19 Жетинин айы, 2017
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметов

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы


Бишкек шаары
2009-жылдын 17-июлу № 227
 
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
3-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын башкаруу
4-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө укуктуу адамдар
5-глава. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүнүн жана финансылоонун тартиби
6-глава. Корутунду жоболор
 
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарында өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттар жок болгон учурда аларга мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт. Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн укуктук негиздерин белгилейт.
 
1-глава
Жалпы жоболор
 
1-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
 
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (юридикалык жардам) – мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү квалификациялуу юридикалык жардам;
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча мамлекеттик реестр (мындан ары – Мамлекеттик реестр) – мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө укугу бар адвокаттардын тизмеси;
координатор – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармалыгынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү максатында арыз берүүчү менен адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылуучу кызмат адамы;
арыз берүүчү – ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жөнүндө арыз менен кайрылган жеке жак;
кепилденген юридикалык жардамды көрсөтүү – ушул Мыйзамга ылайык адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иш-аракети;
алуучу – мамлекет кепилдеген юридикалык жардам ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү жеке жак;
кепилденген юридикалык жардамды берүү – мамлекеттин каражаттарынын эсебинен юридикалык жардамды алууга карата адамдын укугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын иш-аракети;
мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы – ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды уюштуруу, берүү жана көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, адвокаттар кесиптик уюмунун жана башка жактардын өз ара аракеттенүүсү.
 
3-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
1. Кыргыз Республикасы ар бир жаранга анын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары жок болгон учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен квалификациялуу юридикалык жардамды кепилдейт.
2. Кыргыз Республикасы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен финансылоону кепилдейт.
 
4-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын принциптери
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам төмөнкүдөй принциптердин негизинде көрсөтүлөт:
- мыйзамдуулуктун;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жарандарга жеткиликтүүлүгүнүн жана аны алуудагы тең укуктуулуктун;
- чечимдерди кабыл алуу жол-жобосунун ачыктыгынын жана адилеттүүлүгүнүн;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын натыйжалуулугунун, үнөмдүүлүгүнүн жана айкындыгынын;
- юридикалык жардам көрсөтүүдөгү кесипкөйлүктүн;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга болгон укукту кыянат пайдаланууга тыюу салуунун.
 
5-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын түрлөрү жана көлөмү
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жазыктык иштер боюнча кармалгандарга, шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, акталгандарга жана соттолгондорго тергөө жүргүзүү стадиясында, биринчи инстанциядагы сотто, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанцияларындагы соттордо көрсөтүлөт.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жазыктык жоопкерчилик курагына жете элек жашы жетпегендерге алар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомдук коркунучтуу жосунду жасаган учурда көрсөтүлөт.
3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жазыктык-процесстик мыйзамдарга ылайык тергөөдө жана сотто консультация, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүү жана берүү, жарандардын укуктарын коргоо жана алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүү түрүндө көрсөтүлөт.
 
2-глава
Мамлекет кепилдеген юридикалык
жардам алууга укуктуу адамдар
 
6-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга укуктуу адамдар
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алууга ушул Мыйзамга ылайык юридикалык жардамды алуу үчүн зарыл болгон жылдык кирешеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу кирешенин деңгээлинен ашпаган Кыргыз Республикасынын жарандары укуктуу.
2. Эгерде адамдын багуудагы кишилери бар болсо жана/же адам үй-бүлөдө багуучу болуп саналса, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү чечимди чыгарууда үй-бүлөнүн бир кишиге алгандагы орточо жыйынды кирешеси эсепке алынат.
 
7-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды жылдык кирешенин деңгээлин эсепке албастан алууга укуктуу адамдар
Ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардам алуу үчүн зарыл болгон жылдык кирешенин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген деңгээлин эсепке албастан юридикалык жардамды алууга төмөнкүлөр укуктуу:
- жашы жетпегендер;
- майыптыктын 1 жана 2-тобундагы адамдар;
- сүйлөө, угуу, көрүү функциялары олуттуу бузулган, психикалык оорулардан жапа чеккен адамдар;
- өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелген, айыпталган адамдар;
- жумушка орноштуруу кызматында эсепте турган жумушсуздар;
- мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары.
 
8-берене. Арыз берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
1. Арыз берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу үчүн ушул Мыйзамда каралган тартипте координаторго, тергөөчүгө, адвокатка кайрылууга;
2) өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, ошондой эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө толук маалымат алууга;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жөнүндө арызын канааттандыруу же андан баш тартуу тууралу жазуу жүзүндөгү чечимди алууга;
4) арызды кабыл алуудан жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүдөн баш тартууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга.
2. Арыз берүүчү мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуунун ушул Мыйзамда белгиленген тартибин сактоого милдеттүү.
 
9-берене. Алуучунун укуктары жана милдеттери
1. Алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз учурунда квалификациялуу юридикалык жардамды алууга;
2) ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү үчүн жооптуу адамдардын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга.
2. Материалдык жана социалдык абалы жөнүндө берген маалыматтарынын анык эместиги аныкталган учурда алуучу ушул Мыйзамга ылайык мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.
 
3-глава
Мамлекет кепилдеген юридикалык
жардам системасын башкаруу
 
10-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын башкарууга катышуучу органдар
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын башкарууга катышуучу органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- адвокаттардын кесиптик уюму.
 
11-берене. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш (мындан ары – Улуттук кеңеш) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координациялык органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
2. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун негизинде иштейт.
3. Улуттук кеңеш тиешелүү органдардын жана уюмдардын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 3 жылдык мөөнөткө дайындалуучу 9 мүчөдөн турат.
4. Улуттук кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, судья, окумуштуу юрист, 3 адвокат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жана коомдук бирикмеден бирден өкүл кирет.
5. Улуттук кеңештин төрагасы жана анын орун басары Улуттук кеңеш жөнүндө Жобого ылайык Улуттук кеңеш тарабынан өз курамынын ичинен шайланат.
12-берене. Улуттук кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
1. Улуттук кеңеш мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн саясатын аныктайт жана аны жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна баа берүүнү жүргүзөт.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Улуттук кеңеш менен милдеттүү тартипте макулдашылат.
3. Улуттук кеңеш:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын ар жылдык бюджетинин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги иштеп чыккан долбоорун карап чыгат, сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизет;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсү жана өркүндөтүлүшү боюнча мамлекеттик бийлик органдарына сунуштарды киргизет;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсүнүн маселелери боюнча мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынан маалыматтарды сурайт;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жана берүү боюнча арыздарды жана даттанууларды карайт;
5) Юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик реестрге адвокаттарды тандоону жүзөгө ашырат.
4. Улуттук кеңеш ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Президентине Улуттук кеңештин иш-аракети жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсү жөнүндө отчет берет.
 
13-берене. Улуттук кеңештин жыйналыштары
1. Улуттук кеңеш кеминде 3 айда бир жолу жыйналыш өткөрөт.
Улуттук кеңештин төрагасынын же Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн 1/3инин демилгеси боюнча Улуттук кеңеш кезексиз жыйналыштарга чакырылат.
Улуттук кеңештин жыйналыштары анын мүчөлөрүнүн 2/3и бар болгон учурда укуктуу болуп саналат.
2. Улуттук кеңештин чечимдери жыйналышка катышып олтургандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болгон учурда төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адистештирилген башкармалыгынын жетекчиси Улуттук кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышат.
 
14-берене. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын башкаруу боюнча функциялары
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн саясатын ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин функциялары:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын ар жылдык бюджетинин долбоорун Улуттук кеңеш менен макулдашуу боюнча түзүү;
2) адвокаттардын кесиптик уюмунун милдеттүү катышуусу менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, анын ичинде төмөнкүдөй маселелер боюнча:
- адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн тарифтери жана шарттары;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттар көрсөтүүчү юридикалык жардамдын сапатына карата минималдуу талаптар;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишине баа берүүнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароонун жол-жоболору;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамга болгон керектөөнүн статистикалык маалыматтарын чогултуу, бул боюнча иш-тажрыйбаны жалпылоо жана ага баа берүү;
4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокаттардын Мамлекеттик реестрин жүргүзүү, адвокаттардын аймактык тизмелерин жана резервинин тизмесин түзүү;
5) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө адвокаттар менен келишимдерди түзүү;
6) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү боюнча арыздарды жана даттанууларды кароо;
7) адвокаттардын эмгегине акы төлөө механизмин жүзөгө ашыруу;
8) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча саясатты жүзөгө ашыруу жөнүндө ар жылдык отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Улуттук кеңешке берүү;
9) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын иштөөсү жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
10) ушул Мыйзамга ылайык башка функциялар.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн функцияларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин структурасында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адистештирилген башкармалык иш жүргүзөт.
 
15-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча координатордун функциялары
1. Координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча арыз берүүчүнүн, тергөө органынын, соттун жана адвокаттын ортосундагы өз ара байланышты камсыз кылат.
2. Координатордун функциялары:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө арыздарды кароо;
2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды дайындоо;
3) арыз берүүчүнүн кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн маалыматтарды чогултуу;
4) юридикалык жардамды берүү, андан баш тартуу жана аны токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгаруу;
5) жер-жерлерде адвокаттардын нөөмөтчүлүгүнүн графигин түзүү жана алып баруу;
6) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын иш-аракетине белгиленген тартипте мониторинг жүргүзүү;
7) ушул Мыйзамга ылайык башка функциялар.
 
16-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттардын кесиптик уюмунун функциялары
Кыргыз Республикасынын адвокаттык иш жөнүндө мыйзамына ылайык түзүлгөн адвокаттардын кесиптик уюму төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча Мамлекеттик реестрге адвокаттарды тандап алуунун критерийлерин, адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин жана шарттарын иштеп чыгууга катышат;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүчү адвокаттардын иш-аракетине мониторинг жүргүзүүгө катышат;
- кесиптик этиканын эрежелерин бузгандык жөнүндө адвокаттарга карата арыздарды жана даттанууларды карайт;
- ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды аткарат.
 
4-глава
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды
көрсөтүүгө укуктуу адамдар
 
17-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө укуктуу адвокаттар
Мамлекеттик реестрге киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын адвокаттары мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтөт.
 
18-берене. Мамлекеттик реестр
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Мамлекеттик реестрди жүргүзөт.
2. Мамлекеттик реестр жалпыга жеткиликтүү болот, кагаз жана электрондук формада жүргүзүлөт.
 
19-берене. Адвокаттарды Мамлекеттик реестрге киргизүүнүн тартиби
1. Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн талапкер Улуттук кеңешке арыз берет.
2. Адвокаттарды Мамлекеттик реестрге тандап алууну Улуттук кеңеш жүргүзөт.
3. Адвокаттарга карата квалификациялык талаптарды, тандап алуунун жол-жобосун жана санын Улуттук кеңеш белгилейт.
 
20-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттардын катышуусунун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө Мамлекеттик реестрге киргизилген адвокат менен келишим түзөт.
Келишимдин формасы Улуттук кеңеш жана адвокаттардын кесиптик уюму менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын аймактык тизмесин региондор боюнча юридикалык жардамга болгон керектөөгө баа берүүнүн негизинде аныктайт. Адвокаттардын тизмеси аймактык тергөө жана сот органдарына, координаторго жана адвокаттардын кесиптик уюмуна жиберилет.
 
21-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттардын укуктары жана милдеттери
1. Адвокат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Улуттук кеңеш, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында адвокаттардын кесиптик уюму кабыл алып жаткан чечимдер жөнүндө маалымат алууга;
2) юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик бюджеттен акы алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Улуттук кеңешке жана сотко арыздар жана даттануулар менен кайрылууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз убагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө;
2) юридикалык жардамдын сапатына карата ушул Мыйзамга ылайык белгиленген минималдуу талаптарды сактоого;
3) арыз берүүчүгө жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуучуга алардын укуктары жана милдеттери, юридикалык жардам алуунун шарттары жана тартиби жөнүндө толук маалымат берүүгө;
4) Улуттук кеңеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген талаптарга ылайык, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттык досье жүргүзүүгө;
5) юстиция органдарына аткарылган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген мөөнөттө жана формада отчет берүүгө;
6) Улуттук кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган чечимдерин аткарууга.
 
22-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокаттарга карата колдонулуучу администрациялык таасир көрсөтүү чаралары
Адвокаттар тарабынан ушул Мыйзамдын талаптары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй таасир көрсөтүү чараларын колдонот:
1) эскертүү;
2) адвокатты мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдөн бир айдан 3 айга чейинки мөөнөткө четтетүү;
3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди бузуу.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдө адвокаттарга карата администрациялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун негиздери жана тартиби Улуттук кеңеш жана адвокаттардын кесиптик уюму менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
 
23-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимди убактылуу токтото туруу жана адвокатты Мамлекеттик реестрден чыгаруу үчүн негиздер
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу адвокатка карата жазыктык иш козголгон учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан убактылуу токтотула турушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй учурларда адвокатты Мамлекеттик реестрден чыгарууга укуктуу:
1) адвокаттын статусунан ажыратылганда;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү жөнүндө келишим бузулганда же адвокат аны түзүүдөн баш тартканда;
3) адвокаттын арызы боюнча.
3. Мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечим адвокат тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
4. Адвокат ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча чечим чыгарылган учурдан тартып бир жылдын ичинде өзүн Мамлекеттик реестрге кайра киргизүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
 
5-глава
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды
берүүнүн жана финансылоонун тартиби
 
24-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүнүн тартиби
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга арыз Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгилеген формада берилет.
2. Адвокатты дайындоо арыз алынган учурдан тартып координатор тарабынан токтоосуз жүргүзүлөт.
3. Кылмыш жасады деген шек саноо боюнча кармалган адамдарга карата адвокат алар алдын-ала тергөө органына иш жүзүндө жеткирилген учурдан тартып камсыз кылынат.
4. Адвокат мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча адвокаттардын аймактык тизмесинен дайындалат же камсыз кылынат.
5. Координатор юридикалык жардам алууга карата адамдын укуктарын ырастоонун натыйжасы боюнча юридикалык жардам берүү же андан баш тартуу жөнүндө ушул Мыйзамдын 25-беренесине ылайык жүйөлөнгөн чечим чыгарат.
 
25-берене. Адамдын юридикалык жардам алууга укугун ырастоонун тартиби
1. Адамдын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укугун ырастаган документтердин тизмеси Улуттук кеңеш менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан белгиленет.
2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата координатор адвокат дайындалган учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен арыз берүүчүнүн кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн социалдык фонд, салык инспекция органдарына, башка уюмдарга жана мекемелерге суроо-талап жөнөтөт.
Маалымат координаторго 10 жумушчу күндүн ичинде акысыз негизде берилет. Маалымат берилбеген жана/же убагынан кеч берилген учурда кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата юридикалык жардамга болгон укук тийиштүү документтердин болушу менен ырасталат.
 
26-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам төмөнкүдөй учурларда көрсөтүлбөйт:
1) арыз берүүчүнүн кирешеси юридикалык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген кирешенин деңгээлинен ашып кетсе;
2) арыз ээсинин ушул жазыктык иш боюнча жактоочусу бар болсо.
2. Юридикалык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө координатор белгиленген формага ылайык жазуу жүзүндө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.
 
27-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча адвокатты алмаштыруу
Координатордун чечими менен адвокат төмөнкүдөй учурларда алмаштырылышы мүмкүн:
- юридикалык жардам алуучунун жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арызы берилгенде;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу айкындалганда;
- адвокат юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетилгенде;
- адвокат Мамлекеттик реестрден чыгарылганда;
- адвокаттын юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштөөсүнө мүмкүндүк бербеген башка жагдайларда.
 
28-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды токтотуу
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам төмөнкү учурларда токтотулат:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алуу үчүн алуучу өз кирешесинин деңгээли жана социалдык абалы жөнүндө туура эмес же толук эмес маалыматтарды, документтерди бергенде;
2) юридикалык жардам көрсөтүүдө жардам алуучунун мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды алууга укугун жокко чыгарган финансылык абалынын өзгөргөндүгүн тастыктаган жагдайлар аныкталганда;
3) Кыргыз Республикасынын жазыктык-процесстик мыйзамында каралган учурларда юридикалык жардам алуудан алуучу жазуу жүзүндө баш тартканда.
2. Координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берүүнү токтотуу жөнүндө жүйөлөнгөн чечим чыгарат.
 
29-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү жана көрсөтүү үчүн жооптуу органдардын жана адамдардын аракеттерине даттануунун тартиби
1. Координатордун аракетине (аракетсиздигине) карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине даттанылат.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн жооптуу адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана адвокаттардын кесиптик уюмуна даттанууга болот.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана адвокаттардын кесиптик уюмунун чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
 
30-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды финансылоо
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды финансылоо мамлекеттик бюджеттин өзүнчө сап менен белгиленген каражатынан жүргүзүлөт. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды финансылоонун көлөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин жана тартибин бекитет. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам иштери боюнча адвокаттардын эмгегине акы төлөөнүн тартибин аныктоодо төмөнкүдөй критерийлер эсепке алынат:
1) ишке киришкендиги үчүн кепилденген акы;
2) иштин категориясы (кылмыштын оордугу);
3) иштин татаалдыгы (көп эпизоддуулугу);
4) процесстин стадиясы.
3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам менен байланышкан транспорттук, ишсапардык жана башка чыгымдар адвокаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияланат.
4. Адвокаттардын эмгегине акы төлөөнү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жүзөгө ашырат.
 
31-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө байланышкан чыгымдарды кайра кайтаруунун жана ордун толтуруунун тартиби
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам Ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пунктта көрсөтүлгөн негиздер боюнча токтотулган учурда юридикалык жардамды көрсөтүүгө кеткен чыгымдар алуучудан өндүрүлөт.
2. Алуучу чыгымдардын ордун толтуруудан баш тарткан учурда координатор мамлекет кепилдеген юридикалык жардам менен байланышкан мамлекеттик чыгымдарды сот тартибинде өндүрүп алуу үчүн прокурорго жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтөт.
 
6-глава
Корутунду жоболор
 
32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мында бул Мыйзамдын жоболору 2010-жылдын 1-январынан тартып – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган пилоттук долбоордун аймагында, ал эми 2011-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Мамлекеттин эсебинен юридикалык жардамды берүүнүн ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин колдонулган тартиби пилоттук долбоорго кирбеген аймактарга карата 2011-жылдын 1-январына чейин сактала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 2 айлык мөөнөттө пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу аймагын, механизмин жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө:
колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү караган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууну камсыз кылууга багытталган тиешелүү чараларды кабыл алсын, ошондой эле өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- республикалык бюджетти иштеп чыгуу учурунда мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын финансылоо үчүн жетиштүү каражаттарды ар жыл сайын карасын;
- 2011-жылга чейин жарандардын айрым категорияларына жарандык жана администрациялык иштер боюнча мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардамды берүүгө багытталган чараларды көрсүн жана сунуштарды киргизсин.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
 
2009-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы