22 Чын куран, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

63-статья. Эксперттин укуктары жана милдеттери


(1) Эксперт:
1) иштин экспертиза жүргүзүү затына тиешелүү материалдары менен таанышууга;
2) корутунду чыгаруу үчүн зарыл болгон объектилерди жана салыштырып изилдөө үчүн керектүү үлгүлөрдү алууга;
3) корутунду чыгаруу үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды өзүнө берүүнү же башка эксперттердин катышуусу менен экспертиза жүргүзүүнү талап кылууга;
4) эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминин чегинен чыкса, корутунду чыгаруудан баш тартууга;
5) тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышууга жана өзү жүргүзгөн экспертизанын предметине тиешеси бар суроолорду берүүгө;
6) экспертизанын буюмзатына тиешеси бар маселелер боюнча соттук териштирүүгө катышууга укуктуу.
(2) Эксперт:
1) тергөөчүнүн, соттун чакырыгы боюнча келүүгө;
2) өзүнүн алдына коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду чыгарууга;
3) тергөөнүн материалдарын ачыкка чыгарбоого;
4) тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана сот заседаниесинин учурунда тартипти сактоого милдеттүү.
(3) Эксперт жүйөлүү себепсиз келбей койгон учурда, ага ушул Кодекстин 121, 122-статьяларында каралган тартипте эсептик көрсөткүчтөрдүн беш өлчөмүндө акчалай айып салынышы мүмкүн.
(4) Эксперт жүйөлүү себепсиз өз милдетин аткаруудан баш тарткан же четтеген учурда, ал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-статьясы боюнча, ал эми билип туруп жалган корутунду чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 330-статьясы боюнча жоопкерчилик тартат.
(5) Эксперт:
1) экспертиза жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча процесстин катышуучулары менен сүйлөшүү жүргүзүүгө;
2) изилдөө жүргүзүү үчүн өз алдынча материалдарды жыйноого;
3) эгерде тергөөчүнүн, соттун атайын уруксаты болбосо, сунуш кылынган объектилерди толук же жарым-жартылай жок кылышы, же алардын тышкы түрүн же негизги касиеттерин өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө укуксуз.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы