11 Бештин айы, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө” 2009-жылдын 10-марты № 151


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 10-марты № 151
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
 
Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,
мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык
ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка
органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон
ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө
 
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 223 Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын системасында мамлекеттик бийликтин функцияларына жана юридикалык жактын статусуна ээ болгон төмөнкүдөй ведомстволук бөлүмдөр бар экендиги белгиленсин:
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик агенттик;
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик инспекция;
- мамлекеттик органдын алдындагы департамент;
- мамлекеттик органдын алдындагы фонд;
- мамлекеттик органдын алдындагы борбор.
Аймактык түзүмдөр министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик агенттикте жана мамлекеттик инспекцияда түзүлөт.
Башка ведомстволук бөлүмдөрдө аймактык түзүмдөр, эреже катары, түзүлбөйт.
2. Администрациялык реформага бүтүндүк жана системалуулукту берүү максатында мамлекеттик органдарды түзүү, өзгөртүп кайра түзүү төмөнкү аныктамаларды эске алуу менен жүргүзүлсүн:
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик агенттик – тиешелүү аймактык түзүмдөрү бар белгиленген чөйрөдө ушул мамлекеттик органдын функцияларын аткаруучу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү;
- министрликтин, мамлекеттик комитеттин алдындагы мамлекеттик инспекция – тиешелүү аймактык түзүмдөрү бар ушул мамлекеттик органдын контролдоочу жана инспекциялык функцияларын аткаруучу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмү;
- департамент – башка мамлекеттик органдар менен координациялоону талап кылуучу ушул мамлекеттик органдын маселелерин чечүү максатында түзүлгөн мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүм;
- борбор – мамлекеттик органдын маалыматтык чөйрөдөгү маселелерди чечүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүм;
- фонд – социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүү боюнча программалык-максаттуу башкарууну чечүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик органдын алдындагы ведомстволук бөлүм.
3. Бул токтом коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иштер, тышкы иштер маселелерин тейлөөчү мамлекеттик органдарга карата колдонулбайт.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрге жүктөлсүн.
 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугу?уз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу ?ч?н кайда кайрылса?ыз болот?

Аскердик бөлүктөрдүн, бирикмелердин, мекемелердин жана аскердик-окуу жайларынын командирлери (жетекчилери) тарабынан мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Токтому

Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жерлеринин жетекчилери тарабынан керээздерди жана ишеним каттарды күбөлөндүрүүнүн тартиби

Дарылоо мекемелеринде, госпиталдарда жана улгайгандар жана майыптар үйлөрүндө мурастарды жана ишеним каттарды күбөлөндүрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын кызмат адамдарынын нотариалдык иштерди жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жеке нотариустары тарабынан иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча НУСКАМА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциалык Палатасынын Ч Е Ч И М И

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү ТАРТИБИ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды такшалуудан өткөрүү тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын юстиция Министрилигинин буйругу

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик нотариустун кызматтык нускамасы

Юстиция Министрлигинин аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик башкы нотариустун кызматтык нускамасы

Мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы

Нотариат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы


ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gifef78dad597aef2469de3ed24f68f4d3f20181123093042.gif58be3d638115b1e5989e684f2829177420181127033850.gif7ce8f225aa7048cab1df0e1bda2fb27d20181206053805.JPG

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы