29 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Борбордук күрөө каттоо конторасы жөнүндө Жобо


Положение о Центральной залоговой регистрационной конторе при...

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 7-февралындагы
N 82 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы N 66, 2011-жылдын 16-сентябрындагы N 555, 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы (мындан ары - Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин карамагындагы подразделение болуп, Кыргыз Республикасында Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоону ишке ашырат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого таянат.

3. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы юридикалык жак болот, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, өзүнүн аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган мөөрү болот.

4. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.

5. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын жобосун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

6. Кыргыз Республикасынын аймагында күрөөлүк каттоо конторалары болот (мындан ары - аймактык күрөөлүк каттоо конторалары), алардын статусун жана ишинин уюштурулушун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директорунун сунушу боюнча аныктайт.

7. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек шаары, Чүй проспекти 219, 5-кабат.

II. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын функциялары

7-1. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- электрондук маалыматтар базасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) бардык катталган талап укуктарын сактоону камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгашкан маалыматтын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздайт;

- расмий сайт аркылуу он-лайн режиминде Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин ачык пайдаланууну камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кызыкдар жактарга көчүрмө берет;

- күрөөлүк кабарлоого кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана жазууларды киргизет;

- күрөө жана тажрыйба алмашуу менен байланышкан маселелер боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды түзөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;

- өзүнүн курамына кирген аймактык күрөөлүк каттоо контораларынын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт, башкарат жана контролдойт;

- күрөөлүк каттоо контораларын материалдык-техникалык жактан камсыздоону жана каржылоону уюштурат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)

III. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын ишинин уюштурулушу

8. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу боюнча дайындачу жана кызматтан бошотуучу директор башкарат.

Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директорунун кызматка Кыргыз Республикасынын юстиция министри мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте дайындачу жана кызматтан бошотуучу бир орун басары болот.

Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын системасындагы мамлекеттик кызматчылар кызматка мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)

9. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директору:

- Борбордук жана аймактык күрөөлүк каттоо контораларынын иштерин жетектейт;

- Борбордук жана аймактык күрөөлүк каттоо контораларынын кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт, Борбордук жана аймактык күрөөлүк каттоо контораларынын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитет;

- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- күрөөлүк каттоо контораларын техникалык тейлөө боюнча иштеген кызматкерлерди жана кенже тейлөөчү персоналды кызматка дайындайт жана бошотот;

- бардык күрөөлүк каттоо конторалары үчүн аткарууга милдеттүү приказдарды жана буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат жана текшерет;

- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы N 555 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министрине отчет берет;

- күрөөлүк каттоо контораларынын иштерин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

10. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директору Борбордук күрөөлүк каттоо конторасына тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.

11. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын директорунун орун басары өзүнүн ишин тапшырылган функцияларга ылайык жүргүзөт.

12. Аймактык күрөөлүк каттоо конторалары:

- кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жайгашкан маалыматтын коопсуздугун жана купуялуулугун камсыздайт;

- Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен кызыкдар жактарга көчүрмө берет;

- күрөөлүк кабарлоого кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү жана жазууларды киргизет;

- ай сайын Борбордук күрөөлүк каттоо конторасына өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)

IV. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын каржылоо

13. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы республикалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка каражаттардын эсебинен каржыланат.

(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-февралындагы N 66 токтомунун редакциясына ылайык)

14. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун маалыматтар базасынын автоматташтырылган маалыматтык системасын программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана өркүндөтүү үчүн эл аралык, донор жана коомдук уюмдардын финансылык каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартууга укуктуу.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)

V. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын мүлкү

15. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы ээлеп турган жай ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген жана арналышына жараша пайдаланылат.

16. Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешенин эсебинен алынган мүлк Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын өз алдынча тескөөсүндө болот.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 76 токтомунун редакциясына ылайык)

VI. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын ишин токтотуу

17. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын иши өзгөртүп уюштуруу же жоюу жолу менен токтотулат.

18. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

19. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тийиштүү жазуу жазылган учурдан баштап токтотулду деп эсептелет.

20. Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

 


Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы