Тиркеме
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо тартиби жөнүндө нускама
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, токтотуу жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугу жөнүндө Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Нускамада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КМТУБМР) - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктарынын бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо - электрондук формада жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу КМТУБМРда катталат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун артыкчылык укуктарын аныктайт.
Пайдалануучу - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу укугуна ээ болгон адам.
Күрөө кармоочу - негизги милдеттенмелери боюнча талаптары күрөө менен камсыз кылынган жак.
Маалыматтар базасынын администратору - пайдалануучуга ID номерин ыйгарып, топтордун администраторлорун жана каттоочу адистерди түзүү мүмкүндүгүн берген БККК ыйгарым укуктуу жагы.
Автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары –АМC) - КМТУБМРнын иштешин камсыз кылуучу программалык камсыздоо.
АМСда аутентификациялоо - пайдалануучуну автоматташтырылган маалыматтык системада идентификациялоочу маалыматтын аныктыгын текшерүү жол-жобосу.
Пайдалануучунун ID номери - КМТУБМРда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоого, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана токтотууга андан ары укук алуу үчүн пайдалануучуну алгачкы ирет каттоодо АМС тарабынан ыйгарылуучу персоналдуу жеке номер.
Пароль – пайдалануучунун эсептик жазуусун коргоочу символдордун жашыруун топтому.
Күрөө кабарламасы - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтарды камтыган КМТУБМРда катталуучу электрондук формадагы жазуу.
КНКАЖ:
КАЖ - күнү, айы, жылы.
Көчүрмө - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугу жөнүндө маалыматты камтыган документ.
3. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоочу адис же күрөө кармоочу-каттоочу каттайт.
Күрөө кабарламасына жазуу киргизилгенден кийин КМТУБМРда каттоо жүргүзүлөт, ал автоматтык түрдө каттоо номерин берет жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укугунун датасын (күн, ай, жыл), убактысын (саат, мүнөт жана секунда) аныктайт.
5. Күрөө кабарламасына жазууларды эсептик жазуусу бар пайдалануучу киргизет.
6. БККК күрөө кармоочу кайрылган учурдан тартып бир жумуш күнүнүн ичинде эсептик жазууну КМТУБМРда катташы керек.
7. Авторизациядан кийин маалыматтар базасынын администратору күрөө кармоочуга пайдалануучунун ID номерин, логинин жана паролун электрондук формада берет.
Эсептик жазууну андан ары коопсуз пайдалануу максатында күрөө кармоочу убактылуу паролду өзгөртүшү керек.
9. Пайдалануучунун ID номери күрөө кармоочу-каттоочунун тобунун администраторуна жана маалыматтар базасынын администраторуна жеке кабинетинде күрөө кармоочу-каттоочуларды, каттоочу адистерди жана топтордун администраторлорун кошумча түзүүгө мүмкүндүк берет.
10. Логин жана пароль үч жолу катары менен туура эмес киргизилсе, АМС КМТУБМРнын маалыматтар базасына кирүүгө блок коёт. Пайдалануучулардын паролун калыбына келтирүү жана блоктон чыгаруу маалыматтар базасынын администратору же күрөө кармоочу-каттоочулардын топторунун администратору тарабынан пайдалануучунун кайрылуусунун негизинде пайдалануучунун ID номери аркылуу жүзөгө ашырылат.
12. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын КМТУБМРда каттоодо күрөө коюучунун КМТУБМРда анын жекелештирилген маалыматтарын жайгаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл. Күрөө коюучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укуктарын токтотуу жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизилгенге чейин күрөө кармоочуда сакталат.
13. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу КМТУБМРда каттоочу адис тарабынан ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык 1-форма боюнча таризделген күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде катталат. Каттоочу адис БКККнын кызматкери гана болушу мүмкүн.
күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтар:
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН);
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтары;
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- күрөө жөнүндө келишимди түзүү датасы;
- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;
- жеке жактар үчүн - аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларды жазуу жүзүндө кабарлоо каралса, анда кийинки күрөөнүн (кайрадан күрөөгө коюу) мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар;
- күрөө коюучунун жекелештирилген маалыматтарын КМТУБМРда жайгаштырууга берген макулдугу жөнүндө маалыматтар;
15. Эсептик жазууну түзүү үчүн маалыматтар базасынын администратору каттоочу адисти КМТУБМРда каттайт жана аны авторизациядан өткөрөт, андан кийин АМС ага логин менен паролду ыйгарат.
16. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу каттоочу адис тарабынан ушул Нускаманын 21-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин жоктугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз текшерилгенден кийин анын атына берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде катталат.
17. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун КМТУБМРда алдын ала каттоо күрөө коюучунун макулдугу боюнча күрөө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосунда күрөө жөнүндө келишим түзүү ниети болгон учурда жүргүзүлөт.
Кийинки учурларда күрөө жөнүндө келишим түзүүдө кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) артыкчылык талап укугу Кыргыз Республикасынын күрөө мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык КМТУБМРда күрөө кабарламасын каттаган күрөө кармоочуга берилет.
20. Эгерде күрөө кармоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун алдын ала каттоо жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизилген күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде КМТУБМРда каттоосун тастыктабаса, анда АМС күрөө кабарламасын алдын ала каттоо жөнүндө жазууну деактивдештирет (жоёт).
21. Каттоочу адис төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартышы мүмкүн:
- арыз ээсинин же анын ким экендигин ырастоочу документ болбосо;
- акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтер же маалыматтар болбогондо.
23. БККК тарабынан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугунун каттоодон баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
6. Күрөө кабарламасы
25. Күрөө кабарламасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
ал күрөө коюучу болуп эсептелбесе камсыздалган милдеттенме боюнча карызкор жөнүндө маалыматтарды:
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;
- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларды жазуу жүзүндөгү кабарлоо каралган болсо, анда күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) жөнүндө маалыматтар;
Күрөө кабарламасы катталган учурда күрөө предметин өндүрүү жол-жобосун козгоо үчүн күрөө кармоочу өндүрүү жол-жобосунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизиши керек.
27. Күрөө кабарламасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар;
Саналып өткөн маалыматтар статистикалык маалыматтарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
29. Күрөө кабарламасы КМТУБМРда катталган учурдан баштап токтотуу жөнүндө жазуу киргизгенге чейин колдонулат.
7. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу тартиби
- КМТУБМРнын маалыматтар базасына кире алат;
- күрөө кабарламасына өзгөртүүлөрдү киргизет;
31. Катталган күрөө кабарламасына өзгөртүү киргизүү ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча жүргүзүлөт.
Алгачкы катталган күрөө кабарламасында күрөө кабарламасы токтотулганга чейин аткарылган иш-аракеттердин датасы жана убакыты көрсөтүлүп ырааттамасы сакталат.
33. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу каттоочу адис тарабынан катталган учурда, күрөө кабарламасын токтотуу жөнүндө жазуу ушул Нускамынын
4-тиркемесине ылайык 4-форма боюнча күрөө кармоочунун арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде күрөө кабарламасын токтотуу каттоочу адис тарабынан жүргүзүлөт.
34. АМС 15 календардык күндүн ичинде күрөө милдеттенмеси токтой турган мөөнөттүн жакындагандыгы жөнүндө пайдалануучуларды кабарлайт.
Күрөө кармоочу же анын өкүлү каттоочу адистен кабарламаны алгандан кийин күрөө милдеттенмеси токтой турган мөөнөт аяктаганга чейин ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык 3-форма боюнча же болбосо ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык 4-формасы боюнча жазуу жүзүндө арызын жөнөтүүгө милдеттүү.
- күрөө коюучу бардык милдеттенмелерин аткарган учурда күрөө кабарламасына күрөөнү токтотуу жөнүндө жазуу киргизет;
36. Күрөө кармоочу-каттоочу АМСдан кабарлама алган учурда ушул Нускаманын 36-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык иш-аракеттердин бирин аткарышы зарыл.
8. КМТУБМРда маалымат издөө
38. Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн издөө сурамы төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- күрөө кабарламасынын каттоо номери;
- жеке жактын ЖИНи.
39. Техникалык ката кеткен, күрөө кабарламасына толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар киргизилген учурда каттоочу адис күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарламасынан мындай маалыматты алып салат же катаны жоёт.
9. КМТУБМРдан көчүрмө берүү
41. Көчүрмө төмөнкүлөрдү камтыйт:
б) күрөө кабарламасы катталган номерин, датасын жана убактысын:
- каттоонун орду;
- карызкор (эгерде ал күрөө коюучу болбосо);
- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);
- бардык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча белгилер;
42. КМТУБМРдан көчүрмө кызыкдар тараптарга жазуу же электрондук түрдө ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык 6-форма боюнча берилет.
- акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ болбогон;
44. БККК тарабынан жүргүзүлүүчү кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө жазууну күрөө кабарламасына киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленген тартипте бир жолку акы төлөө менен жүргүзүлөт.
46. КМТУБМРдан жазуу жүзүндө көчүрмөнү БККК аркылуу алуу акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен арыздын негизинде жүргүзүлөт.
11. Жоопкерчилик
48. КМТУБМРда издөө жүргүзүлгөн маалыматтар туура эмес киргизилген жана/же КМТУБМРда күрөөнүн предмети, каттоо номери, ИСН жана ЖИН боюнча издөө мүмкүн болбогон жана анын натыйжасында үчүнчү жактын кызыкчылыктарына зыян келтирилген учурда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) артыкчылыктуу талап укугун талашуу сот тартибинде чечилет
50. Ушул Нускаманын талаптарын аткаруу максатында эсептик жазууларды түзүүнүн, АМС менен иштөөнүн, АМСте жеке кабинеттерди түзүүнүн техникалык өзгөчүлүктөрү БККК тарабынан аныкталат.
______________________________________________________
милдеттенмелерди аткаруу
талап укугун каттоо тартиби
1-тиркемеси
«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде
Административдик жоопкерчилик жөнүндө эскертүү.
Кыймылдуу мүлккө карата
боюнча (келишим боюнча)
жөнүндө нускаманын
2-форма
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
алдындагы Борбордук
күрөөлүк каттоо конторасы
КҮРӨӨ КАБАРЛАМАСЫ
Каттоо номери: Каттоо убактысы: |
Күрөө кармоочу:
жеке жактар үчүн ____________________________________________
___________________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
___________________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
Күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса): _______________________
жеке жактар үчүн ____________________________________________
________________________________________________________________
(паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги)
жеке идентификациялык номери
юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги)
________________________________________________________________
идентификациялык салык номери
Камсыздалган милдеттенменин баяндалышы: _____________________
аталышы жана түзүлгөн датасы, камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү _________________________________
түзүлгөн датасы жана жери: ___________________________________
________________________________________________________________
күрөө коюлган мүлктүн баяндалышы: __________________________
________________________________________________________________
кайрадан күрөөгө коюуга чектөө ________________________________________________________________
киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар
________________________________________________________________
2-тиркеменин
1-кошумча
КҮРӨӨ КАБАРЛАМАСЫНА КОШУМЧА
Каттоо номери: Алгачкы каттоо: (дата, №) Күрөө коюучу: аты-жөнү (жеке жак) _________________________________________ ___________________________________________________________________________ (паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги) жеке идентификациялык номери юридикалык жактар үчүн (аталышы жана дареги) ___________________________________________________________________________ идентификациялык салык номери Өзгөртүү киргизүүнүн негизи ________________________________________________________________ Киргизилген бардык өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар ________________________________________________________________ Кыймылдуу мүлккө карата боюнча (келишим боюнча) жөнүндө нускаманын 3-форма Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы Катталган күрөө кабарламасына өзгөртүү киргизүүгө АРЫЗ Күрөө кармоочунун (жеке жактын) аты-жөнү __________________________ ________________________________________________________________ (паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги) жеке идентификациялык номери Ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтары ___________________________________________________ ________________________________________________________________ Кыймылдуу мүлккө карата боюнча (келишим боюнча) жөнүндө нускаманын 4-форма Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасы Катталган күрөө кабарламасын токтотууга АРЫЗ аты-жөнү (жеке жактын) ______________________________________ ________________________________________________________________ (паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги) жеке идентификациялык номери юридикалык жак (аталышы жана дареги) ________________________________________________________________ идентификациялык салык номери 20__-жылдын «___» ___________ № ____ катталган күрөө кабарламасын ___________________________________________________ ________________________________________________________________ себептерине байланыштуу токтотууну суранам. 20___жылдын «___»______________ Колу: ________________ милдеттенмелерди аткаруу талап укугун каттоо тартиби 5-тиркемеси «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
22-беренесине ылайык төмөнкү мүлк күрөөдө тургандыгы же турбагандыгы жөнүндө маалымат берүүңүздү суранам: Мүлктүн жайгашкан орду _____________________________________ ________________________________________________________________ Күрөө берүүчүгө таандык (аты-жөнү) (жеке жак) __________________ ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ (паспорттун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги) жеке идентификациялык номери юридикалык жак (аталышы жана дареги) ________________________________________________________________ идентификациялык салык номери _____________________ Арыз ээсинин колу 20___жылдын «___»______________ милдеттенмелерди аткаруу талап укугун каттоо тартиби 6-тиркемеси 20__-жылдын «____» ______________ Каттоо номери: Берилген убакыт: |
Катталган жери _____________________________________________
Карызкор (эгерде ал күрөө коюучу болбосо): ____________________
Күрөө кармоочу: ____________________________________________
Күрөөнүн предмети жана анын жайгашкан орду: _________________
Башка күрөө милдеттенмесинин бар же жоктугу жөнүндө маалымат: ___________________________________________________________
Каттоочу адис