28 Жалган куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө Жобо


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2013-жылдын 22-октябрындагы
N 577 токтому менен
бекитилди
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору (мындан ары – Мамлекеттик борбор) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине түздөн-түз баш ийген адистештирилген мамлекеттик соттук-экспертизалык мекеме болуп эсептелет.
Мамлекеттик борбор сот жана укук коргоо органдарынын тапшырмасы боюнча атайын билимдин негизинде соттук экспертизаларды жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Мамлекеттик борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт.
2. Мамлекеттик борбор өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон белгиленген мыйзамдык тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик борбор юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылган аты түшүрүлгөн мөөрү болот.
4. Мамлекеттик борбордун жайгашкан жери – Бишкек ш., Бөкөнбаев көчөсү, 97.
2. Мамлекеттик борбордун милдеттери жана функциялары
5. Мамлекеттик борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- сот-тергөө органдарынын тапшырмалары боюнча криминалисттик, инженердик-техникалык, экономикалык экспертизаларды жүргүзүү;
- илимдин жана техниканын соңку жетишкендиктеринин негизинде соттук экспертизалардын ар кандай түрлөрүн жүргүзүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча негизги багыттарды иштеп чыгуу;
- укук коргоо органдарына атайын билимдерди жана техникалык каражаттарды колдонууда методологиялык жана методикалык жардам көрсөтүү, бул ишти координациялоо;
- соттук экспертиза тармагында кадрларды окутуунун формаларын жана методдорун иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын эксперттерин даярдоону жана адистигин жогорулатууну уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын соттук экспертизасынын теориясын жана практикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түзүү.
6. Мамлекеттик борбор ага тапшырылган милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- экспертизаларды жүргүзөт, илимий сунуштарды жана алдыңкы тажрыйбаны, жаңы методдорду жана методикаларды изилдейт жана эксперттик практикага киргизет;
- соттук жана тергөө практикасын жүргүзүүдө эксперттик иштин тажрыйбасын жалпылайт, соттук экспертиза тармагындагы жетишкендиктерди иликтейт жана ошонун негизинде соттук экспертизаны жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат:
- эксперттик практиканы жана конкреттүү экспертизаларды жалпылоонун материалдары боюнча тийиштүү органдарга укук бузууга түрткү болгон себептерди жана шарттарды жоюу боюнча сунуштарды киргизет;
- Юстиция министрлигине, соттук-эксперттик ишти регламенттеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
- соттук экспертиза жаатында илимий-изилдөөчүлүк иш жүргүзөт;
- Мамлекеттик борбор же башка эксперттик мекемелер иштеп чыккан жаңы ыкмаларды жана эксперттик изилдөөнүн түрлөрүн сыноодон өткөрөт жана эксперттик практикага колдонууга киргизет;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлерин соттук экспертиза жаатындагы соңку жетишкендиктер менен тааныштырат, аларга республиканын эксперттик мекемелеринин бул тармактагы мүмкүнчүлүктөрүн жана материалдарды даярдоонун, экспертизаны дайындоонун тартибин түшүндүрөт, алар үчүн далил заттарды аныктоонун, фиксациялоонун, алуунун, салуунун, жөнөтүүнүн жана экспертиза дайындоонун маселелери боюнча методикалык сунуштамаларды даярдайт, өзгөчө кырдаалдарда аларга далил заттарды аныктоо, фиксациялоо, алуу жана сатуу боюнча практикалык жардам көрсөтөт;
- соттук эксперттердин адистик даярдыгын жана квалификациясын жогорулатат, соттук эксперттердин башка мамлекеттердин эксперттик мекемелеринде стажировкаларда болуусун уюштурат, Мамлекеттик борбордун базасында эксперттерди ар түрдүү формада даярдайт, эксперттик корутундуларды рецензиялоону камсыздайт;
- айрым учурларда жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдик негизде илимий-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзөт жана атайын билимдердин негизинде корутундуларды берет;
- Мамлекеттик борбордун илимий изилдөө иши боюнча айрым тапшырмаларды аткаруу үчүн башка министрликтер менен ведомстволордун мекемелеринин илимий жана практикалык кызматкерлерин келишимдик негизде ишке тартат;
- өзүнө тапшырылган милдеттерге жараша башка функцияларды да аткарат.
3. Мамлекеттик борбордун ишин уюштуруу
7. Мамлекеттик борбордун түзүмү жана штаты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
8. Мамлекеттик борбордун ишине Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетекчилик кылат.
9. Мамлекеттик борбордун директорунун, анын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу эки орун басары болот.
Мамлекеттик борбордун директорунун орун басарлары түздөн-түз директорго баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик борбордун ишин уюштурушат.
10. Мамлекеттик борбордун кызматкерлери (соттук эксперттерди кошкондо) юстиция министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Мамлекеттик борбордун кызматкерлерине (соттук эксперттерди кошкондо) коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан бекитилет.
11. Мамлекеттик борбордун директору:
- Мамлекеттик борбордун жана анын облустар аралык филиалдарынын ишин жетектейт;
- Мамлекеттик борбордун ишин пландаштырат жана анын аткарылышын камсыздайт, Мамлекеттик борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылуусу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамлекеттик борбордун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана анын облустар аралык филиалдарынын жетекчилеринин отчетторун угат;
- керектүү экспертиза жүргүзүү үчүн түшкөн материалдарды бөлүштүрөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет, алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
- орун басарлардын арасында милдеттерин бөлүштүрөт, Мамлекеттик борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министрине Мамлекеттик борбордун кызматкерлерин кызмат ордуларынан бошотууга сунуш киргизет;
- Мамлекеттик борбордун техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматчыларын кызмат орунга дайындайт жана бошотот;
- кызматчыларга эмгек мыйзамдарында каралган сыйлоо жана тартип жаза чараларын колдонот;
- кызматкерлердин иштөөсү үчүн зарыл шарттардын түзүлүшүн, Мамлекеттик борбордун материалдык-техникалык жабдылышын камсыздайт, жабдууларды техникалык пайдалануунун коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн жана башка мамлекеттердин юстиция министрликтеринин эксперттик мекемелери, ошондой эле соттук экспертиза жаатындагы иш жүргүзгөн ведомстволор менен байланыштарды ишке ашырат;
- Мамлекеттик борбордун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Мамлекеттик борбордун директору жана анын орун басарлары илимий изилдөөлөргө түздөн-түз катыша алышат жана өздөрүнө ыйгарылган квалификацияга ылайык эксперт катары чыга алышат.
13. Илимий изилдөө иштеринин пландарын, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, сунушталган методдорду жана методикаларды талкуулоо үчүн Мамлекеттик борбордун алдында директор тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик борбордун кызматкерлеринин катарынан илимий-методикалык кеңеш түзүлөт.
14. Мамлекеттик борбордун ишинин натыйжалары мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коллегиясынын жыйналыштарында талкууланат.
4. Мамлекеттик борбордун мүлкү
15. Мамлекеттик борборго бекитип берилген мүлк мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
16. Мүлк Мамлекеттик борборго оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет жана багытталышына жараша пайдаланылат.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gifbab0e6c85958b4d3b4e8755d2928c73520200416053658.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы