19 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар




Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы эми Кыргызстандын жарандары үчүн жеткиликтүү. Картада бүтүндөй республика боюнча 1 473 юридикалык кызмат көрсөтүүчү жөнүндө маалымат камтылган. Алардын арасында мамлекеттик жана коомдук уюмдар бар: акысыз юридикалык жардам борборлору, соттор, прокуратуралар, милиция бөлүмдөрү, аймактык адвокатуралар, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыктар, нотариустар, акысыз юристтер жана адвокаттар, кризистик борборлор, аксакалдар соттору, аялдардын кеңештери, менчик юридикалык фирмалар, жеке адвокаттар ж.б.



Сиз апостиль алышыӊыз керек болуп жатабы, бирок Сиз аны кайсы жерден жана кандай алышты билбей жатасыз? Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жеке жана юридикалык жактардын расмий документтерин апостилдештирүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Бул үчун эмне кылуу керек? Зарыл болгон документтердин түп нускаларын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн даярдоо зарыл. Жумуш күндөрү документтерди Юстиция министрлигине же турган жериӊиз боюнча юстициянын аймактык башкармалыктарына тапшыруу керек.



Сиз жоопкерчилиги чектелген коом ачууну пландаштырып жатасызбы (ЖЧК)? Буга Сизге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жардам берет! ЖЧКны каттоо үчүн Сизге зарыл болгон каттоо документтерин тапшыруу керек. Бул жөнүндө кененирээк видеоматериалдан көрүӊүз.



Сизди Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтар кызыктырабы? Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги зарыл болгон көчүрмөнү берүү боюнча акысыз кызмат көрсөтөт. Көчүрмөнү алуу үчүн эмне кылуу керек? Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жазуу жүзүндөгү арызын жөнөтүү зарыл. Эки жумалык мөөнөттө Сиз өзүӊүздүн суроо-талабыӊызга жооп ала аласыз.



Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 90 жыл! Өткөн 90 жылда Кыргыз Юстициясы өз өнүгүүсүнүн татаал жолун басып өттү. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ар кандай мамлекеттик органдарга, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук жардам көрсөтүүдөгү өлкөбүздүн аткаруу бийлигинин органдарынын тутумунда маанилүү координациялык роль бөлүнгөн. Өткөн жылдардагы иштин жыйынтыктары юстиция тутуму алдына коюлган максаттарды эффективдүү аткарып жана ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын көрсөттү.  



Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги үчүн негизги артыкчылыктары болуп юстиция органдарына калктын ишениминин деӊгээлин жогорулатуу, биздин жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери жана өлкөнүн калкынын укуктук маданиятын өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү кала берет. 2016-жылы министрлик тарабынан бул багытта алгылыктуу жыйынтыктарга жетүү үчүн аз эмес аракеттер жумшалган. Биринчи жолу, «Өз укуктарыӊды бил» урааны алдында акысыз юридикалык жардамдарды көрсөтүү боюнча бир катар акциялар өткөрүлдү, «Тилектештик автобусу» долбоорунун алкагында юристтердин калктуу пункттарга баруулары уюштурулган, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча жаӊы борборлор ачылган. Кененирээк атайын видеоматериалдан көрүӊүздөр.





2016-жылдын 12-октябрынан 14-октябрына чейин жана 17нен 20-октябрына чейин Кыргызстанда адамдын жана жарандын укугун коргоого жана өлкөнүн калкынын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталлган «Өз укуктарыӊды бил» урааны алдындагы республикалык масштабдагы акция болуп өткөн. Акция Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин демилгеси боюнча Европа союзу менен каржыланган «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» долбоорунун колдоосунда өткөрүлгөн. «Өз укуктарыӊды бил» акциясынын мезгилинде Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин юристтерине 2388 адам кайрылган. Акысыз юридикалык консультациялар кантип өткөнүн «ЭлТР» телеканалынын корреспонденттеринин материалдарынан көрүӊүздөр. 




Юстиция министрлиги тарабынан 2010-жылдан 2016-жылга чейинки кабыл алынган мыйзамдарга инвентаризациялоо жүргүзүлгөн. Жогорку Кеӊеште бул жаатта кызуу талкуу жүрүүдө. Орто эсеп менен жылына 200дүн тегерегинде мыйзам кабыл алынып турган. Деги инвентаризациялоону жүргүзүү менен мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын сапаты жакшырып, эффективдүү иштөөгө шарт түзүлөбү же жөн гана мыйзамдар кагаз бетинде жазылган бойдон кала береби? Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Нуржан Таштанов «ЭлТР» МТРКнын «Күн маек» программасынын түз эфиринде айтып берди.



Юстиция министрлиги жер-жерлерде “Укугуңду бил!” деген аталыштагы акция өткөрүп жатат. Иш-чара бүгүн (22 июнь 2016 ж.) Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда башталды. Мыйзамдын ак карасын билген адистер бүтүндөй республика боюнча каалаган жарандарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтөт.




Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын «Күн маек» телепрограммасына катышты. Түз эфирде жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын актуалдуу маселелери, ошондой эле жерлерди которуу көйгөйлөрү талкууланды. Мындан тышкары, берүүнүн катышуучулары телекөрүүчүлөрдүн телефондук чалууларына жооп беришти.




2016-жылдын 28-мартында Талас облусуна болгон жумушчу визитинин алкагында Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Талас облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын программасына интервью берди. ТТР башкы директору Эрмек Үмөтов менен болгон маегинде, министр өзүнүн сапарынын жыйынтыктарын чыгарды, юстиция органдарына калктын ишениминин деӊгээлин көтөрүү боюнча министрликтин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө айтып берди.




2016-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева жумушчу визити менен Талас облусуна барды. Талас облустук мамлекеттик администрациясынын имаратында министр Талас шаарынын жана жакын жайгашкан райондордун тургундары менен жолугушту. Таластыктарды кандай көйгөйлөр тынчсыздандыраарын Талас облустук телерадиокомпаниясынын корреспонденттеринин материалынан көрүӊүздөр.




2016-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева жумушчу визити менен Талас облусуна барды. Таш-Арык айыл өкмөтүнүн имаратында министрдин Жон-Арык, Кырк-Казык, Таш-Арык, Ак-Жар жана Орто-Арык айылдарынын тургундары менен жолугушуусу болду. Жылдыз Мамбеталиева «суроо-жооп» форматында жолугушуунун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин иши жөнүндө маалымдады. Жолугушууну кененирээк Талас облустук телерадиокомпаниясынын корреспонденттеринин материалынан көрүӊүздөр.




Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору Кыргыз Республикасынын негизги соттук-эксперттик мекемеси болуп саналат жана өлкөдөгү соттук эксперттик изилдөөлөрдүн 80 % ашыгын аткарат. Бүгүнкү күндө СЭМБ аянты 441 чарчы метр 1940-жылы салынган имаратта жайгашкан. Кызматкерлердин штаттык саны 128 бирдикти түзөт. СЭМБ эксперттери менен жылына экспертизанын 48 түрү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. 2015-жылы мамлекеттик борбор тарабынан 6793 экспертиза өткөрүлгөн, анын ичинде татаал жана көп объекттүү экспертизалар да бар.




2015-жылдын 9 айы аралыгында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордо 13,636 жаран консультацияларды алышкан, жана бул сан жыл сайын өсүүдө. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мындай борборлордун дараметин көтөрүү керек деп белгилешүүдө. Жаӊы борбордун ачылышы жөнүндө жана Кыргызстандын ар бир жараны кантип өзүнүн акча каражаттары жок болгондо квалификациялуу юридикалык жардамды ала алаары жөнүндө ”ЭлТР” телеканалынын корреспонденттери айтып беришет.




Токмок шаарында Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды. Аталган борбор сот акыйкаттыгына жетүүнү жакшыртуу, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоону камсыздоодо. Ошондой эле өзүнүн укуктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү үчүн коомчулуктун маалымдуулугун көтөрүү максатында ачылды.

  

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева «ЭлТР» телеканалына берген өзүнүн маегинде, Кыргызстанга Калктын укуктук маданиятын көтөрүп стратегиясы эмне үчүн керек экендеги жана юстиция министрлиги бул стратегиянын иш чаралар планын кандай усулдар менен ишке ашыраарын айтып берди.




Кыргызстанда укуктук маданияттын деӊгээли тууралуу “Капитал” жума сайын чыгуучу экономикалык программасынын корреспонденттери айтып беришет. Көптөгөн жарандар өзүлөрүнүн укуктарын билишет, бирок аларды жактап жатып айрым учурларда башка адамдардын укуктарын жана коомдун кызыкчылыктарын бузушат. Коомдо мыйзамды сыйлоону кантип адатка айлантуу керек? Кантип адамдарга өзүлөрүнүн укуктары жөнүндө гана эмес милдеттери жөнүндө да унутпоону үйрөтүү керек? Ушул жана башка суроолорго Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева жана эксперттер жооп беришти.




22-июлунда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Стратегиясынын долбоорунун бет ачарын жасады. Документ мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, жарандык коомдун талкуусуна чыгарылган. Иш-чаранын катышуучулары документтин негизги жоболорун талкуулоого активдүү катышышты, бул стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өркүндөтүү боюнча өзүлөрүнүн эскертүүлөрүн жана сунуштоолорун айтышты.




2015-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жергиликтүү тургундары менен жумушчу жолугушуусун өткөрдү . Жолугушуунун жүрүшүндө юстиция министрине ар кандай укуктук суроолор берилген. Жылдыз Мамбеталиеванын өлкөнүн түштүк региондоруна болгон сапарынын негизги максаты – бул калк менен жолугушуулар, жарандарды жеке кабыл алуу жана маселелерди жеринде ыкчам чечүү.




Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева «ЭлТР» МТРКнын «Күн маек» программасына катышты. Жылдыз Мамбеталиева 2014-жыл үчүн министрликтин ишинин жыйынтыгы жана 2015-жылга пландар жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Кыргызстандын калкынын укуктук сабаттуулугу, коррупция менен күрөшүү, Кыргызстандын ЕАЭСке кошулуусу жана башкалар тууралуу суроолорго жооп берди.




21-май күнү юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева “Азаттык” радиосунун студиясынын коногу болду. Көз карандысыз радионун журналисттери менен болгон маектешүүдө Жылдыз Мамбеталиева өлкөнүн мыйзамдарынын сапатын жана алардын аткарылышын, жана алдыдагы парламенттик шайлоолорду талкуулады.




Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александра Даниловгага барды. Ардагерди жеӊиш күнү менен куттуктап, Жылдыз Мамбеталиева Александра Даниловага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Өз кезегинде Александра Данилова фронт жөнүндөгү эсте калган көз ирмемдери менен бөлүштү, турмушу жана күнүмдүк жашоосу жөнүндө министрге айтып берди.




Кыргыз Республикасы укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары жок ар бир жаранга, квалификациялуу юридикалык жардамды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен берүүнү кепилдейт. Бирок өлкөнүн бардык эле жарандары мыйзамдын бул ченеми жөнүндө биле беришпейт. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам деген эмне жана ал жарандардын кандай категорияларына берилет? бул теманы талкуулоо КТРК телеканалында «Замана» таӊкы берүүсүнүн студиясында өттү. Алып баруучунун суроолоруна Нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын начальниги Марипа Сейдалиева жана МКЮЖ боюнча Улуттук кеӊештин мүчөсү Мухтархан Бахаутдинов жооп беришти. 




Табигый кырсыктардан (жер титирөө, суу ташкын, жер көчкү жана кар көчкү) жабыр тарткан адамдарга мамлекеттик жардам жана каржылык колдоо, компенсацияларды тѳлѳѳгѳ тиешелүү суроолор азыркы телеберүүнүн талкуулоо предмети болду.Студиянын коноктору: Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Шыкмаматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана архитектура Мамлекеттик агенттигинин алдындагы жарандык-турак-жай курулуш Департаментинин Директору У.Кокочоров.




Мына ушул берүүдө мамлекет менен кепилдеген юридикалык жардам кѳрсѳтүүнүн тартиби жѳнүндѳгү, атап айтканда региондор боюнча юридикалык жардамга муктаждыкты баалоонун негизинде, МКЮЖ боюнча адвокаттардын территориялык тизмесинен дайындалган же камсыз кылынган адвокаттар менен МКЮЖ кѳрсѳтүү жѳнүндѳгү суроолор талкууланат. Студиянын коноктору: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура боюнча башкармалыгынын башчысы М. Сейдалиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекет менен кепилдеген юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү, жактоочу М.Бахаутдинов.




Аталган телеберүүдө балдардын укугун жана балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, мамлекеттик жардам кѳрсѳтүүнүн тартиби жѳнүндѳ, ошондой эле аларга карата кордоо жана зѳѳкүрлүк мамиле жѳнүндөгү суроолор талкууланды. Студиянын коноктору: Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси Г.Ахматова, «Балдардын укугун коргоо лигасы» Коомдук фондунун директору Н.Турдубекова.




Белгиленген телеберүүдѳ чакырылгын коноктор тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана паспорт берүүнүн тартиби жөнүндө чечмеленип-түшүндүрмѳлөр берилди. Студиянын коноктору: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо Департаментинин директору Д.Сатыбалдиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин директорунун м. а. М.Алыбаева.




Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун коргоо жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, алардын каражаттары жок болгон учурда, мамлекет менен кепилдеген юридикалык жардам берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоо суроолору аталган берүүнүн такуулоо предмети болду. Студиянын коноктору: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгынын башчысы М.Сейдалиева, адвокат Н.Аскарбеков, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун эксперти Т.Ашуралиева.


Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы