09 Бугу, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо


1-тиркеме
 
Ведомстволук нотариалдык архив жөнүндө жобо
 
1. Жалпы жоболор
 
1. Нотариалдык документтерди борборлоштуруп сактоо, сактоону, комплектөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн ведомстволук нотариалдык архив түзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
2. Ведомстволук нотариалдык архив (мындан ары – архив) жөнүндө жобо архивдин ишин уюштуруу тартибин, анын негизги милдеттерин, функцияларын, ошондой эле документтерди сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин аныктайт.
3. Архив өз ишинде “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, архивдердин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын жетекчиликке алат.
4. Архивдин штаттык ырааттамасы белгиленген эмгек акы төлөөнүн фондунун чегинде Министрлик тарабынан бекитет.
5. Архивде аймактык бөлүмдөр же бириккен областтык администрациялык-аймактык бирдиктер түзүлүшү мүмкүн.
6. Архив Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 741 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар бланктарды, мөөрлөрдү жана башка алып жүрүүчүлөрдү даярдоо, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык мекеменин аталышы жазылган мөөргө ээ.
7. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган нотариалдык иш-аракеттердин жашырындуулугун сактоо жөнүндө эрежелер кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аткарылган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө белгилүү болгон архив кызматкерлерине да жайылтылат.
8. Архивдеги документтердин сакталышын, комплектелишин, эсепке алынышын жана пайдаланышын камсыз кылууну Министрлик көзөмөлдөйт.
9. Архивге сактоого мамлекеттик нотариалдык кеңселердин, жеке нотариустардын, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин жергиликтүү аткаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин (мындан ары – архивди комплектөө булактары) нотариалдык документтери келип түшөт.
 
 
2. Документтердин тизмеги жана аларды кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби
 
10. Мамлекеттик нотариалдык кеңселер жана жеке нотариустар (мындан ары – нотариустар) архивге төмөнкүлөрдү сактоого өткөрүп беришет:
1) иш кагаздары бүткөрүлгөн жана көктөмөлөргө (наряддарга) түзүлгөн нотариалдык документтер, мурастык иштер, реестрлер, эсепке алуу китептери, журналдар, аларды жүргүзүү иштердин номенклатурасында каралган;
2) архивге өткөрүлүп берилген ар бир жыл үчүн документтерди жана иштерди жок кылуу жөнүндө актылардын, туруктуу, убактылуу (6 жылдан ашык) сакталуучу иштердин нускалары, тизмелери.
11. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү аткаруу органдарынын кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери архивге төмөнкүлөрдү сактоого өткөрүп беришет:
1) иш кагаздары бүткөрүлгөн жана көктөмөлөргө (наряддарга) түзүлгөн нотариалдык документтер;
2) реестрдик журналдар.
Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүүнүн талаптарына ылайык таризделген көктөмөлөр кагаз жүзүндө нотариалдык архивге өткөрүлүп берилет.
12. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, ошондой эле “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесининин 4 жана 6-бөлүктөрүнүнө ылайык ыйгарым укуктарынан бошотулган нотариустун документтери өндүрүш менен бүтпөгөн, анын ичинде мурастык жана депозиттик иштерди кошпогондо, нотариат маселелери боюнча Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан архивге өткөрүлүп берилет.
13. Документтерди сактоого кабыл алууда архивдин кызматкери нотариустун катышуусунда кагаз жүзүндө берилүүчү көктөмөлөрдүн белгилүү бир жыл үчүн документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык келишин текшерет.
Ишке өтмө иштерди кошпогондо, бир календардык жылдын документтери топтоштурулууга тийиш. Туруктуу жана убактылуу сакталуучу документтерди көктөмөлөргө өзүнчө топтоо керек. Ар бир көктөмө 200 барактан ашпоого тийиш. Эгерде көктөмөдөгү барактардын саны нормадан ашык болсо, алар томдорго бөлүнөт.
Бир жыл ичинде аз сандагы барактары бар көктөмөлөрдү (3төн 50 баракка чейин) бир нече жыл ичинде бир көктөмөгө түзүүгө жол берилет. Мында көктөмө 200 барактан ашпоого тийиш.
200 барактан ашкан көктөмөлөр архивге кабыл алынбайт.
14. Архивдин документтеринин курамына ошондой эле төмөнкүлөр кирет:
1) туруктуу, убактылуу (6 жылдан ашык) сакталуучу иштердин тизмеси, жок кылуу жөнүндө актылар;
2) жүргүзүүсү иштердин номенклатурасында каралган журналдар, китептер, реестрлер, иштер.
15. Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына нотариус, эксперттик комиссия же дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана жергиликтүү бийлик органдарынын ыйгарым укуктуу адамы, ошондой эле архивдин кызматкери кол коет.
16. Документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына наряддардын жана журналдардын тизмесине ылайык архивге өткөрүлүп берилүүчү бардык документтер көрсөтүлүүгө тийиш.
17. Архивге өткөрүлүп берилген бардык документтер PDF (Portable Document File) форматында санариптештирилүүгө жана автоматташтырылган маалыматтык тутумга жүктөлүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана жергиликтүү аткаруу органдарынын кызмат адамдарынын документтери архивдин кызматкерлери тарабынан санариптештирилет.
18. Документтерди сапаттуу санариптештирүү үчүн нотариустар документтерди түзүүдө төмөнкү талаптарды сактоого милдеттүү:
1) документтер бир сап интервал аркылуу 12-14 өлчөмүндөгү Times New Roman шрифт менен таризделет;
2) ар бир документтин төмөнкү чектери болушу керек: сол жагы – 3 см, оң жагы – 1,5 см кем эмес, үстү жана асты – 2 см кем эмес;
3) барактардын номерлери төмөнкү колонтитулдун оң жагына коюлат, биринчи бетине номер коюлбайт.
19. Ушул Жобонун 18-пунктун бузуу менен таризделген документтер архив тарабынан кабыл алынбайт.
20. Архив министрлик менен макулдашуу боюнча ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлбөгөн нотариалдык ишке тиешелүү туруктуу, убактылуу (6 жылдан ашык) сакталуучу башка документтерди сактоого кабыл алат.
 
3. Архивдин милдеттери жана функциялары
 
21. Архивдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курамы ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарында каралган документтер менен комплекттөө;
2) архивде сакталган документтердин эсепке алынышын, сакталышын жана пайдаланылышын камсыз кылуу;
3) документтерди санариптештирүү;
4) методикалык жетекчиликти жана архивди комплектөө булактарында архив ишинин абалын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык документтерди мамлекеттик сактоого даярдоо жана өз убагында өткөрүп берүү.
22. Архив өзүнүн алдында турган милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) архивди комплектөө булактарынын тизмесин түзөт жана жыл сайын тактайт;
2) туруктуу, убактылуу (6 жылдан ашык) сакталуучу иштердин пландарын жана тизмелерин бекитет;
3) архивди комплектөө булактарынан документтерди кабыл алуу графигин түзөт;
4) түзүлгөн графиктердин негизинде архивди комплектөө булактарынан документтерди беш жылдык сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин бир жылдан кечиктирбестен кабыл алууну жүзөгө ашырат;
5) туруктуу, убактылуу (6 жылдан ашык) сакталуучу иштердин бекитилген тизмесине ылайык архивде сакталган документтердин эсебин жүргүзөт;
6) архивде сакталган документтерге илимий-маалымдама аппаратын түзөт, толуктайт жана өркүндөтөт;
7) автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы документтердин эсебин жүргүзөт;
8) документтердин сакталышын камсыз кылат, архивдеги иштердин бар экендигин жана абалын дайыма текшерип турат;
9) архивде сакталган документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзөт жана архивди комплектөө булактарына аларда сакталган документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүүгө методикалык жардам көрсөтөт;
10) нотариустарга документтерди көктөмөлөргө түзүү жана аларды архивге өткөрүп берүүгө даярдоо боюнча методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
11) архивдин документтерин ушул Жободо, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган чектерде пайдаланууну камсыз кылат;
12) маалымкаттарды, дубликаттарды берет жана архивдин көктөмөлөрүндө сакталган документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт;
13) архив жайында документтердин талаптагыдай сакталышы үчүн зарыл болгон шарттардын сакталышын камсыз кылат;
14) тийиштүү мамлекеттик архивге архивдин документтеринин курамы жана көлөмү жөнүндө маалыматтарды берет;
15) документтерди жана илимий-маалымдама аппаратын белгиленген тартипте мамлекеттик сактоого өткөрүп берет;
16) архивди комплектөө булактарында иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу адамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
17) Министрликтин тиешелүү аймактык бөлүмүнө архив ишинин абалы жөнүндө маалымдайт, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отчеттуулукту жүргүзөт;
19) архивдин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
20) архивдик документтер менен иштөө эрежелерин сактоону жана аткарууну талап кылат;
21) архивдин компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштамаларды берет;
22) иш үчүн зарыл болгон маалыматтарды суратып алат;
23) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
 
4. Архивдин кызматкерлери
 
23. Архивге архивдин жетекчиси жетекчилик кылат, ал министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
24. Архивдин жетекчиси:
1) архивдин алдында турган милдеттердин аткарылышы жана ага жүктөлгөн функциялардын жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
2) архивдин кызматкерлеринин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
3) бардык мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда архивдин атынан чыгат;
4) маалымкаттарды, дубликаттарды берет жана бул архивдердин көктөмөлөрүндө сакталган документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардан көчүрмөлөрдүн тууралыгын күбөлөндүрөт;
5) ушул Жободо каралган учурларда документтердин түп нускасын берет;
6) автоматташтырылган маалыматтык тутумдагы документтердин эсебин жүргүзөт;
7) ушул Жободо каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
25. Архивдин кызматкерлери министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
26. Архив кызматкерлери:
1) архивде сакталган документтерге илимий-маалымдама аппаратын түзөт, толуктайт жана өркүндөтөт;
2) документтердин сакталышын камсыз кылат;
3) эсепке алууну жүргүзөт жана архивдин картотекасын толтурат;
4) нотариустарга документтерди көктөмөлөргө түзүү жана аларды архивге өткөрүп берүүгө даярдоо боюнча методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
5) архивди комплектөө булактарында иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу адамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө катышат;
6) автоматташтырылган маалыматтык тутумда аларды эсепке алуу үчүн нотариалдык документтерди сканерлейт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отчеттуулукту жүргүзөт;
8) архивдин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
9) кызматтык милдеттерине ылайык башка аракеттерди аткарат.
 
5. Нотариалдык документтерди эсепке алуу
 
27. Нотариустун документтерин архивге кабыл алуу жөнүндө маалыматтар ушул Жобого ылайык түзүлгөн жана кол коюлган көктөмөлөрдү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын маалыматтарынын негизинде электрондук формада архивдин картотекасына киргизилет.
28. Архивдин кызматкери документтерди сактоого кабыл алгандан кийин аларды архивдин картотекасына киргизет, анда сактоо бирдиктеринин курамы, аларды системалаштыруу жана эсепке алуу жөнүндө маалыматтар камтылат, ошондой эле автоматташтырылган маалыматтык тутумда кабыл алынган документтердин шайкештигин текшерет.
29. Көктөмөлөрдү архивдик сактоонун эсептик карточкасы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) ишти сактоого өткөрүп берген нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
2) ишинде нотариалдык документтер түзүлгөн нотариустун фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо) (ыйгарым укуктары токтотулган нотариустун документтери сакталган учурда, башка нотариус тарабынан нотариалдык документтер архивге өткөрүлүп берилген учурда);
3) мамлекеттик нотариалдык кеңсенин аталышы;
4) иштер кабыл алынган жыл;
5) сактоого берилген иштердин индекстери, томдордун (сактоо бирдиктеринин) саны;
6) нотариустун иштери сакталган стеллаждын жана текчелердин ар бир жыл үчүн номери.
30. Көктөмөлөрдү архивдик сактоо карточкасында нотариалдык документтердин пайдаланылышы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
 
6. Нотариалдык документтерди сактоо
 
31. Архив документтерди сарамжалдуу жайгаштырууну, алардын кыймылын жана физикалык абалын көзөмөлдөөнү камтыган иш-чаралар тутумун ишке ашыруу жолу менен нотариалдык документтердин сакталышын уюштурат.
32. Архивдик документтерди архивде сактоо архивдик документтерди физикалык жактан оптималдуу абалда кармап турууга, алардын бузулуу, жоготуу тобокелдиктерин минималдаштырууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу менен камсыз кылынат. Мындай иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:
1) өзүнчө бөлүнгөн жайларды берүү жана аны документтерди сактоо үчүн жабдуулар, өрт өчүрүү каражаттары, күзөт жана өрт сигнализациялары менен жабдуу боюнча иштерди жүргүзүү;
2) өрткө каршы, коргоо, температуралык-нымдуулук, жарык жана санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо;
3) архивдин атайын жабдылган жайында документтерди жайгаштырууга карата талаптарды аткаруу;
4) архивдик документтердин болушун жана сакталышынын абалын текшерүү;
5) архивдик документтерди сыпаттоо жана өз убагында эсепке алуу;
6) автоматташтырылган маалыматтык тутумда документтерди санарипке өткөрүү жана эсепке алуу.
33. Башка адамдар архив жайына архивдин жетекчисинин уруксаты менен (архивдин жетекчиси жок болгон учурда – анын милдетин аткаруучусунун) жана архив кызматкеринин катышуусу менен гана киргизилет.
34. Архив жайындагы стеллаждар жана текчелер номерленет. Стеллаждар алдыңкы эшиктен солдон оңго, ал эми стеллаждагы текчелер –  өйдөдөн ылдыйга чейин номерленет.
Нотариалдык документтерди сактоонун акыркы мөөнөттөрү “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык белгиленет.
 
7. Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө
маалыматтарды берүү
 
35. Архивдин документтерин пайдалануунун негизги формасы болуп алардын атынан, алардын атына, алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракет жүргүзүлгөн адамдарга маалыматтарды берүү саналат (тиркемеге ылайык форма боюнча).
Архив тарабынан маалыматтарды берүү “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен маалымкат, дубликат, документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана алардан көчүрмөлөр түрүндө жүргүзүлөт.
Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата нотариалдык иш-аракеттер жасалган жеке жана/же юридикалык жактарга гана берилет.
Жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтар соттун, прокуратуранын, тергөө жана алгачкы текшерүү органдарынын өндүрүшүндө турган жазык же жарандык иштерге байланыштуу алардын талабы боюнча берилет, ошондой эле “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Нотариустун нотариаттын бирдиктүү маалыматтык тутумуна маалыматтарды берүүсү жана аларга мыйзамдарда белгиленген тартипте кирүү мүмкүндүгүн берүүсү нотариалдык иш-аракеттерди жасоонун сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоонун бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо үчүн келишимди кагаз түрүндө же электрондук формада жиберүү нотариалдык иш-аракеттердин сырын ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
Керээз жөнүндө маалыматтар керээз калтыруучу өлгөндөн кийин гана берилет.
Башка кандай болбосун учурларда жасалган нотариалдык иш-аракеттер жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
36. Нотариустардын, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары суроо-талап алынган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө аткарылат.
Документтердин көчүрмөсүн берүү жөнүндө жарандардын суроо-талаптары эки жумалык мөөнөттө аткарылат.
Айрым учурларда так маалыматтарды издеп табуу кыйын болгон учурда аткаруу мөөнөтү архив тарабынан аныкталышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн ашпайт.
37. Архивде суралган маалыматтын бар экендиги (жоктугу) жөнүндө маалыматтар арыз ээлерине (нотариалдык иш-аракетти жасоо үчүн өз алдынча же өкүл аркылуу кайрылган адамдарга) жазуу жүзүндөгү суроо-талапка ылайык архивдин жетекчисинин жазуу жүзүндөгү буйругунун же резолюциянын негизинде берилет.
38. Керээз калтыруучунун тирүү кезиндеги керээз жөнүндө маалыматтары керээз калтыруучуга, ал эми ал өлгөндөн кийин керээз түзүлгөн адамдарга берилет.
39. Мамлекеттик нотариалдык кеңсенин, жеке нотариустун жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча архив жол берилген техникалык каталарды киргизүү үчүн сактоого берилген документтердин түп нускаларын бере алат.
40. Архивде суралып жаткан маалыматтын бар (жок) экендиги жөнүндө маалыматтын берилүү фактысы архивге кайрылуулар журналында жазуу жүзүндө катталат.
41. Архивден төмөнкү документтер берилбейт:
1) техникалык тариздөөдөн жана сыпаттамалардан өтпөгөн;
2) эгерде арыз ээсинде инсандыкты ырастоочу документтер же суроо-талап жасалган үчүнчү жактардын атынан чыгууга анын ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер жок болгон учурда.
42. Документтерди берүүнүн алдында жана архивге кайтарууда барактардын номерлениши жана берилген ар бир документтин абалы текшерилет.
43. Архивге кайтарылып берилүүчү документтердин абалы аларды кайтарып берген адамдын катышуусу менен текшерилет.
44. Документтердин же алардын айрым барактарынын жетишпестиги, ошондой эле бузулуулар табылган учурда архивдин кызматкери бул жөнүндө жетекчиге билдирет жана тиешелүү акт түзөт.
 
8. Нотариалдык документтерди, башка номенклатуралык иштерди сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин жок кылуу
 
45. Архивге өткөрүлүп берилген нотариалдык документтерди жана мамлекеттик нотариалдык кеңселердин көктөмөлөрүнүн номенклатураларында белгиленген башка иштерди сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин иштер жок кылуу үчүн тандалууга тийиш.
46. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жок кылууга бөлүү үчүн документтерди тандоо жыл сайын көктөмөлөрдү барактап карап чыгуу жолу менен жүргүзүлөт. Документтерди жок кылууга тандап алуу үчүн Министрликтин борбордук эксперттик комиссиясы нотариалдык документтердин илимий-тарыхый баалуулугун аныктайт. Документтерди сактоо мөөнөтү “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык узартылышы мүмкүн.
47. Архивдик документтерди жок кылуу “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык архив ишин башкаруу органы тарабынан аныкталган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
49. Архивдин картотекасында нотариалдык документтерди жок кылуу датасы жана ыкмасы жөнүндө белги коюлат.
 
9. Архивди жүргүзүүгө жооптуу адам алмашканда архивдик документтерди өткөрүп берүү
 
50. Архивдин жетекчиси алмашканда архивдик документтерди, архивдик эсепке алуу документтерин жана маалымдама-издөө тутумдарын кабыл алуу-өткөрүп берүү (мындан ары – иштерди кабыл алуу-өткөрүп берүү) Министрликтин чечими менен дайындалган комиссия тарабынан ишке ашырылат.
51. Иштерди өткөрүп берүү-кабыл алууда төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) нотариалдык документтердин, архивдик эсепке алуу документтеринин жана маалымдама-издөө каражаттарынын болушун жана абалын толук же тандап текшерүү;
2) архивде колдонулган материалдык-техникалык каражаттарды инвентаризациялоо.
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Арыздын үлгүсү
 
 
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
Ведомстволук нотариалдык архивине
 
___________________________________
(арыз ээсинин фамилиясы, аты,
атасынын аты  (бар болсо))
 
___________________________________
(жарандын инсандыгын ырастоочу  
документтин маалым даректери)
 
__________________________________
дареги боюнча жашаган:
 
__________________________________
атынан ишеним кат боюнча иш алып баруучу
 
___________________________________
(ишеним берүүчүнүн фамилиясы, аты,
атасынын аты (бар болсо))
 
 
 
Маалыматтарды берүүгө арыз
 
 
 
Мага _________________________________________________берүүңүздү суранам
                                                                                                                                            
(маалыматтар, нотариалдык документтин аталышы, берилген датасы (мезгили))
____________________________________________________________________
 
______________________________________________________________ байланыштуу
(документти берүүнүн себеби)
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
_____________________              ____________________                ______________
(арыз ээсинин колу)                     (колтамганы чечмелөө)                        (датасы)
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы