22 Чын куран, 2018
Кыр Рус Eng
little middle big
fbgpgp rss
mobile logo
Кыргыз Республикасынын
юстиция министрлиги
search
Урматтуу коноктор жана достор! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна

Электрондук кабылдама

+996 (312) 65-18-05

Бишкек ш., Жаш Гвардия көч., 32

ep@minjust.gov.kg

Дб-Иш, 09:00-18:00


Ишеним телефону:

+996 (312) 65-10-10

СУРОО БЕРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы “Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү Концепциясын бекитүү жөнүндө”


Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 12-октябры ПЖ № 457
 
Адамдын укугун жана эркиндигин нагыйжалуу, жеткиликтүү коргоону жана конституциялык кепилдиктерге жана эларалык укук ченемдерине ылайык мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын андан ары өркүндөтүүнү камсыз кылуу боюнча 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү негиздеринде жана 2002-2010-жылдардагы мезгилге “Адам укугу” Улуттук программасында аныкталган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында токтом кылам:
1. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүүнүн тиркелген Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиркелген Концепцияны жүзөгө ашыруу анын ичинде уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 12-октябрындагы № 457
Жарлыгы менен бекитилген
Мамлекет кепилдик кылган юридикалык
жардам системасын өркүндөтүү
Концепциясы
 
Киришүү
I. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасынын учурдагы абалы
II. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар
1. МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн милдеттери жана максаттары
2. МКЮЖ системасын башкаруу органдарынын структурасы, функциялары жана иштеши
3. МКЮЖду өркүндөтүү боюнча чаралар
4. МКЮЖ көрсөтүү механизми
5. Адвокатка эмгек акы төлөөнүн тартиби
III. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү концепциясын ишке ишке ашыруу этаптары
Тиркеме. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын уюштуруу модели
 
Киришүү
 
Кыргыз Республикасынын акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясаты Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун белгиленген тартипте күчүнө кирген нормаларына ылайык ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40 жана 88-статьяларына ылайык:
- Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына квалификациялуу юридикалык жардам жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен гарантиялануучу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо камсыздалат:
- мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам акысыз берилет;
- жаранда каражаты жок болсо юридикадык жардам жана коргоо мамлекеттин эсебинен берилет.
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык (Пакт) ((1) Эскертүүнү караңыз):
“Бул Пактыга катышкан ар бир мамлекет төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Пактта таанылган эркиндиктери жана укуктары бузулган ар бир адамга укуктук коргоонун натыйжалуу каражатын камсыздоо;
- андай коргоону талап кылган ар бир адам үчүн укуктук коргоого алуу укугун мамлекеттин укуктук системасында каралган компетенттүү соттук администрациялык же мыйзам чыгаруу бийликтери же башка ар кандай компетенттүү орган аныкташын камсыздоо жана соттук коргоонун мүмкүндүктөрүн өнүктүрүү.
Ар бир адам ага тагылган кылмыштык айыптоону кароодо толук теңдиктин негизинде минимум төмөнкүдөй гаратияларга укуктуу, алар:
- өзүн өзү же өзү тандаган жактоочу аркылуу коргоого;
- эгер жактоочусу жок болсо жана сот адилеттигинин кызыкчылыктары талап кылган бардык учурларда, ага дайындалган жактоочуну акысын төлөөгө каражаты жетишсиз болсо акысыз алууга укугу жөнүндө маалымдалууга.”.
Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизиндеги, 2002-2010-жылдарга “Адам укугу” улуттук программасындагы адам укугун натыйжалуу жеткиликтүү коргоону камсыздоо боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-февралындагы № 54-б буйругу менен Кесиптик юридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү жагынан иштерди координациялоо боюнча кеңеш (мындан ары – Кеңеш) жана Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Бул Жумушчу топтун ишинин натыйжасы ушул Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча концепция (мындан ары – Концепция) болуп эсептелет.
Концепция Кыргыз Республикасында Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардамдын учурдагы системасынын жана келечектеги системасынын көз караштарынын жыйнагынан турат.
Концепциянын долбоору Кеңештин заседаниесинде, “тегерек үстөлдөрдө” коомдун бардык кызыкдар өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланган.
Концепциянын максаты – Кыргыз Республикасында Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардамдын учурдагы абалын талдоо, системанын кемчиликтерин аныктоо жана мамлекет гарантияланган квалификациялуу юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу.
 
