09 Бугу, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму жөнүндө ЖОБО


                            6-тиркеме
 
                                                            
Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму жөнүндө
ЖОБО
 
1. Жалпы жоболор
1. Ушул «Нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутуму жөнүндө» жобо (мындан ары – Жобо) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумунун (мындан ары – НБМТ) максаттарын, милдеттерин, функцияларын, оператордун жана колдонуучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле НБМТда нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартибин жана НБМТга кошуу тартибин аныктайт.
2. Жобо НБМТны түзүүгө жана иштөөсүнө карата негизги мамилелерди аныктайт, бул системага киргизилүүчү маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана пайдаланууда оператор менен өз ара маалыматтык аракеттенүүнүн колдонуучуларынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
3.       Жобо өз ара маалыматтык аракеттенүүнүн бардык колдонуучулары үчүн колдонууга милдеттүү.
4.       НБМТ төмөнкү максаттарда түзүлгөн:
1)       нотариустардын жана башка кызмат адамдарынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык коомдун калыптануусунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;
2)       нотариустардын жана башка кызмат адамдарынын жеке жана юридикалык жактар менен, анын ичинде алардын сапаттуу нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бул үчүн зарыл маалыматты тоскоолдуксуз жана өз убагында алуусу үчүн натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү;
3)       коррупциялык факторлорду жоюу жана нотариат системасында айкындуулукту камсыздоо;
4)       нотариалдык ишти оптималдаштыруу жана нотариустардын, чет өлкөдөгү мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын (мындан ары – башка ыйгарым укуктуу адамдар) ишине заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү;
5)        санариптик коом өнүккөн шарттарда жарандарды жана юридикалык жактарды нотариалдык коргоону камсыздоо;
6)        нотариустарга жана башка ыйгарым укуктуу адамдарга нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системалардан маалыматты берүү;
7)       статистикалык отчетторду түзүү;
8)       кирген жана чыккан электрондук документтерди эсепке алуу, иш кагаздарын жүргүзүү сапатын жогорулатуу;
9)       нотариалдык ишти көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
10)      ишеним каттарды, мурас иштерин аныктыгын текшерүү үчүн ачык реестрлерди (сервистерди) түзүү;
11)      «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын (мындан ары – «Түндүк») пайдалануу менен электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү органдар менен өз ара маалыматтык аракеттенүүнү камсыздоо.
 
2. Терминдер жана аныктамалар
 
5. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана түшүнүктөр:
НБМТнун жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) – жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоого жана жеке маалыматтарды топтоону, сактоону, иштетүүнү жана пайдаланууну көзөмөлдөө ыйгарым укугу менен «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги болуп саналат.
НБМТнун модулдары – бирдиктүү маалымат тутумунун өз алдынча бөлүктөрү же ички түзүмү бар башка программалык модулдардан көз карандысыз белгилүү бир максатты көздөгөн жана иштеп чыгуунун белгилүү функцияларын камсыз кылган Бирдиктүү маалымат тутумунун ички түзүүчү бөлүгү.
Нотариалдык электрондук архив – (мындан ары – электрондук архив) нотариалдык документтерди электрондук түрдө чогултуу, алуу, комплекттөө, иретке келтирүү, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу үчүн арналган борборлоштурулган маалыматтык система.
Нотариалдык электрондук репозиторий – нотариалдык документтерди электрондук түрдө убактылуу сактоону, эсепке алууну жана пайдаланууну камсыздаган НБМТнун компоненти.
Маалыматтын ээси – маалыматты өз алдынча түзгөн же мыйзамдын же келишимдин негизинде белгилүү бир маалыматты алууга уруксат берүү же чектөө укугун алган жак (жеке же юридикалык, анын ичинде Кыргыз Республикасы).
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий веб-сайты (мындан ары - веб-сайт) - маалыматты жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн каралган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин электрондук порталы.
НБМТнун колдонуучусу - нотариустар, нотариустун жардамчысы(лары) жана стажеру(лору), чет өлкөдөгү мекемелердин жана өз алдынча башкаруу жергиликтүү кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы (мындан ары – КР НП).
Скан сүрөт – кагаз алып жүрүүчүнү Portable Document Format (PDF) чечиминде сүрөт түрүндө компьютердин экранына өткөрүүчү санариптик образ.
Маалыматты криптографиялык коргоо каражаттары –криптографиялык өзгөрүүлөр алгоритмин, шифрлөө ачкычтарын түзүүнү, калыптандырууну, бөлүштүрүүнү же башкарууну жүзөгө ашыруучу программалык камсыздоо же аппараттык программалык комплекс.
Электрондук кол тамга каражаттары - электрондук кол тамганы түзүү, электрондук кол тамганы текшерүү, кол тамга ачкычтарын жана кол тамганы текшерүү ачкычтарын түзүү сыяктуу функциялардын кеминде бирин ишке ашыруу үчүн пайдаланылган шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар.
Колдонуучунун статусу – адамдардын НБМТдагы маалыматты алууга чектелген же толук жетүү мүмкүндүгүн алуу укугу.
НБМТнун техникалык оператору – НБМТнун ээси тарабынан аныкталган жана аны мамлекеттик органдардын тиешелүү маалыматтык системалары жана маалымат базалары менен интеграциялоону жана техникалык коштоону жүзөгө ашырган юридикалык жак.
Уникалдуу номер – жеке нотариустун лицензиясынын номеринен же мамлекеттик нотариустун каттоо номеринен, нотариалдык иш-аракеттерди жасоо күнүнөн жана нотариалдык иш-аракеттердин тамга-цифра төрт орундуу номеринен турган НБМТму ыйгаруучу номер.
Мурас иштерин каттоо боюнча электрондук реестр - бардык мурас иштери катталган бирдиктүү электрондук реестр.
Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо боюнча электрондук реестр - нотариустар, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзгөн бардык нотариалдык иш-аракеттер катталган бирдиктүү электрондук реестр, анда ар бир нотариалдык иш-аракетке реестрдик уникалдуу номер ыйгарылат.
Аралыктан жасалган нотариалдык иш-аракеттерди каттоо боюнча электрондук реестр - аралыктан жүргүзгөн бардык нотариалдык иш-аракеттер катталган бирдиктүү электрондук реестр, анда ар бир нотариалдык иш-аракетке реестрдик уникалдуу номер ыйгарылат.
QR «тез жооп» — бул санариптик түзүлүш тарабынан оңой окулган жана сыртынан кара-ак оймо-чийме сыяктуу көрүнгөн квадраттык тордогу пикселдер сериясы түрүндө маалыматты сактаган штрих-коддун эки ченемдүү түрү. QR-код эки багытта окулат горизонталынан жана вертикалынан,QR-кодду сканерлөөдө колдонуучу бул маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүн алат.
Квалификацияланган электрондук колтамга (мындан ары - КЭК) - колтамга ачкычын пайдалануу менен маалыматты криптографиялык кайра түзүүнүн натыйжасында электрондук колтамга алынган, электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого, электрондук документке кол койгондон кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактыларын табууга мүмкүндүк бере турган жана электрондук документке кол коюучу адам өзүнүн контролдугу астында сактай ала турган электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн квалификацияланган электрондук колтамга болуп саналат.
Колтамга текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (мындан ары - квалификацияланган сертификат) - аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбор же аккредиттелген күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы, же болбосо башкы (түпкү) күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу, электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы тарабынан берилген колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты.
 
3. НБМТ операторлорунун укуктары жана милдеттери
 
6. НБМТ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине менчик укугунда таандык (мындан ары – министрлик). НБМТ оператору болуп министрлик саналат. Оператор укуктуу:
1) техникалык оператордон НБМТ иштөө абалы, киргизүү жана пайдалануу шарттары жөнүндө, колдонуучулар жана НБМТга санкциясыз кирүү жөнүндө маалыматты суратууга;
2) нотариустардын жана башка мамлекеттик органдардын жана ыйгарым укуктуу адамдардын алардын ыйгарым укуктарынын чектеринде НБМТ борборлоштурулган маалыматтар базасына кирүү укугун аныктоого;
3) жаңы модулдарды иштеп чыгуу же НБМТ программалык функционалын модификациялоо зарыл болгондо бекитилген техникалык тапшырманы НБМТ иштеп чыгуучусуна киргизүүгө;
4) НБМТ операторунун функциясын Нотариалдык палатага өткөрүп берүүгө.
7. Оператор төмөндөкүлөрдү камсыздоого милдеттүү:
1) НБМТ үзгултүксүз иштөөсүн;
2) НБМТга маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн;
3) чектелбеген адамдар тобуна Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жайгаштырылган ачык реестрлерге эркин жана түз кирүү мүмкүндүгүн;
4) электрондук реестрлердин резервдик көчүрмөлөрүн даярдоо;
5) НБМТда камтылган маалыматтардын бүтүндүгүн;
6) НБМТда камтылган маалыматты санкциясыз алууга бөгөт коюуну жана (же) аларды пайдаланууга укугу жок адамдарга берүүнү жана мындай алуу фактысын өз учурунда аныктоону;
7) НБМТда камтылган, санкциясыз алуудан улам модификацияланган же жок кылынган маалыматты тез арада калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү.
8. Техникалык оператор  милдеттүү:
1)НБМТ киргизүүнү жана кошууну камсыздоого;
2) НБМТ серверлердин администрациялоону жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө;
3) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системалары аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыздоого;
4) коопсуз маалыматтык мейкиндикте НБМТ үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоого;
5) НБМТда камтылган маалыматтарга коопсуз кирүү мүмкүндүгүн камсыздоого;
6) НБМТ программалык камсыздоосунун иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жана маалыматтар базаларын резервдик көчүрүүгө;
7) НБМТ менен иштөө боюнча колдонуучунун колдонмосун иштеп чыгууга жана бекитүү үчүн операторго берүүгө
8)НБМТ бардык колдонуучуларын окутууга, консультация берүүгө жана техникалык колдоо көрсөтүүгө.
9)НБМТда камтылган маалыматты санкциясыз алууга бөгөт коюуну жана (же) аларды пайдаланууга укугу жок адамдарга берүүнү жана мындай алуу фактысын өз учурунда аныктоону камсыздоого;
10) НБМТда камтылган, санкциясыз алуудан улам модификацияланган же жок кылынган маалыматты тез арада калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү камсыздоого.
9. НБМТ техникалык оператору укуктуу:
1) НБМТ ээсинин кайрылуусунун негизинде НБМТ программалык камсыздоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
2) келишимдин жана НБМТ ээси бекиткен техникалык тапшырманын негизинде НБМТ программалык функционалын модификациялоого.
 
 
4. НБМТтин колдонуучулары.
 Колдонуучулардын укуктары жана милдеттери
 
10. НБМТтин колдонуучулары болуп саналат:
1)       нотариус;
2)       жеке нотариустун жардамчысы (лары);
3)       нотариустун стажеру(лору);
4)       чет өлкөдөгү мекемелердин кызмат адамы;
5)       жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;
6)       Кыргыз Республикасынын Нотариалдык Палатасы (мындан ары – КР НП);
11. Нотариустар жана ыйгарым укуктуу адамдардын укуктары:
1) НБМТ өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо башка маалыматтык системалардан маалыматтарды алууга (керектүү документтерди жана маалым каттарды алуу).
3) нотариалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн НБМТдан алынган маалыматтарды пайдаланууга;
4) НБМТ операторунан НБМТ жүргүзүү маселелеринде консультациялык жана техникалык жардам алууга;
5) НБМТ функционалын жеткире иштеп чыгуу/модификациялоо боюнча сунуштарды киргизүү.
12. Нотариустардын жана ыйгарым укуктуу адамдардын милдеттери:
1) НБМТга маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө киргизүү.
2) киргизилген маалыматтын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрүү;
3) нотариалдык сырды сактоо;
4) маалыматты коргоо боюнча программалык талаптарды сактоо;
5) маалыматтык системада аныкталган каталар жөнүндө жазуу жана электрондук түрдө НБМТ операторуна токтоосуз маалымдоо;
6) юридикалык мааниге ээ болгон бардык нотариалдык таризделген документтерге QRкод ыйгаруу;
7) квалификацияланган сертификат менен бардык нотариалдык таризделген документтерге кол коюу;
8) кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдүн жана керээздердин видеожазууларын жүргүзүү;
9) төмөнкү учурлардан тышкары биометрикалык идентификациясын колдонууга:
а) документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмө бөлүктөрдүн тууралыгын күбөлөндүрүүдөн;
б) документтердеги өз колу менен коюлган жана факсимилдик кол тамганын аныктыгын, документтин бир тилден экинчи тилге жазуу турундө котормосунун тууралыгын күбөлондүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимидик кол тамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүүдөн;
в) электрондук документтин жана кагаз түрүндөгү документтин маанисинин бирдейлигин, кагаз түрүндөгү документтин электрондук
документке маанисинин бирдейлигин күбөлөндүрүүдөн;
г) электрондук түрдөгү документтеги электрондук
кол тамганын аныктыгын күбөлөндүрүүдөн;
10) башка мамлекеттик органдардын жеке маалыматтар массивинен алынган, ошондой эле кайрылууда жарандар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде НБМТда маалыматтарды жана дайындарды түзүү;
11) өзүнүн компетенциясынын алкагында гана системанын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жан НБМТда камтылган маалыматка санкциясыз кирүүнүн алдын алуу;
12) «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык НБМТ маалымат базасында камтылган маалыматтардын купуялыгын камсыздоо;
13) ушул Тартиптин башка талаптарын аткаруу;
13. НБМТ колдонуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Жобонун талаптарын аткарбагандыгы үчүн жана НБМТ маалыматтар базасынан алынган маалыматты мыйзамсыз же санкциясыз жайылтуу, ачыктоо жана пайдалануу үчүн, ошондой эле логиндин, паролдун жана мындай болгондо квалификацияланган сертификатынын кодунун сакталышы жана/же аларды маалыматтар базасында авторизациялоодо үчүнчү жактарда мыйзамсыз берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
14. Нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо колдонуучу квалификацияланган сертификат, биометрикалык идентификациялоо үчүн сканер, WEB-камера сыяктуу кошумча техникалык каражаттарды колдонот.
15. Нотариустардын жанаыйгарым укуктуу адамдардын төмөнкүлөргө укугу жок:
1) НБМТын жеке максаттарда пайдаланууга;
2) НБМТдан алынган маалыматты жайылтууга, берүүгө же аны НБМТдан тышкары Интернет тармагы аркылуу жиберүүгө;
3) маалыматтарды коргоо каражаттарына тоскоол болууга;
4) НБМТ ишин жайлаткан, ага зыян келтирген же анын иштөөсүн токтотууга алып келген иш-аракеттерди көрүүгө;
5) НБМТдан тышкары нотариалдык иш-аракеттерди жасоого;
6) НБМТны колдонуу үчүн үчүнчү жактарга ага кирүү мүмкүндүгүн берүү;
7) НБМТ колдонууда башка адамдардын компьютердин мониторунда чагылдырылган маалыматты окуусуна жол берүүгө, ошондой эле НБМТдан алынган маалыматты камтыган квалификацияланган сертификатты, кагазды көзөмөлсүз калтырууга.
16. НБМТде иштөө үчүн нотариустар жана ыйгарым укуктуу кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) квалификацияланган сертификатты алууга;
2) биометрикалык идентификациялоо үчүн сканер, WEB-камераны колдонууга.
17. Нотариустун жардамчысы менен түзүлгөн эмгек келишиминин, такшалуудан өтүү жөнүндө буйруктун негизинде НБМТ колдонуучусу ага берилген укуктардын алкагында нотариустун жардамчысы (жардамчылары), стажеру (стажерлору) болушу мүмкүн.
 
5. НБМТ маалыматтык бөлүмдөрү жана маалыматтык бөлүмдөрдү пайдалануу тартиби
 
18. НБМТ төмөндөгү маалыматтык бөлүмдөрдөн (мындан ары – бөлүм) турат:
1)       нотариустар, нотариустун жардамчысы(лары), жана стажеру(лору);
2)       чет өлкөдөгү мекемелердин кызмат адамдары;
3)       жеке нотариалдык кеңсенин, нотариалдык бюронун электрондук каттоо реестри;
4)       жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
5)       Министрлик;
6)       КР НП;
7)       нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун электрондук реестри;
8)       мурастык иштерин каттоо боюнча электрондук реестр;
9)       керээздердин электрондук реестри;
10)      жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларынын электрондук журналы;
11)      кириш корреспонденциялардын электрондук журналы;
12)      чыгыш корреспонденциялардын электрондук журналы;
13)      квалификацияланган сертификатын түзүүгө суроо-талап, электрондук колтамганы текшерүү сервиси;
14)      электрондук архив;
15)      статистикалык отчеттор;
16)      мамлекеттик органдарга жана мекемелерге кайрылуулар (Кадастр, УНАА ж.б.)
17)      НБМТнын «АМС Паспорт», «АМС ЖААК», «ЕСИ» бөлүмү;
18)      юридикалык жакты мамлекеттик (кайра) каттоого/жоюуга аймактык юстиция органдарына документтерди берүү;
19)      юридикалык жактардын реестринен, күрөө конторасынан көчүрмөлөр;
20)      маалыматтарды салык кызматынын органдарына берүү;
21)      “Түндүк” колдонуучулары үчүн нотариалдык документтерди ырастоо сервиси;
22)      нотариустун кабыл алуусуна электрондук жазылуу;
23)      чет өлкөдөгү мекемелердин кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди аткаруусу жөнүндө маалыматтарды берүү сервиси;
24)      жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иш-аракеттерди аткаруусу жөнүндө маалыматтарды берүү сервиси;
25)      нотариалдык документтерди комплекстүү текшерүү;
26)      колдонуучунун жеке кабинети.
 
6.  «Нотариустар, нотариустун жардамчысы(лары), нотариустун стажеру(лору)» бөлүмү
 
19. «Нотариустар, нотариустун жардамчысы(лары), нотариустун стажеру(лору)» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты. Аларды өзгөрткөн учурда мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты дагы көрсөтүлөт;
2)       нотариустардын реестриндеги каттоо номери;
3)       жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензиянын реквизиттери;
4)       идентификациялык жеке номер;
5)       нотариустун жана мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
6)       нотариустун жардамчысы(лары), стажеру(лору) жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты);
7)       нотариустун жардамчысынын, стажерунун дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
8)       жеке нотариустун статусу (лицензияны токтото туруу, токтотуу жана артка чакыртып алуу);
9)       мамлекеттик нотариустун статусу (дайындоо, бошотуу жөнүндө буйрук).
20. Нотариустар, алардын жардамчылары, стажерлору жөнүндө маалыматтык бөлүмдү министрлик түзөт.
21. Бул бөлүмдөгү маалымат ачык мүнөзгө ээ, системанын бардык колдонуучулары тарабынан кайталанат, ошондой эле Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта жарыяланат. Маалымат серверге кошулуусуз жеке компьютерде ар бир колдонуучуга жеткиликтүү.
22. Маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти министрлик жана КР НП тартат.
23. Маалымат жеке нотариус лицензия алган же мамлекеттик нотариус болуп дайындалган. Министрликтин нотариалдык ишти токтото туруу, токтотуу, кайра чакыртып алуу/мамлекеттик нотариусту кызматынан бошотуу жөнүндө буйругу чыккан күндөн /НБМТ бөлүмүндө маалыматты өзгөртүү үчүн негиз болуп саналган башка окуядан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТга жайгаштырылууга тийиш.
 
7. НБМТнын «Жеке нотариалдык конторанын, нотариалдык бюронун электрондук каттоо реестри» бөлүмү
 
24. Жеке нотариалдык конторанын, нотариалдык бюронун электрондук каттоо реестри төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       нотариалдык бюродогу нотариустардын фамилиясы, аты, атасынын аты. Аларды өзгөрткөн учурда мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты дагы көрсөтүлөт;
2)       нотариустардын реестриндеги каттоо номери;
3)       жеке нотариалдык ишти жүргүзүү укугуна лицензиянын реквизиттери;
4)       жеке идентификациялык номер;
5)       нотариустун жана мамлекеттик нотариалдык кеңсенин дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
6)       жеке нотариалдык кеңсени каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн номери;
7)       нотариалдык бюрону каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн номери;
8)       нотариустун жардамчысынын, стажерунун дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери).
25. Бул бөлүмдөгү маалымат ачык мүнөзгө ээ, системанын бардык колдонуучулары тарабынан кайталанат, ошондой эле Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта жарыяланат. Маалымат серверге кошулуусуз жеке компьютерде ар бир колдонуучусуна жеткиликтүү.
26. Маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти министрлик тартат.
27. Маалымат каттоо күбөлүгүн алган учурдан же НБМТ бөлүмүндө маалыматты өзгөртүү үчүн негиз болуп саналган башка окуядан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТга жайгаштырылууга тийиш.
 
 
8. НБМТнын
«Чет өлкөдөгү мекемелердин кызмат адамдары» бөлүмү
 
28. «Чет өлкөдөгү мекемелердин кызмат адамдары» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2)       кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук;
3)       жеке идентификациялык номер;
4)       кызмат адамынын дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
5)       статусу (кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук).
29. Кызмат адамдары жөнүндө маалыматтык бөлүм министрлик тарабынан түзүлөт.
30. Бул бөлүмдөгү маалымат ачык мүнөзгө ээ, системанын бардык колдонуучулары тарабынан кайталанат, ошондой эле Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта жарыяланат. Маалымат серверге кошулуусуз жеке компьютерде ар бир колдонуучусуна жеткиликтүү.
31. Маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти министрлик тартат.
32. Маалымат НБМТ бөлүмүнүн маалыматын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналган кызмат адамын дайындоо/кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук министрликке келип тушкон  учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТга жайгаштырылууга тийиш.
 
9. НБМТнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары» бөлүмү
 
33. НБМТнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2)       кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук
3)       жеке идентификациялык номер;
4)       кызмат адамынын дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
5)       статусу (кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук).
34. Кызмат адамдары жөнүндө маалыматтык бөлүм министрлик тарабынан түзүлөт.
35. Бул бөлүмдөгү маалымат ачык мүнөзгө ээ, системанын бардык колдонуучулары тарабынан кайталанат, ошондой эле Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта жарыяланат. Маалымат серверге кошулуусуз жеке компьютерде ар бир колдонуучусуна жеткиликтүү.
36. Маалыматтын мазмуну үчүн жоопкерчиликти министрлик тартат.
37. Маалымат НБМТ бөлүмүнүн маалыматын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналган кызмат адамын дайындоо/кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук министрликке келип тушкон  учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТга жайгаштырылууга тийиш.
 
10. НБМТнын «Министерлик» бөлүмү
 
38. НБМТнын «Министрлик» төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1) НБМТга маалыматты киргизүү үчүн жооптуу адамдардын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) дайындоо жөнүндө буйрук;
3) жеке идентификациялык номер;
4) дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
5) статусу (кызматтан бошотуу жөнүндө буйрук).
39. Жооптуу адам жөнүндө маалыматтык бөлүм министрлик тарабынан түзүлөт.
40. Маалымат НБМТ бөлүмүнүн маалыматын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналган жооптуу адамды дайындоо/иштен бошотуу жөнүндө буйрук чыгарылган учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТга жайгаштырылууга тийиш.
 
11. НБМТнын «Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы» бөлүмү
 
41. НБМТнын «Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       КРНП төрагасынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
2)       КРНП төрагасынын орун басарынын фамилиясы, аты, атасынын аты;
3)       КРНП кеңешинин мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты;
4)       КРНП ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты;
5)       КРНП этика боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты;
6)       КРНП башкаруу органдарынын дареги жана телефон номери (телефон номерлери), электрондук почта дареги (даректери);
42. Маалыматтык бөлүм КР НП тарабынан түзүлөт.
43. Маалымат НБМТ бөлүмүнүн маалыматын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналган жооптуу адамды дайындоо/иштен бошотуу жөнүндө буйрук министрликке келип тушкон  учурдан тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТга жайгаштырылууга тийиш.
 
12. НБМТнын «Нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун
электрондук реестри» бөлүмү
 
44. НБМТнын нотариалдык иш-аракеттеринин реестри жүргүзүлгөн нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө бирдейлешкен жазуулар системасын жүргүзүүгө жана аларды борборлоштурулган түрдөө сактоого арналган.
45. НБМТнын нотариалдык иш-аракеттеринин реестри нотариалдык иш-аракеттердин жүргүзүү фактысын ырастаган булак болуп саналат.
46. НБМТнын «Нотариалдык иш-аракеттерди каттоонун боюнча электрондук реестри» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1) нотариалдык иш-аракеттин катар номери (уникалдуу номер);
2) реестрге кошулган жыл, ай, күн, убакыт;
3) алар үчүн нотариалдык иш-аракеттер аткарылып жаткан жеке жана юридикалык жактардын, алардын өкүлдөрүнүн аталышы, алардын жашаган жери;
4) алар үчүн нотариалдык иш-аракеттер аткарылып жаткан адамдар берген документтер;
5) нотариалдык иш-аракеттердин кыскача мазмуну;
6) өндүрүлгөн мамлекеттик алым же мамлекеттик алымдан бошотуунун негиздери жана укуктук техникалык мүнөздөгү суммасын;
7) квалификацияланган сертификат.
47. Маалымат НБМТга токтоосуз жайгаштырылууга тийиш, реестрде камтылган маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
 
13. НБМТнын «Мурас иштеринин электрондук реестри» бөлүмү
 
48. НБМТнын «Мурас иштеринин электрондук реестри» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       мурас ишинин катар номери;
2)       каза болгон адамдын жеке идентификациялык номери;
3)       каза болгон адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты;
4)       каза болгон адамдын туулган күнү;
5)       каза болгон адамдын өлгөн күнү;
6)       акыркы туруктуу жашаган орду;
7)       мураскерлер (арыз ээлери);
8)       мурас иши козголгон жыл, ай, күн, убакыт;
9)       мурас ишин ким козгогон (нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты, округ)
10) квалификацияланган сертификат.
49. Маалымат НБМТга токтоосуз жайгаштырылууга тийиш. Бул бөлүмдөгү маалымат ачык мүнөзгө ээ, системанын бардык колдонуучулары тарабынан кайталанат, ошондой эле Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта – мурас иштерин каттоонун ачык реестринде жарыяланат.
 
 
 
14. НБМТнын «Керээз» бөлүмү
 
50. Күбөлөндүрүлгөн керээздер жөнүндө же керээзди жокко чыгаруу жөнүндө маалымат «Архив» АМСда жана НБМТ серверинде сакталат.
51. Аталган маалыматтар НБМТ серверинде керээз калтырган адамдын аты жөнү жөнүндө маалыматты серверден алуу мүмкүнчүлүгүн бербеген коддолгон түрдө сакталат.
52. Керээз кагаздын болгондуугу жөнүндө маалыматты НБМТда мурас ишин биринчи каттаган нотариус суроо-талапка КЭК койгондо гана сурай алат.
53. Суроо-талап төмөндөгүлөрдү камтуугатийиш: каза болгон адамдын аты жөнү, каза болгон адамдын жеке идентификациялык номери, туулган күнү, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн маалыматтары. Суроо-талапка жоопто НБМТ сервери мурас кагаздын бар экенин маалымдайт, мурас кагаздын(дардын) скан- сүрөтүн(төрүн), каза болгон адамдын мурас кагазын(дарын) күбөлөндүргөн нотариустун(тардын) маалыматтарын берет. Маалымат жабык мүнөзгө ээ жана квалификацияланган сертификат менен койгон мурас ишин биринчи каттаган нотариуска гана жеткиликтүү.
54. Колдонуучусуна программалык камсыздоо менен ага берилген керээзди күбөлөндүрүүнү ырастоо үчүн суроо-талапты аткаруусуна уруксат берилген, анда керээз адамдын аты жөнү, керээз күбөлөндүргөн күн, анын каттоо номери жана күбөлөндүргөн нотариустун аты жөнү көрсөтүлөт. Суроо-талапка жоопто НБМТ сервери анын маалыматтар базасында мындай жазуунун бар экендиги тууралуу билдирет.
55. Бул маалыматтык бөлүмдү түзүү жана мазмуну үчүн жоопкерчиликти НБМТга маалыматты киргизген колдонуучусу тартат.
 
15. НБМТнын «Жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларынын электрондук журналы» бөлүмү
 
56. НБМТнын «Жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларынын электрондук журналы» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       кайрылуунун кириш номери;
2)       кайрылуу түшкөн күн;
3)       арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, юридикалык жактын аталышы, дареги;
4)       кайрылуунун кыскача мазмуну;
5)       аткарууга жөнөтүү (орган, бөлүм, кызмат адамы), аткаруу мөөнөтү;
6)       аткарууга жөнөтүү жөнүндө белги;
7)       маселени чечүү жөнүндө белги.
57. Маалыматтык бөлүм КРНП тарабынан түзүлөт. Маалымат 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен НБМТна жайгаштырылууга тийиш.
 
 
16. НБМТнын «Кирген корреспонденциянын
электрондук журналы» бөлүмү
 
58. НБМТнын «Кирген корреспонденциянын электрондук журналы» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1) кирген документтин номери;
2)       документтин кирген номерин каттоо датасы;
3)       түшкөн документтин датасы жана номери;
4)       документ кайдан (кимден) түштү;
5)       документтин кыскача мазмуну;
6)       жетекчиликтин резолюциясы жана аткаруу мөөнөтү;
7)       аткарууга жөнөтүү (орган, бөлүм, кызмат адамы), аткаруу мөөнөтү;
8)       документ кандай чыгыш номери менен аткарылды жана анын датасы.
 
17. НБМТнын «Чыгыш корреспонденциянын
электрондук журналы» бөлүмү
 
59. НБМТнын «Чыгыш корреспонденциянын электрондук журналы» бөлүмү төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1)       документтин чыгышномери;
2)       документти каттоо датасы;
3)       документ качан жана кимге даректелген;
4)       документтин кыскача мазмуну;
5)       документ кандай кириш номери менен аткарылды жана анын датасы.
 
18. НБМТнын «Сертификат түзүүгө суроо-талап, электрондук колтамганы текшерүү сервиси» бөлүмү
 
60. НБМТнын «Сертификат түзүүгө суроо-талап, электрондук колтамганы текшерүү сервиси» бөлүмү колтамга текшерүү ачкычынын сертификатын аралыктан түзүү жол-жобосун камсыздайт.
61. Күбөлөндүрүүчү борбор менен арыз ээсинин ортосундагы макулдашуунун негизинде күбөлөндүрүүчү борбор текшерүү ачкычынын сертификатын түзөт жана берет.       
62. Колтамга текшерүү ачкычынын сертификаты төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) анын колдонуу мөөнөтү башталган жана аякталган дата;
2) фамилиясы, аты, атасынын аты – жеке жактар үчүн (аталышы – юридикалык жактар үчүн) же колтамга текшерүү ачкычынын сертификатынын ээсинин башка идентификатору;
3) колтамга текшерүү ачкычы;
4) колдонулган колтамга каражатынын аталышы жана (же) анын талаптарына колтамга ачкычы жана колтамганы текшерүү ачкычы ылайык келген стандарттар;
5) сертификат берген күбөлөндүрүүчү борбордун аталышы.
 
19. НБМТнын «Электрондук архив» бөлүмү
 
63. Документтердин электрондук архиви – нотариалдык документтердин санариптик версияларын түзүмдөлгөн сактоо системасы.
64. Электрондук нотариалдык документтер алар аткарылгандан кийин кагаз түрүндөгү ушундай документтер үчүн иштин номенклатурасында каралган сактоо мөөнөтүнүн чегинен ашпаган мезгил аралыгында НБМТда сакталууга тийиш.
65. 10 жылдан ашык сактоо мөөнөтүндөгү жана убактылуу сактоо мөөнөтүндөгү (10 жылга чейин) бардык электрондук документтерди сактоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо үчүн алар тиешелүү электрондук документтерде түзүлгөн электрондук колтамгаларды бир убакта сакталышын камсыздоо менен Portable Document Format (PDF/A4) форматында түзүлүүгө тийиш.
66. Убактылуу сакталуучу электрондук документтер Кыргыз Республикасынын нотариустарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускамасынын каралган тартипте жок кылынат.   
67. Маалыматты алуу мүмкүндүгү төмөндөгүдөй чектелет: ар бир нотариуста өзүнүн нотариалдык документтерине жана өзүнүн нотариалдык иш-аракеттерине гана жетүү мүмкүндүгү бар, ал эми башка нотариустарга суроо-талаптын негизинде берилиши мүмкүн.
68. Нотариустун суроо-талабы тиешелүү талааларды толтурганда НБМТ тарабынан автоматтык түрдө аткарылат.
 
20. НБМТнын «Статистикалык отчет» бөлүмү
 
69. Статистикалык отчет жасалган нотариалдык иш-аракеттердин санынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтому менен бекитилген 14-А формасы боюнча мамлекеттик алымдардын чендеринин түрлөрү боюнча өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасынан турат.
70. Жеке статистикалык отчеттор жөнүндө маалымат ар бир колдонуучуга жеке кабинетте жеткиликтүү.
71. Бул маалыматтык бөлүмдү түзүү жана мазмуну үчүн жоопкерчиликти НБМТга маалыматты киргизген колдонуучу тартат.
72. Маалыматты алуу мүмкүндүгү төмөндөгүдөй чектелет: ар бир нотариуста өзүнүн нотариалдык документтерине жана өзүнүн нотариалдык иш-аракеттерине гана жетүү мүмкүндүгү бар, ал эми башка нотариустарга суроо-талаптын негизинде берилиши мүмкүн.
73. Маалыматка жетүү мүмкүндүгү төмөндөгүдөй чектелет: ар бир нотариуста өзүнүн статистикалык отчетторуна гана жетүү мүмкүндүгү бар, ал эми бардык нотариустардын статистикалык отчеттору министрликке жеткиликтүү.
 
21. НБМТнын «Мамлекеттик органдарга жана мекемелерге кайрылуу» бөлүмү
 
74. НБМТнын бул бөлүмү «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-60-беренелеринин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө арызды жана ага тиркелген документтерди электрондук түрдө берүү жөнүндө жоболорун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан процесстерди автоматташтырууну камсыздайт.
75. Колдонуучу кадастр органдарында электрондук түрдө берилүчү кызматт көрсөтүүлөрдү алууга суроо-талапты түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ:
1)       билдирүү жөнөтүү (нотариалдык документтерди каттоо жөнүндө билдирүү)
2)       кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан маалыматты берүү:
3)кыймылсыз мүлк объектине укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмөлөр;
4)кыймылсыз мүлк объектинин техникалык параметрлери;
5)кыймылсыз мүлк объектине укуктардын жана чектөөлөрдүн таржымалы;
6) кыймылсыз мүлк объекттерине менчик укуктарынын болгондугу/болбогондугу жөнүндө маалымат.
 
22. НБМТнын «Паспорт АМС», «ЖААК АМС» бөлүмү
 
76. НБМТнын «Паспорт АМС», «ЖААК АМС» бөлүмү тиешелүү автоматташтырылган маалыматтык системаларда камтылган маалыматтарды электрондук түрдө алуу жол-жобосун камсыздайт. Бул бөлүм менен иштөө тартиби министрлик бекиткен Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүү тартиби менен жөнгө салынат.
77. Колдонуучу төмөндөгү маалыматтарды алуу жөнүндө суроо-талапты түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот:
1)идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) берүүнү жана аныктыгын ырастоо;
2)идентификациялык картанын кайрылган адамга таандыктыгын ырастоо;
3) жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө (туулгандыгы, өлгөндүгү, никеге туруу жана бузуу ж.б.)
78. Колдонуучунун түзүлгөн суроо-талабы НБМТ серверине жөнөтүлөт, ал өз кезегинде, алынган суроо-талапты “Түндүк” аркылуу «Паспорт» жана «ЖААК» АМСга берет. Суроо-талапты иштеп чыгуу процессинде колдонуучуга суроо-талаптын абалынын статусун өзгөртүү аркылуу суроо-талапты аткаруунун жүрүшү жөнүндө автоматтык түрдө маалымдалат.
 
23. НБМТнын «Юридикалык жакты мамлекеттик (кайра)каттоого/жоюуга аймактык юстиция органдарына документтерди берүү» бөлүмү
 
79. НБМТнын бул бөлүмү «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 93-беренесинин юридикалык жакты мамлекеттик (кайра)каттоо/жоюуга арызды жана ага тиркелүүчү документтерди электрондук түрдө берүү жөнүндө жобосун ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан процесстерди автоматташтырууну камсыздайт.
 
24. НБМТнын «Юридикалык жактардын реестринен
көчүрмөлөр» бөлүмү
 
80. НБМТнын бул бөлүмү суроо-талаптарды жөнөтүү жана министрликтин юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана массалык маалымат каражаттарынын электрондук маалыматтар базасынан көчүрмөлөрдү жана салык кызматынын ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтар базасынан жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо/жоюу жөнүндө маалыматты электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
81. Колдонуучу тарабынан түзүлгөн суроо-талап НБМТ серверине жөнөтүлөт, ал өз кезегинде алынган суроо-талапты министрликтин же салык кызматы органынын тиешелүү серверине берет. Министрликтин жана салык кызматы органынын серверлеринен алынган жооп колдонуучуга – суроо-талаптын булагына жөнөтүлөт.
82. Жоопко министрликтин жана салык кызматы органынын жооптуу кызмат адамы электрондук колтамганы коёт.
83. НБМТнын серверинин маалыматтар базасында ар бир колдонуучунун суроо-талабы боюнча статистика НБМТ каражаттары аркылуу автоматтык түрдө катталат.
 
25. НБМТнын
«Салык кызматынын  органдарына маалыматтарды берүү» бөлүмү
 
84. Бөлүм нотариустун электрондук түрдө мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары - МСК) ыйгарым укуктуу органдарына өндүрүлгөн мамлекеттик алымдардын жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо квалификацияланган юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн алынган акча каражаттарынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды берүүсү үчүн арналган.
85. Бул бөлүм колдонуучунун квалификацияланган сертификат менен коюлган 14-А отчеттуулук формасы боюнча түзүлгөн маалыматтарды электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын МСК органдарынын маалыматтык системасына жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берет. 
86. Бул бөлүм министрлик белгилеген үлгүдөгү онлайн-эсеп фактураны түзөт.
87. Суроо-талапты иштеп чыгуу процессинде колдонуучуга суроо-талаптын абалынын статусун өзгөртүү аркылуу суроо-талапты аткаруунун жүрүшү жөнүндө автоматтык түрдө маалымдалат.
 
26. НБМТнын «Түндүк колдонуучулары үчүн нотариалдык документтерди ырастоо сервиси» бөлүмү
 
88. НБМТнун бул бөлүмү «Түндүк» пайдалануу менен электрондук түрдө жөнөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талаптары боюнча алардын кызмат көрсөтүүсүнө жана жүктөлгөн функцияларды аткаруусуна байланыштуу нотариалдык документтерди ырастоолорду берет.
 
27. НБМТнын «Нотариустун кабыл алуусуна электрондук жазылуу» бөлүмү
 
89. «Нотариустун кабыл алуусуна электрондук жазылуу» бөлүмү нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адамдарга нотариуска өзүнүн баруу датасын жана убактысын алдын ала макулдашуу, аралыктан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн электрондук түрдө кайрылуу жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
 
28. НБМТнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы тарабынан нотариалдык иш-аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө маалыматтарды берүү сервиси» бөлүмү
 
90. Бул сервис жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына мурас кагазды же ишеним катты күбөлөндүрүү же жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамынын КЭК коюлган электрондук документ түрүндө берүү мүмкүнчүлүгүн берет.  
 
29. НБМТнын «Чет өлкөдөгү мекемелердин кызмат адамы тарабынан нотариалдык иш-аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө маалыматтарды берүү сервиси» бөлүмү
 
91. Бул сервис мурас кагазын же ишеним катты күбөлөндүргөн же жокко чыгарган кызмат адамы иштеген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызмат адамы тарабынан мурас кагазын күбөлөндүрүү же жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды КЭК коюлган электрондук документ түрүндө жөнөтүү жол-жобосун камсыздайт.
 
 
30. Нотариалдык документтерди комплекстүү текшерүү
 
92. Бул сервис нотариустун төмөндөгү суроо-талаптарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт:
1)                нотариалдык таризделген документтин аныктыгын текшерүү үчүн нотариуска керектүү маалыматтарды алууга;
2)                нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишимдин мазмунун текшерүү жөнүндө;
3)                мурас кагазынын, мурас кагазын жокко чыгаруу жөнүндө тескеменин, келишимди бузуу жөнүндө макулдашуунун, мурастан баш тартуу жөнүндө арыздын мазмунун аныктоо тууралуу;
4)                нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылган адам же анын мурас калтыруучусу менен түзүлгөн нике келишимдери жөнүндө.
 
31. Арыз ээсинин жеке кабинети
 
93. «НБМТнун арыз ээсинин жеке кабинети» сервиси төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1)                арыз ээлеринин нотариалдык округдар жана аралыктан жасалуучу нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматка жетүү мүмкүндүгүн;
2)                арызды электрондук түрдө толтуруу үчүн жеткиликтүүлүктү;
3)                нотариуска аралыктан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн керектүү арызды жана башка документтерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгү;
4)                арыз ээсинин арызды иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө жана нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүлөрдү аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн;
5)                нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн алынган акынын өлчөмү, төлөө үчүн төлөм реквизиттери жөнүндө маалыматты, ошондой эле нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн акынын түшкөндүгү тууралуу билдирүүнү аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү;
6)                арыз ээсинин нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун жыйынтыктарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн;
7)                нотариалдык иш-аракеттерди жасоодо КЭК менен аралыктан пайдаланууну.
 
32. НБМТнун иштөө тартиби
 
94. Өзүнүн статусуна ылайык, колдонуучу тигил же бул маалыматтык бөлүмдүн ал үчүн жеткиликтүүлүгүн же жеткиликтүү эместигин аныктоочу белгилүү бир кирүү укуктарын, анын ичинде маалыматтардын белгилүү бир түрлөрүн алуу, киргизүү, өзгөртүү же өчүрүү мүмкүнчүлүгүн алат.
95. Колдонуучу анын идентификаторун жана паролун пайдалануу менен системада аткарылган бардык иш-аракеттер үчүн, анын ичинде НБМТдан алынган маалыматты жарыялоо же жайылтуу учурунда жеке жоопкерчилик тартат.
96. Колдонуучу ушул жобого ылайык, НБМТгы маалыматы туура жана өз убагында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
97. Колдонуучулардын НБМТнун маалыматтык бөлүмдөрүнө кирүүсүнүн кайрылуусу НБМТнун жардамы менен автоматтык түрдө катталат.
98. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын НБМТда иштеп чыгууда коргоо төмөндөгүлөрдүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт:
1)  «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
2)  «Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3)  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;
4)       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу» токтому;
5)        жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актылары.
99. НБМТдагы купуя маалыматты (анын ичинде жеке маалыматтарды) криптографиялык коргоо белгиленген тартипте шайкештикти баалоо жол-жобосунан өткөн (сертификатталган) программалык-аппараттыкбазасында жүзөгө ашырылган.
Берилген маалыматтын бүтүндүгү КЭК колдонуу менен камсыздалат.
 
33. QRкодду ыйгаруу жана текшерүү тартиби
 
100. Юридикалык мааниге ээ болгон бардык нотариалдык таризделген документтерге милдеттүү тартипте QRкод түзүү жана ыйгаруу керек.
101. Шилтеме аркылуу өтүүдө QRкод кызыкдар адамдарга бардык документтин мазмунун, документтин аныктыгын, реестр номерин көрүү мүмкүндүгүн бериши керек.
 
34. Квалификацияланган сертификатты колонуу тартиби
 
102. Бардык нотариалдык таризделген документтер нотариустун квалификацияланган сертификаты менен кол коюлушу керек.
103. Квалификацияланган сертификатты алуу жана пайдалануу, колтамга ачкычынын купуялуулугун камсыз кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Электрондук колтамга чөйрөсүндөгү мыйзамы менен жөнгө салынат.
 
35. Видеожазууларды жүргүзүү тартиби
 
104. Кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү жана керээздерди нотариалдык күбөлөндүрүүдө видеожазуу жүргүзүлүүгө тийиш.
105. Видеожазууну жүргүзүүдө нотариустун жана нотариалдык иш-аракеттердин катышуучуларынын төмөнкү иш-аракеттерин жазууну камсыз кылуу зарыл:
1) тараптарга нотариустун нотариалдык иш-аракеттердин кандай түрү качан, кандай аткарыларын, анын мазмунун жана маанисин түшүндүрүү;
2) тараптардын документтин мазмуну менен таанышуу, анын мазмуну алардын чыныгы ниеттерине ылайык келиши жөнүндө арызы;
3) кол коюу процесси.
 
36. НБМТны жүргүзүүдө Министрликтин, КР НПнын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана консулдук мекемелердин өз ара аракеттенүү тартиби
 
106. Министрлик НБМТнын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү боюнча, анын ичинде алардын башка маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенүүсү боюнча колдонуучуларга маалыматтык жана методикалык колдоо көрсөтөт.
107. Министрликтин чечими боюнча НБМТ операторунун функциясы КР НПга берилиши мүмкүн, мында министрлик КР НП менен колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялайт.
108. НБМТ колдонуучуларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан/консулдук мекемелерден иштен бошоткондо, өз ара аракеттенүүнүн катышуучусунун тиешелүү кызматы үч күндүк мөөнөттө министрликке НБМТга кирүү мүмкүндүгүн токтотуу зарылчылыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
109. Министрликтердин ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн башка колдонуучулардан маалыматтарды, корутундуларды алуу зарыл болгон учурларда министрлик НБМТ аркылуу суроо-талап менен ага кайрылууга укуктуу.
110. Маалыматты, корутундуну же башка документти берүү жөнүндө суроо-талапты алган колдонуучу 7 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү жоопту берүүгө тийиш.
 
 
 
 
37. НБМТда камтылган маалыматтарды коргоо
 
111. НБМТга берүүгө даярдалган жана КЭК коюлган маалыматтар НБМТда колдонуу үчүн арналган, аларда болгон сертификацияланган шифрлөөчү (криптографиялык) маалыматты коргоо каражаттары менен шифрленет.
112. НБМТда камтылган маалыматты коргоо жеке маалыматтар, маалымат жана маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Нотариус, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын иштеп чыгууда, топтоодо жана сактоодо жеке маалыматтарды окууга макулдук алууга тийиш.
113. Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармакты пайдалануу менен НБМТ маалыматтык өз ара аракеттенүү процессинде нотариус, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан берилүүчү жана алынуучу бардык маалыматтар алардын колундагы НБМТда пайдалануу үчүн арналган маалыматты коргоонун сертификацияланган шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттары менен шифрленет.
114. Эгерде нотариус, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары НБМТ нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине киргизилген маалыматты жоготсо, мындай маалыматтар себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арыз боюнча министрлик тарабынан калыбына келтирилет.
 
38. НБМТда камтылган маалыматтарды сактоо.
Электрондук архив
 
115. НБМТна киргизилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форматта кагаз жүзундө базаны (ишти – иштердин номенклатурасына ылайык) сактоо үчүн каралган мөөнөттө сакталууга тийиш.
116. Электрондук архивди түзүү иштердин номенклатурасы тарабынан бекитилген мөөнөт боюнча (убактылуу, узак жана туруктуу сактоо) жүргүзүлөт.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы