысы тарабынан анын мөөрүн жана квалификацияланган электрондук колтамгасын пайдалануу менен жеке нотариустун атынан жасалышы;
5) нотариалдык архивге архивдик документтердин кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө мөөнөттү 6 айдан ашык бузуу менен берүү;
6) лицензияны колдонууну токтото туруу мезгилинде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
7) жеке нотариалдык кеңсени каттабастан нотариалдык ишти жүргүзүү;
8) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 7-беренесинин талаптарын аткарбоо;
9) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мызамдын 19-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн нотариалдык округунун чегинен тышкары жерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо;
10) квалификациялык экзаменди тапшырууга кирүү үчүн анык эмес документтерди же жалган маалыматтарды берүү;
11) Кыргыз Республикасынын “Нотариат жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренесин бузуу менен лицензия алуу.
49. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте каралат.
50. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен таризделет.
51. Жеке нотариустун лицензиясын кайра чакыртып алуу жөнүндө Юстициянын аймактык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасына билдирилет.
52. Лицензиясы кайра чакыртып алынган жеке нотариус, аймактык юстиция башкармалыгына келип, буйрукта көрсөтүлгөн документтерди, анын ичинде гербдүү мөөрүн, штамптарын кабыл алуу актысы менен сактоого берүүгө милдеттүү.
53. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө буйрук чыккан учурдан тартып НБМТ кирүү мүмкүнчүлүк токтотулат.
54. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө маалымат реестрге киргизилет.
55. Лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө буйрук, административдик жол–жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
 
11. Лицензиялардын электрондук реестри
 
56. Лицензиялардын электрондук реестри берилген лицензиялардын жана алардын укуктук статусун тастыктоочу расмий булак болуп саналат.
57. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги лицензиялардын электрондук реестрин жүргүзөт.
58. Лицензиялардын электрондук реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер болсо);
2) нотариалдык кеңсенин же нотариалдык бюронун юридикалык дареги;
3) байланыш маалыматтары (телефон номери, электрондук почтанын дареги жана почта дареги);
4) нотариустун фотосүрөтү (ар бир 10 жылда);
5) лицензиянын мөөнөтү;
6) нотариалдык округ;
7) лицензия берилген дата жана каттоо номери;
8) лицензияны токтото туруунун, лицензиянын колдонуу мөөнөтүн калыбына келтирүүнүн негизи жана мөөнөтү;
9) лицензиянын колдонулушун токтотуу жана аны кайра чакырып алуунун негизи жана датасы.
59. Лицензиялардын электрондук реестри Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат жана нотариустар жөнүндө жалпыга жеткиликтүү маалыматты камтыйт, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кирүү чектелген маалыматтар кирбейт.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
1-тиркеме
 
 
 
Форма
 
 
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
                                      жеке нотариалдык иш жүргүзүү
                                                
                                          ЛИЦЕНЗИЯСЫ   №__
            
                                     20___ ж._________________ "____"
 Берилген                                            
 _______________________________________________________________
                                   (фамилия, аты, атасынын аты) 
ИЖН___________________________________________________________
 
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигининин    20___ ж.________ «__»
 
 №_____ буйругунун негизинде
 
                              
                                        Лицензия берилген
_______________________________________________________________________
                                     (мөөнөтү же жаш курагына чейин)
 ___________________________                   _________________________
             (жетекчи)                                                                 (ф.и.о.)
 
М.О.
 
 
 
Лицензиянын сериялык номери
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы