20 Чын куран, 2024
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлиги
search
Урматтуу сайттын көрүүчүлөрү жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер! Урматтоо менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетов!

Электрондук кабылдама

+996 (312) 62-62-10 (+195)

Бишкек ш., Жаш Гвардия проспекти 32

ep@minjust.gov.kg

Дү-Жм, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 648 токтому менен бекитилген


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы
Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда
соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө
НУСКАМА
 
1. Жалпы жоболор
2. СЭМБге экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлүүчү
материалдарды тариздөө
3. Соттук экспертиза жүргүзүү тартиби жана алардын
натыйжаларын тариздөө
4. Экспертизалар жүргүзүү мөөнөттөрү
5. Экспертизага келип түшкөн материалдарды кабыл алуу,
сактоо жана кайтарып берүү
6. Далил буюмдарды жана документтерди кайтарып берүү
1-тиркеме. Эксперттердин корутундуларын каттоо китеби
2-тиркеме. Экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдарды
каттоо китеби
 
1. Жалпы жоболор
 
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар мамлекеттик борборунда (мындан ары – СЭМБ) жүргүзүлө турган соттук экспертизаларды дайындоо жана жүргүзүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. СЭМБ төмөнкү тармактар боюнча соттук экспертизаларды жүргүзөт:
1. Кол жазмалар экспертизасы;
2. Документтердин техникалык экспертизасы;
3. Трасологиялык экспертиза;
4. Баллистикалык экспертиза;
5. Жарылгыч-техникалык экспертиза;
6. Материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалисттик экспертиза;
7. Геммологиялык экспертиза;
8. Өрт-техникалык экспертиза;
9. Инженер-техникалык экспертиза;
10. Автотехникалык экспертиза;
11. Транспорт-трасологиялык экспертиза;
12. Курулуш-техникалык экспертиза;
13. Экономикалык экспертиза.
3. Соттук экспертизаны (мындан ары – экспертиза) дайындоо үчүн негиз болуп ишти жана материалдарды иликтөө процессинде (караштырууда) белгиленген экспертиза формасында атайын таанымдарды пайдалануу менен жагдайларды тактоо зарылдыгынын келип чыгышы эсептелет.
4. СЭМБде соттук экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп соттук экспертиза жүргүзүүнү дайындоо укугуна ээ болгон органдардын (жактардын) токтомдору (аныктамалары) эсептелет.
5. Сот экспертинин компетенциясына анын алдына коюлган маселелерди өзүнүн атайын билимдеринин негизинде чечүү үчүн экспертизага келип түшкөн материалдарды изилдөө жана корутунду берүү кирет.
6. Татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо алар эксперттер комиссиясы (комиссиялык экспертиза) тарабынан жүргүзүлөт, ал эми эксперттик адистиктердин же даярдык түрлөрүнүн ар түрдүү түрлөрүнө тиешелүү атайын таанымдарды пайдалануунун негизинде иштин жагдайларын белгилөө үчүн СЭМБде тиешелүү адистиктердеги эксперттерге тапшырылуучу комплекстүү экспертизалар жүргүзүү уюштурулат.
СЭМБнын эксперттери СЭМБнын директору же анын орун басары тарабынан экспертиза жүргүзүүнү дайындаган орган уюштуруучу комплекстүү ведомстволор аралык экспертизалар жүргүзүү үчүн комиссиянын курамына киргизилиши мүмкүн.
 
2. СЭМБге экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлүүчү
материалдарды тариздөө
 
7. Экспертиза, аны белгилеген орган (жак) тарабынан экспертизаны өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды бергенден кийин жүргүзүлөт.
8. Экспертиза өткөрүү үчүн төмөнкүлөр берилиши керек:
- экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) коштомо каты менен, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: чыгаруу номери жана датасы; ______ барактагы тиркемеси;
- эксперттик изилдөөнүн объекттери болуп саналган предметтер жана документтер.
Зарыл болгон учурларда салыштырмалуу иликтөө үчүн үлгү болуп саналган предметтер жана документтер, ага тете эле экспертиза предметине тиешеси бар маалыматтарды камтыган документтер (карап көрүү, суракка алуу жана башка тергөө аракеттеринин протоколдору, маалымкаттар, көчүрмөлөр, фотосүрөттөр ж.б.) да берилет.
Документтер жоголгон же жок кылынган учурда, көрсөтүлгөн документтердин экспертиза дайындаган орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
9. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдун (аныктаманын) датасы жана түзүлгөн орду, аны дайындаган органдын аталышы, кылмыш, жарандык, администрациялык, экономикалык иштин же экспертиза дайындалган аткаруучу өндүрүштүн номери;
б) экспертиза дайындоо үчүн негиздер (атайын билимдердин базасында чечүү болжолдонгон иштин маңызынын кыскача баяндамасы жана маселенин сүрөттөлүшү);
в) экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон эксперттик мекеменин аталышы же эксперттин аты-жөнү;
г) эксперттин алдына коюлган суроолор так баяндалып, ачык айкын мүнөздө болууга жана укуктук баа берүүнү талап кылбоого тийиш;
д) эксперттин колдонуусуна берилүүчү материалдар:
- эксперттик иликтөөнүн объекттери (предметтер, документтер);
- салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгүлөр жана экспертизанын предметине тиешелүү болгон малыматтарды камтыган документтер;
- экспертизаны жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон башка материалдар;
е) экспертиза дайындаган адамдын аты-жөнү, кызмат орду жана колтамгасы.
10. Ар башка эксперттик мекемелердин штаттарында турган эки жана андан көп эксперттерди талап кылуучу экспертиза жүргүзүү үчүн токтомдо (аныктамада) бул изилдөө кандай адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлүшү керектиги, кайсы эксперттик мекемеге эксперттер комиссиясынын ишин уюштуруу милдети жүктөлө тургандыгы жана кайсы эксперттик мекемеге эксперттик изилдөөнүн объектери жана башка материалдар жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлүшү керек. Көрсөтүлгөн учурда экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдордун (аныктамалардын) көчүрмөлөрү бул мекемелердин ар бирине жөнөтүлөт.
11. Кошумча же кайрадан экспертиза дайындалган учурда, ушул Нускаманын 9-пунктунда көрсөтүлгөн материалдардан тышкары, СЭМБге мурда өткөрүлгөн экспертизалардын корутундулары (актылары) бардык тиркемелери менен (фотосүрөттөр, эксперименталдык материалдар жана башка) берилет (же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү берилет). Кошумча экспертиза дайындалганда экспертизаны белгилеген органдын колуна баштапкы корутунду берилгенден кийин (же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүүдөн кийин) келип тийген экспертиза предметине тиешелүү болгон кошумча материалдар дагы берилет.
Кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) милдеттүү түрдө аны дайындоонун жүйөө-себептерин жана негиздери көрсөтүлөт.
Экспертиза дайындаган жактын чечими боюнча экспертизага берилген материалдар экспертиза жүргүзүлбөстөн кайтарылышы мүмкүн.
12. Процесстик мыйзамдардын талаптары же экспертизага жөнөтүлгөн материалдарды тариздөө эрежелери сакталбаган учурда СЭМБдин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчиси эч токтоосуз бул тууралуу экспретизаны дайындаган органга билдирет.
Эгерде экспертизаны дайындаган орган бул жетишпестиктерди четтетүү үчүн чара көрбөсө, анда бир ай мөөнөт өткөндөн кийин материалдар аткарылбастан кайтарылат.
 
3. Соттук экспертиза жүргүзүү тартиби
жана алардын натыйжаларын тариздөө
 
13. Эксперт экспертизаны жүргүзүүдө СЭМБдин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчисинин кат жүзүндөгү буйрутмасын экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) жана экспертизага келип түшкөн бардык материалдар менен бирге алгандан кийин киришет.
14. Эгерде изилдөө объекттисин СЭМБге ташып жеткирүү мүмкүн болбогон учурда, анда соттук экспертиза дайындаган орган же адам, экспертке объектке тоскоолдуксуз кирип-чыгуу жана аны изилдөө мүмкүндүгүн камсыз кылат.
15. Экспертизанын жүргүзүү тапшырылган эксперт, ага берилген материалдарды изилдейт. Экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдардын жоктугу такталган учурда, эксперт тиешелүү өтүнүч билдирет.
Өтүнүч кат эки нускада түзүлөт. Биринчи нускасы экспертиза дайындаган органга жөнөтүлөт, экинчиси СЭМБде сакталат.
16. Эгерде баштапкы экспертизаны дайындоо жөнүндө бир токтомдо (аныктамада) объекттердин өтө көп саны келип түшкөн учурда, түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси бир катар өзүнчө экспертизалар жүргүзүүнү уюштура алат, алардын ар бири белгилүү бир маселени чечүү үчүн объекттердин бөлүгүн изилдөө максатында өзүнчө экспертке тапшырылат. Өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча ар бир эксперт өзүнчө алдынча корутунду берет же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирме түзөт.
17. Эгерде экспертиза дайындоо жөнүндөгү бир токтомдо (аныктамада) ар башка экспертизанын предметине тиешелүү болгон жана анын чечилиши үчүн ар башка адистиктердеги эксперттердин биргелешкен ишин талап кылбаган суроолор камтылса, СЭМБдин директору же анын орун басары ар бири ар башка эксперттерге (же эксперттер тобуна) тиешелүү маселелерди чечүү үчүн белгилүү объекттерди изилдөө максатында тапшырыла турган бир нече экспертизаны уюштурат. Атайын таанып-билүүлөрдүн негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча, ар бир эксперт (эксперттер тобу) өзүнчө корутунду берет же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү түзөт.
18. Эксперттин корутундусу экспертиза дайындаган адам үчүн айкын эмес же түшүнүксүз болгон учурларда, эксперт тиешелүү протокол түзүү менен аны түшүндүрүү үчүн суракка алынышы мүмкүн.
Экспертти суракка алуунун натыйжалары тергөөчү (сот) үчүн кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө чечим кабыл алышына кызмат кылышы мүмкүн.
19. Соттук эксперттин корутундусу мамлекеттик же расмий тилдерде жазуу жүзүндө берилет жана үч бөлүктөн турат: киришүү, изилдөөчүлүк жана тыянак бөлүктөрүнөн, ошондой эле экспертке (эксперттерге) кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги жана анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө кол койдурулган баракчадан турат.
Корутундунун изилдөөчү бөлүгүнүн сүрөттөлүшүн түшүндүрүүчү жана толуктоочу материалдар болгондо (фотосүрөттөр, тартылган сүрөттөр, схемалар, чиймелер, иштеп чыгуулар ж.б.), алар корутундуга кошо тиркелет.
Изилденип жаткан материалдар кайра кайтарылаар алдында жыйнакталып салынат жана төмөнкүдөй тиешелүү штамптар басылып белгиленет: изилденип жаткандар – “СЭМБ”, үлгүлөр – “ҮЛГҮ” штампы менен.
20. Корутундунун киришүү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- экспертизанын аталышы, экспертизанын жүргүзүлгөн орду, анын катар номери, түзүлгөн датасы;
- материалдардын СЭМБге экспертизага келип түшкөн датасы;
- экспертиза жүргүзүү үчүн негиз (экспертиза дайындаган органдын (жактын) чечими, чечим чыгарылган дата);
- экспертизага келип түшкөн материалдардын аталыштары, изилденген объекттерди ташып жеткирүү ыкмасы, таңгактоонун түрү жана реквизиттери;
- эксперт (эксперттер) жөнүндө маалыматтар: аты-жөнү, атасынын аты, билими, адистиги (жалпы жана эксперттик), ээлеген кызмат орду, эксперттик ишинин стажы;
- корутунду берүү үчүн маанилүү жана эксперт тарабынан баштапкы маалыматтар катары кабыл алынган иш жагдайлары;
- экспертиза жүргүзүүдө катышкан адамдар жөнүндө маалыматтар (аты-жөнү, инициалдары, процесстик абалы);
- эксперттердин чечүүсүнө коюлган маселелер;
- эгерде маселе эксперттин компетенциясынан тышкары чыга турган болсо (маселени чечүү үчүн атайын билим керектелбестен жана маселе башка адистиктеги эксперттин компетенциясына тиешелүү болгон учурда) маселе чечүү үчүн кабыл алынбайт, бул тууралуу атайын белги коюлат;
- эксперттин кошумча материалдарды берүү жөнүндөгү өтүнүч каты анын түзүлгөн жана жооп алынган датасын, аны кароонун натыйжаларын көрсөтүү менен берилет.
Эксперттин демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер кириш бөлүктө, экспертиза дайындоо жөнүндө чечимде коюлган маселелерден кийин берилет.
Кайрадан өткөрүлгөн экспертизанын корутундусунун кириш бөлүгүндө экспертиза кайталанып жаткандыгы белгиленет, баштапкы экспертиза жөнүндө маалыматтар айтылат: корутундунун катар номери жана датасы, эксперттин аты-жөнү жана инициалдары, эксперттик мекеменин аталышы, баштапкы (алгачкы) экспертизанын тыянактары жана кайрадан экспертиза дайындоонун жүйөө-себептери.
Кошумча экспертизанын кириш бөлүгүндө экспертиза кошумча экендиги белгиленет.
Комиссиялык экспертизанын корутундусунун кириш бөлүгүндө бул экспертизаны комиссиялык экендиги көрсөтүлөт жана аны өткөрүү орду аталат.
Комплекстүү изилдөө жүргүзүшкөн эксперттердин корутундусунун кириш бөлүгүндө экспертиза комплексттүү экендиги белгиленет, аны өткөрүү орундары жана ар бир эксперт жүргүзгөн изилдөөлөр көрсөтүлөт.
21. Изилдөө бөлүгүндө изилдөө процесси жана анын жыйынтыктары сүрөттөлөт, белгиленген фактыларга илимий түшүндүрмө берилет. Сүрөттөмө так, түшүнүктүү, курамы боюнча чечилип жаткан маселелерге шайкеш келиши керек. Колдонулган атайын терминдерге түшүндүрмөлөр берилет.
Изилдөө бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- эксперттик изилдөө объекттеринин абалы;
- эксперттик изилдөөнүн ыкмалары, аларды колдонуунун техникалык шарттары жана алынган натыйжалар;
- эксперттик эксперименттин максаттары, шарттары жана жыйынтыктары (эгерде мында экспертиза өткөрүлгөн болсо) жана үлгүлөрдү алуу;
- коюлган маселелерди чечүүдө эксперт жетекчиликке алган материалдарга шилтемелер, ага тете эле изилдөө жүргүзүүдө пайдаланылган адабий булактар (автору, иштин аталышы, анын басылып чыккан орду жана жылы);
- тергөө аракеттеринин натыйжалары (суракка алуулардын, карап көрүүлөрдүн, эксперименттердин ж.б.), эгерде алар корутундуларды негиздөөдө баштапкы маалыматтар маанисине ээ болсо;
- тартылган сүрөттөргө, тиркемелерге шилтемелер жана аларга тиешелүү түшүндүрмөлөр;
- изилдөөнүн айрым этаптарына жана бүтүндөй эле жалпы алынган жыйынтыктарга экспертиза боюнча тиешелүү корутундуларды чыгаруу үчүн негиздер сапатында эксперттик баа берүү.
Эгерде экспертизаны дайындаган жак тарабынан коюлган айрым маселелерге жооп берүү мүмкүн болбосо, изилдөө бөлүгүндө анын себептери көрсөтүлөт.
22. Эгерде кошумча экспертиза жүргүзүүдө ал тарабынан баштапкы экспертиза жүргүзүүдө колдонулган эле ыкмалар жана каражаттар колдонулуп, дал ошондой эле жыйынтыктарга жетишилген болсо, анда кошумча экспертизанын корутундусунун изилдөөчү бөлүгүндө эксперт изилдөөнүнү жүрүшүн жана анын натыйжаларын толук баяндалбастан, баштапкы экспертизанын корутундусунун тиешелүү бөлүктөрүнө шилтеме кыла алат.
23. Кайрадан кайталанып өткөрүлгөн экспертизанын изилдөөчү бөлүгүндө эксперт баштапкы экспертизанын тыянактары менен болгон айырмачылыктарды көрсөтөт, эгерде андай нерсе орун алган болсо.
24. Эксперттин тыянактары анын алдына коюлган маселелерге жооп түрүндө берилет.
Ар бир коюлган маселеге маңызы боюнча жооп берилет, же болбосо аны чечүүнүн мүмкүн эместигинин себеби көрсөтүлөт.
Комплекстүү экспертизаларды жүргүзүүдө эксперттердин жалпы тыянактарынан мурда өзүнчө өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча айрым эксперттердин жеке тыянактары келтирилиши мүмкүн.
Тыянактарды экспертиза боюнча жалпы тыянакты түзүүгө катышпаган эксперттер да түзө алышат.
Тыянактардын ирээти өткөрүлгөн изилдөөнүн тартибине шайкеш келиши керек.
Эксперттин алдына коюлбаган маселелер боюнча жагдайлар жөнүндө тыянактар, эксперт тарабынан изилдөө процессинде табылган болсо, алар корутунду жоболордо келтирилет.
Тыянактар кандай чечмелөөгө жол бербеген так жана түшүнүктүү тил менен жазылышы керек. Эгерде изилдөөчү бөлүктө келтирилген жана алдыга коюлган маселеге толук жоопту камтыган корутундуну изилдөөнүн жыйынтыктарын кеңири сүрөттөөсүз түзүүгө мүмкүн болбогон учурларда корутундунун изилдөөчү бөлүгүнө шилтемелерди келтирүүгө болот.
Тыянактар так кесер жана ыктымалдуу болушу мүмкүн. Так кесер тыянак, факты жөнүндө эксперттин ачык айкын, анык билимдерин камтыйт. Ыктымалдуу формадагы тыянак жарым-жартылай негизделет жана сот эксперти тарабынан коюлган маселени чечүүнүн мүмкүн болгон башка чечилишин көрсөтүү менен белгиленип жаткан фактынын ыктымалдуулугунун негизде түзүлөт. Ыктымалдуу тыянак өз алдынча далилдөөчү мааниге ээ болбойт.
25. Корутунду жана ага карата тиркемелер эки нускада түзүлөт, алардын биринчиси экспертиза дайындаган органга (жакка) жөнөтүлөт, экинчиси СЭМБдин архивинде калат.
Корутундунун ар бир барагына эксперт (эксперттер) тарабынан кол коюлат, эксперттин (эксперттердин) колтамгасы тыянактардан кийин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн же СЭМБдин тегерек мөөрү менен тастыкталат.
26. Комиссиялык экспертизаны жүргүзүү бир адистиктеги эки же андан ашык эксперттерге тапшырылат. Мында СЭМБдин директору (анын орун басары же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси) комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине башка эксперттердин ишин координациялоо милдетин жүктөйт.
Эксперттер комиссиясынын жетекчиси (жетектөөчү эксперт) мазмуну боюнча коюлган маселелерди чечүүдө башка эксперттердин жанында кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болбойт.
27. Эксперттер комиссиясы мүмкүндүгүнө жараша экспертизанын материалдары менен бир эле мезгилде таанышышат, объектилерди жана үлгүлөрдү карап чыгышат. Эксперттердин ар бири толук көлөмдө берилген материалдардын бардыгына тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзөт, андан кийин эксперттер өз ара аткарылган иштин натыйжалары жөнүндө пикир алышышат.
28. Комплекстүү экспертизалар ар башка адистиктеги эки жана андан ашык эксперттерге тапшырылат.
Комплекстүү экспертизага катышкан эксперттердин ар бири, өзүнүн атайын билимдеринин негизинде ага берилген материалдарды тиешелүү изилдөөдөн өткөрөт жана ал изилдөөлөрдүн натыйжаларында эксперттин алдына коюлган маселеге жооп берүү үчүн негиздер катары баалайт.
29. Комиссия изилдөөгө катышкан эксперттердин ар бири аны менен макул болгон шартта жалпы корутунду берет.
Комплекстүү изилдөөнүн натыйжаларына бирдиктүү баа берүү изилдөө бөлүгүнүн акырында, түздөн-түз корутундулардын алдында берилет (жалпы синтездештирүүчү бөлүк).
Жеке изилдөөлөргө баа берүүнүн натыйжалары жана анын негизинде жасалган жеке тыянактар да өз өзүнчө келтирилет (аралык синтездештирүүчү бөлүк). Комплекстүү изилдөөнүн натыйжаларына биргелешип баа берүү изилдөө бөлүгүнүн аягында, түздөн-түз корутундуларга чейин берилет (жалпы синтездештирүүчү бөлүк).
Ар бир эксперт жалпы корутундуга же жеке өзү өткөргөн изилдөөнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын чагылдырган бөлүгүнө кол коюуга укуктуу.
Комплекстүү изилдөө боюнча бардык өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжалары эксперттер тарабынан кеңешменин жүрүшүндө бааланат жана баа берүүнүн натыйжалары боюнча жалпы тыянак түзүлөт.
Комиссиянын жалпы корутундусу менен макул болбогон эксперттер, пикирлердин кайчылыгынан себептерин көрсөтүү менен өз алдынча корутунду беришет.
30. Эксперттердин корутундусунун изилдөөчү бөлүгүндө, комиссиялык экспертизанын комиссиясынын жалпы корутундусу менен макул эмес эксперттердин ар биринин изилдөөлөрү ушул Нускаманын 21-пунктунун эрежелерине ылайык өз алдынча келтирилет.
31. Экспертизаны дайындоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн маселелердин бирине дагы эксперт маани-маңызы боюнча жооп бере албаса (жок дегенде бир бөлүгүнө), корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө маалымат түзүлөт, ал экспертке (эксперттерге) кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертилгендиги жана ага анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө кол койдуруудан жана үч бөлүктөн: киришүү, жүйөө-себептик жана корутунду бөлүктөрдөн турат.
Киришүү бөлүгүндө ушул Нускаманын 20-пунктунда саналып өткөн маалыматтар келтирилет.
Жүйөө-себеп бөлүгүндө корутунду берүүнүн мүмкүн эместигинин себептери толук берилет.
Корутунду бөлүгүндө эксперттин алдына коюлган маселенин ар бири боюнча жооп берүүнүн мүмкүн эместиги көрсөтүлөт.
32. Эксперт, экспертиза дайындаган органга коюлган маселе боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирет:
а) корутунду берүү үчүн экспертке берилген материалдардын жараксыздыгынан же жетишсиздигинен улам, эгерде бул тоскоолдукту четтетүүгө мүмкүн болбосо;
б) коюлган маселе эксперттин атайын билимдеринен сырткары болгон болсо;
в) эгерде изилдөө методика жана методдорунун азыркы деңгээли коюлган маселени бир беткей чечүүгө жол бербесе;
г) коюлган маселени чечүүнүн илимий жактан иштелип чыккан методикасы болбогон учурда;
д) айкындалган белгилердин тобу карама-каршылыктуу келип, маселени маңызы боюнча чечүүгө жетишсиз болсо.
33. Эгерде экспертиза дайындоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн кайсы бир маселелер боюнча эксперт корутунду берсе, ал эми калгандары боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирме берүүгө негиздер бар болсо, бирдиктүү документ – эксперттин корутундусу түзүлөт.
Эгерде соттун отурумуна мурда тиешелүү экспертиза жүргүзгөн эксперт чакырылса жана сот тарабынан мурдагы корутундусунда эксперт тарабынан жооптор берилген маселелер боюнча суроолор берилсе, эксперт мурданы корутундуда келтирилген изилдөөнүн натыйжаларына таянып, өз алдынча корутунду түзүүгө укуктуу болот.
34. Эксперттин соттук отурумга катышуусунун бардык учурларында ал тарабынан сотто берилген корутундунун көчүрмөсү СЭМБге берилет.
35. Эксперттик изилдөөнүн объектилери болгон буюмдар жана документтер (үлгүлөрү менен кошо) эксперттин тиешелүү белги коюулары менен, жабылган жана чапталган түрдө экспертизаны дайындаган органга, корутунду же корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү менен бирге кайтарылып берилүүгө тийиш.
 
4. Экспертизалар жүргүзүү мөөнөттөрү
 
36. СЭМБдеги экспертизаны жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 1 айдан ашпайт.
Экспертиза жүргүзүүнүн так мөөнөтү экспертизанын татаалдык деңгээлин жана эксперттин иш түйшүгүн эске алуу менен СЭМБнин түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комплекстүү экспертизалар жүргүзгөн учурда, ошондой эле, экспертиза жүргүзүү үчүн үчтөн ашык объектти изилдөө зарыл болсо, мөөнөт СЭМБдин жетекчиси тарабынан 1 айга чейин узартылышы мүмкүн.
Экспертиза өткөрүү экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдордун (аныктамалардын) келип түшкөн тартиби боюнча жүзөгө ашырылат.
37. Экспертиза жүргүзүү мөөнөтү, материалдар СЭМБде катталгандан кийинки күндөн тартып эсептелет жана эксперт тарабынан СЭМБдин кеңсесине өткөрүп берген күнү аяктайт. Эгерде экспертиза жүргүзүү мөөнөтүнүн башталышы жана аякталышы жумуш эмес күнгө туш келип калса, андан кийинки жумушчу күнү мөөнөт аяктаган күн катары эсептелет.
Изилденип жаткан объектти СЭМБге өткөрүп берүү мүмкүн болбогон учурда, экспертизаны өндүрүү мөөнөтү объектини карап көргөндөн кийинки күндөн тартып саналат.
38. СЭМБде экспертиза жүргүзүү мөөнөтү төмөнкү учурларда токтотула турат:
а) экспертиза дайындаган органга төмөнкүдөй өтүнүч жөнөтүлгөндө:
- экспертиза жүргүзүү аларсыз мүмкүн болбогон кошумча материалдарды берүү жөнүндө;
- иштин чыныгы жагдайлары жөнүндөгү маселелерди жана маалыматтарды тактоо жөнүндө;
- экспертиза дайындоо жөнүндөгү токтомдо (аныктамада) аталып өткөн материалдардын бардыгы же бир бөлүгү жеткирилбегендиги жөнүндө;
- эгерде тергөөчүнүн, соттун атайын уруксаты болбогондо же берилген объекттердин толук же бир бөлүгүнүн жок кылынышына же болбосо тышкы түрүнүн же негизги сапаттарынын өзгөрүшүнө алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөрдүн жүргүзүү жөнүндө.
б) материалдардын (документтердин, буюм далилдеринин) өзүнчө корутунду даярдоо менен башка түрдөгү экспертиза жүргүзүп жаткан башка эксперттин (эксперттердин) колунда болушу.
Кошумча материалдарды жана иштин чыныгы жагдайлары жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө өтүнүч иштин материалдары менен таанышып жаткан кезде сыяктуу эле, эксперттик изилдөөнүн жүрүшүндө да берилиши мүмкүн.
Эгерде өтүнүч 30 календарлык күн ичинде канааттандырылбаса, коюлган маселелер эксперттин колундагы материалдар мүмкүндүк берген деңгээлде чечилет.
Мөөнөт агымы өтүнүч жөнөтүлгөн күндөн материалдарды алган же өтүнүч катты канааттандыруудан баш тарткандык жөнүндө билдирүү алган күнгө чейин токтотулат.
Экспертизанын мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч эксперттин корутундусунун көчүрмөсү менен кошо сакталат.
 
5. Экспертизага келип түшкөн материалдарды
кабыл алуу, сактоо жана кайтарып берүү
 
39. Кабыл алуу, сактоо жана кайтарып берүү эрежелерди кылмыш, жарандык, экономикалык жана администрациялык иштер боюнча салыштырып изилдөө үлгүлөрү катары же изилденип жаткан объекттиге жана экспертиза предметине тиешелүү болгон маалыматтарды камтыган бардык буюм далилдерине, буюмдарга жана документтерге (карап көрүү жана башка териштирүү аракеттеринин протоколдору, пландар, схемалар, фотосүрөттөр ж.б.), ошондой эле бул тартип башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан изилдөөгө берилген документтерге таркатылат жана СЭМБдин бардык кызматкерлерине жана экспертизаны дайындаган жактардын бардыгына милдеттүү болуп саналат.
40. Экспертиза жүргүзүү үчүн буюм далилдери жана башка материалдар СЭМБге почта аркылуу, атайын байланыш менен, экспертиза дайындаган жак же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түздөн-түз берилет.
41. Изилдөөгө ташып жеткирүү мүмкүн болбогон объекттерди берүү экспертиза дайындаган адам тарабынан эксперт менен бирдикте алардын жайгашкан ордуна баруу менен жүзөгө ашырылат.
42. СЭМБге экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдар түзүмдүк бөлүмдө же болбосо кеңседе, токтомдун (аныктаманын) биринчи нускасында кабыл алынгандыгы жөнүндө милдеттүү белги коюу менен кабыл алынат.
Материалдарды түзүмдүк бөлүмдө кабыл алууда берилип жаткан материалдардын экспертиза дайындоодо жөнүндө чечимде саналып өткөн материалдарга дал келиши текшерилет, ал канцелярияда “Экспертизаларды каттоо китебинде” ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык каттоодон өткөрүү үчүн берилет.
Материалдарды кеңседе кабыл алууда далил буюмдардын таңгактары ачылбайт жана ал бузулган учурда таңгактын түрү жана абалы гана белгиленет.
Экспертиза дайындоо жөнүндө токтом же аныктама жана коштомо документтер буюм далилдери менен бир таңгакта болгон учурларда, ал кеңседе ачылат. Далил буюмдарды экспертизага жөнөтүү үчүн таңгактоодо көрсөтүлгөн документтерди далил буюмдардын үстүнө салуу керек.
Экспертиза дайындоо жөнүндө чечимдин экинчи нускасында кеңсе тарабынан материалдардын каттоо номери жана келип түшкөн датасы көрсөтүлөт. Изилденип жаткан материалдар толук көлөмдө келип түшкөнгө чейин келип түшкөн объекттер изилденбейт.
Каттоодон кийин материалдар СЭМБдин жетекчисинин же СЭМБдин аймактык бөлүмүнүн башчысынын кароосуна берилет.
43. СЭМБдин жетекчилиги тарабынан материалдар каралгандан кийин, алар кеңсе тарабынан түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кол коюусу менен ага өткөрүлүп берилет, ал эми СЭМБдин аймактык бөлүмүндө – тиешелүү экспертке берилет.
44. Экспертизалоо үчүн бөлүмдөргө келип түшкөн материалдар “Экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдарды каттоо китебинде” ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык катталат жана тилкат алуу менен бул экспертизаны жүргүзүү тапшырылган экспертке өткөрүлүп берилет. Бул материалдарды алгандан кийин эксперт далил буюмдардын таңгагын ачат, анын ичинде болгон предметтердин, заттардын жана документтердин экспертиза дайындоо жөнүндө чечимдеги тизмекке дал келишин текшерет.
Далил буюмдардын таңгагы экспертизага берилген материалдардын аныктыгын тастыктаган маалыматтарды камтып турганда гана сакталат.
45. Таңгакты ачканда объекттердин экспертизасын дайындоо жөнүндө көрсөтүлгөн чечимдердин жоктугу же алар экспертизага жөнөтүлүп жаткан предметтердин тизмегине же санына дал келбей калган учурларда курамында изилдөө иши тапшырылган эксперт, жетекчи жана түзүмдүк бөлүмдүн эксперттери кирген комиссия тарабынан акт түзүлөт.
Актта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- экспертизаны дайындаган адамдын аты-жөнү;
- экспертиза дайындалган иштин номери;
- экспертиза дайындоо жөнүндө чечим келип түшкөн дата;
- материалдар келип түшкөн таңгактын сүрөттөлүшү;
- экспертизаны дайындоо жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн, тиркелбеген материалдардын тизмеги.
46. Материалдар толук болбой, экспертиза дайындоо жөнүндө чечимге кошо берилген объекттердин ичинде айрым предметтер жана документтер жок болсо, СЭМБдин жетекчиси (анын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси) ушул Нускаманын 38-пунктуна ылайык аракеттенишет.
Алардын кошумча тариздөөсүнөн кийин келип түшкөн материалдар жалпы негизде катталат.
47. Экспертизага берилген далил буюмдардын жана документтердин сакталышына изилдөө жүргүзгөн эксперттер жоопкерчиликтүү болушат.
48. Эксперттердин жооптуу сактоосунда болгон, алар тарабынан изилдөөгө кабыл алынган далил буюмдар жана башка материалдар мыйзамдар тарабынан каралган тартипте сакталат. Аларды алууга изилдөө жүргүзүп жаткан гана эксперт укуктуу болууга тийиш.
49. Экспертизаны аяктагандан кийин, изилденип бүткөн далил буюмдар жана документтер изилдөө жүргүзгөн эксперт тарабынан СЭМБдин кеңсесине өткөрүлүп берилет.
Кеңсенин шартында сактоого мүмкүн болбогон далил буюмдар, аларды экспертиза дайындаган органга кайра бергенге чейин же мазмуну боюнча чечим кабыл алынганга чейин жоопкерчиликтүү сактоодо изилдөө жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдө турат.
 
6. Далил буюмдарды жана документтерди кайтарып берүү
 
50. Далил буюмдарысыз эксперттин корутундусун жөнөтүүгө же аны экспертиза дайындаган адамга же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берүүгө жол берилбейт.
51. Изилденген объекттерди таңгактоо экспертиза жүргүзгөн эксперт тарабынан жүзөгө ашырылат.
52. Экспертизанын материалдары экспертиза дайындаган адамга же анын ишенимдүү өкүлүнө түздөн-түз берилиши мүмкүн. Мында “Экспертизаларды каттоо китебинде” же “Экспертиза жүргүзүү үчүн келип түшкөн материалдарды каттоо китебинде” деп аталган каттоо китептеринде аларды алып жаткан адамдын аты-жөнү, иштеген орду, ээлеген кызматы, күбөлүгүнүн, ишеним катынын номери жана берилген датасы катталат. Мындан тышкары “өз колуна алды”, “ишеним кат боюнча берилди” белгилери коюлат жана экспертизанын материалдарынын берилген дата катталат.
Бул категорияда эч кандай материалдар...

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги эң маанилүү маалыматтардын баардыгы журналисттердин материалында: актуалдуу темаларга маек, окуя ордундагы репортаждар, иш чаралардагы видеожазуулар

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин социалдык роликтери Сиздерге негизги адам укуктары жана аларды коргоо, өлкө элинин укуктук маданиятын жана сабаттуулугун жогорулатуу жана юстиция мекемелеринин ишмердиги тууралуу маалымат берет

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлеринин катышуусундагы “Ой-Ордо” ток-шоулары адам укуктарын коргоо, Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, укуктук реформаларды өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча талкууларды камтыйт

Сиздин акысыз укуктук жардам алууга укугуңуз бар! Сиз акысыз укуктук консультация алуу үчүн кайда кайрылсаңыз болот?

25.07.2019-ж. «КАБАР» агенттигиндеги маалымат-жыйын

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары мобилдүү тиркеме

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги томонкудой кызматтарды корсотот

Сманалиев Канатбек Мойнокович Жаны КПК те юридикалык жакка карата

Сапарбаев Б. Экинен ажыратуу

Коррупциялык байланышты үз!

Апостилдештирүү процедурасынан өткөрүүнү унутпаңыз

Юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңыланган интерактивдүү картасы

Жаңылыктар 30.01.2020

Юстиция министрлиги бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн электрондук ыкмага өткөрдү

Юридикалык жактарды онлайн каттоо

КЫЛМЫШКЕР СОТТОЛГОН ЖОК. СЕБЕБИ?

Атайын репортаж: акыйкат жазаны ишке ашыруу

Акыйкат жазаны ишке ашыруу

Каракол шаарынын пробация органы

28.01.2020-жыл

Пробация кардары жөнүндө

Пробациянын кардарларын жумушка орноштуруу

Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү юридикалык жардам жөнүндө

Юридикалык жардам 112 номуру боюнча

COVID 19 пандемиясы учурунда калкка юридикалык жардам көрсөтүү

"Медицинага ар тараптан көмөк" Күн маек (23.07.2020)

Адамдын тагдырын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк

Юстиция министрлигинде "Тилектештик Автобусу" долбоору ишке ашырылууда

КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри финансылык уюмдар үчүн

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Талас облусунун тургуну – пробация органынын кардары өзүнүн тагдырын өзгөртүп, туура жолу түшкөн

Жалал Абад пробация органы

Бирдиктүү портал менен иштөө Кыргызстан жаңылыктары

Жыл өткөн сайын жарандар өз укуктарын коргоо жаатында аракеттерин күчөтүп жаткандыгы байкалууда

Жети-Өгүз районунда Пробация боюнча кеңеш жана "Жардам" иш-чарасы

Юстиция министрлиги жети маалыматтык тутумдун төртөөнү ишке киргизди

Автотранспорт каражатына берилген ишеним кат укук белгилөөчү документ болуп саналбайт

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына карата Юстиция министринин комментарийи

Жумгалга юстиция үйүнүн пай дубалы түптөлүүдө

Кыргыз Республикасынын юстиция министри Марат Джаманкулов ант берип жатат

МАНАС РАЙОНУНДА ЮСТИЦИЯ ҮЙҮНҮН ИМАРАТЫ КУРУЛАТ

Соттук укуктук реформаны ишке ашыруу КЕЧ ЭМЕС 04 11 2020

Соттолгон адамдарга ырайым берилди

Калкка акысыз укуктук кеңеш беруугө карата кечээ күндөн тарта декада өткөрүлүүдө

0:03 / 7:51 АР БИР АТУУЛ АКЫСЫЗ ЮРИДИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛУУГА АКЫЛУУ

Акысыз юридикалык кеңеш берилүүдө

Калкка акысыз юридикалык кеңеш берүү декадасы жүрүп жатат Кыргызстан жаңылыктары

Тилектештик автобусу миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү

Кемин шаарында Акысыз Юридикалык Жардам Борборунун ачылышы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин Жаңы жыл менен куттуктоосу

Ченемдик укуктук актылардын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы жөнүндө

Жумгал районунда «Жардам» иш-чарасы өткөрүлдү

Бирдиктүү порталды иштеп чыгуучунун мүмкүнчүлүктөрү

Бирдиктүү порталдын колдонуучусунун мүмкүнчүлүктөрү

Гильотина принципби боюнча мыйзам актылардын ишмердүүлүгүн токтотуу

Мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү / Маанилүү маек

Кынатбек Сманалиев менен маек Демократия сабактары

Укугун билгендин укуругу узун

ЮСТИЦИЯ МИНИСТИРИ БАТКЕНДЕ

Тилектештик автобусу менен укуктук жардам КЕЧ ЭМЕС 24 06 21

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо тартиби, документтердин тизмеси жана үлгүлөрү

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган ченемдик актылар

Юридикалык жактарды каттоонун тартибин жөнгө салган локалдык актылар

Кыргыз Республикасынын экономикалык ишмердиктердин түрүнүн мамлекеттик классификатору

Каттоо арызынын формасы

Кабарламалардын формасы

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулгандыгын каттоо үчүн жыйымдардын өлчөмү жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын баасынын прейскуранты

Юстиция органдарынын даректери жана маалым даректери

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана алардын иш-аракетин токтотууну каттоо үчүн документтерди кабыл алуу же кайтарып берүү жөнүндө тил каттар

Кайра өзгөртүп түзүү, уюштуруу документтерин, күбөлүктөрдү, мөөрлөрдү жана (же) штамптарды жоготуу (бузуп алуу), жоюу жөнүндө кулактандыруу

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү жоголгондугу (бузулгандыгы) жөнүндө кулактандыруу

Мамлекеттик каттоо жол-жобосун өткөрүү тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги жана үлгүлөрү

Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын типтүү уставтары

Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана иш-аракетти токтотуу жөнүндө типтүү чечимдердин үлгүлөрү

Мамлекеттик жыйымдын өлчөмдөрү

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясынын курамы

Жеке нотариустардын реестри

Мамлекеттик нотариустардын реестри

Насыя бүтүмдөрүн күбөлөндүрүүдө төмөндөтүлгөн баада кызмат көрсөтүүчү жеке нотариустардын тизмеси

Мамлекеттик жана жеке нотариустардын ишмердилүүгүн текшерүү боюнча 2023-жылга План

Мурас иштерин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу жеке нотариустардын тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылары

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензиясы жөнүндө

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү жөнүндө

Нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер жактар үчүн экзамендин суроолорунун тизмеси

Нотариалдык ишти жөнгө салган локалдык актылар


Ченемдик укуктук актылардын маалымат базасы

Кененирээк

Кыймылдуу мүлккө карата укук талабынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

Кененирээк

Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) жана ММК электрондук базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) жана ММК каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

22cb696368cdf3abfca6b836709577ad20210315041928.giff640f25054436dcee5db2a00d9f1a9ec20230404061155.png488b8d22728509333eccfa32c150c77e20240415050626.jpgd7062cf495045f0f83db01dc7fbc805e20211122023517.gif4c62292248e11cd381a6a8cc85cf250620240110031229.jpg1bbf5a430d0ae44ec16d0daa6f98880320240205013954.jpgd352120419a655c88ecd8f209303545220230323062814.png0179169d8eda7be8b38121084672912020210428032332.jpg

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus //ком

Сайттын эски версиясы