I. Мамлекет кепилдик юридикалык жардам көрсөтүү
системасынын учурдагы абалы
 
Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам (мындан ары – МКЮЖ) системасынын негизги практикалык проблемалары:
а) МКЮЖ боюнча иштерди бөлүштүрүү жана бул учурда тергөөчү, сот жана адвокаттык мекемелердин ортосунда координациялоо процессинде ачык-айкындыктын жоктугу;
Азыркы учурда МКЮЖ боюнча адвокаттарды дайындоо жол-жобосу ойго келгендей жүргүзүлөт. Бул көп учурда шектүүлөрдүн/айыпталуучулардын коргоого болгон укуктары жана иштин процесстик мөөнөттөрү бузулушуна алып келет.
б) МКЮЖдын сапатына көзөмөлдүн жоктугу.
МКЮЖ боюнча адвокаттардын ишинин сапаттык деңгээли төмөн экенин клиенттер, укук коргоочу органдардын өкүлдөрү жана адвокаттардын өздөрү да белгилешет. Мисалы, SIARдын ((2) Эскертүүнү караңыз) эксперттеринин 150 кылмыш иштин материалдарын изилдөөсүнүн негизинде адвокаттардын ишинин сапаты жөнүндө төмөнкүдөй жыйынтыктар жасалган.
- адвокаттар тергөө жүргүзүү иштерине (күбөлөрдү суракка алуу, күбөлөр менен беттештирүү, карап текшерүүлөр, тинтүү, тергөө эксперименттери, адамдарды таануу, предметтерди таануу ж.б.) катышпайт, андыктан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 48-статьясы менен берилген укуктарды пайдалануу укугун толук пайдаланышпайт.
- адвокаттар МКЮЖды кызыкпастан, үстүртөн жана пассивдүү көрсөтүшөт.
Каралгандардан кошумча тергөө жүргүзүүгө негизи бар 16 жазык иштин ичинен 3 иш боюнча гана адвокаттар тийиштүү өтүнүчтөрдү жасашкан. Калган иштер соттордун демилгеси менен кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн. Жазык коюлуп жаткан ишке жеңилирээк квалификация колдонууга негизи бар 79 (52,7%) 24 процентине гана адвокаттардын тийиштүү өтүнүчтөрү берилген.
Эркинен ажыратуу жайларында камалган 200 адамды сурамжылаганда тергөө жана сот этаптарында адвокаттардын ишинин төмөнкүдөй проблемалары аныкталды:
сурамжыга алынгандардын көпчүлүк бөлүгү (69,1%) адвокаттар алардын иштерине анча кызыкпай мамиле жасашканын билдиришкен:
респонденттердин 39 проценти алардын адвокаттары эч кандай процесстик иш-аракет жасашпаганын айтышкан:
респонденттердин үчтөн бирине жакыны адвокаттар суракка катышпаганын айтышкан: 50 проценти адвокат айрым гана сурактарга катышканын билдиришкен;
сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү (77,1%) ишти угууга чейин адвокат менен коргоо позициясын талкуулоо үчүн жолукпаганын билдиришкен;
суралгандардын 10,3%и аларга дайындалган адвокатты такыр көрүшкөн змес. суралгандардын 11,3%и гана адвокаттын ишиндеги кандайдыр бир кемчиликтерди белгилешкен эмес.
Практикада адвокаттын ишинин сапатын аныктоочу объективдүү критерийлер, ошондой эле адвокаттардын МКЮЖ көрсөтүү боюнча иштерин байкоого алуу жана сапатын баалоо механизмдери жок;
в) адвокаттардын эмгек акысынын өлчөмү жана эмгек акы төлөө тартиби.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-майындагы № 306 токтому менен бекитилген Адвокаттын эмгек акысын республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөө тартибине ылайык, адвокаттын эмгек акысы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар бир иш күн үчүн 125 сом эсебинде белгиленген.
Жумушчу топтун ишинин чегинде адвокаттарга эмгек акынын төлөнүшүнө жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылган:
- МКЮЖ боюнча көрсөткөн жардам үчүн адвокатка 125 сом акы төлөнгөнүн адвокаттар абдан аз деп эсептешет. Мисалы, тийиштүү мыйзамдуу чегерүүлөрдү кармап калгандан кийин МКЮЖ көрсөтүү боюнча адвокаттын 1 күндүк ишинин акыркы суммасы 103 сомду түзөт (жүргүзүлгөн иштердин санына карабастан: адвокат бир канча сот аныктамасы боюнча жана судьянын бир нече аныктамасы (же тергөөчүнүн токтомдору менен) бир күндө бир нече иштерге катышса да эмгек акыны 1 жумушчу күн үчүн гана алат:
- адвокаттардын эмгек акысы алардын милдетти аткарууга байланыштуу кошумча чыгымдарын (транспорттук кызмат, маалымат суроо, көчүрмөлөө, иш боюнча керектүү документтерди компьютерде басуу жана чыгаруу, көз карандысыз эксперттердин кызматына акы төлөө, командировкалар, жана ишти жүргүзүүгө байланыштуу башка чыгымдар) жаба албайт.
Адвокаттар ак ниет кызмат көрсөтүшсө, анда адвокаттын жүргүзгөн ишинин чыгымы МКЮЖ көрсөтүү үчүн мамлекет караган эмгек акынын өлчөмүнөн бир топ болушу мүмкүн. Көбүнчөдал ушул жагдай адвокаттарды коргоонун каражаттарын тандоодо чектелүүгө жана мындай иштерди көңүлсүнбөй алууга мажбур кылат. Ошондуктан юридикалык жардам акысыз акысыз көрсөтүлгөн иштер боюнча коргоо толук өлчөмдө жүргүзүлбөйт жана көбүнчө формалдуу мүнөздө болот.
г) МКЮЖ жөнүндө статистикалык маалыматтардын жоктугу.
Бүгүнкү күндө республикада МКЮЖ боюнча абалды баалоо жана бул маселе боюнча чараларды өркүндөтүү үчүн, ошондой эле МКЮЖду мамлекеттик бюджеттен каржылоонун өлчөмүн белгилөө үчүн керектүү маалыматтарды системалуу жана борборлоштурулган топтоо жүргүзүлбөйт. Атап айтканда, төмөнкүдөй маалыматтар жок.
- МКЮЖ көрсөтүлгөн (суралган) иштердин саны;
- МКЮЖ алган адамдардын саны;
- бир иш боюнча көрсөтүлгөн МКЮЖдун иш жүзүндөгү чыгымы ж.б.
Азыр МКЮЖга муктаждыктын деңгээли, МКЮЖ көрсөтүлүп жаткан иштердин саны жана категориясы жөнүндө конкреттүү маалыматтар жок, бул мамлекеттик бюджетти пландоодо МКЮЖду каржылоо үчүн керек болоор эле.
Ошентип учурдагы кырдаалга жүргүзүлгөн талдоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына жана Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинде, 2002-2010-жылдардагы мезгилге карата “Адам укугу” улуттук программасында белгиленген милдеттерге ылайык мамлекет гарантиялаган м юридикалык жардам системасынын натыйжалуулугун ачык-айкындыгын токтоосуз камсыздоону талап кылууда.
 
II. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын
өркүндөтүү боюнча сунуштар
 
1. МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн милдеттери жана максаттары
 
МКЮЖдун азыркы учурдагы тартибин өркүндөтүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык Мамлекет кепилдик кылган сапаттуу, ачык-айкын, квалификациялуу юридикалык жардам системасын камсыздоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасында МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн негизги милдеттери төмөндөгүлөр:
- МКЮЖ көрсөтүү системасында нормативдик укуктук базаны шайкеш келтирүү;
- МКЮЖдун ачыктыгын жана сапатын камсыздоо;
- МКЮЖ системасын каржылоо механизмдеринин натыйжалуулугун жана адилеттигин камсыздоо.
МКЮЖду башкаруу системасынын принциптери:
- көз каранды эместик;
- МКЮЖду башкаруу структурасынын үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулук;
- профессионалдык;
- ачыктык.
 
2. МКЮЖ системасын башкаруу органдарынын структурасы, функциялары
жана иштеши
 
а) МКЮЖ системасынын иштешин координациялоо
МКЮЖ системасынын иштешин бирдиктүү координациялоону камсыздоо максатында Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш түзүү сунушталат.
Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам боюнча улуттук кеңеш (мындан ары – Улуттук кеңеш) мыйзамдын негизинде түзүлөт жана коомдук негизде иштеген координациялоочу орган болот. Улуттук кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентие отчеттуу болот жана мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтеринин адвокатуранын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 11 мүчөсү болот. Улуттук кеңештин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
Атайын орган түзүлгөнгө чейин Улуттук кеңештин аткаруучу органынын функциясын аткаруу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлөт.
Улуттук кеңеш төмөндөгү функцияларды аткарууга укуктуу:
- МКЮЖду ишке ашырууну, МКЮЖду реформалоону, МКЮЖду ишке ашыруу процесстерин мониторингдөөнү бирдиктүү координациялоо;
- МКЮЖду реформалоонун жүрүшүнө, МКЮЖду ишке ашыруу механизмине системалуу талдоо жүргүзүү;
- МКЮЖду ишке ашыруунун натыйжалуулугун, МКЮЖду өркүндөтүү боюнча берилген сунуштарды баалоо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкү маселелер боюнча чечимдердин долбоорлорун киргизүү:
жарандардын МКЮЖ алуусунун критерийлерин аныктоо;
МКЮЖ алууга талапкер адамдын төлөөгө кудуретин текшерүү үчүн тесттердин мазмуну;
МКЮЖ көрсөтүүлөрү тандоо жол-жобосу;
адвокаттардын эмгек акысын төлөөнүн механизмдери жана тарифтери;
МКЮЖ көрсөтүүдө адвокаттын ишине минимум талаптар;
адвокаттардын МКЮЖ көрсөтүү боюнча иштерине баа берүү жана мониторингдөө жол-жобосу.
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Улуттук кеңештин жана МКЮЖ системасынын иши жөнүндөгү отчетторду даярдоо.
б) МКЮЖдун жана Улуттук кеңештин ишинин сапатын жана иштиктүүлүгүн камсыздоо максатында адистештирилген органды түзүү сунушталат.
Адистештирилген органды түзүүнүн зарылдыгына негиздеме төмөнкүлөрдөн турат:
- юридикалык жардам көрсөтүүчү субъекттер (адвокаттар аткарган укуктук функция) менен юридикалык жардам системасын башкаруучу органдардын ортосундагы функцияларды (администрациялык-уюштуруучулук функция МКЮЖ алуунун критерийлерин, МКЮЖ боюнча иштерди бөлүштүрүү механизмдерин аныктоо, сапат стандарттары жана сапаты текшерүү, статистикалык маалыматтарды жыйноо ж.б.) чектөө зарылдыгы бар;
- МКЮЖ системасын уюштурууга байланыштуу маселелерди чечүүдөгү борбордоштуруу жок, бул МКЮЖду көрсөтүүдө практика жүзүндө пайда болуучу проблемаларды курчутууда.
Так башкаруу системасын киргизүү жана функцияларды так ажыратуу иш-аракеттеги жактар ортосундагы конфликттерди болтурбайт жана коомчулуктун МКЮЖ системасына ишеничин арттырат.
Администрациялык-уюштуруу функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу адистештирилген органды түзүү МКЮЖ системасын иштиктүү администрациялоону калыптандырууга мүмкүндүк түзөт.
 
3. МКЮЖду өркүндөтүү боюнча чаралар
 
МКЮЖ системасын өркүндөтүүнүн биринчи жана экинчи этаптарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги төмөнкүдөй ишке ашырат:
- жарандын МКЮЖ алууга укуктарын аныктоо үчүн тексттерди жүргүзүү;
- МКЮЖ көрсөтүүчүлөрдүн аймактык тизмелерин түзүү жана облустук юстиция органдары жана адвокаттардын кесиптик уюму менен өз ара байланышта иштөөдө алар менен контракттарды түзүү;
- иштерди жардам көрсөтүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүү жана адвокаттардын кесиптик уюму менен өз ара байланышта иштөөдө укук коргоо органдары жана соттор менен мамилени координациялоо;
- адвокаттарга эмгек акы төлөө механизмин администрациялоо;
- адвокаттардын МКЮЖ көрсөтүү боюнча иштеринин сапатын мониторингдөө;
- МКЮЖга карата жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын кароо;
- МКЮЖ практикасын жалпылоо жана статистикалык маалыматтарды чогултуу;
- Улуттук кеңеш менен бирдикте МКЮЖдун бюджетинин долбоорун жыл сайын түзүү;
- тийиштүү администрациялык райондордо координаторлорду дайындоо;
- коомчулукка МКЮЖдун иши жөнүндө маалымдоо.
Эгер райондун аймагында 10дон ашык адвокат иштесе Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигин ишти камсыздоо максатында келишимдин негизинде жер-жерлерде МКЮЖ боюнча координаторлорду дайындайт. Эгер райондо иштеген адвокаттар 10дон аз болсо. анда тергөөчүлөр жана судьялар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен авдокаттардын тизмесинин негизинде кылмыш иштерди МКЮЖ боюнча бөлүштүрүү функциясын аткарышат.
 
4. МКЮЖ көрсөтүү механизми
 
МКЮЖду МКЮЖ жөнүндө мыйзамда аныкталган жардам көрсөтүүчүлөр беришет. Юридикалык жардам көрсөтүүчүлөр болуп адвокаттык иш жүргүзүүгө укуктуу адамдар эсептелишет. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ар бир райондо өзүнүн координаторлору аркылуу МКЮЖ көрсөтүүнү каалаган адвокаттардын тизмелерин түзөт. Тизмелер тийиштүү тергөө органдарына жана сотторго жиберилет.
Тергөөчү же судья жаранга МКЮЖ алууга укугун түшүндүрүүгө жана адвокаттардын тизмеси менен тааныштырууга милдеттүү. Эгер жаран МКЮЖга муктаж болсо, анда атайын форманы – МКЮЖ жөнүндө арызды толтурууга тийиш. Жаран адвокатты тизмеден тандап алууга укуктуу болууга тийиш. Кардардын өтүнүчү боюнча келген адвокат кардар менен МКЮЖ көрсөтүү жөнүндө келишим түзөт.
Иш аяктагандан кийин адвокат арызды жана кардар менен түзүлгөн келишимди эмгек акысын алуу үчүн облустук юстиция башкармалыгына өткөрөт. Арыздын формасында тергөөчүнүн, судьянын адвокат тергөөгө же сотко катышканын ырастаган жазуулары үчүн графа каралууга тийиш.
Коргоочу милдеттүү катышуучу иштерде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарына ылайык жаран ошондой эле адвокатты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги бекиткен тизмеден тандоого да укуктуу болууга тийиш. Эгер ал адвокат тандай албаса же андан баш тартса, анда тергөөчү жана/же судья адвокатты жогоруда айтылган тизме боюнча дайындайт. Адвокаттын кызмат көрсөтүүсүнөн баш тартуу жаранга МКЮЖ алууга укугун түшүндүргөн адвокат катышкан учурда гана болууга тийиш. Адвокатка акы төлөө тергөөчүнүн же судьянын токтомуна негизделет, анда адвокаттын ишинин убактысы жана көлөмү көрсөтүлөт.
МКЮЖны берүү механизмдери ушул Концепциянын Тиркемесинде ачык көрсөтүлгөн.
 
5. Адвокатка эмгек акы төлөөнүн тартиби
 
Адвокатка юридикалык консультация бергени жана тергөө жүргүзүүдө же сотто кардардын кызыкчылыгын коргогону үчүн акы төлөнөт. МКЮЖ иштери боюнча адвокаттардын эмгек акысынын тарифтерин аныктоодо төмөнкүдөй критерийлер эске алынат:
- ишке киришкендик үчүн гарантиялаган акы;
 
III. Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам
көрсөтүү системасын өркүндөтүү концепциясын ишке
ашыруу этаптары
 
1-этап:
Мамлекет кепилдик юридикалык жардам жөнүндо, жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына тийиштүү оңдоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу.
Ишке ашыруу мөөнөттөрү: 2005-жылдын II-III кварталдары.
2-этап:
Мамлекет кепилдик юридикалык жардам боюнча Улуттук кеңешти түзүү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги МКЮЖду ишке ашырат жана МКЮЖ көрсөтүүнү уюштуруу үчүн координаторлор тармагын түзөт.
Ишке ашыруу мөөнөтү: МКЮЖ жөнүндөгү мыйзам жана тийиштүү нормативдик укуктук акылар күчүнө кирген учурдан баштап.
3-этап:
МКЮЖ көрсөтүү функцияларын жана МКЮЖ системасын администрациялоонун айрым маселелерин адвокаттардын кесиптик уюмуна берүүнүн ылайыктуулугун изилдөө.
Ишке ашыруу мөөнөтү: адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин бир жылдын ичинде.
4-этап:
Жарандык жана администрациялык иштердин айрым категориялары боюнча юридикалык жардамды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону кеңейтүү мүмкүндүгүн изилдөө жана финансылык жактан негиздүү болсо МКЮЖ жөнүндө мыйзамга МКЮЖ көрсөтүү бөлүгүндө жарандык жана администрациялык иштердин айрым категориялары боюнча юридикалык жардамды мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен көрсөтүү жагындагы тийиштүү оңдоолорду даярдоо.
Ишке ашыруу мөөнөтү: 2007-2008-жылдар.
 
Эскертүү:
(1) Кыргыз Республикасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII “Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө” токтому менен ушул Эларалык пактыга кошулган.
(2) Кыргыз Республикасында акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын баалоо боюнча отчет. STAP изилдөө жана консалтинги, 2004-жылдын сентябры.

Только зарегистрированные пользователи могут оставлять комментарии

Бул категорияда эч кандай материалдар...

ЧУА маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык кызматтарды ташып жеткирүүчүлөрдүн картасы

Кененирээк

Юридикалык жактардын маалыматтар базасы

Кененирээк

Юридикалык жактарды каттоо

Кененирээк

Апостилдештирүү

Кененирээк

Нотариат жана адвокатура

Кененирээк

09879dde8e7ee19948cdf3712dc816b420170731110412.gif1a006d90a40d69b9a15aeadf2ed1250720170913044422.gif

Жылнаама

ПнВтСрЧтПтСбВс

Жаңылыктар -

Анонстор -

Сурамжылоо

Жеке жана мамлекеттик нотариустар тарабынан аткарылып жаткан кайсы нотариалдык иш-аракеттер Сизде кѳбүрѳѳк кызыгууну жаратат?


Система Orphus

Сайттын эски версиясы